2000-жылы кылым тогошту деп жаңы жылды өзгөчө тосконубуз эсимде калыптыр.
2000 жылдар ушунусу менен эсимде калды 2000 жылдарды эстейбиз
#21 27 February 2013 - 14:31
Жашообузга аттин кылбай жашайлычы,сен же мен жашап жаткан жашоо балким бирөөнүн тилегенидир.
..
#22 27 February 2013 - 15:03
2000 жылы, машина ондоп. Матор чачып чоголтуп жарым жартылай уйронуп калган кез эле. Иштеп турган могинтафон,
раде ачып чукулап кормойун жанын койчу эмес экенмин. Иштеп турганы аз, келгенсип зымдарын узуп бузуп салган кундор эле да, Чала уста дегендей.
#23 27 February 2013 - 15:56
Ал кездерде тойлордо "Маяк" деген магнитофон жаңырып турчу. Экини коюп алып, бирөөнөн ыр тандап, экинчиси менен бийлетчүбүз.
Сүрөткө тарткандай да "плёночный"
фотоаппарат менен тартабыз (азыркыдай цифровойдун "ы" сы да жок)
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#24 27 February 2013 - 17:59
2000-ж.22-декабрда инилеримдин сүнөт тойлору болгон,азыр видеосун көрүп аябай күлүп калабыз... Ошо мезгилде видео эми тарап жатат беле,билбедим го,айтор, жалаң жаш балдар жүрөт,ал аз келгенсип менда телевизорго чыгып калайынчы деген сөздөрүбүз да жүрөт,анан кол көтөрүп койуппуз болбой эле...ошондо,
бизге айтканда тв гe чыгасыңар деп.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#25 28 February 2013 - 08:05
2000-жылдар, Кыргызстанда пейджердин кыскача доору болуп калды... Интернетте саналуу эле KG сайттар бар болчу. Ошол күндөрү Elcat, Netmail дегендерге катталбаган кыргызстандык интернет колдонуучу жок болуш керек... Мобилдик байланыштан Katel кененирээк тараган болчу, Bitel колдонгондор аз болсо керек... "Америкада мектеп окуучуларына сабакка уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салып жатыптыр"
- деп укканда биз
Жеке өзүмдү айтсам, 2000-2001-жылдары мектепте 11-класстамын, окууга тапшырууга даярданып жүргөм...
Кызыгы 2001-жылы, университетке келгенде, орус тилин канчалык жаман көрсөм дагы ал керек экенине көзүм жетип, мен дагы китеп окуп,
үйрөнө баштадым... Толстойдун "Анна Каренинасын"
окуп 30% түшүндүм окшойт... Ошондо жогорудагы үйрөнүп жаткандар чогулуп алып үйрөнсөк жакшы болмок экен
Жеке өзүмдү айтсам, 2000-2001-жылдары мектепте 11-класстамын, окууга тапшырууга даярданып жүргөм...
Кызыгы 2001-жылы, университетке келгенде, орус тилин канчалык жаман көрсөм дагы ал керек экенине көзүм жетип, мен дагы китеп окуп,
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#26 28 February 2013 - 09:45
Анда мен мектепте президент болчумун , ай ай убакыттын отконун кара.!!!
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#27 28 February 2013 - 09:52
2000- жылдар, Кыргызстанда пейджердин кыскача доору болуп калды... Интернетте саналуу эле KG сайттар бар болчу. Ошол күндөрү Elcat, Netmail дегендерге катталбаган кыргызстандык интернет колдонуучу жок болуш керек...
Чоооооооң жөргөмүшү бар болчу эле го Нетмэйлдин? ...)))
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#28 28 February 2013 - 10:17
Чоооооооң жөргөмүшү бар болчу эле го Нетмэйлдин?
...)))
Көп деле өзгөрбөптүр. .. 1 дагы ашыкча маалымат жок... Мен бул жердеги паролумду мындай эле коёюн, логиним кандай болчу экенин да унутуп калыптырмын. ..
Ден соолукту чыңдоо үчүн -
I run each ...
#29 28 February 2013 - 21:31
Ал убакта мен 2 жашта болчумда ешнерсе есимде жок... Кийинчереек мен тендуулор форумга киришкенде 2010- жыл моондай болуп есимде калган деген тема ачсамбы
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#30 01 March 2013 - 03:59
Мен ал жылдары ККБ га ишке кирген болчум. ККБ дегеним Көчө Караган Бездельниктер дегеним. Күндүз да, түндө да көчө карап, айланып, рейд кылып жүрчүбүз. Өзүбүздүн айылыбыз аз келгенсип, башка айылдардын да көчөлөрүн карап келчүбүз. Жумуш катуу болгону күндөрү үйгө келбестен иштейт элек.
Башка нерсе эсте калбаптыр негедир. Же жашоом ошентип эле өтүп кеткенби билбейм.
Башка нерсе эсте калбаптыр негедир. Же жашоом ошентип эле өтүп кеткенби билбейм.
#31 01 March 2013 - 10:31
Ал кезде Тетрис деген оюнчук ойноп калчубуз. Кубиктерди тизип, гонка ойноп, кубиктерди аткылап... Анан да ушундай оюнчук бар болчу. Баскычтарды баскылап суунун ичиндеги шакекчелерди мамыга киргизмей.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#33 11 March 2013 - 09:44
Мен 4-класстын окуучусу болгон экем.Отличница болуп 4 класстын программасын кыйратып,5-класстын китептерин окучум озумду кыйын сезип
.Анан да Эсмеральда,
Камила деген сериалдарды кутуп туну да эртеси кайталаганын да коруптурбуз.
23-февральга классташ балдарга 6 сомдук открытка алганымды да эстейм,себеби 30 сом топтосом 5 классташымды тен куттуктайт экем деп акча топточумун.
Мектепке кийим сатып алаарда ушунчалык выбор аз окшойт эле,2-3 кыздын сапогторубуз окшош болуп калчу.Мен окшош кийингенди жактырчу эмесмин.Москвага коп каттачу агамдан заказ кыла берчум кундо жалдырап,баланызды котором кундо деп.
#34 28 March 2013 - 10:28
Анда чанда адамдарда эле сотка болчу. Болгондо да "чёрно-белый,
монофония"
дегендей, кээ бирлериники "полифония"
болсо "а-иий"
деп калаар элек. Чыңкылдаган кыска музыкалары бар болчу. Соткаларын белиндеги чехолдоруна салып алышаар эле. Андагы сим-карталар "mobicard" беле... Иши кылып кымбат болчу. Мүнөтү 5 сом.
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#35 28 March 2013 - 10:55
2000 жылдары озгочо окуя менен эсте калбаптыр. Кочо чаныткан боз бала болсом керек. А баса ошол жылы биринчи Бишкекке келген экенмин. Ана шаар деп делдиреп жургон учурум экен.
#36 28 March 2013 - 11:27
Эххх ал кезде эч нерсе менен ишин жоок ата-энендин кашында жургон учур экен. Кана эми ошол кезге кайра кайтып барсак.....
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Олум учун бирдей сенин катарын.
Олум учун бирдей сенин катарын.
#37 28 March 2013 - 11:51
мен анда 10 жашта экенмин. Менин эсимде барбиге аябай кызыкчымын,
аларга кийим тигип жүрчүммүн. Кукла болбой калса, кагазга кыз тартып, аны кесип, кайра эле ага кагаздан кийим тартып кийинтип ойночубуз. Дагы капрон колготкилерди кесип, узун кылып байлап, секирип текедей ойночубуз. Кассетный плеерим бар болчу "Руки вверх", "Демо",
"Виктор Цой" кассеталарын укчу экенмин. Оюнчук сотка алып келип берген эжем, чоңураак болчу, оор...Байкем менден уурдап, классташ кызына белек кылып коюптур. Анкета деген баляя бар эле, ошну толтуруп сөзсүз түрдө 2 сомдук чоң наклейка чапташ керек болчу.Сагыздын наклейкаларын жерге коюп чапкыламай оюнубарэле,
аны да ойноп колдор кесилип журчубуз (эркек балдар менен көп ойночумун). Көчөдө жигули, москвичтер жүрчү, ауди эң крутой машина болчу, мерстерди анда-санда көрчүбуз. "Love is" деген сагыз мода болушу керек эле. А баса, курма ошондо жаңы келе баштаган, биринчи жолу ошондо жегем, Юппи деген сок порошогу бар болчу. Дагы.....
видик дечүбуз кассета менен кино көрчүбуз, "Янки в Африке", "Смертельная битва" деген сыяктуу кинолорду. Сериялдардан "Дикий ангел", "Богатые и знаменитые"
популярдуу болуп аткан. Алюминий өткөрүп СЕГА деген оюнду ойночу экенбиз, кошуна байкенин үйүнө барып, тыгылып.... Бутылкаларды үйдөн таап, сахарный ватаны, лимонадды алып жеп ичип жыргачыбыз.
Ошо...дагы эстесем жазам.
#38 28 March 2013 - 12:27
Алюминий өткөрүп СЕГА деген оюнду ойночу экенбиз, кошуна байкенин үйүнө барып, тыгылып.... Бутылкаларды үйдөн таап, сахарный ватаны, лимонадды алып жеп ичип жыргачыбыз.
Ошо...дагы эстесем жазам.
Билдирүүнүн аяк жагын окуп атып эркек баладай элестетип кеттим
Эгер биз оңолсок, Кыргызстан да оңолот. Оп-оңой.
#39 28 March 2013 - 12:41
#40 28 March 2013 - 14:44
Кыйын жыл болгон биздин уй-буломо, ушуну окуп унутуп кеткен кооп кундорду эстей баштадым. Жаманы коп экен, жакшы кундор деле болгондур, эстен чыгарып коюпмун, кыйынчылык отсо эле адам ушу экенбиз да. Рахмат эстеткендерге,
силерди окуп артка кайттым анча эле.

Супер-Инфо
super.kg
видео




















