Билинбеген менен кол өнөрчүлүк жагы катуу өнүгүп баратат. Чеберлерибиздин эмгектеринде улуттук оймо-чиймелери көп кездеше баштады. Мурда аларды жалаң эле артисттердин көйнөктөрүнө колдонсок, азыр күнүмдүк кийимдерден да кезиктире баштадык.
Кыргыз арнаменти түшүрүлгөн кийимдер бүгүнкү күндө модада десем жаңылышпасам керек.
Мына ушул жөнүндө сөз кылсак...
Кыргыз оймо-чиймелери бүгүнкү күндө. Ой бөлүшүңүз.
#1 15 February 2013 - 16:09
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#2 15 February 2013 - 16:39
Албетте, кыргыздын оймосу түшүрүлгөн кийимдер сыйлуу жерлерде көбүрөөк кийилип жатканы кубандырат.
Ага кир жугузбай таза кийүү улуттук байлыкты сакатагандык десек болот.
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#3 21 February 2013 - 17:32
ооба бугунку кундордо той топур, аземдуу маарекелерде апалар эжелер жадакалса кыздарыбыз улуттук оймолор тушурулугон кийимдерди кийууну модага айландыруусу адамды кубандырбай койбойт. Жарашыгы да ото жакшы экен 1 2 жыл мурун атайы заказ аркылуу тиктиришчу азыр базарларга да чыга баштаптыр
#4 25 February 2013 - 14:41
Бул эки форумчудан бөлөк эч ким жазбаптыр. Өзүм кичине маани берип койбосом, чаң басып кетчүүдөй экен.
Улуу урматуу форумчулар бул темага ылайык ой бөлүшкүңүз келбейби?
Мындай оймо чийме түшүрүлгөн кийимдериңер барбы? Мактанып деле жаза бергиле да.
Мисалы менин костюмум бар, күнүмдүк жашоодо той ашта деле киеберем.
Улуу урматуу форумчулар бул темага ылайык ой бөлүшкүңүз келбейби?
Мындай оймо чийме түшүрүлгөн кийимдериңер барбы? Мактанып деле жаза бергиле да.
Мисалы менин костюмум бар, күнүмдүк жашоодо той ашта деле киеберем.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#5 26 February 2013 - 15:52
Бул эки форумчудан бөлөк эч ким жазбаптыр. Өзүм кичине маани берип койбосом, чаң басып кетчүүдөй экен.
Улуу урматуу форумчулар бул темага ылайык ой бөлүшкүңүз келбейби?
Мындай оймо чийме түшүрүлгөн кийимдериңер барбы? Мактанып деле жаза бергиле да.
Мисалы менин костюмум бар, күнүмдүк жашоодо той ашта деле киеберем.
Улуу урматуу форумчулар бул темага ылайык ой бөлүшкүңүз келбейби?
Мындай оймо чийме түшүрүлгөн кийимдериңер барбы? Мактанып деле жаза бергиле да.
Мисалы менин костюмум бар, күнүмдүк жашоодо той ашта деле киеберем.
Биз озубуз мода кылып, кийип элге корунбосок казак туугандарыбыз биздин кийимдерди дуйно аренасына алып чыгып кетишет. Ишенсенер, айылда оюу бастырылган кийимдерди, шырдактарды, ала кийиздерди даяр болоор замат казактар сатып алып кетишет. Четте калбастан жаштар, озгочо чет жердеги жаштар, улуттук кийимдерибизди кийип, элге тааныталы. Балдар калпак кийгиле, кыздар кийизден жазалган моюн орогучтарды, уюлдук телефон салынуучу баштыкчаларды, белдемчилерди кунумдук жашоого норма катары киргизишсе сонун болот. Жакында Азербайжандан келген айым биздин улуттук кийимибизге суктанып, оз олкосуно корсотууго алып кетти. Мугалим болуп иштеген Туркия жараны башынан калпакты тушурбой киет. Окунучтуусу кыргыз болуп алып, кыздарыбыз чет элдин моодасын кууганы. Замамбаб болуш керек, бирок менин сунушум улуттук оймо-чиймелерди айкалыштыра журсок жакшы болмок. Мисалы джинсы шымга кыргыздын оюусу бар кур тагынып, жонокой койнок менен тыкан чыптама кийип, кийизден жасалган моюн оргуч тагынса жарашып эле калчудай. Ноутбук же айподго оймо бастырылган баштыкча которсо болот. Зер буюмдарды унутпайлы. Кечеге кийгенге сонун койноктордо оймо бастырылса да жакшы корунот. Чеги менен улуттук колоритти дайым ала журуу керек деп ойлойм. Ар бир оймонун мааниси бар, аны изилдеген кызыктуу жана пайдалуу. Андыктан кыргыз экенибизди даназалап, оймо-чиймелуу кийим, жасалгаларга конул буралы.
#6 26 February 2013 - 16:26
Дизайнер Айпери Обозованын
кыргыз оймо-чиймелери менен кече койнокторунун коллекциясын кайсы бир журналдан коруп калдым элем. Аябай сонун болуптур. Кайсыл бир мамлекетте конкурска катышып алдынкы орунду ээлептир.
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#7 01 March 2013 - 22:22
Кыргыз оймо салынган кийимдерди азыр шаарда деле кийе баштады.Айрыкча тойдо жарашып эле калып атат.АР ким озунун жашына карап,ылайыгына карап кийсе сонун эле жарашып атат.Бирок бир айыбы матирал синтетика болуп атат,кана эми кебезден токулган ,шерстен токулган болсо кийгенде денен суйуп кийсен жакшы болот эле.Ошто копко кийе албайсын кун тез ысыйт,синтетика аба откорбойт,кийсен кыйналасын.
Эми жаштарга кайрылат элем айрыкча кыздарга нике койнокту озубуздун чебер ууздар тикен койноктуу кийсенер эч жанылбайсынар,
ушундай жарашат экен улпулдогон колукту болуп эле калат экенсинер.Кызым тойунда кыргызча чыкмак болдум апа деди.мен болуптур дедим да ичимен айылга бердиниз айылдык болом да деп капа болуп атат го деп ойлондум.Тойу куну кийип чыканда ушунчалык жарашыптыр,
шокуласын эле айтсан озунчо жомок.Ачылып чачылбастан копчулуктун озундо жарашып гана турду го.
#8 07 March 2013 - 23:49
Ойлоп корсом менин бирда кыргыздын арламенти бар кийимим жок экен бул теманы окуп алып ойлоп калдым буйруса алсамбы деп.
#9 10 March 2013 - 17:17
Мен аябай жакшы кором биздин оймолорду,озунчо эле башкача менин шапкам бар ушанка, боз тусто гийизге окшоштор жагат. Кпб (комплект постельного белья) дагы оймо коюшса сонун болмок.
#10 11 March 2013 - 01:42
Ишенесинерби кунгфу панданын экинчисинде,
мастер ШиФунун женинде кыргыз орнаменти журот тообо, жана тамчыны ары бери айлантып гулдун жалбырагына койгон жеринде байкасанар!
Кытайларга кетип калбаса болду эми оюу чийуулорубуз
Судьба не приговор, судьба творение...
#11 11 March 2013 - 08:39
Мындай оймо чийме түшүрүлгөн кийимдериңер барбы? Мактанып деле жаза бергиле да.
Мисалы менин костюмум бар, күнүмдүк жашоодо той ашта деле киеберем.
Мисалы менин костюмум бар, күнүмдүк жашоодо той ашта деле киеберем.
Менде калпак менен кепкаларым эле бар экен.Көбүнчө кепкаларды кийип жүрөм,калпакты азыраак кийет экем.
#13 02 October 2013 - 00:00
Азыркы учурда кыргыз оюмдары м,н жасалган улуттук зер буюмдар дуйнону аралап кетти десем болот....Мисалы.
.европада азиятский стиль деп кийимдерибизге чейин алып жатканы журок жылытаарлык.
...ал еми казак м,н кытайларга кетип жаткан товарларыбыз бери жакта еле калсын
#14 16 January 2016 - 23:27
Акыркы убакта кыргыз оюм чиймелерин колдонуп жатканга кубанып жатам, дагы мындан кобуроок колдонсок экенбиз, унутта калтырбай .
#15 17 January 2016 - 19:16
Мага кыргыз оймолору тушурулгон келдикенин кумуш зер буюмдары жагат. Жарашыгы да соонун.
. Жакшы ойлоп тапкан ушуну

Супер-Инфо
super.kg
видео


















