Ассаламу алейкум, форумчулар.
Улуу кишилердин "80 жылдары мындай болчу" же "90 жылдары тигиндей болчу" деп Союз учурун эстеп калганын көп эле угабыз. Биз деле алар сыяктуу бир топ жылдарды башыбыздан өткөрдүк. Келгиле 2000 жылдары биз кандай элек, Кыргызстан кандай эле, эмне бар да эмне жок эле чогуу эстейбиз...
Биринчи мен баштайын... Быссымылда.
..
2000 жылдары 5-6 класстагы кезим. Ал учурда азыркыдай 20 канал тартпай 3 эле канал тартчу (айылдарда).
Ал 3 канал дагы эртең менен 10го чейин тартып, кечки 6га чейин тартпай, 6дан кийин кайра 12 чейин тартчу. Ал кезде түстүү сыналгылар акырындап көбөйүп келе жаткан. Жана да кээ бирлердин үйүндө "видик"
турчу, ичине 2 кино баткан кассеталары менен. Улам ары түрдүрүп, бери түрдүрүп (кээде кол менен түрүп) көрчүбүз.
2000 жылдар ушунусу менен эсимде калды 2000 жылдарды эстейбиз
#2 26 February 2013 - 17:31
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#3 26 February 2013 - 17:43
Мммм,2000-жылдары.
..пленканы артка түрөйүнчү...

Анда мен 2-класста окуган секелек кыз болчумда... 1-класста аябай жакшы окуп күбөлүк алганым эсимде,бирок, 2-класста негедир чоңойуп калдымбы,айтор, тополоң кылчымын мектепке барбайм деп,бакты айланып качкандарым эсимде,дивандын астына жатып чыкпай койчумун,өзүмчө эч кимдин колу жетпейт деп ойлоп ошол жакка кирип жашынат элем, бир күн үйдөгүлөрдүн кыжыры келдиби айтор,диванды көтөрүп,мени чыгарышканда, оозум ачылып калган,андай оюмада келбептирда. .. Ошентип,2-класста бираз эркелеп,анан 3-класстан баштап жакшы окуп калганмын...
Тааак,дагы 2000-жылдар дегенде...а сериалдар, Эсмералда деген сериал башталганда жеген ашты таштачубуз, антен тартпаса 'болду,ий өтүп кетти,аркага' деп бакырат элек эшикке. Анан свет өчкөндө биздин үйдү конок басчу, анткени,атам машинасынын аккумляторун твге улачу да,ошентип сериал көргөн күндөр өткөөөн...
Дагы...ал мезгил бөлөкчө эледа,ашар деген нерсе бар эле,туугандар бири-бириникине ашарга барчу,азыр кайда,андай нерселер ...
Эх,ошол кездер барибир башкача эледа деп койоюн менда ата-энелерибизге окшоп!!!

Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#4 26 February 2013 - 17:45
мен 1-2-класста болгом, анда азыркы балдардай кечке телевизор коруп, компто отурмай жок..эшикте эле ойноп журо берчуубуз,..
могнитофондор ар бир уйдо бар эле, кассетасы колго турулгон..коп ырдай берсе чайналып калчу..Анда биз Майлуу суу шаарында жашачубуз..ошо дагы эмнелер эсимде калган болсо жазып турамго.
Журоктор ыйманга толсун.
#5 26 February 2013 - 18:06
Алтынчы класста окуучумун.Ал мезгилде Сони Плей Стейшн деген балээ жок эле,"сега"
дегенге очурутка туруп,шише сатып болсо да,барып туну бойу ойночу элек.Теледен жылтыраган,
кундой жаркыраган ажообуз чыгып турчу."Рухи вверх" тен башка группа жок беле,баарыбыз эле ошолордун ырларына бийлечуу элек
.Теледен кыргыздын кинолору жок болгондуктан,
орустун детективтерин пайлайт элем.Дагы да ошол мезгилдеги бир сонун нерсе-лимонад болчу шишеде,коржиктен тиштеп,ошол лимонад менен ичуу-озунчо эле керемет.
#6 26 February 2013 - 19:33
2000-жыл,
эстесем, бу, менин кампутер менен бетме-бет кездешкен жылым экен. Мектепке жаңы компьютерлер келип (Pentium i486), башка мектептерде уу-дуу сөздөр болуп, биз кубанычыбыз койнубузга батпай, Mario, Prince деген оюндарды ойночубуз. Бирок, ошо кезде эле оюн дегенге кызыкчу эмес экенмин. Мектепке ошол атың өчкүр кампутер келе электе кошуна мектепке барып караңгы киргенче ар нерсени чукулап отура берчүмүн. Q Basic деген да бар болчу ))
Айылдан бирөө жаңы кассете сатып алса, аны эртеси күнү сураганга мени жөнөтчү апчемдер. Ошо, "Руки Вверх", Бек Борбиев, "Биз" ж.б. ошол убактагы хиттер. Чайналган кассетаны оңдогонго жедеп мастер элем. Ачып, үзүлгөн кассеталарды клей менен (скотч деген эме жок ал убакта) эле чаптап, кайра угуп, ырларды жаттап, кыскасы, бир топ эле меломан болчу кенмин.
Кечкисин уйду бададан тосууга айылдын чекесине уйлар "командировкадан" келе турган убактан 2 саат мурда барып ошол эки саат бою кошуна көчөнүн балдары менен атаандашып топ тээп, футболдун атасын таанытчубуз. .
Кыскасы, биз деле жаш болгон экенбиз

