Бүгүнкү күнү бул суроо курч турат биздин өлкөдө. Мындай кырдаалга ким күнөөлү? Коомбу? Бийликпи? Ата-энеби? Же балдар өзүлөрүбу? Бүгүн эле жаңылыктардан 8 аял кичинекейбалдарды кайырчылыкка иштеткен дегенди окуп, таң калып, эмне дешти билбей калдым. Бул эмне деген шумдук?! Качантан бери кичинекей балдар чоң кишилерди багып калышты эле? Билем, мындай көрүнүш бул маалга чейин деле келген. Бирок биз эч бир чара көрбөй эле отурабыз го.
Кандай кылып биз бул маселени чечсек болот? Бул маселеге ким күнөөлү? Силер өзүңөр ошондой кичинекей баланын иштеп жүргөнүн көрсөңөр эмне кыласыңар?
Жардам бересиңерби?
Келечек ушу балдардын колунда, келечегибиз кандай болот деп ойлойсуңар?
Мен көрүп, келечекти элестетким келбейт.
Балдардын эмгегин эксплуатациялоо Кандай кылсак?
#2 14 March 2013 - 14:58
Саламатсыздарбы мекендештер.
8-март куну кечинде киного барган элем,Ала-Тоо кинотеатрынын алдында эки адам бирден бала кучактап алып кайыр сурап жатышты.Эшиктин суугу аябай,чон киши бир жерге тура албайт.А кичине балдар уктап жатышат,беттери,
моюндары,колдору ачык.Ошондойду коргондо озунун баласыбы деген ой жаралды,озунун баласы же бир тууганы болсо,суукта баланын ден соолугун ойлобой ушинтип кармап отурмак беле??Андай болсо ал кимдин баласы?Ошол ызычууда,суукта эчтекени сезбей шылкыйып уктап жатканына да ишене албай кетем.Ошондон бери ал балдар ойумдан такыр кетпеди.Эмне учун аларга эч ким конул бурбайт.Эмне баарына баарыбирби?

Супер-Инфо
super.kg
видео








