Суперстан: Мыкаачы өгөй эне - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мыкаачы өгөй эне Сапар Абылов

#41 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 14:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Эми эмне кылуу керек?.. Токточу,баягыда силер беш-он кун мурда окууну аяктап,жайкы эс алууга чыгасынар,а биз болсо гос.экзамен тапшырабыз, сен менин экзаменим аяктагыча кутуп тура аласынбы дегенде дароо эле ананчы,куто алам дебеди беле.Ооба,ушул созундо туруп менин ички куйутумду кучотпой отунучумо караганда сунушумду кайт кылбаса керек.Курортко барып эс алап келели,анан айылына озум узутып коем десем макул болот.Токточу макул болбосочу?.. Анда зордоп машинеге салам да алып кете берем..."

Сейитбек оз алдынча отуруп,ар кайсы ойго чарпылды.Бул заматта эле пайда боло калган ой эмес,экзамен башталган кундон берки ой.Эш тутуп,ишенген досу Бекназарга да бул оюн айтып ортого салган.Ал Анаргулду кондуроорун, айылдаш,курсташ кызы Нуржамал экоо алып барышары туурасында макулдашып коюшкан.Ошентсе да Сейитбек оюн,максатын ишке ашыра албай кала тургансып санааркап жатпайбы.Анткени, Анаргул да мурдагы мамилесинен бир аз озгоруп, чочулап жугонун байкап калган.Мамилеси мээримдуу болгону менен бир созундо турган,айтканын аткарган кыз.Мунусун Сейитбек жакшы билет,ошондон улам чочулап жатпайбы.Экзамендин аякташына чейин кутом деп соз берип коюп аргасыз онтоп жургонун да сезген.

-Эми Анаргул дипломду жууйлу,тигиНуржамал менен Бекназар бизди кутуп отурса керек,-деди Сейитбек дипломду алган куну эртен айылга кетем деген ойдо кийим-кечесин чемоданына салып,иреттеп койгон учурунда созго салып,-бул диплом менин келечегим,кутунгон ой-максатым, бактым,тилегим. Ак жолтой диплом болсун ээ,сен кошуласынбы?

-Албетте,кошулам, кудай буйруса мен дагы ушундай диплом алам,сиз сыяктуу кубанам,сыймыктанам!

-Ошол учурда мен атайылап келем,куттуктайм, озун сыяктуу ар экзаменин учурунда келип гул менен тосуп алып турам.

-Анте албайсыз,жар кутосуз,бала- чакалуу болосуз,турмуш туйшугун тартып,мени бутундой эстен чыгарасыз.

Ушул созду айтып жатып ички туюмунда жакын адамынан ажырап,алыста калаарын сезип,журогундогу жакшы коруунун эпкинин зырп эттире коюп,ичи туз куйгандай ачыша калды.Канчалык билгизбейин дегени менен жакшылыктын суйуусу журок тупкурунон орун алып,акырындык менен онугуп жаткан болчу.Бир жылдык студенттик мезгил билим терендигине уюп кируу Анаргулдун сезимин ойготуп,тушунугун бир кыйла байытпадыбы. Чойро да озунчо артыкчылыгы бар тарбиялоочу мектеп сыяктуу.

-Кана Анаргул кеттикпи,-деди коз ирмемдик ойго чомуло калган Сейитбек чочугандай соз айтып,колтуктан алды.Анаргул да тыптынч боло ойго аралаша калган эле.

-Кайда кеттик,кызык? !-жылмая карап кулуп койду.

-Мен жетелеген жакка.

-Мына кызык десе,сиз жетелеген жакка бара берчудой мен мал белем.Таарына калгандай таризде колтугунан колун серпиле чыгарып,чукул бурула калды.

-Ой жан эрке кыз,колтугундан алып,басып баратканыбызды айтып жатам.

-Анда сизди мен колтуктап мен жетелейин,жигитти кыз жетелейт.

-Хи-хи-хи!

-Ха-ха-ха!

Колтукташа басуунун озу да сезимдеги суйуунун тутандыруучусу болду.Бири-бирин жылмая карашкан коздор,жылмаюулар, соз арасында кулку,журок туюмунун жакындашуусу.

Ошентип атайын даярдыктары менен Ош ресторанынын торку бурчунан жай алышып,конулдуу отурушту.Куну кечээ стипендиясын алган.Кыз сыйлаган жигиттерде акча мол.Кыздар учун каалаган даамдар алдыларына коюлду.Куурулган балык этин да алдырышты.

Анаргул ресторанга биринчи келиши.Ооба, минтип жигит жандап да биринчи отурушу.Эмнеге буларды ээрчитип бул жерге келди,уй муйуз тартып столдо отурушунун маани-манызы эмнеде,ал туурасында ойлогон жок.Сейитбектин конулу куунак,анда- санда Анаргулго жылмая карап,сен эми мендик болосун,мындан чыгып чыгып кайда барарынды билип жатасынбы дегенсип ичинен кымындайт.Береги жандоочу боло тургандарга баары бир эмеспи.Сеейитбектин сыйын коруп,анын максатын ишке ашырып берсе болгону.Анан болбосо алар эмнеге санааркап,эмнени ойломок.Кантсе да анаргылдун журогу уйгу туйгу болуп,бир шойкомдуу ишти туюп жаткансыды. Бирде конулу которунку боло калса,бирде конулу чогунку тартып,суз боло калат,шекшинет. Али окуу жылын аяктоо мындай турсун,жарымына жете элек кезинде эле коз арткан жигиттерден кызганып,ушинтип журо берелиби,Анишка, -деп эркелете онтолоп соз учугун улай албай жатып айткан созу эсине тушо калат.Ооба,турмуш куралы,озум менен бирге иштетем,сырттан окуусан да болот дегенде орой соз айтып баш тарткан.Минтип дипломдорун жуумакчы болушуп,ошол шылтоо менен алып качып кетише тургандай тур менен отурушкандыгын сезип тургансыды. Бири-бирине ото жакын болуп,ички туюмунда суйуу ойлоп,аны сезип да койбогон менен жалындуу жаштыктын суйуусу пайда болуп калганын конулго албай жатпайбы.Анан болбосо неге жакшы коруп,кайда жетелесе ошол жакка басып,эгиздердей ээрчишип журду.Мына ушунун озу суйуу экенин эске алса болбойбу.Анан дагы тек гана досторчо жакшы кором деп коет.

-Кана эмесе,тамак алдынан шампанды аттыралы,-деп Сейитбек досторуна тегерете коз жугуртуп,анан Анаргулго жылмыя карап койду да,шампанды акырын ачып <<парс>> эттирди.Бошотуп койгон тыгыны шыпка жете ыргыды.Стакандарга куюлган шампандан баардыгы колдоруна алды.

-Кана дос,озун бирдеме деп кой?-Сейитбек Бекназарга соз берди.

-Доостор,диплом учун беш жыл турмуштун ачуу-таттуусун баштан откордук.Акыл- сезимибизди, болгон куч-аракетибизди жумшадык,ушул кезде дипломубуз колубузда,анын узурун чын ден соолукта болуп,узак омур суруу мене королу,дипломубуз буюрсун,насип кылсын!

Стакандар которулду,мурда ичип корбргон анаргул илебине тийгизип койду эле,беркилер биринен сала бири кыстоого алышты.ал ушуну ичсе эле мас болуп кала тургансып,озунон озу чочулады.А деп столго отургандагы оюна уруна калган пикирин эсине тушурду.

-Ала бер,бул деген кымыз сыяктуу эле,ичип коргун,конулундуу дароо эле ача коет,сергий тушосун,ичкен сон дагы ичем деп журбо,-деп Нуржамал тамаша соз айтты,ага жалдырай стаканды колуна алып,бир уп этим татты эле ачыркана тушту да шак жерге коюп Сейитбекке карады.Ал эмне демекчи,ичинен тынып ичсин деп турганын сезбей умут этпедиби.

-Ой синдим,бул эмне кылганын,сен эмне биздин диплом алганыбызга каршысынбы, бизге тилектеш болбосон да Сейитбекке тилектештигинди билдирип алып жибербейсинби? !-Нуржамал опурула суйлоп,жакшы коргон жигитин го демекчи болгон оюн конулунун тупкурундо калтырды.

Анаргул ичиркенген калыбында стаканды акырын которду да,козун жума коюп тартып жиберип,оозун алаканы менен басып,кайра алып Сейитбекке жылмая карап койду.

-Мына ушундай эле болмок,синдим, озуно келдин,ушинтип коносун,турмуш деген ушундай,конбогонду кондурот,жакшылыктын шааниси учун адеегенде шампан ичуу салтка айланып калбадыбы.Нуржамал рахаттана конулун жубата соз айтып,далысынан таптап койду.Мунун туюмундагы мааниси таптакыр башкада болду.Ооба,барар жерине барасын синдим,конбоско чаран канча дегени эле.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Анаргул шампандын таасирин сезди,ону кыпкызыл болуп нурдана тушту.Буткон бою чымырап,озун эркин сезе калды.Тунжураткан ою озгоруп,конулу сергий тушту.

Ошентип конот деген ушул болуп Анаргулго коньяктан да даам таттырышты. Бирок Анаргул алардын оюндагыдай болбоду,бар болгону элуу ргаммды зордуктун кучу менен ичти.Берки достор кызуу болуп,курортко барып эс алууну чечишти.Бул кундун тушко чейинки убактысынын аран бир сааты сарпталбадыбы. Баса,саратандын узун кунундо али убакты жетээрлик.

Атйылап такси жалдап жолго чыгышты.Зордолуп жолго чыккан Анаргул санаасы санга болунуп,тынчы жок.Эстуу кыз окучнын не болоорун болжоп туюп турса да бул кунуп-алкынып чуу чыгаргысы келбеди.Эч нерсени билбегендей, анда-санда гана Анаргул тараптык болуп суйлоп койгону болбосо Сейитбек дым.Баса,угутчулору тигилер эмеспи,канткен менен Анаргулдун Сейитбекти жакшы корору,ушунун озу анын журогунун теренинде жаралган суйуунун дал озу эмес бекен.Баягыда Сейитбектин сунушуна орой тийп конбогону менен окуусун аяктап,дипломун алганда,мындан ары бири-бирин корбой калаарын экзамен учурунда келип-кетип турам дегенине ишенип-ишенбей онтоосу ичинде болуп жургонун кимге ашкере айта алмак.



женил машине учуп бара жатты.Сейитбек алдыда отурган.Нуржамал менен Бекназар экоо кыналыша отурушкан.Жолго чыкканда узай бергичекти бакылдап суйлоп алышып,андан сон дымы чыкпай тынчышкан.Сейитбек конулун алагды кылмак болуп,анда-санда Анаргулго кайрыла суйлоп баратты.Канчалык сездирбейин дегени менен суз тартып отурду.Тиги экоо шыбыраша калып,анан Нуржамалды сыга кучактап ак жузунон жыттар койгонуна буткон бою чымырап,озунчо эле кызара тушуп жатты.Эгер Сейитбек жанында болуп,ушинткенде кантмек,башын ийнине жолой коюп,адатындай эркелемекчиби. Ооба,ошентиши да мумкун болчу.Булар дагы бири-бирин абдан жакшы корушот окшойт,дипломун алгандан кийин уйлонмокчу болушканбы, диплом алган студенттердин баары кетишти го деген ойго чарпылды.Анан озу жонундо ойлой калып,биз деле... Жок,мен дагы дипломду алышым керек деп илме-чалма ойго аралаш калып жатты.

Журок ойутуп конулдо жургон максат ишке ашат эмеспи.Ошентип бул куну максатты коздонон достор туз эле Сейитбектин айылына карай жол тартышты.Барып корбогон Анаргул курорттун кайда экендигин,кайсы жол менен бараарын билип коюптурбу.Антсе да чака айылды,болгондо да жылганы аралай жол тарткан учурда туюп калды.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Токтоткула,силер мени каякка алып баратасынар! -деп албууттана жулунуп кыйкырып алды.Бекназар сыга кучактап жулкунта койбоду.Бул тек гана наздануусу эле.Сейитбектин алдап жатканына карата чаташкан ойлор менен алектенип жаткан учурунда кумондуу оюн тактап,башка тушконун корормун деп оюн жыйынтыктап алган болчу.Анысын тигилер кайдан билсин.

Турмуш,жашоо агымы ушундай тура.Бугункумо каниет,эртенкими кудай билет дешкени нагыз соз экен.Кун откону билинбей бугункуну эртен унутуп,кундор айларга,айлар жылга отуп,бир жыл мурункуну эске салсан куну кечээ эле болуп откондой сезилет.Жаратылыштын ушунусу кызык.Адамдын жук которумдуулугу, турмуш,жашоо агымындагы ар кандай оордукту жене билиши да мына ушуга таандык окшобойбу.Анан дагы бугунку кетирген каталыгына эртен окунуп,алдын ала ойлонбой суйлогон соз учун онтотпогон ооруга чалдыгып,азаптанаарына не дейсин?!.

Жаштык-мастык деп бекеринен айтылбаган. Эртенкини эске албай,бугункусуно канааттанбай, бууракандап аккан дарыя жулунуп,аркы- беркиге чарпылып,кээдк окунсо,кээде кубанып жашоосун улантат.Канча гана турмуштун оор окуясына туш келгенде окунуп торго тушкон балыктай жаны алакетке келип,айласын таппай калат.Сейитбек да жаштык кылды,эртенкисин ойлободу,ушул кезге чейин жамандыкты баштан кечибегендиги, турмуштун оош-кыйыштуу корунушторунон сабак албагандыгы. Анан болбосо ата-энесин эске албайт беле.Анаргул башка тушкону ушул экен деп ушкурунуп,окунучуно мыкчылып жашап калды.Наристе кезинен барктап остургон энеси Бурулча да озун кылган иш,оз башына муш деп очошкон болуп артынан барбай,кабар албай койду.Тигинтип зордоп алып келгенин кайдан билсин.Анын устуно курсташтарынан сураштырып, алардын айткандары канын кызытып,зээнин кейитпедиби. Суйуп-куйуп, куну-туну кол кармаша ээрчишип журуучу дешти.Дагы толгон-токой создорду айтып,ошол себептуу артынан барбай,кабар албай койбодубу.

Адегенде турмуш-шартынын жакшылыгынна, короо-жайыынын кенендигине, малы жетерлик озуно тын адамдардан экендигине ичи жылып отуруп калган.Сейитбек да оз созундо туруп сырттан окутуп койду.Ушунусу да конулун тындырды.Бир гана кайын энесинин огойлугуно ой жугурто калып иренжий тушкону болбосо турмуштук чойросу жакты.Анын кийинки азаптуу тагдыры да ошол иренжигенинде болбодубу.Бир боор деген бир боор да,анын тендешсиз артыкчылыгы бар.Кыз бала кичинекейинен эле озду оздой,жатты жаттай ажыратып,боор бербей митайымдык кылышы белгилуу.Ооба, баардыгын ушундай деп айта албайсын.Бирок копчулугундо ушундай коз караштар болот.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 16:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Огойду озумдук кылып алуу кыйын."Бору баласы ит болбойт"деген кеп бекеринен айтылбаган. Ошентсе да бала кезинен колунда болсо бооруна тартып,оз баласындай мамиле жасап камкордук коро билсе жакшылык учун жылан ийнинен чыгат дегендей оз баласындай болоорунда талаш жок.Бул ото сейрек кездешет.Сейитбек рак оорусу алап тынып,энесинен эрте ажыраган он эки жашынан Зейнептин тарбиясында калган.Болгону эки бир тууган.Эжеси ошол учурда турмушка чыккан болчу.Зейнеп болсо согуш кезинде жалгыз кызы менен жесир калып,колхоздун р касы жумуштарына аралашып,актив сорой болуп жургон.Турмушка дагы чыкпаган.Насип- тагдыр деген ошондой туура,жашы отуп бараткан кезинде Сейитбектин атасына туш келген.Андан бери бир топ жыл отподубу.Сейитбек оксуп журуп жетилди.Балалык ошондой мамилеге конуп,бооруна кысып уктап,ак сутун берип,ак тилеги менен асыраган апасын тез унуткан.Ошондон улам кара жердин боору суук дешет эмеспи.

Анаргулдун сырттан окуусу кыйын болду.Жайкы эс алуу учурунда жайлоодо болуп,кайын энесине жардам берет,уй туйшугудо кызмат этет.Мугалимдикке отуп,Сейитбек менен мектепте болгону анын бирден бир конулдуу учуру.Сабактан келди дегиче уй туйшугу мойнуна илинет.Келин болуп келген кундон баштап Зейнепке кудай берип баардык туйшугун откоро салган.Кол кабыш этип,анча-мынчада жардам берет.Бирок негедир бир топко дейре конушо албай,айрым иштерин жактырбай орой мамиле жасайт.Баса, келин болуп келген куну эле кытмырлыгы байкалган.Ботом, бул эмне кылганын,мага айтпасан да атана айтпайт белен,жакшылык жолу менен эле тойлошуп албайт белек деп Сейитбекке каттуу тийип бир ирет бурк этип алган.Ичи чыкпай кой-айы жок эле Сейитбекти ээрчип келип алганы кандай.Кайсар кыз окшойт,аягы кандай болоор экен деген ойдо калган.Анаргулго бой таштап келген куну конулдуу кабыл албаганы ошондон улам болду.Ал эми Бердибек болсо жетине албай суйунуп,артынан кимиси келээр экен,буюрса мамилебизди жакшыртып кудалашып алабыз,алып качып келгендер коп эле болуп жатпайбы деп тим болгон.Бир гана окунучу Анаргулду жоктоп артынан эч ким келбегени болду.Бр топ кунго чейин кутуп,тынчсызданып жургону бир ай отуп унутулду.Ичинен сызып кейип да журду.Озу билди,отугун торго илди,эмне болсон ошо бол,артынан барбайбыз дешкен окшойт,бул таш боорлук жакшы жорук эмес деген сыяктуу ар кандай ойдо журду.

Анаргул озунун шайырлыгы,анча- мынчаны конулго албагандыгы, болоор-болбоско ачуулана калып кайра жазыла тушкону,жайдары мунозу,ички туюмундагы санааркоосунан алагды кылып эркин журду.Анткени менен эне деген эне да,Бурулчаны унута албады.Эсине тушо калганда апам ушундай беле,мени дегенде ичкен ашын жерге кое койгон,жаман жорукту укту дегиче ыз-быз боло чыр чыгырчу эмес беле,эмне учун минтти.Кимдир бироолордон конулу каларлык ушак уккан окшойт деген сыяктуу толгон-токой санааркоолорго туртуло калат.

Ошентип кундор ото берди.Арадан бир жыл отту.Анаргул кош бойлуу болуп,айы-кунуно жетип уул тороду.Уулду болду кимди кубантпасын. Жалгызмын деп окунуп жургон Сейитбектин кубанычы коодонуно сыйбай,жакшы санаалаштары менен оло арак ичпедиби.Омурундо мынчалык арак ичип,ылжып мас болбогон Сейитбекке Бердибек тан калгандай карап, "Ээ балам,ченеп ичпейсинби? " деп тим болду.Тентуштарынын жолоп-таяп аран уйго киргизиши биресе кейитти.Боор эти зыркырай тушту.Анан озунун жаштыгы эсине тушуп,Сейитбек торолгон куну дал ушундай абалда мас болгонун,кубанганын андан ары омурлук жубайынын узурун короор чагында андан айрылгандагысы оюна уруна калып,буулугуп, коз жашын бир ирет шыпырып алды.Анаргулдун уул торошу Зейнепке жага бербеди.Ушунусу менен уй-жайын бут ээлеп,Сейитбекти ал тургай Бердибекти да баш ийдирип,айтканы айткан,дегени деген болуп кала тургансып,ички кызганычы пайда болду.Басса- турса ушуну ойлойт,ичи туз куйгандай ачышты.Жок дегенде бирди тороп алганымда жакшы болбойт беле,булар менен жуурулуша жашап,тиги Сейитбек да тууган тутуп,мени огойсубой калат болчу деген сыяктуу ар кандай ойдо калды.Сейитбектин ою такыр башкада.Ар кимдин оз тирилиги озунчо болгону жакшы,торобосо да атамдын жанында болуп,барктап журсо болду дейт.Аркы-беркини коргон аял Бердибекти сыйлайт,кирин жууп,кирпигин сылап дегендей жагымдуу мамиле жасайт.Ушунусу менен Бердибекти бийлеп алган.Анын устуно кай бироолордой камчысы кайраттуу эмес,жумшак адам.

Аялзаты учун наристени тороо,кан согунон ажыроо,кыркын чыгаруу деген онойго турбайт.Эл жайлоого кочуп чыгып,журт которуп,бир жагдайда жайыт алмаштырса, бир жагжайда конуш алмаштыруу болот.Бердибек уйун жаны конушка чыгарып коюп кыштоого кеткен.Ал эми Сейитбек болсо окуу жылын аяктоо алдында бутуруучулордон экзамен алуу кызматында. Анаргул айы-куну жакындаган учурун кутуп,эсептеп жургон.Торот уйундо торошу туурасында Сейитбекке эскертип койгон.

Анаргул озун ынгайсыз сезип,алгачкы толгоосу келээр учуру жакындаганын сеип,Сейитбекти кутуп тан эртеден кечке дейре кыштоо тараптан козун албайт.Мындайда убакыттын отушу да кыйын.Жайкы кундун узактыгы жылдай сезилип жатты.Кутуудон улам аялзатынын толгоосу да кайтып кетет белем.

-Эне,мен бугун озумду жаман сезип кыйнала баштадым,-деп кайненеси Зейнепти утурлай басып,-Сейитббекти балдардан ат чаптыртып чакыртынчы?

-Уйго кир,эс ал,орун даярдап тошок салып койдум,-деди да анын созун кулагынын сыртынан угуп,-балдар оондо ат да жок.Куто тур,озу келет,келээр убагы болуп калды.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 19:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кексе Зейнеп тушунду.Коншусу Зубайданы чакырып алып макулдашты. Озунчо чочулап,шектенип жатканын айтты.Жаны тороттогу келиндин тороту оор болоорун билет эмеспи.

-Ботом,ушул жашка келип не билбейсиз,алдын алып торот уйуно жеткирип койбойт белен,кокустук болсо балээсине калаарынды ойлободунбу?

Ушул суроо Зейнепке катуу тийди.Озунон озу чочулап алапайын таппай,ары-бери жугуруп тынчы кетти.Зубайда тынчын албаганда ички арам оюнда тура бермек.Анаргулду оор азапка салмак.Анын суранычын аткармак тугул озу да абалынан кабар алып турбай сыртта журо бермек.Зубайданын жардамы менен Сейитбекке ат чаптырды.Ошентип кудай жалгап Анаргул торот уйуно барып жатып торогон.Анан болбосо Зейнеп уйдо торойт деп бир шойкумду баштап,Анаргулдун азабы мындай турсун озун да азапка салмак,чыр да кылмак.Митайым кекселиги,Зубайданын чочулатып айтышы оюн озгорто койгон,не болсо да бала аман болсун деген.

Ошентип бир тараптуу оюн озгортуу убактылуу гана чегинуу болду.Торот уйунон чыгып келгенден бери тынчы кетип,ар кандай амал устундо ойлонду.Ичинне тынып оюн тактап алды.Атайын кыштоого барып кара мышыгын алып келди.Мышыкты которуп жоной береринде Бердибек:

-Кайда алып барасын,жайлоодо мышыкка не бар,чычкан деген болбосо,-деп али озуно келе элек кезинде Анаргулду чочутуп койбосун деген ойго уруна калды.

-Чычкан болбогону менен жей турган тамагы кенен.Азыр кыштоодо чычкан болмок беле,баардыгы талаада,мышыгын кышта керек,бул жок болсо там уйундо чычкандын кандай кобойорун ойлоп кой?

-

анын да туура,мен иш менен болуп ачка да калып жатат,-деп "деги мунун мышык жандуулугу калбады,торобогон аял мышыкка жакын болот дешкени чын окшойт" деген ойдо ички туюмунда тигиле карап койду.Кемпиринин жакын арадан бери пайда боло калган арам пикирин ал кайдан билсин.Арам пикир ар качан бир жактуу болбойт,ал эки жактуу Зейнеп арам ою учун озу да адам катары азап тартары бышык.

ХХХ

Анаргул торот уйунон чыгып келгенине аран уч кун болгон.Элеттик кыргыздар илгертеден бери тороттон кийин табына келтирип,онуно чыгарыш учун сууктук аш ичиришет.Бул тартип бузулса,ысык ллкатка аралашса,онуно чыкпай,жузундо кара тактар пайда болуп ал тактар кетпей калат дешет.Торот уйундо жаткан бир жумалык аралыкта да кордо алып барып берип турушкан.Мына эми андан келгенден бери кордо ичип,ону купкуу болуп,кучтон кетип ойдо тураарга дарманы жок.Мунусу Зейнепке жага бербедиби.Кордодону жетерлик бышырып койгон,ичпеген оюна койбой тынбай берип турат.Ичпесен алын ого беетер кетет,куручу бар карандай суу эмес,иче бер.Врачтар мындайга каршы дейт.

Тороттон кийин каны азайганын эске алып врач кан болуучу диеталык тамактарды берип турган.Куттуктап коргону баргандардын кордосун такыр ичкен эмес.Мына ушундан улум ону киргилдене тушкон.Бул корунушуно чочулаган болуп Зейнеп такай кордого салып койбодубу.

Келгенден бери ары-бери откондор,жакын аралыктагы коншулары келип-кетип киши узулгон жок.Бердибек менен Сейитбек экоо эки кун туруп кыштоого кетишкен.Сейитбектин мектептеги иши да аяктап,бош.Бирок кыштоодогу дыйканчылык иштер кучоп,атасына жардам беруу менен алек.Антпегенде Анаргулдун жанынан чыкмак эмес.Атанын созун кайт кыла албай кылчактап аягы тартпай аран кыштоого жол тартты.Башына коогалу иш тушо тургансып конулу жай албай суз.Кыштоого барар барганга чейин Анаргулду элестетип,анын купкуу болгон онуно ичи ачышып санааркады.

Элеттиктердин кордо бергич тартибине нааразы.Уйдон чыгып баратып,кйра бурула калып Анаргулго <<кордо ичпегин,эне кордонузду токтотун! >>-деп анан кете берди.

Зейнеп Сейитбектин айтканын аткарат.Ага жедеп конгон.Бул журок туптурундогу куулугу.Бердибекке да ушул озгочолугу менен жагып,жашап журбойбу.Антпесе качан эле алмаштырылмак. Ким болбосун балалуу болгусу келет.Балалуу уй базар,баласыз уй мазар делип бекеринен айтылбаган. Мына беш жыл мурда,ооба,Сейитбектин ээндетип айткан кенешине конуп,Бердибек чыгыш-коюш этмекчи болуп,ортомчу боло калган агасынын созун таштай албай тындым болгон.Зейнеп менен айылдаш гана эмес,уч атат менен кошулган бир уруктан болгону эске алынбадыбы. Жек-жаатчылыктын да бир тарабынан пайдалуулугу болгону менен зыяндуу жагдайы бар.Анткени, ошол учурда ажырашып башкага уйлонуп алганда Сейитбектин ойлогонундай инилуу болуп калаар беле.Эми убакыт отту,Бердибек картайып калбадыбы.Торобосо да жанында журсун дейт Сейитбек,оюн озгортпойт.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кесме аш жасап берип жатып кыштоодон кара мышыгын алып келе жаткандагы арам оюн эсине сала калды.Камыр оокат кубаттантат, тузу жок бергеним менен камыр кучтуу эмеспи деген ойдо болуп сырка кирип чыгып тынчы кете баштады.Анаргул баласын эмизип жатып уктап кеткен эле.Зейнеп сырка чыгып эки жака коз жугурто калып,кайра шап уйго кирди да,мышыкты желкесинен мыжыга кармап,Анаргулго бетине тийгизе ыргытып,дароо сыртка чыга качты.Мышык <<мыяу>> деген ачуу уну менен Анаргулду канталата аймап алды.

-Апа-а-й!-Ушул кыйкырыгы менен ордунан ыргып турду,эндиреп тундукту карады.Ага тундуктон аянычтуу бир балекет тушуп,башын аткый мыкчып алгандай туюлду.Баласы эсине келбеди,козу туманданып карангылыкта калгансыды. Сыртка карай жугурмокчу болуп бир жуткунуп алап жыгылып тушту.Оозунан ак кобук куюлуп эстен танып жатып калды.Зейнеп дароо баланы шап ала коюп ашканага киргизип,ороп- чулгап жаткырып койду.Анан эмне болоор экен,Жийдегул да ушинтип катуу чочугандан улам жинди болуп калагн эле,бу олугунду коройун дагы жинди болуп тынса экен,-деген оюн дилинде кайталап,жаман козу менен карап турду.Анаргул бир аз убактан кийин эсине келип атып турду.Зейнепти жеп жиберчудой карап алка-жалкадан алды.

-Бала кана,какбаш, баланы кайда жоготтун,баланы тап,баланы тап,баланы тап деп жатам сени!-Зейнепти муунтуп жерге буктой чапты.Анан чаалыгып алы кете тушту белем,ушкурунуп, айланасын тегерете тиктеп туруп калды.Учурдан пайдаланып Зейнеп сыртка качып чыкты да ынак коншусу Зубайдага барды.

-Айланайын Зубайда,эми эмне кылайын ,Анаргул уктап жатты эле,сырттан кирээрим мененойгоно калып мага атырылып кол салып,иттей тепкилебедиби. Эмне болголнун билбейм,журчу тез уйго,баласы эмне болду,аны сен ыргытып жибердин деп жатпайбы!

-Андай болсо тез бар,жин даарыган окшойт анына,баланы кара,мен азыр,-деп Зубайда тынчы кетип шашып кийинип артынан жетти.

Айланайын Зубайда эже,муну каранчы,баланын бети-башын каната уруптур,урушка кандай акысы бар,-деп кучактап эмизип жаткан баласынын бетин корсотту.Ага озуунун бетинен аккан кандар жуккан.Ыйлап жаткан баласын ашканадан алып чыгып,Зейнепти каргап шилеген ачуулуу турундо эмизип отура калган эле.Зейнептер эшикте акырын баш багып коро коюп чочулап тура калган.

-Э,айланайын, Анаргул,бетинден кан агып эмне болду сага?

-Айланайындар, бул эмне кылганы,мени дагы урган турбайбы,бул какшаал,оо жер журкур кайдасын,сени азыр олтуром,соем! О,Зейнеп,сени кайнене дебейм,тергебейм, бугундон калтырбай олтурушум керек!

Зубайда жанына келип,жалынып- жалбарып ар кайсыны айтып тынчыта албады.Зейнепке ызырынган созу кайталана берди.Бетин аарчып-тазалады.

-Э садаган кетейин,Зейнеп сенин баланды урган жок.Ал сыртта эле журду го.Бетинди озун аймап алган окшойсун.

-Сиз эмне деп жатасыз жан тартып,мен озумду озум уруп,бети-башымды канжалаткыдай жинди белем,о олугунду коройун Зейнеп,кир бери жакка,ургун келип жатабы,урганды мен сага корсотойун!


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Март 2013 - 20:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Катуу чочуган Анаргул эсине келбеди.Зейнепти корду дегичекти ага асылып,колуна тийди дегичекти салгылайт уй ичинен колго тийген буюмду алып атып урат.

Ушуну менен баары бутту.Анаргул сезимнен айныды.Тез эле айлана-чойрого таркады.Уй ичиндеги кандай гана буюм болбосун колуна тийгени алып Зейнепти жек коруу менен атып уруп,озуно жолотподу.Баланы майып этип койбосун дешип колунан эбин таап алып коюшту.Ошол эле куну Сейитбек менен Бердибекке кабар жеткирилген эле.Алар бул туюсуздан болгон окуяга аябай ызаланып,кантип, кандайча жетип келишкенин билбей калышты.

Баласын колунан алып,корсотпой коюнун озу да Анаргулдун оорусун кучотту.Ооба, антпесе болбойт эле да.Бирок ооруну ачуулануу,кыжаалаттануу кучотуп жиберет эмеспи.Зейнепти жек коруусуно ким болбосун огой дегени дешет,ал эми Сейитбекти жек коруусу кандай,аны журогу менен суйуп ээрчип келбеди беле?Аны бир гана Анаргул озу билет.Баягыда курортко барабыз деп азгырып алып качып келгени,алгачкы кундордогу уй-жайына, турмуштук абалына карап,конулу толуп,мейличи, бешенеме жазганы ушул экен,муну да коройун деп жоолук салынганда ун-созсуз тим болгон.Кийинчерээк Зейнептин огойлугун билип,мамилесине жараша мамиле жасап,Бердибекке, аны карапайып жакшы адам катары баалап,ыраазы болуп жургону эми эсине тушконсуду. Ошол себептен Сейитбекти жек коруп,сен мени алдап алып качып келгенсин деп жатпайбы.Аны да жанына жакын жолотпой койбодубу.Бир гана озуно жакын тутканы Бердибек.Ал эмне кылмак,кантип тынчытмак,кексе адам мени дагы жаман круп калбасын деп чочулайт,баса анын созун угуп,кой десе коюп,тынчып калса не,ого бетер кучойт,тынч отурбайт.

