Жакин ошол туштагы чакан паркты аралай басканда бир жүдөгөн жигит аны жандай берип бир нерсе деди да, аялдын колундагы пакетти шып алып, салып-уруп жөнөп берди. Макан анын артында. Тиги пакет алган неме элдин аягы үзүлбөчү килейген универмагдын жанынан өтүп, анын нары жагындагы аялдамага барып отурду. Эл көп. Убакыт өтүп жатат. Ошондон кеңири бир эт бышым өткөндөн кийин анын жанына дагы бир жүдөгөн жигит отуруп, экөө сүйлөшө кетишти, тамеки тартышты. Эми пакет беркинин колуна өттү. Ал пакетти колтугуна кысып, кайра универмагды көздөй басты. Анан Mашинелер кымгуут көчөдөн өтө берип, жолдун четине чыкканда бир "Жигули"
келип токтоп, андан узун бойлуу жигит шамдагай түшүп, жанагы жүдөгөн
неменин kолтугундагы пакетти жулуп алды да, машинеге түшүп кете берди. Макан үч-төрт метрдей эле жерде келаткан эле, жигиттин жаагындагы качандыр пайда болгон тырыкты даана көрдү.
"Жигулинин"
номурун караганга да үлгүргөн жок, шашып калбадыбы. Макан жол жээгинде каз-катар турган менчик таксилердин бирине чуркай отуруп:
-Байке, тетиги "Жигулинин"
артынан калбай айдаңызчы, - деди.
Шоопур элүүлөргө барып калган шамдагай неме экен, машинесин ары-бери оталдырып, светофордо турган баягы "Жигулинин"
артына түштү. "Жигули"
анча деле алыс кеткен жок. Үч-төрт көчөдөн кийин токтоп, баягы
пакет алган арыкчырай, узун бойлуу жигит түштү. Машине кетти. Макан так#### акчасын төлөп, рахматын айтып, а да түштү. Пакетчен жигит тамеки күйгүзүп шашпай басты. Да бир аздан кийин жан чөнтөгүнөн сотовый
телефон сууруп, бирөөнө чалып сүйлөштү да, телефонун чөнтөккө салып бир аз баскандан кийин көгүш иномарка келип токтоп, жигитти салып кетти. Макан жанталаша номурун
карайт. Түндөгү жааган жамгырда айыл аралаганбы,
номуру баткак, аягында "В" деген тамга гана чала
көрүнөт. Макан ошол тушта бир азга басып жүрүп, анан Токендин үйүнө келди да, жаңы эле кирген Токендин үстүнөн чыкты. Экөө
кучакташып көрүштү. Баягы Токен жок, өңдөн азган, илмийип араң басат. Жакин жүрөт күйпөлөктөп,
бышактап. Бат эле столдо тамак жайнап, чайга отурушту. Окуяны Макан сурай албай отурат эле, Токен өзү
баштады:
-Макан, менин абалымдын чет- бучкагын уккан турбайсыңбы.
Ошондой болду. Жандын таттуулугун,
бүлөңдүн баалуулугун жакшы түшүндүм окшойт.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#62 11 March 2013 - 10:22
Адамдар айбанга айланып баратыппыз.
Далай шумдукту угуп жүрчү элем, эми чет-бучкагын өз башыман өткөрдүм. Адам баласы айбанга караганда алда-канча жырткыч, ачкөз, мыкаачы болуп жаралганбы деп да калдым... Табылган акчаны гана эсептеп, анын бар-жогуна карай кубанып же кайгырып өмүр өткөзөт турбайбызбы,
-Токендин тамашакөй, ак көңүл мүнөзү кайдадыр кайткыс кеткендей сезилди Маканга. Аны коштоп жооткотчу сөз таппай, тапса да ыгын келтире айта албай бушайман. Токен он күндөн ашуун көргөн кордугун жашырбай айтып отурду...
#63 11 March 2013 - 10:25
Баягы кармап кеткенден кийин кишендеп, батареяга байлап, эч себебин айтпай эле күндө эки маал тепкилешип,
бир маал алдына бир бөлкө менен бир бөтөлкө суу коюп кетишет. Үч күнгө чейин нанынан ооз тийбей, суусунан экинчи күнү иче баштайт. Төртүнчү күнү бөлкө жегенге аргасыз. Курсак деген балакетиң баш бермекпи, келе деп турганы турган.
Ошончо күндөн бери нан, суудан башка эч нерсе беришкен жок. Бир жума өткөндөн кийин бири кепке келди. Кеби ушу болду: "Эй, эшек, сени сөздү жакшы түшүнсүн деп дурус эле "таптадык" окшойт. Эми табыңа келдиң го дейм. Бу жерден катын-алаңа
кетем десең, аларыңдын өлүгүн көрүп анан өзүң өлбөйм десең, жүз миң доллар менен кутулсаң болот". Токен анча сумма жок экенин айтты эле, тиги элүү миңге токтоду. Токендин фирмасынан мындай сумма табылат, бирок алардын баары сейфте эмес,
жүгүртүлүп жатат. Эмнеси болсо да аялына телефон чалдырышты, милицияга билдирсе, эмне болорун да жакшы түшүндүрүштү.

