-Кир, бул эжең болот, -деп Нестанды ээрчитип Батма кирди. - Эжеңди энеңдей сыйла, жеңе. Оорунун айынан төшөктө жатпайбы. Акемди чындап жактырсаң аны байбичесин да жакшы кара, жеңе. Кенжеге Батманын сөзү октой тийип жатты. Кулагын көзөй кетип көкүрөккө кадалган ок болуп тийди. "Мунун жардамынын кереги
жок" деп бир бакырып, бөлмөдөн кууп чыккысы келди. Кантип айтмак. Абалын ойлоп түтөп кетти. Жек көрө Нестанды тиктеди. Көргөн көзүнө ишене албайт. Ушул кагаздай жука, үзүлчү жиптей үлбүрөгөн кызынын кызындай секелек немени Кулан аял кылып алдыбы? О, жосунуң жолдо калган шүмшүк. Кайсы ары менен алды экен, абийир жок айбан. Кыздын аянычтуу кебетеси, муң чачкан көздөрү Кенженин боорун оорутуп жиберди. Бу шордуу оорукчан неме го, акыл-эси кем жаралган неме го, болбосо жанагы күлтүйгөн, чоң атасындай болгон айбанга кантип тийди?! Аа, шоруң курган байкуш, бу жерге жыргайм деп келсең керек, эртең эле эсепте жок талпак болот эмессиңби.
-Аты Нестан, - деди Батма тааныштырып.
-Бу жеңемдин аты Кенже. - Батма Нестанга Кенжеге бай ийкей көрсөттү, - колу-буту паралич болбосо, сенин бу жерге келер- келбесиңди ким билет эле, жеңе, - Батманын оозу тынбай Нестанга Кенжени кандай караш керек, кандай тазалаш керектигин айтып турду. Нестан кыймылсыз аялдын жагымсыз жыт каңылжар өрдөгөн бөлмөсүнөн да, Батма айтып жаткан тигинин бок-сийдигин чыгарасың дегенинен да жийиркенген жок, ушул көздөрү нымдалышып аянычтуу тиктеген көздөрүнөн кандайдыр бир жылуулукту,
мээрим чачкан жакшылыкты көрдү. Ооба, эчакта өлгөн энесине окшоштуруп жаткан
тура... Бу аялдын төшүнө башын кое кучактап, боздоп-боздоп алгысы келди, ушул аялдан жансоога жардам издегиси келди. Көзүнөн жаш мөлт этип алсыз аялды алсыз карап шалдырай турду.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#202 13 March 2013 - 20:24
***
Ромдун иши күндөн- күнгө жакшы жүрдү. Жакшысы ошол эмеспи- айына эмес, жумасына миңдеген доллар колуна тийет. Борбор шаардагы бараандуу менчик фирмалар, атургай мамлекеттик деген кай бир кирешелүү делген ишканалар да Ромго "көз акы" төлөшөт. Түшкөн доллардын жарымы чет өлкөлүк ишенимдүү банктарга салынса, калган жарымы ишке чегерилет: автозаправкалар, көл жээгинде эс алуучу жайлар, казинолор, ресторан-кафелер четинен алына баштады. Сөзсүз эмеспи, калың-kалың таңгак долларлар Ак үй тарапка, милийса
менен прокуратурадагы өз кишилерге арналат.
Ромдун күчүн ушундан бил, бир бараандуу фирма же жеке ишканасыбы, ачылса, анын макулдугу керек, анан сансыз кагаз-пагаздар даярдалат. Бул эч ким билбейт деген нерсени элдин баары билет. Айтканга болбойт, жазганга жарабайт. Аракет болду дечи Ромдун каралуу ишин элге жар салганга, ошентем деген шаардык милийсанын чоңдорунун бири качандыр бир жасаган иши үчүн сегиз жылга камалып кетти. Журналист болсо инвалиддик коляскасы менен жашоосуна жеткидей пенсия бөлдүрө албай жүрөт. Ошол окуялардан кийин Ромго сөз айтчу адам чыкпай турат. Эмдиги жылы ал өзүн депутаттыкка көрсөтөт, өтөмбү, өтпөймбү деген санаркоо жок, шайлоо комиссиясында кимисин да болбосун сатып аларын билет, сатылбаса, "сага өмүр кымбатпы же..." дегеn өзүнө даңгыр жол салчу ыкмасы бар. Башкалардай эле Бекен мунун баарын жакшы билип бүттү. Жарым жылдын жүзү болгондо араң барып өзү төлөп турчу "салык" Ромдун чөнтөгүнө түшөрүн, Токенди өлтүрткөн да ошол экенин айныгыс билди. Бу жөнүндө Макан да билет, Токенди ким өлтүргөнүн Бекенден жакшы билет.

#203 13 March 2013 - 20:36
***
Барс Ромдун кабинетинен кубана
чыкты. Көкүрөк тулку ысый чыкты, аз мурун ошол туштагы чөнтөккө бир тутам доллар салынган болчу. Ром чакыртканынан кирсе:
-Кантты шаар боюнча жеке соодалачу "Шекер" деген фирма ишин баштаптыр дейби? - деди ал дароо эле.
-Баштаган.
-Анан?
-Эмдиги жумадан каражатын көрсөтө
баштайбыз дешти.
-Азамат. Өздөрү эле ошенттиби?
-Азыр өздөрү антмек
беле? Жетекчилеринин биринин кабыргасы
сынып ооруканада
жатат. Дагы бирөөнүн үйү күйүп, араңдан-зорго өчүрүптүр.
-Жаман болгон турбайбы, бечараларга. Жакшы иштепсиң. Жакшы иштегендер эмгегин алыш керек, туурабы, ыя?
-Туура.
-Туура болсо ме, эмгегиң сенин, - Ром бир пачка долларды
Барстын алдына таштады. - Он миң. Бүгүн-эртең хайлап ал, бошсуң. Барстын кабак-кашынан сезилбегени менен ичи эрип кете таштады. Акчанын күчү кандай токтоо,
карамүртөз, таш боор болсоң да эритип, элжиретип таштайт го. Барс көлкүлдөй эрип чыкканы да ошондон. Мындай сумманы Ром бере элек болчу. Жанa Ром "бир-эки күн хайлап ал" дегенде бир жума мурун эле
сулуулар конкурсуна катышкан Рима деген кызды эстеди.
Жомоктогудай сулуу, ийинден эле бут кеткен, турна моюн бу кыз Барстын толгон-токой кыздарынын баарын унуттуруп турган, ошол таанышкандан кийин. Телефон чалам деген Барс бошоп чала алган жок, бүгүн маалы келген тура. Кабинетине кирип эле Римага телефон чалды. Энесиби, же
башкасыбы, бирөө
алып, анын университетте окууда экенин айтты. Барс түз эле университетке, Рима окуган юридика факультетине келип, анын лекция болуп жаткан залда экенин
угуп, эшик какты. Профессорубу же
доцентиби, салабаттуу, орто жаштагы киши чыгып Барска суроолуу карап турду.
-Римада зарыл жумушум бар эле, уруксат берип коюңузчу?
-Лекция болуп жатат! -деп мугалим зоңк этип залга кайра кирмекчи болду эле, Барстын шадылуу аттиштей колу тигинин мойнун
капшыра кысты:
-Эй, Ломоносов, мен суранып жатпаймынбы, жаш жигиттин шагын сындырган болбойт да, ыя, туура айтамбы? Мойну сынып кете таштап, жүрөгү түшкөн неме:
-Азыр... - деп айтканга араң жарады.
-Ме, мобуга мазь алып сыйпап койсоң мойнуң оорубай калат, - деп Барс 100 долларлыкты тигинин мойнуна жабыштыра басып
койду, - Римага көз
боло жүр. Бар эми,тез жибер мага, убакыт аз.
Бат эле чыккан Риманы кой-айга келтирбей машинесине салып, өзү ар дайым барчу мыкты ресторанга алып келди. Бул ресторанда эки зал бар, бири чоң -көпчүлүк үчүн, экинчиси чакан - депутатынан, бизнесменинен баштап, аттуу-баштуу бандиттерге чейин ушул жерде көңүл ачат, каалагандай. Барс ошол залдан орун алып, зал башчысын чакырды да, бул экөө кеткенче эч ким кирбесин катуу
табыштап, "маадемектен президент катыны менен келсе да..." деп кошумчалады. Залдын бул башчысы да, ресторандын ээси да
Барсты беш колундай билишет, айтканын аткарбаска чара жок. Бат эле столдун үстү толду, Рима мурун деле далай акчалуулар менен барчу, бирок мындай керемет
тамактарга, ичкиликтерге толгон
столду көрбөптүр. Анан калса көзү күйгөн шыңга бойлуу мындай татына жигит менен байланышып бир столдо отура да элек
болчу. Рима сулуунун сулуусу делчүлөргө кирет. Аны өзү да сезет. Кучак казылуу мантайгандар менен
да, мантайбай лөкүйгөн депутаттар, бизнесмендер менен да байланышта. Ошондо аларды киши катары теңебей, тамагын жакшы деп, ата-бабасы көрбөгөн коньяктын небир түрүнөн аздап ичип,
тигилердин оюндагы
төшөккө жеткирбей
коштошчу, үйүнө
жеткиртип алып...
Бу ирет Рима башкача. Башкалар менен отургандагыдай өзүн жогору коюп, каалаган сөзүн айта албайт, атургай ушул сулуу, татына жигиттин маңдайында басынгансып, ыңгайлуу отурат. "Мен буга чын эле жагып жаттым болду бекемин" деген ою кайра-кайра келет. Тамагын ээн-эркин жей албай, ар бир
кыймылын жасалма
жасап убара. Башкалардай болуп дароо эле "мен сени
бир көргөндө эле
жактырып калдым,
сүйүп калдым..." сыяктуу сөздөрдөн да айтпады Барс. Жөн-жай сөздөн аздап сүйлөйт. Маңдайында суйкайып отурган кызга суктанганы да
билинбейт, оттуу көзү жалтанта тиктейт кызды. Риманын ыңгайсыз абалы күчөп барат.
Бир маалда залдын эшиги ачылып, кара көз айнек тагынган
сакалчан неме кирип, экөө отурган столго шашпай келип бел кырчоосунан тапанча сууруп, Барсты мээлеп турду. Дал ошол учурда шыпылдаган залдын башчысы артынан кирип:
-Бул жакка кирүүгө
болбойт, тиги залга
барыңыз, - деп сакалчанды ийинден тартканда тапанчанын үнү эки-үч ирет жаңырып, ордунан козголбой отурган Барс жерге күп түштү.