Анаргулдун баяны ушундай.Абалы абдан оор.Кун откон сайын кучоду,кыйкырып- окуруп,бирде ыйласа бирде тынчый тушуп баласын,апасы Бурулчаны сурайт.Журогу менен берилген куйорманы ошол сыяктуу.Сейитбек зордоп кармап,кучактап, жалынып-жалбарып не деген создорду айтып тынчтантуу аракетин жасабады дейсин.Ар кандай айла-амалга конбогон сон Анаргулду буту-колкн танып,жаткырып коюшту да,Бурулчага кабар беришти.Бурулча кабардыы угаары замат жетип келди.

Чымчык да балапаны учун жанын курмандыкка чалууга даяр боло калат.Бурулча адам эмеспи Анаргулдун абалын коруп коруп мин тамыры сыздап,баса жыгылып,бир ирет оксуп ыйлап алды да,айкырык-кыйкырыгы менен Зейнепке,Бердибекке жулунду.

-Ботом,бул эмне кылганынар, айбанды да минтип жаткырбайт, жок дегенде алдына жумшак тошок салып койбойсунарбы? ! Бурулча алкынып-жулкунгандан башка эмне демек.Бурулчага озулорунун ой-пикирин,коргон билгендерин айтып тушундурушту. Алар Зейнептин ооруга себепкер болгон карасанатайлыгын кайдан билсин.Бечара Бурулча жер обоктоп,таш жарчудай болгон ушкуругу коз жашы менен Анаргулду уйунон алып чыкты.

Мына Анаргулдун азаптуу тагдыры ушундай болгон.Бурулча Гайыпберди менен бетме-бет отп=уруп,окуяны баштан аяк айтып берип,соз арасында жашын шыпырып алып жаткан ызылынуусуна ким гана болбосун,боор ачыбай койбойт эле.Гайыпберди да буулугуп,ызалануусу журогун чыдатпай ыйлап жиберчудой болуп озун аран токтотуп,муюп угуп отурду.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Larisa-92   02 Март 2013 - 00:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 191
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 09 Дек 2015 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Сонун чыгарма экен. Эне, аялзатында да ушундай мыкаачылык болот турбайбы.
Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   talant.elmira   02 Март 2013 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Гайыпберди Бурулчаны атайын чакыртып алып,кеч болуп калбасын,бул тез эле айыгып кетчудой дарт эмес,эсин барда этегинди жап дегендей,ушундайында ажырашып алайын деген оюн озгортту.Менин пешенеме ушуну жазган тура,бул дагы кудайдын буйругу,анан болбосо окшош тагдырлар туш келмек беле деп тообосуна жанып тагдырына тан берди.Бурулча болсо жолго чыгып келер-келгиче негедир жамандыкты журогу сезип санааркаган. Уйго кирери менен Гайыпбердиге, Анаргулго жалдырай карай карап,кандай абалда,жанжалдашты бекен,деген кумондуу ойдо коз жугурто калган.Оюндагыдай абал сезилбеген сон Гайыпберди менен корушуп,кызын кучактап ооп-жыттап алып тим болду.

-Эми балам ушундай,кызымдын тагдыры,мунун дагы пешенесине айтканы бардыр,кудай ал кулум десе жакшы болуп кетээр,боюна буткону уулбу-кызбы аны кудай билет,сага тануулабайм, озун бил!-деп созун жыйынтыктап, коз жашын шыпырып алды.Буулуга тушкон Гайыпберди жерге башын сала шылкыйып,ойго батты.Бурулча коз кырын сала тиктеп:

-Эмне чакырттын эле,кабар айткан бала биз жактык эмеспи,анын айтымында чыгыш-коюш кылмакчы болгон окшойсун?

-Эмне деп жатасыз эне,ал балага келип кетсин эле дегенмин.

-Анда ал байкаган оюн айткан болсо керек,ага терикпе балам,туюсуздан чакыртуунун да себеби болот го,ачыгын айт балам?


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   talant.elmira   03 Март 2013 - 13:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Эми ырасын айтайын эне,кызыныздын тагдырын баштан аяк айтканыныз жакшы болду,мен деле баштан оор тагдырды кечиргенмин, ал туурасында Зирегул айтса керек эле.

-Ооба,айткан, бар балээни ошол кылды,анан болбосо озуно келсин,кадимкисиндей болуп айыгып калсын десем,ар кайсыны айтып башымды айлантып! .. Дагы буулуга тушту,эненин ушул абалы Гайыпбердинин боорукер журогун зыркырата койду.

-Антип озунузду кыйнабан,тагдырга жазганын корот турбайсынбы. Менин чакыртканымдан шек санайт окшойсуз.Менин дагы алдыга койгон максатым,умутум бар.Айыгып кетсе экен,бала-чакалуу болуп,турмушту элден кем кылбай улантсам,уул торосо жазыксыз козу откон балдарымдын орду толсо дейм.

Ушул созго Бурулчанын конулу которуло тушту.Желкесинен басып турган оор жукту алып ыргыткандай сергий тушту.

-Ээ балам,кызым кыздай кыз эмес эле,акыл-эстуу болчу,суйбой калгыр кайдагы тугутко азгырылып ушул дартка жолукпадыбы! Дагы бир ирет коз жашын шыпырып,бышактап алды.Бул не болбогондо да кубанычтын коз жашы эле,озунон озу чочулап жаман соз укпагай элем деп ичи туз куйгандай ачышып,буулугуп отурганы жазыла тушподубу.

-Жакшы болуп кетет,мындай ооруга чалдыккан бир эле сиздин кыз эмес,аракет кылабыз.Эми ачыгын айтайын сизди чакырканым озубузчо кенешели дедим.Оюн башка жакка буруп - макул десениз молдо-кожого салып убара болбойлу.Врачтарга корсотуп колдон келишинче аракеттенип, дарылаталы.Курортторго алып барайын,айыкпоочу дарт эмес,айыгат, муну сезим оорусу дейт,тушунунуз?

-Тушунуп турам балам,жер обоктоп жаткан абалынан молдо сакайткан озуно келтирди эле.Анан бакшыга да салып корсом жакшы болуп кетээр деген умуттомун.

-Анынызды коюн,бакшы бап дейт,табып тап деген кеп бар эмеспи.Молдого, бакшыга салчу дарт башка,карасанатайлыктан, каны азайып,куч кубаттан кетип турган учурунда катуу чочуп,ошондон улам нервинен ооруп калган тура.Конулдуу журсо нервничит этпесе эле жакшы болот.Тез-тез акылынан адаша калганы,озунон озу ойкелди суйлоп,жасаган ишин билбей калышы болбосо акылы жайында.Уй ичинде жумушунда тын,-деп конул которо суйлоду.

Бурулча тымызын ыраазы болду,Зирегулдун айткандарына эми ынанды.Аннсыз ажырашчуу болсо оорусу кучоп,кызымдан кол жууп калбагай элем деп чочулап айласын таппай,анын тагдырын баштан аяк айтып,тушунсо боорукердик кылар деген ойдо болгон.

-Эми балам,озун бил,эстуу жан экенсин,иши кылып кызым жакшы болуп кетсин.Мурдагы калыбына келип,бала-чакалуу болуп,онуп-осуп жакшы жашап кетсенер болду.Ырасында тагдырынар окшош экен.Мен кызымдын тагдырын толук айткамын.Кудайдан тилейин,башка аргам жок!..

-Мына эми озунузго келдиниз эне,-деп Гайыпберди жылмая карады. -Эртенден баштап аракеттенели, врачтарга кайрылайлы, озунуз бирге болун,корсотолу?

-Качан алып барасын?

-Эртен эрте менен барабыз.

Ушул учурда апасынын келиши менен адаттагысындай тамак жасоо аракетинде болгон Анаргул кирип келди.Акылы жайында болуп,суйлошуп отурган учурунда Гайыпберди врачка корунуп дарылата тургандыгын, андан кийин Ысыкколго барып эс алып,санаториядан дарыланарын айтып,конулун которгон болчу.Анаргул аябай суйунуп,кучактап ооп жиберген.Гайыпберди акылы-кирди чыкты болуп,кээде туталактай нерви бузула тушуп,ойкелди суйлогону болбосо жакшы эле,бул конул которуудон, врачтан гана ойдо калган.Жашоосун алгачкы кунунон бери эле ушул тушунугундо журбойбу.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   talant.elmira   03 Март 2013 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Мына ошентип Анаргул врачтык дарылоого отту.Облустук оорукананын невропотологиясына кабыл алынды.Бардыгы жайында,Гайыпбердинин конулу тынч,озунун бир айылдык классташы Советбекке айтып жатып тамаша чала тушундургон. Адегенде оорулуу аялга кабылып калышына окунуп акыл эстуу эле,баарын тушунгон адам элен,кийинкилигинди ойлободунбу деп нааразы да болду,чоо-жайын билген сон каткыра кулуп,мындан кийин адашпай жур деди да кенешин айтты.

-Эми досум болоору болуптур.Жаны колуктун кут болсун,азырынча жеке болмодо болот,анан озуно жардам бере турган тынч,акыл-эси жайына тушуп калган аялдарга кошуп коем.Баарынан айтарым уй-булолук мамиленди бузбай алып журсон умутун колуна тийет,бул тез эле мурдагы калыбына келбейт,акырындык менен жакшырат.

-Тушуном дечи,азыр боюнда бар.

-Ой, дагы эмне дейсин,акушер- гинекологго корсоттунбу, канча айлык?

-Корсотконум жок,энесинин айтымында уч айлык экен.

-Мына кызык? Корсотуп,тактап анан алып келбейсинби? !

-Кызык дебе досум,сага ишенип тапшырып жатам,эми колдон келген аракетинди жаса,менин тагдырымды тушуносун.

-Тушуном,билем, ой0бой досум,чыны менен айнып калган экенсин,баягынды койгун,партияга отуп не кыласын,коммунисттердин кандайлыгын, анын жоопкерчилигин билесин десем болбой отуп алгансын.

-Бул тагдырга там берип,оюмдагыны аткара албай туруп калганым да ошол себептен...

-Болуптур,тушундум, сен учун сенин тагдырындын онуна келиши учун колумдан келген аракетимди жасаймын,бирок озуно таандык аракетти да унутпа.Уулдуу болуп конулдуу жашап калышына тилектешмин.

-Ырахмат досум,ыразмат, сага ишенем,озун айткандай озумо таандык жагдайды да тузо алам.

Ошентип Гайыпберди уйуно конулдуу кайтты.

Кайын энесин узатып коюп врач менен кенен суйлошуп пикир алышып,коптон бери корушпой журуп бук болгон черин жазышты,достуктун кадыры,классташтыктын кадыры ушундайда билинет тура.

Гайыпбердинин конулу жайына тушуп,жакшы тилекте болгонун эне байкуш кайдан билсин.Эми Анаргулум не болоор экен,врач курусун,жакшылап дарылап айыктырабы же тиги досунун тилине кирип тынчытабы деп кайдагы ойго албаган ташпиште болуп санааркады. Эки кундун биринде Ошко каттайт,ооркананын алдынан Гайыпбердиге жолугат,эрте келсе кутот,коз карашын байкайт,кумондонот. ооба,алгачкы кундордо ушинтип журду.Бара-бара кызынын создору,акыл- сезими жайында болуп,онуно кызыл жугуруп жакшырып бара жатканын байкаган сон коз карашын толук озгортуп,ишеничи жайына тушту.

Гайыпберди ар куну эртен менен эрте жана кечкисин келип,конулу тарткан ар кыл тамакты берип,убактысына карап сырка алып чыгып,ары0бери басып,анаргулдун конулун ачуу аракетинде болду.Анын бул аракети Советбекке жагып,жолуга калган учурунда тамашалаша калат.

-Эй дос,журогундон эзиле жакшы корот окшойсун,Мажнунга окшоп,чынынды айтчы?-деп созго аралаштырды бир жолкусунда эс ала отура калып.

-Зирегул себепкер дебедим беле дос,анан болсо билген эмесмин.

-Бул созуно ишенбейм,чынында эле эзиле жакшы коросун,-деди кулумсурой карап,-сулуу кыздарга жакын элен,студент кезинде сулуу кызды коргонундо шынаарлап жанаша калып,жан-алын калбай эбиреп-жебиреп созго салып имерип алчу эмес белен.Ырасынды айт,мунун да... Токточу мунун калп айпасам Гулзаадага окшошпу дейм,-деди элестете калып.

-Туура баамдапсын.

-Ошону учун эле берилип жетелене калдынбы?

-Эй досум,себеби коп,ал учун эле эмес.

-Эмне партбилетимди алдырып коем дединби? Ага мен жардам бере алам,медэксперттик заключение менен тыртынч эле бошоно аласын.

-Анын туура,тушунуп жатам ал жагын,ашып баратса билетин алат,жанымды алмак беле,бошонуп алсын,андан аркысын коро жатарбыз,жакшы болуп кетсе ажеп эмес.

-Катуу чочугандан эле болсо аракетине жараша жакшы болуп кетет досум,ону-тусуно карап жоготкон суйуунду тапкандай болгон турбайсынбы.

Советбек досу тууралуу ар кандай ойго келип,бир топко суйлошуп отуруп коз алдына элестей калган Гулзааданын жароокер доско,тууганга жагып,меймандос мамилесин эстеп,ону-тусу окшош болгону менен кыял-жоругу, адамгерчилиги кандай экен мунундун,куткон умутун ордунан чыгып,баягыдай жакшы жашап калсан болгону деген ойлорго чапырыла калып,Гайыпбердиге журогу эзиле бооркерленди.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   talant.elmira   03 Март 2013 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Советбек менен Гайыпберди бала кезинен бир айылда чоноюп,биринчи класстан тартып бир мектепте болуп,андан ары Фрунзе шаарына барып жогорку окуу жайына кирип,экоо эки башка кесипти тандап,билим алышкан.Достуктун кадыр-баркы, жакшылык-жаманжык учурда ашкере билинет тура.Анаргулду дарылоодо анын кызматы баа жеткис болду.Тиешелуу дарыларын берип,конулун которуп,колдон келген мумкунчулугун, аракетин жасады.Акыл- сезим жайына тушуп,айлана- чойрону андап калган учурунда Анаргул Сейитбектен куткон баласын эстеди.ал барбы-жокпу деген ойго келип Бурулчадан сурады.

-Апа,баладан кабар алсаныз,суранам апа,алып келиниз,сиз багып алып журунчу?-деп Бурулчага жалооруган турундо карады.

-Озун жакшы болуп ооруканадан чыкчы.Анан барып алып келем.

-Жакшымын,мени эмне учун ооруканага жаткырып дарылатып жатасынар билбейм,жакшы элемин го?

-Жакшы элесин балам,катуу чочуп калгансын,башым ооруйт деп айтпадын беле,алдын алып дарылатып жатпайбызбы, митпесек баш оорун кучоп кетсе майып болуп каласын балам.

-Башымдын оорусу басылды.Ооба, качан эле басылган.Врач жакында чыгарам деди,баланы алып келе берин?

Бурулча создоруно кунт кое маани берип,дагы эле жакшы боло элек,олдо кудай ай,неге мени азапка салдын деп чочулап,ызалана тушту.Баласын кобуроок энсейт окшойт деген ойго серпиле тушту.Мындайда эне байкуш тынч уктай алчу беле.Экинчи куну эле учуп жетип баланы алып келип корсотту.Ушул учурда анаргулдун кубанычында айтпа.Кучагына кысып,ооп-жыттап не деген рахатка батпады.Эмчегинен сут чыга калгансып,баласына жыттатты.

Мына ушул кундон баштап Анаргулдун сезиминдеги озгоруу айкын билинип,ооруканадан чыкты.Бурулча суйунуп:

-Айланайын,кудай жалгасын,эмне тилесен максатына жет.Ишин арбыштап,жакшылыктын устундо жур.Омурун узун болсун!-деп албаган оюна койбой Советбектин башына калпак кийгизип,костюм- шым берип,коллективине деген сый тамагын тартуулап Анаргулду ооруканадан алып чыкты.

Жаш адам учун коздогон максатына жетуудон артык не бар.Ошентип Гайыпберди максатына жетти.Кутунгон умуту ордунан чыгып,Анаргул кадимки абалына келип жакшы болуп кетпедиби.Уй тиричилиги баягысындай. Энсегениндей уулдуу болуп,анысынын атын Кубаныч койду.Чырпыгынан чынар болуп,жетилет дегендей адам дагы дарак сыяктуу белем,арадан уч жыл сезилбей отуп,Кубаныч уч жашка толду.

ХХХ

Адам учун кайгы тартпай эркин куунак жашоонун озу бул жарыкчылыктагы бейиш окшобойбу.Бурулча небереси Качкынбайды эрмектеп жыргап эле калбадыбы.Божурап бир нерселерди суйлоп,колунан келсе келбесе да аш алдап ичээр эрмеги.Айрым учур эсине тушо калып,ат койбой калгырлардын койгон атын кара,Качкынбай деп тымызын кейип,Анаргулдун тугонгуру качырып баргандыгы учун ушинткен го деген ойго серпиле калат.

-Эне ,сизден сурана турган соз бар,-деди бир куну Гайыпберди чай ичип отурганда созго салмакчы болуп.

-Ал кандай соз эле ботом,-деди. -Жакшылыкпы? !

-Жакшылык эле,сиздин жалгыз уюнузду,же бээнизди сурамак белем,-деп тамашага чала кулуп,-Качкынбайды бизге берин?

-Кой айланайын,эмине деп жатасын,мени бакчу ушул.

-Угуп турсаныз,сиздики эле,Кубаныч экоо эрмектешип, дастияр болуп кызматынызга жараганга чейин бизде журсун.

Бурулча конбоду.Анын жан жыргаткан эрмеги эмеспи.Гайыпберди Качкынбай келген куну уйу баягыдай толо тушконсуп,Кубаныч экоо оюнчукту талашып,божурашып ойногон учурун козу откон балдары эсине тушо калып,боор эти сыздай тушот.Бизде журсо кубаныч экоо бир туугандай болуп,кийин эс тартып чонойгондо огойлугу билинбей калаар деген ойдо болгон.Антсе да келген сайын кубанычты кандай эркелетсе,аны да ошондой эле алдына коюп эркелетип,мээримин тошоп журогундогу суйуунун оту жана тушот.

Мына ошентип жомок деп айтаарлык эки инсан баштан кечирген турмуш азабын унутта калтырып,конулдуу жашоосун улантышты.

Аягы


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   gulpana   24 Январь 2016 - 22:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Июн 2018 03:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жакшы экен.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   belka   27 Январь 2016 - 09:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бир тааженем айтып берген эле ушул окуяны Экинчи аялы медик экен,айылдашымын балдарын ушинткен деп,Кудай сактасын го ушул окуяны китеп кылып жазбай эле койбоптур,кимдир бироо уйронуп алып дагы бир шордуунун шорун кайнатабы деп кыжалат болдум.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   malywka   27 Январь 2016 - 09:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 23 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 25 Июл 2016 12:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аягына чейин окуй албай койдум. Балдарынын кулагына курт салдырбай эле койбоптур. Коз алдымдан кетпей жатат. Курттар менин кулагыма кире тургансып эле, курттардан коркуп калдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Mahabbat   27 Январь 2016 - 12:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 454
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 07:22

Ошондо бул болуп откон окуябы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   perim.ai   02 Февраль 2016 - 19:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 24 Апрель 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 19:31
  • Жынысы:Аялзаты

Мен бул чыгарманы канча жыл мурда окууп, аябай ыйлаган элем. Жакшы чыгарма, эч эсимден кетпейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   alykul   26 Февраль 2016 - 22:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 261
  • Катталган: 06 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Июл 2018 23:38
  • Жынысы:Эркек

Окуп атыпле титиреп чыктымго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   gulkar   26 Февраль 2016 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

??
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Marjan90   27 Февраль 2016 - 00:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 249
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2020 10:41

Окугандан бери аябай коркуп атам. Кудайым озу сактасын, тообо кылдым. Курттар менин денемде жургондой быжырап кетип атам. Баладан айлансын. Бироого кандай кордук корсотсо, озунда ошондой кылып олтуро турган закон чыгаруу керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 15:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: