Алардын жетекчилери өзү айлап-жылдап кураган шылуун жигиттери, өлтүр десе да, өл десе да "эмнеге?"
деген суроосу жок аткарчылардан эле. Тээ ишинин башында ошол тобу менен мен деген бизнесмендерди
биртоп соруп-соолутуп,
рэкетчилик кылып, кийин акча батпай баратканда ушул фирмасын ачып, эми арам акчалары адалданып жүгүртүлүп жаткан. Жигиттери болсо анабашынын шилтөөсү менен майлуу жерлерге ортоктош болуп турчу. Жанагы "Бардар"
базарынан өндүрө баштаган жигиттер бир биргадасы, тыңдарынын бири. Кызыгы, анабашыны топбашчылары эле билет, катардагы камчы болчу, балта болуп чабылчу жигиттер тааныбайт да, билбейт да. Анабашы отурган фирмада алты жигит ар кызмат аткарган болот, бу сыртынан караганда, ал эми алардын негизги милдети анабашынын эң маанилүү, коркунучтуу тапшырмаларын аткарат, эпке келбеген бизнесмендер кырсыкка кабылат, жок болуп "дайынсыз"
деп милийсанын тизмесине катталат, ар-ар топторундагы
жигиттери күнөө кылса, милдетин так аткара албаса, же моюн толгогон кенедей аракети болсо, бу алты жигити дароо эсебин
табат. Далай дайынсыз шейит болгондордун ээси ушулар. Анабашы килейген фирма башкара электе куулук- шумдугуна дене күчү келишкен беш жигиттин башы болчу.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#42 11 March 2013 - 04:12
Өзү менен алтоо болуп, кылбаганды кылышпадыбы.
Баары бирден-экиден түрмөгө түшкөн болуп келишкен. Канча жылга кессе да, жыл айланбай чыгып келгендерине таң калбай көр! Көрсө, таң калышыңдын деле кажети жок көрүнбөйбү,
акча баарын чечип коет тура. Бу жарык дүйнөдө акчанын кудурети Алланын кудуретинен ашып түшпөсө, алды кемибеси бар экен. Асманга чыгарган да акча, жерге киргизген да акча Башкасын кой, атасын өлтүртүп, энесин саттырган да акча. Ошондой балакет! Анабашыны Ром дешет. бала кезинде "Сырдуу арал" деген китепти окуп, ал аябай жагып, көп кайталап окуган. Ошондо бир каракчынын:
"Өлүктүн сандыгында он беш адам, ой-хой-хой бир
бөтөлкө ром" деген ыры эсине бекем орноп, кези келсе да, келбесе да ырдап кайталай берчү. Бирөө кезигип "эмне алперейин?" десе,
"өлүктүн сандыгында он беш адам, ой-хой- хой бир бөтөлкө ром" деп койчу. Тиги неме бу жалаң ром ичкен неме го деп ойлонгуча: "Эй, ала бер, градус болсо болду" деп койчу. Ошентип жүрүп, "Ром" атка конгон. Азан чакырылбаса да, Ром аты түбөлүк калды, тааныштарынын баары Ром дейт, Роке дешет.

