-Туура, деди Макан сыпайы.
-Көрдүңбү, бу балам
түшүнөт экен, баамы
туура экен.
-Мында дагы сизге
окшогон эски коммунисттин каны бар болсо керек, же өзү албаган же өңгөгө алдырбаган.
-Өзүңөр да алып, өңгөгө да алдырып, ушу силер не жакшылык алып
келдиңер, ыя?! Саранчы каптагандай
кылбадыңарбы,
журт мүлкүн.
-Койдум ата, койдум.. Бу жигитти тааныштырып коеюн, аты - Макан,
аскерде чогуу болгонбуз. Сиздин
жаныңызда бир аз эс алып кетсин деп
апкелдим.
-А мейли, досун эс
алдырганга не жетсин, балам. Киргиле үйгө. Боз үйгө киришти. Алты
канат боз үйдүн ичи
мыкты асалгаланган.
Боз үй деген ушундай болот деп жип- шуусунун баарын айтып, балдарга сабак өтсө болчудай. Токендин энеси уулун да, анын эки жолдошун да эңкейте өөп, алкап,
бат эле тасмал жайнап, нан-панын койду, кеселерге кымыз куюлуп, кыдыртылды.
Макандын кымыз
ичпегени беш-алты
жыл болсо керек эле, бир кесени араң
түгөттү. Айылдан ичкен арак орун бербей койбодубу, болбосо, атаңгөрү, эки кесени удаа басса кана. Ошол
маалда Токендин иниси келди, мал көздөп жүргөн го. Меймандар менен учурашып, энеси сунган кымызды дем
албай көңтөрүп,
атасына кайрылды:
-Ата, малдын камын
көрө берейинби?
-Ии, анан эмне кылмак элең, антпесең чык татырбас Чынарбай
экен дешпейби бу
шаардыктарың.
Аз өтпөй дале болсо
балканактай козу туура тартылып, бата тиленди...
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#22 10 March 2013 - 16:38
***
Тоонун дене көлкүлдөтчү абасы, жеген эт менен ичкен кымыз Маканды бир жума өтүп карууга келтирип баратат, көңүлү ток. Ат минип
мал көздөшөт, какшаган сууга чөмүлүп, үйдөй-үйдөй таштарга отуруп курганат, карагай аралап сагыз алат, кулун кармап, бээ саадырат... Токендин атасы - Байкел карыя сөзмөр да, боорукер да адам экен. Ошол аз күндүн ичинде эле Макан аны атасындай көрүп калды. Бир-эки күн
анын берген суроолоруна чоркок
жооп кайтарып, кебине кептеш боло албай, анан алынып кетти. Карыя кырк алты жыл өз айылында мугалим,
завуч, деректир, кайра мугалим болуп
иштептир. Жыйырма
төрт жашында партияга өтүп, кечээ
жакында партияң тарап, белеттери жерге да, көргө да
чабылганда аларга
кошулбай, ушу бүгүнкү күнгө чейин жүрөк тушундагы чөнтөктөн түшүрбөйт экен. Ары
жоктук менен адамдыкты, көпкөнчүлүк менен
токтоо-jайчылыктын ажырым-чегин даана сезген адам экен.

#23 10 March 2013 - 19:22
Сүйлөгөн сөзү өтөгөн
өмүрүнө төп келген мындай адам менен Макан биринчи жолу кездешиши. Анын айткан ар сөзүн көкүрөктөн өткөрөт, сыпаалык үчүн угайын дебей, уккусу келип угат. Өз дарамети менен коштогон жерден коштоп, өзүнүкүнө окшобогон ой болсо анысын катпай айтып, айтор, дили бириге түштү. Кагылып-согулуп кайра- кайра тамагы менен кымызын оозуна кармаган Токендин энеси өзү көрбөгөн, билбеген тогуз ай көтөрүп тууган энесиндей көрүндү. Бу бүлөнү жараткан жактырып жаратканбы, Токендин иниси Бекен да жылдызы жүзүнөн куюлат. Кээ бирде куудулдана кетип, Маканга айланчыктап сыйына бөлөйт. Тиги экөө эне-ата болсо, Бекен ини болду Маканга. Кудай берген ини болду. Экөө эки ат минип Бекендин айылда иштеген кызына үч ирет барып да келишти. Баланча кыз менен тааныштырам, түкүнчө кыз менен
тааныштырам деп 4ын дилден асылган Бекенге Макан көнгөн жок. Андайды жүрөк самай элек болчу. Ушу жашка келгени бирөөнү жактырып калган учуру боло элек. Ар адамга эч болбоду дегенде бир ирет келчү ал убак Маканга келбей кечигет...

#24 10 March 2013 - 19:24
***
Базаркомдун ошол күнү эч нерсеге көңүлү чапкан жок. Эртең менен ичкен арагы адегенде көңүлүн көтөргөнү менен, бат эле машинеси менен базардын өрттөнгөнү жанын жай таптырбайт, көөдөнүндө бурганак, тоңуп барат муз болуп. "Урдум ушул ишиңди" деп айылына баса береби. Анда бир досунан машинага алган акчаны кандай төлөдү, бойго жеткен уул-кызын кантип бүлө күттүрөт. Айылга барганда же мелжеген ишиң жок болсо, же иштетчү жериң менен короо толо малың болбосо, не кылып жанбакты. Тейтектебей эле Кубанычбектин колтугунда жүргөнү жакшы эмеспи. Кантип эле ал рэкеттериңдин эсебин таппасын, өзү деле айтпады беле "эки мүнөттө эсебин таптырам" деп. Жаш балача бат эле мурдуна суу куюлтканы эмнеси, эркек го акыры... Ушинтип чыйралды

#25 10 March 2013 - 19:28
Базарком. Адам ушинтип бат эле чыйралып, анан бат эле бырбыя түшүшү бар. Шартка жараша, маанайга жараша бирде бажырайып, бирде шүмүрөйүп өмүр өткөзмөй... Базаркомду саксактап артында келаткан эки опер ал подъездге кирип кеткенде кайра тартышты. Базарком экинчи кабатка көтөрүлүп калган кезде маңдайынан олбурлуу эки жигит эки жагынан шарт колтуктай калып, бири акырын үн катты:
-Жүрүңүз биз менен.
Базаркомдун өңү кумсарып кетти, муун- жүүнү бошоп, денеси өзүнө баш бербегендей абалда калды. Колтуктагандардын
эрки менен баратат. Үйдөн чыгып, жолдун наркы өйүзүндө турган боз иномаркага түшүштү эле, айдаган неме даяр турган экен шуу койду. Базарком эки жигиттин ортосунда отурат, отурары менен башына балдар кийчү кара топуну ээгине түшүрө кийгизишкен, сокур болуп баратат. Жүрөгү түшпөй коебу, түштү. Мындайды Американын далай кинолорунан көргөн, эми кыйнап туруп атып салышат же муунтуп өлтүрөт.
Денесин калтырак басат. Биртоптон кийин машине токтоп, дарбаза ачылгандай болду. Машине короого кирип, дарбаза жабылды. Жер там го кебетеси, үйгө киргизишип, креслого отургузуп, топуну чечип алышты. Kөроокатка да, кооздукка да керектүү буюмдар толгон азем бөлмө экен. Маңдайкы диванда баягы кабинетине барып мазени алган жигит
отурат, жанында дагы бирөө. Өзүн колтуктай келген эки жигит эки жагында.

#26 10 March 2013 - 22:31
-Ии байке, келип калыпсыз. Соодаңыз
жакшбы?
-Жакшы, - деди Базарком өлжүрөй.
-Базарыңыз өрттөндү дейби?
-Ии...
-Өрттөнсө өрт өчүргүчтөр өчүрөт дедиңиз эле, өчүрө албай коюштубу?
-Өрттөнүп кетти...
-А жанагы кароолчу менен коопсуздук кызматындагылар өрттөн сактай албай бекен, кууп жибериш керек андайларды.
-Кууйбуз.
-Анда кийинкисин ким кайтарат?
Бу суроо жоопсуз калды эле тиги жигит сөзсүз жооп уккусу келет:
-Ким кайтарат дейм?! -Бу жолу суроо өкүм
берилди.

#27 10 March 2013 - 22:33
Базарком да далайга бышкан, сөз төркүнүн түшүндү да:
-Силер жардамдашасыңарбы? ..- деп ишенимсиз үн каткан болду, суроого суроо-жооп кылып.
-Жардамдашсак болот,- жигит саамга үн катпай Базаркомду теше тиктей олтурду да, кебин улады:
-Кубанычбек Сапаевичке айта барыңыз: базар кайсы акчага салынганын, өйдө жактагы заправка кантип алынганын, беш жерде багылып жаткан отуздай жылкы кайдан келгенин билгендер бар экен деп. Баса, Фатима деген селкисине сатып берген кафенин тизмеси дa жүрөт деңиз. Саунадагы экөөңөрдүн жылаңач сүрөтүңөр да бар экен, өз көзүм менен көрдүм дегенди кошуңуз. Азырына жетет.

#28 10 March 2013 - 22:36
Жетпейт десе, дагы кошумчалайбыз,
-жигит жанындагыга буюрду: - Көрсөтчү сүрөттөрүн!
- Тиги мурун эле даярдап койгон экен чөнтөгүнөн үч-төрт сүрөттү алып Базаркомго апкелип көрсөттү. Сүрөттү көргөн неме бир ичиркенип алды, жүзү курсун, кудайындай сыйлаган Кубанычбеги дырдай жылаңач катынды алдына отургузуп алган, өзү да дырдай. Экинчи-үчүнчү сүрөт андан да жаман... Базаркомго топусун кайра кийгизип, машинеге салып бир жерден түшүрүп салышты. Түшүрүп жатканда баягы олчойгон жигиттин бири ичке келиштире уруп: "Биз айткан сөздү жашы сиңиресиң"
деди да кете берди. Базарком өзөрүп эңкейе берип, биртопто барып оңолду. Тирүү калганына сүйүнөт, кайдагы балээге кабылды эле, кинодогудай.
..
#29 10 March 2013 - 22:45
***
Макан чатырайт. Тамак күчтүү болсо, анан көңүлүң ток болсо чытырайсың да. Дем-күчү денесине батпай бараткандай. Токен досу үч-төрт күндөн кийин келем деди эле, келе элек, ишинен бошобой жатат го. Байкел аксакал экөө көбүнчө чогуу болушат, суу жээктей басышат, карагай аралайт, мал көздөшөт. Көкшиберге төшөк салынып, ар нерседен кеп улап кымыз жутушат. Макандын келгенине ай чамалады, ошол аралыкта карыя төрт козу сойдурду, эттен ооз бошой элек. Маканды кадимкидей таптап турду Байкел карыя...
Ошол күнү суу бойлой басышкан. Күн шашке маалы эле. Бир маалда ылдыйраактан эле тарса-турс мылтыктын үндөрү жаңырды. Анан азга тынчып, кайрадан тарса-турс.

#30 10 March 2013 - 22:53
-Жүрүчү, бу кимдер ..жок тарсылдаткан,
-деп Байкел карыя алдыга баштай басты. Бир аздан кийин суу жээгиндеги бадал арасындагы ачык жерде бири көк-жашыл, бири аппак эки иномарканы көрүштү. Нараакта беш-алты кыз-жигит котолошот. Экөөнүн колунда эки мылтык. Жол жээгине бөтөлкө тизип, ошолорду атып жатышкан тура. Байкел карыя
тигилердин саламына алик алып:
-Э балдарым, чебердебесеңер мал-жанга тийгизип алып жүрбөгүлө, - деди эле:
-Тийгизээрге мал-жан көрбөдүк го, - деди мылтык кармагандардын бири.
-Эй чал, жолуңа түшсөңчү, ок жаңылбасын, - деди экинчиси, кызымтал экен. - Өлөрүң деле жакын экен, өз ажалыңдан өл, ха-ха-ха! - кыз, эркеги аралаш маашырлана каткырып алышты.
Байкел карыяга бу сөз октой тийди. Антсе да өзүн токтоо кармап:
-Койгула, балдарым,сакалдуу кишини антип мазактаганыңар болбойт, - деп терс бурулду. Алар менен адамча сүйлөшүү болбостугун небак түшүнгөн.
-Эй эшек, эмне деп жатасың, ыя?! - бул Макандын сөзү болду. Бу сөз багытталган неме туталанды:
-Эмне дедиң, атып салайынбы, ыя?! Энеңди гана урайын, деревня! - деди да, Маканга мылтыгын суна берди.
-Атып сал козелду! - деп бири коштоду, -самтырап, сасып туган немеден аба да
жеңилдей түшсүн. Эй портянка, атып салып бут сүртөлүбү, ыя, өлүгүң менен!

#31 10 March 2013 - 22:56
Маканга ушул сөз жетет эле, ашып да кетти көрүнөт. Сөздү айткан жигитти качыра берип, ай-буйга келтирбей ыргытты эле, анысы суу жэээгиндеги таштарга барып былч этти. Мылтык сунган неме Маканды атып жиберди. Жөн эле коркутуш үчүн атканбы, ок тийген жок. Ана жетти Макан, жетти да тумшук талаштыра берди эле, ал мылтык- сылтыгы менен оңкодон сайылды. Маканды калган эки жигит качырды. Колу-бутун сороктото бийлеп "кия-kиялап"
коюшат. Ага караган жок Макан, бири колуна тийди эле анысы сууга
ыргытылды. Беркисин качырды. Ал даяр экен. "Киясы" оозунан түз эле көчүккө түшүп, зуңкуюп качып берди. Төртөө менен келген эки кыз алайып "портянкадан" жүрөктөрү түшү калды. Макан ар жерде жаткан мылтыктарды алып, сууга ыргытты. Көз ирмемде болгон бул окуяга Байкел карыянын эси оой түштү. Анткен менен катылгандын катыгын берген Макандын курчтугуна ичтен ыраазы.

#32 10 March 2013 - 22:59
Төрт жигит төрт жерде турат. Биринен айбат жок. Окуя боло электе кыздарга биринен сала бири кыйын болуп жатса керек, ит эле болушпадыбы,
шоркелдейи булайып...
-Тезинен жоголбосоңор, баарыңарды сууга агызып жиберем, уктуңарбы, эшектер! - Макандын бул чыт курсак балдарга айтылгандай сөзү тигилерге жетет эле, саксактай машинелерине отуруп, кеткиче шашышты. Үстүндө түр даам, ичкилик жайнаган клеенка ээсиз калды...
Байкел менен Макан үн катпай боз үйгө басышты. Экөө тең эмелеги окуяга сарэсеп салып жатышкан. Макан "аша кетип аксакалга жаман көрүнүп калган жокмунбу" десе, карыя "жанагы көпкөн жексурлар өчөшүп калып, баланы мерт кылып коюшпас бекен" деп сарсанаа. Экөө боз үйдөн берээк салынган көрпөгө отурушту эле Байкелдин байбичеси экөөнө эки кесе кымыз куюп, өз оокаты менен алек. Кымыз жутулуп, Макан мискейдеги кымыздан дагы жаңыртты. Ошондо Байкел карыя жүрөк өйүткөн кебин айтты:

#33 10 March 2013 - 23:01
-Жанагы айбандарды эсине келтиргениң туура эле болду. Көпкөн немелер өч алабыз деп бир балээни баштабас бекен? Ошого сарсанаа болуп калдым, балам. Аксакалдын жаман көрбөгөнүн билген Макан жеңидеп алды:
-Ага санааркабай эле коюңуз, ата. Андай суужүрөктөрдөн корко берсек жашоо болобу? Суужүрөк болгондору үчүн төртөө жүрүп экөөбүздөн чычая качышты го.
Аксакал күлдү:
-Ыя, балам ай-э, ушу араң баскан мени да катарга кошосуң да. Жигити эмес, кыз түртсө да арка-мойнум алдымда калган атпайбы. Муштум соройтчу кез алда- кайда калбадыбы, балам, - аксакал эңкейе шыбак үзүп кармалай жыттады, - ошо каруу бир кезинде да бирөөнө муштум көтөргөн эмесмин...
Кеп-сөздүн кудурети бар болчу анда. Эми эмне болду? Мээси бөксө чоң муштумдардын заманы келгендей

#34 10 March 2013 - 23:03
Башканы кой, ушу биздин кенедей айылда күндө жаңжал, күндө мушташ, "баланча түкүнчөнү тумшукка уруптурдан"
кулак тунат. Бу заман каякка баратат, акылым жетпейт. Өкмөт башкаргандарың да, сот менен прокурорлоруң да жалаң акчанын артынан түштү, милийсаң го, турулуу дечи. Бири-бирин өлтүрүп атат, тоноп атат, ким токтотту аны?
- Аксакалдын каңырыгы түтөп, кимди күнөөлөрдү билбей турду, анан сөзүн уулуна бурду. - Токенимден да чочуйм. Кеңири жашайт, анысы жакшы дечи, анан ага топук кылбай дүнүйөгө жетеленип калабы деп корком. Дүнүйө-пулуң бир жабышып алса, кайдан кутулдуң?..

#35 10 March 2013 - 23:04
Жакшылык беттеген жолу жок болот эмеспи аныңдын. Токенимдин акча тутамдап жүргөнүн көргөн сайын жүрөгүм мыкчылат, балам. Сени да байкадым балам, жигиттигиң бар экен, топуктуу да экенсиң. Токен жакшы досум десең, көз боло жүр. Айта жүр акылың болсо. Кээде аганын сөзүнөн досунун сөзү өтүмдүү болот. Ушул сөзүмдү эстей жүр, балам. Дүнүйө топтогондорду тоногондор да көп чыкты, өлтүрүп да кетишет экен, бала- чакасын да уурдашат экен... Жүзү курсун!
#36 10 March 2013 - 23:05

#37 10 March 2013 - 23:09
***
Дал ошол Макан менен Байкел аксакал кымыз ичип сүйлөшүп отурганда Токендин колуна кишен салынып, бир учу батареяга бекитилип полдо отурган. Бети көк шишик, денесинин кайсы жери соо, кайсы жери соо эмес, билалбайт... Токендин чет элден ташыткан тамак-ашы бул жерде өтүмдүү болуп, күндөн-күнгө көлөмү көбөйүп, кирешеси артып жаткан. Шаардын борборундагы илгерки бир жоюлуп кеткен мекеменин эски имаратын сатып алып, аны мыкты усталарга оңдотуп-түзөткөн. Кооз жасалгаланып, кимди да болбосун көңүлүн бурдурбай койбойт. Фирмада жыйырмадай аял-эркек иштейт, жакшы табышат. Орношо албай тааныштан тааныш салып жүргөндөр канча дейсиң. Кыскарта 4апса, фирманын аты чыгып гүлдөп турган...

#38 10 March 2013 - 23:11
Бир күнү Токен түшкү тамакка жөнөмөк болуп машинесине келип эшигин ачары менен жакадан жулка тартылып, арткы отургучка күм-жам бүк түштү. Баштан ныгыра басылып, буттар алдында калгандай болду. Машине жөнөп берди. Аз өтпөй үч-төрт жигит Токенди бир бөлмөгө алып келип оң колуна кишендин бир учун салып, экинчи учун батареяга илип кеп- сөзгө келбей тепкилеп киришти. Далайда барып токтошту алар. Анан чыгып кетишти. Токен жарым саатта барып эсине араң келди. Жанчып салышкан экен...
#39 11 March 2013 - 04:02
***
Базарком Кубанычбек Сапаевичке болгон окуяны айтып, сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп отуруп берди. Шефинин дүйнөсү куурулуп, сиркеси суу көтөрбөй турган. Маңдайында жазылган гезитти тиктейт. Өзү жөнүндө олчойгон макала чыгып, эмнелерди жеп- ичкенин чогуу жүргөндөй жазыптыр. Кудайдан коркпогон журналисттер иштеген а гезитти мурун эле жаман көрчү, эми өрттөп жибергиси бар. Сотко берсе былыгы ого бетер чукулат, жазган немесин жайлатып салса, а шүмшүктөрдүн экинчиси чыгат, бу да туура эмес жол. Макала аз келгенсип, эми рэкет деген немесинин чыкканын карабайсыңбы!

#40 11 March 2013 - 04:05
Ушуларды ойлоп калчаган болуп Базаркомго:
-Бар, кете бер. Жанагылардын айтканына көнүп тур, -деп орой бурк этти да, өзүнчө сүйлөнүп койду, - азырынча ошенте туралы...
Ошондон жума өтпөй Базарком алгачкы долларларды кымгуут көчөлөрдүн биринен баягы жигиттердин бирине карматты, бу шүмшүктөрүң сомуңду албайт экен. А кезде а шүмшүктөрдүн да чатагы күчөп турган.
Баягы Базаркомго келип соодасын сурап, крыша болобуз деген жигитти Базарком анабашы деп ойлойт. Бирок андай эмес болчу, ал анабашынын тың жигиттеринин бири эле. Анабашы болсо бир чоң фирманын барандай президенти болуп, аp түрдүү салтанаттарда төрдө отуруп, Ак үйгө чейинки jыйындарга
катышчу. Ошол Ак үйдөгү бир белдүү кызматкердин кыйбас адамы болуп, анын жардамын көрчү, капчык толо долларды анын колуна карматып турчу. Анын фирмасына караган бу шаарда да, башка шаарларда да майда фирмалары бар.

Супер-Инфо
super.kg
видео