АДЫЛ.
Ойгонду. Ойгонгусу келбесе деле ойгонду. Козун ачты. Кун. Болмо жапжарык. Башы чымырап чыкты. Адатынча, керебет жанына коюп койгон коньяктан куймакчы болуп колун созду. Ботолко бопбош. Озуно тан калды. "Качан туготтум экен?" Ботолко жанындагы тамекиден бирди тутандырып,
кере дем алды. Опкосу ышка толуп чыкты. Телтендей басып, кире бериштеги кузгуго каранбаганга аракеттенип,
дааратканага бет алды. Баарыбир урпойгон чачтары коз кыйыгына урунду.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Жолугушуу"
#2 01 March 2013 - 22:56
КЕША.
Нурлуу коздорун абайлап ачты."Кимдикинде болдум экен?" Жууркан астынан озун сыйпалады. "Так. Жыланач. Понятно." Кечээки кунду(тунду) акырындап эстеп баштады. Коп ичип койгон бейм, клиенттен кийин ойгонуптур. "Как непрофессионально! " Болмого коз жугуртту. "Ниче. Прилично." Тошоктун жанынан кийимдерин таап шаша-буша кийинип жатты. Капыстан керебеттин баш жагындагы ооз боек менен жазылган создорго козу тушту. "3вони." Телефон номур жана журокчо. "Ой, чорттуку десе!" Шашып керебет жанындагы устолго унулду. Акча жатыптыр. З00$. "Ухх!" Женилдей тушту.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#3 01 March 2013 - 23:05
АДЕЛЯ.
Ойгонсо деле козун ачпай магдырап, ууртунда жылмайуу менен жибек шейшептердин салкын коюнунда ырахаттанып бир аз жатты. Жакшы эс алыптыр. "Бугунку кун кечээкиден кандай таттуу..." Бутунун учу менен килемдин тугун женил сыйпап отту да, биротоло керебетинен тушту. Кыска жибек халатын жыланач денесине жамынып алып ваннага карай кериле жоноду.

#4 01 March 2013 - 23:17
МЭЭРИМ.
Уйкудан аран козун ачты. Тундо о бир маалда уктаган. Ошентсе да, мурчуйган маанайын сыртта шандуу сайрап жаткан чымчык жазып жиберди. Жаздыгынын астынан кол телефонун алып чыгып саатын караганча, музыка койду. "Убакыт бар турбайбы! " Китептин бетиндей кузгуну терезеге жолоду да, бат-баттан белден ылдый чачын тарай баштады. Артына катуу кылып туйо салып, жуунмака жоноду.

#5 02 March 2013 - 00:10
АДЫЛ, КЕША.
Озунон озу жийиркенип турду. Башында бир да жарытылуу ой жок. Дубайдан келгенден бери ичет. Бош калганда, озу менен озу жалгыз калгандан коркуп ушинтип алаксыйт. Деги эле акыркы он айдан бери ушундай кырдаал. Же жаны узулгончо иштейт, же озун жоготкончо ичет.
Муздаткычты карады. Эчтеке жок. Бир да кичинекей "Jack Daniel's" аны кубанычтуу шынгырай тосуп албады. Кабагын чытыган менен курсагынын ачканына маашырлана олдоксон суйунуп койду. Сыртка чыккысы келбейт. Такыр. Кундун аптабы анын буруксуган жытын андан бетер кучотуп, шишиген жансыз коздоруно, жудонку бозомук жузуно, арыктай тушкон келбетине колоко жолотпой, озу менен озун даана, айкын калтыра тургансыйт.
Анын бул абалдан чыккысы келбейт. "Чык-кым кел-бейт" . Бул озун озу олтуруунун эн натыйжалуу, жана да эч кимде суроо жаратпай турган дангыр жолу эле. Башка чечкиндуулукту талап кылган жолдордун алдында алсыз экен, колу барбады. Бирок мобул жол, анын жан дуйносун жайбаракат алдап уктатып, о дуйно сапар алуусуна кепилдик берет. Ооба, ал суйуктуусундой асмандан болбосо да, жер тубунон курттардын арасынан тунок тапканга макул эле. Бир гана, мээсинде кыттай уюган эскеруулордун жок болуусун каалайт. Ошентсе да, азыр анын ушул отмуштон башка байлыгы деле жок. Акчасы банкта сапырылып жаткан менен, ал учун кагаздын баркы эбак кеткен.