#64 11 March 2013 - 10:29
Токен кай жерде жатканын, кимдер тепкилеп турганын билбейт, маска кийип киришчү бөлмөгө.
-Эми мындан ары баары ушуну менен чыгып кетсин, - деп Макан тилегин айтты эле, Токен:
-Муну менен чыкпайт го, - деди Токен. - Акча дегениң балээнин баарын ала жүрөт тура... Ошонун эртеси Токен бүлөсүн алып, келбей турган болгон Маканды көндүрүп тоодогу атасыныкына келишти. Токендин ата-энеси да, иниси да анын көргөн кордугу жөнүндө таптакыр кабары жок эле. Уулунун кейпин көргөн ата-эне аябай чочуп турушту. Эне дегдеңдей суу алып чыгып уулунун башынан тегеретип чачты. "Ооруп айыктым" деген уулуна багыштаган түлөөгө кой мууздалды. Токен телефон аркылуу фирмасындагылар менен байланышып, бардык ишти тактап,тапшырмасын берип, бир жумача эс алып кетмек бу жерде. Макан экөө карыш басса чогуу жүрүшөт, өзүнүн да, ата-энесинин да колунда бар, каалаган тамактары алдыда. Сыртынан көңүлү ток көрүнгөнү менен, Токендин ичи бороон, көргөн кордугу, кеткен акча анын жанын кайдан тынчытты. Алсыз, бечара болуп, итке жасагандан да жаман мамиле жасап, жигиттик намысын каалагандай тебелеп- тепсеп кордошподубу. Бул ишти ушу менен эле унута албайт эле, бүт өмүрүн сайса да аларга жооп кайтарыш турулуу.

#65 11 March 2013 - 10:35
Бир күнү эки дос эртең мененки тамагын ичип, коктуга түшүп суу бойлошту. Баягы мылтык атып көпкөн немелердин клеенкасы калыбында турган экен курт-кумурска үйүлөт. Аны көргөн Токен жини келип алды:
-Айбандар, ичкен тамагын да жыйнабай кетишкен экен.
-Жыйнаганга үлгүрбөй калышкан, - деди Макан, - үлгүрсө деле жыйначулардан эмес болчу.
Аны кайдан билесиң дегендей, суроолуу караган досуна Макан болгон ишти айтып берди эле, ал аябай ыраазы болуп, кайра- кайра сурайт. Анан туткунда жатканда да, бошоп келгенден
кийин да тынымсыз
ойлоп турган маселесин айтып турду:
-Макан, сен мени чыныгы досум деп
жүрөсүңбү?
-Анан калп эле демек белем.
-Башыңа кандай иш
түшпөсүн, мени сатпайт белең?
-Ал эмне дегениң? Мени бирөөнү сатат деп уктуң беле? - Макан таарына кетти, - оң сүйлөчү, эмнени айткың келибатат?
-Мен сага жаманчылык кылсам эмне кылар
элең?
-Эмне кылмак элем, ит экен деп кете бермекмин.
-Менин мындай оюм
бар Макан, жаман
көрбөй түшүнүп уксаң. Бул сөздү азырынча сенден башка бир дагы тирүү жан укпашы
керек.
-Кулагым сенде, - деди Макан суу жээгине спорттук күрмөсүн сала отуруп. Токен да кийип турган күрмөсүн чечип алдына салды да, Макандын маңдайына отуруп, Макан чыдамсыз күткөн кебин айтып турду:
-Мен бизнеске өтүп
анча-мынча анын
үзүрүн көрүп дегендей, дүнүйөдөн башка эч нерсе көрбөй, ойлонбой бараткан турбаймынбы. Уучуң
акчага толуп турса, башка оюңа келбейт экен. Ошол акчаны дагы кантип көбөйтөм деген ойдон башка. Анан күндө тепки жеп, ага жооп кайтарууга ал жок, өлүм санап, бу
көрөкчө өлүп калсам эмне деп, намыс жанды кыйнап турганда акчаң ай-талаада калат экен

#66 11 March 2013 - 10:39
Дал ошондой абалда акчаң кыкка татыбайт тура. Эми ал жөнүндө сайрай берип сени тажатпайын,
Маке, ток этер жерин айтайын. Мен азыркыга чейин жасап келген ишимен кайтпйм, бизнестен дегеним. Дале акчанын арасында болом, ага
көз арткандар күндөн- күнгө көбөйөт. Дагы уурдап, кол салып, өлтүрөбүз дегени чыгат. Ошондуктан сен башында турган бир жакшы топ түзсөмбү дейм, куралчан. Кандай дейсиң? Макан ойлонуп отурган жок, досу эмне десе да көнмөк, дароо макулдугун айтты:
-Мен макулмун.
-Рахмат сага. Чынын
айтсам, андай балээңди кой, достугубуз жай эле болсун деп коебу деп чочудум эле - Токен Маканды колдон тарта тургузуп, кучактай далыдан таптады, - шерттешкенибиз ушул болсун! Эми эң
негизгисин айтайын, кордогондорду сөзсүз табышыбыз керек, бүт өмүрдү жумшасак да табышыбыз керек. Алардын тынч жашоого акысы жок, таптакыр жок, түшүндүңбү? !
-Түшүндүм. Алардын
бирин тааныйм. Селт эте калган Токенге Макан аларды аңдыган окуяны төкпөй-чачпай айтып берди...

#67 11 March 2013 - 10:45
***
Бир күнү Токенди эне- атасы, бала-4акасы менен бир кокту нараак конгон
жайлоолошу чакырды. Ал кенедейинен актипчалыш тың чыгып, кызматы башкармага чейин жетип, оокаттуу жашап келген адам экен. Аялы өзүнөн жыйырма жаштай кичүү, өңдү да, тилди да Кудайым аяган эмес экен, тим эле чаң жукпайт. Үй ээси анын тескерисинче, кеп- сөздү эби менен айталбаган, бир балбырбы, далбырбы, айтор, оозунда он ооз сөзү жок сөлөкөт сымал көрүнөт. Аялынын айтканын өзү айткансып коштоп, баш ийкеп отурат. Дасмал шаарда чоңдорду күткөндөй
даярдалыптыр. Мындайда белгилүү - тамакты дасмалга
жайнатканы чакырылган меймандар тое жеп кетсин, ыраазы болсун дебей, кыйы
экен десин, колунда
бар экен десин, ичтери күйсүн деп даярдалат, мактаныш үчүн ошентет бир топтору. "Мобу салаттан алсаңар, чучуктан жесеңер, чесногу азыраак болуп калганбы, "Ак сууну" коюп, "Арашанды" ичиңиз" деп үй ээси аял дасторконго
коюлгандарды баса белгилеп сыйлап
отурду. Эмне болсо да бу аял баралында
башкарма болгон неменин мойнуна минбей эле, түптүз төбөсүнө чыгып алганы көз ирмемде байкалды. Бир сыйра чай ичилгенден кийин Токен менен Макан
сыртка чыгышты, тамеки тартышат эмеспи. Сыртта самоордун экинчиси коюлуп, ага бойго жетсе да ашка жетпегендей арык кыз отун салып жатат. Макандарды көрүп кымырылып-кымтына калда да, угулар- угулмаксан кылып саламын айтты, анан боз үйгө катар тигилген чатырга кирип кетти. Кызды узата караган Маканды көргөн Токен:
-Ии, көзүң тешилгенче карадың го, биротоло куда түшүп кетелиби, ыя, бала?
-Карагандын баарына куда түшө берсең, калың төлөй албай жүрбө, - деди Макан күлүп.
-Сенден эч нерсе аямай жок, кудайга тобо, каражат жетет. Буюрса, менин каражатымсыз эле өзүңкү жетчү мезгил аз калды, - бул сөздү Токен тамашасы жок айтты, өзүнө иштетип алса, акчадан кем кылбайт эмеспи. Экөө наркы-еркиден
сүйлөшүп турушту эле, жанагы кыз чатырдан чыгып самооруна дагы барды. Боюн ката уяла кыймылдап самооруна от салды да, чатырга кайра кирип кетти. Бу жолу Макан аны даана көрдү. Арыктыгын биринчи көргөндө эле байкаган, эми купкуу
болгон өңү, кайгынын нуру чачырагандай көзү даана байкалды. Атургай басканы да
айласыздай. Ушундай баам кылды Макан. Макандын кыздан көзүн албай караганын да бир ирет байкаган Токен:
-Жакшы кыз, - деди
Маканга акырын, - аты - Нестан. Багы ачылбай жүрөт. Кептин баары энесинде дешет го...
Энеси өгөй, - Токен
сөзүнүн аягына чыккан жок. "Үйгө киргиле" деп иниси чакырып, боз үйгө киришти. Маканды улам каратып жаткан кыз ырасында эле жакшы деп тамшанта айтылчу
кыздардан. Бирок,
жыйырмадан өтүп
калса да, же окубай, же турмушка чыкпай жүрөт. Анын өзүнчө сыры бар.

#68 11 March 2013 - 23:51
Ал абалга өгөй энеси жеткирген...
Нестан 2-класста окуп жүргөн күз күндөрүнүн биринде энеси каза болду. Нестандан улуу бир агасы небактан шаарга кеткен, ошол жактан чоң окуусун бүтүп, үйлөнүп, үй- жайлуу болуп, ошол жакта жашайт. Атасы менен деле иши жок, эки-үч жылда бир келип-кеткен болот. Экинчи агасы энеси өлгөндүн кийинки жылы окууга кетип, андан ары армияга барып, ошол бойдон дайыны жок. Сибирь
жакта бир жерде иштеп жүрөт экен, орустан аял алыптыр, балдары бар дешет. Атасы аялы өлгөндө башкармадан түшкөн мезгил болчу. Бирок, өмүр бою үйүнө жакшы ташыган неме аялын жакшы койду, керилте эстелик жасатты, ашын берди. Андан аз өтүп ушул аялды алып келди. Күндө сан ирет эркелетип, айлана кетип турчу апасынан айрылган секелек кыз талаада калгандай болду. Өлүм эмне экенин терең болбосо да түшүнүп калган неме
ботодой боздоп жүрүп энесин тирилте алган жок. Анан бир күнү үйүндө шыпылдаган аял пайда болуп, атасы аны көрсөтө: "Неки, эми бул сенин апаң болот, тилин алып, айтканын кылып жүр" деди.

#69 11 March 2013 - 23:53
Жаңы аялына "Бу жалгыз кызымды балаңдай көрүп бак, энесин жоктотпо, уруп- сокчу болбо" дегенден айткан жок. Көкүрөгүнө келген жок, көкүрөгүн аялы өлелекте эле ушул аял ээлеп алган. Нестан үчүн эми азаптуу күндөр башталды. Жаңы апалуу болгондун үчүнчү эле күнү ошол аялдан шыпыргы менен чокуга жеди. Короодо жүрөт эле, кошуна аял келип,
"апаңды чакырып койчу" дебейби. Нестан үйгө кирип, "сени чакырып жатат" деди эле, үй шыпырып жаткан неме: "Ок, селейип калган өлүгүңдү көрөйүн шерменде, апа дебейсиңби, ыя?!" деп шыпыргы менен эки-үч курдай башка чаап- чаап алды. Кыз чаңырып жерге отура калды. Эти да ооруду, эч качан апасы шыпыргы эмес, кол менен чапкан эмес болчу. Жаңы "апа" чаңырган кызды баса калып оозун
кайыштыра кармады: "Үнүңдү бас, тим эле мууздап салам!" Кыз жомоктогу мастан
кейипке келе түшкөн аялдан жүрөгү түшүп калды. Тып басылып, үнүн чыгарбай солкулдады. Аял кызды беттен кабелтең кармай чымчып, дагы айтты: "Үнүң чыкчу болсо мууздайм, уктуңбу?! Ушул жерде жылбай отур!"
"Апа" сыртка чыкты.

#70 11 March 2013 - 23:55
Кошуна аял чаңырган кыздын үнүн даана угалбай кулак түрүп турат эле, сурады: "Э, аяш, Нестан ыйлап атабы?" "Эмнеге ыйласын, телевизорду туурап жатат го. Үйдү үч көтөрүп бийлеп атат. Күндө ошентет, бала
эмеспи, оюнга тойбой турган мезгили да" ушинтип жанын жеди. Кошуна аял да ыраазы, "ырас, мээримдүү аял көрүнбөйбү" деп ойлоп койду.
"Мээрими" эми гана башталган. Кенедей немеге эмнелерди гана кылбады. Карышкырдай көз карашы Нестанды
калтыратып турганга он эле күндүн ичинде жарап берди, заар тилин соймоңдотуп, колунда эмне болсо уруп жиберет. Аял ордунан козголсо Нестан жалтактай башын калкалай калчу болду. Атасы эмне, анын көбүн билбейт, билген күндө да төшөгүн жылыткан бу катынга айтар акаараты жок эле.

#71 12 March 2013 - 00:00
Ошол шыпыргы менен башка жеген күнү Нестан керээли-кечке ыйлап жүрдү, үнү жок көз жаш сыбызгыйт. Кечинде атасы бир жактан келгенде короодогу кызынын кебетесин көрүп, "бу сага эмне болгон?" десе, кызы буркурап берди, шыпыргы менен жегенин, мууздала турганын айтты эле, атасы таш жүрөкпү, башынан чала сылап:
"Кой, ыйлаба, апаң экинчи урбайт, анын тилин алып жүр да" деп, ошол замат кызынын абалын шарт унутту, үйгө шаша кирип телевизор көрүп диванда жаткан аялын беттен сүйүп
кучактайт...
Күндө таяк жеп, курсагы тойбой, оюндун көбүнөн дайым куру калчу кыз баары бир тың, зээндүү өстү. Өң-келбети айтылуу сулуу болбогону менен тыкан, токтоо мүнөзү, назиктиги ошол сурайылдай сулуу кыздардан жогору көрсөтөт.
Кийин эс тартып калганда ойлогон, өзү гана бапестеп багып жүргөн бир ою бар эле, мектепти бүтөрү менен бул үйдөн кетет, үйүнөн эмес, бул үйдөн кетет. Анткени бул үй небак эле өз үйү болбой калган, баягы аял ээлеп алган. Адегенде келгенде жыл чамасы үйдү тазаламыш этип жүргөн неме, кийин ал түйшүктү Нестандын мойнуна илип таштаган. Бар түйшүк кыздын мойнунда. Аял болсо бети-башын эбегейсиз боеп, кийбегенди кийип, кээде күйөөсү менен, көбүнчө өзү жалгыз мейманчылап кетет, төркүнүмө барам деп. Кайда жүргөнүн
сураган жан жок. Дептер, калем алыш Нестан үчүн өзүнчө коркунучтуу окуя, тилди аябай угуп, токмогун жеп, анан ээ болот, өп- чап. Атасынан сурабай калган, бир-эки ирет
сурап көрдү эле, "бар, апаңан ал" деген ал. Ошентип Нестандын тилеги бар - үйдөн кетет. Баса, бир ирет агасы шаардан келгенде Нестан эчкирип-эчкирип биртопко аны кучактай ыйлап, бул аялдан көргөн кордугун айтты эле, агасы соороткон болот: "Кой, ыйлаба мен ага айтайынчы, экинчи урба деп". Бир тууган өңдөнүп боор тартып, жалгыз карындашы үчүн күйбөгөн бу неме атасындай эле тоң экен, карамүртөз экен. Күтүп жүргөн агасынан да көңүлү калды Нестандын.

#72 12 March 2013 - 00:05
Нестан онду бүтүп, окууга кетем деп кам уруп, эски-уску кийимдеринен дурусурагын тандап, эптеп жанагы шаардагы ташбоор агасынын үйүнө жетип алмакка атасынан акча сурады эле, ал каапырың адатынча "апаңан сурачы" деп
сөз бүтүрдү. "Апасынан" акча сураш Нестан үчүн тозок да. Сурай албай үч-төрт күн өткөрдү. Анан бир күнү сурады эле, балээ башталды, акча бермек тургай, акесин таанытты жер- жеберине жетип:
"Өлүгүңдү гана көрөйүн шерменде, окугандан кетесиңби, ыя? Окуганың азыр оңбогондой акча. Аны сага ким таап берет?! Атаңдын пенсиясы атаңдын башына жетеби, дагы курсагың тогуңа сүйүнсөң. Окуунун балакетин албай, көчүгүңдү беш жеринен кысып, кыңкылдабай үйдө отур!" деп ой-да жер- жеберине жетип ыйлатып тынды. Бүт оокатты жасап, күңдөй кызмат кылган немени кайдан кетирсин. Анын үстүнө окуп-чокуп алса баш бербей кетиши мүмкүн. Кийин тың күйөөгө тийип алса, экөөлөп келип өзүн үйүнөн кууп чыкпайбы... Ушулардын баарын ойлоду бу катын. Бу жаш неме үйдөн качып кетпесин деп кечинде абышкасынын койнунда жатып айтты:
"Нестаның окууга кетем дейт, кой де. Эмдиги жылы окусун, расход камдап берем де..." Аялынын сөзү эки бобогон неме эртеси
кызын көндүрдү, эмдиги жылы окуганга... Короо толо малы, керектейм десе каткан толтура акчасы туруп, карачечекей кызын окууга жөнөтпөй койду атасы.
Аял Нестанды окууга жибербей эле жөн калбастан, дагы бир
балээни - кыздын бүт өмүрүн коштоп турчу балээни ойлоп турду...
Аялдын аты - Сонун, ошондонбу, "сонун" оюн мындайча ишке
ашырды. Бир күнү Сонун солкулдай кийинип, килтилдей басып, айылдагы автобус токтоочу жайга келди. Төркүнүнө барып келмек. Ошол жерде
турат эле бир зоңкойгон жигит салам айтты, кызымтал экен:
-Эже, амансызбы?
-Аман. Ай Жаныш, бу жерде эмне кылып жүрөсүң, ыя?
-Жүрөм. Жолдош баламдыкына келгем. Эки күн болду, кетип баратам.
-Мен дагы колукту издеп келген го дебатпайымбы. ..
-Колукту издеп убара болмок белем, алар мени издесин, ха-ха-ха.
Бу зөөкүр чалыш жигит Сонундун айылдашы эле, алыс
туугандарынан да болуп кетет. Жашы отуздардан өткөн неме. Бирөөнү сабап коюп бир ирет отуруп келген. Ичкен-жегени эне- атасынын мойнунда. Сонундун "сонун" ою
дал ушул жерде пайда болду:
-Айылыбызга келип
калган турбайсыңбы. Эжем бар эле деп издеп келбесең да, жүрү үйгө, мынча болду үй-жайды көрүп, чай ичип кет.

#73 12 March 2013 - 00:09
Ичкени тарай жаздап бараткан неме дароо макул болду. Арак менен сыйлашы ажеп эмес да. Сонун аны үйгө
ээрчитип келип, алеки саатта Нестанга картөшкө куурутуп, бир бөтөлкөсүн ачып, чай берип турду.
-Бу жакын инилер болот, - деди абышкасына, - учураша кетейин деп келиптир. Ырас жолунан чыкпадымбы, кайчы өтпөй. Бу айылда жолдошу бар экен, ага эртең барсын, бүгүн биздикине конуп ал
дедим. Эжесиникине
конбой кетчүбү, туурабы, Жаныш?
-Туура, - деди тиги. Ага алдыда стакан турса, баары туура болчу. Сонун күйөөсүнө кайрылды:
-Тур, кийин. Жалгыз шүмшүңдөбөй сени менен барайын деп
кайра ойлободумбу.
Сонун күйөөсүн ээрчитип, төркүнүнө кайра жөнөдү. Үйдөн
чыгарда сыртка тамеки тартканы чыккан Жанышты жалгыздата айтып калды: "Биз эртең кечирээк келебиз. Өз үйүңдөй көрүп жата бер. Жанагы кызды көрдүңбү, тамырын
тартып көр. А балким өзүңдүкү кылып аларсың. Эркек эмессиңби. Эч нерседен коркпо, жообун өзүм берем".
Татына кызды улам- улам карап тамшанып, аңгиси кармап турган немеге Кудай берип салбадыбы. Жүзү жайнай түшүп: "Рахмат, эже. Бир кыздык ал бар" деди. Сүйүнүч- ыраазысы кошулуп. Бу маалда Нестан бейкапар дасмалын жыйнаштырып жатат эле.
Жаныш кечке чейин
үйгө кирип-чыгып, эжекеси кеңири таштаган арактан эрмектеп, телевизор
тиктей калып, "конок койдон жоош" абалында жүрдү. Анан каш карайганда Нестан алдына койгон тамактан ичип, тамагын ичээр-ичмексен болуп бу күрүлдөгөн немеден тартынып көзүн ала
качып отурган кызды кепке тарта баштады. Кыз чолок жооп берет кайдан сүйлөшкүсү келди бу күрүлдөгөн неме менен. Тамак ичилгенден кийин идиш-аягын жууп,
тазалап, өзүнүн бөлмөсүнө барып жатты. Тиги үйдө коркунучтуу неме
отурса көз илинмекпи, дабыш тыңшап, жүрөгү куушурула сак жатат. Ана бир маалда бөлмөнүн эшиги ачылып, далдайган эркек кирди:
-Карындаш, уктай
элексиңби? "Карындашы" төшөктөн секирип туруп, жуурканын
тартып бурчка тыгыла берди. Тиги
жакындады:
-Сен эмне секирип кеттиң ыя? Мен эмне, жаналгыч көрүнүп жатамбы сага? Уйкум келбей, сүйлөшүп отуралы десе...

