-Алып кетем, - Макан кызды бооруна тартып, чекесинен сүйдү, - алып кетем, эч кимге бербейм...
Жигиттин бүт денеси алоолоп, кургур жүрөгү ээ бербей, эсепсиз согуп, көмүскөдө көмүлүп жүргөн, калың кар арасынан жаз жылт эткенде атып чыккан кызгалдактай сезими бажырая берди. Тартынып турчу, ойлогондон уялып турчу сезими
атырылып, ээ-жаа бербей ташкындап
кетти... Жигит кызды
кучагына дагы бекем кысты. Кыз ошол кучактын жылуулугун,
денесин балкытып таштаган кудуретин сезди, баарын унута а да кыналды. Колдору жигиттин темирдей чың, опсуз булчуңдуу далысына жабыша
кетти...
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#142 12 March 2013 - 17:03
Ушул тапта бу кыналышкан кыз-жигитин эсебинен чыгып, бар-жогу билинбей калган Бекен делдейди. Кызды өзү гана сооротуп алчудай болду эле, сооротуп алчу адамы башка тура аныңдын. Капырай, өмүр бою бирисиз бири жашай албачудай арзышып келишкенби булар? Бекен кучакташкан экөөнө суктанды, эч жасалмасы жок бир бүтүнгө бириккен кыз-жигитти көрүшү ушул анын...
Автобус каттабай, аны күтүп тажаганда үйүнө келген Сонун
кучакташып отурган кыз-жигитти, аларды шилекейи чубалчудай суктана караган Бекенди көрүп адегенде оозу
араандай ачылып, анан өз калыбына келди да:

#143 12 March 2013 - 17:04
-Ой, бу үй эмне, ######канабы, ыя? -деди сумкасын диванга ыргытып, - бети жоктоp десе! - Аял ушул тапта жомоктогу эч кимге
алдырбаган жезтырмак жезкемпирге айланып кеткендей болду. Эки жигит күтүүсүз кирген аялга таң калып үлгүрүшкөн жок, ал
аткан октой Нестанга жетип чачтан алып шаңшыды: - Бети жок, шерменде, ###### десе! Атаңдын төрүндө ...тык кылып жүрүп бизди шерменде кылып бүттүң! Элдин бетин карай албай жүрөбүз, Жанышка
жатып бергениңден.

#144 12 March 2013 - 17:07
Эми башкалар менен
######чылык кылайын дедиңби, ыя, шерменде?! Көтүнүн суусу кургабаган ######! Мындай сөздү өмүрү аял оозунан угуп көрүшпөгөн эки жигиттин эси ооду.
Бекен аялды тыйган
болду:
-Коюңуз эже, бизди жаман ойлобоңуз.
Эки жигит аялдын Нестандын чачына
жабыша түшкөн колун араң чыгарып, кызды далдаага алышты. Аялдын жулунганы менен абийирсиз тили токтобойт:
-Ой өлүгүңдү көрөйүн ######, бир эмес эки аңгини кандырайын деген экенсиң ээ?! Атаң келсе көтүңдү кестирбесем елеби! -
Аял сөзүн уланта албай калды, анын аялдыгын унутуп, эсебин албай, абийирсиз сөздөргө
уугуп, ачууга катуу алдырган Макан аялды баса калып оозу- моозун жаагына кошо кармап капшырды эле, эзели токтобочудай болгон аның жалп эле өчтү. Жаагы сынып кете жаздаптыр, Макан кое бергенде оозунан сөз чыкмак тургай, эпке келбеди.

#145 12 March 2013 - 17:09
-Эми дагы бир жолу былжырасаң,
атып салам! - Макан сол колтук алдындагы тапанчасын сууруп чыгып аялдын чекесине матыра басты, - атып салам, уктуңбу?! Аялдын көзү алайып, жаны чыгып-чыкпай турду. Мындай кордукту ким көрүптүр. Ага басып алып тапанча такамак турсун, жаман сөздү айтышчу эмес да. Өңү менен, заар тили
менен буга чейин далайын басынтып,
жеңип келген эмеспи. Ушул жолу тирүү каларынан күмөн санагандай бүт денеси калтырап турду, жансоогалап
жалынайын дейт, оозу капшырылган бойдон каткандай ачылбайт. Көзү алайып, жалдырап жансоогалаганын үнсүз айтып турду.

#146 12 March 2013 - 17:11
Макан тапанчаны ордуна салып, бар-жогу билинбей бүжүрөп турган Нестанды колдон жетелей диванга отургузуп, өзү да отурду. Аял бир азга сулк жатып, анан ордунан туруп, чач- башын оңдогон болду. Кыл жугузбай
үлпүлдөтө кийген баалуу шубасын кагынып койду да, сөлдүрөй басып башка бөлмөгө кирип кетти. Эки жигит да, кыз да эми эмне кылабыздан ойлоп, далайга үнсүз
отурушту, ечимдери
чыкпай жатат. Дал ошондой абалда
отурушканда Сонун
кирди. Бажырайган
көк-жашыл гүлдүү
халатчан эле. Бөлмөсүнө барып
чечинип жатып,
эмелеги окуяны
сыдыргыга салып небак капталын жеп, далай эркекти какшатып, куурчактай ойноткон аял бу жолу албуттанып жеңе албасын түшүндү.

#147 12 March 2013 - 17:13
Тапанча суурган жигит жайлоодон үйүндө тамак ичкен неме экенин эстеди. Же милийса, же чоң бандит деп ойлоду. Алардын алдында алсыздыгын сезди. Жанагы бетпакты сүйүп-күйүп калган неме го, кебетеси. Эпадам а ###### бу
жигиттин колуна барса бактылуу болорун элестеп, ичи күйүп өрттөнүп кете жаздады. Атаңдын көрү де,
албеттүү, өңү-түсү келишкен ушундай жигити болсо кана...
Өтүп бараткан жаштыгын эстеп
үшкүрүнүп алды. Эмне болсо да булардан эптеп кызды бөлүп алса, анан...

#148 12 March 2013 - 17:15
-Бекен, жеңеңдин ачуусун бир кечирип
кой. Байкең эл сыйлаган адам эмеспи, анан эки сомодой жигит суроо-сопкутсуз келип эле кызын кучактап отурса...
Байдын үйү баланын
алачыгы эмес да! - Ушул жерин катуурак, ачуулана айтып алып, селт эте түштү, сөзүн таттуу кылып турду, -силердей келишкен
жигиттер кирген үйгө кут кирет эмеспи. Келгениңер жакшы эмей... - Сонун сөзүн андан ары уланта албай турду эле, Нестан бөлмөдөн чыгып кетти. Бекен аялга жазылды:
-Силерди бар экен деп келгенбиз, көрсө, жок турбайсыздарбы.
Нестандын колун сурап келгенбиз.
Бул сөз аялга октой тийди, кызганып кетти. Бирок аны билдирбеди.
-Деле ырас болгон турбайбы. Кызды
бербегенде төрүбүздө карытат белек.

#149 12 March 2013 - 17:17
Көңүлүңөр табышса,
кыз силердики, - бу сөздүн айтылышы тозок болсо да айтылды. - Бирок атасы келсин. Атасына бир ооз кеңешпей ээнбаштансам болбойт го... Силердей мыкты жигиттерге а деле кой дебес... - Эми эле оозунан ак ит кирип,
кара ит чыккан аял
ушинтип салт кууп,
сыпайылана сүйлөп
турду. "Кебетеси анча деле жаман аял көрүнбөйт" деген ой эки жигитке бирдей келди. Аял сөз улады:
-Силерди жанагы зөөкүр Жаныштай
көргөн турбайымбы.
Жаныш Нестанды зордуктап салганын
айыл небак билет,
"каалаган күнү келип кыз менен жатып кетет экен" деген ушак коштоп да жүрөт. Сонун Жанышты бекер эскерген жок. Кыздын зордукталганын эскертип жатканы.

#150 12 March 2013 - 17:26
Сонун Жанышты бекер эскерген жок. Кыздын зордукталганын эскертип жатканы. Бузулган неме экен деп, балким айнып кетишер дегени. Макан анын баарын угуп, кызды жакшы көргөнү боору ооруганына кошулуп, накта сүйүүгө жетеленгенин аял кайдан билди. Аял эмдиги жуманын дал ушул күнү келмекчи
болгон эки эркекти дарбазага чейин эпилдей узатып, үйгө
кирип Нестанга буюрду:
-Ай ######, туруп тамак жаса! - Анан өзүнчө сүйлөндү, тиштене "шалдыраган чалдын сасык төшөгүндө өмүр өткөртпөсөм элеби,
азган-тозгондорго талпак кылбасам
элеби..." Нестан уга жүргөн сөзүн угуп, ага кенедей да кейип койгон жок. Уга жүргөн сөз, кулак бышып бүткөн. Кыздын ою башкада эле, эми эле кеткен ак саргыл, алыбеттүү, татына жигиттин элеси жүрөгүнө бекем орноп, аны көз ирмем эстен чыгарбай турду. Жана чекеден өпкөн жери эмдигиче өрттөнөт, кучагынын жыргалы жан эритет. Ушуга чейин көргөн көр турмушун ошо жигиттин маңдайдан
сүйүп, кучактай "алтыным" деген сөзү бир бүдүр калтырбай жууп кеткендей болду. Кыздын көңүлү, жан- дүйнөсү жазгы гүлдөй бажырая ачылды. Муңга толгон, муздай тоңгон жүрөгү, өзү отко жакшы кактагандай эрип турду. Өзү жакшы көргөн бир ырды акырын кыңылдай
камыр жууруп жатат.

#151 12 March 2013 - 18:42
Кыңылдап обон созуп, тамак жасабай калганы качан. Күндө жасаган тамагы жети баштуу желмогуздарга жасалгандай жасалчу. Жанагы жигиттин аты ким эле?.. Кап, сурап албай. Азыр oшенткени менен, анын жанында өзүнүн бар-жогун билбей калбады беле. Сурап албай дегенин карасаң. Кыз жылмайып алды. Дагы бир аз кое турушса, атын сурайт эле болчу. Эмне, "атыңыз ким?"
дегендин эмнеси бар экен... Аты жакшы болуш керек. Кыз эркектердин аттарын эстеп жатат, бири жагып, бири жакпайт. Жакпаган аттарды а жигитке ыраа көрбөйт... Камырын жууруп, үстүнө табак көмкөрүп, шайдоот кыймылдап бөлмөсүнө кирип, төшөгүнүн баш жагын ачып, кичинекей кара кутучаны алып ачты. Ичи кыпкызыл, ортосунда аксаргыл ташы бар шакек. Шакекти чыгарып сол колунун аты жогуна салды. Чак экен. Анан колун алдына сунуп кыймылдата карап, суктанып койду. Баасы канча болду экен.

#152 12 March 2013 - 18:46
Кинолордо көргөндөй кымбат болсо керек. Кымбатына карабай алып келген тура. Жакшы көрсө, кымбатына карамак беле... Кыз шакекти кутучага салып, аны ордуна катты. Кайра ашканага келип эт туурап, тамагына киришти. Жанагы ыры өзүнөн-өзү сыбызгый чыкты. Үйдө жалгыз болсо катуурак, сөзү менен ырдамак. Үнүң артистикиндей деп классташ кыздары айтышчу эмес беле...
-Ой өлүгүңдү көрөйүн, сойку. Ырдан кетесиңби. Ай ######, ырды деген ыймандуу кыздар ырдаса жарашат. Сага эмне жок. Сен кошок кошушуң керек, шуркуя! Эми араң этин туурап жаткан тура. Жаагыңды басып, тамакты даяр кыл! Ой өлүгүңдү көрөйүн, жаман десе, - Сонун капыстан кирип ушинтти да, залдагы
диванга чалкалап, Американын абийирсиз киносун көргөнүн улантты. Жаагы сыздай ооруп, тапанча такаган чекеси азга шиший кызарып, анысын күзгүдөн сан ирет карап, жанагы экөөнү каргап-шилеп, жини кайнап жатат. Экөөнө тең көргүлүктү кантип көрсөтөрүн ойлойт.
Азыр кыңылдаган кыздын үстүнөн чыкканда каадасынча чачтан алып баса калып, эзип-эзип кумарын кандырып алат эле, жанагы тапанча такаган неменин элеси ортого түшө калыбатпайбы. ..

#153 12 March 2013 - 18:49
Шашпасын, катынга тапанча такаганды көрсөтпөсө элеби. Бул эки жигитти кимдерге жазалатарын ойлоп- ойлоп отуруп, бир маалда бирөөнү эстеп сүйүнүп кетти. Шер деген айылдаш
жигитти эстеди. Ал жөнүндө көп уккан.
Райондогу бандиттердин анабашы дейт. Андан баары жүрөктөрү түшөт экен, атургай аким да, милийсанын начальниги да унчуга албайт дешет. Айда- жылда кезиккенде жакшы учурашат а жигит. Болду, ошого айтат, каалагандай жазалатпаса элеби! Ага чейин...

#154 12 March 2013 - 18:55
***
Жакшы адам болобу, жаман адам болобу, акчанын азгырыгына алдырып коет. Чыкса чыгар миңдин биринен акча артынан түшпөгөн. Токен өзү ак көңүл, айкөл жигит болгону менен, акчанын кызуусуна аябай кирди. Бүгүнкү табылган акчаң эртеңкини саматып турат экен. Токендин иши жакшы жүрдү, эсеби сом менен эмес, доллар менен жүрдү. Эми азык-түлүк менен гана соода кылбастан, бензин аралаштырды ошол бизнесине. Бу чоң шаардын эки тарабында акыркы техника менен жабдылган эки май
куюучу жайы күндүр- түндүр иштеп турат. Көл жээгинен килейген эс алуучу жай сатып алды, жакшылап оңдоп-түзөттү. Жай келсе эс алуучулар толуп тургудай болду. Ошол тарапта дагы бир май куюучу жай ачып, экинчисин ачуунун алдында. Мындай иштер жөндөн-жөн эле бүтө бербейт, тутамдалган долларлар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турушу керек. Ал өз жолу менен болуп атты. Кол алдында
иштегендерден аянбайт, алар ыраазы...

#155 12 March 2013 - 19:10
***
Ром бу шаарда кимдердин иши өр алып, кирешесин батыра албай жатканын, кимдер банкрот болуп килейген үйлөрүн, мыкты-мыкты иномаркаларын сатып, итке минип жатканынан кабардар болуп турат. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт. Аз мезгилде эле кабары угула түшкөн "мадырабаш" Токенди "өз эсебине" киргизип коюуну ойлоп, бир күнү ошондой иштерди так бүтүрчү жигитин чакырып, тапшырмасын берди... Ал жигит кечке жуук келди Токенге. Ийиле учурашып, анча-мынча ал-абал сурагандан кийин келген жөнүн айтты:
-Ромдон салам апкелдим. Ром жөнүндө бизнеске аралашканы жакшы кабары бар Токен токтоо сүйлөдү:
-Саламатта болсун. Ромдун "саламы" жөнүндө да жакшы билет, билмексенге салып турду.
-Эмне деп жооп алып барайын Ромго?
-Саламатта болсун де... Келген жигит Токенге таңгала карады. Бу неме эчтеке түшүнбөй жатат го деген ойго да келди.
-Болгону ошобу?
-Саламаттыктан өткөн баалуу нерсе жок болсо керек адам өмүрүндө, -бул сөздү Токен шашпай, жылмая айтты.
Жигит үн каткан жок, коштошподу, көзүнөн заардын учкуну бир жылт этип, анысы кекердүү көз карашка өтүп, эшикке чыгып кетти. Ал жигит Ромго түз жетип, Токендин жообун айтты. Ром алдындагы кофесин шашпай ууртап, тамекисин кошо тартып, кандай өкүм чыгарарын таразалагандай болду да, ооз учунан минтти:
-Жаш эмеспи, менин саламымды кандай алик алыш керек экендигин такыр унутпагандай эскертип койгула. Жигити сөз маанисин түшүнгөн неме, ошол эле күнү Ромдун айтканын аткарууга киришти... Токен Ромдон салам-дуба алып келген жигит кетери менен дароо Маканды чакырды:
-Макан, азыр менден чыккан жигитти көрдүңбү?
-Ии, чала-була.
-Эмесе, жакшылап таанып калчы. Макан сыртка чыгып, тиги жигитти көрдү. Жай басып тротуар менен кетип баратат. Машинесине отуруп жигит бараткан жакты көздөй айдап, андан бир аз өтө берип токтотту да, эми жигиттин маңдайынан даана көрдү. Узун кайыш пальточон, кочкул-кызыл шарфчан. Башы жылаңбаш, кыска алдырган. Ошо пальтосунун сыртынан эле денесинин олбурлуу экени байкалат, мурунку спортсмендерден го кыязы. Жигит Макан туштан өтө берип, жол жээгинде турган көгүш "Мерседеске" түшүп кетти. Каратору, чапжаак, өзбекчалыштанган жигиттин өңүн Макан дурус эстегенсип калды да:
-Көрдүм, - деди Токендин кабинетине кирип, "Мерсин" бир квартал нары токтотуптур.
-Карасаң, ошо Ромдон салам апкелиптир. Макан түшүнүп:
-Аликти жакшы алып кеттиби? - деди жылмайып.
-Нааразы кетти. Ромду билесиң да, бүгүн болбосо эртең сөзсүз балээсин баштайт эмеспи. Не кылдык?
-Биз эми бала эмеспиз десекчи?
-Ал биз менен сүйлөшпөйт.
-Сүйлөшпөсө, сүйлөтөбүз да... Макандын бу сөзү Ром жөнүндө терең билбегендиктен 4ыгып отурат. Болбосо ушул килейген шаар эмес, бүткүл өлкөдө анын сөзүн эки кылгандар, же тоотпогондор аз эле болсо керек, эгер болсо. Макан наркы-беркини терең калчабай эле жалы бар жүрөгүнүн сөзүн айтып салбадыбы. А Токен болсо Ром жөнүндө тереңирээк билет эмеспи, санаа коштоп турду анын оюн.
-Азырынча ага каршы алсыздык кылабыз, - деди Токен саамдан соң, - эбине көнүп турсак болбойт беле, мен дагы туура эмес кылдым көрүнөт. Азды аяп көптөн айрылып калышыбызды унутпайлы дейм да.
-Мени жибербейсиңби аныңа. Балким тил табышарбыз.
-Курчтук кылба... Дагы ойлонолучу. .. Терең ойлонолу. - Токен ордунан туруп Макандын жанына келип далыга таптады, -бирок сендей досум турганда иш жакшы болот деп ойлойм. Туурабы?
-Туура эмес, - деди Макан күлүп, - мендей эмес, сендей достор турганда баары жакшы болот.
-Жүрү, иштей берсең иштей бергидейсиң, бир жерге барып бир аз эс алалы, - деди Токен. - Көптөн бери экөөбүз жай отуруп маектешкен да жокпуз. Экөө шаардын мыкты деген бир ресторанына барышты. Токендин БМВсы менен барышкан. Эшигин бекитип жаткан Токенге Макан тамашалады:
-Миң бекитсең да алчулар алып кетет. Бекитпей эле, андан
көрө аңдыган алчулар жок болсо экен деп тилениш керек экен.
-Анча-мынча болсо да тоскоол болсун дейбиз да...
Экөө ресторандын келишкен залынын бир бурчунан орун алып, заказ беришти. Бат эле алдылары тамакка толуп, мыкты делген арактан аздан жутуп, достордой, сыр катышпай сүйлөшүп жатышат.
-Токен, - деди бир маалда Макан, - эки күндөн кийин Нестанды алып келчү күн, айтпадым беле. Анан бир нерсеге башым жетпейт, айылга алпарамбы же бу жерге элеби.
-Айылга алпарганың оң

#156 12 March 2013 - 19:15
Өз ата-энең болбосо да, өз баласындай багышканды таарынтпа. Ак колукту алпарсаң алардын төбөсү көккө жетпейби... Бардык жол-жобосун жасайбыз. Өзүм чоң куда болуп барам, бийликти мага берсең.
-Бийлик сенде.
-Ата-энесинин колунан алып аткан соң, бир жолу эле "ачуу басарын" кошо ала баралы. Анан тоюңарда чакырып алабыз, эне-атасын, тууган-туушкандары менен. Экөөнүн сөзү дал ушул жерге жеткенде сырттан бир нерсенин жарылган үнү чыгып, ресторандын килейген терезелеринин быт- чыты чыккандай болду.Залдагылардын арасы кыйкырык-чууга толуп кетти. Аздан соң барып, сыртка агылышты. Макан менен Токен чыгып эле алоолоп жаткан БМВсын көрүштү. Бир боо чөп күйгөндөй күйүп жатат. Дароо сезишти - бу Ромдун эскертүүсү болчу. Экөө милийсаны күтүп отурушкан жок, кете беришти. Жакшылык кууп, дил жая эзилишкен сөздөрү көкүрөктөн шак кетип, санаркоо пайда болду, бу чымчыктай жанды сактоо машакатын ойлошту. Тез арада чара көрүшпөсө машинеси эмес, өздөрүнүн өрттөнүп кетиши же как чыкыйга ок жеши турулуу. Эки дос ушул туурасында сүйлөшүп жүрүп отурушуп, Токендин үйүнө келип ал сөздү түн ортосуна чейин улантышты.
-Макул десең, мен бир аракет кылып көрөйүн, - деди Макан акыркы сөзүн.
-Болуптур.

#157 12 March 2013 - 21:20
***
Эртеси саат таңкы 8дер чамасында эле. Макан машинесин Ромдун офисине бир аз жетпей токтотуп, бирөөнү чыдамсыз күтүп отурду. Жарым саат өтпөй күткөн немеси машинесин токтотуп, ичкери кирип кетти. Макан да машинесинен чыгып офиске кирди. Эшик тоскон жигит ага көңүл бурган да жок. Макан үч-төрт эшикти ачып, биринен баягы жигитти көрдү - жаңы эле чечинип, килейген күзгүнүн маңдайында таранып, келбетине сарэсеп салып жаткан экен.
-Салам алейкум, мүмкүнбү?
-Ии, кел, - жигит креслосуна отурду.Экөө сиз-пизи жок эле кепке өтүштү.
-Сени менен бир маанилүү иш жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле,- Макан да маңдайынан орун алды.
-Айтып көр. Кулак сенде.
-Кечээ бизге салам айтып бардың эле, кечинде өрт менен коштопсуң аныңды.
-Ии, анан?! - Кабинет
ээси кыжырланганын жашыра албай кекээрленди, - эмне кылсам дейсиң, ыя? Жакшы түшүнө албай калдым дейсиңби?! Ушул жерден түшүндүрсүнбү? Түшүндүрсөк болот, байкелебесең!
-Мен даярмын. Бирок бу бөлмөң экөөбүзгө тардык кылып, батышпай уят болбойлу. Оңой эмес эки жигит ушинтип тирешип турат эле. Cаламчынын чөнтөгүндөгү телефон чыр этип, ал жооп берди:
-Алло... Азыр... - Жигит шарт ордунан туруп чыгып баратып айтты, -кетпей тур, жигитсиң
да.
-Жигитче күтөм.

#158 12 March 2013 - 21:27
Макан тиги чыгып кеткенден кийин курунун артында кыстарылган тапанчасын кармап көрүп, кеткен неме үч- төртөөнү ээрчитип кирсе дароо жооп кылар аракетин таразалап отурду. Башка келгенин көрө жатар. Селт этүүгө болбойт. Мындайда селт эттиңби, жаныңды сууруп алышы мүмкүн. Ушуну ойлоп Макан чыйралды, дили да, денеси да. Тиги аз өтпөй кайра келди, жок, эч кимди ээрчитпей эле өзү келди. Ордуна барып отуруп, сөзүн улады:
-Жигит, сен да түз сүйлөгөндү жакшы көрөт экенсиң, мен да жымсалдап айта албайм, кежирлене турган болсоңор бу жарык дүйнө силер үчүн жок болушу көз ирмемдик эле иш. Жарыкчылыктан тажасаңар, анда башка кеп дечи...
-Мен да түз айтайын, бу жарык дүйнөдөн силерсиз кете албайбыз.
-Акыркы сөзүңбү бу?
-Акыркысы.
-Болуптур, соо болуп тур, - жигит кол берип Макандын колун катуу кысты, а да кысты кем калбай...
Макан айтып берген бу окуяны угуп Токендин санаркоосу күчөдү. Өзүнүн өмүрү жөнүндө камсанабай коймок беле, сөзсүз ойлойт дечи, бирок ата-энесин, аялы менен балдарын, иниси Бекенди, Макан досу баш болгон жигиттерин көбүрөөк ойлоду, алардын өмүрү үчүн көбүрөөk санааркады. Макан Токенге кеңешпей эле барган Ромдун жигитине. Бекер барыпсың, барган соң ишти жөндөп келсең болмок дегендей айтты. Эми сөзсүз кан төгүү башталат. Ром деген далайдын өмүрүн кыйган, ошолордун бири да ачыкка чыккан жок. Ром кимди жайлатты - толугу менен билинбесе да, бир катар өлүм ошол колдуу, ошонун буйругу менен болгонун кримдүйнөдөгүлөр гана эмес, милийса,
прокуратурадагылар да билет, бирок колунан кармай алышпайт, же кармагысы келбейт. Ром ошол милийсаң
менен прокуратуранын лөктөрүнүн кай бирлери менен кучакташа көрүшөт. Макан Ромдун жигити менен жолугуп келгенден баштап, өтө сак абалды сактай баштады. Өзүнүн төрт жигити экиден эки машинеге бөлүнүп Токен менен Макан түшкөн машинени дайым коштоп жүрөт. Алардан мурун түшүп эки жакты акмалап,үйгө киришсе баарын текшерип туруп киргизет. Айтор, көз ирмем сайын күткөнү белгисиз тараптан келчү өлүм... Макандын Нестанга барчу күнү келгенде ал да, Токен да бу жөнүндө сүйлөшкөн жок. Жан коргоонун, бүлө коргоонун аракетинде эле алар...

#159 12 March 2013 - 21:32
***
Нестандын аты эле бар атасы, Сонундун соолгон күйөөсү баягы Бекендер келип кеткенден эки күндөн кийин жаш катынына атыр самынын шоколаддарына кошуп, арбын алып үйүнө кеч түштү. Катынын сагынган белем, күйөөсү киргенде дивандагы ордунан козголуп койбогон немеге жетип кучактап өөп, алтын, күмүш темирлерин айтып, анан ай менен күнгө өтүп эркелетет. Аялдын кабагы ачылбайт. Күйөө сарсанаа:
-Сага эмне болгон, ыя, алтыным? Ким сени капа кылган? Же менин көп жүрүп калганыма таарындыңбы, айтчы, жаным? - деп асты- үстүнө түшүп элжиреп-эрип кете таштап бушайман. - Экинчи сени таштап эч жакка кетпейм. Ит болоюн таштап кетсем. А кургур да аялы өзүн күтүп таарынып жатат дебатпайбы. Кеткенине сүйүнүп, келгенине күйүнөрүн кайдан билди катындан көзү каткан какбаш. Сонун таарынган, тултуйган артистикти бекер жасап жатканы жок, Нестандын тагдырына капа болуп, ага күйүп жатканын билдирбейби.
-Айтчы жаным, неге капасың? - эркектин чыдамы кетип. Кеп укчу, жакшы укчу убактысы келгенин сезген аял кебин баштады:
-Жанагы кызыңдын айынан элдин бетин карай албай калдым. Шермендем чыгып бүттү.
-Эмне дейт?! - Эркек
селт этти.
-Күйөөм болгонуң үчүн ачык айтып жатам, болбосо ооздон чыкчу кеп эмес.

#160 12 March 2013 - 21:36
-Ии.
-Баягы мага ини болуп жүргөн Жаныш деген неме менен тиги уяты жок немең соо эмес экен.
-Соо эмесиң эмне?
-Ошол зөөкүргө жаткырыптыр.
Ата сөрөй чочуду:
-Э кокуй, эмне дейт?!
-Жаткырып салыптыр дейм.
Муну уккан неме шалдырай түштү. Аял сөзүн улады:
-Сага айтпай жүргөм. Көрсө, өлүгүңдү көрөйүндөр десе, жашырынып жолугушуп жүрүшкөн тура. Небак эле билгем, сени аяп айтпай жүрбөдүмбү.
-Эми эмне күндү көрдүк, кокуй алат? Эмне кылдык?
-Эмне кылганды кое
тур. Кызыгы быякта... Анан эки-үч күн мурун үйгө учурашайын деп автобус келбей калып кайра келсем, ушул эле кызың бир эмес, эк эркек менен шыңкылдашып отуруптур. Аны көрүп, жинди болуп кете жаздабадымбы. "Чыккыла, бети жоктор" десем, өлтүрүп салам деп тапанча такап жатпайбы кинодогу бандиттей болгон немеси. Жанындагысы ким
дебейсиңби?
-Тааныган неме бекен?
-Жанагы Байкелдин Бекени экен, суболуч!
-Койчу?!
-Эмнесин коеюн, ошол шүмшүк карап
турбадыбы жанындагысы мага тапанча такап жатканда.
-Жакшы жигит деп жүрсө, накта акмак турбайбы! Атасына айтып, сотко берип...
Азабын көзүнө көрсөтөйүн. Ыймансыз атаңдын оозун урайын десе! Азыркы замандын жаштарында ыйман
бар дейсиңби, тукумуң соолгурлар десе...
Жанагы атасы сүйлөсө тим эле асмандын башын сүйлөйт.

Супер-Инфо
super.kg
видео