***
Профессор жана Бекенди тумшук талаштыра коюп, машинесине түшүп жөнөй бергенде маңдайдан чыккан "Жигули"
айдаган мурутчан жигиттин тааныш көзүн элестетип, аны кайдан көрдүм эле деп ойлоп баратып, бир-эки квартал өткөндөн кийин айдап бараткан жигитин селт эттире
зоң этти:
-Токтот!
Профессор машине токтоп-токтой электе машинеден атып түшүп, көчөнүн наркы тарабынан өтүп, кайра артка жөнөдү. Анан Бекендин офисинин маңдайындагы кафеге кирип, офис даана көрүнгөн терезеге такай коюлган столго отуруп, официанттан бир кружка пиво алдырды да, шашпай ууртай отурду. Эки көзү офисте. Бир маалда андан Макан чыкты. Эки жагын жашырына карап, тротуар менен шаша жөнөдү. Профессор кафеден чыгып карап турат. Макан нары жакта турган машинесине түшүп, аз өтпөй машинесин бери буруп өтүп кетти. Кайра мурутчан боло калган экен. "Мурут эмес, бүт денеңди жүнгө бастырсаң да жазбай тааныйм" деди Профессор ичинде, "ойнотуп туруп оңкоңон салайын, энеңдурайын артист" Профессор эмне болуп кеткенине мээси жетпей, ордунан жылбай отурган жигитти машинеден түшүрүп салып рулга отурду да офисине жөнөдү. Профессор эми анык билди: бу балакай аңдып жүргөн турбайбы. Аңдыгандан кийин озуна кол салып, жок кылайын деген экен да... Ким жок болорун көрсөтпөсө элеби... Аны ойлоп каны кайнап, бу эшекке азаптын азабын көрсөтүп, боздотуп, сыздатып туруп жок кылуунун сан жолдорун дилинен өткөрүп жиберип, ошол жаман, мыкаачы ойлору анын дилин жибитип жатпайбы.
Профессор дөңгөлөктүү креслосун терезеге такай жылдырып, көчөдөн көзүн албайт. Аз өтпөй көчөнүн наркы тарабындагы тротуарга улана коюлган столдордун бирине баягы мурутчан келип отурду. Ийиндеги сумкасын алып бир стулду өзүнө тартып, анын үстүнө койду. Бул жайкы тамак иччү жай эле. Бир маалда официант заказын алып бат эле тамак алып келди. Мурут шашпай тамагын ичкен болуп, акырын Профессордун офисин карап отурат. "Кара, -деди Профессор, - мени көралбай көзүң тешилбесин.
Тамагыңды аш кылбайм".
Профессор сыртка чыгып көчө бойлоп жөнөдү. Бир аз бара түшүп байлар кирип буюм алчу, кедейлер жөн гана суктанып чыкчу узун үйдүн бүтүндөй биринчи кабатын ээлеген супермаркетке кирип, аркы-терки басып товар көргөн болуп жүрүп кайра
чыкты. Профессордун офистен чыкканын көргөн Макан жаңы эле жей баштаган тамагын таштай акмалап жөнөгөн. Профессор супермаркеттен чыкканда ал жолдун наркы өйүзүндөгү киоскиден гезит алымыш болуп турган. Профессор бираз баса түшүп, акырын киоск жакты караса Макан жок экен. Кайда житип кеткени белгисиз. "Жоголсоң жоголо тур,- деди Профессор ичинде, - менин артымдан калбасыңды билем да". Профессор шашпай басып кабинетине келди да, ишенимдүү эки жигитин чакырып алып, эки саат чамасында маселени талкуулап турушту.
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#242 15 March 2013 - 10:18
***
Макан аңдып жүргөнүн Профессор сезип калды го деп шектенди. Анткени машинеден көздөр чагылышканда тааныгандай сезилди, анан да киоскиден гезит алып жатканда да карап, тааныгандай болду окшойт. Ушуларды ойлогон Макан гезитин алары менен киоскинин артынан өтүп, машинесине айланып жетип айдап кетип калган.
Эми ал катуу чечимге келди: бүгүн, бүгүн болбосо эртең сөзсүз Профессордун түбүнө жетиш керек. Антпесе ал озунуп кетет. Жок, өзүнүн камын көрүп жанталашкан жок, биринчи иретте Бекенге кам көргөнү, анын өмүрүнө санааркаганы. Агасы Токендин өлүмүнө күнөөкөр болбосо да ага өзүн себепкер сезет. Эми инисин өлүмгө кыя албайт, өз өмүрүн берсе да Бекендин өмүрүн сактоого милдеттүү. Бекен - досу Токендин гана эмес, өзүнүн да карачечекей иниси болуп калбадыбы. Анын үстүнө ортодо
акыреттик дос катарындагы мамиле орногондой эле. Бекен үйүнө барып дивандын алдына катылган тапанчасын алып тияк-биягын текшерип көрүп сумкасына салып, ичиндеги буюм-теримдер менен тапанчаны бастырып койду. Машинесин үйүнөн анча алыс эмес жердеги ордуна айдап барып токтотту, анан сумкасын асынып шашпай жөө басты. Бу жерден Профессордун ишине чейин биртоп жол. Жарым саат дегенде ал жерге жакын келип наркы-терки өткөн адамдарга аралашып турду. Бул көчөдө ар кандай офистер, дүкөндөр, кафе, ашканалар, киоскилер аябагандай көп. Эл батпайт. Кеч кирип калган маал эле. Бу маалда иштегендер ишинен тарап, кай бири жөн эле наркы- терки басып, эл көп болот эмеспи. Макан ушундай учурда Профессорду дал офисинин жанынан жайламай болду. Бир маалда Профессор эки жигитинин коштоосунда чыгып машинесине жөнөдү. Макан асынган сумкасын алдына жылдыра берип, андан тапанчасын чыгарбай затворун тарта октоп, сумканын оозун ачык коюп, тигилерди көздөй ылдамдай басты. Дал ошол маалда тротуар менен келаткан үч милийсаны көрүп кадамын акырындатты, өтүп кетишин күттү. Профессор күтүп турмак беле, машинесин айдап кете берди, эки жигит ошол жерде калды. Макан жол жээгинде кыдырата тизилген таксилердин бирине жетип отурду да, Профессор кеткен
тарапты көздөй тез айдоосун суранды. Рулдагы орус Профессордун машинесин бат эле кууп жетип, артынан түштү. Профессор көчөдөн көчөгө өтүп бир жерден токтоп түштү да, дал ошол жердеги кебетеси жаңы эле сырдалгандай көпкөк дарбазадан кирип кетти. Макан оруска акчасын берип жөнөттү да, ошол жердеги жайкы кафелерден орун алып, пиво ичип отурду. Кашкарайып жарыктар күйдү. Бу кафеде эл көбөйдү, бака-шака түшүп жатат. Профессор кирип кеткен заңгыраган чоң үй экен. Бийик дубал менен курчалган, дубал бойлото кара жыгач багы. Макан отурган жерден үйдүн терезелеринин жогор жагы гана көрүнөт, ошол үч терезенин биринен жарык күйөт. Бул үй өзүнүкүбү же тааныштарыныкыбы? Машинесин сыртка калтырганына караганда, кайра кетчүдөй го... Макан ушуну ойлору менен дарбаза ачылып Профессор чыкты да, машинесин айдап короого киргизип, дарбазаны жапты. Өз үйүбү же өзгөнүкүбү, айтор, бу жерде түнөчүдөй болуп калды окшойт, түнөбөсө да кеч кетери бышык. Макан биртопко отурду пивосун ууртаган болуп. Улам түн коюуланган сайын элдин аягы суюлуп барат. Эми Макандын тегереги мас болуп бараткан үндөргө толуп, жеңил да, оор да ойлуу бийкечтердин шыңгыр күлкүсүнө толуп, кимди ким уксун болуп турду. Убакыт келди окшойт. Макан көзүн албаган үйдүн терезесиндеги жарык өчтү. Профессор эрте жатмай болду көрүнөт. Макан ордунан туруп сумкасын асынып үйдү көздөй басты. Наркы-терки өткөн
адамдардан сактанып отурган жок. Азыр ким менен кимдин иши бар, жанындагыны мууздап жатса да "менин эмне ишим бар" деп турат эмеспи. Анан бирөөнүн короосуна секирип түшкөндү көргөн-көрбөгөнү кеп бекен. Макан секирип түштү. Ит-питтин үргөнү угулган жок. Кенен короодо Профессордун машинесинен башка да бир иномарка турат. Короонун төр
жагындагы чакан сөрүдө свет жаркырайт. Жарыгы
короого анча жетпесе да, баары көрүнүп турат. Макан үйдүн баягы жарык күйгөн эмес, сол жагындагы терезеге барды. Эки катар раманын бири сыртын көздөй, бири ичин көздөй кыңырая ачылып турат. Макан сумкасындагы тапанчаны колуна алып терезени чоңураак ачты да, бөлмөгө мышыктай секирип түштү. Короо жактан келген бүдөмүк жарык бөлмөнү үрүл-бүрүл кылып турат. Бөлмө чоң экен. Диван, креслолор, ортодо узун стол, стулдар. Бөлмөдө эч ким жок экенин көргөн Макан эшикти көздөй жыла басты. Эшик ачык экен. Ортоңку бөлмөдөн төрт тарапка төрт эшик кетет, сыртка чыкчу эшиги менен бешөө. Макан эми тапанчасын

#243 15 March 2013 - 10:33
Макан эми тапанчасын белен кармап, баягы терезесинде биртопко жарык күйүп кайра өчкөн бөлмөнү ачты да, ичкери кирип эки-үч кадам аттай бергенде жарык шарт күйдү. Ошол замат Макан шалак эте турган жерине күп түштү. Каракушка тийген оор нерседен эле анын сулк жыгылганы. Бөлмөнүн төр жагындагы диванда Профессор отурган эле... Эс-учу жок жаткан Макандын жанында анын эки жигити турат. Бири колундагы чүпүрөк оролгон чулу темирди сыртка алпарып таштап кайра келди. Булар шашкан жок. Профессордун алдына коюлган жапыз, чакан столдогу коньяктан аздап ууртап, ага жанаша коюлган креслодо отурушат эки жигит. Макандын колунан ыргыган тапанчаны бир жигити Профессорго бергенде, ал анын тияк-биягын кармалап көрүп, столго коюп койгон.
Аздан кийин Макандын кыймылсыз денеси кыймылга келди. Оң колу каракушун басты, капталына оодарылып турмакчы болду эле, башы көтөрүлбөйт. Дагы азга турду. Анан ордунан араң туруп беркилерди көрдү. Көрдү да, баарын түшүндү. Тапанчасын тигилер небак алганын билсе да, жерден карап издеп койду. Сумкасы өзүндө асылуу жүрөт. Аны оңдогон болду. Тигилер колундагы коньяктарын ичип отура беришти, үн катышпайт. Мыскылдай карап турушат. Макан эмне аракет кыларын билбей турат... Макан эч качан мындай абалда калган эмес. Жок кылам деп келген адамы анын оюн небак билип, ар кадамына сарэсеп берип, бөлмөдөн күтүп алганын карабайсыңбы? ! Эми
кандай аракет кылат? Тапанчасы Профессордун алдында жатат. Эңгезердей эки жигит кылт этсең баса калчудай даяр турат. Үчөөнө алы келбес, алы келген күндө да Профессор тапанча менен бир басса бүттү да. Макан өтө жаман абалда эле. Тигилер андай-мындай деп айтса, эч болбоду дегенде энеңди-атаңдылап сөгүшсө жакшы болбойт беле. Үн катпай, стакандагысын шашпай ууртаган болуп шылдыңдагандай, басынткандай карап турушпайбы. Эмне кыларга башы жетпеген Макандын курчтугу бийлеп кетти да:
-Эй, Профессор, мен сени уруп да койбойм! - деген сөздү айттырды Маканга.
-Туй энеңди... - деди Профессор ичинде, - бу неме кенедей да
коркуп койбойт го? Эти ооруп, жаны көзүнө көрүнгөндө кандай сайрап калар экен. Профессор токтоо жооп берди:
-Ии, уруп койбойсуң. Анан эмне кылайын дейсиң?
-Эмне кылышты өзүм билем, эшек! Профессор "эшек" деген сөздү Ромдон гана укчу да. Канча токтоо болууга аракет кылса да, каны кайнаганын басалбай калды, кыйкырып жиберди:
-Энеңди гана урайып, к.т десе! - Эки жигитине бакырды: - Эмне карап турасыңар?! Экөө араң эле турган экен, Маканга учуп жетишти. Эми эле каракушка жеп эсине келип-келалбай турган Маканда тигилерге дурустап каршылык кылууга шай жок эле. Антсе да экөөнүн бирин ээк талаштыра уруп калууга үлгүрдү. Анын соккусунун кубаты жок болчу. Эки жигит эки жагынан чыгып баса калып моокумдары канганча тепкилеп салышты. Профессордун моокуму канбай жатат. Эпадам, Макан кыйкырып- өкүрүп, эти ооруганын билдирсе же жансоогалап, "урбагыла, теппегиле" деп жалынса моокуму канат болчу. А бу немеден үн чыкпайт. Дене сулк жатты. Бетинде ажырым жок, кан сыбызгыйт. Дене дирт-дирт эте түшүп тынчыды.
-Өлө элекпи? - деди Профессор Макандын денеси тынчый түшкөндө.
Жигиттин бири эңкейе берип тыңшайт:
-Өлчү түрү жок.
-Өлбөсө бактысыз экен, энеңди... Өлүм жыргал сезилгендей кылбасам элеби. Алпарып салгыла!
Тиги экөө Маканды эки колдон алып короого сүйрөп чыгышты. Анан бири гараждагы
машинени айдап чыгып, сулк денени анын ордуна сүйрөп ташташты. Дене азга кыймылдады эле, дагы бир-эки жолудан тээп кетишти. Макан эртеси көзүн ачты. Калтырап үшүп калыптыр. Денеси салмактанат.

#244 15 March 2013 - 10:49
Сыздабаган жери жок. Колу-бутум сообу деп кыймылдаткан болот, соо көрүнөт. Ордунан туралбайт. Турганга шашкан деле жок. Окуяны чубап ойлонуп жатат. Профессор өзү ойлогондон да куу тура. Макандын аңдыганын кайдан билди экен? Өзүн кай жерден көрдү экен? Профессор Бекенди тумшукка берип, кайра кетип баратканда көз айнегин чечип көзүн сүртүп аны кайра тагынбай чөнтөккө салганын ошондо көз ирмем тиктеше калып, Профессорго
таанылганын Макан билген жок. Анан Макандын аңдыганын билген Профессор баарын белендеп, аны "жакшылап" тосуп албадыбы. Бул үй бир жигитинин үйү болчу. Бир балалуу неме. Аялы этаж үйдө ошол баласы менен турат. Бул жакка айда-жылда бир келет. Күйөөсү бул үйдү жакшы-жаман иштерге пайдаланат. Көбүнчө ээн турат бул үй. Макан көз ачып азга эсине келип, наркы- теркини ойлоп бир саатча жаткандан кийин эптеп ордунан турду. Гараждын темир эшигинин үстүңкү бурчунан анча-мынча шоола түшүп турат. Эшикти түрткөн болду, бек да. Бурч жакта жөлөнгөн дөңгөлөк бар экен, аны жерге жыгып үстүнө отурду. Эми бул жерден кантип чыгууну ойлоп турду. Эшикти сындырып чыгуу эч болбосун түшүндү. "Эмне кылып", "кантип" деген суроолор шишиген башты дагы да шишитти... Профессордун буйругу боюнча баягы эки жигит бу жерге үч күн өткөзүп туруп келишмек. Ага чейин бу чала өлүк болгон неме эсине келип, суусап, курсагы ачып.. бок- жини аралашып цемент полдо жата турсун. Ошондо бу эрдемсинген неменин кыйындыгын көрөр. Азырынча муну өлтүрбөйт. Бекен досунан мунун башы үчүн акчасын түбүнө
чейин кактап, анан
башын берет. Жок,
тирүү башын эмес,
сумкеге салынган өлүү башын. Ушундай бүтүм чыгарган Профессор. Макандын тили оозуна батпай суусап чыкты. Жок экенин билсе да ордунан туруп бурч-бурчтан суу издеди. Кайдан болмок. Жана бир аз жакшы өңдөндү эле, эми бүт денеси ажырымсыз түгөлү менен сыздап ооруду, башы тегеренип, кускусу келет, кез-кези менен окшуп коет, кускан жок. Өзүн жоготуп, кайра эсине келет. Аман калар бекем дегенди ойлойт эсине келгенде. Башы зыркырап тегерене түшөт, бу дүйнөнү бар-жогу билинбей
калат. Дөңгөлөккө да отура албай, анын жанында суналат. Өрттөнгөн денеси цемент полдун муздагын
жактыргандай кайра мемирей калат, көнүгө түшөт. Далайга тынчыды, анан кайра эсине келип көзүн ачты. Эптеп өйдө болуп, баллонго көчүк басты. Бир маалда спорттук күрмөсүнүн чөнтөгүнө кол салып бир нерсени сууруп чыкты. Сотовый телефону экен. Сүйүнүп кетти. Бирок бекер эле сүйүнүптүр, эки жигит тепкилегенде мунусу да соо калбаптыр, бүтүн өңдөнүп кармалып турганы менен, талкаланып калган экен өз денесиндей эле. Ыргытып салды, жаны көзүнө көрүнүп, өлүм жолунда кетип бараткандай "баары
бүттүбү?" деген жүрөк канаткан ой келет. Бирок адамда
баарынан улуу нерсе -үмүт деген бар. Үмүт
дегениң баарын жеңип турат. Бир буту көргө салаңдаган адамдын экинчи буту үмүт таянып турары бар...
Макан үмүттөнөт. Ушул жерде калмак беле, бир жолун табар. А балким Бекен баарын угуп, фирманын коопсуздугун сактап жүргөн жигиттерин топурата ээрчитип мына-мына кирип келип гараждын эшигин таш-талкан
кыла ачып бошотуп
алар. Бошонуп алса
эртеси Профессор өлдү дей бер. Ромун кошо жайлайт, бирин калтырбайт, бир да бирине аео бербейт Макан...
Кыймылдаганга алсыз жанайласын таппай жатып, өзү тирүүлүктөн алыстап баратып үмүттүн жетегинде калат. Денеси чыйралгандай боло түшөт. Анан кайра ою үзүлөт, жаны жер тартат...
Макан дагы эсине келди. Биринчи эле
сезгени - денеси от,
жалын. Суу куюп
жиберсе ысык мешке төгүлгөн суудай чыр дей түшчүдөй. Кайсы маал экенин билбейт. Эртеси саат 10дор болчу. Бу жерге эки түнөгөн.
Бир маалда короодон дабыш чыкты. Бирөөлөр жүргөн өңдөнөт. Кулак түрө калды. Дабыштан эч нерсе жок кайра. Анан гараждын эшиги карс-курс эте ачылып кетти. Жарык төгүлдү.
Макандын көзү уялат. Жумуп-ачып атып, колуна монтировка кармаган немени көрдү. Баягы өзүн тепкилеген немелерби деди. Башка экен. Тиги неме бети-башы көк
шишик болуп, кийим-кечегине чейин канга боелгон коркунучтуу немени көрүп, көз ирмем эси оой катты да, анан колундагы монтировканы ыргытып жиберип
артка чуркай жөнөдү. Үйдү айлана качты. Макан эч нерсеге түшүнбөйт. Тиги неме башка шериктерин ээрчитип келип өлтүргөнү жатышат го деген ой кетти. Эптеп ордунан туруп
монтировкага жетти.
Аны араң колго алды. Бирок аны менен шилтөөгө кудурети жок болчу. Бар күчүн жыйнаган болуп сүйрөлө кадам атталып короого чыкты.
Бул убакта жанагы гараждын кулпусун
жулуп ыргытып, Маканды көрө кайра качкан неме дубалдан секирип түшүп, көчө бойлой шыпылдап кетип бараткан. Бул ууру эле, улуту - уйгур. Азыр отузда. Уурулукту туура беш жашында баштаган. Ата-энеси бул үчкө чыкканда ажырашып кеткен.

#245 15 March 2013 - 11:01
Ошондон бери атасын көргөн эмес. Башка аял алып Казакстандын бир жеринде жашайт деп уккан. Энеси өңдүү- түстүү, эркектер менен шарактай көңүл ачканды жакшы көрчү. Ошондон улам булардын эки бөлмө квартирасынан эркек үзүлчү эмес. Алардын канчасы келбеди. Энеси уулу жүрөбү, курсагы ачпы-токпу, анча эсеп берчү эмес. Бир күнү таттуу жегиси келген бала төркү үйдө шаракташып
жаткандардын үстүнө кирип барды. Столдо жайнаган тамак, бөтөлкөлөр. "Мама, шоколад жегим келип жатат" деди столду карап. Мамасы дивандагы тармал чач килейген эркектин тизесинде отуруп, анын мойнун кыса кучактап, бетин аймалап жаткан экен. Тура калды. "Сени биякка кирбе дебедим беле" деп жулкуна келип уулун колунан ое кармап, уктоочу
бөлмөгө түртүп жиберди. "Экинчи кирсең, өлтүрүп салам, сволочь!"
Бала ыйлаган жок. Далай таякка бышкан неме ооруган колун кармалап кала берди. Шоколадды эстебейт эле, терезени карап отурса өзүнө жашташ бир кыз эки колуна эки шоколад кармап, улам бирин тиштеп
энесинин артынан басар-басмаксан болуп, аны улам "бас" дедиртип кетип баратат. Ошондо бу бала да шоколад жегиси келип, шоколаддын ордуна таяк жээрин билип турса да, мамасына барып жатпайбы... Бала бир азга туруп оозгу үйгө чыкты. Сыртка чыкмай болуп кийим
илгичтен пальтосуна
жетпей, ашканадан
стул көтөрүп келди да, алды. Үйдөгү кишинин кайыш курткасы да илинип турган эле. А балким чөнтөгүндө шоколад болуп жүрбөсүн. Келген кишилердин кай бири мамасына чөнтөктөн шоколад алып бергенин көрчү да. Балким бу киши шоколадын бербей унутуп койгон чыгар. Бала куртканын каптал чөнтөгүнө кол салып, бир тутам акча сууруп чыкты. Колуна карма бир азга турду. Анан акчалардын ичинен
чоңурагын тандап алды да, калганын алган жерине кайра салды. Акча колунда. Пальтосун кийип эшикти акырын ачып сыртка чыкты. Үйдүн дал маңдайында толгон комоктор бар, шоколаддын түрүн сатат. Биринчи эле комокко акча сунду:
"Шоколад ериңизчи?" "Кандайынан? " деди
ичиндеги аял. "Чоңунан" . Аял килейген коробка
шоколад, анан да көп акча кайрып берди. Акчаны билбей кайра көбөйтүп берген аялга таң калды бала. Жүз сом сунуп, алтымыш сомдук шоколад алганын билбеди. Колундагы коробкасын ошол эле жерден ачып, бат эле нан жегендей жеп тынды. Дал ошол күндөн кийин мамасына келген
эркектердин чөнтөктөрү аңтарылып турду. Атургай бир ирет тигилер жаткан үйгө
түн оой уурдана кирип, кучакташа коңурук тарткан мамасы менен эркек ойгонуп кетеби деп коркпой эркектин
шым чөнтөгүн
"тазалап" чыккан.
Ошондо биринчи жолу билинип, мамасынан чаң күбүгүч менен этин көгөртө таяк жеген.
Андан бери сан жеткис жолу уурулугун жасады.
Үч жолу отуруп келди. Төрт-беш жылдан бери машине уурдайт. Шерик күтпөй өзү жалгыз иштейт. Шаар четинен сатып алган үйүнүн короосу бийик
курчалган, жылчыгы жок бүтөлгөн. Ошол короодо уурдалган машине эки-үч күндө "устукандалып" , "сөөк- саагы" базарлардагы соодагерлерге таратылат. Жанагы үйдүн "Мерседесин"
аңдууга алганы жарым ай чамалаган. Бул үй көбүнчө кароосуз
каларын, гараждагы
машине кез-кези гана айдалганы болбосо, гаражда болорун аныктаган. Бүгүн жаңылды...
Макан колундагы монтировканы кармай короодогу орундукка отуруп азга ойлонду да, дарбазаны көздөй
басты. Ал сыртынан
бекитилген экен. Баягы секирип түшкөн дубалга келди. Секирип чыга алчудай эмес. Короодогу столду алып келди. Ага чыгып, эптеп дубалга чыкты. Секирип түшө албайт эле. Колундагы
монтировканы
ыргытып, дубалдын
кырына асылып ылдый жылмышты. Жерге күп деп саамдан соң турду эптеп. Анан бар күчүн жыйнап көчө менен жөнөдү. Кийим-башы кан, араңжан болуп бараткан немени
көрүп, бала-чака
айлана качып өтөт.
Көчөдөн көчөгө өтүп, бир ишкананын ачык турган эшигинен кирди. Эшик тоскон чал утурлады:
-Эй, кайда барасың? Бул жакка кирүүгө болбойт.
-Телефон чалып
алайынчы, байке...
-Бу жер көрүнгөн
телефон чала берчү
жер эмес, бар, жолуңа түш! Азыр милийса чакырам!
Кароолчунун столунда телефон турат. Макан үн катпай барып телефон бурады.
-Эй, кандай немесиң,
ыя?! Сага ким уруксат берди, ыя?! Сени азыр каматпасам элеби!

#246 15 March 2013 - 11:19
Кароолчу Макандын
колундагы телефонду талашмакчы болду, кайра боору оорудубу же чочудубу, анткен жок. Тигинин сөзүн тыңшай калды да,
"Бекен, мени тез алып кет" деп адрес
айтканын укту. Макан сыртка чыкты. Он мүнөт өттүбү, жокпу, Бекен машинесин өзү айдап келип Макандын коркунучтуу кебетесин көрүп, ыргып түшүп эшик ача отургузду:
-Сени тирүү көрөм деп ойлогон эмес элем. Эмне айла кыларды билбей жинди болуп аткам. Сенин үнүңдү угуп, жүрөгүм жарыла жаздады.
Макандын сүйлөөгө дарманы аз болчу.
Бекен аны сезди, көрдү. Түз эле бир жакшы досунун мейманкана- саунасына алып келди. Чакан сегиз номерде да, саунада да киши жок экен. Эч кимди кабыл алба деди бүгүнчө. Досу да айкөл жигиттерден экен.
Эпилдеп кабыл алып, Бекен экөөлөп
Маканды жуунтуп-тазалап төшөккө жаткырышты. Бекен
дароо дагы бир жакшы тааныш хирургду телефондон чакырды эле, анысы даяр тургансып бат эле келди. Маканды наркы-терки этияттай оодарып, сөөк-саактары бүтүн экенин айтты. Мындай чымыр денелердин сөөгү оңой менен сынбай турганын кошумчалады. Чулу темир менен каракушка жеген жери да соо экен, баш сөөк сынбаптыр, чүпүрөк менен ороп соккондон го, кебетеси. Анткен менен бүт дене кызыл-көк тартат. Оң көздүн жаны, каштын учунан ылдый тери жарылып, эти чыгып турат. Бу жерде болгон дары- дармек менен жаралар сыйпалып, Маканга эки жүз граммдык стакан менен таза арактан бирди бастырышты. Бу арак деген арбак
ургуруңдун пайдасы да болот тура. Макан
магдырады. Бат эле
уйкуга кетти. Бекен ишине барып, эки сааттан кийин кайра келди. Макан дале уйкуда экен. Ойготкон жок. Кожоюн досу экөө бир бөлмөдө тамактанып, аздап жүздөшүп наркы-
теркиден сүйлөшкөн
болуп отурушту. Макан көптө барып
ойгонду, көл-шал болуп тердеген. Бекен аны өздөрү отурган бөлмөгө колтуктай келип отургузуп, тооктун сорпосунан ичирди. Бир-эки кесим
чучук сугунтту. Бул
жерде кечке отуралчу түрү жок, Маканды кайра ордуна жаткызды. Эми экөө кенен отуруп сүйлөшүүгө болот эле. -Кечээ кечинде баягы айбан эч нерсе болбогондой мага келип кетти, - деди
Бекен сөз баштап. -
"Маканың менин
колумда, досумду тирүү көрөм десең жүз миңди санап кой, бир күнү алып кетем" дейт. Жүрөгүм түшүп калды. Мен айттым, биринчи Маканды алып кел, анан сураганыңды аласың деп.
-Анан?
-Анан "менин айтканымдай гана
жасайсың, моюн толгой турган болсоң экөөңдү
бир көргө аткырам"
дейт.
-Сен эмне дедиң?
-Жаткыр дедим. Ошол жерден атып салса да эмне болуптурмун, антип айтпай. Маканды алып кел дагы, алчуңду алып кет дедим.
-"Мен алып кетпейм,
өзүң алып келесиң" деп кете берди... Сен кантип бошондуң?
-Кантип бошонгонумду да билбей калдым... - Макан баштан-аяк
болгонун болгондой
кылып айтып берди.
Ал окуя айтылып
бүткөндөн кийин бир саамга үн катпай
отурушту да, анан Бекен айтты:
-Макан, баарынан кечтим деп туруп
фирманы сатып
жибербейлиби, ыя?
Тынч оокат өткөрсөк да жетээр...
-Сен эмне, жинди болгонсуңбу? ! Ошол
эшектерден коркуп биз эмне?
-Корккондой кылып
жатпайбы. Жанагы ууру болбогондо сенин көргөн күнүң не болмок?!
Макан бир нерсе айтмак болуп баратып, кайра токтоду. Тигилердин колунда жаш баладайбы, бечарадайбы, түшүп
бергенине уялып кетти. Бекен оюн улады:
-Фирманы сатсак
Токендин балдары менен экөөбүзгө жетип берет. Айылга барып мал багып, эгин айдап тынч жата бербейбизби дейм да.
-Азыр эч жерде тынч жата албайсың. Тынч жаткызышпайт. Мени досум десең экинчи сатам деп айтпачы, уктуңбу. Ал оюңду угузбачы, экинчи.
-Макул, - деди Бекен
анын сөзүн кыя албай. -Сен дагы менинсөзүмдү укчу - беш-алты жылдай алыс жактарга кетип калбайсыңбы?
-Кайда кетем?
-Толуп атпайбы кетчү жактар. Америкага чейин кетсе болот да. Тоюнуп, жарылганча
жеп-жутуп алып кетип жатышпайбы.
-Мен жарылганча жегенимди көрдүңбү?
-Сени кайдан айтайын, сөз арасында айтылган сөз да бир...
-Мен эч жакка кетпейм. Алыс эмес, ушул жерден да кетпейм. Качып өмүр өткөзө албайм.
-Анан эмне кылайын
дейсиң?
-Сени тынч иштетейин, жашатайын дейм.. -
Ушундай бүдөмүк өңдөнгөн Макандын
айтканы менен экөөнүн сөзү байыды...

#247 15 March 2013 - 11:27
***
Бекен кеткенден кийин Макан көзү илингенче ой жетегинде. Эмне кылат? рофессордун
көзүн тазаламайын Бекенге да, өзүнө да тынчтык жок. Ошону ойлоп отуруп, күтүүсүз жерден баягы көрүп эле көкүрөккө берилип, бекем каткан Нестандын сүрөтү тартылды маңдайына. Сагынып кетти. Барып кабар алып, керемет жүзүн бир көрүп келүүгө жарабаган өзүнүн кенебестигин жектеди. Эмне абалда болду экен? Алганы карыган чал деди эле, жаш неменин шорун кайнатып жатты бекен? Макан деген бир жигит "алтыным" деп айтты эле деп эстээр бекен же небак унуттубу? Унутту
да. Барбаса, көрүшпөсө унутат да... А Макан өзү унута албайт. Таптакыр унута албайт. Унутпаса, жүрөктүн тереңинде бапестей арзып жүрсө, анда неге ага барбайт? Неге түбөлүк бир болуунун, бир бүтүнгө биригүүнүн камын көрбөйт? Өзү каалап тийип кетти дейт, кантип эле карыган чалга өз каалоосу менен тийип кетсин? Байлыгына кызыктыбы? Андай
шуулдаган, жулунган мүнөзү деле жок го? Ушинтип ойлоп Макан Нестанды аябай сагынып, кусасы көкүрөктөн ашып-ташып турду. Жакшы болуп, бети-башы айыгары менен сөзсүз кезигет. Сөзсүз!

#248 15 March 2013 - 11:42
***
Нестан баягы дунгандын эмне кылса өзү билчү көңүлүндө эле. Капыр дунганың иштетсе ишине чегип, аял кылса төшөгүнө сүйрөп, куурчактай чимире ойноп жаткан. Ошондо машинеге салган дунган ошо жерден жети-сегиз
чакырым алыстыктагы дагы бир талаасына алып барды. Бу жерде жалдап иштетип кул
кылгандар үчүн алачык бар, андан үч жүз метрдей жерде өзүнө арналган, өзү гана турган чакан вагон-үйү бар. Бул жерге жарык тартылган, үйгө эмне керек болсо, телевизор менен муздаткычтан баштап баары бар. Кез- кези көңүлүнө төп келген кыз-келиндерди да ушул жерге алып келет.
Нестанды бир көргөндө эле жактырган дунган дароо эле кым деген, "сен меники эмей кимдикисиң" деп шилекейин жуткан, эркек кумарынын шилекейин. Жолдо келатып Нестанга бир- эки ооз тийиштик сөз айтты эле, ал үндөбөдү, отурган калыбынан жазбай, караган да жок. Вагонеткага келип, ичкери жөлөй киргизди. Же мас эмес, же соо эмес
кейиптенген бу периште жетелеген жагына көнүп берди. Сырткы бөлмөгө бут чечилип, төркү бөлмөгө өтүштү. Нестан диванга отургузулду. Анан анын маңдайына чакан стол коюлуп, муздаткычтын ичиндеги дүйүм тамак тизилди, арак менен вино коюлду. Дунган Нестанга катарлаш отуруп вино куюп сунду. Кыз алган жок. Дунган кыргызча
кыйнаганды кайдан
билсин, дагы бир ирет ал деп, анан жайына койду. Өзү да ичпеди. Кыргыз неме болсо кыздын оозуна куйгуча кыйнап, өзү да дембе- дем басмак. Кыз вино гана ичпестен, тамак да
жебеди. Дунган куйган бөтөлкөдөгү суудан удаасы менен эки стакан ичти. Дагы бир бөтөлкө ачылды эле, аны да токтотпой ичти. Дунган кызды чочулай кармап кучактаган болду. Үн жок, каршылыгы билинбейт. Эми бекемирээк кысып бетинен өптү. Кыздын жүзүндө өзгөрүү жок, өөп жатабы, тээп жатабы, баары бир
экен. Эркегиң күчөй
өптү. Бир маалда:
-Сен эч жакка чыкпа, -деп жана бир ирет сыга кучактай өөп Нестанды сыртынан бекитти да, жөнөп кетти. Жөнөп кеткенинин жөнү бар - дунган аялдын пири, периштеси болсо да ишин таштап аны менен калып кумарга батпайт, дунгандын
кумары пиязы менен
чамгырында, андан
кийин башкасы. Дунган талааларын кыдырып, кулдарын тейлеп-тескеп келүү үчүн кетти. Ал көпкө чейин жүрдү: талаасын кыдырды,
базарга барды, айылдагы үйүнө да
кайрылды. Анан кеч
бешимде кайтты
вагонеткага. Келсе
баягы кыз отурган
жеринде отуруптур, а балким наркы-терки баскандыр, уктап тургандыр. Дунган чай кайнатып бир чыныдан куйду. Нестан ичкен жок, ордунан туруп сыртка чыкты.
Тигиндейректеги
туалетке кирип кайра чыгып, вагонетканын түбүндөгү орундукка
отурду. Дунган акмалап жанында. А жерде кыз жарым саатча отургандан кийин дунган аны колдон тарта жетелеп вагонеткага киргизди. Тамак-аш коюлган столду жылдыра берип, диванды жазды,
бурчтагы тапчан
үстүндө үйүлгөн
жууркандан алып, ак шейшептүү төшөк салды. Кызды жат деди эле, ал турган жеринде тура бергенде дале
колдон тарта
жаткызды. Молодой
катып, бир дабыш
чыгарбаган бу сулууну дунган тең агарганча уктаткан жок...

#249 15 March 2013 - 11:57
***
Мейманканадагы Маканга Бекен саат
10дордо келди. Дагы бир врачты ала келиптир. Ал врач Маканды бел
курчоосуна чейин чечиндирип, тыяк- быягын тыңшап көрүп, улам-улам "жакшы, та-ак..." деп коюп эки ирет укол сайды. Эки куту
дары берип, канча ирет ичерин айтты.
Макандын абалы анча деле дурус эмес болчу. Врач кеткенден кийин Бекен Макан менен сүйлөшөйүн деди эле, анысы үргүлөй
баштаганда жаткызып коюп, ишине кетти, кечке жуук келмекке. Бекен ошол болжогон маалында келсе, Макан эми эле туруптур. Ошончо уктаганын карабайсыңбы. Экөө
тамагы беленденген
бөлмөгө келип столго отурушту. Макан тамакты дурус жеди. Тамактан соң экөө
Макандын бөлмөсүнө келип тээ түндүн бир оокумуна чейин отурушту.
-Профессорду келеби дедим эле, келген жок, -деди Бекен, - дагы эмненин үстүнөн чыкканы жатат болду экен?
-Сага барбайт, - деди Макан, анан сөзүн оңдоду, - барбайт деп ойлойм.
-Эмнеге?
-Өзү билет, - деди Макан сырдуу.
-А мен билсем болбойбу?
-Болот, - Макан Профессорго жөнөткөн катын айтты. Макан бу жерге келген күнү эле бу мейманканада иштеген бир жигиттен Профессордун офисине кат таштаткан. Катта мындай деп жазылган:
"Эшек, эгерде дагы бир жолу досума бара турган болсоң, дал ошол күнү өлүмүң келет, мен апкелем. Аны жасабасам катын болуп калайын. Макан". Макандын үйрөтүүсү боюнча конвертке салынып, сыртына "Профессорго" деп жазылган катты
алпарган жигит Профессор отурган
офис эшигин тоскон коопсуздук кызматынын бир
жигитине таштап, үн
катпай кайра кеткен. Макандын ал каты Профессордун колуна тийсе убактылуу болсо да Бекендин жаны тынчыйт деп ойлогон Макан. Чынында эле ошондой болду. Кат
дароо Профессордун
колуна тийди. Окуп
чыгып кат берген
жигитке шаша келди да, муну ким алып келгенин сурады. Тиги эч жооп айта алган
жок. Аны алып келгендин жүзүн да
оңдуу көргөн эмес эле, эркек экенин гана билет. "Бир эркек алып келген" деген жоопту уккан Профессор тигини сөз тандабай ашата сөгүп кала берди. Макан бу жерден дагы чоң жаңылыш жасады. Анткени эпадам, кат алпарган жигит кат бергенде ошол жерде Профессор болсо иш
бүтпөдү беле. Ал жигитти өпкөгө эки
тепсе айтып бермек да Макандын кай жерде жатканын. Эгерде ошондой болгон күндө Профессор Маканды
көз ирмем тирүү коймок эмес. Кудай бир чоң сактады. Бул катты алгандан кийин Профессор Бекенди убактылуу тынч коерун Макан жазбай билди. Дары менен тамактын күчү бир жума ичинде жакшы эле тыңытып салды. Бетинин шишиги тарап барат, жаагынын көз тушундагы өйдө жагы карттанып бүтүп атат, тырык калчудай. Эки жигиттин биринин
туфлисинин учу даана тийсе керек. Бетиндеги көгала саргара баштады. Кара көз айнектин чоңурагынан Бекен апкелип берди эле, тагынса анча билинбейт. Азырынча Макандын бул жерде калышы коркунучтуу. Ошондуктан Бекен бир-эки ирет эс алып келген Байкалдын жээгиндеги бир эс алуучу жайга бир айга жөнөмөй болду.
Анын деректири менен Бекен жакшы мамиле түзүп алган эле. ушул эле жайда ал Кыргызстанга келип Көлгө, кооз жерлерге барып, Бекендин сыйын жакшы көрүп кеткен, раазылыгын
кайра-кайра айткан. Мына ошол жерге Макан тез арада
жөнөмөй болду. "Эч
жакка барбайм, сени
эмне, Профессорго
жалгыз таштап кетмек белем" деп так секирген немени Бекен араң көндүргөн. Эми эртең жөнөйм деп жатканда дагы айнып жатпайбы Нестандан кабар алып туруп кетем деп. Бекен буга да
көндү. Маканды эптеп көндүрүп, кычыраган костюм кийгизип, мойнуна галстук илди. Толгон-токой таттуунун түрүнөн алышты, ага жөн адам албачу коньяк, винолордон кошту. Өрт болуп турган эки жигит тартынып турмак беле, сураштырып отуруп
таап Куландын дарбазасын кагышты. Эч ким жок. Ошол жерде эмне кылсак деп турушту эле бир
сүлкүлдөгөн келин
келди. Бул баягы Батма эле. Кенже жеңесине каралашат эмеспи.
-Келгиле, - деди Батма бул экөөнө суроолуу карап.
-Келдик, саламатсызбы?
- Бекен учурашып
турду. - Кулан байкени издеп келдик эле.
-Акем кечээ кеткен
боюнча жок. Эмне
жумушуңар бар эле?
-Анча деле зарыл
жумушубуз жок.
Өзүбүзчө бир аз сөз бар болчу... А кишинин байбичеси үйүндөбү?
-Үйдө болбогондо
кайда болмок эле... -
деди Батма тигинин
шал экенин ойлоп.
-Аны менен сүйлөшсөк болобу?
-Кулан акенин өзү менен сүйлөшпөйсүңөрбү?
Бекен Батманы жоопсуз калтырып,
машиненин багажнигин ачып аялга кайрылды:
-Анча-мынча бирдеме ала келдик эле, таштай кетели.
Батма коробкаларды көрдү, биринен бөтөлкөлөрдүн
баштары сороет.
Көздөрү жайнай

#250 15 March 2013 - 12:07
Көздөрү жайнай түштү. Анысын жашырган жок:
-Киргиле үйгө, жеңем үйдө, - деди эпилдей, - балким, акем да келип калар. Үч коробканы үчөө көтөрүп үйгө киришти. Батма коробкаларды оозгу үйгө койдуруп, экөөнү Кенженин үстүнө киргизип, башка бөлмөдөн эки орундук алып келе койду. Кенже ойгоо жаткан. Келгендерди көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Нестан жөнүндө жаман кабар алып келгенби же баягы чыр боюнча милийсадан суракка келген немелерби?
-Акемде жумушу бар
экен бу жигиттердин, -деди Батма. - Келип калар деп үйгө киргиздим. Мен барып чай коеюн. Силер жеңем менен эрмектешип тургула. - Батма чыгып кетти, чыгып эле коробкаларга
жабышты. Бекен өздөрүн Кенже апага тааныштырып, акырындап атып келген жөндөрүн жашырбай түшүндүрдү эле, Кенже буркурап ыйлап жиберди, араң эле турганбы айталбай Нестандын
кереметтигин, Кулан менен Сонундун абийирсиз, айбан иштерин чыпчыргасын коротпой айтты. Макан алардын бирин уккан эмес экен. эркек башы менен Кенжени коштой көздөн жаш алды. Муун-жүүнү бошоп, жүрөгү барча-барча тилинди. Нестаны өзүн күтүп, андан жансоога издеп жүргөнүн кайдан билди, кайдан туйду.
Келип бир сурап койсо эмне, кабарын алып койсо эмне? Макандын жан-дүйнөсү аңтарылат, алты амалы түгөнөт. Кереметин жардамсыз калтырганын кара, жардам күтүп күнү-түнү эстеп, кедерин самап саргарган байкушту жетер жерине жеткириптир да.
-Чай ичкиле, жигиттер, -деди карп-күрп кирип келген Батма. Боздогон Кенжени, көз жашын уурдана аарчып отурган берки экөөнү көрүп шалдая калды да, үнүн бастатып дагы
айтты, - чай даярдап
койдум эле.
-Барып чай ичкиле,
айланайындар, - деди Кенже Макандарга.
-Сизчи?
-Мага берсе ушул жерден беришет. Бекен менен Мака анын бул сөзүнөн каралса каралары, болбосо тагдырга моюн суна аргасыз
жата берерин түшүнүштү.
-Эже, - деди Макан Батмага, - сиз бу апаны карайт турбайсызбы, э?
-Карайм, карабаганда. ..
-Анда мындан ары жакшы караңыз. Момуну алып коюңуз, -Макан чөнтөктөн топ акчаны алып чыгып сунду. - Жетеби?
Акчаны колуна алган Батма шашып калды, өмүрүндө мынчалык акча кармап көргөн эмес да:
-Рахмат! Жакшы карабаганда? Карабай анан?
-Өмүрүңөн берсин, -деди Кенже. - Барып
чай ичкиле, айланайындар. Батманын коштоосу
менен экөө чай даярдалган бөлмөгө
киришти. Мейман күткөндөй дасторкон жасалган экен. Экөө алып келгендерден толтуруптур, бөтөлкөлөрдөн да коюлуптур. Меймандар бир чыныдан чай ичкен болушту. Алаңгыча Батма коньякты ачып жиберип кырдуу стакандарга баса куюп сунуп турду:
-Рахмат, бизге тим эле коюңуз, - деди Макан. Аялдын ичкиси келип турганын даана баамдаган Бекен:
-Эже, биз жумуштабыз, а сиз бошураак окшойсуз, ушуну биз үчүн алып жибериңизчи, - деп Батманын алдындагы стаканды сунду. Батма өзү үчүн эмес,
булар үчүн иче турганын баса белгиледи:
-Болуптур, силердей мыкты жигиттер үчүн ичкен адам түз эле бейишке чыкпайбы. Кыйнап калдыңар... Мен деле алчу эмес элем... -деп толтура стаканды бир тартты. Бу жагынан эр окшобойбу. Экөө бата тилеп кайра Кенжеге келип отурушту. Бүтпөс кайгы өкүттөсү менен козголгон сөз уланды. Булар дагы бир сааттай олтурушту.
-Апа, мен Нестанды сөзсүз табам, - деди Макан Кенженин
бетинен өөп коштошуп жатып.
-Сөзсүз табабыз, - деди Бекен кошумчалап, -камсана болбой жата бериңиз, сакайып кетиңиз, аман болуңуз, апа.
-Мени коюп өзүңөр аман болгула, берекелерим. Некентайдын тагдыры силердин колдо. Таап алгыла. Экинчи бу жерге жолото көрбөгүлө, айланайындар, - деп Кенже көз жашын аябай жашып турду.

#251 15 March 2013 - 12:12
Өзүнүн күйүтү, күйөө
менен Сонундун күйдүргүсү, өз кызынан артык көргөн Нестандын аяныч тагдыры ошол көз жаштан дааналанып жаткандай. Тигилер чыгып кеткенде:
"Айланайындар, аман боло көргүлө, кудайым пендем десең ушулардын өмүрүн бере көр, Некентайымды сактай көр..." деп тилене күбүрөндү.
***
Экөө мейманканага кайра кайтып мындан наркы ишти сүйлөштү.
-Мен эч кайда кетпейм,- деди Макан сөз ошол жөнүндө башталганда, - Нестанды тапмайын
кетпейм.
-Макан, антип кежирленбе, азыр Профессор бүт күчүн
сени таап жок кыларга жумшап турганын менден кыйын билесиң. Аз убакка жашырына тур. Ден соолугуңа кара. Нестанды мен издейм. Жердин түбүнөн болсо да табууга сага сөз берейин. Тирүү болсо таптым дей бер, - ушуну айтып ыңгайсыздана калды, - анын тирүү экенине ишенем.
-Аны тапмайын кетпейм. Кежири нак кармаган Маканды Бекен бүт аракетин айтып жатып араң көндүргөндөй болду. Жок эле дегенде жарым ай эс алууга барып кел деди. Макан көндү, кыйбас досу үчүн көндү көрүнөт. Ушул ирет Нестанга болгон сезимин Бекенге болгон дилинин тереңинен таза берилүүсү, достугу азга жеңип койду. Нестанга жетимсиреген аяныч тагдырына кошумча анын сүрөтү жок экенине чоң кайгырышты. Кенже
апанын сөзү боюнча
Нестан өзү айткан экен, эс тартканы бир жолу да сүрөткө түшпөптүр. Сүрөтүн ала кетип, а балким милийсагаберебиз деген экөө. Сүрөтү жогуна ого бетер капа болушту. Бир сүрөтү жок бактысыздыгын кара! Макан менен Бекен ошол эле күнү кайра райборборго келип милийсанын
начальнигине киришти. Бу кырктарга чыгып калган одполковник
Бекендин жакшы санаалашы. Айылдапы кошуна. Болгон ишти Бекенден угуп:
-Табууга сөз берем,
санаркабагыла, - деп экөөнү жакшы узатты.
-Мен жигиттерге да
айтам, өзүм да издейм, табылбай коймок беле,- деп Бекен да досунун санаасын тындырды
машинеде баратып.
Ошол эле күнү таң
заардан Макан поездге түштү.

#252 15 March 2013 - 12:24
***
Жаш катын ала коем деп түйшүгү көбөйгөн Куланда жан жок. Ошол Нестандын ооруп калганынан шектенип, чабылып жаткан эгинин кыя албай, санаасын көкүрөккө түйүп алып кеткен неме үйүнө келсе Нестаны
жок. Бөлмөлөрдүн
баарын издеп, эми эле эшигин ачып карап кеткен Кенже жаткан бөлмөгө кайра кирди:
-Нестан кайда кетти,
ыя?
-Бу жерде жатсам, анын кайда кеткенин мен кайдан билейин! -Кенже Нестандын бир жакка кеткенин ойлоп, жүрөгү оозуна тыгылып жаткан, орой жооп берди.
-Ой энеңдурайын, тирүү өлүк!
-Тирүү өлүк деген сен! Аялын карай албай жок издеген тирүү өлүк накта сенсиң! - Жаны күйүп турган неме ушинтип катуу айтты.
-Энеңди гана урайын, куураган шал десе. Сен минтип тирүү өлүк болуп жатпасаң кайдагы катынды алат элем, ыя?! Дал мына сен алдырдың катынды!
-Ии де. Сен соо кезиңде соо жүргөм дечи, уят-сыйыты жок акмак! Никеси болгону менен канча катын алдың, ыя, санап берейинби?!
-Санагандан кет! Качан өлөрүңдү сана!
-Өлүм экөөбүзгө бир. Менден мурун сен өлүп кетериңди кайдан билесиң, ыя?! Кесир сүйлөбө!
-Эк, энеңди!.. - Кулан Кенжени уруп жиберчүдөй тап берип барып токтоду да, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Түн ичинде кайдан издемек. Таң агарганча түйшөлүк уктап, таң эртең аялын издеп жөнөдү. Чачын ак бубак болуп картайган катарга кошулуп калган кезде "аялымды
көрдүңбү?" дегендин өзү жаман тура, антсе да кезиккенден сурап жүрдү, ушундай бир
кызды көрдүңөрбү деп Нестанды сүрөттөп. Көрдүм деген адам болгон жок. Анан бээсин откозгону бараткан бир чал айтты:
-Кечинде муну откозуп жүрсөм бир кыз талаалап кетип
бараткан. Жолдон көп неме жок турса бу талаалаган кызык неме го деп койгом.Тээтигинден нары кеткен, - деп күн батыш тарапты жаңсады. Кулан ошол тарапка талаалады. Коңшу айылга кирип эки-үчөөнөн сураган болду, көргөнү чыкпады. Дал ошол маалда Нестанды дунган салып бараткан эле бу жерден отуз чакырымдай жерде.
***
Макан вагонго кирип тийиштүү купесин таап чакан сумкесин жерге коюп көчүк басты. Вагондун ичи кыжы-
кужу, эңгезердей сумкелерди көтөргөн, сүйрөгөн аялдар. Бири эркек сымал карылуу күрсүлдөп, бири аялча алы жок. Ошо
сыртынан караганда
кенедей, алы жок көрүнгөн кибиреген
аялдар өздөрүнөн алты эсе чоң таңгак,
сумкелерди наркы-терки сүйрөп жүрүшөт. Сөздөрү назиктиктен куру, оркойгон, колдойгон сөздөр. Купенин ачык эшигинен аларды карап отурган Макандын оюнда Нестан бар эле. Нестан ушу наркы-терки сумке сүйрөгөн аялдардын
бири болуп калса эмне? Жок, антип сумке сүйрөтмөк эмес, кантип ошентсин. Үлпүлдөтө ээрчитип,
сулуулугуна суктанып, мактанып, анын кереметине тойбой, көз ирмем жанынан чыгарбай жүрбөйт беле. Бирөөнө жарым ооз жаман сөз айттырбайт болчу. Окутат эле бир окуудан. Анысын бүтсө жакшы бир иштен иштетип коймок. Күндө эртең менен ишине жеткирип, кечинде салып келмек. Бир ооз жаман сөз айтмак эмес, эркелетип гана турмак. Ушинтип ойлойт Макан. Нестанын сагынат. Эмне күндө болду экен? Эч нерсеге кагылбаган неме бирөөлөргө кор болуп жатпады бекен? Таза дил, назиктигинен башка эч нерсеси жок неме кор болуп жатат да. Дал ушул жерден Макан селт этти. Нестан кор болуп жатса, курортко кетип баратканы эмнеси?! Кор болсо го мейли дечи, өтүп кетчү иш ал, эгер тирүү болбосочу?! Макан сумкесин лып шарт ордунан турду да, тамбурга келди. Дал ошол маалда поезд Кыргызстандын акыркы станциясына токтоп,
жүргүнчү салмак. Поезд Tоктоп, вагондун эшиги ачылары менен Макан жерге секирип түштү да, вокзалдын наркы тарабына өтүп, тизилген таксилердин бирине түштү. Макандын жолдон кайра кайтканына үч күн болду. Шаар четиндеги бир менчик мейманканадан орун алып, мурун Токен өл электе фирманын
коопсуздук кызматында иштеп кеткен Мирбек деген жигитке телефон чалып чакырып, көпкө сүйлөшкөн. Бул өзүндөй эле курч жигит менен Макан
тагышкандан эле дурус мамиледе болуп, аз өтпөй дос сыяктуу болуп калган. Азыр ал кайсы бир бизнесменди кайтарат. Бу досуна Макан Бекенге ишенгендей эле ишенет эле. Өз башынан өткөзгөн окуяларды толук айтпаса да, маанисин
түшүндүрүп, курал таап берүүсүн өтүндү. Айткан куралы - тапанча ошол эле күнү Макандын колуна тийди. Аны берип жатып, "менден кандай жардам керек болсо даярмын" дегенин дагы айтты. Курал таап бергени чоң жардам экенин айтып, Макан досун сыга кучактап узатты. Ошол түнү Макан тээ түн бир кыйласына чейин кирпик ирмебей өзүнүн баскан жолун, жакындарын, Нестан менен Бекенди, жек көрүп турган Сонун менен Куланга чейин ойлоп мээсинин тамтыгын чыгарды. Өмүрү бычактын мизинде экенин да эстеди, аны эстеп "урдум" деди. Өлүмдү айттыбы же өлтүрөбүз дегендерди айттыбы, өзү да элес бере албай калды.
Ырасында анын өмүрү

#253 15 March 2013 - 14:02
бычактын мизинде эле. Профессор оңой бекен, Бекендин артынан күнү-түнү аңдытып, Макан Иркутскиге белет алып поездге түшкөнүнө чейин билип, эки жигит ал
отурган вагондун
алдыңкысына отуруп, Маканды Иркутскиге жеткирбей эсебин таап кайра кайтышмак. Жайламак адамы бат эле түшүп калат деген ойлоруна да келген эмес. Маканды поезден тындым кылчу эки жигиттин бири кечке жуук ал эмне кылып келатат болду экен, келатабы же жокпу деп берки вагонго өтүп сыйпалап калды. Дароо шеригине жетип айтып, экөөлөп бүтүндөй поездден издеп таппай калышты. Купелеш немеден сураса "небаk эле сумкасын көтөрүп чыгып кеткен" деп издегендердин демин суутту. Бул убакта поезд казактын кең талаасы менен уруп бараткан эле...
Машинадан машина жалдап кайра кайтып экөө эртең менен түз эле Профессордун үйүнө барышты. Ал баягы Маканды кармап, кайра качырган үйдө бир көңүлдөшү менен түн өткөргөн. Уйкусу ачылып-ачылбаган Профессор тиги экөөнү көрүп ишти бат эле бүтүрүп келгенине ыраазы жылмайды:
- Ии, азаматтар, тез эле бүтүргөнсүңөр го, ыя. Баары жайындабы? Экөөнүн бири шылкыйды:
- Таппай калдык. Профессордун эмелеки жайдары жүзү кумсара түшүп, бетинен заары чыгып кетти, ачуу сөз таппай туттукту:
- Эмне?... энеңди?...
козел!... Профессордун
байкоостон шилтенген буту "таппай калдык" дегендин дал табарсыгына тийди эле, анысы катуу бир үн чыгарып жерге сулк жатты. Экинчи жигит артка чегине берди. Профессор ага тийген жок, жаткан немеге бир түкүрүп сөгүндү да, кайра үйүнө кирип кетти, бат эле кийинип чыкты.
***
Таап келген тапанчаны Маканга берип кайра такси менен үйүнө бараткан Мирбек дал үйүнө жеткенче Макан жөнүндө, анын алдыдагы кыйын иши жөнүндө ойлонуп барды. Кудайдан коркпогон немелер менен каршылашып
калыптыр, соо калар бекен. Ушуну ойлогон Мирбек үйүнө жеткенде таксиден түшпөстөн
кайра Маканды көздөй айдатты.
- Эмне болуп кетти? -
деди Макан күтүүсүз
кайра келген Мирбекти көрүп. - Тынччылыкпы деги?! Тынч эле. Мени кежирленбей уксаң тынччылык эле. Укпасаң чатак чыгат, эскертип коеюн. - Мирбек оюн-чындан ушинтти да Маканга жанаша креслого отурду.
-Чырыңды коюп айт
эми?
-Сен мени дос деп эсептейсиңби? - деп
баштады сөзүн Мирбек.
-Ооба.
-Аның чын болсо, мен сенин жаныңда
болоюн. Макан түшүндү Мирбек эмне айтып жатканын. Профессорду жалгыз жайлашың кыйын болот, сага жардам берейин дегени.
-Сенин ал ишке аралашканың болбойт.
-Эмнеге болбойт?
-Аялың, уулуң бар, алар эмне болот.
-Сен да кызык сүйлөйт экенсиң. Биз эмне түз эле өлүм тапканга баратабызбы. Тирүүлүктөн үмүт
жокпу эмне?
-Ким билет?
Экөө бир саамга үн
катпай ар кими өз ойлорунун жетегинде. Мирбек Макандан эки-үч жаш улуу. Шаарда туулуп өскөн жигит.
Анткени менен сүйлөгөнү да, баскан
турганы да айыл чалыштап турат.
Ошондой тарбияланган го чамасы. Бир уулу бар, биринчи класска кирди. Кенедейинен футболго катышып, кийин аны таштаган, күрөшкө да, бокско да катышты. Бирок чыгаан спортсмен болгон жок, өзү деле ага умтулган эмес. Акырында каратэ залына барып калды, ушу күнгө чейин барат,
ден соолук үчүн деп
коет анысын. Маканды таанышканда эле жактырган, бара-бара өмүр бою достошуп жүргөндөй абалга жетти. Ага бат-бат
кезигүүгө аракет кылат.

#254 15 March 2013 - 14:41
Макан антпейт. Анткен менен Макан да аны жакшы көрчү. Жана үйүнө такси менен баратып Ром, Профессор эң коркунучтуу немелер экенин, алар Макан эмес, нечен бир уюшкан бандалардын түбүнө акырындап жетип турганын, алардын шаардык милийсада гана эмес министрликте да байланыштары бар экенин Мирбек беш
колундай билет. Чындап киришсе Маканды жоготуп коюш алар үчүн чыйт түкүргөнгө турбайт. Алар үчүн Макан камгактай каршылаш.
-Макан, мындан ары экөөбүз эч качан ажырашпайбыз,
макулсуңбу?
-Макулмун.
-Мен бүгүндөн баштап тиги немени кайтарганды токтотом. Бирөөнүн жанын коргоп оокат кылган жигиттик эмес экенин небак түшүнгөм. Эми экөөбүз бир иштейбиз.
-Эмне иштейбиз? - деди Макан.
-Иш толуп жатат. Азыр каалаганыңды иштесең болот, - деп Мирбек табышмактуу жооп берди. -Эми Профессоруңду айтчы?
Бул ирет Макан Профессорду да, Нестанды да, Кулан менен Сонунду да, алсыз жаткан Кенже
апаны Батмага кошуп да айтып берди. Экөө оголе көпкө сүйлөшүштү. Бири-бирин эч качан
сатпоого, Tаштабоого ант беришти. Профессор мынчалык жаман абалда калган эмес. Макан деген кайдагы бир чычымды тындыра албай, а турсун андан өмүрүнө коркунуч келчү абалга жеткени аз келгенсип, дагы бир кыйын абал чыкты.
Бу борбор шаардын,
дегеле бүткүл өлкөнүн кримдүйнөсүндө барандуу оруну болгону менен Ром ал дүйнөнү падышалардай кыңк эттирбей башкарчу эмес. Бөтөнчө кийинки күндөрү Ромуңду уруп койбойм деген
жаштардын топтору
пайда боло баштады. Бул топтордо кой-ай деген сөздөр, асылдык, баалуулук анан да адамдык деген түшүнүктөр таптакыр жок эле, мыкаачылык менен канкордуктун бийлигинде болушчу. Каалаганын кылып,
жолундагы тоскоолду жоо чапкандай кылып, барган жерлери кызыл жаян болуп жатып калат. Милийсаң да жөн жаткан жок, биринин артынан бирин кармап, соттолгону соттолуп,
кээси кудурети эч
нерсеге тең келбес
акчанын күчү менен
бошонуп, жолун
улантып жатышты.
Мына ошондой
бандалардын бири Ром курулгандан эле өз канатына калкалап келген шаар четиндеги килейген базарды бийлемек аракетин
баштап, анын кожоюнун эскертүү иретинде кан куздуруп, ага болушмакчы болгон эки жигитин ээн талаага алпарышып бирден кулактарын кесип, колго карматып кетишиптир. Муну уккан Ром ошол эле күнү ишенимдүү, кан жыттанган жигиттерин топтоп буйругун берди:
-Тынчыткыла! Алардын кимдер, канча экенин, кандай куралдары барын, кай жерде чогуларын, сөз кыскасы - бүткүл информацияны
чогултуу рофессорго
тапшырылып, бир жума гана убакыт берилди. Ром таап туруп жайла Маканды эмне кылдың деп сурабаса экен деп Профессордо жан жок. Ром сурабады. Андан маанилүү иштери толтура болчу. Профессор ал банда жөнүндө информация алуу үчүн акча аяган жок. Өзү да, жигиттери да күнү-түнү иштеди. Тапшырма алгандан төрт күн өткөндө ал
банда жөнүндө кайра- кайра текшерилген маалыматтар мындай болуп чыкты. Ал маалыматты олчойто акча алган шаардык бир опер да бышыктап, бул маалыматтар эмне үчүн чогултулганын билем деп дагы да акча кошууга Профессорду аргасыз кылды. Ошентип банданын
"өмүр баяны" мындай экен: анын башында "Боевик" деген чечен турат, беш жыл мурун Чеченстанда далай орустун канына тоюп, качып келген экен. Бандада өзү менен кошо келген дагы эки чечен, бири - Боевиктин бир тууган эжесинин баласы, экинчиси - алысыраак тууганы. Бу үчөөнөн башка банданын өзөгүн мурун милийсада иштеп кеткен кыргыз жигит, кызыгы бу жигиттин кличкасы - "Чечен" . Өңү чечендерге окшош экен, анан дагы ага-ини эки орус бар. Бирин кебетесине карап"Мясник" дешет, кебетеси дилине дал келген неме дешет, далайды кыйнап өлтүргөн, кыйындыгы жок эле ичегисин чубап, рахат алат экен. Инисин "Братишка" дешет. Агасы ушинтип айткандан го. Ошентип бул алтоо өтө мыкаачы, темирдей тартиптүү, эч нерседен кайра
тартпаган немелер. Алтоонун бири да
наркотик колдонбойт. Мясник менен иниси экөөнөн башкасы
оозуна ичкилик албайт. Бешөө Боевикке кыңк этпей баш ийет. Автомат, тапанчалар менен куралданган, а турсун бир гранатомету бар дешет. Мына ушул маалыматтар менен
Профессор тапшырма aлгандан бешинчи күнү Ромдун үстүнө кирди. Ром Профессордун маалыматын шашпай угуп бүтүп, тамекисин бирде тартып, бирде өчүрүп ойлонду да,
айтты:
-Ошол Боевик менен кезигип көрчү. Бар, бара бер. Профессор андан чыгып Ромдун бул эмне дегени экенине мээси жетпей турду. Аларга кезигип эмне кылат. Дароо жок кылганча жигиттерин жибербейби? Ром ал маселени ойлогон: эгерде бул алтоону жок кылууда өз жигиттеринен бирде
жарымы колго түшсөчү. Албетте, андай иштердин далайын жапкан, бирок азыр ишин чуулгансыз улантып, капиталын дагы да топтоп, эки-үч жылдан кийин эң ишенимдүү эки жигитин алып, чет
өлкөнүн бирине, оюнда Испания, Грецияга түбөлүк кетем деген планы бар эле. Эки жылдан бери ошол өлкөлөрдөгү банктарга Ромдун долларлары түшө баштаган.

#255 15 March 2013 - 14:59
Милийсалардын жаңы министри бир жашыруун чогулушта: "кандай да болбосун Ром дегенди отургузгула,
жок болуп кетсе да капачылык жок" деп айткан экен. Ошол жашырын чогулушка катышкан бир полковник жакында эле айткан. Демек, Ромго чуунун кереги ок, кенедей эле себеп табылса оңой менен кутула койбос. Бу килейген базардан түшүп турчу акчага кедерги болгусу келчү топту балким сөз менен эскертип токтотуп коер. Жаңы министрдин жанагы сөзү болбогондо тиги чечендин тобун машаяк болуп кетсе да бир түндө кырып салууга кудурети бар Ромдун.
***
Профессор чакан кафеге жалгыз келди. Бул кафе бандадагы кыргызга тийиштүү. Мыкты ашпоз менен официанттардан тандап иштетип койгон. Боевиктин тобу көбүнчө ушул жерге чогулушат, тамактанып маселе чечишет. Кафе адам көп өтчү жерде орун алгандыктан, таңкы сегизден түнкү он экиге чейин эл батпайт. Ошондуктан кимиси бандит, кимиси карапайым жан экени оңой менен билинбейт. Профессор кафеге башбагып, түз эле барменге келип сурады:
-Чечен кайда?
-Ким издебатат аны?
-Угро эмес, - деди Профессор жылмайып. Бармен жалпы залдан бөлүнгөн кабиналардын бирине кирип, кайра чыкты:
-Чечен күтүп жатат. Профессор кабинага кирип, бир кыргыз, эки чеченди көрдү, чай ичип отургандай.
-Салоом-алейкумдар, - деди Профессор
саламды жалпы айтып. -Алейкума-салам -Чечен деген кыргыз ушул го, ошол жооп берди. -Ии, менде эмне жумушуң бар эле? -Отуруп айтчу жумуш, -деди Профессор.
-Отур. Профессор ага катар отуруп үчөөнү кезеги менен бирден карап өттү.
-Чечен сенсиңби?
-Мен экемин, анан?
-А бул Боевикпи? - деди Профессор төр жакта отурган отуздардан өтүп калган арыгыраак чеченди көрсөтүп. Боевик кыргызча билбейт эле, өз кличкасын угуп, кулак түрө калды да, Чеченге кайрылды, орусча шыр сүйлөйт экен: -Бул немеге эмне керек экен, ыя?
-Эй, эмне керек экенин айтпайсыңбы, - деди
Чечен Профессорго.
-Айтайын, - деди Профессор орусчалап, ал тилди суудай билчү, -үнүңөргө караганда мени жактырбай жатат окшойсуңар. Ким келгенин, эмнеге келгенин билбей туруп антүү жигиттикке жатпайт. -Профессор тайманбай да, кекерлүү да сүйлөгөндөй болду. Тигилер "ии, угалычы" дегендей аны тиктеп калышты. Профессор сөзүн улады:
-Адегенде мен силерден сурайынчы, "Аталык" менен "Четин-ойл" 3аправкаларынын кожоюндарын шоопурлары менен,
"Бейпил" ресторанынын кожоюну менен, "Бозой" фирмасынын гендиректири, "Бейиш" казиносунун коопсуздук кызматынын үч жигитин кимдер жайлаган, билесиңерби? Булардын баарын Боевиктин тобу жайлаган эле. Биринин да бети ачылган эмес. Казинонун үч жигитин атышканда учук уланып шаардык угронун балдары дурус иштеп жатышты эле, бир күнү ал иш кан буугандай токтогон. Чечен алардын начальнигине бир таңгак доллар берип баскан. Мурун экөө чогуу иштешкен эмеспи. Үчөө Профессордун суроосун угуп, баарын сопсонун түшүнүштү. Боевик сүйлөдү:
-Анан дагы эмне дейсиң?!
-Мен сураганыма жооп алгандан кийин калганын айтамын. Боевиктин өңү бузулуп, каны кайнай түштү:
-Келген себебиңди айтпайсыңбы, ыя?!
-Базарга экинчи барбагыла.
-Барсакчы.
-Барсаңарбы? ..
Барсаңар экинчи ал жактан кайтпай каласыңар деп айттырды Ром. Ром жөнүндө булар жакшы эле угушкан. Бирок андан коркуп эмне деген ойлору бар эле.
-Ром бизге ата бекен?! -деди Боевик. -Кай жерге барышты же барбашты өзүбүз чечебиз. Мына мен чечем, - ал төшүн кагып койду. - Айтып бар Ромуңа. А сен ушинтип дагы бир келсең, түз эле моргго алып кетишет, жанагы өзүң санагандарга кошулуп силерди кимдер жайлаган деп сурап алганга жакшы болот. Түшүнүктүү айттымбы?!
-Өмүрүңдү бүтүрө айттың, - деди Профессор. -Өз убалың өзүңө!
Боевик ордунан обдулмакчы болгондо кабинанын көшөгөсү шарт ачылып кара көз айнек тагынган, кара шапке, узун чачтуу экөө кирип келип, бел курчоодогу тумшугу узун тапанчалары менен төртөөнү эки сыйрадан басып-басып алып, шашпай чыгып кетишти. Глушителдүү тапанчанын үнү зал жаңырткан бака-шакалуу ырдан угулган да жок. Бир ыргагы менен кошо кетти. Ошондон эки-үч мүнөт өткөндө канга боелго Чечен полду кызылала кылып сойлоп чыгып, бийлеп жаткандардын жүрөгүн түшүрдү. Дагы он беш мүнөттөн кийин "Тез жардам" менен милийсанын сиреналары эгиз чыгып, бу жерге жетип келишти. Жанагы атып кеткен экөө кафеден чыгып, түптүз эле нараакта токтоп турган иномаркага барып, экөө эки жактан чыкты, рулда жана жанында отургандар шылк-шылк эте түштү. Булар дал башка бирден эле ок жешти. Профессорду акмалап отурган жигиттери болчу. Узун чач экөө жай басып элге аралашты. Эртеси милициянын берген кабарлары боюнча эки банда беттешип, үчөө өлүп, үчөө оор жаракат алып ооруканада жатат. Кайсы банда, өлгөндөр менен жарадар болгондор кимдер экени айтылбайт. Аныгы мындай эле: эч кандай эки банда беттешкен жок, аткандар Макан менен Мирбек, өлгөндөрү Боевиктин жигити - aнын эжесинин уулу жана Профессордун эки жигити, жарадарлap

#256 15 March 2013 - 15:01
Профессор, Чечен жана
Боевик болчу - үчөөнүн
абалы оор, ок башка,
көкүрөккө тийген.
Ром окуяны эртеси укту,
укканда да ички иштер
министрлигиндеги
ишенимдүү адамынан
укту. Шашылыш түрдө
ишенген беш мыкты
жигитин чогултуп кайра
эч нерсе айтпастан
таратып жиберди.
Азырынча дымый
туруш керек.
Профессор айыгып
кетсе баарын айтып
берет, чараны ошондо
көрбөйбү. Айтып берсе
дейт да, эгерде аны
катуу суракка алып
"мени Ром жиберди
эле" деген сөз оозунан
чыгып кетсечи. Анда
балээ башталганы
ошол. Араң эле турган
министр "фас" десе
оңбой калышы бар...
Ром ушуну ойлоп кайра
эзилди. Анан бир
чечимге келип, кнопка
басып, секретарын
чакырып,Тайбас деген
бир жигитин тез
келүүсүн буюрду.
Жарым саат өтпөй
Тайбасы анын
маңдайында турду.
- Профессордун абалын
билдиңби? - деди Ром
солдаттай зыңкыя
каткан жигитине.
-Абалы оор экен...
Буюрса, айыгып кетет
го... Азыр эсине келе
элек.
Ром жигитти теше
тиктеп заардуу, бирок
үнүн акырын чыгарып
минтти:
-Эсине келбесин!
Түшүндүңбү? !
Ромдун жигиттери ал
айткан сөздү дароо
түшүнөт, кайрылып
суроо бербейт. Бу да
түшүндү.
Ошол эле түнү
Профессордун
денесинде калган окту
алып чыгуу үчүн
операцияга даярдап
жаткан врачтын өзү
сестрасын бир ишке
чегип коюп
жарадардын жанында
беш мүнөткө турду да,
сырткы бөлмөдө
операция жасоочу
жабдыктарды
дайындап жаткан
сестрага айтты:
-Болбой калыптыр.
Моргго даярдагыла.
Врач жасалма дем
алдырчу түтүктү сууруп,
Профессордун оозу-
мурдун азга кысып,
тынчытып, кайра
түтүгүн ордуна сайган.
Дагы бир тың
бандиттин күнү бүттү
ошентип...
***
Боевик болчу - үчөөнүн
абалы оор, ок башка,
көкүрөккө тийген.
Ром окуяны эртеси укту,
укканда да ички иштер
министрлигиндеги
ишенимдүү адамынан
укту. Шашылыш түрдө
ишенген беш мыкты
жигитин чогултуп кайра
эч нерсе айтпастан
таратып жиберди.
Азырынча дымый
туруш керек.
Профессор айыгып
кетсе баарын айтып
берет, чараны ошондо
көрбөйбү. Айтып берсе
дейт да, эгерде аны
катуу суракка алып
"мени Ром жиберди
эле" деген сөз оозунан
чыгып кетсечи. Анда
балээ башталганы
ошол. Араң эле турган
министр "фас" десе
оңбой калышы бар...
Ром ушуну ойлоп кайра
эзилди. Анан бир
чечимге келип, кнопка
басып, секретарын
чакырып,Тайбас деген
бир жигитин тез
келүүсүн буюрду.
Жарым саат өтпөй
Тайбасы анын
маңдайында турду.
- Профессордун абалын
билдиңби? - деди Ром
солдаттай зыңкыя
каткан жигитине.
-Абалы оор экен...
Буюрса, айыгып кетет
го... Азыр эсине келе
элек.
Ром жигитти теше
тиктеп заардуу, бирок
үнүн акырын чыгарып
минтти:
-Эсине келбесин!
Түшүндүңбү? !
Ромдун жигиттери ал
айткан сөздү дароо
түшүнөт, кайрылып
суроо бербейт. Бу да
түшүндү.
Ошол эле түнү
Профессордун
денесинде калган окту
алып чыгуу үчүн
операцияга даярдап
жаткан врачтын өзү
сестрасын бир ишке
чегип коюп
жарадардын жанында
беш мүнөткө турду да,
сырткы бөлмөдө
операция жасоочу
жабдыктарды
дайындап жаткан
сестрага айтты:
-Болбой калыптыр.
Моргго даярдагыла.
Врач жасалма дем
алдырчу түтүктү сууруп,
Профессордун оозу-
мурдун азга кысып,
тынчытып, кайра
түтүгүн ордуна сайган.
Дагы бир тың
бандиттин күнү бүттү
ошентип...
***
#257 15 March 2013 - 15:03
***
Боевик менен
Чечендин абалы оор
болчу... Алардын өмүрү
үчүн врачтар жакшы
аракет кылышты.
Бөтөнчө Мясник
Братишка экөө келип,
бул оорукананын
башкы врачына тутам
доллар карматып,
аздап коркуткандай сөз
айтып кеткенден кийин
жанынан врачтар
үзүлгөн жок. Эки күн
өткөндөн кийин
көздөгөн немелер
биротоло түбүнө
жетпесин дегенди кеч
ойлонгон Мясник
менен Братишка
жарадарлардын
жанында кезектешип
күнү-түнү болууга укук
алышты. Мунун баарын
Боевиктин
бандасындагы тууганы
сырттан көзөмөлдөдү.
Өзү ооруканага келген
жок..
Бир күнү ооруканага
эки чечен келди.
Мясникти табышты.
Алар бир топ күчтүү
жалаң чечендерден
турган топтун
лидерлери эле.
Боевиктин тобу
жөнүндө көп угушчу.
Бирок аларга тийиштик
кылчу эмес, кан тартып,
тийишмек турсун, керек
болсо жардам беришке
даяр эле. Келген экөө
Мясниктен
сураштырып, буларга
ким кол салганын
сурашты эле, ал
билбестигин айтты.
Профессор жөнүндө
уккан да эмес. Үч-төрт
күндөн кийин Боевик
менен Чечен эстерине
келе баштаганда
милийсадан келип
сурагын баштады. Алар
оңчулуктуу жооп ала
албай бүгүн болду
дегендей кылып кетери
менен баягы эки чечен
Боевикке келишти. Ал
Ромдун атынан бирөө
келгенин, аны ошол эле
жерден атып салайын
дегенче болбой эки
неме келип эстерине
келтирбей атып
кеткенин айтып берди.
-Аа, Ром дечи, - деди
келген чечендердин
бири, - жалгыз падыша
болоюн деген экен да,
энеңди! Аны өлүк деп
кой.
Эки чечен Боевикке
коштошуп кеткенде түн
кирип калган.
Палатадагы экинчи
керебетте Мясник
жатат. Жанатан бери
өзү менен карта ойноп
отуруп, эми эле
жантайган. Аңгыча
палатанын эшиги шарт
ачылып, спорттук
күрмө кийип бирден
сумка асынган экөө
кирип келип Боевик
менен Мясникти
коркконго үлгүртпөй
атып салышты. Экөөнүн
чекесинен кан жая
берди, жаткан
жерлеринен эч
кыйналбай жан
беришти. Экөө
тапанчаларын
сумкаларына салып,
сыртка чыккан эшикти
жаап, коңшу палатага
кирип кетишип, бат эле
чыгышты. Алар
кеткенден кийин ошол
палатага кирген сестра
купкуу болуп үнү
чыгып-чыкпай
кыйкырды:
-Өлтүрүп кетишиптир. ..
Ал өлүк дагы эле оор
абалдагы Чечендин
өлүгү эле...
Бат эле бу жерге
милициядан келишти.
Өлүктөрдү наркы-терки
карап, сестраны, дежур
врачты сураган болуп,
бат эле кетип калышты.
-Кайтарыш керек эле, -
деди опер жигиттердин
бири.
-Аны сенден сураган
эмес, - деди алардын
бири, кебетеси чоңу го,
- ар бир бандитти
кайтара берсек кайсы
бирине түтөбүз.
"Жарадар бандиттерди
кайтарабызбы? " деген
суроону булардын
начальниги дагы бир
жогорку начальникке
бергенде:
"Кайтарышып алышат,
киришпегиле" деп
койгон... ушундай сыр
Боевик менен
Чечендин абалы оор
болчу... Алардын өмүрү
үчүн врачтар жакшы
аракет кылышты.
Бөтөнчө Мясник
Братишка экөө келип,
бул оорукананын
башкы врачына тутам
доллар карматып,
аздап коркуткандай сөз
айтып кеткенден кийин
жанынан врачтар
үзүлгөн жок. Эки күн
өткөндөн кийин
көздөгөн немелер
биротоло түбүнө
жетпесин дегенди кеч
ойлонгон Мясник
менен Братишка
жарадарлардын
жанында кезектешип
күнү-түнү болууга укук
алышты. Мунун баарын
Боевиктин
бандасындагы тууганы
сырттан көзөмөлдөдү.
Өзү ооруканага келген
жок..
Бир күнү ооруканага
эки чечен келди.
Мясникти табышты.
Алар бир топ күчтүү
жалаң чечендерден
турган топтун
лидерлери эле.
Боевиктин тобу
жөнүндө көп угушчу.
Бирок аларга тийиштик
кылчу эмес, кан тартып,
тийишмек турсун, керек
болсо жардам беришке
даяр эле. Келген экөө
Мясниктен
сураштырып, буларга
ким кол салганын
сурашты эле, ал
билбестигин айтты.
Профессор жөнүндө
уккан да эмес. Үч-төрт
күндөн кийин Боевик
менен Чечен эстерине
келе баштаганда
милийсадан келип
сурагын баштады. Алар
оңчулуктуу жооп ала
албай бүгүн болду
дегендей кылып кетери
менен баягы эки чечен
Боевикке келишти. Ал
Ромдун атынан бирөө
келгенин, аны ошол эле
жерден атып салайын
дегенче болбой эки
неме келип эстерине
келтирбей атып
кеткенин айтып берди.
-Аа, Ром дечи, - деди
келген чечендердин
бири, - жалгыз падыша
болоюн деген экен да,
энеңди! Аны өлүк деп
кой.
Эки чечен Боевикке
коштошуп кеткенде түн
кирип калган.
Палатадагы экинчи
керебетте Мясник
жатат. Жанатан бери
өзү менен карта ойноп
отуруп, эми эле
жантайган. Аңгыча
палатанын эшиги шарт
ачылып, спорттук
күрмө кийип бирден
сумка асынган экөө
кирип келип Боевик
менен Мясникти
коркконго үлгүртпөй
атып салышты. Экөөнүн
чекесинен кан жая
берди, жаткан
жерлеринен эч
кыйналбай жан
беришти. Экөө
тапанчаларын
сумкаларына салып,
сыртка чыккан эшикти
жаап, коңшу палатага
кирип кетишип, бат эле
чыгышты. Алар
кеткенден кийин ошол
палатага кирген сестра
купкуу болуп үнү
чыгып-чыкпай
кыйкырды:
-Өлтүрүп кетишиптир. ..
Ал өлүк дагы эле оор
абалдагы Чечендин
өлүгү эле...
Бат эле бу жерге
милициядан келишти.
Өлүктөрдү наркы-терки
карап, сестраны, дежур
врачты сураган болуп,
бат эле кетип калышты.
-Кайтарыш керек эле, -
деди опер жигиттердин
бири.
-Аны сенден сураган
эмес, - деди алардын
бири, кебетеси чоңу го,
- ар бир бандитти
кайтара берсек кайсы
бирине түтөбүз.
"Жарадар бандиттерди
кайтарабызбы? " деген
суроону булардын
начальниги дагы бир
жогорку начальникке
бергенде:
"Кайтарышып алышат,
киришпегиле" деп
койгон... ушундай сыр
#258 15 March 2013 - 15:09
***
Боевикке жан тарткан эки чечен эртеси укту Боевик менен Чеченди атып кетишкенин. Ошол эле күнү чечендердин ошол биртоп күчтүү бандасы Ромго согуш жарыялап турду... Алардын өзүнөсогуш ачканын Ром эки күндөн кийин укту. Боевик "мындан ары мага төлөйсүң" деп барып Мясниктерге
кабыргасын сындырткан баягы чоң базар башчысына эми бу чечендер бандасынын эки өкүлү барып: "Мындан ары силерге "крыша" болчу мына биз болобуз, Ром дегенди унуткула" деди бири. Экинчиси чыгып баратып айтты: "Ром деген козелуңду жок деп койгула, түшүндүңбү? !" "Түшүндүм" деди өң- алеттен кеткен базар башы. Жаңы элеооруканадан чыккан неме өзү эле араң турган эмеспи. Тигилеркетери менен машинасын айдатып, түз эле Ромго келди. Кабылдамасында жарым саат отургандан кийин Ром аны өзүнө чакыртты. Ромду ушуну менен экинчи жолукөрүшү. Чочуп, коркуп кирди эле? Ром:
-Ии, келиңиз. Ишиңиз жакшыбы? - дегенде өзүн жеңил сезгенсип калды.
-Ии, жүрүп жатат, - деди базар башы, - бирок.
-Ии?
-Бири келип кабыргамды сындырып кетти эле, бүгүн да бирөөлөрү келип
"крышаң" мындан ары бизбиз деп кетишти. Алар кетери менен биякка жөнөдүм.
-Ким деген немелеp экен аларыңыз?
-Ким экенин айтышкан жок. Чечендер экен экөө тең.
-Кимсиңер деп
сурабайт белеңиз?
-Сураганга батынбадым, - деди тиги чынын айтып.
-Дагы эмне дешти?
-Мындан ары Ром
дегенди унуткула дейт... Анан дагы... - Базар башы андан ары айталбай тартынып турду.
Муну дароо байкаган Ром:
-Жашырбай айта
бериңиз, - деди.
-Ромду жашатпайбыз дегендей айтты бири. Ромдун сыртынан билинбегени менен
ичинен бир селт этип алды. Базар башына:
-Кете бериңиз. Камсанабай иштеңиз, -деп өзүнчө кыжырданып күбүрөдү:
- Ким жашабайт экенин көрсөтпөсөм элеби.
Бекен бир жумадан
бери санаа менен
жашап жатат. Макан
кеткенден эки күн
өткөндө ал барчу
санаторийдин чоңу -
орус досуна телефон
чалып, Макандын бара элегин укту. Күндө чалат. Макандан кабар жок. "Келелек" дейт
орус досу.
Бекен дал ошол
Маканды ойлоп,
мындайда ойго келе
берчү өлүм баштаган
жамандыктар
көкүрөгүнө толуп,
көңүлдүн ишмалдасы
чыгып, сыздап отурган.
Чөнтөк телефону обон
сала чакырды, столунда
эле. Аны көңүлсүз алып:
-Алло, - деди. Анын өңү
дароо өзгөрүлө түштү,
кызара кеткендей
болду. Алеп-жалеп
болуп кете таштады.
-Кайдан?.. Жинди
болубатса... Макул,
жөнөдүм.
Бул чалган Макан эле.
Кезигишчү жерди
айткан.
Бекен дароо
машинасына отуруп,
Макан болжогон жерге
келди. Шаардын
кымкуут түшкөн
базарларынын
бириндеги эл батпаган
чайканада Макан менен
Мирбек чай ичип
отурушкан. Үчөө
кучакташа көрүшүп,
кайрадан чайга
киришти. Бекен
куюлган чайды колго
алып, бир ууртаган
болду да Маканды
жемеге алды:
- Он күн бою ичкен
тамакты аш кылбай
кайда жүрдүң? Бу сен
жаш бала эмессиң да.
"Крышаң" кеткенден
соосуңбу деги?!
- "Крышам" кетсе
Байкалыңа түптүз
бармакмын... Болуптур
эми, аны коюп өзүңдү
айтчы, ишиң жакшы
элеби?
- Жакшы эле...
- Нестандан кабар
барбы?
- Милийса да, менин эки
балам да издеп жатат.
Азырынча табыша элек.
Ар бир айылды
аңтарып жүрүшөт.
Ушул бойдон Нестан
жөнүндө сүйлөнгөн
жок. Макан эмне үчүн
кетип баратып кайра
тартканын, Мирбек
экөө эмне кылганын
Бекенге төкпөй-чачпай
айтып берди. Бекен ал
жөнүндө уга элек экен,
санаасы ого бетер
күчөдү. Эми алар Макан
досунун артынан накта
түшөрүн, Ром акыры
бир күн аны өлтүрүп
тынарын ойлоду. Бирок
бир нерсени -
Профессор өлгөндөн
кийин Ром Макан
жөнүндө билбегенин,
эми Ром чечен бандасы
менен кандуу согушта
экенин билген жок.
Маканды кантип коргоп
калам деген ою
көкүрөгүн эзип турду, эч акыл таба албай жаналакетте эле.

#259 15 March 2013 - 16:48
***
Ошондон үч күн өткөндөн кийин Бекен келди жүзү жайнай. Макан Мирбектин үйүндө туруп аткан. Шаардын борбордук
бөлүгү деп эсептелгени болбосо Мирбектин үйү буйтку өңдөнгөн ызы-чуусу аз жерде.
Тыпырайган төрт бөлмөлүү там. Чакан бак-шагы бар. Короодо дагы эки бөлмө, гараж. Макан да, Мирбек да ошол үч күндөн бери үйдөн чыгышкан эмес. Чыкпагыла деп
какшаган да Бекен
болчу. Ал үмүттүү жакшы кабар менен келген. Бүгүн баягы
раймилициянын начальниги чалыптыр, "издеген кызыңарга окшогон кыз табылып жатат, бирок ошолбу, же башкабы билбейм, өзүңөр барып көргүлө" деп. Бул кабарды уккан токтоо жигит деген сыпаттамасы бар Макан алеп-жалеп болуп, дароо "кеттик" дегенин айтып шаштырды. Бекендин машинасына түшүп түз эле шаарга туташ кеткен
райборборго - милийсанын
начальнигине келишти. Ага токтоосуз кирип, ал-абал сурашкандан кийин, ал бир милийсасын чакыртты. Жаш старшина экен, айтып турду:
-Кулан деген ошол кыздын күйөөсү айткан, талааны аралап батышты көздөй кетиптир деп. Ошол тараптагы бардык айылдарды кыдырдык, талаада иш бүтүп калбадыбы, бирин- серин жүргөндөрдөн сураштырдык. Анан бир алачыкка барсак жалданып иштеген эки неме бар экен. Экөө тең мас. Баары казылып,
жыйналып бүтүптүр, бу жерде эмне жатасыңар десек "барар жерибиз жок, кар түшкөнчө ушул жерде жашап турабыз" дейт. Кызды сурадык. "Баягыда бир оорукчан кыз келген, анан аны кожоюн дунган салып кеткен" дейт, "вагону бар анын" дейт. Аны издеп тапсак дунган жок экен, бир кыз бар экен, таптакыр сүйлөбөй койду. Атың Нестанбы деп сурасак да айтпайт. Сөзүбүздү укпагандай. .. ошол. Ошол, - деди начальник тигинин сөзүнөн кийин Бекендерге, - дароо эле сага чалбадымбы. Бекен менен Макан аябай шашты. Вагон кай жерде экенин старшинадан сурап алышып, начальникке чала-була рахматын айтып, Мирбек үчөө жөнөп болбой
калышты эле, начальник жанагы старшинасын кошуп берди. Ошондон бир саат өтпөй айткан вагонду табышты. Эшиги ичинен илинүү. Сыртта "Жигули" турат. Демек дунган ичинде экен да. Макандын өңү кумсарып турганын Бекен байкады:
-Маке, ага тийбе, - деди,- бизге Нестандын табылганы эсеп да, уктуңбу? Макан жооп бербей эшикти дагы какты. Биртопко барып ичкериден үн чыкты:
-Бу ким?
-Милиция! - деди Макан кыжырдуу. Эшик ачылып, босогодон дунган көрүндү, спорттук шым кийип, майкечен. Макан дунганды бийик вагон жерге ыргыта жулкуп, ичкери кирип, төркү бөлмөгө өттү. Дивандагы төшөктө бирөө чүмкөнүп жатат. Макан төшөк сыртынан анын ийнинен акырын тартты:
-Нестан... биз келдик... Нестан. Тиги ого бетер чүмкөнөт. Аңгыча беркилер кирди.
-Нестан, тур, турагой.-Бекен акырын төшөк тартты. Жаткандын башы көрүндү. Кызыл-күрөң боелгон чач.
-Силерге эмне керек, -деди тиги неме ары
караган боюнча. Бекен аны бери оодарып жиберди, башка неме экен.
Баары шалдая калышты эле, старшина айтты:
-Бу кыз эмес болчу. Баары сыртка чыгып, жүрөгү түшүп орундукта отурган дунганга барышты. Макан анын маңдайына келип, ээктен мыкчый кармады:
-Нестан кайда?!
Дунган калтырайт, Макан ээгин кое берди эле:
-Ал ким? - деди.
-Сен бул жерде алып
жүргөн кыз кайда?! -
Макан анын жообун
күтпөй тумшуктан ары берип калды эле, ушунчалык күч менен урулган экен дунгандын башы жөлөнүп турган вагонго катуу тийип, шалак этип ошол эле жерге оонап калды. Бекен менен Мирбек Маканды кармап калбаганда дунгандын күнү дал ушул жерде бүтмөк. Бул эки досу кармабай, башка бирөөлөр ажыратканда Макан аларды кошуп жайламак, ачуусу, кыжыры ушунча эле! Аздан соң дунган ордунан оонай туруп, бүжүрөдү:
-Ал кыздын атын билбейм... Айткан эмес...Сүйлөгөн эмес...
-Кайда ал, кайда дейм?! Макан кайра жулунду. Дунган артка кетенчиктейт:
-Досум алып кеткен... Шаарга алып кеткен.
-Кеттик! - деди Макан. Дунганды дыргаяктата сүйрөп өз машинасына салышты, рулга старшина отурду. Эки машина алеки саатта шаар аралап, дунган айткан үйдүн
дарбазасын кагышты. Үч-төрт мүнөттөн кийин спорттук күрмө кийген, кырктардан өткөн, эттүү дунган чыгып, тургандарды
суроолуу карап, досунун кейпин көрө артка кетенчиктеп, дунганча бирдеме деди эле, мунусу да дунганча жооп кайтарды. Аларды күтпөй беркилер короого киришти. Ошо кезде үй ээси дунган үйүнө чуркай кирип, кайра мылтык сундура чыкты:
-Кеткиле, атып салам баарыңды! Андан үч-төрт етрче
обочо турган Макан илбирстей секирип,
дунганды мылтык-
сылтыгы менен басып жыгылды. Берки дунган дарбазаны көздөй качмакчы болду эле
Мирбектин муштуму
аны жерге сулатты.

#260 15 March 2013 - 16:53
Старшина дарбазаны ичинен беките салды. Макан үй ээсинин мылтыгын бетон төшөлгөн жерге бырын-чырынын чыгара чаап, догурунабы же коркуппу жаткан немени эки ирет
өзөртө тээп үйгө кирди. Бекендер короодо эки дунганды акмалап калышты. Укмуштуудай жасалгаланган килейген бөлмөдөгү чоң диванда Нестан отурат, жылаңач. Карп-күрп кирип келген Маканды көрүп делдейе тиктеди, анан одеял тартып кымтыланган болду.
-Нестан, мен келдим.. мен сага келдим... - Макандын оозунан
мындан ашык сөз
чыкпай айласы кетет. Нестан аны бурулуп карай берди, жылмайгандай болот. Анан ого бетер кымтыланат.
-Ме, кийинчи... - Макан креслодо жаткан анын кийимдерин алып, тигинин төшөгүнө таштады, мен чыгып турайын, кийинип тур...
-Макан сыртка чыгып Бекенге айтты:
-Үйдө экен. Кийинип
жатат. - Анан бүрүшүп, чөктүшө отурган эки дунганды көрүп: -
Буларды эмне кылабыз? - деп жообун кайра өзү берди: -Эсинен кеткис кылып кетиш керек!
-Жетер, тийбей эле коелу, - деди Бекен.
-Тийбейм. - Макан эки жакты карап, огород тарапка басты. Ал жактагы туалетти таап, эшигин ачты. Жыгачтан жасалыптыр, ичи кенен. Макан короого кайра келип, эмерек койчу чакан үйгө кирип балта, мык суургуч көтөрүп чыкты да эки дунганды айдап, туалетке алпарды.
-Бузгула! Эки дунган бул эмне дегени деп делдейе калышты эле, Макан "Бузгула дейм!" деп үй ээси дунганды дал табарсыкка тепти эле ал бир бакырып бүк түштү. Берки дунган балтаны алып, жанталаша туалетти талкалап кирди. Берки неме аздан соң ордунан теңселе туруп ишмалдасы чыккан
аласын эки колдоп
мыкчылайт.
-Ме, буз! - Макан ага
мык сууругучту карматты. Эки дунган туалеттин тамтыгын чыгара бузду, заң түшчү ороонун үстүндөгү тактайлар калды эле аны да алдырды Макан. Сасык жыт каптап кетти. Эми эмне кылар экен деп
жүрөктөрү түшкөн эки дунган биринин
артынан экинчиси оголе терең казылган аңга чалп-чалп эте учуп түштү. Макан ыргыта-ыргыта койгон. Кудай анын бетин нары кылсын, экөө бирден чумкуп кайра турушту, ийинден келет экен. Маканды кой дей албай турган берки үчөө кайра ырас болду дегендей ойдо эле. Макан бурула берип көйнөгүнүн үстүнө спорттук күрмө кийген Нестанды көрдү. Узун чачы кесе берилип, түп жагынан байланган.
Тиктеп туруп калган
Макандын жанына
келип, эч нерсе айтпастан шынаарлап туруп калды. Макан аны колдон алды:
Жүрү, Нестан, кетели.

Супер-Инфо
super.kg
видео