Автор: Чубак ажы Жалилов
Мародерго жаназа окулабы?
Уккан кулакта жазык жок. Ушул жазда ызы-чуу болсо тоной турган магазиндердин,
байманалуулардын үйлөрүнүн дарегин тактап жүрүшөт экен деп айтышты. Эки ирет көрдүк бул картинаны. Үчүнчүсү болсо жер жарылып, күнөөлөрдүн кесепетинен бүтүндөй Бишкекти жутуп кетеби дейсиң...
Кандай болгон күндө да мойнумдагы милдеттен кутулуу үчүн мына ушул каракчылыктын Исламдагы өкүмү туурасында айтайын:
Шариатыбызда,
курал-жарак же ушуга окшогон таяк жана башка менен куралданып,
адамдардын мүлкүн зордоп тартып алуу, адамдарды коркутуу, өлтүрүү "Харааба"
деп аталат.
"Харааба"
же жаңы кыргызча айтканда"
мародерлук"
жалгыз адам тарабынан, кээде уюшкан жамаат тарабынан болуусу мүмкүн. Кээде адам өз колу менен аткарса, кээде жөн гана уюштургуч, жол көрсөткүч, акыл кошкуч болуусу ыктымал. Кээде аларга унаасы, кадыр-баркы,
мансабы менен жардам берүүсү мүмкүн. Алар качса кутулуусуна жардам берип, жашынуусуна көмөк көрсөткөндөр да болот. Кандай болгон күндө да булардын бардыгы касиеттүү шариатыбызда бирдей "мародер"
деген өкүмдү алышат. Кудай алдында баарынын күнөөсү бирдей, ошондой эле Ислам сотунун алдында дабирдей деңгээлде жазаланат.
Уурулуктун мародерлуктан айырмасы өтө чоң. Уурулар бир аз уят-сыйыттуу жана адептүү болушат. Кожоюну көрүп койбосун деп бекинип, караңгыда уурдаганга аракет кылышат. Ал эми мародер дегендер коркпостон,
кайра коркутат. Жашырынбастан эле ала турганын алып, жула турганын жулуп кетишет.
Мал-дүнүйөсү тонолуп жаткан адам эмне кылуусу керек?
Ар бир пенде өзүн жана малын коргоп калууга укуктуу. Төмөндөгү кадамдарга кезеги менен баруусу кажет:
1. Мародерге кылмыштан кайт, күнөө болот деп айтуу.
2. Ага кулак салбаса, колунан келген коргонуунун аракетине өтөт. Сөз менен түшүндүргөндү укса, же сөз менен коркутканды сезип, артка кайта турган болсо, мароддерду урууга жана токмоктоого жол берилбейт.
3. Аны укпаса, кулак салбаса, уруп токтотконго аракеттенет.
Уруу менен токтоп калса, аны атып же сайып өлтүрүүгө болбойт.
4. Урганыңа карабай сага жана мүлкүңө зыян жеткире тургандан кайра тартпай турган болсо, кайра өзүңдү өлтүрө тургандай таризденсе,
өлтүрө тургандай сокку берүүгө укуктуусуң.
Аны өлтүрмөйүнчө кутула албай турган болуп калсаң, ошол убакта гана ага уруксат берилет.
Мародерге кандай жаза берилет?
Маредордун кылык жоругун үч түргө бөлүп караганыбыз туура болот.
1. Адамдардын үшүн алып коркутуу менен гана чектелүү. Бул учурда Абу Ханифа, Малик, Ахмадтын пикиринде түрмөгө, тооба кылып, жүрүш-турушу оңдолгонго чейин камалуусу кажет.
2. Мал-дүнүйөгө зыян келтирет, жана өзүнө алат. Бул учурда Абу Ханифанын пикиринде, Ахмад менен Шаафеийдин бир риваятында,
колу-буттары соо болгон болсо, оң колу менен сол буту кесилет. Эгерде мурда да кайсы бир себептерден улам оң колу менен сол буту кесилип калган болсо, Абу Ханифанын пикиринде, Ахмадтан бир риваятта калган колу менен буту кесилбейт. Ал эми Шафеийдин пикиринде, Ахмадтын экинчи риваятында,
соо калган сол колу менен оң буту кесилсин деп айтылат. Ал эми Мааликтин пикиринде, сот кандай жазаны (таазиир) чечсе, ошол жаза аткарылуусу кажет.
3. Мал-дүнүйөгө зыян жеткирүү, же өзүнө алуу менен бирге, мал ээсинин же кароолчунун өмүрүн кыят. Бул учурда Шафеийдин, Ахмадтын, Абу Юсуфтун, Мухаммадтын пикиринде өлүм жазасына буйрулуп, өлүгү асылып коюлат. Эч жери кесилбейт. Ал эми АзиретиАбу Ханифанын пикири боюнча төмөнкү жазалардын бирин аткарууга Ислам соту укуктуу:
· Кааласа, оң колу менен сол бутун кесип, андан соң өлүм жазасына буйруйт, же асууга буйрук берет.
