АРАПТАН ЖАЗГАН САЛАМ КАТ
Энеке эсенсиңби, амансыңбы,
Алдырбай карылыкка, жүрөсүңбү?
Түйшөлүп, түн ичинде миң толгонуп,
Сагынып, кусаланып жүдөдүңбү?
Таң аткандан күн батканча жолум карап,
Карегиң агып түшүп соолудубу?
“Медерим кандай жүрөт” болду экен деп,
Мени ойлоп жан-дүйнөң оорудубу?
Агайын-туугандардан, ар кимдерден,
Сураштырып жүрөсүңбү кабарымды?
“Түшүмдө көрөөр бекем” деп тиленип,
Уктаарда дуба кылып жатасыңбы?
Мен жүрөм, араптардын бир жеринде,
Сагынып, Ата-Журтту, сени дагы.
Оозумдан кетпей жүрөт алигиче,
Тандырга өзүң жапкан нандын даамы.
Жүрөм Эне... араптардын арасында,
Абасын, суусун эңсеп Ала-Тоонун.
Жалгызсырап, мээримиңе суусап жатам,
Сезгим келип жылуулугун колдоруңдун. (10.11.2012, Амман, Иордания)
Энеке эсенсиңби, амансыңбы,
Алдырбай карылыкка, жүрөсүңбү?
Түйшөлүп, түн ичинде миң толгонуп,
Сагынып, кусаланып жүдөдүңбү?
Таң аткандан күн батканча жолум карап,
Карегиң агып түшүп соолудубу?
“Медерим кандай жүрөт” болду экен деп,
Мени ойлоп жан-дүйнөң оорудубу?
Агайын-туугандардан, ар кимдерден,
Сураштырып жүрөсүңбү кабарымды?
“Түшүмдө көрөөр бекем” деп тиленип,
Уктаарда дуба кылып жатасыңбы?
Мен жүрөм, араптардын бир жеринде,
Сагынып, Ата-Журтту, сени дагы.
Оозумдан кетпей жүрөт алигиче,
Тандырга өзүң жапкан нандын даамы.
Жүрөм Эне... араптардын арасында,
Абасын, суусун эңсеп Ала-Тоонун.
Жалгызсырап, мээримиңе суусап жатам,
Сезгим келип жылуулугун колдоруңдун. (10.11.2012, Амман, Иордания)
Salamatsizbi?
kechee jakinda ele sizdi izdep jazgan bolchum bugun bul jaktan korup kubanip oturam,irlaringizdi dayim okup kelem,ayabay maaniluu jakshi jazasiz. talantingizga taazim!
eneler jonundo jazganingiz ayabay jakti,jakshi chigiptir!
jok bolup ketpesten bat-bat dayiningizdi bildirip kirip,irlaringizdi jazip turung ee? rahmat!

Супер-Инфо
super.kg
видео