#6 02 March 2013 - 00:23
Шашпай отуруп иничеги Кешанын номерин терди.
- Алло, Кенеш, мага келе кетчи. Анан бирдеме которо кел, акчасын берем.
Бир саат отуп- отпой Кеша жетип келди. Адылга канча откону баарыбир эле, жумуштан телефон чалышты. Албай койду. Бирдеме ичине кирмейин, озун озу жуунганга- кийингенге суйроп барып, анан машинесине отурушу анын колунан келчу иш эмес.
-Кандай, студент?- Адылдын оозунан буруксуган жыт Кешанын мурдуна урунду.
-Жакшы, брат,- бир гана кишиге ылайыкталган ботолкону чонтогунон сууруп чыкты. Андан башка колбаса, нан ала келиптир.
-Канча керек?
-Да так, ниче,- Кеша ийнин куушуруп койду,- я знаешь ли, подрабатываю, брат.

#7 02 March 2013 - 00:44
- Корунуп турат,- Адыл инисинин устун карап койду,- короз болуп алыптырсын го. Эмне жумуш?- нан менен колбасага тийбей баш жазманы суусундуктай ботолконун оозунан эле ууртап коюп отурду.
-Да так,- Кеша козун ала качып, муздаткыч тарапты карап алды,- то там, то сям. Билесин да, я шустрый. Залга барып жатам,- муштумун туйо мактана кетти,- хотя...акчанын ашыгы жок, давай скока можешь, брат.
Ии, анан, жардам керек болуваткан.
-Да так,- Кеша козун ала качып, муздаткыч тарапты карап алды,- то там, то сям. Билесин да, я шустрый. Залга барып жатам,- муштумун туйо мактана кетти,- хотя...акчанын ашыгы жок, давай скока можешь, брат.
Ии, анан, жардам керек болуваткан.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#8 02 March 2013 - 00:56
-Короче, туса намечается,
крутая. Анан ал кечеге мени кийирбейт. Ясень пень, студент же, видно. Брат,- Адылды жалдырай карады,- мен ошо жака созсуз киришим керек. Позарез. Помоги, а?
-Кандай жардам?- Адылдын жалыны очкон коздору Кешаны кайдыгер тиктеди.
- Сени баары эле таанышат го, давай, мени менен, а?
Башын чайкап баштаган Адылды алдаганга отту,- Да там не тока выпивка, но и кокс, таблеточки. Даже телки приличные,- ону озгоро тушкон байкесин карап, бат эле артына кетенчиктеди, - ладно, ладно. Не буду, брат. Но мен учун барып койчу, сураныч.
-Кандай жардам?- Адылдын жалыны очкон коздору Кешаны кайдыгер тиктеди.
- Сени баары эле таанышат го, давай, мени менен, а?
Башын чайкап баштаган Адылды алдаганга отту,- Да там не тока выпивка, но и кокс, таблеточки. Даже телки приличные,- ону озгоро тушкон байкесин карап, бат эле артына кетенчиктеди, - ладно, ладно. Не буду, брат. Но мен учун барып койчу, сураныч.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 03 March 2013 - 01:29
АДЕЛЯ.
Сыртка чыгууга камынып жатып кузгу жанындагы Эдик экоонун суротуно козу тушту. Эдик дегени, Эдил Маматбекович, сурот дегени, Эйфель мунарасынын фонуна коюлган, бир-бирине фотошоптолуп жармаштырылган экоонун эки башка суроту. Аделянын кыял-суроту. Мындай жайынча бирге суротко тушушкон эмес. Конспирация. "Байбичесин алдап жургондур, же балдары менен... Балким, чындап эле жумушундадыр. " Ойлогусу келбеди. Кыз учун бул маанисиз нерсе. Маанилуу- маныздуусу капчыгынан тугоп бара жатат. Мына, банктагы жеке эсебине сактаган акчаларына жашап калды. Эрикти кутуп журсо, сызга отурчудай. Кафеде ырдамыш болгону менен, анысынын маянасына жашап болобу. Эдик алдейлеп остургон аппетитке ал аздык кылат. "Кантсе да, запасной аэродром табыш керек".

#10 03 March 2013 - 21:08
МЭЭРИМ.
Параларда аран отурду. Уйкусу эле келет. Албетте, окуу жайдан кийин кафеге жигити романтикага бай кечки тамакка чакырса, шашып олмок. Бирок биринчиден, Мээрим жалгыз. Анан калса, кафеге дал ошондой тугойлорду шиш така устундо тынбай чуркап тейлегенге баргандыктан, кыялданганга себеп деле жок. Танапис маалында группалаштарынан бир- эки калтырып жургон сабактардын лекцияларын кочуруп келгенге алды да, акыркы парага козду жумуп, жумушуна жоноду.

#11 03 March 2013 - 22:12
АДЕЛЯ,МЭЭРИМ.
Кафенин сахнасында каалгый бийлей ырдап жатып, залды жайма-жай сыдыра тиктеп отту. "Жок. Бул жерде мени алтынга каныктырып, мамыкка ороп эркелете турган эркек жоктой. Чон балыктар жургон жерге кайырмак салыш керек окшойт." Адатынча сахнага жакын эки столдо атаандаш мырзалар анын ар бир кыймылынан коз узбой отурушат. Экоо тен дайыма гулдестеси менен. Аделя учунбу же жон эле атаандашы женилип бербегениненби, какайып ушу жерде убакыт откорушкону откорушкон. Ырчы кыз экооно тен аванс катары маал- маалы менен жылмайып коет. Кимиси байыраак, бийликтин устундо журот, азырынча биле элек. Убактылуу гана биле элек. Бири- бирине байлангандай, булар эч кайда кетишпейт. "Кимиси кучтуу болсо, ошонусу утсун. Мага жакшы." Мыйыгынан жылмайып койду. Столдорду тейлеп жургон Мээримге Аделянын жылмайганы периштенин нур чачканына барабар эле. "Мага ушундай корунсо, мырзалардын башын жоготкону турган иш." Мээрим суктанып койду. Аны да ушинтип акыйып карап отурушса кана. Мынчалык сымбаттуу, келбеттуу, супсулуу кыздарды башка жерден корбогон. Узун кара чачынын софиттердин жарыгынан жаркыраганы да бир башкача. Узун коюу кирпиктер менен чектелген балбылдаган коздору да табышмактуу жанат. Апакай жузу, болтойгон эриндеринин боелуп, упаланганы деле анча байкалбайт. Алдагы кубулган койногун эмес, картошко сакталган чон капты кийгизип койсо да чырайы кунарбагыдай.

#12 04 March 2013 - 16:12
Аделя ырдап жатып Мээримди байкап калды. "Кечеге жалгыз барбай ушуну ээрчитип алайын. Мага страшная подруга болуп берсин." Албетте, мындай сулуу жалгыз барса, коноктордун баары Аделяны жолдошунан мурда келген башы бош эмес айымдай кабыл алуусу мумкун. Мындай болсо, анын кайырмагына чон балык эмес, бака да жармашпайт.
Мындан да жаманы, кээ бир корогочтор бул сулуунун иши журушпой капчыкка ууга чыкканын бир карап билип коюшу мумкум. Мындай бутум Аделяга керек эмес. Андан коро экоо барса, башы бош, женил флирттен качпаган курбулар конул ачуу учун келгени тегерегиндегилерге даана билинет.
Чынында, Мээрим Аделя айткандай "страшная" деле эмес, бирок ага окшоп салондон салон кыдырып озун кутуп карабагандыктанбы, же кымбат бутиктерден жеке стилисттин кенештерине тууралап кийинбегендиктенби, айтор, Аделядай сулуу корунбочу. Болбосо бою деле кыска эмес, чачы узун, арыгынан келген коздору кулмундоп турган суйкумдуу кыз.
Чынында, Мээрим Аделя айткандай "страшная" деле эмес, бирок ага окшоп салондон салон кыдырып озун кутуп карабагандыктанбы, же кымбат бутиктерден жеке стилисттин кенештерине тууралап кийинбегендиктенби, айтор, Аделядай сулуу корунбочу. Болбосо бою деле кыска эмес, чачы узун, арыгынан келген коздору кулмундоп турган суйкумдуу кыз.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 05 March 2013 - 11:05
МЭЭРИМ.
Бугун окуу жайга барбады. Аделя кымбат ресторанга кечеге чакыргандан бери озунчо элирип маанайы шат. Деги эле Аделя озун тааныйт деп ойлобогон. "Курбум катары суранам" дегеничи! Озун ошонун денгээлине барабар, Аделядай сулуу, Аделядай акылдуу сезип кетпедиби. Бара турган жерине анча- мынчалар кирмек турсун жолой албай жургонун канырыш уккан жайы бар. Группалаш дос кызынын койногун, дагы бироосунун туфлисин сурап алган. Эми кузгунун алдында эки жагын каранып отуруп, озунун шиш такасын эле киймек болду. Тиги жакшы корунгону менен, ынгайсыз келип, дурус баса албайт экен. Макияжга отту. Кундо билинээр-билинбес кирпигин эле боебосо, мынчалык "генерально" коптон бери боенбогон. Атайын чаптама кирпик сатып келип, кокойтуп жармаштырып койду. Сонун! Чачын да тармалдата келип кыстаргыч менен жакшынакай буйруп туруп озун кузгудон карады. Сурот! Сулуу, суйкайган эле бийкеч турбайбы. Эгизине жылмайып койду. Кузгудон карап турган аябай татына кыз да озуно жагымдуу жылмайуу кайтарды.

#14 05 March 2013 - 12:00
АДЕЛЯ.
Ваннада копко жатып, суу муздап баштаганда гана туруп, муздак сууга бир чайынып чыкты. Аарчынып болуп тулку бой учун чыгарылган кремден алып женил массаж менен денесине синирди. Ушул жыпар жыт кошулган крем ага жакчу. Атайылап башка самын, шампунь, гель сыяктуулардын жыты аралашпасын учун, акыркылардын жыттандыргычы жогунан алдырган. Эми крем сыяктуу жыттанган атырдан тизесинин арт жагына, чыканак ичине жана чала кургаган чачына бир аз сээп койду. Кечеге барганча, жыт терисине синип, ачылып, огойлонбой озунукуно айланат. Башты ооруткан кошулмалары да учуп кетип, таза, конулду озуно бурган, назик жыпары калат.
Устуно халатын жамынып алып, ашканасында шашпай, берилуу менен тамактанды. Кечеде вино куюлган бокалды кармап эле отурбаса, эчтеке оозуна албайт.
Чачын женил тарап кургатып койду. Салондон кечээ жасаткан чач маскасынын таасириненби, же мунусунда азыраак зыяны бар боек менен боелгонунанбы, чачы кара кундуздун терисиндей озгочо жалтырап, артына боюн таштап калды. Козуно кара боектуу линза салды да, кирпиктерине тушь тийгизип койду. Азырынча жаш болгондуктан, бети коп камкордукту талап кылбайт. Мурда анча-мынча чыгып калчу безеткилерден косметолог адиске барып журуп биротоло арылган. Бир аз женил пудра эле суйкогону эле болбосо, бети табиятынан ак, анустуно, ваннада жасаган маскасынын таасири да бар. Илебин койногунун онуно тусполдоштуруп туруктуу келген назик кызгылтымга боеп койду. Кол баштыгына телефонун, пудрасын, бир аз акча салды, кредит картасын, адатынча декольтесине жашырды да, шиштакасын кийген бойдон чакырган таксисин утурлай батирин бекитип чыгып кетти.

#15 05 March 2013 - 21:08
АДЫЛ, КЕША, АДЕЛЯ, МЭЭРИМ.
Конур, бир аз экзотикалуу ун жумшак гана аба менен кошо опкого кирип денеге таркагансыйт. Чон ресторандын бир четине атайын орнотулган сахна четинде бийик отургучта чачын тармалдаткан ырчы кыз берилуу менен коздорун жумуп, саксофондун коштоосунда жай ырдап жатты. Мурда жалан кара терилуулор билген блюз азыр Азияга дейре кочуп келип, кыргыз кызынын унуно байланганын кара. Музыка ушунчалык жандуу болсо да, аны атайылап уккан киши жок. Кече кунокору жумуштан которулгонун жууп жатыптыр.

