Кар менен кошо береке түшкөндөй сүйүнөт эл, бөтөнчө бала-чака кар мелтеп, тоголонуп, чаналуусу чана тээп, чанасы жокторго үстөмдүк кылып, барктуу болуп, короолорго тоодой кар үйүлүп, көчөгө, огородго ташылып... Оор кар менен Нестадын башына оорчулук түштү. Карды күрөп коесуң, убагында эрип кетет. Ал эми адам башына түшкөн оорчулукту оңой менен кетире албайсың. Сонун деген шайтан катын Нестанга дагы бир нерсе ойлоп, анысын ишке ашырып турду...
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#102 12 March 2013 - 11:38
Сонундун айылында Кулан деген киши бар эле. Кезинде облуска чейин кызматтарда иштеп, анан акырындык менен жылмышып-
шыпырылып отуруп, өз айылындагы мектепке деректир, пенсияга чыгып мугалим болуп, пайгамбар жашына жеттим дегенде таштап, акчанын күчү менен чоң кылып алган пенсиясын өмүр бою пара менен топтогон
акчасына кошуп жашап аткан. Аялы тээ жаш кезинде кыз төрөп берип, ошол бойдон согончок канатпады.

#103 12 March 2013 - 11:39
Ошол кызы азыр борбор шаарда, бала- чакалуу, чет эл менен байланыштуу бир жакшы иште иштейт дешет, айлыгын доллар менен алат экен. Куландын байбичеси жети-сегиз айдан бери төшөктө, колу-буту кыймылдан калып, ичкен-чычканы бир жерде, айылда акча керек айымдар тажагыча багып турушат. Кулан байбичесинин
ооруганына кейибегени менен, анын сасып жатканына капа, жек көрөт. "Эркек тукум көрсөтпөдүң" деп айта

#104 12 March 2013 - 11:44
жүргөн сөзү эми "сасыбай,
таза өлбөдүңгө"
өткөн. Тобо кыбай, ошентип айтат. Маңдайга жазса төшөктөгү кемпиринен мурун кетерин эске албайт. Эркек туягым жок деп жанын жеп жатканы бир эмес, эки аялдан эки туягы бар. Экөө тең үй-жайлуу. Анда-мында бир көрүп турат. Отуздан өтүп эки бирдей бойдок келин менен жүрүп, суранып, акчасын сапырып төрөтүп алган. Анткен менен ошол эки баласына жакшы каралашты. Арам акча менен адал акчанын айырмасы деле болбойт, бирдей эле
керектесе болот экен -арам акчалар
уулдарынын окуп- чокусуна жакшы кызмат кылды. Анын эки баласы барын элдин баары билет да, жалгыз аялы билбейт.

#105 12 March 2013 - 11:45
"Байкушту эркек туяктуу кыла албадым" деп өмүр бою өкүнүп келди. Төшөккө жатып калганы ал санаасы, оңдолбос, ордуна келбес өкүттөрү күчөйт. "Уулдуу болгондо келиним бакпайт беле, эч болбоду дегенде неберелерим кашымда турбайт беле" деген өзөгүн өрттөп да, сүлүк курттай соруп да турчу санаасы чала өлүк абалын ого бетер күчөтөт. Бу аял терең түшүнүгү болбогону менен, дурус жан.
#106 12 March 2013 - 11:48
Бирөөнө зыяны жок өмүр өтөп келет, күйөөсүнүн катынпоздугун көрбөсө да сезип, ичимтап болуп келди. Энеси төшөктөн тура албай калганда бакчадан баштап орус тарбиясын көрүп, тилин сүйлөп өскөн кыз эки ирет келип, кеткенче шашты. Тамакты сасык деп ырыскесерленип өскөн неме энесинин
сасыгына кайдан чыдады?
Кулан акча төлөп улам бир аялга кемпирин көзөмөлдөтүп, өзү ал жаткан бөлмөгө
күнүндө кирсе кирет, болбосо жок. Бу ишсиз, жетишпеген заманда
бок чыгарып акча
тапкан да табылгыс
оокат олубатпайбы.

#107 12 March 2013 - 11:50
Ошентип Куландын небактан келаткан жаш катын алуу ою күчөп, ага шылтоо табылып, бойдок, жаш дегеn аялдарды көңүл сынынан өткөрүп, алар жөнүндө ойлогондо жүрөгү алеп-жалеп согуп, баскан-турганы тың тартып, кан тебе чытырган бети ого бетер чыңалып, казысын азайтуунун
жолун издеген болуп, айтор, күйөөлүккө даярданып жаткан
болчу. Сонун андан көп кичүү болгону менен сен деп сүйлөшөт. Илгери өзү эмес, аты кыз кезинде Куланга бир иш менен барып, анын торуна түшкөн, экөө жарым
жылдай өтө жашыруун жолугушуп, бүт элге
билинип калганда кол үзүшкөн. Анткен менен бири-бири менен жакшы учурашат.

#108 12 March 2013 - 11:52
Куландын катын уулап жүргөнүн уккан Сонун бир күнү аны райборбордон жолуктуруп,
аманчылык алышкандан кийин эле айтып турду:
-Сени жар издеп жүрөт деп уктум эле,
жардамдын кереги жокпу?
-Керек эмей, - деди
Кулан купшуңдап, -
сендей аялзаты тапкан неме мыкты болбойт беле...
-Мыктысы мыкты эле, бирок өтө жашпы дейм...
Өтө жаш деген кепти угуп кулан эңги-деңги боло түштү. Жүрөгү кабынан чыкчудай
согуп атат, кабын
жарып кетчүдөй. Атаңгөрү, жаш кыз
алсам, анын жаштыгы өрттөп турса, алдыма отургузуп eркелетсем.. .

#109 12 March 2013 - 11:59
деп башталган ою далайга алпарып таштачу. Эми минтип Кудай бергени турат
бейм. -Өтө жаш болуп эмине, он төрттөгү кыз эместир, - деген болду.
-Он төрттө болсо соттолуп кетесиң, кызым жыйырмадан
жаңы эле өттү. Кулан жаш айырмасын эсептеп жиберди. Кырк жаш айырма экен, туй ата, жыйырма жаштагы неме болуп-толуп турган неме да, видиктерден көргөн турна моюн, турна бут, жылаңач кыздар элестеп кетти. Ого бетер жан туйлады.

#110 12 March 2013 - 12:08
-Жүрү, тамактанып жай сүйлөшөлү, - деди Кулан Сонунду чыканактан сүйөй, - сени менен бир отурган күндөр жомок болуп калбадыбы. Сонун учур экен ошол учур, сени жолуктурган,
сагындырган.
.. - минтип калп айтты. Сагынбайт эле, кутулганына сүйүнгөн ошол маалда. Экөө райборбордун мен деген кафелеринин
бирине кирип, алдыларына түркүм
даам, ичкилик жайнап, ичип-жеп отурушту.
-Ии, келиңиз, момуну
жанагы жаш аялыңыз үчүн алалы, койнуңузду өрттөп турушу үчүн, - деди Сонун.

#111 12 March 2013 - 12:10
-Кандай болсо да сенчелик ысыта албас... Мейли эми, ал үчүн деле алып коелу. -Кезектеги тост алынгандан кийин Кулан чыдамы кеткен жообун уккусу келди:
-Тостту го арнап салдык, аныңдын аты- жөнү ким деген неме, кайдан болот
дегендей?..
-Ии, жаш неменин
жытын алып чыдамың кетип жатабы? Өз эле кыз, жанагы күйөөмдүн жалгыз кызы.
-Атасы эмне дейт. Илгертен тааныш да
эмеспизби?
-Эмне демек эле, кайра сүйүнбөйбү кызынын эр тапканына.
-Анда жакшы экен.
-Бир кеп бар, бирок...
-Ии...
-Кыз жаштык кылып коюптур, бир ирет.
-Бир эле ирет болсо
эмне экен, жаштык
кылбаган ким бар
дейсиң.

#112 12 March 2013 - 12:11
-Туура айтасың, - деди Сонун жаштыгынын бир жерин - жаштык кылып койгон жерин эстеп. - Эми калган жаштыгы бүт өзүңдүкү болот да... Денең алоолочу турмуш алдыда.
Анан экөө бир топ жакшылык үчүн каалап ичип олтурушту. Кызышты. Ошонун
эртеси экөө райборбордогу Сонундун бир теңтуш келини салып берген төшөктөн турушту,
иттики...

#113 12 March 2013 - 12:14
***
Бир ирет Токендин иниси Бекен базарлап келди. Өз инисиндей көрүп калган Макан аны ой-боюна койбой үйүнө апкелип экөө ичип-жеп жакшы отурушту. Экөө тең ойт берген бойдок болгон соң белгилүү да, алардын сөз ээси
кыздар болуп турду. Макан улам камданып, анан батына албай жатып, айтпай кое албай турганда сурады: "Баягы жайлоодогу башкарманын кызы кандай жүрөт болду
экен?" Бекен аны менен айылдаш болсо билбей коймокпу, билет, зордукталганын да
билет. Ошол Макан бир көрүп жактырганда анын кыз атын өчүрүп зөөкүр Жаныш тырпыратканына
жарым жылдай өткөн.

#114 12 March 2013 - 12:18
Макан аны кайдан билди. Кыздын зордукталганы чуусуз аяктаганы менен кошуна аял билет эмеспи, ошонун эртеси эле "эч кимге оозуңан чыгарба" болуп жүрүп отуруп, бүт айылга жарыя болгон. Бир билбесе анын дөңгөч атасы билбейт. Бекен укканын жашырбай айтты эле, Макан колунан алдыргандай болду. Ошол жалбырактай дирилдеген аппак кыздын зөөкүр алдында жатканы,
жатканда да жардамсыз, айласыз, ботодой боздоп жатканы жигиттин көз алдына Tартылды. Азыр Жаныш деген ал жексурду дал тумшукка урчудай муштумдары таштай түйүлдү. Амалы

#115 12 March 2013 - 12:26
түгөнө жаздады. Анын ал-абалын наркы- теркиден күлдүрө сүйлөчү Бекен оңдоп турду.
-Бекен, - деди Макан
бир маалда, - мени
ошол кыз менен жолуктура алар белең?
-Ошо да кеп бекен, -
Бекен ушинтип айта салганы менен ойлоно калды, жообунун нугу башкараак кетти, - жолуктуруу колдон келет дечи, бирок жанагы шайтан аны
үйүнөн карыш чыгарбайт дешет.
-Шайтаның ким?
-Өгөй энеси, аты -Сонун.
-Эмнеге чыгарбайт экен?
-Даанасын билбейм,
иши кылып, чыгарбайт экен. Жанагы зордуктаган неме ошол Сонундун инилеринен болот экен... Анан да эл айтат, ошол зордуктагандан кийин Нестан талма оорулуу болуп калыптыр, эч ким менен сүйлөшпөйт
дешет.

#116 12 March 2013 - 12:28
-Жанагы Жаныш деген неме кайда иштейт экен?
-Иштебейт го кебетеси. Соттолуп келип, ошондон бери ичип жүрөт дейт.
-Айылында эле дечи... -Маканга баш бербеген ой келе калды көз ирмемде, аны жерден чукуса да таап, жазасын бериш керек.
Эки жигит бу түнү укташкан жок. Сүйлөнбөгөн сөз аз
болду. Бекен Маканды Нестанга кандай болгон күндө да жолуктурмай болду.

#117 12 March 2013 - 12:30
***
Дал ошол эки жигит Нестанга жолугушуунун олун ойлогон түнү ал кыз кезектеги кордугун көрүп турду. Ошол күнү таң эртең Нестандын атасы шаардагы уулуна учурашат элем деп кетти. Кетишинин негизги себеби, уулун сагынганда эмес, тааныш издеп, акча менен жолун издеп, өз атын мектепке койдуруу эле. Кеминде бир жума жүрмөй болуп кетти. Сонунду жүрү деди эле, "үй-жайды жанагы чала эс кызыңа кантип ишенип таштайбыз" деп көнбөй койду. Көңүлү жок болчу, болбосо нечен жолу таштап эле кетип жүрүшкөн эмеспи.

#118 12 March 2013 - 12:34
Нестан атасынын кеткен-кетпегени менен иши жок. Түш маалында тамак жаса деген Сонундун
тапшырмасы менен картошка кууруп, чайын белендеп турганда карп-күрп баягы Жаныш деген неме кирип келди. Аны көрүп Нестанга ажал өзү келгендей болду, муун-жүүнү бошоп, денеси калчылдап кетти. Азыр качып кетсе кана, болбосо жанында апасы болуп бу желмогуздан коркунучтуу немени тилдеп-тилдеп туруп кууп чыкса, же атасы төркү үйдө илинип турган алты өрүм жылан боор камчы менен жонунан жон калбай сабасачы... Ушинтип тилеп кетти Нестан. Азыр болсо анын бири жок, алсыз эле, тири жандан Сонун бар, жылан сымал ийриле жатып, жоон сандары bүчүлүгүнөн чечилген халатынан бултаң этип далай жерине чейин көрүнүп, телевизордон бир кызык кино көрүп
жатат эле, кирип келген Жанышты көрүп, жакшы тосту ордунан козголо:
-Кел, келегой.

#119 12 March 2013 - 12:36
Аман жатасыңбы? Биздикилер жакшы турушабы? Төргө өт. Ай, төшөктү калыңда, -деди Нестанга акырая. Нестан анын айтканын кылып, кымырыла олтуруп чай куйду. Чыгып кете алган жок. Антсе Сонун атып туруп чачтан сүйрөрү бар. Экөө ал-абал сурашып, наркы-теркиден кеп
учугун чубайт. Ал
ортодо Сонун ордунан туруп шкафтан бир бөтөлкө, эки рюмка
алып келип Жаныштын алдына койду. Ал бөтөлкөнү ачып куюп жакшылык менен ден соолук үчүн алышты. Бат эле ал бөтөлкө түбүнө түштү. Сөздөр кызуу тартып, күлкү басымдуу кыла баштады, экинчи бөтөлкө ачылат да
анан.

#120 12 March 2013 - 12:38
Нестан дасмал үстүн ирээтке келтирип, өз
бөлмөсүнө барып керебетине отурду. Удавга жем болчу коен абалында дирт-дирт дене. Бу убакта эки эргулдун да денеси дирт-дирт, бирок алар коен эмес, бири бирине
удав болуп жатпайбы. Аны баштаган Сонун, араң турган Жаныш
аны улантат. Экинчи бөтөлкөдөн бирден ичилгенден кийин Сонун Жанышка жакындай отуруп, ыраазы болгон түр
менен:
-Ушинтип эжеңди
унутпай келип
турганыңа рахмат! -
деп кучактай имерип, түз эле калбыйган эринден шимирип өптү.

Супер-Инфо
super.kg
видео