-Ии, кайдан? - Токен жабыша калды бу кабарга.
-Эми эле кафеден көрдүм.
-Ит болуп эми кайра таппай калат турбайбызбы.
-Токен
кейий берди эле, досу кебин улады:
-Табабыз. Жанагы бизде иштеген шуулдаган неме бар го, сенден наркы
кабинетте отурган, ошону менен пиво
ичип отурушат. Токендин дароо жини кайнады:
-Айбан, ошо кылган
экен да!
-Ким эле аты?
-Марс. Агасы жабышып жүрүп орноштурган.
Түбү биздин өйдөкү айылдан болот. Илгертен эле шаарда туруп калышыптыр.
Айбан десе!.. - Токен жанын коерго жер таппай туталанат, -энеңдурайын жүзүкара, колтугумда жүрүп ошо кылган турбайбы баарын. Өлдүң дей бер!
-Аны мага кой, - деди Макан досун кучактай кысып, - сен таптакыр киришпе.
-Эмне кылайын дейсиң?
-Сен сураба. Азыр да,
кийин да, макулбу?
-Болуптур.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#82 12 March 2013 - 02:58
***
-Алло, Марс бар бекен?
-Угуп жатам. Бу ким?
-Тезирээк операнын
жанына кел.
-Азыр. - Марс ким экенин даана билбесе да трубканы кое ордунан тура жөнөдү. Шектүү жүргөн неме далай былык иштерди бүтүрүп жүргөн
досторунун бири экен деп ойлоду.
Тез эле операнын жанына келип, эки
жагын элеңдей карап, наркы-терки басты. Дал маңдайында турган
"Жигулиге" көңүл бурган жок. Дал ошол машинеден үн чыкты:
-Марс, беркел. Марс жалт карап Маканды көрдү. Ой
токтото албай машинеге келип
Макандын айтканы
менен анын жанына
отурду. Машине ордунан зуу койду.
О далайда барып
сурады Марс:

#83 12 March 2013 - 03:02
-Кайда баратабыз?
-Азыр билесиң. Жаман эмес, жакшы жерге баратабыз. Ашып кетсе бир саат убактыбыз кетет.
Бул түпөйүл жоопто коркунуч жок болчу. Антсе да Марстын
айласы кетет. Машине шаардан чыгып төтө жолдун бирине түшүп, чакан суунун жээгине өскөн топ бадалдын
жанына келип токтоду. Макан кириш сөз айтып
убакыт короткон жок, Марстын ичке мойнун капшыра кармады:
-Ии, элүү миңден бөлүшпөйсүңбү?
Марс дароо түшүнүп,
кумсарып кетти, "кайдагы элүү миң?" деп айтууга кудурети жетпей калды. Ал кыргыз, орус, чечендерден турган
бандага сунуш кылган дал ушул Марс болчу. Он миңди колуна таптаза санап алган. Орто оокаттуу эне- атасын кубантып жер алып, эки кабат үйдү тургузуп жаткан болчу, дагы да таап бүтүрөм деп. Марстын көз алдына баары элестеп кетти. Колу-буту шал боло, деми таптакыр кайтты, аябай алсыз болчу азыр. Анткен менен жанталашкан
сезим мындайда кубатына келет эмеспи:
-Мени кыйнашып... ата- энеңди өлтүрөбүз дешип... - деп дароо эле колго түшүп берди. Танса деле болмок. А балким тырык жаак жигит жөн эле таанышыдыр. Буга чейин Макан анын айбандыгына толук ишене албай, бүдөмүк ойдо эле. Эми өзү айтып, кылыгын мойнуна жеңил эле алып жатпайбы. Макан бандада кимдер барын, кайда жашаарын, аттарын
айттырып турду. Айтып жатып токтоло калып жаткан Марстын мойну аттиш кыскандай улам кысылып, этин оорутуп жатты. Таштан суу чыгарчудай кармаган колго анын ичке мойну камырдай эзилбейби.

