Бул жашоо мага эле ушинтип катаалдыгын корсотобу же башка деле адамдардын жашоосу ушундайбы билбейм. мени жолдошум ала качып алып кеткен. Жалдырап ыйлап, босогого кемпир жаткызып отуруп отургузду. Бирок мени алганга ата энеси каршы экен. мен болсо аны билбептирмин.
Алар бай мансаптуу адамдын кызына кошомат кылып алып беришмек экен. Башында конбогонум менен бирок жигитим жок болгондуктанбы айтор жолдошумду болгон жан дуйном менен жакшы коруп жашап кеттим. Бирок бир айдан кийин эле арак ичип келип мага кол которду Соолукканда эч нерсе билбейм кечирип койчу деп жалдырады боюмда да бар болуп калды Баламды атасыз калтырбайындеп кеткен жокмун Бирок мага кол которуп кемсинткени кун санап кобойду. Кайын энемдин заар тили да Кайни кайын синдилерим да тилдегендери кобойду Акыры чыдабай кетип калдым Бирок ошол куну кечинде эле Артымдан барып дары ичип ууланып олом деп ичип алды. Аны эптеп аман алып калдык Кайненем кайын атамдар кечирим супашып жалдырап алып кетишти Убакыт отуп экинчи баламды да тородум. Кун ара мас болуп келип кол которчу болду Акыркы жылы болсо таптакыр мени киши катарына да санабай баарынын асылганы мен болуп чыга келдим. Поляга да жалгыз чыгарып коюшчу болду Урганына арагына заар тилдерине чыдабай кетем десем жаман катын кетем деп коркутат Торкунуно торт бурчтуу кыз да батпайт Сени эки балан менен ким батырат экен дешчу болду Бирок озумдун апама баарын токпой чачпай айтып берсем андан коро эрсиз жаша деди дагы мени алып кетип калды Азыр баары эле жакшы Бирок балдарым атасыз калабы бир аз чыдасам баары башкача болуп менин деле жашоом оз нугуна тушоор беле деп ойлой берчу болдум
Эмне кылышты билбей калдым
#2 25 Февраль 2013 - 18:33
Окунбонуз. Кайрылбаныз.
Балдарыныз кичинекей болсо атасын жоктошпойт,
чонойгондо ажырашсанар кыйыныраак болмок. Жининизге тийчу соз айтайынбы? Которумдуулук,
чыдамдуулук да чеги менен, сыйга- сый, тепкенге- тепки. Кайра барганда эмне? Озунуз ошо ситуацияны колго албай, унчукпай жургонунуздун кесепети. Же алдап- соолап, же коркутуп жайгарышыныз керек болчу. Бироо келип жашоонузду ондоп бербейт да. Башында эле бир жолу колу тийгенде аны да комочтан менен баштан ары бир салыш керек эле. Адамча мамиле жакпайбы, айбанчасынан жашаш керек болчу. Дары ичсе озуно кыйын, кучугум, кучугум десе, кочугун корсототтон болуп эки баланын атасынын 'эркелегенин'
кара! Отконго окунбой, келечеке карап, азыркы мезгил менен жашаныз.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#3 25 Февраль 2013 - 19:16
"Дары ичип ууланып олом"дегенделе жайына коюш керек болчу!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#4 25 Февраль 2013 - 19:18
Менимче туура жолду тандагансыз"
Себеби; кунуго ур - токмоктун устундо эмес, балдарыныздын мандайындасыз.
.эми башка нерсени ойлобой аларга туура багыт берип, эртенки куну жонундо ойлонгонунуз он..Бактылуулук-
балдарыныздын кулкусундо болуп эсептелсе керек..Бир аз чыдасам жашоом оз нугунда отот беле деп арман кылбаныз..Себеп дегенде "уйронгон адат калабы...."
деген жакшы соз бар..балдарынызга келсем..качандыр бир кезде сизди туура тушунот..сиз болгону балдарынызды эч нерседен кем кылбай багып, жакшы билим бериниз..балким жолдошунуз онолуп, эркелиги калганда кайрадан жарашаарсыздар.
.Бир гана эки дуйно бактылуулукту каалайм..
Билдирүүнү түзөткөн: Meeri1892: 25 Февраль 2013 - 19:24
#5 25 Февраль 2013 - 20:08
Жолдошунуздан жакшы кунду корбосонуз кийин балдарыныздан корорсуз туура жолду тандапсыз.
#6 25 Февраль 2013 - 20:25
Кудай деген кур калбайт.Сиз жакшы ниет м-н,жакшы жашоого аркет кылыпсыз.Аны айлананыздагылар тушунушподу.
Эми окунбостон,
кичинекей болгон чырактарынызды ойлоп,Алдыга гана аркет кылыныз,туура жолду тандагансыз.
Балдарым атасыз калбасын деп,чыдап жашай берсениз,аны билбей бир кун сизди,жолдошунуз майып,кылса, кайра балдарынызды ким карайт,аларды кочодо калтырышмак, сиз м-н кошо.Сыгылбан, окунбон,ойлонбон мына ээми чындыгында, баары жакшы болот ишенин.
Ар бир кунуз,жакшылыктарга гана толтура болуусун каалайм!
Балдарым атасыз калбасын деп,чыдап жашай берсениз,аны билбей бир кун сизди,жолдошунуз майып,кылса, кайра балдарынызды ким карайт,аларды кочодо калтырышмак, сиз м-н кошо.Сыгылбан, окунбон,ойлонбон мына ээми чындыгында, баары жакшы болот ишенин.
Ар бир кунуз,жакшылыктарга гана толтура болуусун каалайм!

Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#7 25 Февраль 2013 - 22:13
Откон ишке окунбо,кеткен ишке кейибе деген.Созго чыдаса болот бирок кол которуп кордосо,сени аял катары сыйлабаса чыдоонун да чеги болот.Эки баламдын апасы деп ойлонбосо,ичип алганда ызы чуу болуп турса балдарын деле бактылуу болуп кетишине ишенбейм.Белинди бекем бууп,эки баландын тагдырын ойлоп озун турмушка кайраттуулук менен тике карашын керек.Балдарынды бапестеп багып канагат кылып турсан эсине куйон келип калар,балдарын ойлор.Эмне болсо да кудайым сага да бакыттын нурун чачсын.Коптун колдун катарында сен да бактылуу болуп жашашынды каалап кетем.
#8 25 Февраль 2013 - 22:52
Бул жашоо сизге эле катаал эмес,ар бир адам оор сыноолорду башынан откорот.Эгерде сиз онойлук м.н женилип берсениз ....анда жашоонуз таптакыр башка(жаман) нукка бурулуп кете берет.Ошондуктан жогору жакта жазылгандай белинизди бекем бууп,балдарыныз учун курошунуз,алар учун жашаныз
Сени менен бактылуумун)
#9 25 Февраль 2013 - 23:13
Жогорудагы кеңештерге кошулам.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#10 25 Февраль 2013 - 23:16
Кайни-кайын синдилердин тилдегени,кайнененин заар тили ,куйоонуздун ур - токмогу - ошол уй-булодо ырыс-ынтымак,
тарбиянын жоктугу... Энесинен калышпай балдары тилдеп турса туш тараптан, бул - эн жаман корунуш ... Андай уй-булолор аз эмес экени - зээнди кейитет ... Ар бир адам -жакшы жашоого укуктуу ,моралдык жактан да ,физикалык жактан да укугунузду тепселеп жатышса - андай уй-булодо кор болуп ,озун мажбурлап ар бир созго солтук,ур-токмокко топук кылып жашаганча ушундайында жыйыштырганыныз туура болгондур...
Албетте ,тушунуп турам,балдарыныздын атасыз чоноюп ,аталуу тири жетим кылгыныз келбей жатканын ,бирок ошону тушуно билбеген кайын журтунуз,куйоонуздун жоопкерчиликти сезбегени ,балдарды ойлобогону куйундурот . Эми эмне кылышты билбей атам дебей,2баланы элдин балдарынан кем кылбай, ичинтип-кийинтип,
мыкты тарбия беруунун аракетин коруп,ынгайына карап иштеп ,жакшы жашоого жетишип , бактылуу жашашынызды тилейм ! Окунбонуз , сиздин кочонуздо да, созсуз майрам болот !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#11 26 Февраль 2013 - 00:44
Сабырдуу болушунуз керек сабырдын тубу сары алтын дейт эмеспи. Мындан ары балдарыныз учун жашашыныз керек. Аталуу жетим арсар жетим, Энелуу жетим эрке жетим дейтго.
#12 26 Февраль 2013 - 00:50
Саламатсызбы?
Жалгыз эле сиздин жашооңузда эмес мындай көрүнүштөр.
Кетип калып туура кылгансыз. Бир кол көтөрдү, чыдадыңыз, экинчи жолу болбойт деп ким кепилдик бере алды? Эч ким. Андан кийин да көл көтөрүүлөр бар экен, анысы аз келгенсип, кайындардын заар тилин угуп, өзүңүздү өзүңүз кор кылып жашайт белеңиз? "Айтылган сөз-атылган ок", "Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кири кетпейт",
"Ачуу сөз-жүрөккө барып кадалат",
- дегендей, сиз уккан ачуу сөздөр эч качан унутулбайт.
Же унутам деген ойдосузбу? Унута албайсыз, өзгөчө кайненин сөздөрүн унутуу кыйынга турса керек. Балдарым атасыз калат деп, өз өмүрүңүздү кор кылгыңыз барбы? Балдар чоңоёт, түшүнүшөт. Ар кайсы ойду ойлобой, балдарыңыздын туура тарбия алуусуна көңүл буруңуз. Тагдыр бизге кандай сыноону берсе, аны көрөбүз, бешенеге эмнени жазса, дал ошондой гана жашайбыз, башкача кылуу эч кимдин колунан келген эмес. Кайра кайрылып барсаңыз, мурункудан да ачуу сөз угуп, дагы бир ирет өкүнөсүз. Андан көрө, башыңызды көтөрүп, балдарыңыз менен бактылуу жашай бергениңиз оң. Сизге ийгилик, бакыт!
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
#13 26 Февраль 2013 - 02:06
2 эле жолу бар либо ажырашып жашоонду ондойсун либо куйон мене отдельно жашап куйонду озуно каратып суйдуруп аласын. анын уй-булосу менен чогуу жашаган категорически болбойт.андай адамдар онолбой. озундун эле нервин кетет.
#14 26 Февраль 2013 - 03:14
adam ozunun jawoosun ozu 4e4iw kerek,kuioonuz olom dese siz ke4ke ur tokmok jep,anysy az kelgensip kaiyn ene,sindilerdin jaman sozun ugup jawawtyn ne keregi bar,siz alar u4un jaralgan emesiz dagy,alar u4un jawabais dagy. Ketip tuurale kylgansyz,baldarynyzdyn tarbiasyn oilop owolor u4un jawan.kuioonuzdun urganyn korso baldarynyzdaga ters taasirin tyigizet
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#15 26 Февраль 2013 - 09:37
Салам!
Башкалар кандай кенеш бергенин туурасы окуганым жок. Бирок сиздин тандаган жолунуз туура деп ойлом. Азыркы убакытта эркек-аялдын укугу тен. Эмне учун аял кемсинип жашаш керек? Балдарыныз чоноюп алса эле ата керек болсо издешип,табышып алат.Андан кам санабаныз. Сизда бир келчу жалган жашоого жашоо учун келгенсиз да!!!
Бактылуу болосуз!Баары алдыда!

Суйуу журок-журок суйуу кан жолдош, Суйуу сымал жанга шерик жар болбос!!!!!!!
#16 26 Февраль 2013 - 14:26
САламатсызбы.
..Ээх тумуш,жараткандын жазганынан кутула албайбыз екен.Бул кундорунуз да отот окунбонуз баары алдыда.Убакыт отуп балдарыныз да оз ырыскысы менен чонойот.Атасы озу деле окунот,бирок кеч болот...Сизге сабырдуулук жана бакыт каалаймын.
#17 27 Февраль 2013 - 02:38
Саабырлуу болун айдын он беши жарык он беши карангы дейт.Жакшылыктан бакыттан умутунузду узбон,эч убакта бошошуп тагдыр экен деп кыйналбан тагдыр сизди эмес сиз ошол кыйын тагдырды женишиниз керек.Откон омурду эмес келечекти балдарынызды ойлон,кудайдан тилен жакшы кундорду сизге да насип этишин.Уй булолук бакыт каалайм.
Билдирүүнү түзөткөн: sonka89.: 27 Февраль 2013 - 02:39
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#18 28 Февраль 2013 - 14:00
salamatsyzby! ooba tuura joldu tandagansyz, okynbonyz, kaigyrbanyz eki mon4oktoi baldarynyz bar eken, owolor y4yn, alardyn baktysy y4yn jawaganga umtulunuz demek4imin. Kyioonyzdyn meesi bolso, atalyk meerimi bolso aragyn tawtap, siz y4yn bolboso dagy baldary y4yn onolot boluwu kerek degen ymyttomyn!!!
sizge yigilik, yi bylolyk bakyt kaalaim!!!
exx jawoo emne bolup baratasyn!!!

Здесь зверски было убито время
!!!
#20 01 Март 2013 - 21:14
эркек эркектей болбойбу алгандан кийин,бирок сиз да проблемадан качпай чечишиниз керек