"Цитрус, кок чай...дагы...алма?
..жоок...жасмин?
.. " Адыл алкоголго багына элек бардык мээ клеткаларын,
болгон дараметин жыпар жыттын жандырмагын издегенге жумшады. Кудум омуру ушу маселеге жипсиз байлангандай.
Илгерки тааныш жыт... "Эмне эле?"
Анын кызыгуусун туура эмес тушунгон Аделя ансайын ага ыктайт. Башкалар жаш кыздын озунон улуу, чекесин утуктолбогон чупуроктой терен бырыш басып, козу кутурган иттикиндей кызарып чыккан, бир аз сакалы осук мырзаны жандаганына тан калышкан деле жок. Себеби, желкесинде бир иномарка келчу акча турган костюму бар мырза мындан жаштарын ээрчитип журсо деле болчудай, статусу ошого ылайык бизнесмен.
"Кызыл роза?..жоок..
."Адыл жыпардын журогун тапкансыды:
"Ваниль...
ваниль?"- оз мурдуна ишене албай турду, "ВАНИЛЬ!
" Суйуктуусу атыр, упадан алыс эле. Бирок ар дайым Адылга арнап печенье же пирог жасаганда анис менен кошо ванилинди унутчу эмес. Бирок ваниль аз кошулгандыктан,
анча этибарга ала бербептир. Минтип, капканга тутулуп... Анис болгондо, жаа бою озуно жолотпой качмак.
-Кечиресиз, мен сыртка чыгып келейин,- бийлегенин 'тык' токтотуп эшике карай умтулду. Аделя эмне болуп кеткенин тушунбосо деле, торго тушкон мырзаны кое бергиси келбей, артынан чыкканча шашылды. Бирок Адыл 'жалт' караган бойдон 'жок!'
дегенсип ишаарат кылды да, фонтан ойногон, кок шиберлуу ресторандын ички короосуна атып чыкты. Анын коздорундо жашырып койгон айыкпаган жаранын элеси турган эле.
- (2 )
-
- 1
- 2
"Жолугушуу"
#22 07 March 2013 - 02:46
Кеша Мээрим экоо армансыз бийлешти. Ак бийден кийин, шок бийлер башталды. Кеша укмуш бийлейт тура! Жанагы айым аны катуу кызганган беле,алардын жанында айланчыктап калды. Андан бетер Кеша ысык деми менен Мээримдин мойнуна ыктай жан эргиткен создорун айтат. Карылуу колдору менен кызды озуно имере кучактап, оттой илеби кулак астында болгону менен, ойноктогон коздору айымды теше тиктейт. Бир карагандан чечиндирип жиберчудой жутунат. Акыры айым чыдабай кетти корунот. Анын ымдоосунан сон Кеша Мээримди чимирилте салып, кайдадыр жоголуп кетти. "Суусундука кетти окшойт" деген кыз башка коноктор менен бийлеп, акырында он капталы сайгылаша баштаганда гана, Кешаны 'жалт-жалт'
издей карап, акыр аягы аны таппай, сыртка эс алып келгени фонтан тарапка басты.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#23 07 March 2013 - 02:59
Суу тамчылары чачыраган кок шиберге Адыл колдорун эки жака кере жайып болгон кучу менен жерге ныкталып жаткан бойдон тургусу келбеди. Бир да булчунун кыймылдаткысы жок. Озун селейип, катып, ташка айланып бараткандай элестетти. Мына, дем алуусун акырындап азайта баштады, журогунун согуусу бир тыбырчылап барып, солгундаганга отту.
Деми кысылып баштады. Бирок жашоо тартуулаган абадан бир да жуткусу келбеди. Асмандагы жылдыздарды карай, баары менен коштошуп жатты: жай менен, жел менен, суу менен, жер менен... Мындан башка эстей турган тааныштары деле жок. Коздорунон кулактарын карай жаш сызылып агып жатты. Бутту. Каректеринин оту очкону калды. "Сезим" деп угулаар- угулбас шыбырап койду.
Деми кысылып баштады. Бирок жашоо тартуулаган абадан бир да жуткусу келбеди. Асмандагы жылдыздарды карай, баары менен коштошуп жатты: жай менен, жел менен, суу менен, жер менен... Мындан башка эстей турган тааныштары деле жок. Коздорунон кулактарын карай жаш сызылып агып жатты. Бутту. Каректеринин оту очкону калды. "Сезим" деп угулаар- угулбас шыбырап койду.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#24 07 March 2013 - 03:07
-Байке? Байке, турунуз,- кыздын уну угулду.
Адыл нараазылана кетти. Деги аны тынч коюшпады го! Бирок каршылык корсотконго алы келбеди, бул да болсо саткын алкоголдун жардамы.
Ыпысык, бирок алсыз колдор аны тартып тургузганга аракеттенип жатышты. Жайынан кыймылдата албаган сон, бийкеч шиш такасын тыкылдаткан бойдон жардам сураганы ичкериге шашты. Адылга баары угулуп турду: кантип басканы, бийик уну менен жардам сурап кайрылганы, кароолдордун жооптору, кубур-шыбыр. .. Шиш така кайра артка шаша тыкылдап келди. Артынан эки-уч олбурлуу колоко ээрчитип алган. Кабатырланган кыздын жузу карангыда Адылга жакшы корунбоду.
-Сезимм?- аран жарады айтканга.
- Жок, мен, Мээрим.

#25 07 March 2013 - 03:15
Мас байкени алып кетишти. Мээрим фонтан алдында жалгыз калды. Оюнда кайра эле Кеша. Жылмайган бойдон сырдуу теребелди, сан мин жылдыз жымындаган асманга коз чаптырып, тунку шамалга ысыган жузун тосо, шынгыраган суунун шары менен кошо бактылуу кайталап жатты: "Мен суйуп калдым, мен...суйуп..
.калдым..."
АЯГЫ.
АЯГЫ.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео