Баласынын баскан-турганын жөндөп албайбы!..
- Ушул обон менен далайга сүйлөгөн Сонундун абышкасы өз балдары үчүн, жалгыз кызы үчүн кандай эмгеги сиңгенин оюна алган жок. Ошол өзүнүн кызын кызым деп санабагандыгынын айынан Нестандын тагдыры тайгаланып жатканын, гүлдөй өмүр соолуп баратканын эсине албайт. Бүт ыйманды жалгыз өз дилине сиңирип алгансып, буркан-шаркан сүйлөгөнү Сонунга да жакпай турду:
-Ай, ыйман-сыйманыңды башка күнү айтчы, тиги кызыңды не кылдык, ыя?
-Кайдан билдим?
-Кайдан билдимдейт.
Бүт айылга шермендебиз чыкты. Дагы да чыгат. Тезирээк күйөөгө берсек, анан унутулбайбы.
-Эми аны ким алат...
-Табабыз алчуларды. Деле чал болсо да берип, абийирди жабыш керек. Шайтан болуп үйдө тууп койсо, анда өлбөдүкпү...
Өмүр бою элдин бетин карай албай басынып өткүчө... Кызынын тагдырын кыкча көрбөгөн ата сурады:
-Кимге берип куурадык эми?..
-Табылат. Жалгыз бой немелер соолуп калгандай сүйлөйсүң да. Мен эртеңден баштап аракет кылайын. А сен кызыңа көз бол. Дагы бир балээни баштабасын.
Баса, жанагы эки зөөкүр келсе айдап чык. Уялбай эле айтайын, алардын жаткандан башка ою жок. Бирөөлөргө ошентип айтып мактанышыптыр.
..
Кечинде тамак ичилгенден кийин төшөккө жатып, аялын кучагына алып, анын кумарына батат. Деле ар жок экен, бу катыны күйүп-сүйүп тийгенсип: "Мени эмнем үчүн сүйүп калдың эле, ыя, алтыным?"
деп жанын койбойт. Далайда барып айтты Сонун: "Накта эркектигиң үчүн". "Накта эркек" экенин угуп, түн оогончо жалынганын токтоткон жок ал немең...
Эртеси Сонун таң заардан туруп, баягы жаш катын эңсеп калган Куланды издеп жөнөдү. Көп убара болбой бат эле таап, кызды тез алып кетишин, болбосо башкалар алып кетебиз деп жатканын айтты эле, тиги өмүр бою катын алууга даярданып жүргөндөй, "азыр десең - азыр" деди.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#162 12 March 2013 - 21:56
***
Нестан Макандын белегин кенедей бошой калса кармалап,кайра- кайра манжасына кийгизип, кайра чыгарып, аны менен кошо Макандын жагымдуу жүзүн көрөт. Ал келип ушул тозок сезилген үйдөн алып кетчү күндү күтөт. Убакыт учкан куш - ошол күн да келип жетти, керээли-кечке толкунданып, муун-жүүнү бошоп, бирде кубанып, бирде санаа кубартып күттү. Бүгүн тозок турмуштун акыркы күнү болчу. Эртең бактылуу күн башталмак. Мына, күн небак батса да эки жигиттен кабар жок. Кабар башка тараптан болду. Тамак ичип отурушкан. Бир маалда Сонун күйөөсүнө кайрылып:
-Атасынын өзүнөн кыздын колун сурайбыз деген баягы экөө бандит немелер турбайбы. Бири-бири менен мелдешип, тигини, - Сонун Нестанды көрсөттү, -алып шакаба кылып кое беребиз деген тура, абийири жоктор. Нестандын оозуна алып бараткан кашыгы тарелкасына чалп этти. Шал болгондой кыймылсыз калды. Жүрөгүн бир нерсе менен сайып, уу себелеп ийгендей сыздай ачышты. Аз күндөн бери жаман ойдон тазалана түшкөн көкүрөгүнө алеки саатта араң кетип аткан ошол жаман нерселер толуп кетти. Мурункудан аша толду. Көзү нымдалышып, караган жагы үрүл- бүрүл көрүндү. Бирөө тийсе жарылып кетчүдөй чыңалды.
-Алардын келбесин билгем, - деди Сонун
сөзүн улантып, - жанагы тапанчалуу бандити ошол тапанчасы менен коркутуп, кыздарды сүйдүрүп эсебин көбөйтөт экен дешет. Сүйдүргөн кыздарын беш жүзгө жеткирем деген сөзү бар экен. Сонун ушул жерге келгенде Нестан ордунан сөлдүрөй туруп өз бөлмөсүнө жетип, төшөгүнө көмкөрөсүнөн түштү да, ашып-ташып турган буулугусу тосмосун жарып, көздөн жаш жаз жамгырына айланды.

#163 13 March 2013 - 00:09
***
Сонун менен Кулан райборбордон жолугушмак. Болжонгон саатта ал машинесин бир жигитке айдатып, белгиленген жерге келди.
-Баарын бүтүрдүм, - деди Сонун аны менен учурашкандан кийин, -бирок, атасына кызы кимге бара турганын айтканым жок. Сен барбай эле кой, шоопуруң эле барсын. Кыз үйүңдүн босогосун аттап, койнуңа киргенден кийин баары бүтпөйбү. Макулсуңбу?
-Макул эмей. Өзүм деле барыштан чочуп тургам.Атасын
тааныбасам бир жөн эле, анан аны жакшы билген адам болгондон кийин киши даабайт турбайбы.
-Үйдөгүлөр даярбы?
-Үйдө жанагы төшөктөгүдөн башка ким бар дейсиң. Тууган-Tуушканга да, кошуна-колоңго деле айткан жокмун. Чуулдатып эмне кылам. Укса кийин угушар.
-Туура кыласың. Эмесе, мен кеттим, саат алтыларда алып барам, жаш катыныңды, - деп Сонун тигинин машинесин айдатып
кетти.

