Ассалааму алейкум, Кайтпас брат!
Уалейкум салам Zакi брат,
Суроолорго жооп бер деп карап турат.
Аман болгун тилегим бар көңүлүмдө,
Келип тургун кеткенимче көңүл сурап.
Суроолоруң ойлонтурду ойду улап,
Форумдагы көпчүлүгү көңүл бурат.
Аракеттеп жооптоймун колдон келсе
Келбесе да билгенимче сөздү курап.
1. Эмнеге кызыгасың?
Мен кызыкпаган нерсе калбады окшойт, өзүмө сыр болгон нерселердин баарына кызыгам. Кызыгуу бул балалыгымдан эле бар, эгер кесиптик кызыгуу жагынан айтсам кино режиссерлукка жана дүйнө жүзүн кыдырган корреспондент болууга кызыгам.
2. Интернетте эмне иш менен алек болосуң? )
Интернетте айтаарлык эч кандай иш менен алек эмесмин. Бош убактымда гана өзүмө жаккан сайттарга кирип, жаңылыктардан кабардар болуп турам. Кээде гана ыр жүктөйм, андан башка эч кандай иш деле жок.
3. ))) "жабылган кашааларга" мамилең кандай? Ушуларга арнап төрт сап тоголото койчу. Байкуштар бир ыраазы болуп калсын? Жабылган кашааларга чынын айтсам түшүнбөйм, кашааны ачып бир ойду жазып анан жапса го мейли....Бирок ))))) моонтип эмнеге коюшканын кызыгып да көрбөптүрмүн. Оюм жанаакы көп чекиттердин. ..... башка варианты го деп ойлойм
)))) жабылган кашаалардын ыры.
Ачпай туруп эмне үчүн жабышат,
Адамдар ай эмнелерди табышат..
Дал келбеген белги коюп ар жерге
Кыргызчаны ката кылып жазышат.
Катар-катар кашаа жаап басышат,
Жазганда да тамга калып шашышат.
Эрежени бузуп алып адамдар
Кашааны да ташымалдап ташышат.
Коргону жок дарбазаны кургандай,
Туруп калам катарлашып ургандай.
Эмне деймин, айла канча алым жок
Айтып жатам кимдир көңүл бургандай.
4. Үйлөнгөнсүңбү? Ушул суроону бербесең да болмок эле да, анткени форумда айдай сулуу түгөйүм бар го.
Эмне билбейсиңби?
5. Саат тагынасыңбы же чөнтөк телефондун саатын эле колдоносуңбу? Дегеним убакытка тактыгың кандай? Саатты мурда такчуумун, азыр болсо телефондун сааты менен эле. Анан саат менен жүргөндөй эле так эмесмин
6. Көк бөрү ойногонго кандайсың? Футболчу? )) Аталган оюндарды жактырам, көк бөрү ойнобойм бирок футбол ойноп турам. Анчалык чебер ойнобосом да дайым стадионго барып турам
7. Башка тилде жазылган ыр саптарды окуйсуңбу же кыргыздыкын элеби? Мен кыйратып китеп деле окубаймын, ыр саптар жазылган китеп окуганыма да көп болуп кетти окшойт. Бирок орус тилиндеги ырларды мурда окуйт элем, аны да орус тилин үйрөнүү максатта. Азыр болсо убактым жок, же болбосо арамызалыгымданбы айтор китепти аз эле окуймун.
8. Комуз ойной алат чыгарсың?
Ошол өнөрдү мурдараак кызыгып үйрөнбөгөнүмө эми өкүнүп жатам. Бирок жогору жакта башка форумчуга айтканымдай насип жтсе аракет жасаймын. Бирок гитараны бир аз черте алам, келечекте ырчы болбосом да үйрөнүү ниетим бар.
9. Эгер сен жактырган кыз ислам дининен алыыыс болсо сен кандай акыбалда калмаксың? (сени бойдок деп эсептеп коё берели)
Бул суроо бир аз ойлонтурду, эгер мен сүйгөн кыз кыргыз болуп туруп, башка динди карманса анда кыйынн ойдо калмакмын. Ал эми башка улуттан сүйүп калган болсом(мисалы орустан дейли) анда билип туруп сүйгөн болом. Эмне болсо да сүйүүнүн көзү сокур дешет, мындай кыйын абалга кабылбайын деп ниет кылам
10. Жактырган киноактеруң. Анын ролдору жагабы же анын талантыбы? Жактырган кино актерлору өтө көп, Анжелина Жоли, Силвестр Сталоне, Девид Стетхем, Жеки Чан ж.б алардын аткарган ролдору абдан жагат.
Ийгилик!

Рахмат, суроо жаралса келип тур сага да ийгилик.

Супер-Инфо
super.kg
видео