· Кааласа, колу бутун кеспейт, жөн гана өлүм жазасына буйруйт, жана дарга аспайт. Же асып туруп андан кийин өлтүрүүгө буйрук берет.
Асуу кандай тартипте жүргүзүлөт?
Шаафеий менен Ахмадтын пикиринде адегенде өлтүрүп, андан кийин асылуусу милдеттүү делсе, Азирет Абу Ханифа менен Мааликтин пикиринде адегенде асылып, андан кийин өлтүрүлөт. Себеби асуу өзүнчө жаза деп эсептелгендиктен,
күнөөкөр тирүү убагында ишке ашырылуусу милдеттүү. Адегенде асылып андан соң, көкүрөктүн төмөн жагына саюу менен өлтүрүлөт.
Канча мөөнөткө асып коюлат?
Абу Ханифа менен Шаафеийдин мазхабында үч сутка асылып коюлат.
Эгерде мародер тооба кылса, колго кармалганга чейин өзү күнөөсүн мойнуна алып, алган нерсесин кайтарса, жазадан кутулат. Ал эми тооба кылбастан Ислам сотунун карамагына түшө турган болсо, андан кийин тооба кылса, Ислам соту анын тообасына маани бербейт.
Эске ала турган нерсе, ар бир адам өз бетимче сот болууга, жазаларды өз алдынча ишке ашырууга укугу жок. Сот аркылуу гана ишке ашуусу керек. Ал эми мародерлук кылган учурдагы абалды жогоруда кеңири баяндадык.
Дагы бир зарыл маселе, каракчылык кылып, адамдардын жолун тосуп, жүрөгүнүн үшүн алып мародерлук кылгандарга,
ошол каракчылыгын кылып жаткан убакта өлтүрүлсө жаназа намазы окулбайт. Ал эми соттун чечими менен өлтүрүлгөн учурда жаназа намазы окулат. Мултакал абхур (154 б), Ихтияр (98 б), Канзуддакааик (201 б), Кудуурий (114 б), Мараакил фалаах (554), Ихтиссаарур ривая(223).
Ошондой эле жаназасы окулбагандардын катарына, адилеттүү падышага (улуу имамга) каршы чыккандар, улутчулдук кылып жаңжал салып жатып өлгөндөр кирет. Кээ бир риваяттарда өзүн өзү өлтүргөндөргө да жаназа окулбайт деп айтылат.
Ыйлагандын көзү жаман... дейт. Гезит бети чектелүү болгондуктан мындан ашыкты айта албадым. Менимче жетиштүү го. Ар бирибиз ушул маалыматты он адамга жеткизсек, онубуздун ар бири он адамга жеткизсе, көчүрмөсүн таратсак, геометриялык көбөйүүнүн белгилүү жолу менен ар бир инсанга жетсе Кудай алдындагы аманаттан кутулган болоор элек. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Бир аят болсо дагы башкаларга жеткиргиле!
". Оо Кудайым,аманатыңды айттым. Асмандан, жерден келген балээлериңден,
адамдардын күнөөлөрү себебинен түшүрө турган азабыңдан сактай көр! Адал ырыскы насип эт. Адамдарга ынсап бер. Арамдан алыс кыл. Абийирлерибизди сакта. Башканын мүлкүнө көз арттырба. Перзенттерибизди адал менен тоюундурууну тагдырыбызга жазган болгой элең. Оо ырайымдуулардын ырайымдуусу.
Заалымдарга хидаят бер, тагдырына жазылбаган болсо, пенделериңди андан куткар.
Чубак ажы
Мародерго жаназа окулабы?
#2 07 March 2013 - 22:08
Аллах ыраазы болсун!
Пайдалуу маалымат экен.
Көптөр окуп алуусу керек экен. Айрыкча атпай журтка таанымал инсандар...
Пайдалуу маалымат экен.
Көптөр окуп алуусу керек экен. Айрыкча атпай журтка таанымал инсандар...
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 08 March 2013 - 01:57
Алла раазы болсун Дауд мырза,гезит бетине чыгара турган малымат экен... Бул жерден окубагандар гезиттен окуп,мумкун мародерлукту кесип кылып алган кээ бир жердештерибиз ойлонмок
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь!
!!
#5 08 March 2013 - 10:12
#6 08 March 2013 - 16:55
Ушул макаланы кээ бир жапайы,аны жок,акмак,манкурт,
эртени ойлобогон коомдун вирустарына окутуу керек!Бул мага абдан керек материалдардан экен!
#7 09 March 2013 - 00:02
#8 09 March 2013 - 01:02
Ууруну каракчы тоноптур деген соз бар эле. Суроом, ак эмгеги менен иштеп тапкан эмес, карапайым элден уурдалган мулкту, кайра эле ошо эл уурудан карактаса, мародер болобу, болбойбу? Сот адилеттуулугун кошпой нарыда кармап туралы да.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 09 March 2013 - 01:05
Ууруну каракчы тоноптур деген соз бар эле. Суроом, ак эмгеги менен иштеп тапкан эмес, карапайым элден уурдалган мулкту, кайра эле ошо эл уурудан карактаса, мародер болобу, болбойбу? Сот адилеттуулугун кошпой нарыда кармап туралы да.
Биздин өлкөнүн мыйзамында кандай болот билбеймин го, бирок Исламда бул да марадерлук деп эсептелет. Жеке адамдар өз алдынча сот жүргүзүүгө акылары жок. Бул ишти сот гана аткаруу керек. Б.а. карапайым элдин мүлкүн уурдаган адамды жөнөкөй адамдар эмес, сот жазалоосу керек.
#10 09 March 2013 - 01:36
Сот озу...ммм...сатылып кеткен болсочу?
Кандай болгон кундо да мыйзам менен денизчи? Тушунуп турам, бирок ошентсе да ушундай сурай бермей адатым бар да. Жон гана, мыйзамдын позициясынан жана мародердун позициясынан бир эле окуя(каракчылык) ар турдуу корунуп жатпайбы. Экоо тен справедливость дегенди эки башка тушунушот. Мен деле нормальный бизнесмендин олойун деп тургузган бизнесинин саясат туруксуздугунун артынан талап- тоноого дуушар болуусуна каршымын. Ошентсе да доходу прожиточный минимумдан аз, жумушсуздардын каракчылыгын толугу менен каракчылыкты кесипке айлантып жан баккандардын шугулдануусунан бир аз башкачараак карайт элем.
Кандай болгон кундо да мыйзам менен денизчи? Тушунуп турам, бирок ошентсе да ушундай сурай бермей адатым бар да. Жон гана, мыйзамдын позициясынан жана мародердун позициясынан бир эле окуя(каракчылык) ар турдуу корунуп жатпайбы. Экоо тен справедливость дегенди эки башка тушунушот. Мен деле нормальный бизнесмендин олойун деп тургузган бизнесинин саясат туруксуздугунун артынан талап- тоноого дуушар болуусуна каршымын. Ошентсе да доходу прожиточный минимумдан аз, жумушсуздардын каракчылыгын толугу менен каракчылыкты кесипке айлантып жан баккандардын шугулдануусунан бир аз башкачараак карайт элем.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#11 09 March 2013 - 01:48
1. Сот озу...ммм...сатылып кеткен болсочу?2. Жон гана, мыйзамдын позициясынан жана мародердун позициясынан бир эле окуя(каракчылык) ар турдуу корунуп жатпайбы.
3. Экоо тен справедливость дегенди эки башка тушунушот.
4. Мен деле нормальный бизнесмендин олойун деп тургузган бизнесинин саясат туруксуздугунун артынан талап- тоноого дуушар болуусуна каршымын.
3. Экоо тен справедливость дегенди эки башка тушунушот.
4. Мен деле нормальный бизнесмендин олойун деп тургузган бизнесинин саясат туруксуздугунун артынан талап- тоноого дуушар болуусуна каршымын.
1. Сот сатылып кеткен болсо, анын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү адамдар бар. Эгер алар да сатылып кеткен болсо, анда ага жараша да өкүмдөр бар.
2. Ошондуктан да мындай иштерди адамдар өз алдынча чечүүгө уруксат берилбейт. Себеби бир эле нерсени алардын ар кимиси ар кандай түшүнөт.
3. Ошондуктан да белгилүү бир мыйзам борлушу керек. Ошол мыйзам кайсы нерсе адилеттүүлүкө туура келет, кайсынысы туура келбейт аныкташы керек. Эгер ар кимдин түшүнүгунө жараша ар кандай иш тутула берсе, анда бул нерсе хаоско алып келүүсү мүмкүн.
4. Көпчүлүк адамдар эле мындай нерсеге каршы болушса керек. Бирок алардын баары эле ким нормальный, ким ненормальный экенин аныктай алышпайт. Бизнестин не нормальный экенин аныктоо үчүн далил керек болот. Кээ бирөөлөр далили жок эле божомолдоп, кимдир бирөөнүн бизнесине не нормальный деген аныктама берип коюусу мүмкүн.
#12 25 March 2013 - 09:27
Сот сатылып кеткен болсо, анын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү адамдар бар. Эгер алар да сатылып кеткен болсо, анда ага жараша да өкүмдөр бар.
Жаштыгын - элес албас куюн мезгилин, жигиттигин - жарышка тойбос курч кезин, карылыгын - тек гана бир арман го чиркин!
#13 25 March 2013 - 11:02
Азыркы убактагы Болуп жаткан кырдаалга ото керектуу материал экен .
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#14 25 July 2014 - 03:17
Куранда: тыюу салынган жолдор менен талап-тоноп алган мал-мүлктүн берекеси ("барака"
) жок. Эгер ал мүлк өзгөчө эл сыноону баштан кечирип жатканда, кишилер өлүп, кан төгүлүп жатканда уруулук, талап-тоноо жана зордук-зомбулук жолу менен алынып келинсе, берекеси жок. Андай мүлк - каргыш тийген мүлк. Аллах алардан он эсе, жүз эсе кайтарып алат - сөзсүз эле материалдык мааниде эмес. Бирок тополоң учурунда башканын мүлкүн алган киши - бул дүйнөдө эле толук жазасын алат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