#74 12 March 2013 - 00:13
Кыз эмне айтарын билбей, ого бетер бүрүштү. Аңги неме эми накта кейпине келди. Кызды колдон алып, өзүнө тартып кучактамакчы болду эле, кыз кулундай туйлай чаңырды. Сөзү жок чаңырык. Зөөкүр немеге чаңырасыңбы,
бакырасыңбы,
баары бир, кайра күчөп турбайбы. Ийнеликтей болгон үлпүлдөгөн кызда эмненин алы, тырпырамыш этет...
Алы жок Нестан далайга кармаша алган жок, аз өтпөй
зөөкүрдүн алдында дем алалбай, үнү чыгып- чыкпай аял болуп турду... Таң агарганча кыздын боздогону ого бетер денесин ойготуп, зөөкүрүң тынган жок. Качан короздор тегиз кыйкырып калганда
бөлмөдөн чыгып, бөтөлкөдө калгандан басты да, ошол эле жерге жантайып, коңуругун жай тартты. Кыз болсо бүткөн. Тозоктон өтөр жерде жаткан жандүйнөсү. Ботодой боздогондон башка эмне келди колдон? Коргоп алар, күйүтүн кошо көтөрүшөр адамы жок, төшүнө башын койдуруп боздогонун угуп, башынан сылачу апасы жок... Кыз ордунан туруп, сөлөкөт болуп сыртка чыкты. Дарбазаны ача берип эсине келе түштү окшойт, аны шарт жаап мал сарайга кирди. Көңүлү карарды, көңүлү тоңду. Ошол жерден бир байлам жип алып, устунга байлады...
-Нестан! Э Нестан! - Кошуна аялдын үнү чыкты чакырган. Нестан сарайдан баш бакты, "ыя" деп жооп берген жок. Аялды дендароо карады.
-Э кокуй, сага эмне болгон, ыя?! - Кошуна аял Нестандын кебетесин көрүп чочуп кетти. Бул аял боорукер неме болчу. Апасы өлгөн кызга ар дайым боору ооруп, кай бирде жашырып чакырып чайын берип эркелетип кетчү.
-Эмне болду, кокуй?!
Бул суроо жоопсуз.
Кызда үн жок, нуру өчө түшкөн шишиген көзү, уйпаланган чачы, тытылган ич көйнөгү аялга жооп эле.
-Ким сени?.. - Аял Нестанды колтуктай
кармап, башын салып сарайды карап, илинген жипти көрдү, аны да
түшүндү. Жипти чечип ыргытты. - Атаңдар кайда кеткен? Э кокуй, кайсы шүмшүк... бу
сени...

#75 12 March 2013 - 00:19
Местейген, муздай тоңгон кыз аялды жакын сезип кетти, былбырай эриди, эригени курусун, эчкирип-эчкирип ыйлап жиберди. Кызды кучагына бек кыскан аял кошо жашыды. Кызды далайга сооротуп үйгө алып кирди. Кирип эле чалкадан түшүп, оозунан көбүк чыга коңурук тарткан эңгезердей немени көрдү.
-Ушулбу?! - деди аял. Кыз ого бетер
буркурады, баш ийкеген болду. Аял ачуусуна алдырды, сырткы үйдүн бурчунда жаткан шыпыргыны алып, түз эле уктап жаткан немени беттен ары тартып алды:
-Ой өлүгүңдү көрөйүн, айбан! Зөөкүр! - Аялдын жүрөгүндө жалы бар неме экен, ана бир чапты бакыра ыргып турган немени. - Өлүгүңдү гана көрөйүн доңуз! Түрмөдө чирип өлөсүң, айбан! Эмне болуп кеткенин эми араң сезип, аялга тил кайрыганга жарап турду зөөкүр:
-Эй, эмне согосуң, ыя?! Жыга чабайынбы?!
-Чап, мына чап! Колуңду тийгизип көрчү, ушул жерден сөөгүң чыксын! - Аял дагы качырды.
Аялдын tайманбастыгы тигинин мизин майтарып койду окшойт, чегине берип:
-Эй, болду деп жатам!
-Болгонду азыр көрөсүң, сасыган дөбөт десе! Азыр көрөсүң! -Аял сыртка чуркай жөнөдү кимдир бирөөнү чакырып
келмекке.
Аял кетери менен Жаныш артынан чыгып, куйругун түйдү. Кошуна аял күйөөсү менен бойго жеткен эки баласын ээрчитип келгенде Жаныш айбандын изи небак сууган. Автобус токточу аялдамага чейин издеп, таппай калышты. Аял кайра
Нестандыкына барып, аны үйүнө жүрү деп чакырды эле тиги таптакыр көнбөй койду, үн-сөзсүз ыйдын байлыгында эле. Наркы- беркини сураса да айтпайт. Чарчаганда кетти аял. Кечинде Нестандын атасы менен Сонун келди. Сонун келишти, кызуу, көңүлдүү. Сонун өз бөлмөсүндө соолуп жаткан Нестанга кирип эле атырылды:
-Э өлүгүңдү көрөйүн,
шерменде? Үйдүн кебетеси эмне, ыя?! Жыйнап коюп жатсаң боюңан түшөт беле, ыя?! Ой өлүгүңдү көрөйүн, бооз катындай болуп жатканын көр! Тур, үйдү жыйнап, тамак жаса, бетиңди жулуп ала электе!

#76 12 March 2013 - 00:20
Нестан жаткан жеринен козголгон жок. Сонундун сөзүн уккан жок, ызылдакты гана укту., көндүм тилди гана укту. Аял баарын түшүнгөн небак. Ичинен кымыңдады "ии, сооп гана болгон тура. Эми окуп көр".
Кыздын ушундай тарыхын Макан кайдан билсин.

#77 12 March 2013 - 00:24
***
Эртеси кошуна аял Нестандын абалынбилейин деп келип, короодон карп-күрп Сонунга жолукту. Амандашкан соң
сурады:
-Э Сонун, Нестандын
абалы кандай?
-Абалы кандай дегениң кандай? Өлүм алдында жатты беле, эмне?! Жатат, боозуган катындай болуп. Кыз болгондон кийин эрте туруп, жуунуп- тазаланып, үй оокатын карайт дечү эле... - деди билмексен.
Бу жоопко чыртыя түшкөн кошуна:
-Э ботом, өлүм алдында жатат деген ким бар? Кечээки айбан кордоп кетти эле, ошону сурабатпаймынбы.
-Кайдагы айбан? Кимди зордуктап?..
Кошуна аял делдирей түштү. Булар эч нерсени билбейт турбайбы. Нестан жашырынып
жаткан го деп oйлоду. Ошону менен сөз бүттү. Чуу чыкчу бул иш да бүттү. Сурап алары жок эселек кыздын колунан эч нерсе келбейт экен. Милийсага арызданат деген кеп Нестандын түшүнө да кирмек эмес. Зордуктаганы аз келгенсип, Сонун какшатпадыбы ошондо:
-Ой, өлүгүңдү көрөйүн шерменде, ######! Бир келген кишинин астына жатып бергенин, шерменденин. Сени атаңа айтып абийириңди төкпөсөм элеби!
Сөз атасына айтылган жок. Бүттү. Оор, күйүттүү окуя
Нестандын көкүрөгүн гана күйгүзүп турган, Сонунга сонун кылган...

#78 12 March 2013 - 00:30
***
Токен Маканга айткан сырын ишке ашырууга шыр кирди. Фирманын коопсуздук кызматы деп Макан башында турган төрт жигитти тандады. Төртөө тең жапайы спортсмендер эле. Жапайылыгы бул - алар эч бир спорттун түрүнө катышкан эмес, өздөрүнчө темир-тесек көтөрүп булчуң өстүрүп, кенедейинен көчөдө мушташып көнгөн, тийишкенге ылаачындай тийчү жигиттерден эле. Үчөө Токендин айылынан, бирөө алардын биринин досу экен. Токен аларды топтогон күнү эле Макан менен тааныштырып, мындан ары анын тилин эки кылбай аткаруусун катуу тапшырды. Эртеңден баштап Маканменен бу төртөө эрежесиз уруш боюнча тренерден сабак албай болушту. Тренерге опсуз акча төлөнүп турат экен. Биринчи күндөн эле бу бешөөнү жан-дилин коюп машыктыра аштады.
Токендин кириптер болуп элүү миң доллар төлөгөнүн фирмада эки гана жакын адамы билет. Калгандары шеф ооруп айыкты деп калышкан. Бул сумма соода жүгүртүүсү күндөн күнгө өсүп жаткан Токендин фирмасы үчүн өтө чоң каражат эмес болчу. Ал эми эптеп турмуш өтөп жаткан ачка эл үчүн оңбогондой акча эле. Токен эң опуртал иш жасады - Маканга жапжаңы ТТ тапанчасын сатып
берди да, катуу суранды: "Бул жөнүндө бир мен, бир сен билесиң. Пайдаланчу эң акыркы саатта алгандай бекем кат". Өзү да бирди алган андай тапанчадан. Токен тоодон эле Маканга үстү-башыңды оңдо, квартира жалда деп кеңири акча берген. Намыстанып албай турган болгондо Токен ачык эле айткан: "Куру намысыңды кой. Акчаң тутам болсо бербейт элем. Квартира жалдашың керек, фирмага жүздөгөн адамдар келет, мени менен көп жерге барууга туура келет,
дурустап кийинип албасаң да болбойт.
Мен сага боорум ооругандан бечара деп берип жатканым жок, иш үчүн берип жатам". Макан квартираны бат эле тапты. Жалгыз бой орус кемпирдин үч
бөлмөлүү квартирасынын бир бөлмөсүн ээледи, кемпирге сураган баасын берди. "Мени
баб Вера деп жүр"
деген кемпир. Баб Вера дейт Макан. Кыргыздын балпайган, ыймандуу кемпирлериндей неме экен, жума өтпөй анын тили эле болбосо орустугу билинбей, чоң энесиндей көрүп кетти, тили туру, дили бир болушту. Тамак-ашын кемпирге апкелип берет Макан, пенсиядагы кемпиp болсо керээли-кечке тамак жасоо менен алек, орустун тамактарынан жасап
Макандын алдына
жайнатат. Анын ичкенин карап, дагы
ичсе экен деп кыйнап турат. Орустарда тамак ичкенди көп карабайт, ич эле ич деп да көп кыйнабайт. А бу кемпир болсо кыргызча кылып атпайбы Маканга. Макан Токен берген
тапанчаны өзү жаткан диван-керебеттин жаздыгынын астына
салды. Жердин жети
катар түбүнө кетчү деле жай жок, анын үстүнө шек-шыбаасы жок эле ким аңтара коймок.