#84 12 March 2013 - 10:09
Жанагы жаагында тырыгы бар жигит банданын мыкчыгерлеринин бири экен, өзү адвокат болуп иштейт дейт. Кызыгы, Марс билген бандадагы беш жигиттин тең иштеген иши бар. Бири театрда артист болуп иштегени Маканды аябай таңгалдырды.
..
Макан билгиси келгендердин баарын билдим дегенге келип, машинеден түшүп аны астынан айлана өтүп Марс отурган эшикти ачып, жетелеме абалда отурган Марсты машинеден жулкуй түшүрдү. Үндөгөн жок. Жетелей багажникти ачып каршылыгы жок немени ага тыгып, башына целлофан
мүшөк кийгизип, ачкыч салынчу сумкадагы тапанчаны алып, дал чекеге басты. Үн чыккан жок, Марстын башы шалак этти. Анан кан акпасын деп мүшөктү дагы да тарта кийгизип, багажникти жапты да, машинесине отурду. Эми шаарды буйтай өткөн жол менен тескери тарапка айдап, чоң жолдон чыгып жүрүп отуруп килейген каналдын жээгиндеги бак-бадалдуу жерге токтоп, bагажниктеги өлүккө килейген гираны байлап, үч-төрт метр бийик жээктен сууга ыргытты. Бир эле кур этип, өлүк жок болду. Макан эми гана карады эки жагын. Муун-жүүнү бошоп кетти. Өлтүргөнүн эми сезди. Жерге отура
калып тамеки тартты. Көкүрөгү оордоп, бир нерсе өйкөп турду, башы айланып кеткендей болду. Адам өлтүрүүнүн алгачкы азабы ошентип кыйнап жаткан болчу. Адамды жалаң эле мыкаачылар өлтүрбөйт...

#85 12 March 2013 - 10:18
***
Эртеси Токен Марсты иш боюнча издетти. Кайдан тапмак. Үйлөнө элек, бир көңүлдөшү менен ошонун үйүндө турчу. Ал жактан издешти. Жок. Төрт-беш күн өткөндө милицияга кабарлашты. Алар дагы бир жумадан кийин издөө жарыялашты. Ошол күндөрдүн биринде Токен Макандан сөз
ортосунда сурап койду:
-Марсты жер жутуп
кеткен го?..
-Жутса жутуп кеткендир.
Ошону менен бу маселе бүттү. Токен түшүндү. Марска боору ооруган жок, беркилеринин жок болушун көксөдү. Аларың болсо дал мурунку түнү жок
болгон эле...
Макан Марсты сууга ыргыткандан кийин беркилердин артынан түштү. Бир күнү алар жаагы тырыктын үйүнө чогулушту. Ар бирин жалгыздатып жайламак болгон Макан дал ушул күнү баарын чогуу бүтүрмөк болду. Кечки саат 9 болуп калган. Күзгө жуук күн кыскарат эмеспи, караңгы кирип калган кез. Макан беш кабат үйдүн экинчи кабатындагы тырык
жаактын квартирасынын коңгуроосун басты. "Бу ким?" деген суроо да болгон жок, эшик дароо ачылып, тырык жаакты көрдү Макан.
-Салам!
-Ии, - деди тырык жаак алик алыштын ордуна.
-Мени Марс жиберди.
-Эмне деп?
-Бир ооз сөз эмес, бу жерден айтып кеткендей.
-Жүрү, - тырык жаак
эшикти жаап, Маканды баштай басып төркү үйгө киргизди. Бар оокат толо бөлмөдө төртөө төрт креслодо отурат. Ортодо чакан стол, алдыларында ичкилик куюлган рюмкалар. Нараактагы бийик столдо тамактын түрү жайнап, бели ийилет. Карта чаап жаткан түрлөрү бар. Дароо эле кызымтал экендерин байкады Макан. Баары аны карап калып, кебетеси кавказдыкына окшогону тырык жаактан сурады:
-Мунуң кайсы? Макан анын Марс айткан чечен экенин
билди.
-Марс жиберди дейт.
Чечен эми Маканга кайрылды:
-Эй чилиш, эмне деп жиберди аның. Акча
керек бекен?
-Жок...
-Эй, кое тургулачы, момуну бүтүп жиберип анан угалы, - деди олбурлуу мурутчан
кыргыз. Баары ага макул болушту. Тырык жаак да ордуна отуруп, картасын колуна алды. Ошол замат Макан унутулду. Бака-шака орусча сөз коштолуп, оюнун улантышты. Акчага ойноп жатышыптыр. Макан саамга туруп анан, диванга барып отурду. Арт жагындагы бел кырчоодогу тапанча
даана сезилет. Бешөөнү атканча бири эсине келип, өзүн жайлабас бекен. Марстын сөзү боюнча булардын ар биринде курал бар. Бир маалда орус жигит Маканга кайрыла берип столду жаңсай айтты:
-Эй дос, тетигинден иче бер. Чыңалып араң турган Маканга ырас болду, ордунан туруп столго барды да, арактан жүздү куюп ичип, колбаса сугунду. Ан ичкен-ичпегени менен эч кимдин иши болгон жок. Картанын, акчанын кызуусунда
баары. Макан ордуна барып отурду. Аңгыча жанагы орус жигит
"мен азыр" деп туалетке кетти окшойт. Аздан соң Макан анын артынан барып, туалеттин эшигин тартты, ачык экен. Ал эргулуңдун табарсыгы тарсая толгон окшойт, охолоп үн чыгарып сийип жатат. Макан кирип келгенде ал кайрыла берип:
-Сен эмне, ыя? - дегенге араң үлгүрдү, дал чекеге тапанча басылды. Макан кулай турган немени акырын жөлөй жерге бүк түшүрдү. Анан тигилер отурган бөлмөгө келип, ары карап отурган тырык жаакты каракушка, эч нерсени түшүнө электе берки үчөөнү да басып-басып алды. Ок чечендин көкүрөгүнө тийип, креслосунда тыбырай төшүн тытат. Тапанчасын издегени же ок жеген жерин кармайын дегени билинбейт. Экинчи ок дал төбөгө басылды... Макан далайды көргөн киллердей токтоо кыймылдап жана
кармаган рюмка менен бөтөлкөнү, туалеттин туткасын салфетка менен сүртүп чөнтөгүнө салды...

#86 12 March 2013 - 11:05
***
Эртеси бир телеканалдын кримкабарынан "кечээ белгисиз бирөөлөр беш адамды атып кеткендигин, бу кримдүйнөдөгү өз ара разборкалар болушу мүмкүн" деген кабар берилип жатканда Макан Токендин үйүндө экөө тамак ичип жаткан.
-Кыра бергени жакшы, - деди Токен аны көрүп.
-Ооба, - деди Макан аны коштой, - бири калбай кырылса кана!
Токен өзүн кыйнагандарды эстеди:
-Баягы тырык жигитиңден кабар жок да, э?

#87 12 March 2013 - 11:14
-Кабар жок. Экинчи андан кабар болбойт. Макандын бул сөзү эмелеги көргөн окуяга шайкеш келе түшкөндөй болду. Токен кызык болуп кетти. Сурап турду:
-Тырык жаакты тынчыткансың го?
-Азыр көрбөдүңбү. Токен бир оор жүктү алгандай жеңилдей
түштү. Эми эле көргөн окуяны дагы көргүсү келди. Билип туруп көргөндө көксөөсү жакшы суумак.
-Ким менен жасадың?
-Андай ишти жалгыз
жасаш керек. Токен досун кучакка алды. Бекем кысты, ыраазы болуп ошентти. Бул экөө тең боорукер жигиттерден болуп
туруп бири алты бирдей адамды өлтүрсө, экинчиси ага ыраазы болуп турду.

#88 12 March 2013 - 11:15
Телевизор тиктей өз-өзүнчө ойго бастырышты.
Жапжаш немелердин өлүмү, артында калгандардын кайгы-муңу келди эске. Бирок алардын баарын өздөрү кылды, жөн жүрүшсө тирүү жүрбөйт беле деген ой жеңип койду. Адам канын мойнуна
алышкан жок, zhазасы колдоруна тийди дешти. Кызыгы, экөө кеп алышпай, бир ойго бирдей баам берип
турушту. Акыреттик
достордун ою бир багытта болот тура...

#89 12 March 2013 - 11:17
***
Марстын өлүү-тирүүсү билинбей он беш күнчө прокуратура менен милициядан тергөөчүлөр үзүлбөй, анан бара-бара келбей да калышты. Макан бир күнү Токенди үйүнө чейин узатып, кайтып келатып акыр-чикир салынчу челекке жабышкан аял- эркекти көрүп, баягы тытыша кетчү эрди- катын Касым менен Берметти эстеди, машинени алар жашаган тарапка бурду. Кеч кирип калган. Келсе, алар үйүндө жок экен. "Эртең менен келем, кетпей тургула" деген катты
жазып эшикке кыстарды.

#90 12 March 2013 - 11:19
Эртеси дем алыш күн болчу. Макан сотовый менен Токенге байланышып,
бүгүн ал эч жакка барбай
тургандыгын, өзүнүн
бош экендигин угуп, түз эле Касымдыкына жөнөдү. Катты окуп таң атканча уктай албай, таңдын атышын Кудайдан тилеп чыккан Касым аялы экөө тең сыртта күтүп турушуптур. Машине
токтоп, түшкөн Маканды көрүп чуркай тосушту, биринен сала бири кучактап, айтаарга сөз табышпайт теңтайлаша. .. Экөө эки жактан чыгып үйүнө киргизишти. Чай беришти. Экөөнүн кебетеси, дасмалдагы жалгыз нан алардын жашоосунун таптакыр эле начар экенинен кабарлайт. Жер-жемиш сатып жакшы оокат кыла баштадык эле, базарком кууп жиберди дешет.

#91 12 March 2013 - 11:20
Күнөөнүн баары ошол көпкөн базаркомдо экен. Өздөрүнүн ичип-чычкандары менен иши жок, аны айткысы да жок. Макан экөөнө акча берди:
"Ичкениңерди азайтып, мобул акчага тамеки-самеки алып көчөгө стол коюп саткыла. Азыр элдин баары эле ошентип жатат. Анан иш таап берем". Иш таап берем дегени ушуну менен экинчи ирет оозунан чыкты. Биринчи жолу жөн гана аларды жакшы көрүп калганынан айтылган. Бу жолу ойлонуп айтты.

#92 12 March 2013 - 11:22
Эртесинен баштап бир жерге экөөнү тең орноштурам деп өзүнө да катуу сөз берди. Коштошуп кетээринде Касым арызданды:
-Баягы сенден балта
менен жеген зөөкүр
баягүнү дагы келип
мени коколоп кетпедиби, энеңдурайын суболуч десе! Мени балта менен чапкан иниңе айтып кой, башын жулам дейт. Атаңдын башын жуласыңбы десем,
көзгө бир уруп атпайбы, неңдурайын! Сенин кайда жашаарыңды билсем, ошол күнү барайын дедим эле...
Макан адресин бул эле деп айткан жок. Тигини жооткотту:

#93 12 March 2013 - 11:23
-Аны менен өзүм сүйлөшөм. Жакында эле сүйлөшөм. Баш жулганды көрүп алсын! Макан берген акча экөөнө эки жумага жетип берди. Сатабыз деп алган арак, самогон, тамекилерин өздөрү түгөтүп бүтүрүштү...
#94 12 March 2013 - 11:25
***
Нестан зордукталгандан кийин кескин өзгөрдү. Тыпыйта жасалган оокаты, күндүр-түндүр окулчу китептери калды. Атургай таптаза жүрчү кыздын кебетеси да жүдөңкү. Мурун Сонундан тилди күн алыс укса, эми күндө он маал угат. Тилдеги бар жаман сөз менен тилдесе да, кабагым-кашым дебей угат, турмуш жалаң ошондой оозго алгыс сөздөрдөн тургандай
сезилет ага. Баягы окуйм деген үмүтү да өчө түштү. Муунуп өлөм деген ою да жоголгон.

#95 12 March 2013 - 11:27
Тамагын ичип, тынбай оокатын жасаган болуп, анан уйкуга кетет. Уктарда дайым апасын эстейт. Ага удаа Жаныш зөөкүрдүн желмогуз элеси тартылат. Жүрөгү түшөт. Мына азыр эшик ачылып, "карындаш,
уктай элексиңби?"
деп кирип келчүдөй
бүрүшөт. Ошол коркунучтуу күндөн бери далай убакыт өтсө да, короодон чыга элек. Атасы менен Сонунду, анан кез-кези менен келген адамдарды гана көрөт. Мейман
чакырылганда ашканадан чыкпай тамак даярдайт, идиш-аягын жууйт. Мурун эле эркек балдардан денесин жыйрып турчу эле, эми ого бетер коркот. Бир адамга бир ирет сөзсүз келчү сүйүү дегениңдин дайыны жок. Ал жөнүндө ойлобой да калган.

#96 12 March 2013 - 11:29
Баягы онунчуда окуп жүргөндө теңтуш кыздары "баланчадан кат алганы, сөз айтканы" жөнүндө кыткылыктай айтышчу эле. Ошондо үйүндө уктай албай жаткан убактарда элестете берчү. Бир татына жигит өзүн чексиз сүйүп, экөө баш кошуп жакшы жашап, жер кыдырып, Сибирде жүргөн aгасыныкына чейин барып... Кийин антпей калды, ой-мүдөө, үмүт менен барбай калды... Үмүтүндөгү ажайып
кооз дүйнө, бактылуу делген жашоо, эч нерсе эбине келбеген көр

#97 12 March 2013 - 11:30
турмуш, кайгы... баары, баары аралашкан. Эй, бирок убакыт дегениң өжөр нерсе, баш бербейт бу адам
баласына, кандай жаман иш болсо да бара-бара жууп салат, калса калар өткөндөн анча-мынча өксүк так, аның эч нерсеге жарабай калат. Нестандын өмүр ченеми да өтүп турду, жараткан берген ошол өмүр ченеми четинен короп, убакыт көкүрөктөгү кирди аздап, билинтпей жууп турду. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, ошондой болот...

#98 12 March 2013 - 11:32
Нестан кез-кези менен ой токтотуп, көп эмес аз өмүрүн дилден өткөрүп алат: окубай калганы, зордолгону,
Сонундун бул үйдөгү кордугу, күндө он маал жыттып-жыттап алчу апасы, кызым дебеген атасы, карындашы менен иши жок агасы... баарын, баарын эстейт. Жаздыгы көз жашты сиңирип сууланат, жаздыгында тил болсо эркелете сооротмок, жакшысын кийинкиден берсин демек, сөзсүз берет, болгон ишке өкүнүп ыйлап не, түкүрүп кой демек...
#99 12 March 2013 - 11:33
Эмнегедир баягы жайлоодогу аксаргыл жигитти эстеп коет кээде. Татына жигит болчу. Ал кечке карабады беле. Ошондо Нестан кирерге жер таппай калган. Зөөкүрдүн зордугун көргөндөй, билгендей сезип, алар кеткиче чатырдан чыкпай койбодубу. Аны апкел, муну апкел деп Сонун "сонун"
сөздөр менен тилдеп, каарып кетип жатса да, боз үйгө экинчи башбакпады ошондо. Кыш күндөрү болчу. Үч- төрт жылы катары менен бул аймакка кар аз түшүп, эл ошого көнүп баратат эле, бу жылы кар зор түштү.
#100 12 March 2013 - 11:34

Супер-Инфо
super.kg
видео