#164 13 March 2013 - 00:13
Сонун машине айдатып үйгө келгенде күйөөсү короодо жүргө. Дарбазадан кирген аялын көрүп утурлады:
-Келиштиби?
-Машинесин эле айдатып келдим.
-Ии?..
-Бака-шака түшүрүп берчү кызбы, кызыбыз? Ойлонсоң!
-Туура, - деди бу аялын эч качан туура эмессиң деп айтпаган күйөө, - акылдуу иш кылыпсың. Сонун түз эле Нестандын бөлмөсүнө кирди. Кыз көп ыйлап, аз уктап, түндү эптеп өткөргөн эле. Көзү тоодой. Колунда баягы шакектин кутусу. Мурун дабыш чыкканда анысын ката салчу эле, бу саам анткен жок.
-Тур, батыраак кийин, абийирди кетирген өлүгүңдү көрөйүн ######! Алдагы эмне, ыя?! - Аял Нестандын колундагыны жулуп алып ачты. Кымбат шакек экенин дароо баамдады. - Кайдан алдың, ыя, шуркуя?! К... жагып сатып беришкен го... Ушу сенин ..... канча баа дейсиң. Эй, шуркуя, бол кийин деп жатам! Кыз үндөгөн жок. Халатынын сыртынан апасынан калган пальтону кийип, жоолук салынды. Сырткы үйгө чейин бутуна эмне кийерди билбей туруп калды. Сапожкасы жок болчу. Мурункусу жыртылганда Сонун: -Кышында кайда бармак элең, - деп сөз бүтүрүп койгон, кыз сатып бер деп айтпаса да.

#165 13 March 2013 - 00:17
Сонун аны эстеп айтты:
-Ой өлүгүңдү көрөйүн десе, бутуна да кийим түтпөйт. - Бут чеччү шкафтын бир бурчунда чаң басып жаткан өзүнүн эски сапожкасын алып берди:
-Ме, кий.Ремонттотуп
өзүм кийейин дебедим беле, бутуң сынып калгыр десе. Килейген сапожканы кийген кызды дегдеңдете жетелеп чыгып машинеге салды да кетти. Атасы болсо көзүм жамандыкты көрбөсүн дедиби, Сонундун каада сөздөрү чыга баштаганда эле мал сарайга кирип кеткен.

#166 13 March 2013 - 00:25
Токендин бир жигити коркпой-юркпөй эле офисине келип "биз да оңой эмеспиз" дегенди эскертип кеткенин уккан Ром Макан аз жерден чарпыша кете жаздаган жигитине бир тийген:
-Эй, айбан, аны ошол жерден эле жайлабайт белең! Суу жүрөк энеңди... десе! Кайдагы бир шантрапаларды моюнга мингизесиңби, ыя?! Барып чөгөлөп, алардын кызматын кылып бер эми, катын десе! Бар, чыгып кет! Тил уккан жигит өңү кубара түшүп Ромдун кабинетинен чыкты. Бул баягы Макан түз эле кабинетине тайманбай кирген жигит болчу. Эч нерседен кайра тартпачулардын бири, бирөөнү аео дегенди билбей өскөн неме. Мындан өзүнүн жакындары да чочуп турат. Бир ийменгени Ром. Атургай кээде ага да тил кайрыган учурлары болот. Бирок Ромго музоодоюнан сүздүрүп койгон неме баары бир коркуп турат, анын сөзүн эки кылбайт, туурабы-туура эмеспи, тандабай жапайылык аткарат анын буйруктарын. "Барс" дешет аны, туулган жылы ошондой экен. Барс Ромдон тил уккан күнү эле Токендин машинеси жарылды. Муну менен токтотмой жок, бул тырнактай гана эскертүү, эми анын жигиттеринин бирин күм-жам кылса Токен эсине келер. Ал эмес, нечен бир өрт жигиттерди эстерине келтиришкен эмеспи Ромдун көзү кызарган кароолдору. Эсине келбегендери ошол эсине келбеген бойдон тиги жыргалы көп деген дүйнөгө кете беришчү.
Макан өтө сак. Машине жарылып, өрттөнүп кеткенден кийин Токенге кеңешип, аларга да бир эскертүү жасайлы десе, ал көнбөй койду, кое туралы деп. Бекер кылыптыр. Көз ирмем кайтаруудагы Токен дем алыш күнү ата- энесиникине барып келмей болуп гараждагы машинесин айдап чыккандан кийин сотовыйын алып Маканга чалды:
-Макан, мени издебе, мен атама барып учурашып келейин. Жок келбей эле кой. Жок, Кудай сактасын.Болду, болду... өзүң да сак бол. Токен түз эле базарга айдап, өз колу менен эки чоң баштыкты түрдүү тамак-ашка толтурду. Көптөн бери базар кыдырганы ушул. Өз колу менен чий көбүгүн алып, эби менен бышырып, ата-энесине кыя кесип жедирмекке тандап атып жеңдей эки чучук, карта, семиз эт алды. Алгандарын багажга салып, машинесин тоо тараптагы айылын көздөй бурду. Шаардан чыгып эки жагына ак бубак баскан бактуу жол менен кетип бараткан. Бул тараптагы он-он беш айылга машине көп каттайт. Жол тайгак эмес, асфальты жаркырайт. Ылдам баратат. Бир маалда артында келаткан капкара иномарка кууп өтө берип терезесинен автоматтын оозу сунулуп, татыраган үн чыкты. Атылган октун дээрлик баары Токендин денесине кадалып, руль колдон чыкты. Машине күү менен жыйырма-отуз метрдей түз кетип, анан жол жээгиндеги килейген караталга келип тийди. Карс үн чыгып машиненин маңдайы ортосуна чейин бүгүлө түштү. Денеси калбыр болгон Токенди руль капшыра кысып таштаган. Кара иномарка зуу кете берди.
Макан жана Токен чалганда мен кошо барам деп жакшы эле айтты эле, ал көнгөн эмес.

#167 13 March 2013 - 00:30
Аны менен сүйлөшүп бүтүп эле машинесине учуп жетип жолдон кезигермин деп шаардын четине чыгып он беш мүнөттөй күттү да, өтүп кеткен го деп түз эле Байкел карыянын үйүнө айдады. Бат эле жетти. Машиненин сигналын угуп сыртка чыккан Бекен менен учурашпастан сурады:
-Токен келдиби?
-Жок.
-Келем дебеди беле, -Макан эми даана санаага батты. - Жалгыз эле барам деп мени албай кетпеди беле.
-Тынччылыкпы деги? -Бекен да ойлоно түштү. Келем десе келип калар. Жүрү, үйгө кир.
-Анан кирербиз. Жүрү, Токенди таппасак болбойт.
-Азыр, кийинип чыгайын.
-Алдагыдай эле бар. Машинеден түшпөйсүң. Бол, отур.
Бекенди машинеге отургузуп Макан кайра шаарга жол тартты. Шаарга жакындаганда жол жээгинде токтогон машинелерди, котологон элди көргөн Макандын жүрөгү зыр этти. Анан жакындай берип килейген талды сүзүп талкаланган Токендин машинесин көрүп бир бакырып алды.
-Э кокуй, жайлашканбы, ыя?! Энеңди!.. Чайк-чуйк этип токтогон машинеден атып түшкөн Макан менен Бекен энтелеңдей чуркап Токендин машинесине жетти. Аны тегеректей карап жаткан топту буза берип, канга чыланган Токенди көрүштү. Кан чыланган башы эле көрүнөт.

#168 13 March 2013 - 00:32
Макан да, Бекен да машинесинин бүгүлө жапшырылгын эшигин тытмалай, кайра Токендин башын кармалай бакырып турушту, боздоп турушту. Энесинен эчтекесин калтырбай кимдир бирөөлөрдү сөгүп, алардын түбүнө жетерине карганып, "кайраным"
деп бакырат Макан, "байкелеп"
Бекен жер чапчыйт. Аз өтпөй кыйратып салчудай үн чыгарып, төбөсү жалт- жулт этип милийсанын эки бирдей машинеси келди. Андан түшкөндөр тал сүзгөн машиненин ар жак-бер жагына чыгып, котологон элден сураштыра башташты. Булардын эч кимиси эч нерсе көргөн эмес, өтүп баратып бири карандай эле кызыгып, бири жардамым тийбесин депштоктогондор.
Милийсалар Макан менен Бекенден бир нерсе сурашмакчы болду эле, алар сөз уккан да жок, боздоп турушту, ичтеринен кан өтүп, кектери кайнап турган.
#169 13 March 2013 - 00:38
Токен көп адамга колдон келген жардамын берип, эч кимге жаман сөз айтпаган, ууртунан дайыма жылмаюу кетпеген айкөл жигит эмес беле. Аны койгон күнү эл батпай келди. Айыл ичи иномарка, жөнмарка аралаш толо машине, ат арабалар, кызганактаган эл. Орустун муңдуу музыкасын ойночу топту чакырбай, кубаттуу магнитофондон "Көкөй кести" боздоп, боздогон жакындарын коштоп турду. Байкел карыя бүлкүлдөй кайгысын тереңине катып, көздөн ээ бербей куюлган жашты жашыра аарчып, күйүп- өрттөнүп, ар кимдин көңүл айта сунган колун кармап нарктуу отурат. Тээ көкүрөктүн тереңинде ушул уулуна чексиз сыймыктанып,
аны менен бирге алда-кандай болот деп түпөйүл санаага батып, уулунун өмүрүн жараткандан сан ирет тилеп, тобосун ооздон түшүрбөй жүрбөдү беле. Кимге болбосун жардам бергиси келе берген ак көңүлдүгүн эстейт. Ар дайым келип чучугун баш кылып, ой- бойго койбой жедирип кетчү тамагын эстейт; азыркыча кийиндирем деп алып келчү кийимдерин эстейт; "ата, быйыл сени ажы кылам, Мекеге барабыз" дегенин эстейт; айылда наны жок отургандарга
мүшөк-мүшөк түшүрүп берчү унун эстейт; ал келгенде үйдү айланып кетпей, аракты кенен алдырып иччү алкаштарды эстейт; энесин кучактап, бубак чачынан жыттап, "чачың агарып кеткен тура, боетолубу же парик эле сатып берейинби" деп аны чычалатканын эстейт; "буюрса айылдагы колунда жоктордун тың балдарынан туура онду тандап окутуп алам" дегенин эстейт... Жакшылык кууган, ыйман жылоологон кылыктарын эстейт, эми жок уулунун жүрөк жибитчү кылыктарын. ..
Боору эңшерилет, бу
дүйнөңдүн бар-жогу
ажырымсыз, бу дүйнө көзгө жаман көрүнөт, суук... каргашалуу. .. каралуу дүйнө...

#170 13 March 2013 - 00:40
Макан боздойт буулугуп, өзүн күнөөлүү сезет. Жалгыз досун сактай албады го. Анын тилин албай эле кошо жүрсө эмне?! Баарын баамдап жүрүп жалгыз таштаганы эмне?! Досунун өлүмүнө ушул өзү күнөөлүү. Байкел атанын да, Бекендин да көзүн тик карай албайт... Анан каны дүүлүгүп, тиштене кубарат, муштумдары таштай түйүлөт. Итиңди да, битиңди да, баатырың менен каапырыңды койнуна алчу жер ошол күнү Токенге жай берип тынды...
#171 13 March 2013 - 00:43
***
Токенди жерге берип тынышты ошентип. Макан бир жума бою Бекен менен Байкел карыянын жанынан чыкпай, алардын кайгысына ортоктош болуп турду. А балким алардын кайгысынан аша кайгыргандыр. Токен өлөрүн билгенби, же жөн эле алдын- алганбы, керээзин жазып нотариуска бышыктатып кетиптир. Анын иш столунан бир көчүрмө, сейфинен экинчи көчүрмөсүн табышты. Эгерде өзү
өлсө, же бир кырсыкка кабылса фирмага иниси Бекен менен аялы Жакин укугу тең башчы болуп калышарын, түшкөн кирешенин он проценти Маканга тиешелүү болорун
айтыптыр. Өлгөндүн артынан кетмей жок, тирүүлөр ошол тирүүлүк парзын аткарышы турулуу. Жан-дүйнөсү эңшерилип, бир боорунан айрылган кайгысы денеге сыйбай, буулукканы басылбай, көксөөсү суубай турганы менен Бекен Токендин ордуна отуруп иш жүргүздү. Алган билими жок болгону менен жараткан берген жөндөмү барбы, ишин жакшы алып кетти. Анын үстүнө бүт иштин аки-чүкүсүн беш колундай билген, мүнөзү кебез сындуу
жумшак, тири жандын бирине зыяны тийбес Токендин орунбасары Турганбек Бекенди көп нерсеге үйрөттү,
үйрөткөнү уланат.

#172 13 March 2013 - 00:46
Жакин балдары менен үйдө. Бир күнү Бекен фирмадагы керектүү адамдарды жыйнап чогулуш өткөрүп жатты эле, Макан кирди.
-Бу жерде чогулуш болуп жатат, - деди Бекен анын киргенин, киргенде да суроо- сопкуту жок киргенин жактырбай.
-Иш бар болсо кирем да, - деди Макан азга кызыраңдай. - Эмне, бу жерге кириш үчүн атайын уруксат
керекпи?
-Керек! - Бекен катуу
зоңк этти. - Ишиң болсо анан кел!
Отургандар бир туугандай болгон бул экөөнүн эч күтүлбөгөн кер-муруна таң кала, ыңгайсыз болуп түйшөлүп, уккан кулагы менен көргөн көздөрүнө ишенбейт.
-Сен эмне, атайын
уруксат менен киргизгендей президент белең, же министрсиңби? !
-Президентмин,
фирманын президентимин, уктуңбу?!
-Урдум сенин
президенттигиңди Сени кошо урдум! - Макан шарт бурулуп эшикти омкоро таштачудай жаап чыгып кетти...
-Айбан! - Бекен кубарып турду. Ошондон соң Макан фирмага жологон жок. Фирманын коопсуздугун сактоо милдетин Бекен төрт жигиттин бирине жүктөдү, дагы бир жигитти ошол ишке
алды. "Макан Казакстанга кетип калыптыр, жок, Россияда дейт..." деген сөз фирманы аралап кетти...

#173 13 March 2013 - 01:04
***
Ром ошол Токен жерге берилгенден бир ай өтүп калганда Барсты чакырып бир эле сөз айтты:
-Эми кайгырып деле бүтүшкөндүр, инисине учурашып кел, жанагы өлгөндүн.
-Кеттим, - деди Барс, айтканды алеки саатта бүтүрөрүн билдирип. Барс түз эле Бекендин фирмасына келип, анын кабинетине
кирди:
-Салам!
-Алеки, - деди Бекен, -айта бериңиз. Барс Бекендин столунун маңдайында узатасынан коюлган столго отуруп шашпай айтты:
-Менин зарыл деле жумушум жок, сүйлөшүп койчу маселе бар.
-Кулак сизде.
-Фирмаңызды ар түрдүү кырсыктан, болбосо зордукчу бейбаш балдардан сактайлы дедик эле.
-Кырсыктан Кудай сактасын... Бейбаш балдардын деле келген жери жок. Келип калса койгула деп айтууга өзүбүз деле жарайбыз го деп ойлойм.
-Эгерде жарабай калсаңарчы?
-Анда... Анда башка
салганын көрөбүз да.
-Башка салганын
көрөбүз деген сөз баары ойрон болот,
бүттү деген сөздөн
айырмасы жок го дейм.
-Ойрондотор биз деп
эле ачыгын айтпайсызбы анан.
-Ачыгын да айта алабыз, ойрондотчу
мына мен деп айтсам
да болот.
-Кандай кылсын дейсиз?
-Мунуңуз жакшы сөз
болду. Сиздерди
сарсанаа болбой
иштесин десек айына төлөп турушуңар керек.
-Канча?
-Жыйырма процент.
-Көп эмеспи?
-Аз эмеспи деңиз. Барстын бу сөзүнөн кийин Бекен ойлоно калды да минтти:
-Ойлонолу анда.
-Ойлонуштун кереги
жок. Сөздү бүтүрөлү. Ар айдын башында ошол жыйырма процент биздин колго тийип турушу керек. Сүйлөштүкпү?
-Сүйлөштүк.
Барс чыгып кеткенден кийин Бекен көпкө баш катырып анан бир
чечимге келгендей
алаканы менен столун тарс чаап ордунан турду...

#174 13 March 2013 - 11:02
***
Макан ошол Бекен менен кер-мур айтышып биротоло кайткыс болуп кеткенден кийин үйүндө болуп, андан баягы фирмага келип, төрт жигитинин бөлмөсүнө келип тапанчаны столго таштады:
-Момуну тиги айбанга берип койгула! Али эч нерсени уга элек төртөө элейди. Бири
сурады:
-Эмне болуп кетти?
-Эмне болмок эле, тиги айбан менен иштешеалбайм эми. Урдум ошону.
-Кайда кетейин дейсиң?
-Кетчү жер табылар. Керек болсо Россияга же Казакстанга кетем. А балким андан ары кетермин. Тиги айбандан кетсем эле жашоо бүтмөк беле.Болуптур эми, аман- эсен болгула. - Макан төртөө менен кучакташа коштошту.
Макан Бекен менен катуу кер-мур айтышып кеткенден эки күн өткөндөн кийин баягы иш таап берет элем деп сөз карматып койгон Касым менен Берметти издеп жүрүп базардан тапты кечкурун. Сатканы же алганы жок, экөө тең кызымтал. Маканды көрөр замат экөө эки жактан жажалай чыгып, кучактай өөп айтарга сөз таппай жатышат. Кебетеси келишкен эки алкаштын татына жигитти кучактай өөп, жалынып-жалбара бажылдап жатканына котолой наркы-терки жөөлөшкөн адамдар таң. Макан аларды ээрчитип көчөдөн көчөгө өтүп, бир ээнирээк ашканага алпарып стол толо тамак алды. Качан тигинисинен алперет деп ичкен тамактары деле аш болгон жок көрүнөт. Аны байкаган Макан:
-Самогону жок тамагыңардан өтпөй жатат го. Анан алперем. Азыр сүйлөшүп алалы, -деди.
-Жо-ок, аны деле ойлогон жокпуз. -Касым азга ыңгайсызданды эле, Бермет адатынча каршы сөзүн айтты:
-Жок деп коет, суксуңдап араң эле турбайсыңбы.
-Басчы жаагыңды, суксуңдаш сенден кийин.
Балээ башталып кетпесин деген Макан аларды тыйды:
-Тынчыраак мени уксаңар, менде маанилүү сөз бар. Ошону айтайын деп атайын издеп келгем. Экөө тең кулак түрө калышты. Анан алперем деген самогон да эстеринде дечи. Макан сөзүн улады:
-Касым байке, сиздердин бул кымгуут шаарда жүргөнүңөрдөн пайда жок. Андан көрө айылыңарга барып оокат өткөргөнүңөр оң.
-Айылда сууту коюптурбу, - деди Бермет жактырбай.

#175 13 March 2013 - 11:12
Барсак, кийин акча топтоп алып барабыз.
-Ооба, ошентпесек болбойт, - Касым аялына макул.
-Кана, ушуга чейин топтогон акчаңар, - деди Макан ачыгын айтып, - менин сөзүмдү жаман албагыла, акча топточу оюңарда болгону менен колуңардан келбей жатпайбы, же мен калп айтамбы?
Эрди-катын тамагы ичкен болуп үндөшкөн жок.
-Чын эле айылга барып эмне кылабыз? - деп баарын ушул билчүдөй болуп Макандан сурады Касым, - же ишибиз жок болсо.
-Иштеген кишиге иш табылат. Огород-жайды иштетип жан багып жатпайбы элдин баары эле. Бу жерде жүрөсүңөр, балдарыңардын көргөн күнү эмне болду? Муну уккан экөө тең баш көтөрө калып, анан кайра шылкыйышты. Бүтө жаздаган тамагын ичалбай калышты. Аялга балдарынын сүрөтү келди окшойт, көзү нымдалышып барып ыйлап жиберди. Касым да зээни кейип турду. Алардын маанайын дароо баамдаган Макан боору ооруп да кети. Булар аны бир өлүмдөн алып калган, ага өмүр өткөнчө ыраазы дечи. Бирок ушул экөө уялаш агасы менен жеңесиндей көрүнүп турду. Ичкенден башка зыяны жок бу байкуштардын. Тигилер тамагын ичип болгон соң машинеге салып жакшы делген мончолордун бирине алпарып, экөөнө эки бөлүп мочалка, самындарын, сүлгүлөрү менен кошо алпарып киргизип жиберип, өзү күтүп турду. Алар жоо куугандай бат эле чыгышты, арагы калып жатпайбы. Макан ошол эле мончонун жанындагы чакан кафеге баштай кирип, таза арагынан эки жүздөн бастырды. Анан базарга барышты, жашылча, эт, күрүч кылып, толгон нерсе
алперип баягы жалдап жашаган үйүнө жеткирип:
-Эртең бир жакка кетип калбагыла, мен эрте келем, жумуш бар, - деп кете берди.
Эртеси Макан Касымдарга эрте келди. Экөө соо. Ичкенге акчасы жок
өңдөнбөйбү. Макандын келгени булар үчүн майрам, жүрөк жарылчудай
кубанышат. Бермет бат эле дасмал салып, кечээ базардан алынгандардан коюп, түндө жасаган күрүчүн жылытып, чай сунду. Качан чөнтөктөн акча сууруп, мобуга бир бөтөлкө апкеле коюңузчу деп айтар экен деп Касым күтөт, аялынын ою бир жерден чыгат, Макан башка сөз айтты:
-Тазараак кийинип алгыла, азыр базарга барабыз.
Экөөндө бапестеп алып мейманга барганда кийели деген кийимдери жок, ал убак илгери болчу. Турган турпаты менен экөөнү машинесине
салып түз эле бомбага чейин сатчу килейген базарга алып келип аларга кийим тандады. Эки-үч саат кыдырып экөөнө эки сыйрадан кийим алды. Дароо эле үйүнө кайтышты. Макан өзү Касымды
чечиндирип кычыраган костюмун кийгизди, аппак көйнөккө күрөң- кызыл галстугун байлады, күрөң туфлийди бутка тартты. Чүпүрөктүн касиетин кара, алекисаатта баягы шишип-көөп, ширедей катып, катындарды эмес, эркекти да жийиркенткен кебетеси татына болуп, сындуу тартып турбайбы. Эки эркек сыртка чыгып, аял кийинди, далайда чыкты короого, керемет келин болуп чыкты, кулпуруп чыкты. Экөөнү кайра салды
машинесине алар менен кошо жадыраган Макан. Бир жерге токтоп бышылуу тамак- аштан кеңири алышты, бөтөлкө да унутулган жок. Машине шаардан чыгып чоң сууну бойлой кеткен жол менен керемет делчү
карагай-кайыңы, түрдүү бадалдары жапжашыл болуп кулпурат, жайдын алгачкы мезгили эмеспи, кызыл- тазыл гүлдүн жайнаганын айтпа.
Кыргыздык кылып улам тандап отурушуп, бир жерге отурушту. Алдыга тамак-аш жайылып,
Макан бөтөлкөнү колго алганда эрди-катындын мурун эле эргип турган көңүлдөрү көкөлөп кетти, бейишке чыгып турушту. Касым далайдан айтылбай калган сөзүн айтты:
-Атаганат, ушу кыргызымдын жериндей керемет кооз жер болбос.
Баркын билбей өтүп кетет турбайбызбы. ..
Макан жылмайып колундагы бөтөлкөнү көрсөттү:
-Мобул балакеттен
кутулсак эле баркына жетмекпиз, байке. Көптөн бери уяла элек Касымдын капкара өңү күрөң-кызылына тартып уялып кетти. Жооп бере алган жок. Бермет да кошо уялып, не сөз айтарын билбей эки-жагын каранып койду, а балким кирерге жер таппайбы. Бу жаратылышың дегендин кызык касиети бар эмеспи, үйүндө желбечү тамактар дүңү менен желет, каткан нанды тоо суусуна жибитип жеген не керемет! Үчөө жай сүйлөшүп, жалаң жакшылык кууган жакшы сөздөн сүйлөшүп, алып келген тамактан тое жешти.

#176 13 March 2013 - 11:24
Наркы-терки басышты. Бермет кучак толо гүл терди, көңүлү гүлдөй ачылды. Макан экөөнө тең эки жолудан ченеп куюп берген арактын кудурети кошул-ташыл,
кайра отурушту. Дасмалдагы ар нерседен оозго салган болуп, сөзгө киришти. Бир маалда Бермет:
-Макан, чын эле сен айткандай биз айылга кетишибиз керек экен, -деди. - Балдарды аябай сагындым. Талаада калсак да балдарыбыз жаныбызда болгону жакшы экен. Кечээ эле эртең менен Касым экөө бирөөнүн мүшөктөрүн ташышып эптеп баш жазышканда бу сөз Берметтин оюнда жок болчу. А балким зээнинде бар үчүн ушинтти го. Макан да таң калды аялдын сөзүнө. Ушул бойдон эле жосундарын оңдоп кетишчүдөй болуп турушканы менен арактын туткунунан дароо эле кайдан бошонсун. Макандын бул оюн Касым бышыктады:
-Мака, кана алдагыңдан дагы бирден куйбайсыңбы?
Макан экөөнө куюп берди эле токтотпой
тартышты. Денесин да, көңүлүн да жылуулук магдыраткан Касым жанагы аялы айткан
сөзгө кошулуп бышыктап турду:
-Бермет, сен жана туура айттың, айылга кетебиз. Мен да балдарды аябай сагындым... Жер
иштетем, мал багам...
-Кайсы малыңды баккан атасың? - деди аялы, - сени келет эле деп туугандарың мал даярдатып коюппу.
-Ай, сен көп былжырабачы э, даярдап коюптур деген ким бар?! Тирүү турсам кураштырып албай жан жокпу, туурабы ыя, Макан? Баш аман болсо мал өзү эле келбейби.
-Келатат дейт- Аялы
дагы жактырбады. -Азыр келатпаса да келет, эмне экен. Аялы жооп бермекчи болгондо Макан озунуп кетти:
-Туура айтасыз, мал келет. Мен алперем
малды. Эрди-катын элеңдей түшүштү. Эки күндөн бери тамак-аш ооздон чыкканча сыйлап, бир эмес, экөөнө тең эки сыйра кийим алперип. Эми малдуу кылам дебатса. Эрди-катын кызара-бөртө уялып турушту.
-Кийин бай болуп
кетсеңер мага да
каралашып турасыңар да. Кез-кези барганда бирден козу союп берсеңер эле болду.
-Э ботом, сойбогондо, -деди Бермет.
-Бүт баарын жайлап
салбаймынбы, -Касым аялын коштоду.
-Жалгыз келбей
келинчегиң менен келсең, - деди Бермет тамашалай, -
устукандарды ороп кеткенге. Макан бирөө менен эзиле, дил койо сүйлөшүп жатканда гана унута салчу Нестанды дароо эстеди. Анысы арманга айланды. Ошо, баягы Бекен экөө барып,эмдиги жумада келебиз деп болжоп кеткен күнү баралбай калган, күнү-түнү Токендин өмүрүнөн коркуп жанынан чыкпай жүрбөдүбү. Анан дагы бир жума өткөндө Токенди төрт жигитине аябай
какшап табыштап, кайда барарын жан кишиге билгизбей
Нестандын үйүнө барган. "Нестан күйөөгө тийип кеткен. Эне-атасынын эркине
көнбөй, каалаганым
ушу" деп күйөөгө өз билгениндей тийип кете берет тура азыркы кыздар" деп Сонун жооп берип узаткан Маканды.

#177 13 March 2013 - 11:52
Ошондо демигип, самап барган көңүлү кайт болуп, алгач арзыган адамына таарынып, биракта биротоло жек көрүп, ага болгон сезимин таштай катыра албай, кайра-кайра сагыныч, кусалык келип, келгенде баш бербей эсепсиз келип... артка кайткан. Урдум ошону, мага эмне кыз жокпу деп өзүн сооротчу ой да келген эмес. Андан кийин Токен каза болду, анын кайгысы жанагы элеси үлбүрөй келип жүрөгүн эзе берчү кызды унуттура албады. Ал жөнүндө мурда Бекен менен сүйлөшө калчу эле, азыр антпейт. Сагынычын, арманын жалгыз сактайт... Азыр бу Касым менен аялынын сөздөрүн угуп-укпай Нестандын элесин маңдайга тартты. Күйөөсүн кучактап эркелегени,
анысына саамай чачын сылата жүзүнөн сүйдүргөнү да элестелип, бир силкинип алды. Ошол Нестандын айынан Сонун мастан жасаган окуя да келди эске, аз жерден камала жаздаган эмеспи...
#178 13 March 2013 - 12:06
Ошол Бекен экөө Нестанга барып Сонунга тапанча такаганда ал аял эсебин Шерге бердирем деп айылдаш бир рэкетиби, бандитиби, ошону издеп жүрүп таап айтканда, аның чын эле шер экен, дароо эле минткен: "Ал чилишти бут алдыңызга чөгөлөтөм, анан өмүр бою суу ичип жашаган майып кылам" деп. Чыгымдуу немеби, Сонун арыздангандын эртеси эле ошол Шер деген эңгезердей капкара неме кочкул кызыл иномаркасын айдатып, дагы эки шериги менен төртөө болуп түз эле Бекендин үйүнө барышкан. Кышкүрөө эмес беле, Бекен мал-салына чөп салып короодо болчу. Машиненин сигналын угуп көчөгө чыкса эңгезердей төрт жигит түштү машинеден. Шер амандашпай эле
күрсүлдөдү:
-Бекен деген неме сенсиңби, ыя?!
-Ии...
-Аялдарга тапанча такаган эргул досуң кайда?
-Кайсы аялдарга? - Бекен чын эле булар эмнени айтып жатканын түшүнгөн жок.
-Эмне анткорлоносуң, ыя?! Сонун деген эжекени атып салам деген немени айтам.
-Аа, Маканбы? Ал шаарда, ишинде. Агамдын фирмасында иштейт.
Ушинтип эч нерсени жашырбай эле айтып турду. Ага кошумча фирманын адресин кошо айтты. Тигилер кетти, "сага дагы келчү жумуш бар" дешип. Алар кетери менен Бекен түшүндү, Сонун арызданып, булар өч алмакка келишкенин. Э кокуй, адреске чейин айтып бергени эмнеси?! Дароо үйгө чуркай кирип, шаарга, Токенге телефон чалып, болгон ишти Маканга айтып кой деди. Тигилер келгенде Макан даяр эле.
-Макан деген сенсиңби?
- Шер орто бойлуу сары чийкил жигитти өйдөдөн ылдый карады Макан бирөөлөр чакырып атат дегенинен эшикке чыкса.
-Эмне жумушуң бар эле Маканда?
-Макансыңбы дейм?! -деп эч нерсени тоотопой сүйлөп турган жигитке кыжыры кайнап кетти.
-Эй, жигит, эмне күрсүлдөйсүң? ! Макан керек болсо мына менмин, эмне кылайын дейсиң?!
-Кылганды азыр көрөсүң, жүрү биз менен.Коркпойсуңбу? !
-Корком. Алдагы касапка сойчу букадай кебетеңден кантип коркпойм. Бир районду өзү билип, мындай сөздү эч укпаган да, угам деп күтпөгөн да неме адегенде эси оогондой делдейе калды да, муштап жибере таштап араң кармады өзүн:
-Барасыңбы, мени менен?
-Кай жерге?
-Аны барганда көрөсүң.
-Кеттик!
Макан бир жигитин жанына салып, Шердин машинесинин артынан айдап кете берди. Шаардан чыгып дагы бир аз жүргөндөн кийин жолдон обочо жерге салынган жанында үйү бар мал сарайга келип токтошту. Үйдөн орус түспөл сапсары жигит чыгып, машинеден түшкөн Шер менен анын шериктеринe эпилдей учурашып,
үйгө киргиле деди эле, Шер:
-Анан киребиз, азыр тетиги немени тынчыта туралы. Өпкөдөн өпкө жок неме окшойт, энеңди... - деп Маканды көрсөтө аны беттей басты шашпай. Сапсары жигит үйүнө кирип
кетти. Макан жигити экөө машинесине жөлөнүп, эмне болсо да даярбыз дегендей камдуу турушкан. Шер бет маңдай келип Маканды тирижан деп санабай, а балким кол жоолукча көрбөйбү, басынта күпүлдөдү:
-Эй, энеңдурайын, тилиңди эми агытчы,
ошол тилиңен асайын! Кана?! Бул жерден сөзсүз бир кармаш болорун небак сезген Макан тигинин сөзүнө жооп кайтарган жок, илбирстей атырылып Шерге жетти да, илгиртпей туруп килейген немени жамбашка салып чаап алды. Ошол жерде муштумдан чоңураак таш жаткан экен, далысы дал ошого тийди. Тийгенде эле эси оогон. Аны Макан кайдан билсин, таштай муштуму тигинин тумшугуна бир эле кадалды. Эми ал биротоло дымы чыкпай калды. Шердин берки үч жигити жабыла качырды эле бирин Макан, экинчисин анын жигити жерге
сулатышты. Үчүнчүсү оолактап кача берди. Дал ошол маалда "тарс" деген мылтыктын үнү чыкты. Жанагы үй ээси сапсары жигит эч нерсе боло электе эле мылтыгын көтөрүп чыккан тура. Маканды мээлеп атканы айталаага кетип, экинчи патрон салмакчы болуп жатты эле, Макан койнундагы тапанчасын сууруп чыгып кезей кыйкырды:
-Эй, энеңдурайын Кожожаш, мылтыгыңды ташта! Азыр как чекеңе ок
кадалат! Тиги экинчи кайталаткан жок, мылтыгын бут алдына ыргытты да, буйруксуз эле эки колун көтөрүп титирей туруп берди. Макандын жигити мылтыкты алып мындайрактагы столбонун бетонуна
чапчы эле, мылтыгыңдын тамтыракайы чыгып
кетти.
-Түшүр колуңду! - Макандын жигити тиги колун түшүргүчө болбой ээк талаштыра согуп калды эле, күрөлгөн күрткү карга башы менен бата түштү.
Шер бир маалда эсине келе калып, тапанчасын койнуна катып жаткан Маканды оңбогондой канжар менен качыра берди. Макан буйтап кетип, каптал жактан ичке тепти эле Шериңдин аты затына айкашпайт экен, бүк түштү. Канжар колдон түштү. Макан канжарды ала берип, турууга аракет кылып жаткан Шерди баса калып кекиртекке такады:
-Мууздап салайынбы, ыя, эшек?! Тиги жанталаша тыбырады эле Макан канжардын мизин кекиртекке катуу басып алды. Кичине эле туура тартылса шылып кете турган канжардын мизи катуу басылган жер кыпкызыл сызык болуп дал ортороок жеринен сыбызгый кан акты.
-Мууздайынбы дейм,
ыя? Же дагы жашай
турасыңбы?! Эй, эшек, сага айтыбатам!
-Кечирип кой... - Шер
ушинтип kырылдаганга араң жарады. Үч шериги үч жерде турган. Макан Шердин

#179 13 March 2013 - 12:11
үстүнөн туруп, аларды чакырды:
-Эй, эшектер, бери баскыла! Тигилер бери басканда турмакчы болгон Шерди Макан ээк талаштыра тепти эле, ал дагы чалкадан түштү, тиги үчөө элтеңдей басып жакын келгенде:
-Бу чочкоңорду эмне
кылайын, ыя? Тирүү
калтырайынбы же?..
-Кечирип коюңуз, -
деди бири, - экинчи
сизге тийишпейбиз. ..
-Тирүү калсаңар тийишпейсиңер, эгер
тирүү kалбасаңарчы? !
Тигилер дудук болуп турушту. Макан сөзүн улады:
-Эгер дагы бирөөнө кордук көрсөтө турган болсоңор, анда күнүңөр бүттү дей бергиле, уктуңарбы, ыя, эшектер?! Хор менен жооп беришти үчөө:
-Уктук.
-Уксаңар, бу чочкону
тургузуп алгыла, кар
үстүндө жата берип
өлүп калбасын. Үчөө Шерди жөлөп- таяп тургузушту. Бутуна араң турат.
-Монтировка барбы
машинеңерде? - деди Макан жигиттердин биринен.

#180 13 March 2013 - 12:16
-Бар.
-Апкелчи, - Макан анын артынан кошо басып, тиги багажниктен алган монтировканы алды. Иномаркага көптөрү монтировка, ачкыч-Mачкыч салбайт. Буларда бар тура. Макан монтировканы салмактай кармап көрүп, Шердин жалтыраган иномаркасынын маңдайкы айнегин, андан соң арткы
айнегин бырын- чырынын чыгара чапты, анан эки жагындагы күзгү ыргыды, мотор менен багажниктин
копоттору монтировканын соккусунан тырыйып- бырыйып, тешилип, эми эле көз жоосун
алып суктандыргандай болуп турган машиненин тамтыгы
чыкты. Макан монтировканы
ыргытып, көпкөндөрү көчүгүнөн чыга түшкөн төртөөнө келип:
-Эми мени жаман
көрбөгүлө, машинеңерди дагы жакшылап "кооздогонго" убакыт тар, ушуга ыраазы болгула, - деп машинесине басты. Анан басып баратып кайрыла берип: - Эй, эшек, - деди Шерге, - ага айтам, буга айтам деп мурдуңдун маңкасын чубалтып
көрүнгөнгө арызданып бышактабай эле кой, антсең дагы бирөөнүн убалына каласың. Эми соо-саламатта болгула, - Макан жигити экөө машинесине түшүп кете берди.
Азыр ушул окуяны ойлоду Макан. Ойго батып Касым менен аялынын эсепсиз
сөздөрүнүн бирин укса бирин укпай отурган Маканга таарынган болду:
-Э ботом, бир эмес, эки жолу сурасам да жооп бербейсиң да, - колукту алсаң мени өкүл эне коесуңбу дейм?
-Коем, койбогондо. .. - деди Макан дароо эле.
-Жок дебейт дедим эле, рахмат сага, Мака, - деп Бермет ыраазы.
-Касым аба, Бермет
жеңе, - деди Макан
жана эле айтайын
деген сөзүн эстеп, -
эртең эле кеткиле
айылыңарга, мен
автобуска салып
жиберем. Бала-чакага кийим-кечек, таттуу паттуу алперейин. Бу жерде жүрө бергениңер болбойт. Анан он-он беш күндөн кийин барам. Ошондо калган ишти шашпай сүйлөшөрбүз, макулсуңарбы?
-Макул, - деди Касым.
-Туура айтасың, балдарга жетели тирүү кезибизде. - Бермет да бу ишти туура көрдү. Дагы бир аз отуруп тамактан жеген болуп, анан кайра кайтышты. Макан буларга ишенип колдоруна акча берген жок, балдарга кийим менен таттуу-паттууну өз колу менен алып берди. Ошол күнү булар бир нерсенин үстүнөн чыкпасын деп чогуу конуп калды.

Супер-Инфо
super.kg
видео