Эртеси эрте турушту. Эки-үч айдан бери төлөнбөй жаткан ижара акысы төлөндү. Анча-мынча идиш-аягы коробкага салынды. Жууркан-төшөгүн алдырган жок Макан. Алып кетчү деле оокат эмес болчу. Жети-сегиз таңгак, баштык, сумка кылып автовокзалга алып келип, белетин алып автобуска отургузуп, Касымдын чөнтөгүнө көп эмес акча салып, автобус ордунан жылганда гана кетти Макан.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#182 13 March 2013 - 12:22
***
Кулан өзү айткандай, эч кандай шаан-шөкөтү жок эле Нестанды аял кылып алды. Илгери тирүү аялынын үстүнө дагы бирди алса токол дечү эмес беле, ошондой айтканда Нестан токол болду. Сонун анын жанын суура шаштырып алып келгенде Куландын үйүндө кажы-кужу деле эл жок экен. Ким бир бөтөлкө самогон койсо бар оокатын жасап жүрө берчү отуздардагы жигит түш маал коюн союп казанга түшүрдү. Эт бир кайнаганда Нестанды түшүрүп, дагы бир самогон менен санаалаш Куланга тууган болуп кеткен күлтүңдөгөн келин кыздын башына жоолук салып, тамакка толгон дасторкондун бир четине отургузуп койду. Аз өтпөй өмүр бою ичип, "алкаш" наамын алып, ал "ат" менен он жылдай жүрүп, арагын тык токтотуп молдо болуп чыга келген айылдык мурунку мугалим неме келип төргө өттү. Дасторкон үстүндө ошол молдо, Сонун, Кулан, Нестан анан анын башына жоолук салган жанагы күлтүңдөгөн келин. Эт бышырган неме кирген жок. Бир-эки чыныдан чай ичилгенден кийин молдоке Нестан менен Куланды катар отургузуп нике кыюу расмисин жасады.

#183 13 March 2013 - 12:25
Мындай караган адамга бу эрди-катын болуп отурган экөө чоң ата менен небереге окшошуп кетмек. "Туттуңбу"
деген молдонун эки-үч курдай суроосун Нестан жоопсуз калтырып жер тиктей мелтейди, жок, көгөрүп көкбеттик кылган жок. Бул тозок окуя анын эмес, башка бирөөнүн башынан өтүп жаткандай сезди.
-Тутту, тутту. Антпегенде кайда бармак эле, - деди Сонун Нестанга каардуу да, мыскылдай карап, - тутпаса бу жерге өзү келет беле.
-Ооба десеңиз, - деди молдо бата кылып, - мындан ары экөөңөрдү эрди-катын кылып жарыялайм. Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын, оомийин!
Негизги маселе бүтүп, эми той-тойго уланды. Кулан, Сонун, күлтүңдөгөн келин үчөө тынымсыз тостторду айтып эт бышкыча эле чоң кызуу абалга жетишти. Бир маалда сыртта эт бышырып жүргөн неме келди да, эттин небак бышканын, эзилип кеткенин араңдан зорго айтып, чыгар дегенди угуп, аз өтпөй килейген чара этти көтөрүп келди. Аны башка бөлмөгө
кирип жешти. Оозуна бир тал боорсок салбай, жарым ууртам чай ичпей отурган Нестанды эч кимиси
жүрү деген жок.

#184 13 March 2013 - 12:31
Биртоптон кийин жанагы келин келди бир тарелка эт көтөрүп:
-Ме, акем берди. Сенсиз тамагынан өтпөй жатпайбы, байкуштун. Анан кантсин, бир билгени бар чыгар, ха-ха-ха, - деп шаңкылдай кайра кетти. Нестандын эттин жытынан жүрөгү айланып кетти, кускусу келди. Бу жерде эмне отурат. Эмне отурат тааныбаган үйдө. Жанагы карыган киши күйөөсү болобу? Кантип эле ошондой болсун. Мен ага күйөөгө чыкпайм деп эмнеге айтпайт. Баягы колуна шакек кийгизген жигит "алтыным" дебеди беле, "сени эч кимге бербейм" дебеди беле...
Ушул жерге келатканда айткан Сонундун сөзү чын болсо, анда ал жигит жеткен алдамчы неме тура. "Мен кызыңарды жөн эле тамаша кылгам, жаткан кыздарымдын санына кошуп коеюн дегем" дептир. Ошенткеним үчүн кечирип койгула деген турбайбы Сонунга. Шакек бердим эле, ошону Сиз алып алыңыз деген турбайбы. Жакында аял алам, сизди үйлөнүү тоюма чакырам деген турбайбы... Ушулар Нестандын кулагын жаңыртты. Ошол татына жигит татына кийинип, аппак кийинген колуктусун колтуктап, толгон кишилердин коштоосунда кетип баратканын элестетти.

#185 13 March 2013 - 12:37
Андайды кинолордон көргөн. Ошол жигит колуна шакек салганда өзүн колуктусу кылып элестеткен.
Аппак көйнөкчөн, колунда да аппак мээлей болот, элдин көзүнчө жигитке жабышпай бир аз
aлысыраак басыш керек. Кыналып басса уяты жок экен деп ойлобойбу. Экөө
борборго кетишет, этаж үйдө жашайт... Бул эски ою болчу. Азыр кайра жаңырып, ошол
сонун ою жаны жыргатып жиберди. Анан Сонундан уккан сөз келди эсине: "Сени жөн эле тамаша кылыптыр,
мазактагысы келген тура, өлүгүңдү көрөйүн бандит! Ал
зордукталган кызыңарды ит да албайт дебатпайбы, өлүгүңдү көрөйүн!"
Ушул сөз Нестанга ок болуп тийген, сыртынан билинбегени менен бул сөз жүрөгүн жарып кеткен. Он бир-он эки жашынан жакшылыктын ордуна Сонундун каары, заары менен чоңоюп, бойго жеткенче анын токмогун жеген бу үлбүрөк кыз эликтей элтеңдеп өскөн неме да, өз башына келген жамандыкка, наадандыкка эч кандай каршылык кыла алмак эмес. Колунан да, оюнан да келбейт эле. Ушу атамдай болгон немеге аял болгончо, өлгөнүм артык деп да ойлогон жок.

#186 13 March 2013 - 14:13
Көңүлдөнбөй гана турду, көнбөй турган жок. Антсе башына салган жоолукту жулуп ыргытып, ээ-жаа бербей чакчелекей түшүрбөйт беле десең, көшөгөсүнө чейин тытып ыргытып. Баса, буга көшөгө да тартылбады,
а дагы буюрбаптыр.
-Ай, жеңе, жүрү кыз- күйөө камын көрүп койдум, өз колум менен салдым, - деп жанагы күлтүйгөн келин киргенде Нестан селт этти. Келиндин жетегине көнүп басып берди. Ал бир бөлмөгө жетелей кирип, дал ортого салынган аппак шейшептүү калың төшөктү көрсөттү:
-Чечинип жата бер.
Жанагы эжеңби эмнең, ошол кудагыйдын эс алайын деген ою жок. Акемдин да чыдамы кетип турат окшойт жаныңдан орун алалбай. Орун алгыла дейин. Ботом, кыз- күйөөнү зарыктырганы эмнеси... - Келин бакылдашкан бөлмөгө кирип, акесине бирдеме деп шыбырады эле, анысы баш ийкей айтты Сонунга:
-Сонунбай, эми эс
алалы, калган сөздү
эртең да сүйлөшүп
аларбыз. Эми чырмалышкан куда
болбодукпу. Келин да шаштырып...
Сонун күүсүндө болчу, Куландын сөзүн такыр жактырган жок:
-Э ботом, кеч эми эле
кирбедиби. Кыштын
күнү түн узун эмеспи,
катындан көзүңүз
каткандай деле боло элек го... Келин шашса иши бардыр
күйөөсүндө, кете берсин да. Келин Сонундун сөзүнө жини келди, өзү эле
тилдүү неме эле, анан далайды соккон неме тартынбай шыр кетти:
-Ай, сиз деги кандай
немесиз? Катынды
апкелген өзүңүз, анан даяр апкелип берген неме менен жатпайбы эри болуп нике кыйылгандан кийин. Күйөөмдө ишим бары чын, азыр иштен чыгып кала элекмин. Муну көр ай! Жаманды коногу бийлейт болуп. Деле бүтүн кыз алып келгенсип сүйлөйт!
-Тарта сүйлө. Талаада жаткан кыз жок. Чолпондой кызыбызды берип жатабыз. Эмине адыраңдайсың, ыя?! -Сонун обдула берди эле келин да кошо обдулду. Кулан да, жанагы эт бышырган жигит да
ортого түшө калышты. Эки катын аз жерден чачташа жаздады. -Сен кете берчи, кудагый деп сыйлап койсоң болбойбу, кудай
урган десе! - деп Кулан келинге ачууланды эле, ал:
-Мен деген сыйлачу
кишини сыйлайм. Бирөөнүн үйүнө келип алып былжырагандарды
сыйлай албайм! - деп алдында турган стакан толо аракты бир тартты да, эшикти тарс жаап
кетип калды.
-Жатпасаңар сыйпалап калгыла, сволучтар десе!
Ал келиндин артынан нормасын жутуп эт бышырган жигит да кетти. Көрүнгөндөн сурап, оокатын жасап көз каранды болуп ичкен неме жалтак эле, уруш болгон жерден жылт койчу.
Кулан менен Сонун жалгыз калышты.
Молдоке болсо устуканын олчойто ороп алып небак эле
кеткен.
-Ии, тигинин ысык
төшөгүнө жете албай жаның чыгып атабы? Эртең эле муздайт, шаштыңбы-
шашпадыңбы, - деди Сонун. - Же кайра алып кетип калайынбы, ыя?!
-Тамашаңды койсоңчу. Карыганда элге шерменде болбоюмбу. Шашпай-этпей эле
турам. А кайда качар
дейсиң?
-Ии, ошентип оңолсоң кичине. Бүгүн экөөбүз болобуз. Кулан чочуп кетти:
-Э кокуй, уят го...
-Кимге уят? Ким көрүп атыптыр... Кана, куйбайсыңбы.
Экөө жүздөн согушкан соң Сонун дасторконду жыйнабай эле ылдый тартып төр жакка Нестан отурган үйдө жыйылган төшөктөн апкелип мамык төшөк салды. Кызуу немелер эмне кылды ким билет, айтор, эртең менен бир төшөктөн турушту.Нестан болсо таң атканча кирпик көзүн ирмеген жок, баягы
Жанышка окшоп кирип келчү немени элеңдей күтүп төшөктүн четинде отурду, көзү илинип кетсе чочуй калып.
Эртеси Кулан эрте туруп жуунуп, таранды. Сакалын кылдат кырынып, буркураган атырын куюнду. Көгала чачына май сүйкөп
жылтырата тарады.
Түндө эле кийиминин жакшысын кийип жүргөн, көйнөгү бүгүн купулуна толбой, башкасын кийди, бир жакка бара тургансып галстук байланды,
күзгүнүн алдынан сан ирет өттү. Эми
көрүнүшүм мыкты
болду деп ойлоп,
акырын Нестан жаткан бөлмөгө башбакты. Аны көргөн Нестан селт
эте карышкырдан
коргологон коенчо
бүрүшө жыйрылып, бир коркунучту күткөндөй денесин азга калтырак басты.

#187 13 March 2013 - 14:21
-Коркпо, - деди Кулан төшөктүн бир жагына өтө көрпөгө отуруп, -мен сага эч нерсе кылбайм. Эмне, уктаган жоксуңбу?
Нестан аны караган
жок, жооп да бербеди.
-Меймандар менен
болдум таң атканча.
Аларды таштап сенин жаныңа келгенден уялдым... Эми экөөбүз бир бүлө болдук, Нестанжан, бири-
бирибизди сыйлашып жашашыбыз керек. Бул үй да, үй ичиндеги дүнүйө-мүлк да, мал-сал да сеники. Баары сеники, Нестанжан... -ушул маанидеги сөздөн Кулан шурудай тизип, улам жакшысын,
мыктысын издеп айтып турду.

#188 13 March 2013 - 15:49
Нестан анын сөзүн көңүл токтотуп уккан жок, ар нерсенин башын ойлойт, жыйынтыктуу,
үмүттүү ою жок, чачынды, маанисиз. Суусап турду, ачкалыгын сезди. Кулан сөзүн улайт:
-Бир-эки жумадан кийин шаарга барып эс алып келебиз. Жер көрсөтөм, эл көрсөтөм. Баргың келеби, ыя, Нестанжан? Нестанжаны дале жооп бербеди. Айтылган сөз башына кирбесе эмне жооп бермек. Дал ошол маалда Сонун кирди:
-Ии, эзилишип жаткан экенсиңер, мишайт эткен жокмунбу, ыя?
-Жок, жок, - Кулан ордунан тура калды.
Сонун Нестанга акырайды:
-Ай, олчоюп отура бербей, тиги үйдөгү дасмалды жыйна, чай- пай даярда.

#189 13 March 2013 - 18:51
Нестан олчойбой калсын, үлбүрөп ордунан туруп берки бөлмөгө өтүп дасторкон жыйноого киришти. Кайсы жерге эмне коюлат, кайсы бөлмө эмне бөлмө дегенди Кулан кошо жүрүп айтып жатат. Куландын үйү жалаң арам акча менен бүткөн заңгыраган 7-8 бөлмөлүү. Ичи оокатка толгон. Музейдегидей баары орду-ордунда турат.
Чакан дасторкон салынып үйгө чайга отурушту. Нестан чай куюп берип отурат. Бир чыны чай ичти, суусап турган. Экинчи куйган жок өзүнө. Аны байкаган Кулан:
-Нестанжан, өзүңө да куйсаң чайдан, - деп кам көрүп турду.
-Ичкиси келсе сенден суратпай эле ичет, - деди Сонун Куланды жактырбай. - Тамак дегенди айттырбай
ичип өскөн биздин кыз.

#190 13 March 2013 - 18:55
Чынында Нестан өп-чап эле иччү тамакты. Сонундун заар тили менен бой тарткан неменин тамакка табити тартчу эмес. Сонун жокто бир чыны карандай чай ичсе да ошол даамдуу көрүнчү. Нестан экинчи чынысын куйган жок. Жер тиктей мелтиреп отура берди. Экөө эми өз сөздөрүнө өтүштү.
-Мен эми кетейин, -деди Сонун. - Сөзгө туруп муну өз колум менен алып келип бердим. Калганын өзүң бил. Ачуу басар, той- пой дегендин кереги жок дебедикпи.
-Ооба, ооба, узатчымды камдап койгом, - Кулан костюмунун ички чөнтөгүнөн ырзыңке менен арчындалган калың акчаны алып чыгып Сонунга сунду эле, ал дароо санаганга өттү. Эки сыйра санады да:
-Болгону ушубу? - деди акчаны алдыга таштап.
- Көчөдө жаткан кыз
бар бекен эмне?!
-Дагынкысы дагы
болор, Сонунтай, акча аяп көргөн жан
эмесмин го.

#191 13 March 2013 - 18:58
-Абышкама ушуну уялбай кантип көтөрүп барам? Уй деле мындан кымбатыраак турат го, ботом!
Кулан эмне жооп айтарын билбей бир аз түйшөлдү да минтти:
-Уй демекчи, эмдиги
базарда бир эмес, эки уй сатам. Ошондо кошоюн.
-Кошпо, чогуусу менен бер. Э кокуй, кошоюн дегениң эмне?!
-Болуптур, - деди Кулан жеңилип, - базар күнү түштөн кийин келип алып кет. Өзүм алпарсам уят го.
-Мен эле келейин. -Сонун бата кылып ордунан турду да, Нестанды көрсөтө
айтты: - Муну дайыны жок чалчактатпай катуу кармабасаң, өз билгенин жасап баарынын ышмалдасын чыгарат, -деди Куланга. Үйүндө күңдөй жумшап, каалагандай кемсинтип, эзип, ошонусунан кадимкидей кумары канып көнгөн Сонундун Нестанды бу жерге калтырып кетери кыйын болду. Бу кызды жек көрсө да, жининдей көрсө да, баалуу, өтө керектүү нерсесинен айрылгандай абалда эле. Болору болгондон кийин айла барбы.

#192 13 March 2013 - 19:02
Сонун кетти, кечээки
машине менен.
Кулан аны машинеге
салып коштошуп
келгенден кийин
дасторконго кайра
отурду:
-Нестанжан, чайыңан куйсаң, "өзбек кетип өз калды" дегендей, эми экөөбүз шашпай чай ичели. Нестан чай куюп сунду. Кулан аны элпек алып ууртады:
-Өзүңө да куй, Нестанжан. Уялба. Бу жерде кимден уялмак элең. Мындан ары менден таптакыр уялба, эми экөөбүз бир кишибиз. Нике кыйылбадыбы, нике деген ыйык нерсе
болот. Сен аял, мен
күйөөсү болдум. Эми
экөөбүз бир кишибиз. Угубатасыңбы, Нестанжан, экөөбүз эми бир бүлөбүз. Өлөр- өлгөнчө бирге болобуз. Мен сени эч качан кор кылбайм. Айттым го сага, бул үй, короо-жай, мал-сал - бүт сеники. Сенден эчтеке аябайм, Нестанжан. Мени сыйлап жашасаң эле болду. Андан башканын мага кереги жок, - деп жан-алы калбайт. Бу татына кыздын бет маңдайына отуруп, анын аппак өңүнө, үлбүрөгөн кебетесине суктанып, "ушул керемет чын эле меникиби" деген суроону өзүнө сан ирет берип, өзүнүкү экенине ишенип-ишене албай жатат. Дене кумары келип, мына-мына ыргып туруп бу жаш аялын камгактай көтөрүп, түндө ачылбай калган төшөккө алпарып уйпалап, кумардан чыккысы бар.

#193 13 March 2013 - 19:07
Анан кайра батына албай, бу татына кыз эми эч кайда качпай турганын, түбөлүк өзүнүкү болуп жүрөрүн ойлоп, делөөрүсүн басат. Шашпайынчы дейт. Күн кыска, эми эле түн кирбейби дейт. Ошентип Кулан али искей элек колуктусуна суктанып, сугуна тойбой эзилип-эрип кете таштап, жыргап
атканда түндөгү күлтүйгөн келин келди:
-Амансызбы, аке!
-Аманчылык, кел, келегой, - Кулан келинге ылдыйраактан орун көрсөтүп, анан күйөө өңдөнүп Нестанга айтты: - Чай куй жеңеңе, - бул сөздү айтып алып кап деп калды. Жолу боюнча Нестан жеңе болот да. Ка-ап, туура эмес айтып алганын кара. Келин
күлдү:

#194 13 March 2013 - 19:13
-Э аке, мен жеңе болмок белем, ботом. Бу жеңем мага жеңе болбойбу.
-Туура айтасың. Карыганда киши байкабай айтып алат турбайбы, - Кулан дагы селт этти. Дагы жаңылганын сезди. "Карыганда" дегени
эмнеси, иттики. Кашыңда жапжаш, чүрөктөй сулуу колуктуң турса, карыдым дегени
эмнеси. Бу жаңылганын кантип жандырарды билбей калды Кулан. А Нестандын бу казысы кучак неменин карыган-карыбаганы менен жумушу жок болчу. Чай куюп абысынына сунду.
-Нестантай, тиги шкафтагы бөтөлкөңдөн алып келчи, Батманын башы ооруп калган чыгар, - деди Кулан. Нестан туруп бөтөлкө, стакандарды алып келип Батманын алдына койду эле, аны Кулан алып келин экөөнө куйду.
-Бала-чакаңар бапырап шаар болсун, аке, өмүр өткөнчө ынтымактуу кол кармашып жүргүлө, - деди Батма стаканын көтөрөрдө. Кулан да ичти. Ашкан эттен жешти. Бир маалда Батма Куландан
сурады:
-Аке, жеңемди карап
койдуңарбы?
-Каралаар, - деди Кулан кабагын чытып, - а да бир азап болду го...
-Тагдырдан кайда качмакпыз. Кой, мен
барып карайын.

#195 13 March 2013 - 19:18
Куландын байбичеси шал болуп жатат эмеспи. Колу гана эптеп кыймылга келген болот, бирок эч нерсе кармай албайт. Ичирип-чычырганы башкалар. Бир жумадан бери аны Батма карайт. Мурун да карачу. Кезектешип карабаса бир кишинин чыдаганы кыйын. Айла жоктун иши. Өзү шал болуп жатканы менен акылы тунук. Мыкты ая деп токтоолугуна,
адамдыгына,
жаман-жакшыны ажырата билгенине, анан ак көңүлдүгүнө карап
айтылат. Ушул алтымыштан өткөнчө бир да бирөөнө жаман айтпады, бир да бирөөнө жамандык кылбады, антмек турсун оюна келбеди. Күйөөсy Кулан болсо өмүр бою көпкөн турмуштун үстүндө болуп келет. Жүрбөгөн катыны жок. Анын баарын көтөрүп келди бу байбиче. Аты - Кенже. Улуу-кичүү дебей Кенжеке деп турушчу эле. Эми
алардын аягы суюлду. Бирин-экин
адамгерчиликтүүлөрү көргөн болбосо, көптөрү келбей калган.

#196 13 March 2013 - 19:24
Колу-буту соо кезде
келген адамга тамак- ашын жайната берип, курсагын тойгузбай чыгарчу эмес. Балдары көп болуп, өп-чап жашагандарга ун, талкан, май-чайына
чейин кайрылышчу.
Кудайга несинен жазды экен, минтип шал кылып. Кырк жыл ашуун жашап, жакасын кирдетпей, кийимине чаң жугузбай, жүргөн аялдарын да көңүлгө албай бир өйдө карап койбой жашап келбеди беле, күйөөсү менен. Шал болуп төшөктө бут тарта албай жатып калгандан аз өтпөй "бу сен качан өлөсүңгө" өттү, ошол бапестеген күйөөсү. Анысы аз
келгенсип, шаардагы эрке өскөн далдаке кызы күйүмсүз болду. Кез-кези аны-мунусун алып келип "иш күйүп" атат деп кайра шашат. Энесине күйбөй, ишине күйгөн ушундай кыз болуптур, боору таш.
Кээде богу-жини аралашып кароосуз калган күндөрү өлөрүн санайт. Асынып өлөргө шай жок болсо, кантип өлдү?! Бир ирет Кулан кызымтал болуп алып, анда шаарда турушчу, сүлкүлдөгөн бир келин менен келип, төркү үйгө кирип алышып үч-төрт саат ичип-жешип, анан Кулан аны узатып коем деп эртеси келгенде Кенженин оозунан чыгып кеткен: "Кудай көрсөтөөр" деп. Башка сөз айткан эмес. Кудай Куланга эмес, kөзүнө көрсөттү окшобойбу. Былтыр энеси сексендин жоон ортосунда каза
болгондо кабар келген. Өзү кантип баралмак. Сопсоо туруп жаман да болсо кайненем эмеспи деп Кулан барып топурак салбады. Арманы ушул. Жаман да болсо бир эркек баласы болсо "таенелеп" өкүрүп барып топурак салып келбейт беле,
соолгурдуку! Көрүнгөнгө кор кылбай келини карап албайт беле. Арман күн аа! Күндөн-күнгө ушундай арманы денеге батпай сүлүк курттай сорот, өзөгү өрттөнөт. Үмүтсүз ойлор, жакшылык жок ойлор. Көзү өтүп кетсе эл катары коер бекен жанагы өлүм тилеген күйөөсү. "Эжекелеп" турчу инилери да жок, эки сиңдиси бар эптеп оокат кылган. Эркектанадан айтпаптыр да булардын тукумуна. Эркек демекчи, ооруп жатып кала электе деле, кийин деле "эркек төрөп
бербеген сен да катынсыңбы" деп жер-жеберине жетип келет.

#197 13 March 2013 - 19:39
Кудай бербеген немени кантти?! Ушинтип эзилет Кенже... Таң заардан ойгонуп бир жагынан заарасы кыстап, бир жагынан таңдай кургай суусап айласы кетип жаткан. Батма кирди:
-Кандайсыз, жеңе?
-Кандайы курусун,
заарам толуп...
-Жакшы эле эрте келейин дедим эле,
кечигип калбадымбы. Анын үстүнө түндө да кеч жатпадыкпы, нике кыйылып, анан эт бышып... - Батма Кенжени жөлөй
тургузуп, керебетинин алдындагы илегенди алып чыгып жөлөп-тайай заара кылдырды. Суусаганын айтты эле, муздак чайдан апкелип берди. Жаздыгын керебетинин башына бийигирээк жаздап, ага жөлөй отургузду. Анан түндөгү калган эттен апкелип, аздан кесип жедирди, сорпо ысытып келип ичирди. Чынында Батма балтаңдаган ак көңүл неме болчу. Ушу караганда Кенженин көңүлү бир аз алаксып калат. Анан акчага караган немелер келип тултуңдай-бултуңдай кыймылдаганда көңүлү айнып бугу ичине батпай кетет. А бу Батма менен баарын жашырбай сүйлөшө алат. Азыр сурап турду:
-Нике кыйылып кеч жаттык дейсиңби, кимиси келин алыптыр, ыя, Батма?
-Кимиси дегениңиз эмне, э ботом, жеңе,
акем аял албадыбы.
-Кайсы акең?
-Кайсы акем болмок
эле, Кулан аке да. Кенженин жансыз денеси дүр этти. Эмне эле эки күндөн бери бир баш багып койбойт десе, көрсө... Ичи тарып, намыстанып кетти.
-Кайдагы немени алыптыр? - деп араңдан-зорго жийиркенип жатып сурады Кенже.
-Кайдан экенин билбейм. Кенедей кыз экен, бечара. Энесимин деп бир улкунуп-жулкунган немеси жеткирип келди. Бир күйөөгө тийип чыккан неме го кебетеси. Кенже көзүн жуумп алды, ич күйдүлүгү, арманы аралашты, аялдык намысы удургуду... Азыр тура калып албууттанып барып күйөөсүн алка-жакадан алып, абийирин айрандай кетирип, анын катынпоз экенин, айбан экенин бүт журтка жар салса... Ээ, куураган дүйнө, денең өзүңө баш бербей, тамак ичкенди кой, заара ушатууга жарабай турса кайдагы чууну салды?! Бугун баса албай калды, мөлт эткен жашы көзүн ачтырды. Жанында ар нерседен сүйлөп
отурган Батманын кебин уккан жок.

#198 13 March 2013 - 19:45
Тиги Кенженин көз жашын сүлгү менен аарчып койду:
-Э жеңе, эмнеге ыйлайсың, кайра сүйүнбөйсүңбү. Өзүңө каралашканга жакшы эле болбодубу. Каалагандай жумшап аласың.
-Жумшаганы да курусунчу...
Батма эртең менен баш жазбады беле, көңүлү көтөрүңкү, бу аргасыз жаткан жеңесинин арман-бугу менен кандай иши болсун.
-Э жеңе, берки жеңемди алып келип көрсөтөйүн,
көрүндүгүңүздү камдап туруңуз, - деп сыртка чыгып кетти. Бу сөз Кенжени ого бетер сыздатып жиберди. Сыздай берет, өзөгү өрттөнө берет өлөрүн самап жата берет. Бу жарыкчылыкта кимге таянмак, арманын бөлүшчү, көкүрөк көлкүлдөтө жакшы сөз айтчу жакын адамың жок болсо, жата бер кыйноо тартып. Атаганат де, ошондо уялган тура, ошондо жаңылган тура, э кокуй, элдин бетин кантип карайм деген тура. Темираалыны эстеди. Жосуну жолдо калсын, ошону көргүсү келди, сагынган сымал улутуна эстеди, эстегенде да.

#199 13 March 2013 - 19:49
Анда Кенженин болуп турган кези. Отуздун жоон ортосунда эле. Мектепте иштечү. Апыр-сапыр толо кийим албай тандап кийчү. Өңү татына, тулкусу келишкен акжуумал өңүнө кандай кийим алса да куп жарашып жатып калчу. Далай эркектин көзү анын келбетине тешилген эмеспи, кезинде. Бир ирет жаңы эле башка жерден которулуп келген мектептин завучу Темираалы деген арыкчырай, шыңга бой жигит уялбай-eтпей эле: "Мен сизди жакшы көрөм" деп контордон түз эле айтканда, отурган жеринен жерге кирип кете таштаган. Анан эти ымыр-чымыр болуп, бети кызара дуулдай ысып чыккан. Ошол "мен сизди жакшы көрөм" деген сөз опсуз суук угулуп, жүрөктү түшүрө коркунучтуу угулуп, "уятың жок неме турбайсыңбы,
мен эмне, сага бойдок кыз көрүнүп жатамбы, же бузулган неме бекемин?!"
дегенди айтсам болмок экен деп үйүнө кетип баратып ойлоп жатпайбы. "Мен сени сүйүп калдым" деген сөздү сан ирет айтып жүрүп Кулан үйлөнгөн эмеспи. Ырасында Кулан адегенде жакшы көрчү, анан беш-алты жылдан кийин
эркелеткенин да, сыйлаганын да койду. Кызмат орду чоңойгон сайын ага болгон сезими суугандай боло берди. Үйгө түнөбөй, "иш менен, өкмөттүк зарыл иш менен" жүргөн күндөрү көбөйдү. Үйүндө аялы барбы, жокпу - баш оорутпай калган. Кенже болсо аны жактырып тийгени менен, кийин жөн гана күйөөсү катары көрүп калган. Эч кандай жүрөк дегдеткен сезими жок эле

#200 13 March 2013 - 20:01
Темираалынын "жакшы көрөмүн" уккандан кийин аны биротоло жаман көрүп жүрдү. Жигит да аны сезип, өзүн обочо кармайт. Бир күнү сабагын бүтүп конторго класстык журналды коеюн деп кирсе, Темираалы жанына келип бажырайган кыпкызыл роза гүлүн сунуп:
-Туулган күнүңүз менен,- деп жатпайбы. Кызык болуп кетти Кенже. Сунулган гүлдү айласыз алып, ооз учунан "рахмат" деди да, сыртка шашты. Туулган күн дегенди өмүрү белгилеп, шаан-шөкөттөнүп көргөн эмес. Куландан да, башкадан да эзели гүл алган эмес. Сүйлөшүп жүргөндө атыр-патыр сыяктуу белектерди берчү. Үйүнө келип гүлдү вазага салып койду. Кечинде Кулан үйгө келип ошол гүлдү көрүп "бу эмне гүл, ким берди?" деп сураган да жок. Аз мурун көңүлдөшү менен тоо таяна эс алып, ошол эс алгандан чарчап түшкөн. Табы болбой турганын айтып, эрте эле жатып алды. Ошол гүл алгандан бир айча өткөндөн кийин Темираалы үйүнө кетип аткан Кенжени узата басты. Облборбор аталчу бу чакан шаарда жашагандар бири-бирин жакшы билишет, жакшы болбосо да сыртынан таанышат. Кошо баскан Темираалыны өзүнчө бас деп кантип айтмак, уялып, тартынып араң кадам шилтейт. Аялдын ал-абалын айттырбай сезген Темираалы ачык эле айтты:
-Кенже, мени менен
баскандан уялып жатасың, көрүп турам, мен тетиги дүкөндөн бурулам. Момуну берейин деп эле басып калдым. - Жигит костюмунун төш чөнтөгүнөн калың конверт сууруп Кенжеге берди. - Окуп кой, окубайм десең тытып кой. Бир
айтарым - эмне жазсам да жасалмасы жок чынын жаздым, - деп өзү айткан дүкөн туштан бурулуп кетти. Кызык, Кенже колундагы катты сумкасына ката салып, азыр ушул жерден эле окугусу келди, көңүлү түшкөн жигиттен алгачкы кат алгансып, алеп-желеп боло жаздады. Үйүнө ылдамдай жетип, эшигин ачып эле сумкасындагы катты
алды. "Кенже, эгерде ушул жазгандарымды окуп калсаң, шашпай, кунт коюп оку. Эң чоң өтүнүчүм - мени жек көрбөй оку..." деп өзүнүн баскан жолун аздап айтыптыр. Он сегиз жашында үйлөнүп, отузга чыкканда ажырашып кетиптир. "Колуктумдун кадырына жете албай койдум" дейт. Мына, жети жылдан бери бой жашайт экен, үч эркек баласына каралашып турарын да жазыптыр. Булар айтылып бүткөндөн кийин Кенжени бир көрүп эле сүйүп, жактырып калганын кыска жазып, андан эч нерсени суранбаптыр. Ошол катты Кенже туура үч жолу окуду, анан
өрттөп салмакчы болуп ширеңке алып, кайра ал оюнан кайтты. Уктоочу бөлмөсүнө кирип, өзү майда-чүйдө салчу чакан шкафынын суурмасына салып койду. Ал кат кечинде да, эртеси да бир топ жолу окулду. Анан бир күнү кат өрттөлдү, балакет болуп бирде-жарымы окуп калса абийир кетпейби деп ошентти. Ал катты алгандан кийин баягы Темираалы көзүнө жакшы көрүнчү болду. Анын мамилеси да өзүнө бапестей жасалчу. Ошол өздөрү менен иштеген бир-эки келин, анан жаңы эле окууну бүтүп иштей баштаган мөлтүрөгөн жапжаш кыз да Темираалыны жактырып жүрүштү. Бирок жигит бир да бирөөнө көңүл токтотподу, бирөөнү да жүрөгүн ээлеткен жок. Күндөн күнгө Кенжеге болгон берилүүсү артты. Жанагы эки келин күйөөлөрү болгон менен алам десе ошо күнү баса бермек, өзүнөн он беш жаш кичүү кыз да эч нерсени карабай аял болуп бермек Темираалыга. Анын көңүлүндө Кенже гана жашап жүрдү. Баягы бир ирет "жакшы көрөм" деп айтканы, катка жазганы боюнча экинчи жолу аны айткан жок. Айтпай, кайталабай сүйүүсүн ичинде бапестеп, ичинен бышырып, анысы мамилесинен,
көз карашынан гана
дааналанып жүрдү. Кийин, үч жыл өткөндөн кийин
Темираалы борборго
жогорку окуу жайлардын бирине
мугалим болуп которулуп кетти. Бир ирет телефон чалды эле. Кенже: "Эгерде мени сыйласаң экинчи телефон чалба" дегенден кийин байланыш болгон жок. Бул сөздү Кенже аны жаман көргөндөн, болбосо сүйлөшкүсү
келбегенден эмес, чогуу иштешкендердин ушагынан чочуп айткан, Темираалы болсо башкача түшүндү: "Мага асылганыңды кой, мен сени жакшы көрө албайм, байланышкым келбейт" деген сымал. Ошону менен
Темираалыны көргөн жок. Аны сүйүп-күйбөсө да ушунча жыл эсинен кетирген жок. Токтоо, татына жигиттин элеси эмдигиче көз алдыда. Аны менен көңүлдөш болсом, же тийип алып чогуу жашасам деген ою таптакыр жок болгону менен, аны эстегени карыбады. Кийин Кенженин бир
группалашы кезигип, Темираалы экөө бир кафедрада иштерин, Кенжени дале жакшы көрөрүн, өмүр өткүчө унуталбайм го дегенин айтканда, Кенженин ал жигитти көргүсү келгени, бир баскысы келгени бар. Эми абышкасы аял алды деп укканда ошол керилген жигит эсине келди. Ачуусунга алдырды: "Бу айбанга ак элем, ошондо эле тигиге кетип калбай не болду, эч болбоду дегенде эркек кылып байланышып албай не?!" Ушул тапта ал Темираалыны сагынып турду, ошондон жардам сурап турду, ушул тагдырдан арылганда. Көкүрөгү
муңга толгон, арманга толгон, аттиңи айтылып көзүнөн жашты сыбызгытат.
-Кир, бул эжең боло

Супер-Инфо
super.kg
видео