Суперстан: Сынчынын купулуна толгон кыз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сынчынын купулуна толгон кыз Бердикожо Бийназаров

#1 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 17:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жай мезгилинин орто чени,тактап айтканда,июнь айынын он экиси күнү Медет жумуркадай ак түстөгү "Ауди-100" маркасындагы машина менен Бишкектен чыгып Кочкорду коздой жол тартты.Алдындагы машинасын мурдагы "Мазда" машинасын сатып,жаны эле сатып алган. Бул машинасы менен биринчи жолу алыс жолго чыгышы. Медет Алмата кочосу менен ылдый тушуп,чон тарссага тушкондо машинасын сынаммакка газды тубуно чейин тээп,спидометр 160ты корсоткондо гана ылдамдыкты азайтып,бир калыпта айдады.Жолдо баратып Медет чон атасы Кабыл Медетти чакырып алып,уйдун эшигин жаптырып,анан эч ким кирбесин деп айттырып коюп,башына жаздыкты бийик жаздатып,берилуу менен Медетке керээзин аткан:
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 17:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Ээ,балам,менин олоорум калды. Бир бутум корго саландап турганда айта турган созумду айтып калайын деп сени чакырдым. Менин бул айткан созумду эч кимге айтпа.Бирок, жаса. Атан Капар айткан созумду укпай,сага озу билип,кудалашып койгон деп аял алып берип койбодубу. А менин конулум аялынды биринчи коргондо эле тойгон эмес. Ичимден гана сыздадым. Ал кезек отуп кетти.Мына эми эки аял алганга уруксат берилди.Менин сага айтайын дегеним,баягы Союздун убагы жок.Жай чарба болуп калды корунот.Ар ким оз билгенин жасап журот.Ал башка соз.Сен менин айтканымды аткар.Кочкордо Азык уурусунан чыккан сынчы Сабыр деген киши бар.Калп айтпасам,жашы алтымыш-алтымыш бештерге барып калды.Менин атымды айтсан,учурунда айткан аманатымды аткарат.Сен менин козум откондон кийин жыл маалында бар.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бир жыл откондон кийин,ал сага тандап туруп кыз алып берет.Сен ал коргон,тандаган, купулуна толгон кызды алгын. Бирок,нике кыйдырып,ата- энесин ыраазы кылып туруп уйлон.Тигил киши жол-жобосун айтып,тушундуруп берет.Жумушундан отпуска алып,ал кишини машинага салып кыдыргыла,издегиле. Менин сага минтип айтып жатканымдын себеби,мен дагы,атан Капар дагы бир атадан жалгызбыз.Биз жон жердин тукумунан эмеспиз.ата- тегибиз наабаттуу,эл бийлеген,жакшы атанын тукумдары.Мен муну эмне себептен айтып отурам,билесинби? Эгер билсен мен сага баятан бери айта албай жатканым башка,эмне учун сага башка аял ал деп жатам.Себеби, сенин уулун алмаз сени тартпай калды.Сен ага ишенбе.Сенин ишканана,жыйнаган дуйноно ээ боло албайт.

Мен сенин жыйнаган дуйноно ээ болсун деп айткан жерим жок.Уулун,эски адамдар айткандай,ат уркутконго жарабайт.Бул эл бийлей албайт дегеним.Себеби, ал таякелерин тартып,ыр жагына ооп кетиптир,откондо уйуно барсам,кыяк тартып ырдап жатыптыр.Уну жакшы экен.Ошондо эле ойлоп койгом,кап,таякелерин тартыптыр деп.Жээн таякесин тартат деген соз бар эмеспи.Ошол себептен сага аялды озум алып берейин деп ойлогом.Азыр деле кеч эмес. Бул создун торкуну мындай... Кабыл аксакал жотолуп,жанындагы кагазга тукуруп алып,созун улады:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 20:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Тээ илгери кадимки Токтогул Сатылганов ырдап жаткан жеринен улуту казак сынчы коруп,кап,баланын идериги бар экен.Ыр жагына ооп кетиши жаман болуптур.Эгер ырдабаганда хан болмок деп сынаптыр.Корсо, ырдаган адам эч качан хан болбойт,эл бийлей албайт экен.Дагы бир бологон окуяны айтып берейин.Тынымсейит уурусунан чыккан Арстанбек Буйлаш уулу дегенди уккандырсын? Ошол Арстанбек колуна комуз алып ырдаганын укканда,атасы Буйлаш урушкан экен:

-Ырдаба,ырдаган биздин тукумубузга жакпайтдеп. Бирок,Арстанбек атасынын тилин алган эмес. Мына эми ошо Арстанбектен калган чыгаан деле бала жок. Мен сага муну эмне себептен айтып жатам,тушунуп жатасынбы? Муну айтып жатканымдын себеби,сени кичинекейинде Сабыр сынчыга коргозгом. Анда сен жети жашта болчусун. Ошондо ал:

-Аялды жакшы жерден алса,чыгаан уул торолот. Озу деле жаман болбойт. Бир мекмени бийлеп,убагында ташы ойдо кулайт. Негизи эле тукумунар жакшы экен деп айткан.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 20:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Келин деле жаман эмес. Жакшы эле. Анда куноо жок. Бирок,биз каалаган,биз энсеген "ат уркуто турган" баланын торобогону анын куноосу эмес. Себеби, биз кеп кылган чыгаан уулду жон аял торобойт. Сынчынын купулуна толгон аял торойт. Эгер сынчынын купулуна толгон аял,тээк-жайы начар эркекке чыгып калса,ал деле жонокой бала торойт.Себеби, жакшы уулдун торолушу бир гана энеден эмес,атадан да болот. Мейли,бугун мен коп суйлоп койдум. Калган созду сынчы озу айтып берет. Балам,айткандарымды аткар. Айтаар керээзим ушул. Калганын озун ойлонуп кор.Алмазды деле коп куноолобо. Анда куноо жок. Озунун жондому,талаты ыр жагына ооп кеткени,энесинин гени кучтуу турбайбы - деген.

Мына андан бери бир жыл убакыт отту. Атасынын жылдыгын бир аз мурун откоруп келген болчу. Анан ары ойлонуп,бери ойлонуп чон атасы айткан сынчыга кенешкени бара жаткан эле.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Медет кырктын алтысына чыккан орто бойлуу,кырдач мурун,коздору сурдуу,толмочураак келген кара тору жигит. Озуо тиешелуу чакан ишканасы бар. Уруусу - Сарбагыш. Айтканын аткарган,убадага бек,бир суйлогон,чечкиндуу, шар мунозго ээ.

Медет Кемин шаарчасына кире бериш жерден колунда жетелеген жаш баласы бар кош бойлуу аялдын кол которгонун коруп,отуп барып токтоп,кайра артка айдап келип,келиндин жанына машинасын токтотту.Себеби, катуу айдап келе жаткандыктан, элуу метрдей отуп кеткен эле.Келин машинанын арткы эшигин ачып:

-Байке,Кочкорго барасызбы,барсаныз ала кетинизчи?-дегенде ,Медет башын ийкеп:

-Отурунуз. Мен дагы кочкорго бара жаттым эле,-деп келинге жылуу мамиле жасап,жылуу жуз менен карады.Чон атасы Кабыл дайыма:

-Балам,алдындан кош бойлуу аял чыкса,салам берип от. Кичуу болсо дагы ишин онолот. Эгер машина менен баратсан,сала кетип,жеткирип коюп жур,-деп айтчу.Бул жолу Медет кош бойлуу келинди коргондо чон атасынын созун эстеп атайын токтогонунун себеби ошол эле.Эгер чон атасы бул созду айтпаганда, машинасын токтотмок эмес беле,ким билет.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Медет кабинадан орун алган кош бойлуу келинди уурдана кузгудон карап,ичинен аны аяп кетти да,жол кыскартуунун амалын кылып:

-Озун Кочкордон болосунбу?-деп созго тартты.Келин берилген суроого анчейин жооп бергенге шашылбай,тоо жакты караган тейде6

-Жок,Кочкорго турмушка чыккам.Озум Кеминден болом, - деди Медетти карап. Эмне,сиз Кочкордон болосузбу? - деп келин соз улап,сураган болду. Медет жол караган калыбында:

-Жок,иштерим менен баратам,озум Колдон болом,бирок, уруум Сарбагыш,- деп уруусун сурабаса деле айтып,ашыкча соз суйлоп алганын моюнга ала созун чукул бутурду.

Келин кызыгуусу арта:

-Биздин уруубуз да Сарбагыш. Атам урууга коп конул бурат,-деп создун учун улады. Ортодо соз уланып,машине Кубакыны ордоп чыгып баратканда, келин:

-Байке,машинаны бир азга токтотосузбу? Баламды тосуп албасам,белги берип атат-деп бир жаштагы баласынын талабын аткармакка отунуч менен суранды. Медет катуу бараткан машинаны аяр токтотуп,озу дагы сыртка чыгып,тоо арасына коз жугурто,жаратылыштын кооздугуна кызыга бир азга карап туруп калды.Арадан аз убакыт отпой машина ордунан жылганда Медет келинге кайрылып:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 21:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Балким сен таанырсын,Сабыр деген карыяны, - деп сурады. Келин бушуркоп:

-Кочкор чон айыл. Райондун борбору эмеспи. Бирок,биздин бир кошуна бар Сабыр деген. Жашы алтымыштан ашып калса дагы уйлонбоптур. Уйунон киши узулбойт. Озу абдан жакшы киши. Учурда анын уйундо бир кыз уй кызматын кылат,- деп Сабыр карыя жонундо устуртон айтканда Медет суйунуп:

-Ырас болбодубу. Мен ошол Сабыр карыянын уйуно бараттым эле. Чон атамдын айтуусунда ал адам уйлонгон эмес,уйунон киши узулбойт деген эле. Ал адамдын уйун кантип табам деп ойлоп аттым эле. Жолубуз бирге турбайбы деп, -Медет жылмайып койду да,дароо чон атасынын айткан созун эстеди. Чын эле боюнда бар аялды сыйлаш керек турбайбы. Эгер мен бул келнди салбасам,анда убара болот элем, - деп ал озуно-озу ыраазы болду. Машина Кочкор айылына келгенде,келин дол коргозуп келатып,озу жашаган уйдун жанынан тушуп атып,Сабыр карыянын уйун коргозуп:

-Байке,мениз жол кире,-деп акча сунду. Медет колун жансай:

-Жок,кереги жок. Озум жалгыз келсем деле келмекмин.,- деп келин сунган акчаны албай,кайра ага ыраазылык билдирип:

-Ырахмат,карындашым, сен болбосон,мен бул уйду издеп,канча убара болмокмун - деп,жолун улап дагы ойго алдырды "Ата-эненин тилин алган кандай жакшы,эгер мен атам айткан ишти аткарбасам, кош бойлуу келинди машинама салбасам,буйтка жердеги бул уйду тапмак эмес турбаймынбы? деп ойлоп,машинаны сабыр карыянын уйунун алдына айдап келип токтотту да,эки жакка аяр коз жугурто машинадан тушту.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   talant.elmira   10 Март 2013 - 23:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Медет узун салынган уйдун астанасын аттап,ичкери киргенде Сабыр сынчы жаны эле чайга отурган болчу.Сырттан кирген орто бойлуу,мандайы жарык,толугунан келген жигитти клогондо ордунан бир обдулуп алды да,берилген саламды алик алып:

- Кел,торго от, - деп орун коргозду,колун жансап. Медет орун алып олтурган сон:

-Озунуз кандайсыз? - деп мурда-кийин тааныган адамдардай соз улады. Сабыр сынчы:

- Жакшы жатабыз озун кайдан келдин? Ниетин ак экен,жаны эле даамга караганда келбединби - деп, Медетти жылмая,жагымдуу коз караш менен карады. Медет иймене чай сунган кыздын колунан чыныны алып,алдына коюп:

-Борбордон келдим,Озум Ысык-Колдон болом. Чон атамдын айткан керээзинин отоосуно чыгуу учун сизге атайын келдим - деп,создун ток этээр жерин айтты Сабыр карыя:

-Келгенин жакшы. Чон атан ким эле? Мен тааныймынбы? - деп сурады,Медет чайдан ууртап:

-Сиз тааныйсыз. Кабыл деген кишинин небереси болом - деди. Сабыр сынчы Кабыл карыянын ысымын укканда:

-Кап,ал киши дагы дуйно салдыбы. Кайран киши абдан жакшы адам эле,ыйманы саламат болсун деп,эки колун жузуно тартып,бата кылды да,эми Медеттин эмне максат менен келгенин айттырбай билип,баштагыдан мамилесин озгортуп,созду алыстан баштады. Эт бышым убакыттын ичинде Сабыр сынчы турмуш сабагына байланыштуу коп создорду айтып айтып берди.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Орус муноз кутур бараткан Медетке,Сабыр сынчынын айткандары укмуштай маанилуу сабак болду. "Созду уккан жерге айт" демекчи,ар бир айтылган созго терен ынтаа коюп уккан Медетке,Сабыр сынчы берилуу менен баян куруп берди.

Соз учугу Кабыл карыядан башталып,тээ илгерки мындан эки-уч кылым илгери болгон окуяга чейин уланып,Эсенгул баатырдын атасы Болот бийге барып такалды. Сынчы бул окуяны батаардан мурда Медетке коз карашы менен билгизип,анан:

-Медет,тажаган жоксунбу,менин айткандарымдан? -деп сурап калды.

Медет конулдонуп:

-Албетте,тажаган жокмун. Уланта бериниз созунузду - деди. Сабыр сынчы кулумсуроп:

-Анда эмесе,угуп тур деп, - созду баштады.

-Болот бий беш аял алып,беш аялынан торолгон балдарды Санчы сынчы деген атактуу,алдыдагыны коро билген адамга сынатат. Сынчы Болот бийдин беш аялынан торолгон балдарын сынынан откоргон сон,кайрылат:

-Болот бий,сенден озундун кадырына жеткен тен бала жок экен. Сулуу деп,онуно карап эле аял ала берген турбайсынбы. Элдик уулдун торолушу энеден дагы болот. Анткени,бала эненин жатынында тогуз ай жатып,калыптанат. Ошондо эненин дагы сапатын озуно кабыл алат деп,Болот бийди башка аял тандап алып берейин ошону ал. Сенден созсуз баатыр,эл камын ойлогон бала торолушу керек дейт - да, Таалыке энени кантип алып бергени жонундо соз улады.

-Алгач Таалыкени коргондо Болот бий кадимкидей чанат. Ошондо Санчы сынчы:

-Бул аялды албасан,озун бил. Тигине сулуу деп онуно карап алган беш аялын койнунда жатпайбы. Торосо ошол беш аялын деле торобойт беле, - деп создун ыгын келтирип,Болот бийди кондурот. Сынчынын айткандай Таалыке эне жыл айланбай,эркек торойт. Ал уулу тортко чыккан сон,сынчы "ат качырбас боз айгыр торолот" деп айткан бала торолот. Ошондо Болот бийдин беш аялы "Сынчы айткан бала торолду" деп,кунулук кылышат да ,козун тазалоону чечишет. Баланы эмне кылып жок кылыштын айласын ойлоп,Болот бийди н беш аялы акыры анын дагы айласын табышат. Журт саргайып кетти,журт которолу деп Болот бийди кондурушуп, тан эрте уйлорун чечип киришет. Болот бий жаны караганы жигиттери менен алдыга кеткенде,Таалкеге кулундуу бээ токуп беришип,бешиктеги баланы алып бербегиле деп ал жердеги калган жигиттерге айтышат. Торт жашар Сарымбекти артына учкаштырып, бешиктеги баланы энип ала албай коет. Кулундуу бээ уйуру алыстаган сайын ооз бербей туйлай баштайт. Ошондо Таалыке айла жок баланы журтка таштап кетет. "Олсо Болоттун бир баласы олот,эмне кылайын башка айла жок" деп жаны жкртка келгенде,Болот бий дондо олтуруп,эмчегин басып,боз уйун тигип жургон Таалыкени коруп,бир жигитке:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Жененер эмне ыйлап журот? Барып билип келчи, - деп жумшайт. Жигит барып келип,энтигип:

-Бала журтта калыптыр - дейт. Ошондо бул беш катындын кылыгы экенин билип,эки жигитти эски журтка чаптырат. Эки жигит жолдо баратып, "карангы кирип кетти. Эмдигиче ит-куш жеп кетти го. Эртен деле барабыз" - деп аттарын отко коюп,талаага туноп калышат. Сабыр карыя "угуп атасынбы" дегенсип,коз кыры менен Медетти карап койду. Медет башын ийкеп,муюн угуп атканын билгизип,коштой койду.

-Анан эмне болуптур? - Эртен менен эрте эки жигити аттанып,эски журтка жакынжаганжа эле ак чатыр турганын корушуп," бул кимдин чатыры болду экен" деген ойдо аттарынын оозун кое берип,жакындап келишсе,ак марал бешикке чатын салып,эмизип аткан экен. Экоо аттан секирип тушуп эле бешикти коздой чуркашат. Ак марал экоону коруп ары басып кетет. Жигиттер баланын эки ууртунан агып аткан сутту корушуп,ырыскылаш бололу деп,экоо баланын эки ууртунан аккан сутту ###### жиберишет да,ак маралды карашса,андан дайын жок. Экоо тан калып:

-Бул бала тогун бала эмес. Коруноо кыдыр даарыды, - деп алып жоношот. Болот бий беш аялына: - Бала тируу болсо аман калдынар,олсо силер аман калбайсынар - деп катуу эскертет. Баланын олумун тилеп атышкан беш катын эми баланын омурун тилеп,аман болсо экен деп,оздорунчо кобуранып атышты. Жан деген кандай таттуу. "Бироого ор казсан тайыз каз,озун тушуп каласын" деген кеп бар эмеспи. Эми тиги беш катын оздорунун жандарынан умут кылбай,оздорунун куноолорун сезишип,тан атканча кирпик какпай чыгышат. Эртеси Болот бий баш болуп эки жигитти чыдамсыздык менен кутушот. Тушко маал эки жигиттин караанын коргон калдайган эл жакшылыктан умут кылып,баланын эсендигин тилеп,беш катынды каарып,алардын жоруктарына нааразы болуп,аларды жаман коздору менен карашат. Эне байкуш коз жашын агызып,эмчеги зыгкырап,тан атканча куткону бир тен,азыркысы бир тен болот. Себеби,жакшы кабар угамбы,же жаман кабар угамбы дегени. ушул бала учун мени алган эле. Кечээтен бери курсагы ачып,ыйлап атып боору эзилип калды го...


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мындайда кимдин оюна жакшы ой келсин. Конулу эч нерсеге чаппай,ичинен келме келтирип,баланын эсендигин тилеп,кечтээтен бери ачка жургонуно кайыл болуп,жол карап олтурган Таалыкенин абалын суроттогонго соз жетпейт. Болот бий озунун анкоолугуна, беш катынга алданганына ичи куйуп,ичинен кан отуп турду. Сачы сынчы:-Калмак- кытайды ошол уулун суруп чыгат. Ченеми жок баатыр болот. Андан сенин атынды чыгарган кара сенсел хан чыгат. Башка балдарын анын жанында суу кечпей калат - деген эле. Санчы сынчынын айткандарын эстеген сайын Болот бий орунга тура албай,ачуусу келгени жузунон билинип турду. Жиберген эки жигитин тун ортосунда келет деп куткон эле. Келбеген сон,ал дагы баланын эсендигинен тунулуп калагн болчу. "Жаш ымыркай баланы эмес,чон кишини талаага танып туруп таштап кетсе,ит-куш жеп кетээри айдан ачык" Ит-куш жебегенде да,ыйлап атып деле жаны учуп кетти да эмдигиче" деп оюнун баарын жамандык ээлеп алды. Болот бийдин ары-бери басып атканын коргон беш катын бирин-бири жектеп урушуп атышты. Баарын кылган сен,сен айтпасан биз журо бермекпиз - деп учунчу токолун куноолошту. Чындыгында баарын учунчу токолу баштаган. Ал аялы дагы соз жебей,болгон иштен алыстагандын амалын издеп куноонолоп, аман калыштын амалын издеп жатты.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 18:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Себеби,бала аман-эсен болбосо,тортоо тигини куноолоп,аман калыштын амалын издоо турган иш эле. Санаа чегип атып беш аял дагы чунчуп,аз убакыттын ичинде кейиптери кете тушкон болчу. Эки жигиттин келиши баары учун тозок болду. Убакыт токтоп тургансып турду. Бир убакта эки атчандын карааны жакындаганда Болот бий:

-Бала эсен бекен? - деп унун катуу чыгарып сурады. Суроо берип алып "кандай кабар угам,эмне деп айтат" деген ойлор бир эле Болот бийдин эмес,жалпы элдин оюна келди. Эки жигит жарыша:

-Бала эсен экен! -деп айтканда Болот бий уккан кулагына ишенбей,дагы баштаган суроосун жаныртып берди.


-Ооба,бала эсен экен! - дегенди укканда,Болот бийдин коздору нымдашып кеткенин озу да билбей калды. Турган ордунан унун бийик чыгарып:


-Аксарбашыл, бала эсен болсо "Эсенгул" болсун деп ат койгон экен. Ак боз бээни сойдуруп,баланы бешикке салып той берет. Беш катынына: "ичээр суунар бар экен,экинчи бул ишинер кайталанбасын" деп еатуу эскертет. Беш аялы баштарын ийкеп,жандары аман калганына суйунушуп,куноолорун моюндарына алышыптыр. Ал эми ошол биз кеп кылган Болот бийдин Эсенгул деген уулу баатыр чыгыптыр. Ошол уулунан башта кеп кылган кара сенсел хан чыгат дебедик беле. Ал Ниязбектин уулу кадимки хан Ормон экен. Ниязбек ата дагы убагында элге эмгеги синген кадырлуу олуя,бир нерсени алдын ала биле койгон адам болгон экен. Сегиз улуу сегиз жерде эл бийлеп ташы ойдо кулап турганда дагы которулуп кетпеген жонокой киши болуптур.





Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 19:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Арадан бир ай чамалуу убакыт откондон Медет,бир куну сынчыга берилуу менен кайрылды:


-Анда сиз тандаган,издеп тапкан кыз бачгы кеп кылган Таалыке апага окшош келинби? - деп суроо узатты. Сабыр сынчы кулумсурогон калыбында Медетти карап:

-Жок,мен сага андай жашы откон келинди тапкан жокмун. Жаш кыз,бирок,сага жагабы,жакпайбы мени туйшолткон ой ушу. "Эркек коз менен суйот" деген кеп бар эмеспи. Анын сынары сага узун шыйрак,бели ичке,сулуу,ак жуумал кыз жагаарын мен билем да.


-Жок, ошончо кыз-келинден Санчы сынчыга отуз жети жаштагы келин жагыптыр дегенинизден эле менин оюма башка нерсе келбедиби. Ой деген кандай кулук. Медет Сабыр сынчы айтканга чейин эмнелерди гана ойлогонго жетишти. Бирок,баары бир мага жакпаса дагы,сынчыга жаккан кызга уйлонушум керек деген ойдо болду.


Сабыр сынчы Медеттин оюн тушунуп:


-Медет,сен мага кандай тушунсон озун бил. Бирок,менин айтканымды аткар. Эртен кун тобого келгенде тигил кыз менен кенен таанышып,созго тартып королу. Бул кыз эки уул,бир кыз торойт. Эгео сен ага нике кыйып буйруп уйлонуп калсан биринчи уулун сенден артык торолот,экинчиси дагы сенин денгээлиндегидей болот. Сенден ашык деп айтканым,сенин даражандан анын даражасы чон болот. Экинчи уулун сенин даражандай денгээлге жетет. Бир жолу кыргызга таанымал эле бир киши бир жерден: "Азыр тукумдарым келет,куто тургула" дегенинен кутуп калдык. Ангыча эле эки бала келип,ал кишиге жолугуп суйлошуп кетишти. Эки бала кеткенден кийин озу айткан тукумумду улоочулар,эгер балам десем,анда ал бала мага тете же менден ашык болсо балам демекмин. Экоо тен, менин денгээлиме жетпейт.



Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 20:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бала атадан ашып же атанын денгээлине жеткенде гана бала деген атка татыктуу болот деп айтканын уккан элем. Медет создун торкунуно тушундунбу? Медет айтылган созго муюп,башын ийкеп олтуруп калды. Ээ, Медет,лаи угккандан уга элегин коп, - деп ордунан турду Сабыр сынчы.

ХХХ

Сынчынын конулундо "Ош" базарында нан сатып турган,кара тору,жаплдаш бойлуу,коздору бакырайган, чачы бел курчоосуна чейин жеткен,узун койнок кийген кыз жакты. Сабыр сынчы бул кызды коргондо коздору кымындап,нече кундон бери издеп журуп таппаган кыз эми табылганына суйунуп,атайын келип кыздан соода кылды.

-Кызым,нанын качадан? - деп кыз менен суйлошмокко нандын баасын сурап,созго тартты. -Кайсыл жердин кызы болосун,кызым? - деп Сабыр сынчы кыздын дайынын билиш учун.

-Кеминден болом.

-Кайсы уруудан болосун7

-Уруубуз - озук,бирок,Сарбагыш деп айтат негизи.

-Жакшы,кызым. Эртен дагы келем. Ушул жерде бол,макулбу? - деп сынчы шашыла басып Медеттин ишине жоноду.Медет иштери менен жумушунда эки кунго кармалып калган. Сынчы убакытты текке кетирбейин деп озу базарларды кыдырып келген болчу. Буга чейин Медет экоо коп жерди кыдырышты. Чон окуу жайларына,орто окуу жайларына барышты,ал турсун айылдарды да кыдырышкан балчу. Бир жолу Медет озу жактырган эки кызды коргозгондо, Сабыр сынчы биринчисине:

-Бардар жердин кызы экен. Эрке осуп калыптыр. Кийин сага тили тийип калат. Бул кыз болгону бирди торойт. Андан артык торобойт. Кыскасы,купулума толгон жок. Мынча болду жакшы кыз тандайлы. Экинчисинин болсо гени кучтуу экен. Кайсы жердин кызы?

-Жумгалдан болот. А, анда саяк турбайбы уруусу. Саяк элин эмне деп сынаган билесинби? Эки элди эриктирбейт, бир элди бириктирбейт, кыздары сулуу,аттары кулук чыгат,шойкумду эл болот деген. Бул кыздан торолгон бала созсуз таякелерин тартатт. Тек-жайы кандай,тегин билесинби?


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 20:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Жок,билбейм. Эгер гени кучтуу болсо анда болбойт, - дегенде Медет сынчынын андан аркы айта турган созун укпай созду узуп салды. Медет сулуу кыздарды коргондо ушул кыз конулуно толсо экен деп канча жолу сынчыны умуттуу карады. Бирок,сынчы ал кыздарга коз кырын салганы менен жактырган жок. Акыркы кундору Медет "деги буга кандай кыз жагат?" деп умутун узуп койгон болчу. Бир жолу сынчыга бир орус кыз жагып калат. Ал кызды коргондо эле сынчы:

-Кап,тиги орус кыз чыныгы эл керегине жараган уул торойт. Бтрок,улуту башка болуп жатпайбы. Мусулман болгондо жакшы болмок. Дини дагы жол бербейт. Кой,мынча болду тили буру эмес,озубуздун кыргыз кыздан издейли, - деген. Сынчынын конулуно толгон орус кызды карап,Медет "ушул кыздын эмнесин жактырды? Кулук тандаган саяпкердей эле болдук го" деп ойлоп койгон эле.

ХХХ

Медет ишканасында иштеген жумушчуларын чогултуп,озунун кабинетинде жыйналыш кылып жаткан эле. Конулу алда кайда алып учкан Сабыр сынчынын кубанганы жузунон билинип,Медеттин конторасынын астанасын аттап эле кабинеттин эшигин чертпей туруп ичкери кирип,озун караган коп адамдардын козунон сурдоп,кайра чыкканча шашты. Жарыктык киши,эшикти чертип кирсе бомок экен деп Медет суйлоп аткан созун токтотуп,сыртка чыкты. Баарыдан да бир баштык нан которуп алган Сабыр карыянын бул жоругу чынында эле козго ото комсоо корунду. Медет сыртка чыкканда Сабыр сынчы шашкалактап:

-Жыйынынды ото бер. Медет сыртта куто турам. Шашма жаным,эшигинди дагы чертпей калган турбаймынбы, - деп куноосун мойнуна ала суйлоду.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 23:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Медет ууртунан жылмайып: Мен бат эле, - деп ичкери кирип кеткенде, Сабыр сынчы бактын тубундогу отургучка кочук басып олтуруп,отконду эстегенге отту. Чынында конулуно жаккан кызды Медет экоо канча убак коротуп издешпеди. Бир гана Кабыл карыянын керээзин аткарайындеп убаданын кулу болуп,анын отосуно чыгуу учун алтынга тете убактысын болуп,Медет менен ээрчишип журду. Медет дагы акыркы убакта тажап баратканын анын жузунон байкаган эле. Таттуу кыялга жетеленген Сабыр сынчы жанына келген Медет "мен келдим" дегенсип жотолуп белги бергенде гана,Сабыр сынчы селт эте чочуп,Медетти карап:

-Ка-ап,ишине тоскоол болдум го. Жыйналышын буттубу? - деп сураган болду. - Ооба,отпускада журуп коптон бери жыйын откоро элек элем. Азыраак иштерди тестке салдык корунот. Эн негизги иш орунда - деди,унун шандуу чыгарды да,коз карашы менен белгизди.

-Сиздин ишиниз кандай? - дегенде,Сабыр сынчы кубанганын жашырбай:

-Медет,кудай кааласа,иш онунда. Коптон бери издеген кызды бугун таап,суйунгонумдон сенин эшигинди да чертпей,катуу уялып калбадымбы, - деп негизги созду айтты да,озу которуп келген нан салынган баштыкты карады. Медет кызыгуу арта:

-Бул нандын баарысын неге алып алдыныз,жарыктык? - деп сурап,жооп куто туруп калды.

Сабыр сынчы кыт-кыт кулуп:

-Кундун ысыгы бул болсо,менин нан которуп алганымдын жону жону кулку келээрлик эле иш болду, - деп Сабыр сынчы созду алыстан баштап,акыры озулору издеген кызды кантип тапканы жонундо айтып берди. Медет нан саткан кыз жонундо укканда азыраак конулу кирдей тушту. Бирок,сыр бербестен: - Аны эми качан корсок болот? - деп белгисиз сынчынын купулуна толгон кыз коз алдына тартылып,аны менен жолугуп суйлошуп атканын кыялында учкай элестеткенге улгурду.

-Бирок,тээ бир топ кун илгери Кочкорго жаны баргандагы Сабыр сынчынын айткан создорун эстеп,ал кыздын озуно эмес,андан тороло турган балага кызыктар экенин алгачкы планга коюп,Сабыр сынчыны ээрчите машинени коздой басты.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   talant.elmira   11 Март 2013 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Эртеси кун которулуп,так тобого келгенде сынчы Сабыр,Медет экоо машина менен Ош базарына келишти. Буга чейин эле Медеттин журогу бат-бат согуп,озун кармана албай калдастагандай абалда калды. Бирок,сыр бербегенге аракет кылды. Эгер сынчы тандаган кыз Ош базарынан болбосо,бул ""пропка" болгон кочолорго Медеттин келгиси жок болчу. Машинаны арандан зорго бир бош орунга токтотуп,экоо базар аралып киришти. Сабыр сынчы алдыга,Медет артынан басып,нан сатып турган кыз-келиндерди коздой жоношту. Эртерээк алиги озунун конулуно жаккан кызды табуу учун энтендей басып,барчу жерине жеткен сон Сабыр сынчы нан саткандардын арасынан конулуно жаккан баягы кызды издеди,бирок, аны таппаган сон:

-Кап,жок дегенде атын сурап алсам кана?... Эми аны кайдан табам? Атын билсем сураштырып таап албайт белем, - деп ойлонуп калды. Медет сынчынын акыбалын коруп:

-Эмне болду? Жок экенби? - деп сурады. Ичинен: "жок,дегенде студент кыздардан жактырса эмне?" деп ойлоп алды. Бир чон буюмун жоготконсуп Сабыр сынчы ары-бери басып,тегеректи карап,кыздын караанын издеп жатты. Медет Сабыр сынчыга боору ооруп,аны аяп кетти. Эмнеси болсо да ага жаккан кызды алайынчы,озумо жакпаса да деп ойлонуп атканда жанына бир кыз келип, назик уну менен:

-Байке нан аласызбы? - деп жылдыздуу коздору менен жагымдуу караганда Медет кыздын суйкумдуулугуно суктана карап,жок деп айта албай:

-Нанындын баасы канча? - деди

-Байке беш сомдон. Жакшы бышкан нан, - деп жооп берди кыз. Медет ичинен "жок дегенде ушу кыз жакса эмне" деп ойлоп койду. Кыз менен Медет тиктеше тушту. Бул тиктешуунун артында эмне жатканын экоо тен сезген жок. Кара торусунан келген келген,орто бойлуу арыкчырай,бакыран коз,сулуучумак келген Бурулкан,Медеттен козун тартып алып,уялынкы жуз менен:





Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   talant.elmira   12 Март 2013 - 00:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Байке,эмне болду сизге? Нан аласызбы же албайсызбы? - дегенде гана Медет эмне дээрин билбей: Атын ким? Атынды айтсан нанынды алам - деди. Бул созду айтмак деле эмес. Эмнегедир Бурулкан менен суйлошкусу келип,ортодогу ынгайсыздыктан кутулуш учун гана суйлоп койгон эле. Бурулкан атын айтканда,Медет колун сунуп:

-Менин атым Медет, - деди. Бурулкан уялып колун аран сунду. Экоо кол алышып атканын коргон бери жакта турган Сабыр сынчы тан калды. Озунун конулуно толгон кыз тигинип Медет менен кол алышып атканына ишенбей турду. Сабыр сынчы "ушул кыз" деп корсото электе эле экоо таанышып атканы Сабыр учун кутулбогон кубаныч эле. Себеби,Сабыр сынчы "Эми кантип экоону тааныштырам? " деген ою журогун ойуп аткан эле. Бирок,сыртынан корсотуп коеюн,медеттин оюн билейин деп ойлоп аткан. Медет менен кыздын бири-бирине болгон мамилесин коруп эле,кыздын Медетке жакканын билди. Оцлогон ою ордунан чыкканына ичинен ыраазы болуп,Медеттин кыз жандуу экенин билди да,ичинен "Азамат,жигит болбосон кое кал. Кандай жакшы,эми,калганын озу бутурот,мен ушул кыз деп айтсам. Менин конулумо жаккан кыз Медетке дагы жакканы ырас болду" - деп ойго жетеленип,экоонун жанына басып келди.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   talant.elmira   12 Март 2013 - 19:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

-Кандайсын,кызым? Мени тааныдынбы7 - деп кыздан жооп кутпой эле:

-Кечээ келем деп кетпедим беле?.. Азыр эле келип,сени таппай калганымдан, кап,жок дегенде атын сурап алсам эмне,сураштырып таап алмакмын деп кабатыр болуп аттым эле. Азыр эле жок эмес белен,кайдан келип калдын?

Бурулкан кулумсурогон калыбында,жайдарыланан:

-Нанымды сатып бутуп,жаны нан алып келгени кеткем, - деди. Медет менен таанышып,кол алышканымды коруп калды дегенсип,жер карап,уялынкы тур коргозду. Сабыр,Медетти карап,"ушул кыз" дегендей белги берип,Бурулкандын атын сурады.

-Кызым атын ким,билип алайынчы? Дагы сени издеп калсам,сураштырып калаармын.

-Бурулкан, - деди. Сабыр сынчы Бурулкан дегенинен улам эле,кыздуу уйбулодо торолгонун билди. Себеби,Бурул деген атты ырымдап,бурулуп, "эмкиси эркек торолсун" деген ырым менен коюлганын билгендиктен, ичинен озунчо "ырымдап коюдган ысым экен" деп ойлоп койду.

-Жакшы атын бар турбайбы. Уруубуз Сарыбагыш,анын ичинен Озук дедин беле?

Кыз башын ийкеп:

-Уруубуз - Озук. Кеминден болом.

Бул убакта Медет Сабыр сынчыга ыраазы боло: "жакшы кыз тандаптыр,уруусун билген. Кайсыл эле кыз уруусун,тегин билип атыптыр. Керек болсо,эркек балдар билбейт ата-тегин,уруусун. Бурулкан бир уйду когортчу,ыймандуу жар болчудай экен. Чупурок-чапыракка коп кызыкпаган, кой маарек,ичине жаман ой сактабаган, "душманды дос кылган,тууганды кол кылган" Каныкей энебиздей сарамжалдуу аял болот" деп ойлоп жатканда,Сабыр сынчы оюн бузуп:

-Ээ,Медет,биз эми кандай кылабыз? - деди. Медет шар мунозуно салып,барбаландап, Бурулканга карап:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: