Арагы дене жибитип, баягы каалагандай баскан, үлпүлдөгөн аппак кызды, анан да кирип келгендеги
Сонундун тасырайган балтырлары эстен кетпей дүүлүгүп отурган неме эжекеси оозун тартып аларда кайра имерип бир колу анын мойнунан кысып, экинчи колу жоон санга жабыша түшүп, аңгилигине алдырып койду. Аял "кой" деген болуп, аздап түрткөн болуп, "кантетин"
акырын, таттуу айтып, эркекти үстүнө тарта
жатты.
-Шашпачы, берекем,
шашпа. Кайда шашабыз, - аялдын бул сөзү "макул"
дегендин дал өзү да, эркек шашпай коймокпу, тоскоол кийимдер шыпырылып, эки дене кыналыша түштү
... Аял чачы-башын оңдоп диванга барып отурду да:
-Эжекесин аябаган
сендей тентекти биринчи көрүшүм.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#122 12 March 2013 - 12:43
Куй эми алдагыдан, - деп албырган бетин сылап, жыргата демиктирген демин басалбай, жаңы ачылган гүлдөй бажыраят. Жаныш куюп сунду, өзү да рюмканы колуна алып, Сонунга жанаша отурду:
-Эже, мен небактан эле сизге кызыгып жүргөм,- деди анын бетинен балч өөп. - Укмуш экенсиң.
-Эмнеме кызыктың эле, ыя, чечек?
-Сулуулугуңузга, анан...
-Ии, анан эмнеме? -
Аялдын уккусу келет, кумарланат.
-Эмчегиңиз менен жамбашыңызга.
-Андайлар жеке эле
менде дейсиңби, ыя,
чечек. Аялдын баарында бар да.

#123 12 March 2013 - 12:46
-Баарында бар болгону менен сиздикиндей эмес да.
-Меники кандай экен?
-Жутуп ийгидей. - Жаныш бу сөзүнө удаа колундагысын алып жиберди. Аял да ичти да, рюмканы дасмалга ыргытып койду:
-Тиги кыздыкы жакты беле?
Жаныш эмне жооп айтарды ылайыктай
ойлоно калды эле, аял шаштырды:
-Жакты беле дейм?
-Билбейм...
-Билбесең алтүндө дагы бир көр, уктуңбу, ыя, чечек? Шашпай көр. Чама-чарпың жетер дейм.
"Жетет" деп айтып жибере жаздап, бу катындын жинине
тийип албайын деп
кайра токтоду да,
минтти:
-Ага көңүл чапкан жери жок... Сизден кийин кантип барам ага?..

#124 12 March 2013 - 12:49
-Ошондой дечи...-Аял эми диванга чалкалай жигитти өзүнө тартты, - сизден кийин баралбайм дечи? Мага кел анда. Тартынбачы,
алтыным...
Экөө көпкө жатышты диванда...
Анан орундарынан турушту караңгы киргенде. Аял сыртка чыгып келип жерге кеңири төшөк салды. Жаныш да сыртка чыгып кайра кирсе, аял дырдай жылаңачтанып жууркан тарткан. Жаныш чечинип жанаша жатып, аялды өпкүлөйт. Бир маалда аял аны оолактата түртүп минтти:
-Бар тигини эрмектеп кел. Бизге убакыт кенен эмеспи. Бар, барып кел.
Жаныш эмне кыларын билбей турду эле, аял ачуулана да, буюра да сүйлөдү:
-Бар дейм. Сага эскертип коеюн, менин сөзүмдү эки кылбай жүр, угуп жатасыңбы?! Бар дегенден кийин барбайсыңбы! Шашпай кел. Бол!

#125 12 March 2013 - 12:51
Жаныш шашпай басып Нестандын бөлмөсүн ачты. Ал болсо бая киргенде отурган боюнча эле. Кирип келген Жанышты көрүп, денесин бир силкип алды да, ордунан кебелген жок, кыйкырбады.
Эркек да үндөгөн жок, кыздын мурункудай чаңырып качпаганын макул болгонундай көрүп,
аны баса жыгылды. Кыз каршылык көрсөтө алган жок. Таптакыр алсыз болчу. Лөкүйгөн неменин алдында дем алалбай өпкөсү
куушурулат. Ал болсо кыздын бетин чыла жыттанган оозу менен балчылдата өөп, аймап жатат. Бир колу менен кызды чечиндирет. Өпкүлөгөнүн токтотпойт. Аны менен аябай бириккиси келет. Бирок такыр болбойт. Эркек боло албай ага жини келет. Кызды эзе берди, эзе берди. Анан кенен бир саатча асылып, кудуретсиз экенин сезди. Кыздын бар-жогун элес албай, каакы ордуна көрбөй, өзүнчө сөгүнүп чыгып кетти. Аял чыдабай жаткан.

#126 12 March 2013 - 12:53
Эркек жанынан орун
алганда ойгонгон болуп, уйкусураган болуп сурап койду:
-Эмне, таң аттыбы?
-Жок.
-Катуу уктап кеткен турбаймынбы. Барып келдиңби?
-Ии.
-Жакшы бекен анан?
Жаныш мукактанды:
-Мен... меники...
-Эмне жарабай койдуңбу?
-Ии...
-Андан башкага жарайсыңбы?
-Жарайм го...
-Жарасаң жакын жат. Көптөн бери дене ысыгы да жибите албаган чал менен төшөктөш болгон Сонун жаш зөөкүрдү үчүнчү күн дегенде араң кое берди. Эми анын кереги жок болчу. Жөн койсо аялындай мамиле кылгысы бар а шүмшүктүн.

#127 12 March 2013 - 12:56
***
Макан чыдабай кетти. Нестанды көргүсү келип ошентип жатат. Баягыда Бекен да кыз менен кезиктирем деп койгон эмеспи. Бир күнү Токенден эки күнгө суранып, кайда барар жөнүн
жашырбай Tүшүндүрүп Бекен ини-досуна келди. Ал үйүндө экен. Кышында иш жок, малына чөп салып, алдын тазалап, сугарып бат эле бүтөт да, кечке бош. Кези менен каңгып басып да калат. Макан келгенде сүйүнгөнүн айтпа,
жарылып кете
таштады. Байкел карыя менен байбичеси да өз уулу келгендей кубанып, кучактай жүзүнөн сүйүп, берерге
ашын таппайт. Макан ала келген базарлыгын дасмалга жайнатып, сүттөлгөн чайдан
жакшы ичти. Чай ичилгенден кийин
Байкел карыя уулуна айтты:
-Ии Бекен, досум, досум эле дейсиң, ошо досуң келиптир, соеруң барбы анан?
-Ай, атам ай, сизден
буйрук күтүп отурат
дейсизби, өз укугумду өз колума алганым качан. Жүргүлө, бата тилейли дегиче шашып кетесиз да...
-Аныңды кайдан билдим... Бу чык татырбас Чынарбай
болуп баратканбы
дебатпайымбы, жаман оюмда.

#128 12 March 2013 - 12:58
-Экинчи ошентип айтсаңыз пикетке чыгып убара кылбайм...
Ата-бала ушинтип тамашалашып, төртөө тең сыртка чыгып килейген ирикке бата тартышты. Бекен кой сойгонго маш. Алеки саатта союп, устукандап, чара- чара кылып жиликтеп да салды. Макан ала келгенинен куюп абышка-кемпирге
көрсөтпөй эки жолудан жутканга үлгүрүштү. Аш бышырчу үйдө очок алоолоп, эт бүлк-бүлк кайнап, эки дос ошол жерде, сөздүн
кызуусунда. Бекен көзү ачыктай айтып
жатпайбы:
-Ии, мени шылтоо
кылып, Нестанды
көрөйүн деп келген
экенсиң да э. Үстүңөн түштүмбү?
-Дос дегендин сыры
доско маалым болот
да.
-Үч-төрт жолу Нестан
менен сүйлөшөйүн деп барып, жолуга алган жокмун. Жанагы мастан апасы үйүндө экен. Сумкасын асынып эле ар кайда жөнөп
калчу эле, өчөшкөнсүп жатат үйүндө.
-Үйүндө болсо деле
кезиксек эмне болот.
Илгерки заман бар беле жашырынгыдай.
-Сен билбейсиң да.

#130 12 March 2013 - 16:32
Жанагы аялдын тили канча метр экенин билесиңби? Билбейсиң. Анан ажаандыгы укмуш дейт, абийирибизди кетирип, бетибизди
жулуп түшсө эмне кылдык? Же мушташа албасак аял неме менен.
-Иши кылып ушул жолу бир жолугуп кетейин. Бет жулунмактан баш кетсе да.
-Аракет кылабыз да...
Эт эзиле бышып, төртөө шашпай далайга жешти.
-Катып соккуча ачык соккула, - деп Байкел карыя эки жигитке арак куюп берип отурду. Бир маалда карыя уулун
карап оюн-чындан айтты: - Ай, Бекибай,
карап турсам аракты
кадимки чоң кишидей ичет экенсиң, кайдан үйрөнгөнсүң?
-Ай, атам ай, былтыртан бери эле көрүп жүрбөйсүңбү
ичкенимди?
-Былтыртан бери көргөнүм менен, кадимкидей ичкениңе азыр баам
салыбатпайымбы.

#131 12 March 2013 - 16:34
-Мен эмне алкаш болуп кетмек белем, айда- жылда эле бир ичем го...
-Алкаштын баары айда- жылда ичип баштаган.
-Өзүңүз куюп бересиз да, кайра аныңызды аш кылбайсыз...
-Койдум, койдум. Бу жакшы тамактан куржалак калган болбойт. Бирок ченемин билбей жатпайбызбы. Болду
эми, чын эле ичкениңер аш болсун, балам. Кана, Макан балам, алып
жибер. Мен бу уулум
менен күндө бир маал айтышып албасам бир капталым эле коңулдай берет.
Бешбармак желгенден кийин чай ичилип, андан соң тура качышпай далайга сүйлөшүп отуруп, анан Бекен малга чөп салыш керектигин эстегенде гана орундарынан турушту.

#132 12 March 2013 - 16:36
Кеч кирип калганда
Бекен Нестандан кабар алып келмей болуп кетип, бат эле кайра келди:
-Маке, тиги катын үйүндө дейт. Кошунасы айтат. Үйүндө болсо эмне экен деп жакшы эле кирмек болуп, кайра тарттым. Эртең менен сөзсүз жолугабыз, эмне болсо ошо болсун, экөөбүз тең баралы. Калганын көрө жатарбыз. Макан баарына макул эле. Күн өткөн сайын кызды көрүүнү самайт, бөтөнчө бүгүн жанын коерго жер таппайт... Эртеси Бекен каадасынча мал-жанын жайлап,
тамактанышкандан кийин кайдасың Нестан дешип, машинени таштап жөө жөнөштү.

#133 12 March 2013 - 16:39
-Тээтиги трактирди көрдүңбү, ошонун ары жагындагы үй
Нестандыкы, - деп Бекен кол жаңсай көрсөткөндө мурун эле дүкүлдөгү күчөй
келаткан Макандын
жүрөгү жарыла жаздады.
-Шашпай басалычы, -деди өзүн ушу сөз
менен aлаксыткандай, -чакырылгандай
шашабыз да...
-Ии, айлаң кете бaштадыбы? Кызга жолугат элем деп шаардан бери жетип
келет деле, кызга жолугуш эле оңой
бекен?
Дагы баса түшкөндө Бекен Маканды колдон алды:
-Токто, тигини көрдүңбү, жанагы шүмшүк апа чыкты, Кудай берип бир жакка кетет окшойт.
Тумакчан, шуба кийген, сүлкүлдөгөн аял сомкесин ийинге асып кетип баратканын Макан даана көрдү

#134 12 March 2013 - 16:43
Аял бир аздан кийин туура көчөгө бурулуп көрүнбөй калганда Бекен:
-Аа, остановка жакка кетти, жок эле дегенде райборборго барат. Жолубуз ачык экен.
Шар эле кирип баралы. Анан келерин келип алып, өз ишиңди мага айттырбай өзүң айтсаң, уктуңбу.
-Көрөбүз, - деди Макан. Антип айтканы менен эмитен эле денесин калтырак басып,оозунан сөзү түшкөнү турат.
Бекен баштай басып дарбаза какпай эле короого киришти. Короо күрөлүп, дал ортодо үйүлгөн кар көрүндү. Заңгыраган
үйдүн кара дермантин капталган эшигин Бекен какты эле, ичтен жооп жок. Эми катуурак кагылса да эшик ачылган жок. Эшикти тартса ачык, ичкери киришти да, Бекен үн салды:
-Нестан, Нестан...

#135 12 March 2013 - 16:45
Аздан соң кире бериш бөлмөдөгү төрт эшиктин бири ачылып, чачы-башы таралбаган,
жука халатчан Нестан чыкты, ооруканада жаткандай өң-алеттен кеткен, кагаздай ак, эки эле көзү жылтырайт. Сомодой эки жигитти
көрүп, ошо көздөрүн коркунуч басып, алаңдай калды. Бирок Бекенди жакшы билет эмеспи, жакшы да көрөт. Жайлоого төрт- беш жылдан бери жакын конушат. Ал эми жанындагы байкени
бир ирет тоодон көрүп, эстегени бар кийин. Нестан чач-башын оңдоно калып, бир бөлмөнүн эшигин ача берип:
-Кириңиздер, - деди төр көрсөтө. Чакан жалпак столдо нан, тамак-аш. Экөө төркөрпөгө отуруп дымышты. Кыз ашканасына барып
газга чай коюп, ал кайнаганча тиги экөөнө баралбай турду. Бир маалда чай кайнап, чай акчайнекке демделип, эки жигит астейдил чай уурташты. Кыз башын жерге салып отурат.

#136 12 March 2013 - 16:47
Сөздү Бекен баштабаса, берки небак өчкөн. -Жакшы жүрөсүңбү? -деди Бекен алгачкы
сөзүн, - жайлоодон түшкөнү кезигише
элекпиз, э?
-Ии... Энем, атамдар
жакшы жүрүшөбү? -
Үлбүрөгөн кыз араңжан үн чыгарып Бекендин ата-энесин сураган
болду.
-Окууңа даярданып
жүрөсүңбү? - Бекен эптеп эле кызды
сүйлөтүүнүн эсебинде. Кыз окуу-покуу дегенди да, башкасын да самабай калган. Үмүтсүз эле. Үмүтсүз жашаганы -адамдын баарына кол шилтеп койгону. Көз ирмемде Бекендин
суроосу Нестандын

#137 12 March 2013 - 16:48
дилин уйгу-туйгу кылып жиберди. Ошол көз ирмемде жок издетип боздотуп салган байкуш апасы, карамүртөз атасы, агалары, Жаныш зөөкүрдүн коркунучтуу элеси эзгени, уйпалаганы,
кээде чачтан сүйрөп эркекче тепкилеп салчу Сонундун айбан жоруктары...
баары, баары көөдөндөн чубала өтүп, көзүнөн жаш мөлт этти, ага удаа бетин баса эчкире
ыйлап жиберди. Эки
жигит эмне кыларын
билбей, жаман абалда калып, анан Бекен ордунан туруп
Нестандын жанына чөк түшө калып башынан сылай:
-Нестан, сага эмне
болду? - деп айласы
кетет.

#138 12 March 2013 - 16:49
Кыз эмне деп айтмак, ого бетер эреркеп кетти көз жашы он талаа. Макандын зээни кейий, эмне кылар айласын таппайт. Кыз эми ого бетер жакшы көрүнүп кетти. Небактан арзышып жүргөн аялуусундай көрүндү. Кучагына бекем кылып, өөп- жыттап эркелеткиси
келди. Кайдан антти... Нестанга муң
аралашкан ой келет:
ушул экөө аны зөөкүр менен Сонундан, кызым дебеген атасынан куткарганы келгендей. Бүт азап-тозогун, кайгы- капасын ушул үйгө таштап, кандайдыр бир жыргал дүйнөгө алып кетишчүдөй.

#139 12 March 2013 - 16:52
Кыз ый аралаш экөөнү таң калтыра жалына айтты:
-Мени бул жерден алып кеткилечи...
"Мени бул жерден алып кеткилечи" деген кыздын күтүүсүз сөзү Маканды жинди кыла таштады. Андай сөздү кайдан күтмөк. Ошол сөз буркурай ыйлаган кыздын оозунан чыкканда Макандын
жан-дүйнөсү эңшерилип, не кылар айласын таппай, көкүрөккө келген жылуу да, аянычтуу да сезимин жөндөй албай калды. Көргөн кордугу жанына батканын, бу үлбүрөгөн кызды коргоп ала турган,
баркына жетип бапестей бөпөлөп ала турган эч кимиси жок экенин, жалбарып жардам сурап, бүт дилин арнап берчү адамын таппай бук болуп, эзилип жүргөнүн Макан эми айныгыс
сезди белем, ордунан туруп кыздын жүзүн аярлай сылап:

#140 12 March 2013 - 16:53
-Эми мен эч кимге кор кылдырбайм,
- деп ээнбаш келе калган сөзүн айтып турду. Таптакыр эле айласы куруп турган кыз Маканды кучактай эчкирип-эчкирип алды:
-Мени алып кетиңизчи?..
Кыз наркы-беркини калчабай эле айтты бу сөздү. "Мени алып кетиңизчи өмүрлүк жар кылып..." дегениби, же ушул тозок элестеткен үйдөн гана алып кет дегениби, dааналанбай турду.

Супер-Инфо
super.kg
видео