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#7 26 February 2013 - 19:55
Таакс...1-класста окуп,аяктап.
..каникульда ылысый баштар менен кечке ойун...Акаев келген,Раззаковун эстелиги ачылды...Шахмат мелдештерине эн жаш катышуучу болуп...Иномаркадан мазда 323,90-ж;-),тойлордо 3110волга...50Тыйынга пирожки алатлем...
#8 26 February 2013 - 20:01
Ананайын, ананайын, аттадын бир ак уйдун босогосун деген ыр бар болчу, ошо убакта мага абдан романтичный угулчу да
интернет жаны пайда болуп жаткан маал эле, бизде бекер инети бар ресурсн.центр ачылган эле... Марио оюнун информат. берген эжекебизге коюп берип балдар нортон командерден бирдемелерди установка кылышчу, ку бэсик тажаткан эле(ой жок, бул кийинчерээк экен) мен биринчи жолу китепканага жазылып орусча уйронуп жаткан мезгилим экен.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 26 February 2013 - 20:53
Сегадан футбол анан теккен деген мушташ оюндарын ойночубуз. Анда да акча жок кезде жумуртка алып барчубуз, алар да жумурткага ойното беришчу. ))
Жайкысын арыкка же кичинекей каналга тушчубуз. Анан латокторго же асфальтка жатып курганчубуз. Наклейка да коп ойночу элек.
Жайкысын арыкка же кичинекей каналга тушчубуз. Анан латокторго же асфальтка жатып курганчубуз. Наклейка да коп ойночу элек.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#10 26 February 2013 - 22:01
Менин эсимде калбайт да ушул жылдар. Чынын айтсам, быйыл 2012 же 2013 экенин да ойлонуп калам кээде))
Наарындан жазган сааалам кааат
#11 26 February 2013 - 22:34
Мен дагы орусчаны 2000-жылы үйрөнүп баштаган экенмин. А.П.Чеховдун аңгемелери болчу. Сөздүк менен окугам. Кийинки орусча китептер автопилот менен кеткен анан
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 26 February 2013 - 22:53
Мен ал жылдар короз кант жечү элем (Ошол короз канттар жокко азыр) Анан видио деген бар эле, ошол видиодон касета менен кино көрчүбүз. Көп нерсе эсимден чыгып кетиптир, дагы эстегенде келип жазып кетем.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#13 26 February 2013 - 23:09
Эстедииим!
Алиппе майрааам!
Оо анда коктом эле, коктом эле, алиппе майрамда кун аябай токкон эле
Наарындан жазган сааалам кааат
#14 26 February 2013 - 23:12
2000-жылы 2класста окуучум. ал балалык кез эле да сабактан келип бир сындырым нанды кармап оюн ойноого кетет элек нанды жеп арыктагы суудан жутуп эх....
Анан дагы биздин айылда 1 сотка бар эле. Ал дагы чоон антени бар самсунг деген. Чет жактан тууган урук зв кылса айылдын бул четинен наркы четине жонойт элек ал маалда эн узагы 6 же 7 мин суйлошот элек 1 айда 1 же 2 жолу. Россиядан чалат эле атамдар биз суйлошконубуз учун минутуна 3 сомдон толочуубуз сотканын ээсине. анда 1сомго 4 даана курут келет эле сигарет без филтир 5 сом же 6сом болсо керек эле

Өзгөнү ээрчиген, өздүгүн унутат...
#15 27 February 2013 - 00:22
Анда биз биринчи жолу вечеринка кылганбыз, 5 же 6чы класста окуйт элек.
Люблю зимний закат
#16 27 February 2013 - 00:47
2000 жылы мен 5 классты окуп жургон кез эле .ошол жылы мен эн биринчи сахнага эл алдында испан бийин бийлеп чыкканым эсимде
#17 27 February 2013 - 01:30
Мындай тема бар экенин билбептирмин.
2000-жылдары тан атпай "айран-сут,
молоко,каймак!
" деп ойготкон "будильниктер"
жаныдан пайда боло баштаган кез эле...
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#18 27 February 2013 - 09:44
Мен ал жылдар короз кант жечү элем (Ошол короз канттар жокко азыр) Анан видио деген бар эле, ошол видиодон касета менен кино көрчүбүз. Көп нерсе эсимден чыгып кетиптир, дагы эстегенде келип жазып кетем.
Биз дагы "короз-момпосуйларды" көп эле жеп калдык. Мектептин алдында сатып турушчу. 1 сомго 2 келчүү белее... АНдан тышкары вата, пирожки жеп калчубуз. Азыр пирожки эле калды го алардан.
Эркек балдар дайыма мектептен чогуу келе турганбыз. Үйдөн сумкабызга нан салып алчубуз. Мектептен келатканда баарыбыз бир колубузга нан бир колубузга целофан (анда да толтура нан). Жогорку класстар күлө берчү эле (анткени мектепке нан алып келген уят болчу да).
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#20 27 February 2013 - 13:42
2000-жыл. Китептин артынан китеп мүлжүгөн, шахматтык оюндардан калбаган, Элкаттын чатын тытып отурган күндөрүм менен эсте калыптыр.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео