aliyana66 (10 Март 2013 - 18:17) жазган:
Ассаляму алейкум.
Жаныл Мырза, Курманжан Даткадай олкону эмес кичинекей мекен уй-булонун башкара албай калдыкпы,
Жаныл Мырза, Курманжан Даткадай олкону эмес кичинекей мекен уй-булонун башкара албай калдыкпы,
Ва алейкум ассалаам!
Бул эки аялды ажырашуу темасында үлгү катары көрсөткөнүңүз бир аз туура эмес болуп калгандай. Жаңыл мырза күйөөсү менен бир жашагандан кийин андан качып, артынан кууган күйөөсүн алгач атын атып, ал ат которуп кайра кууганда өзүн атып өлтүргөн деп окуган элем.
О.э. Курманжан датка да 17 жашында Кулсеит деген бирөөгө турмушка чыккан. Аны менен бир жыл жашаган соң атасынын үйүнө кетип калат. Андан үч жыл өткөндөн кийин Алымбек даткага турмушка чыгат.
Демек, бул эки аял тең бир күйөөдөн ажыраган аялдар болушкан. Алар экөө тең 1-күйөөлөрү менен 1 эле жыл жашашкан. Жаңыл мырза кийин турмушка чыккан же чыкпаганын билбейт экем.