#204 14 March 2013 - 00:30
Башка мээленген ок
залбашынын ийинден тартканынан башка тийбей, ийинге, көкүрөккө тийген эле. Сакалчан үн каткан жок, өң-алеттен кетип жүрөгү түшкөн кыздын алдындагы түбүнөн гана куюлган коньягы бар рюмканы алып, ага бөтөлкөдөн жаба куйду да, бир тартты. Анан чөнтөгүнөн кагазга оролгон бир нерсени жерде ым-дымсыз жаткан Барстын үстүнө куюлтуп, кагазын кайра чөнтөккө салды да, кете берди. Ал кеткенден кийин гана зал башчы эсине келип, телефонго чуркады. Милийсасы да, "тез жардамы" да алеки саатта келип, санитарлар Барсты салып кетип, милийсасы Риманы баш кылып, көрүнгөндү ошол эле жерден сурай баштады. Барс тирүү болчу. Анын ок жеп ооруканада эс-учу жок жатканын уккан Ромдун өтө ишенимдүү жигитинин абалына бир эсе күйсө, анын адамдарына батынып кол салгандарга каны кайнап, табылса тирүүлөй кескилеп таштагысы келет. Шаардык милицияны бир чоңуна телефон чалып, Барска кол салган сакалчан неме экенин, азырынча андан башка маалымат жок экенин угуп, кандай да болсо таап берүүсүн өтүндү. Тапкан адамга он миң доллар сыйлык берерин да айтты. Милийсанын чоңу болсо "кеп сыйлыкта эмес, көп өзүбүздүн намыс үчүн да табышыбыз керек" дегендей жооп берип, аткан неме сөзсүз колго түшө турганына ишендирди. Ром эки жигитин чакырып,алар Барсты кайтарып, жарым карыш жанынан чыкпай туруусун катуу тапшырды. Барска үч ок тийген экен. Бир огу өпкөнү жандай өтүп туруп калган, калган экөө бири-бирине жанаша акырекке тийип, көзөп чыккан. Дароо эле операция жасалып, житкен ок алынды. Бирок жарадардын абалы өтө оор эле. Ромдун аракети менен ал ооруканадагы мен мыкты деген догдурлар Барсты көзөмөлгө алышты.
Барска кол салганы - Ромго кол салганы.
Муну ал жакшы билет. Ошон үчүн өзүн кайтарган, дайым чогуу жүргөндөр төртөө болсо, эми дагы экөө кошулду. Эки жакка барганын азайтты. Шаар борборундагы беш бөлмөлүү квартирасынан эмес, шаардын четине курулган эки кабат үйүндө жашай баштады. Анткени ал үй мыкты кайтарылат: тегерете үч метрдей бийик дубал, сигнализация, видеобайкоо бар, анан калса килейген эки овчарка короодо бош коюлган. Арстан көрсө да талап жечүдөй кайраты бар. Ром ошол үйүндө жатып, эки-yч жакын, бардык маселеден кабардар болуп турушкан жигиттерин жанына алып, Барска кимдер кол салышканын талдап-издеп турушту. Далай кримтоп тизмеден өтүп, биринен да "дал ушулар" дегендей бүтүм чыккан жок. Ром шектүү ңдөнгөндөрдү бөлүп алып, аларды тактоону, изилдөөнү далай табышмак иштин учугун таап чубап чыкчу. "Профессор" аттуу кличкасы бар жигитине тапшырды. Бу жигит
университеттин юрфагын бүтүп, ушул эле шаардын бир прокуратурасында эки жыл иштебей жатып ал органдан куулуп кеткен. Гепрокуратурада бир бөлүмдү башкарган орчундуу
кызматкердин бир тууган жээни мушташып, чөнтөгүнөн наркотик чыгып, иш милийсадан өз колуна тийгенде майдаланып отурбай түз эле беш миң доллар сурап, аны аларында кармалып, ошончо сумманы колунда бар ата-энеси таап берип кутулткан. Аз өтпөй Ромдун тобуна кирип, бат эле анын ишенимине ээ болгон. Андан бери төрт жылдай убакыт өттү, Ромдун түрдүү тапшырмаларын кынтыксыз аткарып келет. "Профессор" деген атка конгону - колунан китеп, гезит- журнал түшпөйт, көп нерсе билет.

#205 14 March 2013 - 00:40
Профессор Ромдон катуу тапшырма алары менен борбор шаардагы өздөрү "саап" турчу фирмалардан баштамай болду. Алардын баарын эмес, биринчи иретте чоң сумма төлөгөндөрүн тизмеледи. Бул тизмеге Бекендин фирмасы да кирди.
Профессор адегенде тизмеленген ар бир фирманын жетекчилери менен бет маңдай сүйлөшүп чыкты. Көз деген көп нерсени айтып коет, Профессор көздөн байкаганга аябай маш. Бу жолу бир дагы фирма жетекчисинин көздөрүнөн шек-шыбаа байкай албады. Изилдөөнүн экинчи этабын
кримгруппалардан баштады. Бул жагдайда изилдөө ачык жүрдү: -"Ташчайнар" ресторанында атылган жигитти уктуңар беле? Кимдин колунан келди деп ойлойсуң? - сыяктуу суроолор берилди. Андан бир гана:
-Кабарыбыз жок, -деген жооп угуп турду. Изилдөө бир күнгө да тынган жок...
***
Барсты кайтарып жаткан жигиттин бири тамеки алмакка сыртка чыгып оорукананын катарындагы комоктон тамеки алып, кайра басты. Кеч кирип үрүл-бүрүл болуп калган убак. Көчөдө электр жарыгы. Жигит оорукананын короосуна кирип дүпүйө өскөн сирень
тушуна келгенде тапанчанын бүдөмүк үнү чыгып, шалак эте жерге кулады. Ок дал чыкыйга тийген экен, мүрт кетти. Ошол жерден нараактагы орундукта отурган беш-алты оорулуу, аларга келгендер тапанчанын болор-болбос үнүн угуп карай калышып, оңкодон түшкөн немени көрүштү да, анын жанына жетип барышты. Бири жигиттин башын жөлөй берип чочуп
кетти:
-Ой, ок тийген турбайбы, - кан болгон колун тазалай муун- жүүнү бошой мындай боло берди, ок тийгендин башын жерге шалак таштап.
-Тийбегиле, - деди бирөө, - милийса келсе эмнеге тийдиңер деп ит кылат, сурай берет, бизден көрүшү мүмкүн.
-Догдур чакырыш керек, - деп бири эшик көздөй ылдамдай басты эле, дагы бир айтты:
-Шашпай эле кой, өлүп калыптыр...
Өлүк сулк жатат. Кан сыбызгып башынын тегерегиндеги жер көлкүлдөй түштү. Экинчи жигити ок жегенин уккан Ромдун жини шакардай кайнады. Албуутун кимден чыгарарын билбей туталанат. Чакырткан Профессор келгенде анын алигин албай каарып турду:
-Эй эшек, ооруканадан атып кетишиптир го, ыя?! Качан табасың, айтчы?! Эгерде бир жуманын ичинде таппасаң өз убалың өзүңдө, балакай! Мээңе жеттиби, менин айтканым, ыя?! -Жетти! - деди
Профессор. -Жетсе, бар! Профессор Ромдун коркунучтуу сөзүн угуп жаны чыкты. Эч кимди аябайт ал неме. Бир жигитине шилтесе эле көз ачып-жумганча тыркыйтып атып таштайт. Жерден чукуса да экөөнү аткан немени табыш керек, айла кетсе бирөөлөрдүн өлүгүн көрсөтүп, дал ушул жасаган деп көрсөтөт да. Ушуну ойлоп Профессор бир азга санаасын
жеңилдетип алды. Анан машинесин айдап шаардын тоо тарап четиндеги машине оңдоочу станцияга барды. Бу жерде "Законжок" дегендин тобунун уюгу. Үч-төрт жыл өлкөнүн каратэ боюнча чемпиону болгон, ашып эле кетсе жыйырма бештердеги жигиттин тобу. Законжок дешет аны. Бирөө менен кер-мур айтышса же акча өндүрүп зордуктаса, ал неме "мага закон жок" дегенди сөзсүз айтат. Качантан бери, эмне себептен антип айтканын эч ким билбейт. "Законжок" деп чакырышат. Өзүнүн айланасындагы немелери бүтүндөй спортсмендерден турат. Булар үчүн тынч элдин заң-закүнү эмес, өздөрү баш-оту менен кирген kримдүйнөнүн заң-закүндөрү да жок. Өз билгендерин жасап жаткан. Булардын чыкканына ашып кетсе эки-үч жыл болгону менен, бу борбордо алардын кабары катуу угулуп, далай кылмыш топторунан суурула баштаган эле. Азырынча Ромдун тобунун жолун тосуша элек, бирок бир ирет Законжок жигиттери менен сүйлөшүп отуруп:
-Ром-пром дегенин уруп койбойм, чалдардын заманы небак өткөн, - деп төш какканы бар. Ромдун өзүн тааныбаса да, кабары бар эле да эң күчтүү топ ошонуку деп. Бул сөз айтылгандан көп өтпөй Ром аны Барстын оозунан угуп:
-Жаш келесоолорго азырынча таарынбай туралы, - деп Барстын ачуусун басып жайгарып койгон. Эгерде ошондо Ром "ооздорун басып койбойсуңбу" деп бир эле сөз айтканда, Барс алардын түбүнө
жетмек. Бул жөнүндө Профессор жакшы билет, ошон үчүн Барсты, аны кaйтарган жигитти аткан немени дал ошо Законжоктун тобунан издемей болду. Алар атпаган күндө да, атты деген бирөөнү табат алардан, ал оңой эле маселе.

#206 14 March 2013 - 00:51
Профессор станцияга келип, Законжокту оңой эле тапты. Бир бөлмөдө диванга, креслолорго чалкалай отуруп, жакшы делген немис пивосунан ичип, кызыктуу окуялардан айтышып, каткыра күлүп көңүлдүү отурушкан экен. Кирип келген Профессорду көрүп баары тынчып, суроолуу карап калышты да, Законжок сурады:
-Эй, кимди издеп жүрөсүң?
-Законжокту.
-Анда эмне жумушуң бар эле?
-Өзү угуш керек. Жумуш чоң.
-Ии, кулак сенде?
-Сенсиңби, Законжок?
-Менмин, эмне, окшобой турамбы, ыя?! Айта бер, мен жолдошторуман эч нерсе жашырбайм. Профессор отурар орундук издегендей эки жагын карады эле, Законжок айтты:
-Туруп эле сүйлөй бер, мейманга чакырылган жоксуң да. Ии...
-Ромдон келдим, - деди Профессор келген жинин сыртка чыгарбай жай сүйлөп, - аны билесиңер го дейм?
-Ии, мисалы, билет экенбиз, анан?! -Законжок кекерлүү жылмайып, "Ромуңду урганым жок" деген маани жүзүнөн даана көрүнүп турду. - Бизде эмне иши бар экен, Ромуңдун? Профессор кайпактабай түз эле качырды:
-Кимиң аттың биздин балдарды?
Отургандар бири-бирин таң кала карап, эч нерсе түшүнбөй турушту эле, сөздү дале болсо Законжок алды:
-Эй, сен эмне деп былжырап жатасың, ыя?! Балдарыңды атыштын азырынча бизге зарылы жок. Башка жерден изде аткандарды!
-Силерден башка "башка жер" жок болсочу? Бул сөзгө не деп жооп кайтарарды билбей, анан да ачуусу келген Законжок кыйкырып ордунан атып турду:
-Эй, козел, сени да атып сала электе кет бу жерден, энеңди... десе! Ром-промуңду кошуп туруп, тим эле! Профессорго ушул эле керек болчу, акаарат кылып айтышкан да жок, кийин бирди көрөсүң деп коркуткан да жок, кандай келсе ошондой чыгып кетти. Законжок каткыра күлүп, жөкөрлөрүнө мактана да кетти:
-Жүрөгү түшүп, тил-ооздон калды окшойт. Законжокту билсин кандай экенин. Экинчи жолу жүгүнүп келет окшоп калды, ха-ха-ха! Профессор коюп
берген диктофонду Ром катары менен эки жолу укту. Андагы Законжоктун "Ром промуңду кошуп туруп..." деген жери өзгөчө катуу тийди. Заары жүзүнөн дааналанып, тиштене айтты:
-Экинчи Законжок деген атты укпайын, уктуңбу?! - деп Профессорду жекире тиктеди.
-Аткарылат. Ром өзүнүн кримимпериясын мыкты уюштурган. Жеке өзү Барс, Профессор сыяктуу беш-алты жигити жана жанында жүрүп кайтаргандар менен гана сүйлөшөт. Катардагы ондогон жигиттери Ромдун өңүнөн таанышпайт. Буларда байланыш куралдары, үн жазчу
куралдар, видеокамералар, тапанча, автомат эмес, гранатаметко чейин бар. Тартип аябай катуу, баш ийгендер баш ийдиргендерге кыңк дебейт, алардын буйругу экинчи кайталанбайт. Бул шартты бузган үч-төрт жигит эмдигиче
милийсанын издөөсүндө, кайда жоголгону белгилүүдүр. Профессор бирөөнү тынчытчу, атып, майып кылып тепкилеп турчу атайын топтун төрт жигитин чогултуп, маселени кыскача түшүндүрүп ишке аттанышты. Ошол күнү Законжоктун машине оңдоочу жердеги алты жигити кан-жини аралашып автоматтар менен чайкалган экен. Ажалы жокпу, Законжоктун өзү тирүү калды, ажалга келгендерден жарым саатча мурун бат эле келем деп бир жерге кеткен. Кайра келип короо толгон милийсаларды көрүп эле жүрөгү шуу этти, өлүктөрдү катары менен короого тизип коюшуптур, жапканга эч нерсе жокпу, көргөн адамдын жүрөгүнүн үшүн алып жатышат тизилип, баары Законжоктон кичүү немелер эле... Эгер бу жерден кетпесе өзү мына азыр алардын катарынан орун алчудай болуп чочуп, кетүүгө шашты. Законжок деген көпкөн мадырабаштын тирүү экенин уккан Ром Профессорго
түшүнүктүү айтты:
-Ал жашаса, ордуна сен кетесиң! Ромдон "ал жашаса, ордуна сен кетесиң!" дегенди угуп, Профессор жандан түңүлүп чыккан убакта Барсты ооруканада күчөтүлгөн кайтаруудагы дагы бир жигиттин дал чекесине ок тийди. Ал жигит көзөмөлдөп сыртта болчу... Бир оору аткан немени көрүп
калыптыр, көз айнекчен, сакалдуу неме экен деп сураган милийсаларга калтырай-титирей айтып берди. "Дагы кандай экен кебетеси" деген суроого бир гана жообун берет: "Көз айнекчен.сакалчан."

#207 14 March 2013 - 01:02
***
Нестан Куланга экинчи аял болуп келгени үч айга айланды. Баягы чүмбөттөлгөндөй, баарына кош көңүл мүнөзү өзгөргөндөй болду, далай жыл күлкүсүз өткөн өмүрүн күлкү коштой баштады, ажары ачылып, үзүлчүдөй буттары азга эттенди, келбетине келди. Мурда кар астында калган гүлдөй шөмтүрөсө, азыр жазгы кызгалдактай бажырая берди. Жок, Куланга тийгени ошол келбетти, ошол эркек дүңү менен суктанып сугун артчу маанай-келбетти алып келген жок. Баарын кылган Кенже болду. Ар нерсеге көңүл токтотуп байкай билген терең аял эле Кенже. Нестан келгенден эки-үч күн өткөндөн кийин эле анын жакшы адам экенин, баралына келсе далай адамга акыл айтууга жарап бере турганын, бул жерге келгени айла жоктуктан, амал түгөнгөндөн экенин жазбай баамдады. Бат эле кызындай көрүп кетти. Жөлөй-таяй чакага отургузуп, андан кенедей да жийиркенип койбой жууп-тазалап, башын тарап, үлпүлдөтө жууган ич кийимдерин кийгизип, куунатып салбадыбы. Жанынан чыкпай үйрүлүп турганын кантесиң. Чынында Нестан үй оокатты да, тамак-ашты да кынабы менен жасаганды үйрөнгөн эмес, кол-арага жарай турган болгондо апасынан айрылды. Сонун мастан болсо башка-көзгө койгулап, чачтан жулуп, жылан тилин соймоңдото каарып-каргагандан башка эч нерсе үйрөткөн жок. Үйрөтчү деле эчтекеси жок болчу ал аты аял айбандын... Дени оору болгону менен дили соо эмеспи Кенженин, жатып алып андай кыл, мындай кыл деп билгенинин баарын үйрөтүп жатты. Кенже тазалыкка көнгөн, кай оокат жасабасын, тыкан жасаган аял эле. Өзгөчө тамактын маңызын чыгарчу. Ошол сапаттарынын баары эми жыйырмага араң чыккан Нестанга өтө баштагандай болду. Кээде Кулан бир жакка кеткенде экөөнүн сөзү бүтпөйт, бири-иринен жашырып-жапчу нерсеси жок, ачык сүйлөшөт. Жаш аялынын жанынан чыккысы келбеген неме бат эле жетип келет. Өтө зарыл иш болгондо гана кетет үйдөн. Далай ирет Нестанды ээрчиткенге аракет кылды, ал таптакыр көнбөдү. Ага Куландын бар-жогунун эсеп-чоту жок, бирок анын үйдө жогу көңүлүн ачып турат. Нестан эки-үч жума Кенжеге көнгөндөн кийин анын аздап сурагандарына жооп берип атып, ушуга чейинки өмүрүн жашырып-жаппай толук айтып берди. Атасы, агалары, Сонун, зордукталганы, Макан...баары- баары айтылды. Ишенген, жакын, кыйбас адамына айткандай айтып берди. Аларды уккан сайын Кенже эптеп көтөрүлчү колу менен Нестандын башын сылай эркелетип өөп, жакшы сөзүн айтат. Анын өмүрү эми гана башталгансып, кудай өмүрүн берсе, өз жарын таап бактылуу жашай турганына ишенерин айтат. Сөзсүз ошондой болоруна ишендирет. Жалаң жакшылык уга баштаган жаш неменин көңүлү көтөрүлүп, дилине жакшы үмүттөр толуп, ошондон улам кечээ эле жалаң жамандыктан турган армандуу дүйнөсү бүгүн жаркыраган kүндөргө айлангандай. Ал көрүнүш акшылыктын сүрөтүн тартат. Кенже Макан жөнүндө көп сурады, Сонундан уккан Нестандын сөздөрүн таразалады. Баарын кылган ошол мастан аялдын жүзүкаралыгы экенин Кенже түшүндү. Буту-колу соо болгондо ал жигитти таап, баарын орду-ордуна
жайгартпайт беле. Мейли, баспай ушул жерде жатса да бар акылын, жардамын аябай берет. Өзүнүн канча жашарын ким билди, канча убак жашаса, ошончо убак ушул ыйманы куюлган, периште сындуу кыздын багын ачканга жумшайт. Өмүрүндөгү эң маанилүү, эң орчундуу тилеги да ушундай... Кенженин күнү-түнү ойлогону ушул. Куландын да мүнөзү карыганда өзгөрүп жатканы кызык болду. Мурда жашына карабай чөнтөккө акчадан арбын салып борборго, береги эле
облборборго кетип, эсеби азая элек көңүлдөштөрү менен кырчын кезиндей дуулдап, кез-кези жолдош-достору менен жүздөшүп үйүндө жөн жаткан күндөрү аз болчу. Эми анын бири жок, жаш аялынын жанында үйрүлөт. Анын уккан-укпаганын, жактырган-жактырбаганы менен иши жок, жалынып-жалбарганынан жазбайт. Өл десе, эмнеге дебей өлүп берчү кейпинде. Кудай берсе, эркек балалуу болсо. ушуну ойлоп көңүлү куунак, көңүлүндө күндө майрам. Нестанга кийимдин түрүн апкелет, бир жаман жери - алардын көбү чак келбей, кайра өткөрүп келет. "Жүрү, чактап кийим алперейин" дегенге көнбөйт жаш аялы. Күйөөм деп санабайт. Ушунча болуп бир да ирет сөз баштап сүйлөшө элек. Куланга эң жаман тийген сокку -Нестан Кенженин катарындагы жерге төшөк салып жатып алган күндөрү болот. Ошондо жинди болгондой наркы-терки басып, "жүрүлөп" сан ирет Нестанга келип алты амалы түгөнөт. "Кой, бар, кандай болгон күндө да нике кыйылган күйөө сөрөйүң эмеспи, азга чыда" деп Кенже көндүрбөсө, деле күйөөнүн жанына жолоюн деген көңүлү жок. Нестанды өз колу менен жеткирип, анда да, андан бир жума өткөндөн кийин да тутам-тутам акча алып кеткен Сонун андан кийин эки-үч жолу келип кетти. Соңку келгенинде башкача кетти, а жөнүндө сөз кезегинде болсун.

#208 14 March 2013 - 01:08
***
Борбордон баягы оңолобуз, оокат кылып бала-чакабызды багабыз деп кеткен эки алкаш - Касым менен Берметтин айылы бу борбор шаардан жакшы жүргөн машинеге беш сааттык жол. Макан эртең менен чыгып, түш болоюн деп калганда алардын айылына жетип, үйүн тапты. Үйдө бир небереси менен кемпир бар экен. Маканды бүшүркөй карап, уулу эртең менен эле үйдөн чыгып кеткенин айтып, Макандын ким экенин сурады. Андан жооп уккандан кийин үйгө киргизди чай ич деген болуп. Дасмал үстүндө капкара ундан жасалган нан, башка эч нерсе жок. Ал бөлмөдө идиш-аяк салынган эски шкафтан башка эч нерсе жок экен. Карып-арып, басып-турган бу бети миң бырыш кемпир менен бөлмөнүн көрүнүшү окшошуп турду. Ушуну ойлоду Макан, анан эрди-катын эргулдар баягы самогонунан бошой албай жүргөнүн сезип турду. Бир чыны чай ууртап, "мен азыр" деп сыртка чыгып борбордон ала келген таттуу, тамак-ашты көтөрүп кирип, кемпирдин көзүн жайната дасторкон үстүн үйүп таштады. Энесинин жанынан чыкпай Макандан чочуп турган алты-жети жаштар чамасындагы кыз түркүн таттууну көрүп, кайсынысынан жээрди билбей башы катты. Эки эргулуң басыгынан жазбаптыр, баягы күүсүндө экен, каш карайганда бири-бирин жетелей келип, короодогу машинени көрдү да, Макан келгенин билип, жүрөктөрү жарыла кубанышты. Макан болсо булардын жашоосун өзөгү
өрттөнө оор үшкүрүнгөн кемпирден небак эле уккан, көңүлү кирдеп турган аларга. Ачкенедей асыла учурашкан экөө менен суз учурашты. Аз өтпөй жолдон чарчап келгенин айтып, бир бөлмөгө төшөк салдырып жатып алды. Кечинде тамак үстүндө Макан акыркы акылын айттып эрди-катынга, эртеси таң заарда кетмек:
-Касым аба, Бермет жеңе, адам болуп жашайм десеңер акыркы мүмкүнчүлүгүңөр ушул. Сырттагы малды сатып жибербегиле. .. Эгер сатчу болсоңор атууга кетсем да экөөңдү мууздап салам, уктуңарбы?! Бул сөз катуу айтылды, уккан экөө селт этишти. Макан "өтө эле катуу кетип калдым окшойт" деп ойлоно калып, кайра "жок, буларга ушундай гана сөз керек" деди да, ошол сөзүн дагы баса кайталады:
-Мени эч ким токтото албайт, мууздап салам Мындай сөздү угуп көрбөгөн карыган кемпирде жан жок. Анткен менен бу ыймандуу көрүнгөн жигит туура кылып жатат деп тобосун келтирип турду. Эртеси Макан таң заардан туруп мал-салы менен алек болуп жүргөн Касымды, уй саап жаткан Берметти көрүп, көңүлү толо түштү да, коштошуп жөнөп кетти.

#209 14 March 2013 - 01:21
***
Барс ооруканада бир айдай жатып сакайып чыкты. Этинен качып кан-сөлү жоктой купкуу. Ооруканада чыккандан үч күн өткөндө Ромдун сунуш- буйругу менен чет өлкөнүн бириндеги курортко эс алууга кетти, кызмат кылчу бир жигитин алып. Ал жөнүндө Ромдон башка жан адам билбейт. Ром Барсты өтө баалайт, ишенген эки адамы болсо, бири ошол. Ал эртең кетем деген күнү Ром аны үйүнө чакырып, тамак үстүндө экөө төрт-беш саат маектешти.
-Сага кол салгандар чогуусу менен кырылыптыр го, - деди Ром ошондо.
-Уктум. Профессор айтты. Бирок...
-Ии?
-Ошолор кол салганына көп деле ишенген жокмун, - деди Барс бул сөзүнө Ромдун жообун күтүп.
-Себеп?
-Себеби, ал неме, ким эле?
-Законжок дейт го...
-Ии, ошол Законжоктун мага кол салууга эч кандай себеби жок болчу. Жолубуз кесилишпесе, талашкан эч нерсебиз жок болсо...
-Жолдор кесилишип
кездешпей эле талашса болот да. Маселен, алар көздөгөн жерди сен ээлеп алсаң.
-Аныңыз туура дечи,
бирок алар кол салмак эмес, батынбайт болчу. Ром Законжок деген неме кол салбаганын небак эле билген. Жанталашкан Профессор "ушулар атыптыр" деп кимди болбосун "таап" келерин да билген Ром. "Законжоктор жасаптыр, энчисин алды алар" деп сүйүнчүлөп келгенде "Законжок тирүү турбайбы, ал жашаса, сен жоксуң" деген эмеспи. Ошону менен Профессор күнөөлүү деп тапкан алар экенине ишенгендей түр көрсөткөн. Барсты жана эки жигитти аткан ким болсо да оңой немелер эмес экенин Ром билет. Баары бир табат. Азырынча болсо күнөөлүүлөр
Законжоктор болуп кала берсин. Ошондо бизден көрүшкөн жок деген чыныгы аткандар сактанганынан жаңылат эмеспи. Ошондо... Барс менен сүйлөшүп, анын "Законжоктор аткан жок" дегенине кошулбамыш болуп
койгону да ошондон. Ром өтө сак, өтө куу. Майда-барат бандалар кээде алардын балдарынын жолуна
тура калганда, аларды жок кылабыз деген Барс, Профессорлорду токтоткон күндөрү көп эле болду. Жок, ошол бандаларды аягандан, боорукерлигинен эмес, алар да болсун, алар да милийса, прокуратуранын башын оорутсун, эпадам алардын баарын жок кыла берсе жалаң эле Ромдун артынан түшүшпөйбү. Кримтоптор канча көп болсо, Ромго ошончо жакшы. Азыр милийсаң да жашаш керек, кимдин эмне кылып жатканын беш колундай билишет, бирок аларды бир түндүн ичинде жоготуп салбайт. Эмне үчүн? Анткени милийсаңа да оокат керек, аларда да курсак бар, бала-чака бар. Багыш керек, жетиштүү жашаш керек. Жетиштүү жашоонун бир булагы бандалардан саалган акчалар. Канча миңдеген акчалар Ромдун колунан милийса чоңдоруна өтпөдү дейсиң, эсеби жок. Ушундай.
Ошон үчүн милийсаңа да, Ромго да бандатоптордун көп болгону жакшы. Эгер өтө ашынып бараткан топ болсо, аларыңды милийсаң да, Ром да жөн койбойт эмеспи. Ромдун алдыдагы тилеги: депутаттыкка шайлануу, анысы болбосо, чет өлкөнүн бирине кетет, ошол жакта бейпил турмуш өткөзөт... Чет өлкөдө килейген үйү бар экенин бир өзү, анан жашыруун кызматтын бир-эки жетекчилиги билет...
Курортко туура бир ай эс алып келген Барс кадыресе өң-кубатына келип, көңүлү да куунак көрүнгөнү менен, бир нерсе дилин тынчытпайт: өзүн аткан немени кайдан болсо да таап жазасын бериш керек, деле жердин түбүнө түшүп кетсе да ошентет. Бир күнү Профессор менен ачык сүйлөшүп, Законжок дегенди жөн гана күнөөлүү кылып тапканын бетине айтты эле тиги:
-Мени эмне, келесоо деп ойлойсуңбу? ! - деп моюн толгоду.
-Келесоо эмессиң, бирок жаның аябай таттуу, - деди Барс мазактай, - жаныңдын таттуулугу үчүн таптың да жанагыларды. Азыр ушул жерден калп десең, таттуу жаныңды денеңден бөлүп жиберем. Профессор акаарат келтире алган жок. Барс менен теңтайлаша жүргөнгө аракет кылганы менен андан коркчу да. Канча ирет Ромго Барстын туура эмес кылыктарын баштоого кылдат сөз тандаганга аракет кыла баштаганда Ром аны кагып салчу. Үч-төрт жолу кагуу жеп, экинчи Барсты жамандоо аракетин токтотуп да койгон. Антпесе Барстын колунан оңой эле өлүм тапмак. Барсты атып кетти дегенди укканда өмүрүндө
кубанбагандай кубанган. Анын тирүү калганы катуу сокку болду. Эми Барстын маңдайында тике карай албай, айтчу сөзүн тайманбай айталбай отурбайбы. Өмүр бою эле ушинтип жүрмөкпү, жок, ага чыдай албайт! Барс өзүнө ким кол салганы жөнүндө кадам сайын ойлонду. Тааныган ондогон адамдарды оюнда чубатты, тааныбаган, бирок атын угуп жүргөн бандиттерди да шектүү тизмесине карап таразалады. Баягы, кабинетине коркпой-үркпөй келип эскерткендей сөз айткан, айтканда да кекерлүү айткан көзү курч сары чийкил жигитти эстеди. Токендин
жигиттеринен эмес беле, Токен болсо... Дал ошол, канга-кан деп ошол жасады. Барс ал жигиттин кебете- кешпирин даана элестетүүгө аракет кылды эле, курч, кайраттуу көзүнөн башка эч нерсе көрө алган жок. Аткан неме көз айнекчен болчу, ал көз айнектин артында ошол көздөр катылгандыр. ..
Ошол аксаргыл жигитти эстээри менен Бекендин фирмасына келип, аны кабинетинен тапты.
-Салам

#210 14 March 2013 - 01:34
-Салам! Ии жигит, жашоо болубатабы?
-Болубатат, - деди Бекен, бу кайсы неме дегенди ойлоп, жооп табалбай.
-Баягы жигитиң кайда, тың жигитиң бар эле го, жапалдаш бойлуу?
-Атын билбейсизби?
-Билбейм. Көпкөн, борзый немечи? Бекен сөз Макан жөнүндө болуп жатканын билди:
-Анын сизге эмне кереги бар эле?
-Керек. Чоң сөз бар анда. Ким эле аты?
-Макан.
-Ии, ошол керек мага.
-Ал небак кетип калган. Кабарым жок кайда экенинен.
-Эмнеге кетти эле?
-Сиз айткандай борзуйлугунан кетет да.
-Азыр кайда экенин билбейм дечи?
-Казакстандабы, же Россиядабы, айтор, бир жакта дейт.
Барс башка эч нерсе айткан жок. Ал кеткенден кийин тааный албай бүшүркөп турган Бекен аны эсине түшүрдү, бизнесмендердин кайсы бир 4огулушунда сүйлөбөдү беле, чыгаан бизнесмендерден дешкен. Жигиттери шамдагай иштеп, ошол эле күнү Макан менен Бекен катуу урушканын, Макан kвартирасынын
ачкычын кошунага таштап көз болуп туруусун айтып, Россияга кеткенин, ошол бойдон бир да жолу келе электигин айтып келишти. Барстын шектенүүсү
aны менен бүткөн жок. Аны дагы бир жолу көрсө, ресторанда шашпай тике келип тапанча сундурган көз айнек, сакалчан немеге салыштырып ошондо даана билмек. Бирок аны кайдан тапты? Барс курорттон келери менен Римага барып жолуккан. Анын жүрөгү түшкөнү эмдигиче басыла элекпи, далайда барып сөзгө келип, ресторандан тамактанууга зорго көндү. Экөө түн ортосуна чейин отурушту а жерде. Анан Барстын үйүнө бармай болуп анын машинесине отурмак болуп баратканда "тарс" эткен үн чыгып, машиненин эшигин ачып жаткан Барс ачылган эшикке асыла жылмышып барып жерге кулады. Мурун эле жүрөгү түшүп кaлган Рима бир кыйкырып алып, туш келди кача жөнөдү. Ошону менен анын Барс менен болгон окуясы түгөндү. Ал жөнүндө милийсасы да, башкасы да сурашкан жок.Унутулду Рима сулуу. Барс ошол жерден эле мүрт кеткен. Барстын өлүмү Ромго болуп көрбөгөндө сокку эле. Капастагы жолборстой жинденди. Биринчи чакырганы Профессор болду:
-Эй, эшек, - деп баштады ачууланганда айтчу сөзү менен баштап, - Барсты аттырып тындыңбы, ыя?! Эми кезек сага жетиптир, - Ром столунун суурмасынан глушителдүү тапанчасын алып чыгып Профессорду көздөй сундурду, - ушул жерден атып салайынбы, ыя, энеңди?!! Профессордун көзү чанагынан чыга жаздады, оозуна сөз келген жок. Жансоога сураган да жок, калтырай туруп берди. Анын удав көргөн коендой калчылдаганы Ромду азга тынчытты, тил кайрып актанса, а балким атып салат
беле.-Бар, - деди Ром тапанчасын тартып, -Барсты өлтүргөндү өлтүрүп туруп гана келесиң мага, ошондон кийин гана келесиң! Бул акыркы сөзүм. Бекен дегендин Макан деген жигити бар дейт, Барс айтты эле... Өлөрүнө жакын Барс Ромго айтканы бар эле: "Бекен дегендин Макан деген жигити бар эле, экөө азыр байланышпайт экен. Бирок..." деп. Ром ошону эскерди. Профессор тозоктон кутулгандай чыгып, азга жеңилдей түштү. Барсты өлтүргөндү жайлагандан кийин келе албайт эле Ромго. Анткени Барсты өз колу менен атты. Далайдан берки кордолгону, басынганынын өчүн өлүм менен алды. Эми Ромду... Жок, жүрөгү шуу дей түштү, ага кол көтөрө албайт, батына албайт. Бул ойду ойлогондон муун-жүүнү бошой түштү. Эгер анын оюн Ром билип калса, анда тирилей откo куйкалатып, тууган- туушканына чейин тукум курут кылбайбы. Аны жок кылган күндө да, Ромго жанын берчү немелери Профессорду тозок, коркунучтуу өлүм кылары турулуу. Барсты "өлтүргөндөрдөн" дагы табыш керек. Барстын бошогон ордун ээлеп, Ромдун эң ишенимдүү оң колу болушка жакшы шанс болуп турат. Профессор билген да, билбеген да Ромдун карышкырдай курч, түлкүдөй куу дагы төрт-беш ишенгени бар, ошолордун бири калбай Профессор ойлогон үмүттү ойлоп турушканын ал билген жок. Ром Профессорду жүрөгүн түшүрө айдап, дароо эле Ментти чакыртты. Мент Ромдун дагы бир тың жигиттеринин бири. Барстан айрылгандан кийин анын ордун ээлечү үч-төрт жигиттин бири да ушул. "Мент" деген аты айтып турбайбы, ал мурун милийсада он жылдай иштеген. Армиядан келип эле кирген милийсага. Анан анын окуусун да бүткөн. капитандан эми мына майорго аттайм деп турганда аттабай аңга түштү. Ушул эле борбордун бир районунда тергөөчү эле. ырасында тың иштечү. Тың иштегени менен алган айлыгы эч нерсеге жетпейт. Эчен баш кесердин, бандиттердин үшүн алган неме тилдүү аялынын жанында мышык боло калар эле. Ошонусу жеп турчу. Сүлүк курттай жеп турчу, "тапкан акчаң өзүңөн ашпайт, милийсада иштегендин балакет-мээнетин аласыңбы..." сыяктуу сөздөрдү айтып,

#211 14 March 2013 - 01:46
сөздөрдү айтып, чучугуна жеткирчү. Акчанын азгырык-азабы ошентип башталды. Адегенде иши түшкөндөрдүн бергенин алса, кийин маселени өзү кое баштады. Колуна акча канча көп түшкөнү, ошончо май басты көзүн. Бир уйгурдун тоокканадай жертөлөсүндө турчу эле, бак-шактуу заңгыраган алты бөлмө үй сатып алды, адегендеги эски "Жигулиден"
кийин жапжаңы "Ауди" минди. Аны менен катар чындык
жандаган деми шалпылдап баткакка айланды. Мына-мына жарылчудай көптү. Ушунун баары беш эле жылдын ичинде болду. Баягы эч нерсеге жетпей, күн сайын ызы-чуу салып таштачу аялы топук кылдыбы? Жок. Аныңдын "жетпейти" күчөгөндөн күчөп барат. Ошол күндөрдүн биринде арам болсо да келген ырыскысы заматта тыйпыл болду. Колуна көптөн бери колго түшпөй убара кылган наркобарондордун бири колго түшүп, анын иши тийген. Кым деген ошондо. Наркобарондун жөкөрлөрүнүн бири анабашысын бошотуп алуу үчүн оңбогондой акча сунуштады эле, Мент дагы ошончо кошсоңор жардам
берем дегенди айтты. Ошондон эки эсе оңбогондой акча
доллар менен колго тийди. Бирок
наркобарон кутулбай калды. Ишти министрдин
орунбасарынын бири жеке көзөмөлүнө алып, сотко ашырды. Бүгүн-эртең бошоном деп турган наркобаронуң 12 жылга соттолуп кетти. Доллар берген неме эртеси эле келип алганыңды кайтар деди эле, Мент баш
бармагын манжаларынын ортосунан олчойто чыгарып, "ме" деп тигинин тумшугуна такады. Шагы катуу сынган неменин эки жолу бар эле, бири -Менттин үстүнөн арызданып ишинен айдатуу, экинчиси - аны аттырып салуу. Биринчи жол тандалды. Ичи аябай күйгөн неме өзүнүн жооп берип каларына кайыл болуп, арызды түз эле министрге жазды. Иш дароо эле башталып, Менттин айласы кетти. Министрликтин өздөрүнүн коопсуздук кызматы териштирип, Менттин пара алганын мойнуна кое алышкан жок. Диктофонго жазылбаса, сүрөткө же видеого тартылбаса, же доллардын изи жок болсо, ошо да.Бирок
Мент иштен айдалды, экинчи милийсада иштебей тургандай айдалды. Пара берген неме буга ыраазы болгон жок, эми Ментти жок кылмай жолун издеди. Менттин кримиште тажрыйбасы чоң эле, анын үстүнө түлкүдөй куу боло турган. Анысына тартынбас-тайманбастыгы кошулса, оңой жан эмес да. пара берген неме өзүн өлтүртмөктүн жолун издеп, аны аткаруучу киллердин ыгын келтире албай жүргөн күндөрдүн биринде ага Мент өзү барды. Ачык сүйлөштү. Эпадам дагы эле артынан түшө берсе, барону кармалгандан кийин деле жүрүп жаткан ишин ойрон кыларын, милийсада аны жасачу достору али толтура экенин айтты. Керек болсо өз колу менен ит аткандай атып саларын да кошумчалады. Пара берген неме баарын таразалап туруп, Менттин сөзүн туура көрдү. Мындан ары экөөнүн бири-бирине нааразылыгы жок, бири-бирин таанышпайт. Бүтүмү ушундай болду... Ошол эле жылы Мент Барстын жардамы менен Ромдун тобуна кошулуп, бат эле ал топтун активдүү баш кесерине айланды. Барс экөө бир мектепте удаалаш окушкан, Мент бир жаш улуу болчу. Мент Ром эмнеге чакырды экен деп санааркай кирди. Өтө зарыл иш болбосо чакырчу эмес да. Ромдун кабагы бүркөө болчу. Салам айтып кирген Менттин алигин алган жок. Отур да дебеди. Каккан казыктай турган неменин көзүн тике карай айтты:
-Профессор Барсты аткандарды издеп жатат. Ал кандай издеп жатат, өзү эмне кылып жүрөт, баарын көзөмөлгө ал. Барс айтты эле "мени аткан Токенде иштеп кеткен макан деген жигит бар, ошондон шектенем" деп. Уктуңбу?!
-Уктум, - деди Мент.
Үнүнөн тапшырмаңыз так аткарылат деген жооп сезилди. Ром "кете бер" деген сөзүн ыраа көрбөй,
башы менен жаңсап койду. Мент ичинен кым деди. Kабинетине келип, мээси шишигенче ойлоду. "Демек, Профессорго көп ишенбейт турбайбы. Ага караганда мага ишенет тура. Мент менен Профессордун биринчи эле күндөн жылдызы келишпейт. "Мент" деген атты да ушул Профессор койгон. "Бир күнү болбосо да, бир күнү менттигин кылбай койбойт, андан сак болуш керек" дегенди көп айтып жүрүп, бир күнү Барстан катуу жеме угуп, атургай өпкө-боору үзүлүп кала жаздаган. Ошол күндөн ал Ментти жек көргөнүн ачык
билдирбейт. "Сен да прокуратурада иштегенсиң, ак ит, сары ит - баары бир
итсиңер" деген ачуу сөздү да уккан. Профессорду ойрондотчу бир шанс болуп турганын Мент түшүндү.

#212 14 March 2013 - 01:48
***
Барстын өлгөнүн уккан Макан аябай кубанды, моокуму канды. Анын артынан Ром кетсе кана... Ошондо гана Токендин өчү алынмак, ошондо гана Макандын көксөөсү суумак...

#213 14 March 2013 - 02:11
***
Ичеби-ичпейби, Макан
Касым менен Берметти
бир тууган ага-
жеңесиндей көрүп
калган эмеспи. Күндө
болбосо да күн аттап
ойлонгону,
санааркаганы, жакшы
болушса экен деп
тилегени ошолор.
Баягы наркологго
алпарып, уй, кой сатып
берип, "экинчи ичсеңер
мууздап салам" деп
катуу кетип алардын
жүрөгүн түшүргөндөн
кийин үч-төрт ай
өткөндө кайра барды
алардын абалын
билмекке.
Күз келип, элдин алды
буудайын чаап,
картөшкөсүн казып,
эрте бышчу алма-
өрүгүн жыйнай
баштаган кез. Илгери
мындай убакты "төөнүн
карды жарылган кез"
деп кеңири айтылчу,
азыркы жетишпеген,
улунуп-жулунуп калган
заманда антип
айтылбай калса да, ач-
жылаңач элге күздүн
келгени кантсе да
күткөнү эмеспи.
Экөөнүн кебетелери
келишип ичип
отурганынын үстүнөн
чыкпасам экен деп
тиленип келген Макан
алардын огороддогу аз
жеринде картөшкө
казып жатканынын
үстүнөн чыкты. Өңдөрү
да оңолуп калыптыр.
Мотураңдаган кыз,
баласы кошо иштеп
жүрөт. Маканды көрө
сала төртөө тең чака,
кетмендерин таштай
чуркашты. Айтарга сөз
таппай сүйүнгөнүнөн
демиге учурашышты.
Короо четинде өскөн
килейген
каражыгачтын түбүнө
тыпырайган чай иччү
жер жасап алышыптыр.
Аз өтпөй отуруп, чайга
киришти. Макан
толтура алып келген
эмеспи базарлыкты,
анысы үстөлгө толду.
Үйдөн чакырылган
кемпир Макандын
чекесинен сүйүп,
барбалаңдап ыйлап
жиберди: "Кудай
өмүрүңдү берсин"
дегенди кайра-кайра
кайталайт. Чай да
ичилип, бажылдаша
сүйлөшөт. "Ырас ичпей
калган турбайсыңарбы"
дегенди айтып
жибермекчи болгон
Макан кайра токтоду,
эмнегедир ошентип
айткандан коркуп
кетти.
Чай ичилип бүткөндөн
кийин Касым Маканды
колтуктай жетеледи:
-Мака, жүрүчү, бир
жерге барып келе
коелу.
-Кайда?
-Сен да келип
калыпсың, анан балдар
да этсиреп кетишти
окшойт. Энемдин сорпо
ууртай элеги да көп
болду. Баягы алып
берген
козуларыңторпоктой
болушту тим эле.
Ошондон бирди алып
келебиз.
-Аларга тийбеңиз, -
деди Макан дароо
каршы болуп. - Бешөө
тең ургаачы экен, тукум
кылам дебедиңиз беле?
Касым дагы бирдеме
айтмакчы болду эле,
Макан айттырбай
озунду:
-Кой-козу сатчу бирөө
барбы айылда?
-Бар, - деди Касым
көңүлсүз, - аркы көчөдө
бирөө дайыма кой-сой
байлап, кыжаалат
болгондорго кымбат
сатат, бети жок неме.
-Анын бетинин бизге
кереги жок, семиз кою
керек. Жүрүңүз, кеттик.
-Аябай кымбат сурайт
ал желмогуз, - Касым
койдун кымбаттыгын
эмес, аны Макан сатып
бере турганына уялды,
аяп кетти.
Макан жооп берген
жок, Касымды жанына
отургузуп, айткан
кишиден килейген
ирик сатып алышты,
бир тайдын баасында.
Макан ириктин
семиздигине сүйүнүп
келсе, Касым анын
кымбатына жини
келип, саткан немени
көр-жерине жете
тилдеп келди...
Ирик союлуп, бир
жакшы тойгондой
өлчөп казанга салынып,
калганын туздап туруп
илип салышты. Көптөн
бери бу бүлөнүн эт
жебегени чын экен,
жакшы жешти. Макан
этке бир тойсо, бүлөнүн
ичкиликсиз бейпил
жашоосуна эки тойду.
Касым менен
Берметтин өңдөрү
оңолуп, бири-бирине
сөз бербей
жажылдашканы да
калып бараткандай.
Макан алар менен
таанышканда алардын
бу жашоодогу жалгыз
тилеги, бактылуу кылып
салчу тилеги - кандай
да болбосун бир
бөтөлкө таап ичүү
болчу. Эми тилеги
өзгөргөн, кези менен
кеп кылып отурушат,
тамак үстүндө. Бир
жума мурун баягы
Макан алып берген
уйдун музоосу чоңоюп,
аны базарга сатып
жыйырма тоок
алыптыр корозу менен,
ун-сунга да, эки
баласынын мектепке
кийер кийимине да
артыптыр. Эми кудай
буюрса, эмдиги жылы
баягы эки гектар жерди
жакшылап иштетебиз
дешет. Түшүмү жакшы
болсо ат да, араба да
аларын айтат. Азыр
иштин баарын ат-араба
бүтүрөт эмеспи. Сөз
ортосунда Макан айтты:
-Касыке, окуу
башталарына бир
жумадай калды,
мектепке кирбейсиңерби, жеңем экөөң тең. Касымдын бул жөнүндө мурун эле өз ою барбы, дароо жооп берди:
-Ат башындай алтын берсе да барбайбыз. Азыркы балдарды окутканча түрмөдө иштеген бейиш эмеспи. Анын үстүнө бизди мугалим кылып ким эле ала коер дейсиң?
-Албаса, алдырабыз да.
-Кереги жок. Андан көрө жеңең экөөбүз жерибизди жакшы иштеткенге көнүип алсак, оокат өтөр. Макан а-бу деп сөздү көбөйткөн жок, башка кепке өттү:
-Ат-араба алып берейин, кандай дейсиңер?
Касым менен Бермет
да, ириктин килейген куймулчагын ары-бери аласалдырып аздап жеп отурган кемпир да селт эте калышты. Касым уялып кеткендей болду:
-Маке, баарын эле алперип жатпайсыңбы, бизде бет калбай калды го? Уялаш да минтпес.
-Ооба десең, - деди Бермет, - буга чейинкиңе да рахмат.

#214 14 March 2013 - 02:33
Ансыз деле сенден уялып, кылар айла жок жүрбөйбүзбү.
-Кайдагы болбогон сөздү айтасыңар да, мен бир миллиондогон сомдук оокат алперип жүргөнсүп. Эртең базарга кеттик. - Бул кесе айтылган сөзгө тигилер акаарат
келтире алышкан жок. Жанатан жакшы желип жаткан эт эми тамактан өтпөй турду. Катуу уялып турушту. Эртеси базар күн эле. Касым менен Бермет таң заардан туруп тамак-аш даярдап, Макан үчөө шашпай ичип, анын машинеси менен базарга келишти. Араба, жылкы саткан жерди аралашты. Макан соодага жок, Касым деле ошол. Экөөнө караганда Бермет бул иште тың экен, тандап талаша сүйлөшүп жүрөт. Акыр-аягы арабасын аты менен
саткан бир жаш жигиттикин алышты. Арабаны Касым айдап, Бермет анын жанында кыналат. Жолдо ката кезектеше кыңылдай ырдап, кайра кошула кетип, жыргалдын сөзүн сүйлөп, бейиштин жолу менен келаткандай. Ошол бейишке жыргатып
жаткан ушул ат-араба эле. Бакыт-таалай бардар турмушта көрүнбөйбү.

#215 14 March 2013 - 02:46
***
Үч-төрт жылдан бери бу жарык дүйнө караңгы түнгө айланып, келечектен үмүт этпей өлөрүн гана самап калган Кенжеге үмүттүү, жаркыраган келечеги бар, жакшылык кууп жашоочу турмуш кайра келди. Ал турмушту ушу ыйманы жүзүнөн тамган, жалаң актан бүткөндөй болгон Нестан апкелди. "Бу татына кыз кирип-чыккан сайын кагылып жалына берчү адат тапты Кенже. Өз денесинен чыккандай берилди. Баспай жатканы болбосо, дени-карды соо өңдөндү, жан-дүйнөсү тыңып кетти. Соолгурдуку ай, Нестанды улам жакшы көргөн сайын өз денесинен чыккан кызын жек көрүп барат, ал келбесе экен дейт, ошол бойдон унутта калса экен деп тилейт. Адам мамилеси кылгылыкты кыла берет тура, өзүнүкүн алыстатып, өңгөнүкүн жакындатып. Кенже Нестандын бу жерге келгенге чейинки кыска болгону менен эки өмүр сүргөндөй ачуу да, күйттүү да, өкүттүү да турмушун жакшы билди. Эми бу эч кимге зыяны жок бир байкуштун жашоосун жалаң жакшылык коштотот, бүт аракетин жасайт. Ошол жөнүндө ойлонот күнү-түн. Баары өзүнүн колунда тургансып ошентет Кенже. Нестан Маканды бир-эки ирет көрсө да, ага түбөлүк берилгендей сезимин да түшүндү Кенже. Сонундун жүзүкаралык менен, айбандык менен кырчын өмүрдү соолтуп, тирилей өлүккө айландыргысы келгени Кенженин канын кайнатат, аны өмүрүндө бирөөнү жек көрбөгөндөй жек көрдүрөт. Ошондой жексур катындар менен Нестандай периштелерди бир жашатып, бирин экинчисине кор кылып койгон не турмуш бу? Ошондой бузуку, дили жалаң карадан турган, ачкөз, абийирсиз аялдар бу жарыкчылыкта шапар тээп жашаганга ким жол берет. Кудайдын кудурети, ошондойлорду азап тарттырып салбайбы! Тиги дүйнөдө тозок отуна куйкаланат дейт, бу дүйнөдө куйкаланса кана?! Ушуларды ойлоп Кенже жаналакетке түшөт, көкүрөгү сыздап кетет. Көксөөсү суучу жол издейт оюнда. Бир күнү Нестан Куландын жанынан качып, каадасынча Кенженин жанына төшөк салып жаткан. Мындайда экөөнүн кеби байыбайт эмеспи, Кенже Нестанга бир сыйра кагылып- согулгандан кийин баягысынан кеп баштады.
-Некен, эмки жумада сен Бекенди таап сүйлөш. Кайда иштерин билбейм дейсиң да, ата-энесинен барып сура. Анын эмнесинен тартынасың. .. Анан Бекенди тапсаң, ал кубанган бойдон Макан менен жолуктурбайбы. Ушул сөздөр айтылып жатканда Нестан Маканды элестейт. Түбөлүк чогуу жүргөндөй сезет. Анын жанынан чыккысы жок, ажырагысы жок Маканынан. "Алтыным" деп айтылган сөзүн эстеген сайын ошол сөзү жыргал болуп, жылуулук болуп денесин көлкүтүп
жиберет, "алтынымы" сан ирет кайталанат. ..
-Мени угубатасыңбы, Некентай?
-Угубатам.
-Уксаң ошо. Эмдиги жумадан калбай бар.
-Сизчи?
-Мен эмне кошо бармак белем?.. Арман күн десеңчи, буту-колум соо болсо, өзүңдү жетелеп алып небакта жөнөбөйт белем. Кудайдан жолуңду тилеп жатат эмесминби.
-Апа, - деди Нестан, жаңы келгенде "эже" дечү, кийин апага өткөн өзүнөн өзү эле, - кийин бирөөнө турмушка чыксам, сизди колума алам, барасызбы?
-Барам, барбаганда. ..
Күчүгүм... Назигим... -
Кенженин муун-жүүнү бошой түшүп,
былбырап эрип кетти, жашыды.
Ыраазычылыгына чыдабай жан айласын таппай калды, кыйналып кетти... Бир боорунан жаралгандай бу кандай жан бир. Жаш да болсо айкөлдүгүн кара. Кудай өмүрүн узун кыла көр,жыргал турмушуңду тандап бере көр ушу кереметке! Кенже жашый берди. Эркелете берди. Колуна алат тура, колуна алып, бок-сийдигин тазалап багат тура. Нээтиңден айланайын, берекем. Ичинен тынбай эркелетип жатат, көз жашы куюлуп ээ бербей коштойт.
-Менин азабымды
тартып эмне кыласың, балам. Кез-кези менен көрүп турганга жарасаң болду, өлбөй тирүү болсом.
-Эмнеге убара болот элем. Тамагыңызды берип коюп ишке кетем. Сиз телевизор көрүп, китеп окуп жата бересиз мен келгенче. Коляска сатып алабыз, сизди сүйрөп паркка эс алдырам. Кенже Нестандын жомоктой болгон үмүтүнө кошула кетти:
-Болуптур, сен го багат экенсиң, анан күйөөң "бу немени сасытпай жогот" десечи?
-Дебейт. Антип айтпаган күйөө болот да.

#216 14 March 2013 - 11:16
Экөө далайга үндөшпөй, ар кимиси өз ойлору менен алек. Бирок эки ойдун көп жери бир жерден чыгып жатат... О далайда барып Кенже сөз улады:
-Эмдиги жумада Бекендин ата-несине
барып, анын иштеген жерин билип кел, угубатасыңбы, Некентай? Анын эртеси Бекенди тап. Ошент, балам. Тиги айбандан канча эрте кутулсаң, ошончо жакшы болот. Экөө далайда барып анан уйкуга кетердин алдында Нестан:
-Барам, - деди.
***
Мент ошол эле күнү Бекендин ишине келип, аны кабинетинен тапты:
-Кандай, Бекен иним, ишиң жакшыбы?
-Жакшы. - Бекен бу
күрсүйгөн, көзү ойноктогон немени кайдан көрдүм эле деп эстей албай, келген жөнүн айтарын күттү. -Аа, мени тааный албай турасың го? Тааныш эмеспиз экөөбүз. Таанышып кереги да жок. Бир нерсе сураганы гана келдим. Макан деген жигитиң кайда?
-Анын кеткени качан.
-Эмне болуп кетти эле?
-Эмне болмок эле, катуу урушуп калганбыз.
-Элдешкен жоксуңарбы, анан?
-Эмнеге элдешмек элем. Андай айбандар менен ким элдешет.
-Ал азыр кайда?
-Билбейм. Чет өлкөлөргө кетем дептир, бизден кеткенден кийин. Мент башка эч нерсе сураган жок, чыгып кетти.
Ал чыгып кетери менен Бекен сотовыйын алып, чалды:
-Алло, Макан, бүгүн кезигишиң керек. Макул. Кечке жуук Бекен Машинесине түшкөн жок. Шоопурун да, жанжигитин да кетирип жиберди жөө басат элем деп.
Көчөдөн көчөгө өтүп, бир жерден такси кармады. Шаар четиндеги паркка жакыныраак жерден токтотту. Анан дагы жөө басып парктын күн чыгыш жагынан кирди. Бала-чака, эркек-аялдар батпайт. Ар түрдүү атракциондор бака- шака иштеп, бири- биринен орун талаша жайгашкан тамак иччү жайлар да элге толо.

#217 14 March 2013 - 11:28
Менимче Бекен менен Макан суйлошуп алышып эле эл козуно атайын урушушкан окшойт, душмандардын психологиясын жазгырыш учун. Калганын кутуп жатам чыдамсыздык менен!!
!
#218 14 March 2013 - 12:00
Бекен парктагы бир орундукка келип отурду. Ал отурары менен Макан келип кол берип, жанынан орун алды.
-Бир жакка барып келдиңби? - деди Бекен сөз баштап.
-Баягы эки неменин абалын билип келейин дегем. Жакшы экен.
-Ырас болгон тура. Макан, бүгүн да келди бир желмогуздай болгон неме, сени издеп. Катуу шек алып калган окшойт. Кайда экенин билбейм, катуу урушканбыз, экинчи мамилебиз болбойт дедим.
-Ишендиби аныңа?
-Ким билет. Жойпу экени көзүнөн көрүнүп турат.
Бул экөөнө гана белгилүү сыр эле. Бекен менен Макан катуу урушуптур. Экинчи биринин бетин экинчиси өлүмү карабай турган болуптур дегенди уккандар ишенип- ишенбей жүрүштү. Анткени Токен өлгөндөн кийин мурун эле Маканды агасындай көргөн Бекен ого бетер жаны бирге болуп калган да. Макандын оюнан чыккан ошол "урушуу" - Токенди атып кетишкенден кийин Макан ошол аткандардан кандай да болбосун өч алмак. Жалгыз инисинин жанында жүрүп, анын кол алдында иштеп, ал ишти жасоого болбойт эле. Кайып-каскагы Бекенге да, анын үй- бүлөсүнө да тийиши бар болчу. Баарын таразалап, ой калчап, анан Бекендин макулдугун алып "катуу урушуп, бет карагыс болуп" кеткен. Экөө кез-кези гана, өтө зарыл болгондо жолугушат. Макан өз квартирасын бекитип, шаар четиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде квартирада турат, үч бөлмөнүн бир бөлмөсүн ээлеп. Кожоюндары орус абышка-кемпир. Эч нерсе менен иштери
жок. Барсты атып, өлтүрө албай калган
"сакалчан" ушул Макан, ооруканадагы Ромдун бир жигитин жайлаган да Макан. Барс тирүү калып, ал курорттон келгенден кийин эми тирилгис кылмак болуп аңдууга алганда, аны өздөрүнүн бирөө атып салбадыбы. Ал аткан жигиттин аты-жөнүн билбегени менен Ромдун жигити экенин айкын билет. Ал Макан атын билбеген неме Профессор болчу.
-Сен өтө сак болушуң керек, Маке, - деди Бекен. - Сенден айрылсам менин жашоом да болбос. Барс жоголду, эми жөн койсоң кантет башкаларын? ..
-Токендин куну бир- экөө менен бүтпөйт, көксөм суубайт. Ромдун суналып жатканын көрмөйүн бүтпөйт, -Макан тиштене калды. -Баарын ынчыткандан кийин гана токтойм!
-Алар да оңой эмес
экенин да ойлошуң керек.
-Ойлоп койгом небак эле. Бирок менде тынчтык болбойт, алар тирүү турганда.
Маканды ал оюнан кайттыруу болбостугун Бекен жакшы билет да.-Өтө сак жүрө көр, - деди Бекен дагы кайталап, -"сактанганды сактайм" дейт тура Кудайым. Ушуну унута көрбө. -Ошону айтып колуна илип жүргөн чакан сомкесинен кагазга оролгон акчаны сунду, -ме, эки айыңдын энчиси.
Макан аны алып жатып айтты:
-Бекер оокатка көнүп алдым окшойт, рэкеттерден айырмам болбой калдыбы дейм.
-Канча айтам, бу бекер акча эмес, өзүңдүн процентиң, досуңдун керээзин гана аткарып жатам... Өзүмдөн сага
бир тыйын да чыкпайт, үмтөтпөй эле кой, - деп Бекен күлдү. Экөө бат эле коштошуп, эки жакка кетишти.

#219 14 March 2013 - 12:08
***
Мент өтө сак, өтө куу болгону менен, кез-кези ичкенде түбүнө түшүрө ичип, буту шилтенбей, тил-ооздон калганча ичип, ага чейин ашыгыраак сүйлөп таштачу. Мындай окуялары бир жылда же эки жылда бир болгону менен, ошончо убакыт унутулбай өзүнө зыян кылып таштайт. Бир ирет ошентип ичип алып бир жигитке: "Ром-промуңду уруп ойнобойм" деп алып, эртеси тиги жигит келип: "Ошентип айтканыңды шеф уксачы, ыя?!" деп кылтыңдаганда, Мент ага жалынып-
жалбарып, бутунан өбө жаздап, анан туура миң доллар берип оозун баскан. Кийин да бирде болбосо бирде айтып салып күнүмдү бүтүрбөсө экен деп жүргөндө ал жигит ооруканада Барсты кайтарып жатка жеринен Макандын огунан жок болду. Ким атса да анын өмүрүн берсин деп Мент аябай кубанган. Эми дагы тилинен көргөнү калды окшойт. Баарын баштаган Профессор болду. Туулган күнүм деп Ментти баш кылып, жети-сегизин мыкты
ресторандардын биринде сыйламай болду. Баары келип үстөл үстү ийиле дүйүмгө толуп, Профессорго жакшы каалоолор айтылып, жүрөк өрөпкүтчү музыка угуп, дурус отурушту. Бир маалда кызый баштаган Мент сунуш киргизди:
-Прфессор, бу жерде
жакшы эле отурдук, эми калганын меникинен уланталы. Короого, таза абада отурабыз, кыздар бийлеп берет, кааласаң сауна бар. Кеттикпи?
-Кеттик, - деди Профессор. А да кызымтал эле, бирок бу неме кез-кези тартынбай ичсе да, акылы тунук бойдон калчу, кызыган сайын чыйралып, ар бир сөзүн таразалап турчу. Экөөнүн жанындагы жигиттери кримдүйнөнүн тилинде "шестеркалар" . Алардын оюн сурашпайт, буйрук гана угушат аларың. Үч-төрт машине менен Менттин үйүнө жөнөп калышты. Менттин бул үйү жалаң табышкерлер үй салган жерде. Заңгыраган сегиз бөлмө, ванна, туалети экиден, короодо сауна, баш- шагы да жакшы. Бул үйдү Менттин аялы да билбейт. Ишин прокуратура текшерип, камала турган баштанган бир бизнесменден жарым эле акчасына сатып алган. Кез-кези чүрөктөр менен келип саунага түшүп эс алып кетет. Бир кароолчуну коюп койгон мылтыгын кошо берип. Ошол неме короо-жайга да, бак-шагына да көз болот, ошол жерде жашайт. Түрмөгө үч-төрт жолу түшүп, жаман-жакшы ишке небак башы бышкан эргул. Мент менен Профессорду ал үйгө түшүрүп коюп, калган жигиттер кайра кетип, бат эле келишти. Тамак- ашты да, ышкындай солкулдаган кыздарды да кеңири басып келишиптир. Короодогу жүзүмдүн көлөкөсүнө коюлган узун үстөлдүн үстү жайнап, магнитофондон шаңдуу музыка ойнолуп, кыздардын күлкүсү жаңырып, кимди ким укту бака-шака башталып турду. Пивосунан жан адам ичпечү коньягына чейин ичкилик кенен ичилип жатат, төгүлүп- чачылганы канча. Дагы бир-эки сааттай өткөндө таптакыр эле бирин-бири укпай, аял-эркек болуп ар-ар жерде жүрүшөт. Эркек жетпей калган үч-төрт кыз көрүнгөн жупка тоскоол болуп, бутка чалынат... сөгүнүп-
сагынат.

#220 14 March 2013 - 12:14
Мент адегенде эле узун бойлуу, арыкчырай каратору кызды кармаган. Көздөрү бакырайып эркекти жутуп жиберчүдөй болуп карап, өзүнө магниттей тартып жалжылдаган.
Жалаң орусча сүйлөйт экен. Өзбекпи же тажикпи, же цыганыбы, иши кылып, кыргыз эмес. Сен кимсиң деп Мент сураган да жок. Кызып калган неме кызды сыга кучактап бетинен аймалайт. Рюмкага коньяктан кайра-кайра куюп жатат. Өзү биринчи ичип жиберет, кыз болсо аздап, бирин ичсе экинчисин серпип таштайт. Силердин шефиңер тетигиби? - деди кыз бир маалда бир кыз менен маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп жаткан Профессорду көрсөтүп.
-Ошобу?.. Ошонун энесин урдум. Ал деген мага шестерка болот, билсең.
-Баарыңар ошондон коркот экенсиңер го?
-Ким коркот? Менби?! -Бир топ кызып өзүн кармай албачу абалга келген Мент Профессорго кыйкырды: - Эй, Профессор, мобу шуркуя мени сенден коркот окшойсуң дебатпайбы. Мени коркутчу сенсиңби, ыя?!
Профессор теңелген жок, анын сөзүн укмаксанга салды эле, Мент күчөнө
кыйкырды:
-Эй, энеңди, мен сага айтыбатам, жооп бербейсиңби? ! Сенин тагдырың мага тапшырылган, уктуңбу, энеңди... десе?!
Профессор дале үн каткан жок. Оңдой берди болуп ордунан тура жөнөмөкчү болгон Ментти бу бакыраң көз кыз колунан тартып ороло кучактады эле, кыз кумары ачууну жеңип кетти - кызды оролто көтөрүп үйгө кирип кетти. Сыртынан билдирбегени менен Профессордун ичи бороон эле. "Тагдырың мага тапшырылган" дегени эмнеси. Бирөөнөн заказ алганбы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Барсты жок кылганымдын шек- шыбасын билип калганбы? Андай болсо өлгөнүм ошол! Ромго жетсе териси ескери сыйрылбайбы. .. А балким?.. Эмне болгон күндө да абалы өтө оор болуп калган экен, өмүрү бычактын мизинде калган тура. Профессордун жүрөгү чыгып кетчүдөй сокту. Эмелеки куунак көңүлү көз ирмемде муздай тоңду. Маңдайындагы чүрөккө эч нерсе айтпай, теңселе басып короодон чыкты да, машинесине отурду. Жигиттери да аны менен иши болгон жок. Баары чардап, топон суу каптаса тоотпочудай абалда эле.

Супер-Инфо
super.kg
видео