#79 12 March 2013 - 00:36
Макандардын кабинети Токендин дал маңдайында.
Төрт жигит экиден бөлүнүп күн-түнү дежурлук кылышат. Макан болсо ар күнү кечке болот, көбүнчө Токенди коштоп жүрөт. Айтылбаган,
жазылбаган телохранители болуп калды окшобойбу. Муну Токен да, Макан да
түшүнүп коюшкан.
Токен акондоштуруп
жигиттерге кароолчу мылтык сатып берди, 32-калибрдеги Макандын кабинетиндеги киши
бою сейфте сакташат. Токен дагы, Макан дагы ууру-кескиге, зордукчул рэкеттерге каршы турууга даярдык көрө башташты, жай турмушуна
аралаштыра. Макан кенедейинен китепти үзүлүп түшүп окуйт, кийин колго тийген детектив китептерге кызыга баштаган, азыр атайын китеп дүкөндөрдөн издеп, сатып алат. Гезиттердеги кылмышка байланыштуу жазылгандарды
калтырбайт, боевик
кинодон санын көрөт. Азыр эмне, телевизорду сайсаң тарсылдаган атышмай, былчылдаган тебишмей. Не болгон
күндө да Макан
кримдүйнөгө аралашпаганы менен анын заң-3акүндөрүн, кылык-жоруктарын жакшы эле билет. Атургай Токендин, жигиттеринин кай
бирде сүйлөшө калгандагы сөздөрүнөн бу чоң шаарда кандай рэкеттер, бандалар
барынан да кабардар, албетте, толук эмес дечи... Макандын ошо күндөрдөгү тилеги эле ушул болду - кандай кыйын, азап-тозогу болбосун, баягы элүү миңди колтуктай кеткен, бетинде тырыгы бар, шыңга бойлуу немени таап, мазасын колуна берүү керек. Андай немелер чардап, кыздардан каалаганын таап ресторандарда, сауналарда сайрандаганды жакшы көрөт. Макан ушуну ойлоп жумуштан чыккан кечтердин көбүн ошондой жайларды шашпай кыдыра берет. Ал жигит бу кымгуут, чоң шаардан табылмагы
тозок болду.

#80 12 March 2013 - 02:53
Токендин Маканга акыреттик дос мамилеси өз ишин кылып турду. Макан иштегенине жарым жыл өтпөй эки бөлмөлүү квартирага ээ болуп, өз түндүгүнүн астында жашайт. Алган айлыгы мурда түшүнө кирбес акча. Акча баарын жасайт тура, үстү-башы оңолуп, атургай баскан-турганы,
денеси кыйла кызды каратканга жарап турду. Баса, Макан төрт жигити менен "Жигули"
минишет, керегине жараша. А жетпейт, бу жетпейт менен санааркабай жүргөнү менен, чийки май жегендей түпөйүл ою мазээсин алат: баягы Токенди уурдап акчага туйтунгандардын жазасын бериш керек. Басса-турса көкүрөктөн чыкпаган бул оюн жетиштүү турмушу баса алган жок. Аскерде полктун штабынан батальондордун штабдарына жашыруун документтерди,
буйруктарды Tашычу офицерди коштоп жүрчү. Асынганы автомат эмес, тапанча эле. Жумасына бир ирет тирде тапанча атып, көзгө атар болбосо да жакшы атканга машыккан. Эми ошолордун кереги тийчү мезгил келди көрүнөт. Үч-төрт курдай Токен экөө тоонун тереңине кирип тапанчаларын сынап көрүшкөн. Андан көп өтпөй Макандын өтүнүчү боюнча Токен мурунку Tапанчасынын ордуна глушителдүү тапанча алып берди.
Кайдан, кимден алганын айткан жок, Макан сурабады. Ошол күндүн эртеси эле ал тапанча да сындан өттү, аткан огу "тарс" этпей, кандайдыр бир дүлөй үн чыгат экен. Эми аны ишке киргизүү эле калды...
Баягы барымта баасына доллар алган жаагында тырыгы бар жигит табылбады. Бир күнү Макан Токенди үйүнө чейин узатып коюп, өзү дүкөндөн
бир аз тамак-аш алып сыртка чыкса,
маңдайкы кафеге баягы жаагында тырыгы бар жигит менен Токенде иштеген бир жигит кирип кетишти. Макандын жүрөгү элеп- желеп согуп, бир азга турду да, ал жакка басты. Кафеге кирип чыккандар көп. Азга аярлап туруп ичине кирип, четирээк жерден орун алып, бат эле келе калган официантка заказын берди да, эл толо залга көз жүгүрттү. Жанагы экөө бурчтагы столдо отуруп пиво ичип жатышат. Макан таң калды, тырык жаак
жигиттин жанандагыны дагы даана көрдү, ошол, Токендин фирмасында иштейт, шыпылдаган тың жигит. Аты-жөнүн билбесе да, дайым баш ийкеше, кол алыша учурашат. Экөө тааныш экен да. Макан алар тарапты экинчи ирет
караган жок. Бат келген тамагын ошондой эле бат ичип, сыртка чыкты. Түз эле Токендин үйүнө келди. Жаңы эле кеткен досунун кайтып келиши Токенди чочутту:
-Тынчыылыкпы деги?! - деди эшикти ача берип.
-Тынччылык эле. Экөө орун алгандан
кийин Макан шашыла келген жөнүн айтты:
-Баягы тырыгы бар
жигитти көрдүм.

Супер-Инфо
super.kg
видео