#43 11 March 2013 - 04:16
Ал эми жыйындарда Муканбет Кутманович болуп чакырылат. Ром кенедейинен эле шылуун өстү. Бирдеме саттырып алгысы келсе, же акча керек болсо атасына алеки саатта алдап койчу. Уялган эмне экенин, аны эмне менен жээрин да билбесе керек. Мектебин бүтүп мал догдурдун окуусуна кирип, жакшы бүтүрдү. Бирок, бир күн да малын дарылаган жок, шаарда көрүнгөн актип чалыш жумуштарда иштеген болду. Анан бир ирет карыз бербей койгон чала таанышын оңкойто коюп, акчасын капчыгы менен тартып алып, ошондон баштап төтө жолго түшкөн: тартып алмай, зордуктап сурап алмай. Ромдун курчтугу бар, ага кошумча күрөшкө, каратэге катышып, жараткан берген олбур денесин мыкты кылып алган. Эки-үчөө жабылса бучкагына келтирбейт.
шундай неме. Кеч үйлөнүп, кыркка чыккан неменин эки эркегинин алды биринчи окуйт, кичүүсү үчтө. Аялы эч жерде иштебейт. Эзели эт салбаган үйдө өскөн неме экен, Ромдун таап келгендерин басып, эки күндүн биринде
бешбармак кылып жеп атып, чочкодой
семирип алган. Суудай агып келип жаткан акча кайдан келип атат менен иши жок, аны кантип коротом менен алек. Адегенде сулуулугуна аябай суктанып, өлүп-tалып сүйүп алган Ром азыр торопойдой тоголонгон неме менен анча деле иши жок, биринен бири өткөн ийинден эле бут кеткен сурайылдай сулуу эки көңүлдөшү бар,
көңүлдүн, көкүрөктүн эсеп-чоту ошолор менен. Экөөнө эки квартира алып берген, эки бөлмөлүү. Кезеги менен конуп кетет. Ромдун толгон таржымалынын чети ушундай...

#44 11 March 2013 - 04:19
Бу чоң шаарда кримдүйнөнү жалгыз Ром кайдан бийледи. Мен дегендердин дагы төрт-бешөө бар. Ал эми буура булчуң көпкөн жаш жигиттердин топтору канча дейсиң. Алар Ром сыяктуу кримдүйнөнүн акулалары менен түздөн-түз таймаша албаса да, акырын азууларын көрсөтүп коюп жатышкан убак, булар ал дүйнөнүн эрежелерин билбейт, билгиси жок. Мына ошондой топтордун бири жалаң спортмектепти бүткөн балдар тобу "Бардар"
базарына бир күнү "куда tүшүп" келишти. "Крыша"
болгонго. Базарком кабинетинде болчу. Карп-күрп кирип келген сомодой төрт жигитти көрүп, дагы кайсы башкесерлер болуп кетти деп жүрөгү опкоолжуй түштү. Буларың накта көпкөн немелер экен, тебелеп- тепсеп эле төргө өткөндөй болушту. Кресло, стулдарды дыркырата тартып, Базаркомдун столуна жакыныраак отурушту. Анан бири баштады сөзүн, баштаганда да, Кудай урганың орой баштады:
-Ии, абышка, ал кандай? Катынга жарап турусуңбу, ыя?! - Муну айткан неме көзүндө жакшылыктын эле эмес, деле эчтекенин
нуру жок, бети табактай, денеси жарылып кетчүдөй
тасырайып, Базаркомдун алдындагы тамекисинен бирди алып, шашпай күйгүзүп, анан күл түшүргүчтү алдына тартып, түтүндү үйлөп турду.

#45 11 March 2013 - 04:23
Мурункулардан чочуп калган Базарком бу айбандын сөзүн ок тийгендей кабыл алганы менен, акаарат келтирүүгө дарманы жок эле, алсыз болчу. Туруп берди тултуюп, таарынып эмес, коркуп.
-Ай, абышка, эми сени менен эзилишип отурганга убакыт тар, иштеги жигиттербиз биз. Анын үстүнө сен бийкеч эмессиң да эзилишкидей. Короче, эмдиги жуманын ушул күнү быссымылда депмиң доллар камдап кой, мобул жигит алып кетет, - деп жолдошторунун бирин көрсөттү да, ордунан туруп, тартып жаткан тамекисин Базаркомдун jалтыр столуна басып мыжыга өчүрүп, акыркы сөзүн айтты, - камдабасаң, катын кылып салабыз, козел!
Тигилер кеткенден кийин Базарком далайга отурду башын мыкчып, жини кайнап, кайра коркунуч басып, дене калтырап Кубанычбекке айтабы, же берки "крыша" болуп аткандаргабы.

#46 11 March 2013 - 09:27
Мына эмесе деп тапанча сатып алып долларга келген немесин чекеге басып, барчу жерине барып берсечи? Болбойт, анда катын-балдарынын көргөн күнү не болду, түрмөдө өтчү өмүрчү? Секретаршасынан коопсуздук кызматынын чоңун чакыртты. Ал келгенде жемелеп кое берди:
-Ай, сен иштейсиңби же иштебейсиңби? ! Бул жер эмне, көрүнгөн кире берчү ажатканабы сага, ыя?!
-Эмне болду, байке?
-Эмне болду дейт! Атаңдын башы болду! Тил уккан жигит айтышкан жок, айтышса эптеп илинген акчалуу ордунан ажырап калбайбы. Жана көпкөн немелер киргенде бу жигит "кайда барасыңар?" деп сураганда бири
жоопсуз басып келип мойнун кайыштырап кармап койгон: "Оозуңду бас да, көчүгүңдү бек кыс!" деп. Сомодой немелерге жооп кайтара албай, чын эле көчүгүн бек кыскан. Эми Базаркомго не жооп айтарды билбей кызарып турду. Эң туура жооп - үн-сөзсүз туруп бериш керек, дагы күчөтө сөксө кана... Базарком сөккөн жок, кетирип жиберди, ишиңди кыла бер деп. Базарком "крыша" болуп жүргөн немелердин адресин да билбейт, кайдан тапты. Билсе азыр жетип арызданмак. Ошентип башын шишите оорутуп жатып, бир маалда сүйүнүп кетти, баса десең, эртең аларга акча алпарып берчү күн эмеспи. Ошону эстеп кубанганын айтпа, бекер берилчү акча кубаныч апкелгенин
айтпайсыңбы. ..
Эртеси болжогон саатта Базарком оролгон долларды колуна мыкчый кармап аялдамада турат эле, баягылардын машинеси күттүрбөй
келип акчаны алып шуу коймой болгондо Базарком машиненин терезесине эңкейе берип сөзүн айтып калууга үлгүрдү:
-Бир балдар келип акча төлө деп жатышат.

#47 11 March 2013 - 09:30
Муну укканда машиненин эшиги ачылып, Базаркомду салып алышты. Машине эки-үч көчө өтүп токтогондон кийин Базарком келген жигиттер жөнүндө айтып, эми жардам силерден дегендей муңайым тартты.
-Сиз сарсанаа болбой иштей бериңиз, -айтылган жооп-жардам ушу болду. Бу жакшы сөз экен, Базарком кечке көңүлдүү жүрдү, ишин жакшы бүтүрдү. Бирок эртеси ойгонору менен көңүлү ачылбады, санаа басты. Эми эмне балакет болот? Ушу жерде атышып-
тытышып кан төгүшсө тамтыракайы
чыкпадыбы. Кабинетине эрте келди, келип эле сейфти ачып, эки жүздү бир басты, антпесе жан калар эмес. Жарым саат өтпөй "крыша" балдары келип кабинеттен орун алышты. Дагы жарым саатча өткөндөн кийин баягы миң доллар алып кетчүсү бу жарык дүйнөдө сыңар өңдөнө өтө көпкөлөң басып кирип келди да, дароо эле айтты:
-Эй, даярбы?!
-Даяр! - Бул жоопту Базарком эмес, "крышалардын" бири айтты. Көпкөн неме быш деген жок, калыбынан жазбай жийиркене:
-Сен кимсиң, ыя, салфетка?! Колумду эмес, бутумду аарчып салайынбы азыр! - дебатпайбы.

#48 11 March 2013 - 09:35
Даяр турган немелер ошол эле жерден баса калышты. Кудай ургандар, тим эле тырпыратып
жиберишти. Көз ачып- жумганча тырпырабай да калды, бети-башы соо болгону менен, кабыргалары оңбой калды окшойт. Oрдунан тура абай оонаган немени карап турушту. Биртопто барып араң турду да, Базаркомго ызырынды:
-Сука! Эми өлдүң дей бер! - Бу сөз ооздон чыгып, дагы жеди өпкөгө бир ирет, дале бүк түштү. Бу жолу аны көпкө оонатышкан жок, эки жигит эки жагынан колтуктай
жетелеп чыгып кетишти. Мындай караган адамга мас жолдошун жетелеп бараткандай, көндүм
көрүнүш. Жанга коркунуч келгенде, этиң ооруганда келчү коркунуч оңой эмес. Кинолордо тапанчаны чекесине такап же бычакты кекиртекке жанса да тилин тартпай кармашып жатпайбы кай бир каармандар. Кинодо андайлар оголе көп, бөтөнчө америкалыктарда. ..
Турмушта болсо андай эмес, коркунуч, жандын таттуулугу жеңип турат көбүнчө. Чыкса чыгар өлүмдөн коркпогондор, бирок алар кинодогуга караганда турмушта алда-канча аз. Ошондой экен жанагы Кудайдан
коркпогондой көпкөн неме, сууга салган чычкандай бүрүшүп отуруп берди, бир үйгө апкелишкенде жана
"салфетка" деген неме эми өзү салфеткага да жарабай турду бырышып, бүжүрөп.
Аны кармап келгендер аз өтпөй ким экенин, бандада канча адам кай жерде турарын, кимдерден акча өндүрүп турушарын, айтор, кызыккан суроолордун bаарына опоңой эле жооп алышты, кыйнап- кысташкан да жок.

#49 11 March 2013 - 09:37
Базаркомдун кабинетиндеги өпкөдөн өпкө калбай тепкиленгени далайга жетип берди, жакшы сүйлөттү. Аз өтпөй бул жерге Ромдун баягы алты жигитинин төртөө келип, бу жердегe төртөө менен сегиз болуп, миң долларды күтүп отурган жашбанда турган квартирага келип звонок басышты, чала жан немесин ала келишкен. Эшик ачылганда келгендер карп-күрп кирип барып, бөлмөдөгү жигиттерди тапанча кезей кыдырата тизип салышты тизелетип. Алар каршылык көрсөткөнгө үлгүрбөй да калышты. Базаркомдун столуна тамеки мыжыга өчүргөн неме гана бир нерсе демекчи болду эле, тапанчанын кундагы кежигеге тийип, тарп этти.
#50 11 March 2013 - 09:40
Жашбанданын мүчөлөрү көздөрү жалдырай жансоога абалында. Беркилер диван, креслолордон орун алып, башчы жигит сурак сурап турду:
-Ии, шантрапалар, аттарыңарды айткылачы, байкеңер таанышып алсын. Тигилер биринен сала бири катардагы солдаттардай ысымдарын аташты:
-Алманбет.
-Сыргак.
-Чубак.
-Баатырбек.
-Жаныш.
-Туй ата, бүт эле баатырсыңар го, ыя? Кыргызча жакшы эле билесиңерби, же "киргизсиңерби" ?
Бири жооп берди:
-Кыргызча окуганбыз, спортшколдо.
-Анда "жаман иттин аты Бөрүбасар" дегенди уктуңар беле?
Беркилер шылкыйышты.

#51 11 March 2013 - 09:41

#52 11 March 2013 - 09:43
-Ушу кебетеңер менен кантип Алманбет, Чубак болуп жүрөсүңөр? Силерди чочко же торопой десе жарашпайт беле... башчыңар ким?
Баары жана кежигеге жеп эси ооп араң оңолгон немени карашты. Суракчы кебин ошого бурду:
-Эй торопой, энең сени эмне менен баккан, ыя? Орустар көрсө союп, туздап сала кылып жиберет, аларга
көрүнбө.
Жолдоштору коштоп кетти:
-Орус эмес, менин деле жегим келип турат, бу чочконун баласын.
-Давай, башын кесип туруп чочконун эти деп базарга өткөзүп жебиребиз.
-Сасык экен деп алышпайт го...
Бир тарап каткырат, экинчи тарап сумсая титирейт, жүрөк канайт. Мындайда айла жок болот экен, болсо мазактагандарды бишкектеп, колу-бутун тирүүлөй үзүп, отко кактап жибербейт беле. Сурак жүргүзгөн неме эми шылдыңын токтотуп, олуттуу айтты:
-Бу жолу жаныңарды өзүңөргө бердик. Экинчи жолу бизге кезикчү болбогула, уктуңарбы?!
-Уктук, - дешти шөмтүрөгөн немелер.
-Уксаңар ошол! - Сурак салган жигит ордунан туруп жашбанданын башчысын ээктен ары тепти эле, ал чалкадан түшүп, чала өлүккө айланып турду...

#53 11 March 2013 - 09:46
Тигилер кетип калышты. Чыгаарда бир-экөө глушителдүү тапанчалары менен октору түгөнгүчө туш- тушка атып кетишти. Люстра, эңгезердей күзгү, гарнитур шкафтарынын айнектери бырын-чырын чыгып жатып калды. Тизелегендерди жандай да октор учту, баштарынан өлүм айланды...
О далайда барып эсин жыйган немелер бири- бири менен үн катпай өйдө туруп, ар кимиси ар кай жердеги диван, кресло, стулдарга отурушту. Бешөө беш жерде шылкыят. Башчысына тил кирди:
-Кимдер булар?
Долларга кетип чалажан колтуктанып келген неме күңк этти:
-Билбейм.
-Билбесең эмне ээрчитип келдиң, ыя? - Деле кой, тигилер кетип, эми мунун тирилгенин
карабайсыңбы! Долларга кеткендин
жини келди:
-Кимдер экенин өзүң
эмне сураган жоксуң?! Башчы жигит жооп бермекке обдулуп
барып кайра токтоду.

#54 11 March 2013 - 09:48
Тырнактай болсо да уяты келди. Эми эле тизе бүгүп коркунуч кейпин кетирип салган неме кайдан жулунмак. Бу жашбанда aзырынча жалаң кара күчүн колдонуп, бирин-экин кафелердин,
дүкөндөрдүн ээлерин торойто чаап өндүрүп турушкан. Атайын жол-жобосу жок, муштумду гана туу туткан эргулдар эле. Эми көрүштү, накталарды. Не болгон күндө да "Бардар" базарына барбасы бышык. Башка жерге барганда аябай сак болушат эмеспи...
Анткен менен рингде
да, көчөдө да далайды бир урум менен жыкчу лидер жигиттин ич күптүсү ичинде. Ыңгайы келген учурда аларды тизелеткенден жаман кылам деген ою көкүрөгүнө орноп турду...

#55 11 March 2013 - 09:51
***
Ана-мына дегенче Макандын тоодо эс алганы бир айдан өтүп кетиптир. Ошончо өткөнүн эстеп, өзүнчө уялып да алды. Килейген жигит бирөөнүн үйүндө колоктой конок болуп жүрө бериши уят эмеспи деп эми эсине келген Макан абышка- кемпир менен кучакташып коштошуп, атка минди. Бекен да атына минип, айылга чейин жеткирип, шаарга каттачу автобуска салып жиберди. Макан түз эле Tокендин үйүнө келип шыңгыратты. Биртопто барып, аялы Шакиндин үнү чыкты: "Ким?" деген. Анан келген ким экенин билгенден кийин эшикти ачты. Баягы жаркыраган
кебетеси жок. Көздөрү шишип, чачтары тарак көрбөгөнүнө көп болгондой. Жакин Маканды ашканага киргизип, термостогу чайдан куйду. Ал-абал сурачу түрү жок.

#56 11 March 2013 - 09:54
-Сага эмне болгон, Жакин, тынччылыкпы деги?
Жакин жооп ордуна буркурап ыйлап жиберди. Макан айласы кете сооротоюн дейт, не кылып сооротту? Көптө барып бышактаган Жакин иштин жайын түшүндүрдү:
-Токенди уурдап кетишти... Үч уктаса түшүнө кирбечү кабарды уккан Макан дал болду.
-Эмне болуп уурдап кетет, ким уурдаптыр, эмнеге?
-Кимдер экенин айташмак беле. "Мен барымтадамын, иштеги балдарга айтып элүү миң доллар камдап кой" деп өзү телефон чалган он күн мурун. Ошондон бери кабар жок. "Милийсага барбагыла" деген, -Жакин кайра буркурайт, - акчасын даярдатып койгом, отурам ошол бойдон кабар күтүп. Телефон чыр десе эле чуркайм, башкалар болуп чыгат. Эшиктин коңгуроосунан жүрөгүм түшөт. Жинди болуп кетмей болдум. Деги Токен аман-эсен болсо экен, - Жакин кайра эле ыйга жеңдирип, көз жашын аяган жок. Макандын айласы кетет, "кой, ыйлабачы, баары жакшы болот. Кудай сактасын! " дегенден башка колунан эмне келет. Токен кай жерде жатканын билсе эмне, уурдагандардын ташын талкан чыгармак, күлүн додо кылмак. Жакинди кантип соороторду билбей, өзүнүн алсыздыгына жини келе, биртопко тиштене отуруп, анан келип турарын айтып үйдөн чыкты. Жакиндин жанынан чыкпай отурса деле болмок, бирок Токени жок үйдө кантип отурду.

#57 11 March 2013 - 09:56
Көчө бойлойт. Токен маңдайдан чыкчудай ойлонуп коет. Ою бир жерге токтобой, бут баскан тарапка кетип баратат. Бир маалда бири-бирисиз тура албаган Касым менен Бермет эске түштү. Байкуштар эмне күндү көрүп жүрүштү экен. Алардыкына келди. Короого түз кирип "Касым байке" деп үн салды эле, даяр
тургансып Касым атып чыкты:
-Ой-бо-ой, кел, кел.
Баягы бойдон экинчи көрбөйм го дедим эле, сендей жигиттердин келип турганы биз үчүн сыймык. Ырас, убагында келбедиңби, кир үйгө, - Касым Маканды колтуктай
үйгө киргизди. Ким келгенин көрүп Бермет ордунан атып туруп Маканды беттен өптү:
-Амансыңбы, оорубай жүрөсүңбү?Эмне мынча жоголдуң? Кана, төргө өт. Жаңы эле бир чыныдан чай колго тийгенде келбедиңби, жакшы адамдар ушинтип тамак ичилерде келет. Дасторкон үстү толо тамак экен, салат экен. Аны көргөн Макан ичинен ыраазы, анысы өзүм жейм дегени эмес, булардын тамагы кеңири болгону үчүн, аларга убаа караганы үчүн.

#58 11 March 2013 - 09:59
Бөтөлкөсүз отурушмак беле, бар экен. Касым үч стаканга теңдеп куюп жиберди.
-Кана, Макан иним, ден соолук үчүн, аманчылык үчүн алып жиберели. Экөө ичип, Макан ичкен жок, азыр бу самогон эмес, арактын опсузунан берсе да ичмек эмес. Эрди-катын биринен сала бири кыйнап, жакшы тилек, жакшы сөздүн далайын сууруп чыгышты эле, ичпеди. Берки экөө
дагы кайталашты. Аларга көптүн кереги жок, жүз граммдан оогондо эсебин таап- таппай калышат. Экинчи стакандан кийин бири самогонду күчтүү экен деди эле, экинчиси анча деле эмес деп каршы болду. Ал сөз "сен ит, мен итке" өтүп, андан соң Касым тура калып аялын жаздым тээп алды, Макан ортого түшө калбаса не болмок, ким билди. Касым аялына жулунуп, чала-була согумуш этпесе анча деле сабап жиберчү мүнөзү жок. Атургай ошо жаза-буза кол шилтегенден кийин "ка-ап" деп аялына ичинен боору ооруй калат, анысын айтпайт.

#59 11 March 2013 - 10:03
Баягыда Макан кеткенден кийин бул экөө жашылча-жемиш алып сата башташкан экен. Таң заардан туруп дүңү менен сатып алып, анан жайып соодалашат.
Ошо таң заардан сатып алгандарын үйүнө апкелип, анан шашпай чай-пайын ичип алып чыгышат экен базарга. Бүгүн кечирээк калышыптыр,
кечээ соода жакшы болгон дешет. Жакшы болгону ошо, жүз сомдой табышыптыр.
Ушулардын баарын
угуп Макан:
-Аз-аз чыдасаңар, жакшы иш таап берем, - деп айтып салды. Бу сөз жөн гана ооздон чыгып кетти. Буларга эмес, өзүнө иш таба элек неме аша кетти көрүнөт, буларды жакшы көргөнү ошенттирип ашепке сөзгө айдады көрүнөт. Тигилер жөн айтылган сөздү жөн эмес кабылдап, көңүл мөлт эте кабылдап беришти, жан бергидей ыраазылыгы өңдөрүнөн бажырайып, сан рахматы ооздорунда эле...

#60 11 March 2013 - 10:09
Ошол күнү Макан Касымдыкына конуп калды. Тигилер базарына кеткенден кийин бир аз жатып, жатканы да курусун, Токендин абалы мазесин алып турду. Анан шашпай базарга келип, бир жараган баштык сатып алып ичин тамак-ашка толтурду. Баягыда Акелең берген акчадан бар эле. Анан калса Бекен узатып келгенде "менин атыман бир дуулап коюңуз" деп албаганына болбой акча берген. Кечинде үй ээлери кечирээк келди. Келип эле ооздору ачыла таң калды, анткени Макан бөлмөнү мизилдете тазалап, дасторкон жайып, үстүнө түрдүү даамды коюп, эттүү кылып куурулган картошка плиткада ысык бойдон турган экен. Экөөнүн көзүнө дароо урунганы дасмалдын дал ортосунда коюлган арак менен шампан болду. Экөө не сөз айтаарын билбей, чексиз ыраазы, жүздөр жайнайт.
-Бу сен... - Касым андан ары сөзүн таппайт. Аялы коштойт:
-Сен тимеле... - анын сөзү да бүтпөдү, аябай ыраазы болгондо ушинтип сөз табылбайт.
Отуруп шашпай тамак жешти. Бу саам Макан кошула ичти, беркиден. Көп сөз сүйлөндү, бири- бирине белгисиз окуя- кептер айтылып, дагы да жакын болушту. Касым менен Бермет Маканды ого бетер жакшы көрүп, ага багыштаарга сөздүн мыктысынан, жылуусунан тапай убара. Макан да булардын жакшы адамдар экенин айтып отурду. Тээ түндүн бир оокумунда гана жатууга кам көрүштү. Ушу жолу Макан бир нерсени терең түшүндү - жараткан адамды адамдыгы менен кошо жаратса убактылуу бузулуп кетүү, ошол адамдыгынан тайыта албайт экен. Баары бир көрөңгөсү калганы калган. Касым менен Бермет дал ошондой
адамдардан эле... Эртеси Макан эрте туруп, жарым саат шашпай басып Токендин үйүнө келди. Келсе, Жакиндин көңүлү ачык, дароо сүйүнчүлөдү:
-Токен түндө телефон чалды.
Макан да кубанып кетти:
-Эмне дейт?
-Бүгүн акчаны алпарып берем.
-Кимге?
-Аны эч кимге, эч качан айтпашым керек экен, сен таарынба, Макан.
-Эмнеге таарынайын.
Токен аман-эсен болсо болду. Макан Жакиндин чай ич дегенине көнбөй, нан ооз тийип үйдөн чыкты. Сыртка чыгары менен бир ой аны ээнбаштандырып салды. Ой уланды, ырас эле Жакин акчаны кимге берерин көрүп, алар кай жерге кетерин аңдыбайбы, жок дегенде акчаны
алгандын өңү-башын эстеп калыш керек. Ушундай чечимге келген Макан Токендин үйүн алыстан акмалап эки сааттай наркы- терки басты, балдар ойночу аянт четиндеги орундукка отурду. Бир маалда Жакин пакет колтуктай үйдөн чыгып, эки жагын элеңдей карап, өкмөттүк бир катар мекемелер, министрликтер жайгашкан борбор тарапты көздөй келатат.

Супер-Инфо
super.kg
видео