Жаш кезде уккан жана коргон нерсени жасап коргун келет эмеспи. Аларга тарбия берем деп эрте жетилтип албайбызбы деги?
Жыныстык тарбия
#21 12 March 2013 - 10:02
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#22 12 March 2013 - 12:02
Шариат китептеринде бул нерсе жөнундө айтылат. Болгону аны окуш керек. Эгер атасы баласына жашынан кайсы бир программанын негизинде шариат илимдерин үйрөтүп келген болсо ошол темага жеткенде аны да үйрөтуп өтүп кете берет. Бул жакшы метод. Себеби мындай убакта ата сабакты дароо жыныстык мамилелер жөнундө баштабайт. Алгач даарат, анан намаз, орозо, зекет, ажылык, соода, андан кийин нике, талак, арам-адал, саясат ж.б. болуп кетет. Ошол нике боюнча бөлумгө жеткенде жыныстык мамилелер жөнундө да окута кетсе болот.
Жогоруда айтылган сөздөргө кошумча:
Мусулман адам алгач эле баласына Аллахты таанытуудан баштайт. Андан кийин гусул, даарат алып, намаз окууну үйрөтөт.
Эми даарат маселесине келгенде эле жыныстык маселелерге токтолууга туура келет. Мисалы: эң алгач эле намаз окуу бала балагат жашына жеткен убакта милдеттүү болот деген маселени үйрөтүү керек болот. Бала, мен балагат жашына качан жетем деп сурашы мүмкүн. Же сурабаса деле аны барибир айтуу керек. Эркек бала түшүркөгөн убактан баштап б.а. анын уруктугу (сперма- муну арабча маний деп коёт. И окуткан убакта деле ушунда сөздү колдонуу оң деп ойлойм.) чыга баштаган убактан баштап балагат жашына жеткен болуп эсептелет деп түшүндүрүү керек. Ал эми кыз бала этек кири (менцтруация - арабча хайз деп коёт) келгенден баштап балагат жашына жеткен болуп саналат деп апасы үйрөтүүсү керек. Демек бул алгачкы жыныстык тарбия десек болот. Бул нерсени билген жаш бала жана кыз жогорудагы абалдарга туш болгондо таң калып, өзүн жоготпостон эле аа баягы атам (апам) айткан нерсе ушул турбайбы деп эле кабыл алат.
Андан кийин дааратты кайсы нерселер бузат деген маселени окутуп жаткан убакта арттан жана алды жактан чыккан бардык нерселер дааратты бузат деп окутуу керек болот. О.э. уруктуктун атырылып чугуусу, этек кирдин келүүсү, төрттөн кийинки кандын келүүсү, жыныстык байланышта болуу да(уруктук чыкпаса да) гусул алууну милдеттүү кылат деген нерселерди окутуу керек болот. Аларды үйрөтпөсөң ал качан даарат алып, качан албоо керек экенин билбей калат. Демек бул жерде жыныстык байланышта болуу деген сөз кошулду. Анын маанисин бала түшүнө бербегени менен бирок кулагында ошол нерсе калат. Аа, ушундай нерсе да бар турбайбы деген ой пайда болот. Анын жакшы же жаман экендиги жөнүндө түшүнүгү жок болсо да.
Анан намаз жөнүндө үйрөтүп жатканда да ушул эле нерселер айтылат. Уруктугу атырылып чыккан эркек бала жуунмайынча намаз окууга болбойт. Эгер атырылып чыкпаса мисалы дүүлүккөндө жылмышып агып калса же заара ушуткандан кийин жабышкан суюктук чыккан болсо толук жуунбастан эле (гусул албастан эле) даарат алып намаз окуй берсе болот. Этек кири келген кыз этек кири токтоп, андан кийин жуунмайынча намаз окуса болбойт. Этек кирдин келүүсүнүн эң аз мөөнөтү 3 күн, көбү 10 күн андан ашканы ооруу себебинен келген кан деп эсептелет. Ал убакта кыздар даарат алып намаз окуй берет. Бирок этек кир келип жаткан убакта намаз окуса болбойт деген маселелер түшүндүрүлөт. Бул жерден да кошумча маалыматтар берилди. Мисалы этек кирдин эң азы 3 күн, көбү 10 күн болот деген.
Андан кийин орозо, ажылык маселелеринде да жогорудагы эле нерселер айтылат. Мисалы этек кири келген кыз орозо кармабайт . Бирок кийин ошол күндөрдүн казасын кармайт. Орозо кармаган адам ооз ачканга чейин жыныстык байланышта болсо болбойт. Бирок ооз ачкан убактан баштап таң атканга чейин бул ишти кылса боло берет деген маселелер айтылат.
Андан кийин нике маселеси окутулат. Анда никеге байланыштуу бардык өкүмдөр айтылат. Эркек бала кимге үйлөнсө болот, кимге үйлөнсө болбойт, кыз бала кимге турмушка чыга алат, кимге чыга албайт. Бул маселе жакын туугандар менен үйлөнүп, жыныстык байланышта болбостугун түшүндүрүп берет. Ошондой эле кызды эч ким ала качууга укугу жок экени о.э. кыздын ыраазычылыгысыз эч ким аны турмушка бере албастыгы окутулат. Калың кыздын акысы болуп, аны эч ким тартып ала албасын, ал өзү каалаган өлчөмдөгү калынды суроо укугуна ээ экенин, эгер анын күйөөсү импотент, жыныс мүчөсү кечилген (жарымынан же түбүнөн) ж.б.у.с. болсо аждырашууну талап кылса боло тургандыгы окутулат.
Андан кийин талак (аждырашуу) маселеси окутулат. Кандай учурларда ажырашууга болот кандай учурларда ажырашса күнөөкөр болот, ажырашкан кыз канча убактан кийин башка бирөөгө турмушка чыга алат, алардын ортосунда бала бар болсо ал ким менен жашашы керек, ал баланын алдындагы атанын милдеттери кандай, энесиникичи ж.б.у.с. маселелер окутулат. Күйөөнүн аялы алдындагы милдеттери, о.э. аялдын күйөөсү алдындагы милдеттери жана укутары ж.б.
Андан кийин караохият (Исламда жаман (арам) деп эсептелген нерселер) окутулат. Анда эркек, чоочун аялдын кайсы жерлерине караса болот о.э. аял чоочун эркектин кайсы жерлерине караса болот кайсы жерлерине караса болбойт. А жубайынын кайсы жерлерине карса болот жана кайсы жерлерине караса болбойт. Караганга боло турган жердин кайсыларын кармаса болот жана кайсыларын кармаса болбойт деген нерселер окутулат. Этек кири келип жаткан аял менен жана аялдын арткы жагына (анус) кошулууга болбостугу окуталат.
Андан кийин кылмыштар окутулат. Кылмыштардын арасында зына (никесиз жыныстык байланышта болуу) да окутулат. Никесиз жыныстык байланышта болгон адамдар бойдок болсо кандай жаза берилет. Ал эми үй-бүлөлүү боло туруп бул кылмышты кылса кандай жаза берилет деген нерселер окутулат.
Жогоруда айтылган маселелердин баары Исламдын фыкых ( 1) мусульманская доктрина о правилах поведения (юриспруденция); 2) комплекс общественных норм (мусульманское право в широком смысле)) бөлумүндө окуталат.
Жогоруда айтылгандардын баарын бала жана кыз турмуш курганга чейин окуп үйрөнүүсү керек болот. Эгер жогорудагы нерселердин баарын окуп бүткөн болсо демек ал бул маселе боюнча баштапкы маалыматтарга ээ болот. И ошонун өзү турмуш курууга жетиштүү болуп, андан аркысын турмуш кыргандан кийин үйрөнүп кете берет.
Ал эми адеп-ахлак боюнча китептерде мындан да кененирээк окутулат. Мисалы нике бөлумүндө жубайлар арасындагы жыныстык байланыш кандай болуусу керек деген нерсеге көбүрөөк тотолунат. А фыкых бөлүмүндө бул нерсеге токтолунбастан эле укук жана милдеттер жөнүндө айтылып, анын формасы, абалы жөнүндө айтылбайт.
Мындай окутуу менин пикиримде эң сонун окутуу. Бул бир канча жыл окутулат жана окутууда өтө сылыктык менен сөздөрдү кагазга ороп мүмкүн болушунча түшүнүктүү кылууга аракет кылынат. Андан сырткары муну эркек балага атасы, кыз балага апасы үйрөтөт. Мектепке барып алып аралаш отуруп бул нерсе жөнүндө окуган убакта ар кандай түшүнбөөчүлүктөр пайда болуусу мүмкүн.
#23 13 March 2013 - 07:22
Ээй койгулачы ачпаган теманар калбаптыр.мен каршымын бул нерсеге.бара бара оздору билип алышат,же эмне силер сабак катары уйронуп окуудунар беле?кызыксынардаа хи хи хи
#24 08 April 2013 - 01:35
Мектептен деле уйронуп алатко дейм,биология сабагынан бекен,айтоор отконбузда,
анан обушуп жытташты кочодон эле уйронгонбузго.
#25 16 April 2013 - 19:55
menin oyumcha bul tarbiyani negizinen biologiya mugalimderi uyrotkonu on. Baldardi ozuncho kizdardi ozuncho. Oshol temaga kelgende jinistik mucholordun funktsiyalari uyrotulgoondo. Birok baldar atayin bulaktardan uyrongonu on. Birok kiz baldarga en chon jardamchi apalari go. Ar kanday kitepten da jakshi. Anan ashik kemin dagi uyronup alishat dep oyloym.
#26 09 May 2013 - 17:17
Тарбиялабаса деле балдар даяр эле го менимче мектепте мужсоветте айтса керек
#27 09 May 2013 - 17:22
Тарбиялаштын кереги жок.Оздору эле уйронуп алары бешиктен белгилуу да.Дагы бир жагы бар,нике тундо жыныстык катнашты билбегендер четтен чыгат,ошолорго керектуу эле нерсе го.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#28 10 May 2013 - 01:38
Жыныстык тарбия- бул жыныстык катнаш кандай болот же катнаш учурунда кантип кыймылдаш керек деген нерсени уйротуу эмес. Аны ар бир адам, жумурткадан чыккан жожо эч ким уйротпосо деле жемин таап жегендей эле билет. Жыныстык тарбия-бул жыныс органдарына тиешелуу гигиенаны сактап, ар кандай ооруулардан сактануу жолдорун уйротуу. Гигиена-бул батыш олколору уйротуп жаткандай жалан резинка менен кошулуудан турбайт. Жыныс органдарын туктордон тазалап, таза жууп туруу, аларды кээ бироолорго окшоп ар кандай пайдалана бербоо да гигиена деп эсептелет. Ар кандай дегеним кээ бироолор корунгон жерге сала берсе, кээ бироолор корунгон нерсени сала берет. Бир темада помада колдонгон жонундо окудум эле. Ошого окшогон нерселер коркунучтуу экенин уйротуу жыныстык тарбия деп эсептелет.
Никеге чейин эч кандай секс болбошу керек дегенди уйротуу да жыныстык тарбия деп саналат. Никеден кийин да кандай убактарда кошулууга болбостугун уйротуу да жыныстык тарбия. Бул нерселерди уйротууну белгисиз адамдарга же ар кайсы интернет сайттарына ишенип тапшырууга болбой калатко.
Никеге чейин эч кандай секс болбошу керек дегенди уйротуу да жыныстык тарбия деп саналат. Никеден кийин да кандай убактарда кошулууга болбостугун уйротуу да жыныстык тарбия. Бул нерселерди уйротууну белгисиз адамдарга же ар кайсы интернет сайттарына ишенип тапшырууга болбой калатко.
#29 10 May 2013 - 02:28
#30 23 May 2013 - 16:09
мен ойлонот элем мен кайдан жаралгамдеп анан атаман сураганымда ата мени ким жараткан десем атам айтчу сени кудай жараткан деп кантип десем кудай ме бобул баланы бала кылып алчы деп асмандан ыргытканда мен шапкама тосуп алгам деген . А кийин озум тушунуп алгам кайдан жаралганымды
#31 23 May 2013 - 19:01
жыныстык тарбия деген жыныстык катнаш эмес. жыныстык тарбияны бала торолгондон баштайбыз байкасанар.
кыз балага розовый кызыл жалаяк одеалды оросок уулга дайым кок же жашыл тандайбыз. кыз балага кооз койнок куурчак ыйгарсак, уул балага машина самолет пистолетти ойнотобуз. ошондой эле жомок айтып бергенде дагы кызга канышалар акылдуу кыз ж.б айтсак, уулду эрдикке тарбиялай турган жомок айтабыз ж.о.э. дааратканага баргандагы озгочолукту да уйротобуз туурабы? же эркек балдар туруп дааратушатканды оздору билип уйронуштубу?
андан кийинки этап оспурум убакта: кыз баланын айызы келеер жашында айыздын маани манызын, репродукциялык денсоолук тууралуу мээсине куябыз. кыздык белгиси, намысы жана аны сактоо керектигин (кимден жана кантип) тушундуробуз.
уул балага дагы тиешелуусун (баш аламан жыныстык мамилелерден алыс болуу, жугуштуу оорулар тууралуу)айтуу зарыл. болбосо кочодон коргонун, ою бузук адамдардан секс тууралуу маалыматтарды башкача айтканда туура эмес маалымат алышы толук мумкун. жыйынтыгы кандай болот озунор билесинер.
андан кийинки этап 16-17 жашында турмуш куруу маселеси. кыз жигиттин мамилеси. суйуу сезимдери, уйлонгонго чейнки жыныстык катнашка баргандын аягы эмне болоорун кулагына куябыз. айтпасак деле суйушот дечи, бирок ата - эне баланын ишенимине кируу керек, андан аркы тугой тандоосуна катышуу зарыл деп ойлойм. мисалы менин атам да, апам да созсуз таанышып мага жакшы же жаман деп пикирлерин айтышчу. себеби турмуш оюнчук эмес, жакшы жаманды ажырата элек жаш баш адашып калышы толук мумкун.
андан кийинки этап 16-17 жашында турмуш куруу маселеси. кыз жигиттин мамилеси. суйуу сезимдери, уйлонгонго чейнки жыныстык катнашка баргандын аягы эмне болоорун кулагына куябыз. айтпасак деле суйушот дечи, бирок ата - эне баланын ишенимине кируу керек, андан аркы тугой тандоосуна катышуу зарыл деп ойлойм. мисалы менин атам да, апам да созсуз таанышып мага жакшы же жаман деп пикирлерин айтышчу. себеби турмуш оюнчук эмес, жакшы жаманды ажырата элек жаш баш адашып калышы толук мумкун.
#33 03 June 2013 - 19:15
Жыныстык тарбияны бербесенер деле оздору илгиртпей билип алышат. Эми кенеш бериш керек энеси каймана мааниде,анан балдарын го журо берет кызды тарбиялаш керек башынан.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#34 23 June 2013 - 03:40
Жыныстык тарбия десе эле баары жыныстык катнашты тушунуп алышыптырго.
Жыныстык катнаштарды оздору уйронуп алат. Мунунар туура. Бирок "озубуз уйронуп алабыз" деп жатышып коптогон жаштар зына кылып журушпойбу.
Ошону убагында туура уйротсо болотда. Туурабы? Жогоруда туура айтылган создор бар экен рахмат силерге.
#35 23 June 2013 - 15:59
Дауддун созуно конул бурсанар болмок, силер уул кызынар эмес озунор ошол нерселерди (Дауд айткан тарбияны) туура аткарып атасынарбы?
Ушул суроону озунорго берип коргулочу.
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#36 28 June 2013 - 19:42
Бринчиден ыймандуулука чакырып ыймандуу тарбялаганга ата-эн арекет кылыш керек жэ ыйман сабагын киргизиш керек деп ойлом. Акыл эстуу ыймандуу болсо калган керектуусун гезит журнал интернетен окуп алат уйронуп
#37 02 July 2013 - 19:06
Мен да балдарга озунчо,кыздарга озунчо мектепте сабак беруусун колдойт элем.Бойго бутуу,бойдон алдыруу дегендер бир аз азаят беле.Анан да бизде мындай нерсени ата эне менен суйлошуу жат нерсе го..
#38 13 November 2013 - 21:59
Жаш балдарды жыныстык жагынан туура тарбиялоо - бул өтө чоң, орчундуу жана татаал маселе. Эркек баланы келечекте эркек болууга, кыз баланы келечекте аял болууга жыныстык жагынан туура тарбиялабаса,
жубайлык турмушта көп кыйынчылыкка учурашып, өмүрү өткүчө бактысыз жашашып, бул дүйнөдөн арманда өтүп кетишет. Баланы жыныстык жагынан тарбиялоону үч жашынан башташ керек. Бул маселеде ата- энесинин бири-бирине болгон чоң сүйүүсү гана баланы жакшы тарбиялай алат. Жаш балдардын денесиндеги кээ бир болуп туруучу физиологиялык көрүнүштөрдү ата- энелери билиши керек. Мисалы, жаңы төрөлгөн кыз баланын эмчеги чоңоюп, сүт сыяктуу суюктук чыгышы мүмкүн же кыздын жынысынан кичине кан чыгышы да мүмкүн. Кээ бир эркек балдардын бир же эки жумурткасы жок болуп төрөлүшү мүмкүн. Жумурткалары чаткаяктын каналына, өйдө чыгып кетиши мүмкүн. Сыйпалаганда жумурткалары жок болсо, дарыгерлерге сөзсүз көрсөтүшү керек. Кээ бир эркек балдардын 2-3 жашынан баштап, чочоктору туруп кетиши ыктымал. Мындай учурларда баланы алаксытып, жакшынакай сөз айтып койсо чочок жатып калат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#39 13 November 2013 - 22:15
Эркек жана кыз бала 4-5 жаштарынан баштап, бири- биринин денесин, айрыкча чочокторун кармалап өтө кызыгып изилдей башташат. Бири эркек, бири кыз экенин билишет. Ал турмак ата-энелерин туурашып, бири-биринин үстүнө чыгышып, жыныстык катнаш болуп аткансып окшоштурушат.
Муну көргөн ата- энелери өңдөрү бузулуп, балдарын катуу жазалайт. Эгер балдардын мындай оюнун бала бакчадан көрүп калышса, тарбиячылар элдин баарына айтып жар салып, балдардын ата-энесин чакыртып, элдин көзүнчө "соттошот"
. Наристе балдарга чоң адамдардын мындай мыкаачылык менен мамиле кылышы же психикасын басынтуусу наадандык болуп эсептелет. Мындай учурда ачууланып, кыйкырып, коркутпай жагымдуу үн менен керектүү сөздөрдү таап, түшүндүрүп коюшу керек. Жай мезгилинде балдарды көлгө, сууга алып барып, жылаңач киринтиш керек. Кээ бир ата- энелер балдарын өзүлөрү менен кошо мончого алып барышат. Бул дагы туура. Мисалы, эркек бала киринип жатып өзүнүн чочогун көрсөтүп, апасынан сурашы мүмкүн: "Апа, сенин да ушундай чочогуң барбы?" - деп. Көбүнчө апасы: "Кой, уят болот, Антип сурабагын"
,- деп баланы шак эттирип бир чабат да басынтып салат. Мындай тыюу салуу балдар үчүн катуу зыян болот. Эң туурасы жөнөкөй эле жагымдуу үн менен: "Сеникиндей чочок эркек балдарда анан чоң эркек терде болот, ал эми кыздардыкы жана аялдардыкы башкача болот", - деп түшүндүрүп коюш керек
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#40 13 November 2013 - 22:16
"Бала пайда болушу үчүн эки данек керек. Эркектин жана аялдын данектери. Бала болушу үчүн эркек менен аялдын данектери бири-бири менен кошулушу керек. Эркектин ылдый жагында жумшак түтүккө окшогон жыныс органы болот. Аялдын мындай түтүкчөсү (пениси) болбойт. Аялдын ылдый жагында тешиги болот. Эркек менен аял бири- бирин өтө жакшы көрүп калышат. Анан үйлөнүшөт. Анан баланы каалашат. Жакшынакай балалуу болушу үчүн эркек өзүнүн түтүгүн аялдын ылдыйкы тешигине киргизип, уругун таштайт. Аял менен эркектин эки данеги бири- бирине кошулушат да бала пайда болот. Ушул бала аялдын ичиндеги тамак- аш менен чоңоюп, өсө баштайт. Бала чоңоюп, өзүнчө дем алууга жана энесинин сүтүн ичүүгө жарап калганда апасынын ылдыйкы тешигинен сыртка чыгат. Муну баланын төрөлүшү дейт". Балдардын 12-13 жаштан 18 жашка чейинки мезгилинде,
алардын денесинде,кулк-
мүнөзүндө кандай өзгөрүүлөр болот? Бул мезгилде экинчи жыныс белгилери пайда болот. Кыздардын чаткаягында жана колтуктарында жүн пайда болуп, эмчектери чоңоюп, жыныс бездери калыптана баштайт. Жыныстык жактан жетиле баштаганынын белгиси болуп, биринчи жолу айызы келет. Балдардын дагы чаткаягында,
колтуктарында жүн чыга баштайт. Сакал-муруту өсөт. Умасы, эки жумурткасы,
пениси чоңоё баштайт. Үнү жооноёт. Түндөсү эротикалык түштөрдү көрүп, пенисинен кез-кезде төшөккө бел суусу агып калат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео




