#16 07 March 2013 - 00:12
Адыл келди. Мындай жерлерден алыстаганына коп болсо да, эч нерсе озгорбоптур.
Баягы бай койчунун таягы. Мактанган эркектер, жагалданган аялдар... Ушул корпенделердин арасында жанбиргеси дагы эле аралашып жургонсуйт.
Ушунусу ага эн оор болду. Кимдир бироонун шынгыр кулкусу анын кулкусундой кулагына жаныргансыйт,
же тигил алысыраакта орношкон рояль жанында бал ширини тургандай, анын жок экенин билип турса да, белгисиз мезгилге чейин жашынмак ойногондой,
эл коп чогулган бардык ушундай жерлерден аны издегени издеген. Унута элек. Унуткуч дары болгондо биринчи барып канча десе берип сатып алмак. Бирок аны ичет беле же сындырып салабы, айта алмак эмес. Кокурогундогу ачууну ачуу менен баскысы келип, денеси аркылуу канча уу ичимдик чыпкалады, ким билет. Ошонун баары журок ордундагы оюктан куюлуп тушуп эле агып кетип жаткансыйт.
Мурдагы коз алдынан чубалжыганын койбогон элестерге гана бир аз туман тушконсубосо,
ичкени деле бекер. Бопбош. Жапжалгыз. Жашоосу ак-кара туско боелуп кунарсыз. Сыртынан бетондолгон 'эркек' деген наамы болбосо эле, ички дуйносу эчак эле эншерилип, куйгон оттун кулу эле сапырылат. Бул дуйно менен аны билинип- билинбеген айтууга маанисиз, болбогон себеп илээштирип турат эле. Ал- чын(куру) намысчылдыгы.
"Эл козуно катын артынан катын болуп, эркектик сапатынан айрылган"
деген алсыздыгын ашкерелеген мойнуна илинген тактайчадан озун алыс кармай, "эч нерсени тоотпойм, кебелбеген крутой эркекмин"
деген темир беткапты тагынып алат.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 07 March 2013 - 00:28
Кеша журот, эрбендеп. Кайсы акчасына мындай костюм алган, белгисиз. Сыланкороздонуп,
жашы отуздан арылаган айымдарды туздуу анекдоттордон айтып алаксытуу менен алек. Жаш бийкечтер козуно такыр эле корунбогондой.
Болбосо, озу он-келбеттуу,
коздору жанып турган жыйырма учтогу кызыл орт. Бир аз тармалдана кеткен коюу кара чачы, ууртунун он жагындагы уячасы, аппак тиштери жана эрктуулугун белгилеп турган ээги буудай ыранына корк берип, коргон адамга ырахат тартуулагандай жылдыздуу жигит.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#18 07 March 2013 - 00:42
Зал элге толо берди. Коноктор 400го чукулдап калгандай. Басып жургондон, белгиленген орундукка отурган ынгайлуу сезилди. Адыл менен Кеша Аделя менен Мээримдин жанынан орун алышты. Кешанын байкашынча,
бул Адыл байкесин кеченин куноокорунун сыйлаганы го. Суйкайган сулуулар менен чер жазышып кетсин дегенидир. Же болбосо, мобу анчы кыз озу суранып отургандыр.
Адыл байкесине Аделяны корсотуп коз ымдап койду. Тиги курбусу такыр эле жакпады. Мындай бир тунго эле болбосо, акчасыз лохушка экени n-инчи (энинчи, белгисиз) жылдын тренди болгон арзан кытай койногунон эле корунуп турат. Ал эми Кеша озу бугун жаны кардарга ууга чыккандыктан,
бул кызды караганга убактысы жок. "Хотяя, пайдаланганга эмнеге болбосун."
Жагымдуу жылмая стаканга алма ширесинен куюп Мээримге сунду.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#19 07 March 2013 - 01:23
Адыл кайра коюлган блюздун жетегинде ойго батып кетип, бироо анын колун кармаганда гана чочуганын билгизбей озуно келди. Мандайында аны кызыгуу менен тиктеп жаш сулуу отуруптур.
-Аделя,- жылмайганынан жазбай колун обууго сунду.
-Адыл,- апакай, кууш, жупжумшак колго акырын эрдин тийгизе ооп койду. Мурдуна Аделянын озгочо атыры урунду. Эмнегедир, тааныш жыттай.
-Сизди да блюз багынтып алган го,- кыздын мукам уну шыбыраганга отту,- мен да ага жашоомдон орун болгом,- столго обоктой, кече койногунун декольтесинен апакай кокурогунун жарымына дейре корсотуп алды. Алтын чынжырчадагы кулону так ошол жерде улам жарк этип коюп ойной калат,- сизди бийге чакырсам болобу?
Бир чети Аделянын озунун жалгыздыгынан сууруп чыкканына ачуусу келсе, бир чети сулуудан мурда аны бийге тартпаганына ынгайсыздана сунушту шарт кабыл алды. Жыпар жыт Адыл учун табышмак болуп жатты.

#20 07 March 2013 - 01:41
Мээрим тобосу кокко жеткенче суйунуп, маанайы шат. Ананчы! Кеченин эн сымбаттуу, анын кыялындагыдай мырза озунон алыс эч жака чыкпай, каалоолорун аткарып отурса, анан кантесин? Кийген кийими атайын буюртма менен озуно тигилгендей,
суйлогон созу орундуу, тамашакой, эч бир кынтыксыз жигит менен баарлашып отурганына бирде ишенсе, бирде ишенбейт. Таттуу уйкудагы туштой, идеалдуу кече болуп жатат. Алгач Кешаны Аделя арбап алабы деп кабатырланып жаткан, элестетсе, экоо бир бирине жанашкан жакшынакай жуп болуп чыга келишет экен. Бирок Кеша Аделяны эмес, Мээримди тандады! Кубанычы койнуна батпай, озунчо журогу дурсулдоп, уккан ар бир комплиментине кулагы кызара, кулкулуу тамашаларына чын пейилден жайдары кулуп, ширеден уяла уурттап коюп отурду кыз. Аларды бир аз толмочунан келген орто жаштагы аял кабагын чыта карап отурганын да туйбады.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео