***
Бу кезде Ром менен чечен тобу бирин-бири жок кылуунун үстүндө эле. Базар башы "Ромуңду жок кылабыз" маанисинде чечендер келип айтып, коркутуп кетти дегенден кийин Ром өзүнө жакын ишенимдүү жигиттерин чакырып, болгон ишти айтып, чечендердин тобун бирин калтырбай эсебин тапкыла деп катуу буйрук берди да, өзү Турцияны көздөй бир фирмасынын иши боюнча кеттим кылып учуп кетти. Кийин бирдеме болсо "мен жок болчумун, эч нерсе билбейм" дегенине
жакшы. Экинчиден иш өтө ырбап баратса ал жактан биротоло келбей койуга да болот. Бул жактагы бүткүл кримчарбасын -фирмаларын,
заправкаларын
көзөмөлдөп,
"крышалап"
тургандардан акчаны убагында алып турчу өтө ишенимдүү жигиттери бар. Ром учуп кеткенден эки
күн өтпөй анын башкы офисинин биринчи кабатындагы эки бөлмө жарылып, өрттөнүп кетти. Бул эки бөлмөнүн биринде коопсуздук
кызматынын балдары эс алчу, экинчиси фирмада иштегендер кофе ууртап эс алып, телевизор көрүп, гезит- журнал окучу чоң бөлмө эле. Таңкы төрттөрдө граната ыргытышты, эки бөлмөгө экини. Биринчи бөлмөдө
коопсуздук кызматынын эки
жигити уктап жаткан. Алар граната жарылганда атып турушту. Өздөрү эч нерсе болгон жок, анткени бөлмөнүн бир жагында ар нерсе салчу ушул шкаф менен килейген эки сейф бар болчу. Бул сейфтер эмне үчүн турганын эч ким билчү эмес. Ошолордун далдасындагы жапыз эки тапчанда укташчу күзөттө кезектешип тургандар. Экөө ыргып туруп, бөлмөнүн бир жагы өрттөнүп жатканын көрүштү. Ал аңгыча дагы жарылуу болду. Бул коңшу эс алчу бөлмөгө ыргытылган граната
эле. Тез эле өрт өчүргүчтөр жетип келди. Бирок бөлмөлөрдөгү күйүүгө жарактуунун баары күйүп кетти.
Бул чечендердин биринчи эскертүүсү эле. Ромдун жигиттери аны жакшы түшүнүштү, эскертүүнү кабыл алды. Ошонун эртеси чечен тобунун беш-алты мүчөсү чогулган шаарга жанаша уланган айылдагы бир үйүнө төрт машина менен келген Ромдун ондон ашык жигити
кашкарайганда барып чечендердин бирин калтырбай кырып кетти. Эми чечендер өлбөгөн жерде калышмак. Алардын анабашы өзү башында туруп, таламандын тал түшүндө Ромдун башкы офисине кол салышты. Келгендер
жыйырмадай эле, үчөө автоматчан,
калгандарында бирден- экиден тапанча. Офистегилер сак турушкан. Кырк бешинчи жылы орустар Рейхстагды алгандай алаамат болду. Кыргы кызып калганда милийсанын атайын
отряды келип басты.
Ана эмесе, кимди ким көрдү! Эки сааттай созулган бул алааматта чечен тараптан бешөө, Ромдукунан сегиз адам окко учту, ончакты милийса жарадар болушту. Ар тараптан үч-төрттөн колго түшүп калгандар качып
кетишти. Таламандын талтүшүндө шаардын борбордук жеринде болгон бул кандуу согуш элдин үрөйүн учурду. Бул ишти тескөөнү генпрокурор менен милийса министри өз
колдоруна алышты. Ром болсо Турциянын бир курортунда бул жерден ала кеткен чүрөгүнүн койнунда
жатып баарынан кабар алып турду. Бул кезде милийса министри атышкандардын алгачкы сурагы менен таанышып, Ромду жердин түбүнөн болсо да табууга буйрук берген. Милийсанын бу жаңы министри ишинде таза жүргөн, курч жигит эле. Кээде оголе чоң кызматтагы адамдардын айткандарын айласыз жасаган кездери да болгон. Эми ал министр болгондон кийин ага чоңдордон эч ким кайрыла элек. Анын кежир экенин, башкаларга салыштырмалуу түз жүрөрүн баары
билишет. Эпадам
Акүйдөгү мен дегендердин иши чыкса баары бир кайрылмак, а азырынча болсо алардын иши чыга элек көрүнөт. Ромдун Ак үйдө өтө чоң кызматтардагы
тааныштары бар экени, Ром аларга тутам доллар берип турарын министр жакшы билет. Ромдо болсо кандай
гана чоң болбосун
укум-тукуму менен
сатып алууга кудурети жетчү акчасы бар. Мына ошондой адамдар өлкөдө каалаганын жасап жатканына
министрдин кыжыры келет. Мындан беш жыл мурун Ромду кармап,
жоопко тартаарда
мурунку министр ишти жаптырып салган. А кезде бул министр жаңы эле
полковниктин погонун тагынып, шаардык милийса
начальнигинин орун басары эле. Андан бери дагы эки кызматтын тузун татып, министр болгонуна аз эле убакыт болгон. Аз мурун жаркыраган
генерал жылдызын
тагынды... Ал шаардагы гана эмес бүтүндөй өлкөдөгү
кримтопторду,
алардын башчыларын беш колундай билет.
Алардын баарын бир түндө кармап, торго тыгуу колунан келет. Бирок закондор ага жол бербейт. Бандиттер закон-паконуңду уруп ойнобой, билгенин кылат да, эмне закон болсо алардын да укугу бар дейт. Колунан кармаш керек, күнөөсүн далилдеш
керек, мойунга коюш керек... толгон-токой керектердин азабынан бандиттериң каалагандай жойлоп
жүрөт... Эмне болгон
күндө да ашкере
ашынып кеткен Ромдун эсебин табат, законсуз болсо да. Министр бул оюна бекем турду...
Кандуу жылдар Б.Аракеев
#262 15 March 2013 - 17:05
***
Нестанды Мирбектин
үйүнө алып келишкен.
Ошол эле замат таптаза
мончо жагылып,
Мирбектин аялы аны өз
колу менен жуундуруп,
өзүнүн мыкты
кийимдеринен
кийгизди. Экөө тең
арыкчырай, бойлору да
бир экен. Нестанга
сонун кийим сонун
жарашып, керемет
кылып таштады.
Жараткан берген
жакшы сымбатты
жакшы кийим периште
кылып салат эмеспи.
Тик карай алгыс
периште болуп турду
Нестан. Периште
болгону менен илгерки
жомоктогу сүйлөбөс
сулуудай. Асты-үстүнө
үйрүлгөн Мирбектин
аялына да, Макандарга
да кош көңүл. Анткен
менен Маканды улам
карап, аздап ыктап,
жакынсынгандай.
Оңдуу тамак да ичкен
жок. Килейген түстүү
телевизордон көзүн
албай отурат. Караганы
телевизор, анан кез-
кези ага обочороок
отурган Макан...
Эртеси Бекен атактуу
бир профессор жаш
жигитти алып келди.
Бул жигит далай нерв
ооруларды айыктырган,
атактуу адамдардын
бири. Эки этаждан
турган менчик
клиникасы бар. Бекен
бул профессор менен
дурус мамиледе болчу.
Былтыр эле анын
имаратын мыкты
ремонттон өткөзүүгө
жардам берген...
Профессор Нестандын
жанында жарым
сааттай болду.
Ошондон соң сырттагы
үйдө турган Макандарга
чыгып минтти:
-Анча деле корко
турган эч нерсе жок.
Катуу коркуп, катуу
капа болгон, экөө
кошул-ташыл эсин
кетирип салган тура.
Муну убакыт деген
нерсе гана айыктырат,
анан, албетте, жакшы
мамиле, жакшы тамак,
көңүлүнө жаккан
нерсени аткаруу керек.
Эртең дары да ала
келем. Аздап бериш
керек. Балким
клиникага
алпарасыңар.
-Үйдөн эле карасаң
жакшы болор эле, -
деди Бекен.
-Мейли, үйдөн болсо
үйдөн.
Профессор күндө эртең
менен анан кечке жуук
келет. Дарысын берет,
Нестан менен
сүйлөшөт. Макан болсо
самап жүрүп колго
тийген периштесинин
жанынан чыккысы
жок...
Профессор Нестанды
карай баштагандан он
күндөй өткөндө ал
Маканга айтты:
-Маке, эми экөөңөр
кыжы-кужусу жок бир
эс алуучу жай таап, он,
онбеш күндөй эс алып
келсеңер Нестанга
жакшы болор эле.
Макан жок демек беле,
сүйүнүп макул дебейби.
Бекен экөө кеңешип
баягы барбай калган
Байкалга бармай болду.
Анан да булар менен
Мирбек кошулуп эс
алмай болду. Эс алып
келсин деп Бекен айтты
муну. "Эс алып кел"
дегени менен Макан
менен Нестанды чоочун
жерде кайтарсын
дегени эле. Бу жөнүндө
Мирбек экөө Маканга
билдиришкен жок.
Нестанга кийим
алынды. Ал биринчи
жолу Мирбектин аялы
менен көчөдө элеңдеп
коркпой басып, чоң
базарга барышты. Күн
суук тартып калган. Үч
күн мурун алгачкы кар
түшүп ал дароо эрип
кеткен эле. Макан
экөөнүн артынан
кайтара басат. Базарды
көпкө кыдырып,
Нестанга эки-үч сыйра
кийим алышты. Алганда
да мен деп
титирегендерден
алышты. Бекен берип
турган акча Макан үчүн
коротуп бүткүстөй акча
эле да.
Жомоктогудай
кийинтишти Нестанды.
Мирбектин аялы улам
бир Нестан өңүндө эмес
түшүндө көрбөгөн
кийимдерди көрсөтүп:
"жагабы" дейт, тиги
баш ийкейт. Жакпайт
деген кийими болбоду.
Кантип айтмак, өмүрү
кийим тандап
көрбөсө...
Нестан үйдө дарыланып
жатканда Макан менен
Бекен үйгө сүрөтчү
алышып тарттырып, үч-
төрт күндүн ичинде
паспорт алып беришти.
Акчанын, тааныштын
күчү менен туулгандыгы
жөнүндөгү күбөлүгү
жок эле алышты. Бир
адреске каттатып да
ташташкан.
Ошентип үчөө поездге
отуруп Иркутскиге
жөнөп кетишти. Макан
биринчи жолу
жөнөгөндө өзүнө
билинбей аны ажал
акмалап баратты эле,
бу жолу өмүрү бейпил
болчу...
Кырылыштан аман
калган Ромдун
жигиттери менен чечен
тобундагылар эки
жумача дымып, анан
кайра кырчылдашканга
өттү. Ромдун бандасы
басымдуу болчу.
Анткени Ромдун
ишенимине кирип, ага
түз кирип көп сырына
ортомчу болгон беш-
алты жигитинин ар
биринде 20-30дан
бандити бар эле.
Чечендер тобу башаягы
жыйырмадай. Бирок
булар көздөгөнүн
аткармайын кайра
тартпаган немелер
болгондуктан,
биротоло тирешип
алдырбай турушту.
Анан алардын тобу
чогулган борбордон
алтымыш чакырымдай
жердеги чакан
шаардагы үйдү Ромдун
элүүдөй жигити
караңгы түндө
курчоого алып, кырып
салып кетти. Подвалга
жашынган банда
башчысы бир жигити
менен атышып жатып
аман калып түнү менен
Казакстанга качты. Ал
жактагы
байланыштарынан
жардам сурамак. Анан
бир аз дымып жатып
Ромдун түбүнө жетмек
болду.
Бул кыргынды уккан
милийса келип,
изилдеген болуп
өлүктөрдү сүрөткө
тартып, кылмыш ишин
козгоп иш жүргүзгөн
болот. Бирок сегиз
чечен менен үч
кыргыздын өлүгүн
көрүп, бу бирин-бири
кырган бандиттерге
сооп болду дегендей.
Ромдун отко айдаса -
отко, бокко айдаса -
бокко бара берчү өзү
да тааныбаган
жигиттеринен да
ончактысы кармалып
сурак бере башташты.
Алардын бири да Ромду
оозуна алышкан жок...
Анын ишенимдүү орун
басарларынан бири да
камалган жок, окко
учпады. Алар
куурчактардын жибин
тартып көмүскөдө
турат эмеспи...
Канткен күндө да өткөн
окуялар кримдүйнөдө
Ромдун баркын бир аз
түшүрүп таштагандай
болду. Жаңы
бандалардын улам
бири: "Ромуңду уруп
койбойбуз" деп ал
көзөмөлдөгөн кээ бир
жерлердин ээлерине
көргүлүктү көрсөтүп
жатышты. Ромдун
алдында "чоң казат"
эми гана башталганы
тургандай эле...
Нестанды Мирбектин
үйүнө алып келишкен.
Ошол эле замат таптаза
мончо жагылып,
Мирбектин аялы аны өз
колу менен жуундуруп,
өзүнүн мыкты
кийимдеринен
кийгизди. Экөө тең
арыкчырай, бойлору да
бир экен. Нестанга
сонун кийим сонун
жарашып, керемет
кылып таштады.
Жараткан берген
жакшы сымбатты
жакшы кийим периште
кылып салат эмеспи.
Тик карай алгыс
периште болуп турду
Нестан. Периште
болгону менен илгерки
жомоктогу сүйлөбөс
сулуудай. Асты-үстүнө
үйрүлгөн Мирбектин
аялына да, Макандарга
да кош көңүл. Анткен
менен Маканды улам
карап, аздап ыктап,
жакынсынгандай.
Оңдуу тамак да ичкен
жок. Килейген түстүү
телевизордон көзүн
албай отурат. Караганы
телевизор, анан кез-
кези ага обочороок
отурган Макан...
Эртеси Бекен атактуу
бир профессор жаш
жигитти алып келди.
Бул жигит далай нерв
ооруларды айыктырган,
атактуу адамдардын
бири. Эки этаждан
турган менчик
клиникасы бар. Бекен
бул профессор менен
дурус мамиледе болчу.
Былтыр эле анын
имаратын мыкты
ремонттон өткөзүүгө
жардам берген...
Профессор Нестандын
жанында жарым
сааттай болду.
Ошондон соң сырттагы
үйдө турган Макандарга
чыгып минтти:
-Анча деле корко
турган эч нерсе жок.
Катуу коркуп, катуу
капа болгон, экөө
кошул-ташыл эсин
кетирип салган тура.
Муну убакыт деген
нерсе гана айыктырат,
анан, албетте, жакшы
мамиле, жакшы тамак,
көңүлүнө жаккан
нерсени аткаруу керек.
Эртең дары да ала
келем. Аздап бериш
керек. Балким
клиникага
алпарасыңар.
-Үйдөн эле карасаң
жакшы болор эле, -
деди Бекен.
-Мейли, үйдөн болсо
үйдөн.
Профессор күндө эртең
менен анан кечке жуук
келет. Дарысын берет,
Нестан менен
сүйлөшөт. Макан болсо
самап жүрүп колго
тийген периштесинин
жанынан чыккысы
жок...
Профессор Нестанды
карай баштагандан он
күндөй өткөндө ал
Маканга айтты:
-Маке, эми экөөңөр
кыжы-кужусу жок бир
эс алуучу жай таап, он,
онбеш күндөй эс алып
келсеңер Нестанга
жакшы болор эле.
Макан жок демек беле,
сүйүнүп макул дебейби.
Бекен экөө кеңешип
баягы барбай калган
Байкалга бармай болду.
Анан да булар менен
Мирбек кошулуп эс
алмай болду. Эс алып
келсин деп Бекен айтты
муну. "Эс алып кел"
дегени менен Макан
менен Нестанды чоочун
жерде кайтарсын
дегени эле. Бу жөнүндө
Мирбек экөө Маканга
билдиришкен жок.
Нестанга кийим
алынды. Ал биринчи
жолу Мирбектин аялы
менен көчөдө элеңдеп
коркпой басып, чоң
базарга барышты. Күн
суук тартып калган. Үч
күн мурун алгачкы кар
түшүп ал дароо эрип
кеткен эле. Макан
экөөнүн артынан
кайтара басат. Базарды
көпкө кыдырып,
Нестанга эки-үч сыйра
кийим алышты. Алганда
да мен деп
титирегендерден
алышты. Бекен берип
турган акча Макан үчүн
коротуп бүткүстөй акча
эле да.
Жомоктогудай
кийинтишти Нестанды.
Мирбектин аялы улам
бир Нестан өңүндө эмес
түшүндө көрбөгөн
кийимдерди көрсөтүп:
"жагабы" дейт, тиги
баш ийкейт. Жакпайт
деген кийими болбоду.
Кантип айтмак, өмүрү
кийим тандап
көрбөсө...
Нестан үйдө дарыланып
жатканда Макан менен
Бекен үйгө сүрөтчү
алышып тарттырып, үч-
төрт күндүн ичинде
паспорт алып беришти.
Акчанын, тааныштын
күчү менен туулгандыгы
жөнүндөгү күбөлүгү
жок эле алышты. Бир
адреске каттатып да
ташташкан.
Ошентип үчөө поездге
отуруп Иркутскиге
жөнөп кетишти. Макан
биринчи жолу
жөнөгөндө өзүнө
билинбей аны ажал
акмалап баратты эле,
бу жолу өмүрү бейпил
болчу...
Кырылыштан аман
калган Ромдун
жигиттери менен чечен
тобундагылар эки
жумача дымып, анан
кайра кырчылдашканга
өттү. Ромдун бандасы
басымдуу болчу.
Анткени Ромдун
ишенимине кирип, ага
түз кирип көп сырына
ортомчу болгон беш-
алты жигитинин ар
биринде 20-30дан
бандити бар эле.
Чечендер тобу башаягы
жыйырмадай. Бирок
булар көздөгөнүн
аткармайын кайра
тартпаган немелер
болгондуктан,
биротоло тирешип
алдырбай турушту.
Анан алардын тобу
чогулган борбордон
алтымыш чакырымдай
жердеги чакан
шаардагы үйдү Ромдун
элүүдөй жигити
караңгы түндө
курчоого алып, кырып
салып кетти. Подвалга
жашынган банда
башчысы бир жигити
менен атышып жатып
аман калып түнү менен
Казакстанга качты. Ал
жактагы
байланыштарынан
жардам сурамак. Анан
бир аз дымып жатып
Ромдун түбүнө жетмек
болду.
Бул кыргынды уккан
милийса келип,
изилдеген болуп
өлүктөрдү сүрөткө
тартып, кылмыш ишин
козгоп иш жүргүзгөн
болот. Бирок сегиз
чечен менен үч
кыргыздын өлүгүн
көрүп, бу бирин-бири
кырган бандиттерге
сооп болду дегендей.
Ромдун отко айдаса -
отко, бокко айдаса -
бокко бара берчү өзү
да тааныбаган
жигиттеринен да
ончактысы кармалып
сурак бере башташты.
Алардын бири да Ромду
оозуна алышкан жок...
Анын ишенимдүү орун
басарларынан бири да
камалган жок, окко
учпады. Алар
куурчактардын жибин
тартып көмүскөдө
турат эмеспи...
Канткен күндө да өткөн
окуялар кримдүйнөдө
Ромдун баркын бир аз
түшүрүп таштагандай
болду. Жаңы
бандалардын улам
бири: "Ромуңду уруп
койбойбуз" деп ал
көзөмөлдөгөн кээ бир
жерлердин ээлерине
көргүлүктү көрсөтүп
жатышты. Ромдун
алдында "чоң казат"
эми гана башталганы
тургандай эле...
#263 15 March 2013 - 17:07
***
Ромдун оң колдорунун
бири Эркин деген өтө
кайраттуу,
кримдүйнөдө
туулгандай анын
сырларын мыкты
билген жигит эле. Мына
ошол жигит Турцияга
учуп барып Ромго
болгон иштерди көзмө-
көз айтып берип,
тапшырма алып
кайтты. Ошол
тапшырмалардын
негизгиси - шаардын
бир-эки жеринде
жардырууну уюштуруп,
бу террористтердин
кылганы деп чуу
чыгарып милийса
көңүлүн ошол жакка
бурдуруу, анан да
мамлекеттин эмес,
кримдүйнөнүн
заңзаконун билбеген,
билгиси келбеген
бандалардын ичинен
ашынган экөөнү бири-
бири менен
кагыштырып кыргын
салуу.
Эркин кайтып келип бул
эки негизги
тапшырманы бир эле
жуманын ичинде
аткарып салды. Бу
кымгуут заманда
аларды аткарууга көп
деле мээнин кереги
жок болчу.
Бу борбор шаардын
тоо жагындагы айылда
аскер бөлүгү бар.
Кримдүйнөнүн
көпчүлүгү ошол жактан
куралданып турат.
Эркиндин эки жигити
ошол бөлүктө кызмат
кылган бир кыржыйган
прапорщикти таап,
андан жардыргыч
алышты. Аны кандай
жардырыш керегин
билген армияда кызмат
өтөп келген балдар
Ромдо жетишерлик эле.
Мына ошолор
жардыргыч салынган
эски "Москвичти"
жардырышты. Бири дал
ички иштер
министрлигинин
жанында кечке жуук
жарылды. Зыян тарткан
адам болгон жок.
Экинчи машина бир чет
өлкөнүн
посольствосунун
жанынан жарылды. Бу
жолу көчөдө өтүп
бараткан эки адам
өлүп, ончактысы
жаракат алды...
Эки банда да ошол
жумада бири-бирине
кыргын салышты.
Мурун прокуратурада
иштеп, айдалып кетип
банда түзгөн
"Прокурордун" бандасы
менен мурунку
спортсмендерден
турган күчтүү бандасы
эле. Бул эки банданын
кагылышын Эркин оңой
эле уюштурду.
Спортсмендер
"крышалаган" бир
казиного Эркин
жиберген беш-алты
жигит куралдана барып
эми силер бизге -
Прокурорго төлөйсүңөр
деп аны башкарган
орусту көгала тепкилеп
кетишти. Ошол эле
жигиттер шаар
четиндеги күнү-түнү
тынбай иштечү
заправкага барып
мындан ары бизге-
спортсмендерге
төлөйсүңөр деп
операторду кайтарган
немеси экөөнү чалажан
кылып терезелерин
талкалап баса беришти.
Бул заправка
"Прокурорго" төлөчү.
Эртеси эле эки банда
шаар четиндеги бакта
беттешти,
териштиришмек, бирок
териштирүүсү атышууга
айланып, эки тараптан
жети-сегизи өлүп,
ондон ашыгы жарадар
болду. Кан жакшы акты.
Сөзсүз да, бул окуялар
бүтүндөй милийсанын,
прокуратуранын бүт
көңүлүн өзүнө бурганы
менен башка иштер
унутулган жок. Алардын
ичинде Ромдун иши да
бар эле...
Ромдун оң колдорунун
бири Эркин деген өтө
кайраттуу,
кримдүйнөдө
туулгандай анын
сырларын мыкты
билген жигит эле. Мына
ошол жигит Турцияга
учуп барып Ромго
болгон иштерди көзмө-
көз айтып берип,
тапшырма алып
кайтты. Ошол
тапшырмалардын
негизгиси - шаардын
бир-эки жеринде
жардырууну уюштуруп,
бу террористтердин
кылганы деп чуу
чыгарып милийса
көңүлүн ошол жакка
бурдуруу, анан да
мамлекеттин эмес,
кримдүйнөнүн
заңзаконун билбеген,
билгиси келбеген
бандалардын ичинен
ашынган экөөнү бири-
бири менен
кагыштырып кыргын
салуу.
Эркин кайтып келип бул
эки негизги
тапшырманы бир эле
жуманын ичинде
аткарып салды. Бу
кымгуут заманда
аларды аткарууга көп
деле мээнин кереги
жок болчу.
Бу борбор шаардын
тоо жагындагы айылда
аскер бөлүгү бар.
Кримдүйнөнүн
көпчүлүгү ошол жактан
куралданып турат.
Эркиндин эки жигити
ошол бөлүктө кызмат
кылган бир кыржыйган
прапорщикти таап,
андан жардыргыч
алышты. Аны кандай
жардырыш керегин
билген армияда кызмат
өтөп келген балдар
Ромдо жетишерлик эле.
Мына ошолор
жардыргыч салынган
эски "Москвичти"
жардырышты. Бири дал
ички иштер
министрлигинин
жанында кечке жуук
жарылды. Зыян тарткан
адам болгон жок.
Экинчи машина бир чет
өлкөнүн
посольствосунун
жанынан жарылды. Бу
жолу көчөдө өтүп
бараткан эки адам
өлүп, ончактысы
жаракат алды...
Эки банда да ошол
жумада бири-бирине
кыргын салышты.
Мурун прокуратурада
иштеп, айдалып кетип
банда түзгөн
"Прокурордун" бандасы
менен мурунку
спортсмендерден
турган күчтүү бандасы
эле. Бул эки банданын
кагылышын Эркин оңой
эле уюштурду.
Спортсмендер
"крышалаган" бир
казиного Эркин
жиберген беш-алты
жигит куралдана барып
эми силер бизге -
Прокурорго төлөйсүңөр
деп аны башкарган
орусту көгала тепкилеп
кетишти. Ошол эле
жигиттер шаар
четиндеги күнү-түнү
тынбай иштечү
заправкага барып
мындан ары бизге-
спортсмендерге
төлөйсүңөр деп
операторду кайтарган
немеси экөөнү чалажан
кылып терезелерин
талкалап баса беришти.
Бул заправка
"Прокурорго" төлөчү.
Эртеси эле эки банда
шаар четиндеги бакта
беттешти,
териштиришмек, бирок
териштирүүсү атышууга
айланып, эки тараптан
жети-сегизи өлүп,
ондон ашыгы жарадар
болду. Кан жакшы акты.
Сөзсүз да, бул окуялар
бүтүндөй милийсанын,
прокуратуранын бүт
көңүлүн өзүнө бурганы
менен башка иштер
унутулган жок. Алардын
ичинде Ромдун иши да
бар эле...
#264 15 March 2013 - 17:09
***
Баягы Нестан жок,
аздап кепке келип,
көңүлү ачылып бул
жарыкчылыктын
сонундарына аздап
сонуркап баратат.
Макан дагы жанынан
жарым карыш чыккысы
жок. Андан кымырына-
кымтыла уялганы
күчөйт. Тике карай
албай, аны менен
сүйлөшкөндө үнү
калтырай чыгат. Өмүр
бою Маканды күтүп
жүргөндөй. Сүйүү
кандай болорун
ойлобойт. Ушул
жанынан чыкпаган
Макандын жүрөгү
менен өзүнүн жүрөгү
катарлаша сокконун,
анын демин сезет.
Анын ар кыймылы, ар
сөзү, бөтөнчө назик
кучактап өөп жатып
"алтыным менин"
дегени жанын жан
чыдагыс эритип салат.
Эркектин жыты эсинен
тандыра жаздайт,
зордукталганда, Кулан
менен эки дунган
төшөктө жулмалаганда
көрбөгөн, билбеген
сезим келет, кумары
ойгонот. Жашоо укмуш
сонун тура. Маканы бар
үчүн сонун тура. Эч
качан Маканынын
жанынан чыкпайт.
Чыгарбаса экен Маканы
өз жанынан, таштап
салып бир жактарга
кетип калбаса экен.
Жүрөгү шуу эте түшөт.
Кынала калат, кучактай
жаздайт өзү баштап,
кайра уяла кетет...
Байкалдын жээгиндеги
санаторийде үчөө
сонун эс алып келишти.
Эмне деген гана кооз
токой, өмүрү көл эмес
чоң дайра көрбөгөн
Нестан катерге түшүп,
сейилге чыкканын он
өмүр сүрсө унутпас.
Кооз жер, назик
мамиле, мыкты
кийимдер, эч көрбөгөн
тамактар, поезддин
жүрүшү..., баары, баары
Нестан көтөрө албачу
сонун нерселер,
ажайып сезим эле.
Ошол жакшылыкты
көрбөй, жакшы сөздү
укпай келген жүрөгү
бул керемет күндү
көтөрүп-көтөрө албай
турду. Ага түстүү
телевизордон көргөн
кинолор,
магнитофондон уккан
мукам обондор
кошулуп ажырымы жок
жыргалга бөлөп салды...
Ушуну кудай кут
кылсын дегенди айтып
жака кармап тобо
келтире албайт Нестан.
Андайды билбейт.
Азыркы жыргалына
тойбой турат, жыргап
турат...
Макан Нестанды
Мирбектин үйүнө он
күндөн ашык кармады.
Эки күндө бир ирет
Мирбектин машинасын
айдатып тоо таяна
чыгып келет. Кар түшүп
суук тартканы менен
экөөнүн көңүлү
жадырайт, жаз болуп,
жай болуп. Бу
жарыкчылыкта
экөөнөн башка
арзышкан жан жоктой
эле. Маканга да,
Нестанга да "мындан
ары эмне кылабыз, кай
күндү көрөбүз, бир
бүлө болуп
биригебизби, эмне
кылып оокат кылабыз"
сыяктуу тири адамдын
башына келчү миң сан
түйшүк илээшкен ой
келбейт. Биринин
болгону бирине
жыргал. Нестанды го
болуптур дейли,
акылынан ажырай
жаздап эми-эми гана
адам катарына
кошулгансыйт. Ал эми
Маканчы? Кенедейинен
тетик өсүп, баскан-
турганы эмес, сезими
да тетик жигит
Нестанга берилүүдөн
башканы ойлобой
жатпайбы, ойлонгусу
келбей эмес, өзүнөн өзү
ошол жолдо баратат.
Биртопторун
тындырганын, кандай
болгон күндө да колу
кандуу болуп калганын
ойлоп баш катырып
санаасы сан болчу эле,
анысын да унуттурду
Нестандын жан
чыдагыс илеби...
Бир күнү Нестанды
жылуу кийиндирип
алып көчөгө чыкты.
Кыш келип калса да
кары жок көчөлөрдөн
басышат, экөөнөн
башка кшии жок
сыяктуу. Бир маалда
Нестан Маканга
жабыша түшүп,
кубарып өңалеттен
кетти.
Макан анын кебетесин
көрүп чочуп кетти:
-Сага эмне болду,
Нестан?!
Нестан жооп бербей
Маканына корголойт.
Бир жакты алая
тиктейт. Макан караса
жакалуу узун пальто,
башына тумак кийген
жоон-жолпу аял бирөө
менен сүйлөшүп турат.
Нестан аны накта
жалаңкычты көргөндөй
карайт.
-Андан эмне чочудуң?
Нестан дале унчукпайт.
Ал аял Маканга да
тааныштай сезилди.
Жанындагы аялга оозу-
оозуна тийбей
бирдемелерди айтып
жатат. Аны кайдан
көрдү эле? Эстеди,
Сонун эмеспи бу, эми
Макандын каны кайнап
кетти.
Алар менен катарлаша
бергенде Макан
дааналап караса Сонун
эмес, ага окшош бирөө
экен. Бир ирет көргөн
Макан ажырата алмак
эмес, сурап жатпайбы:
-Сиз Сонунсузбу? - деп.
-Жок,айланайын, - деп
тиги аял тиги
маектешине сөзүн
улады. Нестан да көрдү
анын Сонун эмес
экенин. Бир ажалдан
калгандай жеңилдеди.
Мирбек Маканга
караганда шаардагы,
дегеле бүтүндөй
өлкөдөгү
кримдүйнөдөн жакшы
кабардар. Ошол
дүйнөдө жашаган бир
катар жигиттер менен
мамилеси да бар. Мына
ошол Мирбектин
кебинен Макан Ромдун
бандасы четинен
талкаланып жатканын
угуп кубанып турду. Өз
баамында Профессор
өлгөндөн кийин анын
артынан сая түшкөн эч
ким деле болбойт
деген ойдо болду. Ром
болсо Маканды
тааныбайт дагы. Демек,
өз өмүрүнөн
чочулабаса деле болот.
Ушул чечимге келген
Макан Нестанды
жанына алып, көптөн
бери саксактап
айдабай жүргөн
машинасын айдап,
баягы эрди-катын
Касым менен
Берметтин абалын
билүүгө, анан аларды
шылтоо кылып
Нестанга жер көрсөтүп,
көңүлүн көтөрүү эле.
Касымдын үйүнө
бешим ченде жетишти.
Бу чөлкөм тоолуу
аймакта
жайгашкандыктан
шаарга караганда
кардуу, суук. Макан
Касымдын эшик
алдына келип,
машинадан сигнал
бере түштү. Анан
Нестан экөө
багажниктеги үч-төрт
баштыктагы
базарлыгын алып
жатканда башына эски
тумак чөкчөйгөн,
шырмалчан Касым
чыгып, буларды көрдү
да Маканга чуркай
жетип, кучактады.
Айтыбайтарга сөз
таппайт. Макан да
сагынып калган экен, а
да кучактайт тигинин
сөөксаагын кычырата.
Ал аңгыча Бермет
чыкты. А дагы бир
тууган инисин
көргөндөй далбалактап
Макандын мойнуна
асыла өпкүлөп жатат.
Эрди-катын экөө тең бу
ким болуп кетти деп
периште сындуу
Нестанды карайт.
"Келин бала эмеспи?"
дегенди сурай албай
турушту. Бака-шака
үйгө киришти. Баары
бир үйгө тыгылып,
плитка сайып, ага
жылынып, тамагын
жасап, кыштан чыгат
тура. Салынган печкасы
деле бар экен, ага
жагууга отун менен
көмүр жок. Дасторкон
салынып, нан коюлду,
башка эч нерсе жок.
Сүттөп чай куюлду.
Касымдын энеси ого
бетер карый түшүптүр.
Маканга кайра-кайра
кагылып-согулуп жатат.
Макан бу бүлөнүн
кезексиз айтылган
кебин жакшы угуп,
буларды билди: Касым
да, Бермет да арагын
таштаган бойдон
ичпептир, быйыл түшүм
начар, айдалган
картошкасы үрөн
менен жегенден ашпай
калыптыр. Ичип жүрүп
аз гана убакта кадыры
таптакыр түшүп калган
немелер бирөөлөрдөн
жардам да алалышпайт
эмеспи. Макандар ала
келген базарлык
дасторконго мол
коюлуп, Касымдын
бүлөсүнө той түштү,
бөтөнчө анын уулкызы
жыргады бейм.
Макан аккөңүл,
бирөөнө жардам
бергенден кадимкидей
каниет алган неме
Касымдын кой-айына
көнбөй анын маңдайкы
кошунасынан кой
апкелишти. Далайдан
бери эт салынбаган
килейген казан асылып,
от улуу жагылды. Ошол
күнкү узун түн
Касымдын бүлөсү үчүн
улуу майрам эле, бакыт
ушундай болот тура
деп ойлоп коет Бермет
байкуш...
Мирбек Нестандын
тагдырын жакшы
уккан. Аны зордуктаган
айбанды, Кулан менен
Сонундун кылыктарын
жектеген. Ошону
укканда эми жетип
барып ит аткандай
кылып атып салгысы да
келген.
Макан менен Нестан
айылдан кайтып
келгенден эки күн
өткөндө эми өз үйүндө
жашырынбай эле
жашай баштаган
Маканга барып ал-абал
сураган Мирбек кептен
кеп чыгарып отуруп
Нестанды кор кылган
жанагы үчөөнө жетти
сөзү.
-Аларды жөн койбойм,
- деди ошондо Макан
тиштене, - кылган
айбанчылыктарын эки
эселеп өз баштарына
алып келбесем элеби.
-Мен дал ушуну
айтайын деп жатпадым
беле. Ал ишти мага бер,
Маке, - деди Мирбек
өтүнүп. Сөзсүз аларды
жазалайм деп ойлоп
койгон эмеспи.
Баягы Нестан жок,
аздап кепке келип,
көңүлү ачылып бул
жарыкчылыктын
сонундарына аздап
сонуркап баратат.
Макан дагы жанынан
жарым карыш чыккысы
жок. Андан кымырына-
кымтыла уялганы
күчөйт. Тике карай
албай, аны менен
сүйлөшкөндө үнү
калтырай чыгат. Өмүр
бою Маканды күтүп
жүргөндөй. Сүйүү
кандай болорун
ойлобойт. Ушул
жанынан чыкпаган
Макандын жүрөгү
менен өзүнүн жүрөгү
катарлаша сокконун,
анын демин сезет.
Анын ар кыймылы, ар
сөзү, бөтөнчө назик
кучактап өөп жатып
"алтыным менин"
дегени жанын жан
чыдагыс эритип салат.
Эркектин жыты эсинен
тандыра жаздайт,
зордукталганда, Кулан
менен эки дунган
төшөктө жулмалаганда
көрбөгөн, билбеген
сезим келет, кумары
ойгонот. Жашоо укмуш
сонун тура. Маканы бар
үчүн сонун тура. Эч
качан Маканынын
жанынан чыкпайт.
Чыгарбаса экен Маканы
өз жанынан, таштап
салып бир жактарга
кетип калбаса экен.
Жүрөгү шуу эте түшөт.
Кынала калат, кучактай
жаздайт өзү баштап,
кайра уяла кетет...
Байкалдын жээгиндеги
санаторийде үчөө
сонун эс алып келишти.
Эмне деген гана кооз
токой, өмүрү көл эмес
чоң дайра көрбөгөн
Нестан катерге түшүп,
сейилге чыкканын он
өмүр сүрсө унутпас.
Кооз жер, назик
мамиле, мыкты
кийимдер, эч көрбөгөн
тамактар, поезддин
жүрүшү..., баары, баары
Нестан көтөрө албачу
сонун нерселер,
ажайып сезим эле.
Ошол жакшылыкты
көрбөй, жакшы сөздү
укпай келген жүрөгү
бул керемет күндү
көтөрүп-көтөрө албай
турду. Ага түстүү
телевизордон көргөн
кинолор,
магнитофондон уккан
мукам обондор
кошулуп ажырымы жок
жыргалга бөлөп салды...
Ушуну кудай кут
кылсын дегенди айтып
жака кармап тобо
келтире албайт Нестан.
Андайды билбейт.
Азыркы жыргалына
тойбой турат, жыргап
турат...
Макан Нестанды
Мирбектин үйүнө он
күндөн ашык кармады.
Эки күндө бир ирет
Мирбектин машинасын
айдатып тоо таяна
чыгып келет. Кар түшүп
суук тартканы менен
экөөнүн көңүлү
жадырайт, жаз болуп,
жай болуп. Бу
жарыкчылыкта
экөөнөн башка
арзышкан жан жоктой
эле. Маканга да,
Нестанга да "мындан
ары эмне кылабыз, кай
күндү көрөбүз, бир
бүлө болуп
биригебизби, эмне
кылып оокат кылабыз"
сыяктуу тири адамдын
башына келчү миң сан
түйшүк илээшкен ой
келбейт. Биринин
болгону бирине
жыргал. Нестанды го
болуптур дейли,
акылынан ажырай
жаздап эми-эми гана
адам катарына
кошулгансыйт. Ал эми
Маканчы? Кенедейинен
тетик өсүп, баскан-
турганы эмес, сезими
да тетик жигит
Нестанга берилүүдөн
башканы ойлобой
жатпайбы, ойлонгусу
келбей эмес, өзүнөн өзү
ошол жолдо баратат.
Биртопторун
тындырганын, кандай
болгон күндө да колу
кандуу болуп калганын
ойлоп баш катырып
санаасы сан болчу эле,
анысын да унуттурду
Нестандын жан
чыдагыс илеби...
Бир күнү Нестанды
жылуу кийиндирип
алып көчөгө чыкты.
Кыш келип калса да
кары жок көчөлөрдөн
басышат, экөөнөн
башка кшии жок
сыяктуу. Бир маалда
Нестан Маканга
жабыша түшүп,
кубарып өңалеттен
кетти.
Макан анын кебетесин
көрүп чочуп кетти:
-Сага эмне болду,
Нестан?!
Нестан жооп бербей
Маканына корголойт.
Бир жакты алая
тиктейт. Макан караса
жакалуу узун пальто,
башына тумак кийген
жоон-жолпу аял бирөө
менен сүйлөшүп турат.
Нестан аны накта
жалаңкычты көргөндөй
карайт.
-Андан эмне чочудуң?
Нестан дале унчукпайт.
Ал аял Маканга да
тааныштай сезилди.
Жанындагы аялга оозу-
оозуна тийбей
бирдемелерди айтып
жатат. Аны кайдан
көрдү эле? Эстеди,
Сонун эмеспи бу, эми
Макандын каны кайнап
кетти.
Алар менен катарлаша
бергенде Макан
дааналап караса Сонун
эмес, ага окшош бирөө
экен. Бир ирет көргөн
Макан ажырата алмак
эмес, сурап жатпайбы:
-Сиз Сонунсузбу? - деп.
-Жок,айланайын, - деп
тиги аял тиги
маектешине сөзүн
улады. Нестан да көрдү
анын Сонун эмес
экенин. Бир ажалдан
калгандай жеңилдеди.
Мирбек Маканга
караганда шаардагы,
дегеле бүтүндөй
өлкөдөгү
кримдүйнөдөн жакшы
кабардар. Ошол
дүйнөдө жашаган бир
катар жигиттер менен
мамилеси да бар. Мына
ошол Мирбектин
кебинен Макан Ромдун
бандасы четинен
талкаланып жатканын
угуп кубанып турду. Өз
баамында Профессор
өлгөндөн кийин анын
артынан сая түшкөн эч
ким деле болбойт
деген ойдо болду. Ром
болсо Маканды
тааныбайт дагы. Демек,
өз өмүрүнөн
чочулабаса деле болот.
Ушул чечимге келген
Макан Нестанды
жанына алып, көптөн
бери саксактап
айдабай жүргөн
машинасын айдап,
баягы эрди-катын
Касым менен
Берметтин абалын
билүүгө, анан аларды
шылтоо кылып
Нестанга жер көрсөтүп,
көңүлүн көтөрүү эле.
Касымдын үйүнө
бешим ченде жетишти.
Бу чөлкөм тоолуу
аймакта
жайгашкандыктан
шаарга караганда
кардуу, суук. Макан
Касымдын эшик
алдына келип,
машинадан сигнал
бере түштү. Анан
Нестан экөө
багажниктеги үч-төрт
баштыктагы
базарлыгын алып
жатканда башына эски
тумак чөкчөйгөн,
шырмалчан Касым
чыгып, буларды көрдү
да Маканга чуркай
жетип, кучактады.
Айтыбайтарга сөз
таппайт. Макан да
сагынып калган экен, а
да кучактайт тигинин
сөөксаагын кычырата.
Ал аңгыча Бермет
чыкты. А дагы бир
тууган инисин
көргөндөй далбалактап
Макандын мойнуна
асыла өпкүлөп жатат.
Эрди-катын экөө тең бу
ким болуп кетти деп
периште сындуу
Нестанды карайт.
"Келин бала эмеспи?"
дегенди сурай албай
турушту. Бака-шака
үйгө киришти. Баары
бир үйгө тыгылып,
плитка сайып, ага
жылынып, тамагын
жасап, кыштан чыгат
тура. Салынган печкасы
деле бар экен, ага
жагууга отун менен
көмүр жок. Дасторкон
салынып, нан коюлду,
башка эч нерсе жок.
Сүттөп чай куюлду.
Касымдын энеси ого
бетер карый түшүптүр.
Маканга кайра-кайра
кагылып-согулуп жатат.
Макан бу бүлөнүн
кезексиз айтылган
кебин жакшы угуп,
буларды билди: Касым
да, Бермет да арагын
таштаган бойдон
ичпептир, быйыл түшүм
начар, айдалган
картошкасы үрөн
менен жегенден ашпай
калыптыр. Ичип жүрүп
аз гана убакта кадыры
таптакыр түшүп калган
немелер бирөөлөрдөн
жардам да алалышпайт
эмеспи. Макандар ала
келген базарлык
дасторконго мол
коюлуп, Касымдын
бүлөсүнө той түштү,
бөтөнчө анын уулкызы
жыргады бейм.
Макан аккөңүл,
бирөөнө жардам
бергенден кадимкидей
каниет алган неме
Касымдын кой-айына
көнбөй анын маңдайкы
кошунасынан кой
апкелишти. Далайдан
бери эт салынбаган
килейген казан асылып,
от улуу жагылды. Ошол
күнкү узун түн
Касымдын бүлөсү үчүн
улуу майрам эле, бакыт
ушундай болот тура
деп ойлоп коет Бермет
байкуш...
Мирбек Нестандын
тагдырын жакшы
уккан. Аны зордуктаган
айбанды, Кулан менен
Сонундун кылыктарын
жектеген. Ошону
укканда эми жетип
барып ит аткандай
кылып атып салгысы да
келген.
Макан менен Нестан
айылдан кайтып
келгенден эки күн
өткөндө эми өз үйүндө
жашырынбай эле
жашай баштаган
Маканга барып ал-абал
сураган Мирбек кептен
кеп чыгарып отуруп
Нестанды кор кылган
жанагы үчөөнө жетти
сөзү.
-Аларды жөн койбойм,
- деди ошондо Макан
тиштене, - кылган
айбанчылыктарын эки
эселеп өз баштарына
алып келбесем элеби.
-Мен дал ушуну
айтайын деп жатпадым
беле. Ал ишти мага бер,
Маке, - деди Мирбек
өтүнүп. Сөзсүз аларды
жазалайм деп ойлоп
койгон эмеспи.
#265 15 March 2013 - 18:27
-Эмне кылайын дейсиң?
-Азыр айтып отурбайын. Жасагандан кийин угарсың.
-Макулмун. Бирок өмүрлөрүн өздөрүнө калтыр, - деди Макан.
-Өмүрүн эмне кылайын, бирок эсинен кетпегендей кылам. Өлтүрүп жакшылык кыла албайм аларга. Ушуну менен сөз бүттү
-Азыр айтып отурбайын. Жасагандан кийин угарсың.
-Макулмун. Бирок өмүрлөрүн өздөрүнө калтыр, - деди Макан.
-Өмүрүн эмне кылайын, бирок эсинен кетпегендей кылам. Өлтүрүп жакшылык кыла албайм аларга. Ушуну менен сөз бүттү
#266 15 March 2013 - 18:31
***
Сонун норка тумагын, аз мурун Кулан өз колу менен сатып берген кашемир деген пальтосун, кычыраган өтүгүн кийип шаарга барып бир ойсоктоп келмекке айылдагы
аялдамада турат эле,
бир аппак "Жигули"
келип токтоп, рулдагы келишимдүү жигит эшигин ачып сылык
сүйлөдү:
-Эжеке, ала кетейинби?
Аздап үшүй баштаган Сонун сүйүнүп кетти:
-Ырас болбодубу,-Сонун машинанын алдына отуруп, бу татына жигитти көз кыйыгы менен карап, жарашыктуу кийимине, өңүнө суктанып кетип баратат. Мындайда анын ою бир гана жерге барып такалат эмнегедир. "Атаганат, ушундай жигиттин арзыган адамы болсо гана. Жаш да кетип баратат. Эми мындай жигиттердин жылуу кучагы буюрбайт го... Эмнеге буюрбайт экен, эмне өң десе өңү бар, сөз десе сөзү бар... Шалдыраган күйөөгө чыксам эле баамды төмөндөтпөйүнчү. " Сонундун ою улам тереңдеп отуруп бу жолдон көзүн албай тайгак жолдо машинасын зуулдаткан жигиттин койнунда балыктай туйлап балкыган абалына чейин элестеп жиберди. Денесине бир жагымдуу жылуулук, элирүү келди. Дал ошол маалда үн катпай келаткан жигит:
-Эжеке, сүйлөй отурбайсызбы? - деп
аны карап жылмайды эле, Сонун шашып калып:
-Сендей татына жигитке сөз сүйлөш кыйын эмеспи, - деп оозуна келе калган сөздү айтты.
Сонун норка тумагын, аз мурун Кулан өз колу менен сатып берген кашемир деген пальтосун, кычыраган өтүгүн кийип шаарга барып бир ойсоктоп келмекке айылдагы
аялдамада турат эле,
бир аппак "Жигули"
келип токтоп, рулдагы келишимдүү жигит эшигин ачып сылык
сүйлөдү:
-Эжеке, ала кетейинби?
Аздап үшүй баштаган Сонун сүйүнүп кетти:
-Ырас болбодубу,-Сонун машинанын алдына отуруп, бу татына жигитти көз кыйыгы менен карап, жарашыктуу кийимине, өңүнө суктанып кетип баратат. Мындайда анын ою бир гана жерге барып такалат эмнегедир. "Атаганат, ушундай жигиттин арзыган адамы болсо гана. Жаш да кетип баратат. Эми мындай жигиттердин жылуу кучагы буюрбайт го... Эмнеге буюрбайт экен, эмне өң десе өңү бар, сөз десе сөзү бар... Шалдыраган күйөөгө чыксам эле баамды төмөндөтпөйүнчү. " Сонундун ою улам тереңдеп отуруп бу жолдон көзүн албай тайгак жолдо машинасын зуулдаткан жигиттин койнунда балыктай туйлап балкыган абалына чейин элестеп жиберди. Денесине бир жагымдуу жылуулук, элирүү келди. Дал ошол маалда үн катпай келаткан жигит:
-Эжеке, сүйлөй отурбайсызбы? - деп
аны карап жылмайды эле, Сонун шашып калып:
-Сендей татына жигитке сөз сүйлөш кыйын эмеспи, - деп оозуна келе калган сөздү айтты.
#267 15 March 2013 - 18:36
-Тескерисинче,
сиздей келишимдүү аялзатына сөз айткандан коркуп баратам. Бир көргөндө эле татына келбетиңиз адамды суктандырып салат экен. Жомоктогу периштерелерден
эмессизби?
Жигит ушул сөзү менен Сонундун мактоону сүйгөн мүнөзүнүн да үстүнөн түшпөдүбү, кудай берип эле салды. Өзүнөн сулуу, жаш кызды көргөндө итатайы тутулуп, өңү сертирек аялзаты менен турса өзүн жылдыз арасынан көрчү, бөтөнчө анын татына өңүн айтып койгон немеге жанын бере жаздачу Сонун жигиттин бу сөзүнөн кийин эрип кете жаздады. Эмне деп сөз улантарын билбей, бу жигит дагы да сүйлөсө экен, жанды койбой тийишсе экен деп самап турду. Жигит анын оюн билгендей:
-Эжеке, атыңызды айтсаңыз, өмүр өткөнчө болбосо да далай жыл суктана айтып жүрөйүн.
-Атым Сонун, а өзүңдүкүчү?
-Менин атым Автандил.
-Затыңа жарашкан жакшы ат экен.
-Меники эмес, сиздин ат затыңызга дал келет экен. Сонун эжеке. Эми чүрөктөй аялзатын көргөндө дайым сизди эстеп жүрмөк болдум окшойт. "Мен да сени эстеп жүрөм" деп айтып ала жаздаган Сонун кайра кармана калды. Сонун өз абалына келди -көздөрү моймолжуп, эрдинин чети аздап
тиштелип кайра кое берилип, жигитти жароокер карады:
-Эстеп эле жүрбөй,
салам айта да жүр.
-Анда мен сизге чексиз ыраазымын, эжеке.
-Жашырын болбосо, кайда иштейсиң?
-Эмнеге жашыруун болсун. Бизнес жасайм.
-Бүлөң барбы?
-Болчу.
-Ажырашып кеттиң
беле?
-Көп жыл болду. Менин миллиондорумду короткондон башка эч нерсе билчү эмес.
Жигиттин жообунан Сонун үчүн эки сонун
нерсе бар эле: биринчиден, бу жигит бойдок экен, экинчиден, мурунку аялы миллиондорду
коротуп жүрсө чириген бай тура. Ушундай жигитке кайырмак илбесе кимге илет?
-Эжеке, мен сизди кайдан табам?
-Мени издебе, ниетиң болсо адресиңди бер, мен өзүм таап алам. Сенин шагыңды сындырбайын. Байкашымда дурус элесиң го.
-Рахмат, эжеке, - жигит бу жерде жашайм, иштейм деп адресин бербеди.
эмессизби?
Жигит ушул сөзү менен Сонундун мактоону сүйгөн мүнөзүнүн да үстүнөн түшпөдүбү, кудай берип эле салды. Өзүнөн сулуу, жаш кызды көргөндө итатайы тутулуп, өңү сертирек аялзаты менен турса өзүн жылдыз арасынан көрчү, бөтөнчө анын татына өңүн айтып койгон немеге жанын бере жаздачу Сонун жигиттин бу сөзүнөн кийин эрип кете жаздады. Эмне деп сөз улантарын билбей, бу жигит дагы да сүйлөсө экен, жанды койбой тийишсе экен деп самап турду. Жигит анын оюн билгендей:
-Эжеке, атыңызды айтсаңыз, өмүр өткөнчө болбосо да далай жыл суктана айтып жүрөйүн.
-Атым Сонун, а өзүңдүкүчү?
-Менин атым Автандил.
-Затыңа жарашкан жакшы ат экен.
-Меники эмес, сиздин ат затыңызга дал келет экен. Сонун эжеке. Эми чүрөктөй аялзатын көргөндө дайым сизди эстеп жүрмөк болдум окшойт. "Мен да сени эстеп жүрөм" деп айтып ала жаздаган Сонун кайра кармана калды. Сонун өз абалына келди -көздөрү моймолжуп, эрдинин чети аздап
тиштелип кайра кое берилип, жигитти жароокер карады:
-Эстеп эле жүрбөй,
салам айта да жүр.
-Анда мен сизге чексиз ыраазымын, эжеке.
-Жашырын болбосо, кайда иштейсиң?
-Эмнеге жашыруун болсун. Бизнес жасайм.
-Бүлөң барбы?
-Болчу.
-Ажырашып кеттиң
беле?
-Көп жыл болду. Менин миллиондорумду короткондон башка эч нерсе билчү эмес.
Жигиттин жообунан Сонун үчүн эки сонун
нерсе бар эле: биринчиден, бу жигит бойдок экен, экинчиден, мурунку аялы миллиондорду
коротуп жүрсө чириген бай тура. Ушундай жигитке кайырмак илбесе кимге илет?
-Эжеке, мен сизди кайдан табам?
-Мени издебе, ниетиң болсо адресиңди бер, мен өзүм таап алам. Сенин шагыңды сындырбайын. Байкашымда дурус элесиң го.
-Рахмат, эжеке, - жигит бу жерде жашайм, иштейм деп адресин бербеди.
#268 15 March 2013 - 18:42
Аркы-теркиден сүйлөшүп, ал ансайын Сонун жигитке жакы болуп, бериле жаздап калганда шаарга кирип келишти. Жигиттин сунушу менен экөө бир жакшы кафеге отуруп тамак ичишти. Сонун бир-эки ирет арактан да сокту, рулда экенин айтып жигит ичпеди. Эки рюмка ичине кирип көңүлү ого бетер көтөрүлгөн Сонун өзүн бу жигиттин өлө-тала арзыган адамындай сезип каш какканы менен көз сүзгөнү көбөйүп, "кунаажын көзүн сүзбөсө, балээ бука кайдан жибин үзөт" болуп баратты. Жигит рюмканы дагы эки ирет толтурду. Андан кийин экөө ушул күндү бирге өткөрүшмөй болду. Азыр Сонунга баары бир эле, ушул келишимдүү жигиттин жанында болуудан өткөн жыргал жоктой көрүндү. Жигит бу чоң шаардын көптөгөн көчөлөрү менен машинасын зуулдата айдап жалаң жалгыз үйлөрдөн турган көчөдөгү бир үйдүн ачыккөк дарбазасын качыра токтоп, сигнал берди эле аз өтпөй дарбаза кенен ачылып машина короого киргенде кайра жабылды. Жигит Сонунду сыпаа, этият колтуктай үйгө киргизип, төркү үйдөгү дивандан орун көрсөттү. Аз өтпөй ортодогу стол тамакка толду. Баарын ташып, кирип чыккан бир сулуу кыз Сонунду столго чакырды. Сыртка чыгып кеткен жигит да келди. Сонун үчүн кафеден башталган жыргалы бу жерден уланды. Жанагы кыз чай, суусундук, арак куюп тейлеп жатат. Бир маалда Сонундун көзү сүзүлүп, отурган жеринен оңкодон сайылмай болду эле, тейлеп жүргөн кыз сүйөй калды. Жигит ордунан туруп кыз экөөлөп Сонунду колтуктап ала сүйрөп короодогу машинанын арткы орундугуна отургузушту.
Жанына кыз отурду кийинип чыгып. Шалкылдай наркы-терки оогон Сонунду кучактай кармады кыз. Жигит машинаны айдап жанагы келген жолу менен түз Сонундун айылын көздөй айдап, айылга жете бербеген жолдон жарым чакырымдай обочо жердеги
көрүстөндөрдү көздөй бурду да, анын четине барып токтоду. Көрүстөндүн тоо жак четинде бүгүн коюлчу көрдү казып даярдап коюп, сөөк ээси кеңири апкелип берген самогондон айда согушуп бака-шака карта чаап жаткан алты неме келген машинаны байкашкан да жок. Жигит менен кыз Сонунду машиненин ичинен энеден туума жылаңачтап жиберишип, тирүү болгону менен эс оодарчу дарыны жана үйдөн кыздын колу менен чайга кошулуп жакшы ичкен немени суналта сүйрөп эки көрүстөндүн ортосуна алпарып, адамдык кылып кашемир пальтосун алдына сала жаткырышты. Калган кийимдерин жолдо келатып машинадан ыргытып салышты...
көрүстөндөрдү көздөй бурду да, анын четине барып токтоду. Көрүстөндүн тоо жак четинде бүгүн коюлчу көрдү казып даярдап коюп, сөөк ээси кеңири апкелип берген самогондон айда согушуп бака-шака карта чаап жаткан алты неме келген машинаны байкашкан да жок. Жигит менен кыз Сонунду машиненин ичинен энеден туума жылаңачтап жиберишип, тирүү болгону менен эс оодарчу дарыны жана үйдөн кыздын колу менен чайга кошулуп жакшы ичкен немени суналта сүйрөп эки көрүстөндүн ортосуна алпарып, адамдык кылып кашемир пальтосун алдына сала жаткырышты. Калган кийимдерин жолдо келатып машинадан ыргытып салышты...
#269 15 March 2013 - 18:48
Сонун түш көрдү. Кайыкта бараткан. Бир маалда кайык
коңторулуп учуп кетти. Суу аябай муздак экен, аябай үшүйт. Жанталашып чабак уруп, жээкке жөнөдү. Жээкте котолоп эл батпайт. Бирдемелерди айтып кужулдашып жатат. Кай бири тилдеп жаткандай да көрүнөт. Аз болсо сууктан өлчүдөй. Жээкти көздөй жан үрөп жанталашат. Шайы небак кетип, буту араң шилтенип жатса, суу астынан бирөөлөр буттан алып, бири колдон алып жатпайбы. Сөккөндөрү угулат.
"Айбандар, мага тийбегиле" деп Сонун да сөгөт... Сонун көзүн ачты. Эс-мас абалда. Жаман күйөөсү пальто жаап жатат, отурган жеринен. Тилденген, шылдыңдаган сөздөр угулат, толгон немелер тегеректеп алыптыр. Жок, бул түшү эмес экен. Түшү сууга чумкуп чабак урганы экен. Сонун өзү да кымтылана калды. Көк муштум болуп калтырай, тиши-тишине шакылдайт.
-Бетиң курсун! - деди бири.
-Ичип алган тура, энеңди урайын ######!
-Туй ата, катын болгон сенин!!!
Тегеректегендердин баары кетип жанында жаман күйөөсү күйпөлөктөйт.
-Тур, жүрү кетеличи бу жерден.
Сонун пальтосун жылаңач этине кийип жылаңайлак басты. Күйөөсү батинкесин чечип берген жок. Ушул айылда бир сексенден өтүп каза болгон чалды койгону келген немелердин кай бири сөөк казанакка коюлуп, кирпичи тизилип, көргө топурак үйүлгөнчө бу жерде сөөгү коюлган урук- туугандарынын эстеликтерине басып, кай бири куран окуп жатышкан. Бир чал илгери кеткен атасынын мүрзөсүнө баратты эле, дал алдында зоңкуйган аял жылаңач жатат. Чалдын жүрөгү оозуна кептелди, эмне сөз айтканы белгисиз бир кыйкырып алды эле, бат эле он-онбеш адам ага жетип алар да көрүштү жылаңач аялды. Арак буркурайт денесинен. Жанагы машинеси менен алып келген жигит бир бөтөлкө аракты
Сонундун үстүнө жаба куюп кеткен эмеспи. Чогулгандардын бири айты:
-Эй, бу энеңди урайын тирүү экен! Бу кезде Сонун жанталашып чабак уруп бараткан болчу.
-Ким бу, - деди бири. Дагы бири аялды
оодара:
-Ой, бу жанагы Жигитбектин аялы турбайбы.
-Ой энеңди десе... Баягы сойкусубу?
-Анан эмне анын башка да сойкусу бар беле?
-Таң...
-Ой, мусулман болсоңор жаап койсоңор болбойбу.
Эки киши аялды кырынан оодарып салынган пальтосунун бир өңүрү менен жапкан болду.
-Туй, эненди, ит ичкендей ичиптир
тимеле!
-Ой, жылаңач катын
көрө элексиңерби, тиги күйөө сөрөйүн
чакырбайсыңарбы, -
деп бир карыя айтты эле, бирөө барып топ арасында отурган Жигитбекти чакырып келди. Бул баягы кызын кыз деп санабаган айбан. "Жаман иттин аты бөрүбасар" деген дал ушуга арналгандай аты Жигитбек, соолуп калгырдыкы. Сөөктү узата келген толгон-
токой машиналарга
салууга болбойт бу
аялын, анан да ким
алмак эле.
коңторулуп учуп кетти. Суу аябай муздак экен, аябай үшүйт. Жанталашып чабак уруп, жээкке жөнөдү. Жээкте котолоп эл батпайт. Бирдемелерди айтып кужулдашып жатат. Кай бири тилдеп жаткандай да көрүнөт. Аз болсо сууктан өлчүдөй. Жээкти көздөй жан үрөп жанталашат. Шайы небак кетип, буту араң шилтенип жатса, суу астынан бирөөлөр буттан алып, бири колдон алып жатпайбы. Сөккөндөрү угулат.
"Айбандар, мага тийбегиле" деп Сонун да сөгөт... Сонун көзүн ачты. Эс-мас абалда. Жаман күйөөсү пальто жаап жатат, отурган жеринен. Тилденген, шылдыңдаган сөздөр угулат, толгон немелер тегеректеп алыптыр. Жок, бул түшү эмес экен. Түшү сууга чумкуп чабак урганы экен. Сонун өзү да кымтылана калды. Көк муштум болуп калтырай, тиши-тишине шакылдайт.
-Бетиң курсун! - деди бири.
-Ичип алган тура, энеңди урайын ######!
-Туй ата, катын болгон сенин!!!
Тегеректегендердин баары кетип жанында жаман күйөөсү күйпөлөктөйт.
-Тур, жүрү кетеличи бу жерден.
Сонун пальтосун жылаңач этине кийип жылаңайлак басты. Күйөөсү батинкесин чечип берген жок. Ушул айылда бир сексенден өтүп каза болгон чалды койгону келген немелердин кай бири сөөк казанакка коюлуп, кирпичи тизилип, көргө топурак үйүлгөнчө бу жерде сөөгү коюлган урук- туугандарынын эстеликтерине басып, кай бири куран окуп жатышкан. Бир чал илгери кеткен атасынын мүрзөсүнө баратты эле, дал алдында зоңкуйган аял жылаңач жатат. Чалдын жүрөгү оозуна кептелди, эмне сөз айтканы белгисиз бир кыйкырып алды эле, бат эле он-онбеш адам ага жетип алар да көрүштү жылаңач аялды. Арак буркурайт денесинен. Жанагы машинеси менен алып келген жигит бир бөтөлкө аракты
Сонундун үстүнө жаба куюп кеткен эмеспи. Чогулгандардын бири айты:
-Эй, бу энеңди урайын тирүү экен! Бу кезде Сонун жанталашып чабак уруп бараткан болчу.
-Ким бу, - деди бири. Дагы бири аялды
оодара:
-Ой, бу жанагы Жигитбектин аялы турбайбы.
-Ой энеңди десе... Баягы сойкусубу?
-Анан эмне анын башка да сойкусу бар беле?
-Таң...
-Ой, мусулман болсоңор жаап койсоңор болбойбу.
Эки киши аялды кырынан оодарып салынган пальтосунун бир өңүрү менен жапкан болду.
-Туй, эненди, ит ичкендей ичиптир
тимеле!
-Ой, жылаңач катын
көрө элексиңерби, тиги күйөө сөрөйүн
чакырбайсыңарбы, -
деп бир карыя айтты эле, бирөө барып топ арасында отурган Жигитбекти чакырып келди. Бул баягы кызын кыз деп санабаган айбан. "Жаман иттин аты бөрүбасар" деген дал ушуга арналгандай аты Жигитбек, соолуп калгырдыкы. Сөөктү узата келген толгон-
токой машиналарга
салууга болбойт бу
аялын, анан да ким
алмак эле.
#270 15 March 2013 - 18:57
Жашырынып-жашынып барууга буйтку жол да жок. Көчө менен апкелди аялын жетелей. Элдин баарына шермендесин чыгарган бу катынына бир ооз жаман сөз айта албайт, бети дуулдай ысып жерден башын көтөрө албай короого киргенде гана азга демин басты Жигитбегиң.
Сонун болсо жана мүрзөдөн эле эсине келген. Анын абийири кеткенин ойлоп жинди боло жаздаганын сөз менен айтып болбос. Бир жума төшөктө жатып, бир күнү та заардан кийим-кечегин түгөлү менен көтөрүп үйүнөн чыгып кетти кайра кайткыс. Бул Мирбектин Нестан үчүн алган өчүнүн башы гана болчу. Кулан баягы боюнча Нестанды издеп жүрөт. Милийсага нечен барат, сүрөтүн апкел дейт, же сүрөтү жок. Бүгүн дагы милийсага барып келаткан. Райборбордон айылга кетчү аялдамага келип так#### отурмак болду эле, бир жаш жигит салам айтып эле сурады:
-Кулан сиз болосузбу?
-Ии, менмин, - деп ал
делдейе калды.
-Сиз болсоңуз, Нестан табылды. Биз менен барып алып кетиңиз, -деди жигит, - жүрүңүз. Кулан жигитти ээрчий басты, сүйүнүп баратат. Жигит обочо турган "Жигулисинин" эшигин ачып Куланды отургузду, өзү отурду. Кетип баратканда Кулан сурады:
-Кайдан таптыңар Нестанды?
-Таптык, - деди жигит кайдан экенин айтпай. "Бу милийсада иштеген неме го, - деди Кулан ичинде, - кебетесине
караганда ошондой.
Эми унчукпайын, жинине тийип албайын". Машине райборбордон чыгып бир аз узагандан кийин жол жээгинде турган дагыбир "Жигулинин" артына токтоду. Тиги машинадан эки жигит бери басышып түз эле Кулан отурган тараптагы эшикти ачып аны делдектете сүйрөп, өздөрүнүн машинасына тыгышты. Куланда
кайдан кеп болсун. "Бу эмнеңер?" деп сураганга шаасы келбей тилооздон кала жүрөгү түшүп, муун-жүнү бошой, денесин тегиз калтырак басты. Эки жигит эки жагында отурат. Анан бири бөтөлкө аракты ачып кырдуу стаканга баса куйду:
-Ме, ич! Кулан калтыраган колу менен стаканды алды, ичпей турду. Ичкиликти ыгы менен ичип жүрөт, бирок мынча аракты бир басып көргөн эмес. Сол тарабында жигит: -Эй, ичпейсиңби, ыя?! -деп Куланды кежигеден шадылуу колу менен капшыра кармады эле анын мойну сынып кете жаздады, көздөрү мөлт этип чыгып кетчүдөй. Стакан оозуна алынды. Дымын чыгарбай ичти. Дагы бир стакан куюп ичиришти. Ошондон соң Кулан эңги-деңги болуп, эмне
ойлогонунан эсеби жок кеңгиреп калды. Машина баягы Сонун "мейман" болуп кеткен үйдүн короосуна токтотулду. Куланды машинадан түшүрүшкөн жок, жанына эс-учунан тана мас болуп шалпылдай сөгүнгөн бир турна бут сойкуну oтургузушту.
Саат таңкы жетиден өтүп калган. Кар баскан айылдыктар ойгонуп, отун жагып, мал-салына чөп салып, балдар окууга камданган убак. Көчө али караңгы. Мектеп менен айыл өкмөтүнүн имараты жанаша. Бул жерде үч-төрт дүкөн, ончакты комок иштейт. Айылдын борбору эсептелет. Дал ушул жерге аз мурун бир машина келип токтоп, андан өлүктөй суналган жылаңач эки денени сүйрөп түшүрүштү. Ошол эле жерге эски
палас салынып эки дене катар жаткырылды. Баш жактарына ооздору ачылган жарымдалган бир арак, бир коньяк стакандары менен коюлду. Бир тарелкада туздалган бадыраң, бир тарелкада кесек-кесек тууралган пияз. Машина кеткенден бир саат өткөндө кыжы-кужу болуп келаткан ончакты окуучу бала жол жээгинде
кучакташкандай жаткан эки денени
көрүшүп, бир-экөө
бакырып да жиберишти.
-Кулан сиз болосузбу?
-Ии, менмин, - деп ал
делдейе калды.
-Сиз болсоңуз, Нестан табылды. Биз менен барып алып кетиңиз, -деди жигит, - жүрүңүз. Кулан жигитти ээрчий басты, сүйүнүп баратат. Жигит обочо турган "Жигулисинин" эшигин ачып Куланды отургузду, өзү отурду. Кетип баратканда Кулан сурады:
-Кайдан таптыңар Нестанды?
-Таптык, - деди жигит кайдан экенин айтпай. "Бу милийсада иштеген неме го, - деди Кулан ичинде, - кебетесине
караганда ошондой.
Эми унчукпайын, жинине тийип албайын". Машине райборбордон чыгып бир аз узагандан кийин жол жээгинде турган дагыбир "Жигулинин" артына токтоду. Тиги машинадан эки жигит бери басышып түз эле Кулан отурган тараптагы эшикти ачып аны делдектете сүйрөп, өздөрүнүн машинасына тыгышты. Куланда
кайдан кеп болсун. "Бу эмнеңер?" деп сураганга шаасы келбей тилооздон кала жүрөгү түшүп, муун-жүнү бошой, денесин тегиз калтырак басты. Эки жигит эки жагында отурат. Анан бири бөтөлкө аракты ачып кырдуу стаканга баса куйду:
-Ме, ич! Кулан калтыраган колу менен стаканды алды, ичпей турду. Ичкиликти ыгы менен ичип жүрөт, бирок мынча аракты бир басып көргөн эмес. Сол тарабында жигит: -Эй, ичпейсиңби, ыя?! -деп Куланды кежигеден шадылуу колу менен капшыра кармады эле анын мойну сынып кете жаздады, көздөрү мөлт этип чыгып кетчүдөй. Стакан оозуна алынды. Дымын чыгарбай ичти. Дагы бир стакан куюп ичиришти. Ошондон соң Кулан эңги-деңги болуп, эмне
ойлогонунан эсеби жок кеңгиреп калды. Машина баягы Сонун "мейман" болуп кеткен үйдүн короосуна токтотулду. Куланды машинадан түшүрүшкөн жок, жанына эс-учунан тана мас болуп шалпылдай сөгүнгөн бир турна бут сойкуну oтургузушту.
Саат таңкы жетиден өтүп калган. Кар баскан айылдыктар ойгонуп, отун жагып, мал-салына чөп салып, балдар окууга камданган убак. Көчө али караңгы. Мектеп менен айыл өкмөтүнүн имараты жанаша. Бул жерде үч-төрт дүкөн, ончакты комок иштейт. Айылдын борбору эсептелет. Дал ушул жерге аз мурун бир машина келип токтоп, андан өлүктөй суналган жылаңач эки денени сүйрөп түшүрүштү. Ошол эле жерге эски
палас салынып эки дене катар жаткырылды. Баш жактарына ооздору ачылган жарымдалган бир арак, бир коньяк стакандары менен коюлду. Бир тарелкада туздалган бадыраң, бир тарелкада кесек-кесек тууралган пияз. Машина кеткенден бир саат өткөндө кыжы-кужу болуп келаткан ончакты окуучу бала жол жээгинде
кучакташкандай жаткан эки денени
көрүшүп, бир-экөө
бакырып да жиберишти.
#271 15 March 2013 - 19:00
-Өлүктөр жатат.
-Бир аял, бир эркек
экен.
-Жылаңач турбайбы.
-Өлтүрүп кетишкен
окшойт. Ушинтип чуулдаган балдардын бири мектепке чуркай кирип, эрте келген деректир менен беш-алты мугалимди чакырып чыгышты. Алар эки денени тегеректей карап не кылышарын билбей бир топко туруп калышты. Ангыча окуучу балдар, наркы-терки өткөн адамдар батпай котолошту. Дагы жарым сааттан кийин милийсасы келди, ага удаа "тезжардам" келип токтоду. Эки "өлүк" кыймылга келди. Экөөнүн кийимдери ушул жерде болчу. Эки жагын элеңдей
карашып kийимдерин алып, шаша-буша кийинишет. Мас сойку котологон элди элес албай сөгүнүп жатат. Куландын өлбөгөн төрт шыйрагы калган эмеспи. Экөөнү милийса ээрчитип мектепке алып кирип сурак жүргүздү. Эки стакан аракты кыйнап ичиргенин гана айтты, башка эч нерсе билбейт эле. Сойку болсо: "Мага бул төлөмөк, төлөй элек, төлөтүп бергиле!" деп милийсаңды да,
башкасын да элес
албай, элес алмак
тургай эки сөзүнүн
бири кызылдай сөгүнгөн сөз.
Масы тарай элек болсо да Кулан өлүп турду, бу жашоодон тез эле кеткиси келип ушул азыр муунуп өлгүсү бар. Бирок айла таппайт.
Тирүү болгону менен
өлүк кейпинде үйүнө келди. Ошол күнү кечинде аны
"тезжардам" машинасы алып кетип, райборбордогу реанимация бөлүмүнө жаткырышты. Кулан ооруканадан бир айдан өтүп чыкты.
Чыкканы курусун бир буту эптеп шилтенип ошол бут жак капталы же шал же соо эмес болуп жаагы кыйшайып чыкты. Суук катуу тийген, анан нерви катуу
бузулгандан дешти.
Мурунку жылма жүзү эми мырыйган,
кыйшайган жүзгө айланып, көргөн
адамды бир силкинтип алчу кебетеге келди. Айылда болсо ал жөнүндөгү айың кеп
далайга элге эрмек
болду. "Шаардан сойку жалдап, үйгө алып келе жатып, чыдабай мектептин жанынан баса калып, мас болуп тура албай kалыптыр" деген айың баарынан көп айтылды. Бир да адамдын жүзүн карай албай жаткан Куландын оору буту эми биротоло шилтөөдөн калды.
-Бир аял, бир эркек
экен.
-Жылаңач турбайбы.
-Өлтүрүп кетишкен
окшойт. Ушинтип чуулдаган балдардын бири мектепке чуркай кирип, эрте келген деректир менен беш-алты мугалимди чакырып чыгышты. Алар эки денени тегеректей карап не кылышарын билбей бир топко туруп калышты. Ангыча окуучу балдар, наркы-терки өткөн адамдар батпай котолошту. Дагы жарым сааттан кийин милийсасы келди, ага удаа "тезжардам" келип токтоду. Эки "өлүк" кыймылга келди. Экөөнүн кийимдери ушул жерде болчу. Эки жагын элеңдей
карашып kийимдерин алып, шаша-буша кийинишет. Мас сойку котологон элди элес албай сөгүнүп жатат. Куландын өлбөгөн төрт шыйрагы калган эмеспи. Экөөнү милийса ээрчитип мектепке алып кирип сурак жүргүздү. Эки стакан аракты кыйнап ичиргенин гана айтты, башка эч нерсе билбейт эле. Сойку болсо: "Мага бул төлөмөк, төлөй элек, төлөтүп бергиле!" деп милийсаңды да,
башкасын да элес
албай, элес алмак
тургай эки сөзүнүн
бири кызылдай сөгүнгөн сөз.
Масы тарай элек болсо да Кулан өлүп турду, бу жашоодон тез эле кеткиси келип ушул азыр муунуп өлгүсү бар. Бирок айла таппайт.
Тирүү болгону менен
өлүк кейпинде үйүнө келди. Ошол күнү кечинде аны
"тезжардам" машинасы алып кетип, райборбордогу реанимация бөлүмүнө жаткырышты. Кулан ооруканадан бир айдан өтүп чыкты.
Чыкканы курусун бир буту эптеп шилтенип ошол бут жак капталы же шал же соо эмес болуп жаагы кыйшайып чыкты. Суук катуу тийген, анан нерви катуу
бузулгандан дешти.
Мурунку жылма жүзү эми мырыйган,
кыйшайган жүзгө айланып, көргөн
адамды бир силкинтип алчу кебетеге келди. Айылда болсо ал жөнүндөгү айың кеп
далайга элге эрмек
болду. "Шаардан сойку жалдап, үйгө алып келе жатып, чыдабай мектептин жанынан баса калып, мас болуп тура албай kалыптыр" деген айың баарынан көп айтылды. Бир да адамдын жүзүн карай албай жаткан Куландын оору буту эми биротоло шилтөөдөн калды.
#272 15 March 2013 - 19:06
***
Кенже апа Кулан
күйөөсүнүн окуяларын
Батмадан уккан. Бирок
анын шал болуп
жатканын Батма
айтпады, азырынча...
Кенже апа Кулан
күйөөсүнүн окуяларын
Батмадан уккан. Бирок
анын шал болуп
жатканын Батма
айтпады, азырынча...
#273 15 March 2013 - 19:07
***
Баягыда Макан менен
Бекен Кенже апа менен
сүйлөшүп, Батмага аны
жакшы бак деп тутам
акча таштап кеткенден
кийин Батма Кенжени
чын эле жакшы карады.
Бир жыл бел түзөбөй
иштесе да таппай
турган акчаны Батма
дурус актап жатты. Эми
Батманын түйшүгү
көбөйдү. Дагы бир
ооруну карайт, анысы
Кулан акеси. Кулан кош
балдактуу болгон. Бир
бутун сүйрөп, балдагын
таянып өзү кирип-
чыкканы менен
Кенжеден айырмасы аз
эле болчу. Кечээ эле
кейкейе да, койкойо да
басып өзүнө өзү
корстон болуп жүрчү
неме ооругандан алсыз,
жардамсыз болуп,
келбетинен кетти.
Жатып алып өткөн
өмүрүнө сарэсеп салат,
аттиң дегени көбөйөт.
Эми алсыз болуп
турганда Кенжени
ойлоп жатпайбы. Аны
аяган жок, андан
коркуп турду. Ал
жаткан бөлмө тарап
коркунучтуу көрүнөт.
Кечээ эле: "Бу шал
өлбөс болду" деп
Кенжени адам санынан
чыгарып, андан
жийиркенип, андан
эртерээк кутулса, жаш
аялын мактана
ээрчитип элге
аралаштырып жыргап-
куунап өмүр сүрмөкчү
Кулан бүгүн күнү
бүткөндөй, соодасы
түгөнгөндөй абалда
калды. Эми анын
жолунун түзү жок,
жаркыраган жарыгы
жок. Ошентип тирүү
болуп жерде жок, өлүү
болуп көрдө жок
абалда жаткан Куланга
дагы бир катуу сокку
болду. Ошондон соң
Кулан биротоло
оңкосунан сайылды
окшойт. Кеп ошол
жөнүндө болсун...
Баягыда Макан менен
Бекен Кенже апа менен
сүйлөшүп, Батмага аны
жакшы бак деп тутам
акча таштап кеткенден
кийин Батма Кенжени
чын эле жакшы карады.
Бир жыл бел түзөбөй
иштесе да таппай
турган акчаны Батма
дурус актап жатты. Эми
Батманын түйшүгү
көбөйдү. Дагы бир
ооруну карайт, анысы
Кулан акеси. Кулан кош
балдактуу болгон. Бир
бутун сүйрөп, балдагын
таянып өзү кирип-
чыкканы менен
Кенжеден айырмасы аз
эле болчу. Кечээ эле
кейкейе да, койкойо да
басып өзүнө өзү
корстон болуп жүрчү
неме ооругандан алсыз,
жардамсыз болуп,
келбетинен кетти.
Жатып алып өткөн
өмүрүнө сарэсеп салат,
аттиң дегени көбөйөт.
Эми алсыз болуп
турганда Кенжени
ойлоп жатпайбы. Аны
аяган жок, андан
коркуп турду. Ал
жаткан бөлмө тарап
коркунучтуу көрүнөт.
Кечээ эле: "Бу шал
өлбөс болду" деп
Кенжени адам санынан
чыгарып, андан
жийиркенип, андан
эртерээк кутулса, жаш
аялын мактана
ээрчитип элге
аралаштырып жыргап-
куунап өмүр сүрмөкчү
Кулан бүгүн күнү
бүткөндөй, соодасы
түгөнгөндөй абалда
калды. Эми анын
жолунун түзү жок,
жаркыраган жарыгы
жок. Ошентип тирүү
болуп жерде жок, өлүү
болуп көрдө жок
абалда жаткан Куланга
дагы бир катуу сокку
болду. Ошондон соң
Кулан биротоло
оңкосунан сайылды
окшойт. Кеп ошол
жөнүндө болсун...
#274 15 March 2013 - 19:09
Нестандын сезими
күндөн күнгө аппак
тазаланып, зээндүү
жаралган неменин
акылы тунуктанып,
наркы-беркиге
түшүнүгү артып, ал
ансайын бу жашоого
кызыгы артып, бу
жарыкчылык чоң
майрам, бүтпөс майрам
болуп уланып,
Маканына берилүүсү
саат сайын, күн сайын
күчөп турду. Ошол
күндөрдүн биринде
Нестан Маканга айтып
турду: "Макан байке,
Кенже апаны көрүп
келбейлиби? " Маканды
байке дейт, бир-эки
ирет Макан: "Мени
байке дебе, Макан де"
десе "Макул" же "жок"
дебеди. Бирок "Макан
байке" дегенин
таштабады. Нестандын
Кенже апаны көрүп
келели деген сунушуна
Макан кубанып макул
болуп, ошол айткан
күнү эле түшкө маал
экөө Куландын үйүнө
түшүштү. Короо
күрөлгөн эмес,
дарбазадан үйгө чейин
жалгыз аяк жол
түшкөн, Батманын жолу
болсо керек.
Макан эки сумка
толтура тамак-ашын
көтөрүп баштай баскан
Нестандын артынан
үйгө кирди. Бут
чечпестен эле
Кенженин бөлмөсүнө
өтүштү. Нестан
чалкадан түшүп жаткан
Кенжени басып
жыгылып өпкүлөп
жатат, ыйлап жатат.
Кенже эмне айтарын
билбей, калтырап-
титиреп ыйлап да, сөзү
сөзүнө уланбай
эркелетип жатат.
Биртопко кош ый
басылбай атып араң
токтоду окшойт. Эми
кезек менде дегенсип
Макан Кенже апа менен
учурашып, өбөм деген
немеге бетин тосту.
Анан тигиндейрээкте
турган жапыз үстөлдү
керебетке жанаша
койду. Нестан
сумкалардагы не бир
түркүн таттууну,
тамакты үстөлгө
жайнатты. Бөлмөнүн
ичи суук, босого жакта
токко сайылган
кичинекей плитканын
бу бөлмөнү жакшы
жылытканга күчү
жетпейт көрүнөт. Эми
ал-абал сурашып
жатышты. Нестан ар
нерседен алып Кенже
апасына ойбоюна
койбой жедирип жатат,
Батма эми эле кеткен
экен. Кенже ал келини
колунан келишинче
жакшы карап
жатканын айтты.
-Нестан, - деди бир
маалда Кенже анын
колун кармап, -
желмогуздун окуясын
уктуң беле?
Нестан сөз ким
жөнүндө болуп
жатканын ырасында
эле билген жок.
-Кимдин? - деди.
-Кимдин болмок эле,
жанагы айбанды айтам,
Куланды...
күндөн күнгө аппак
тазаланып, зээндүү
жаралган неменин
акылы тунуктанып,
наркы-беркиге
түшүнүгү артып, ал
ансайын бу жашоого
кызыгы артып, бу
жарыкчылык чоң
майрам, бүтпөс майрам
болуп уланып,
Маканына берилүүсү
саат сайын, күн сайын
күчөп турду. Ошол
күндөрдүн биринде
Нестан Маканга айтып
турду: "Макан байке,
Кенже апаны көрүп
келбейлиби? " Маканды
байке дейт, бир-эки
ирет Макан: "Мени
байке дебе, Макан де"
десе "Макул" же "жок"
дебеди. Бирок "Макан
байке" дегенин
таштабады. Нестандын
Кенже апаны көрүп
келели деген сунушуна
Макан кубанып макул
болуп, ошол айткан
күнү эле түшкө маал
экөө Куландын үйүнө
түшүштү. Короо
күрөлгөн эмес,
дарбазадан үйгө чейин
жалгыз аяк жол
түшкөн, Батманын жолу
болсо керек.
Макан эки сумка
толтура тамак-ашын
көтөрүп баштай баскан
Нестандын артынан
үйгө кирди. Бут
чечпестен эле
Кенженин бөлмөсүнө
өтүштү. Нестан
чалкадан түшүп жаткан
Кенжени басып
жыгылып өпкүлөп
жатат, ыйлап жатат.
Кенже эмне айтарын
билбей, калтырап-
титиреп ыйлап да, сөзү
сөзүнө уланбай
эркелетип жатат.
Биртопко кош ый
басылбай атып араң
токтоду окшойт. Эми
кезек менде дегенсип
Макан Кенже апа менен
учурашып, өбөм деген
немеге бетин тосту.
Анан тигиндейрээкте
турган жапыз үстөлдү
керебетке жанаша
койду. Нестан
сумкалардагы не бир
түркүн таттууну,
тамакты үстөлгө
жайнатты. Бөлмөнүн
ичи суук, босого жакта
токко сайылган
кичинекей плитканын
бу бөлмөнү жакшы
жылытканга күчү
жетпейт көрүнөт. Эми
ал-абал сурашып
жатышты. Нестан ар
нерседен алып Кенже
апасына ойбоюна
койбой жедирип жатат,
Батма эми эле кеткен
экен. Кенже ал келини
колунан келишинче
жакшы карап
жатканын айтты.
-Нестан, - деди бир
маалда Кенже анын
колун кармап, -
желмогуздун окуясын
уктуң беле?
Нестан сөз ким
жөнүндө болуп
жатканын ырасында
эле билген жок.
-Кимдин? - деди.
-Кимдин болмок эле,
жанагы айбанды айтам,
Куланды...
#275 15 March 2013 - 19:11
Куландын атын укканда
Нестан бир дирт этип
алып, дүйнөсү
куушурула түшкөндөй
болду. Эмелеги
бажырайган жүзү
кубара түштү. Анын бу
келген абалын Кенже
көргөн-сезген жок,
сөзүн улады:
-Ал айбандын абийири
кетиптир. Сага баарын
айтып отурушум уят
болор, иши кылып
абийири кетиптир, бир
бузулган неме менен
мас болуп жылаңач
жатып калыптыр дейт,
кардын үстүнө. Андан
мурун Сонун дагы
ошондой болуптур.
Абийирсиздер. ..
Нестан бу кепти уккан
да жок. Куландын, анын
артынан Сонундун
коркунучтуу элеси
келип, жүрөгүн түшүрүп
да, айлантып да
жиберди. Муну байкап
турган Макан:
-Апа, ошол айбандар
жөнүндө айтышпай эле
койбойлубу, - деди эле
Кенже:
-Жакшы эле оозго
албайын дедим эле,
эреркеп айтып
салбадымбы,
айланайындар, - деп
өзү да эми эле айткан
кеби туура эмес
айтылгандай уяла
калды.
-Андан көрө
экөөңөрдүн кебиңерди
укпаймынбы дейм да.
Кана, Макан балам эмне
оокат өткөзүп
жатасыңар, экөөңөр
бириккен түрүңөр бар,
ошондон айтчы?
Макан да, Нестан да
сөзмөр дегендердин
тизмесинде жок
немелер эмеспи,
сүйлөөгө, кеп угууга
дайым куштар Кенже
апанын миң сан
суроолоруна кезектеше
жооп берип, эми
булардын маеги
жыргал жакка ооп
барат уламдан улам.
Бир маалда Батма
келди балтаң-балтаң.
Меймандарды көрүп
чын дилинен аябай
сүйүндү. Бака-шака
түшүп бу жердеги
жаңылыктарды, акеси
менен жеңесин кандай
карап жатканын айтып
үлгүрүп, Нестандардын
абалын чыпчыргасын
калтырбай сурап
жатты.
Макан Батманын сырын
билип калган. Ала
келген арактан ачып,
Батма сырткы үйдөн
көтөрүп келген
килейген стаканга
кабелтең куюп сунду
эле аны колго алган аял
тост айтып турду:
-Экөөңөр бактылуу
болгула. Жеңем
сакайып кетсин.
Ошондо экөөбүз
ээрчишип алып
силердикине барып
турабыз. Тыякта акем
да буту шилтенбей
жатат, а да сакайып
кетсин. Аман бололу,
жалпыбыз. Батма
стакандарды бир эле
көңтөрүп кесилген
эттен сугунду: - Акеме
да ооз тийгизип
койбосок уят го?
-Алпарыңыз, -деди
Макан. Батма бир
тарелкага тамактардан
салып, Куланга көтөрүп
кетип кайра бат эле
келди:
-Жеңе, сиз өзүңүзгө
албаңыз, акемдин буту
да таптакыр шилтенбей
калды. Колу да, оң буту
менен оң колу, жаагы
да кыйшайып...
-Э ботом, качантан
бери, - деди Кенже,
кантсе да ак дил адам
эмеспи, чын дилден
чоочуп турду.
-Догдурдан келгенде
эле бир жак өрөөнү
мандемдүү келген.
Макан Куландын
окуясын жакшы билет,
жыйынтыгын уга элек
эле, эми укту. Сооп
болду деди. Анан дагы
бир ой келди.
-Нестан, жүрүчү, Кулан
байке менен учурашып
коелу.
Нестан селт этти.
Нестан бир дирт этип
алып, дүйнөсү
куушурула түшкөндөй
болду. Эмелеги
бажырайган жүзү
кубара түштү. Анын бу
келген абалын Кенже
көргөн-сезген жок,
сөзүн улады:
-Ал айбандын абийири
кетиптир. Сага баарын
айтып отурушум уят
болор, иши кылып
абийири кетиптир, бир
бузулган неме менен
мас болуп жылаңач
жатып калыптыр дейт,
кардын үстүнө. Андан
мурун Сонун дагы
ошондой болуптур.
Абийирсиздер. ..
Нестан бу кепти уккан
да жок. Куландын, анын
артынан Сонундун
коркунучтуу элеси
келип, жүрөгүн түшүрүп
да, айлантып да
жиберди. Муну байкап
турган Макан:
-Апа, ошол айбандар
жөнүндө айтышпай эле
койбойлубу, - деди эле
Кенже:
-Жакшы эле оозго
албайын дедим эле,
эреркеп айтып
салбадымбы,
айланайындар, - деп
өзү да эми эле айткан
кеби туура эмес
айтылгандай уяла
калды.
-Андан көрө
экөөңөрдүн кебиңерди
укпаймынбы дейм да.
Кана, Макан балам эмне
оокат өткөзүп
жатасыңар, экөөңөр
бириккен түрүңөр бар,
ошондон айтчы?
Макан да, Нестан да
сөзмөр дегендердин
тизмесинде жок
немелер эмеспи,
сүйлөөгө, кеп угууга
дайым куштар Кенже
апанын миң сан
суроолоруна кезектеше
жооп берип, эми
булардын маеги
жыргал жакка ооп
барат уламдан улам.
Бир маалда Батма
келди балтаң-балтаң.
Меймандарды көрүп
чын дилинен аябай
сүйүндү. Бака-шака
түшүп бу жердеги
жаңылыктарды, акеси
менен жеңесин кандай
карап жатканын айтып
үлгүрүп, Нестандардын
абалын чыпчыргасын
калтырбай сурап
жатты.
Макан Батманын сырын
билип калган. Ала
келген арактан ачып,
Батма сырткы үйдөн
көтөрүп келген
килейген стаканга
кабелтең куюп сунду
эле аны колго алган аял
тост айтып турду:
-Экөөңөр бактылуу
болгула. Жеңем
сакайып кетсин.
Ошондо экөөбүз
ээрчишип алып
силердикине барып
турабыз. Тыякта акем
да буту шилтенбей
жатат, а да сакайып
кетсин. Аман бололу,
жалпыбыз. Батма
стакандарды бир эле
көңтөрүп кесилген
эттен сугунду: - Акеме
да ооз тийгизип
койбосок уят го?
-Алпарыңыз, -деди
Макан. Батма бир
тарелкага тамактардан
салып, Куланга көтөрүп
кетип кайра бат эле
келди:
-Жеңе, сиз өзүңүзгө
албаңыз, акемдин буту
да таптакыр шилтенбей
калды. Колу да, оң буту
менен оң колу, жаагы
да кыйшайып...
-Э ботом, качантан
бери, - деди Кенже,
кантсе да ак дил адам
эмеспи, чын дилден
чоочуп турду.
-Догдурдан келгенде
эле бир жак өрөөнү
мандемдүү келген.
Макан Куландын
окуясын жакшы билет,
жыйынтыгын уга элек
эле, эми укту. Сооп
болду деди. Анан дагы
бир ой келди.
-Нестан, жүрүчү, Кулан
байке менен учурашып
коелу.
Нестан селт этти.
#276 15 March 2013 - 19:12
Анткен менен
Макандын сөзүн эки
кылмак эмес, анын
артынан ээрчий басты.
Макан менен Нестан
киргенде Кулан
төшөгүндө эле.
Жаздыкты өтө бийик
жаздатып эми эле
Батма айтып кеткен
жаңылык ок болуп
тийип ичи өрттөнүп
жаткан.
-Салоом алейкум.
Кандай, жакшысызбы, -
деди Макан.
Кулан салам айткан
жигитти таң кала
карады. Алик албады.
Анткени анын артынан
кирген периште сындуу
Нестанды көрүп эстен
тана жаздады. Эси
элдир-селдир. "А
Некенимди таап
келишкен турбайбы...
Бу жигит милийсадан
го?.. Балким
агаларынан болсо
керек. Ким болсо да
Нестанын таап
келгенине рахмат!
Минтип ооруп
жатканда Некени дем
болот, кубат болот.
Анын деми менен бүгүн
болбосо эртең эле
бутуна туруп кетет...
Жыргал болбодубу тим
эле. Некени буту-колун
ушалап берсе эле
басып кетпейби..."
Ушинтип ойлогон Кулан
жигитке ыраазы:
-Рахмат, айланайын
иним. Некенимди таап
келгениңе. Өмүрлүү
бол!
-Нестан сеники эмес, -
деди Макан тиштене, -
эч качан сеники болгон
эмес, уктуңбу айбан!
Бу сөз Куланга октой
тийди. Сөздүн ачуулугун
ушундан бил, ал эсинен
тана жаздады. Бир
жагына кыйшайган
жаак эти дирт-дирт эте
башы калчылдай түштү.
-Сен Нестанды кор
кылып, сойку Сонунуң
экөөң кылбаганды
кылганыңды көрүп-
билип жүргөн Кудай
эми сага көрсөтүп
жатат, түшүндүңбү, -
деди Макан кекээрлеп. -
Нестан эми меники,
менин аялым. Мени
менен бактылуу
жашайт.
Муну уккан Кулан ого
бетер оңколоду, бул
дүйнөңдөн кечип
кеткиси бар, айласы
жогунан көзүн жумду.
Көз жумгандан башка
айласы жок болчу ушул
тапта.
Нестан да кызык болду.
"Нестан эми менин
аялым" деген
Макандын сөзү анын да
дайнын таптырбай
салды. Дене боюн бир
жылуулук каптап өттү,
жагымдуу ошол
жылуулук аны бат эле
өрттөп жибере
жаздады. Жыргаганы
менен уялганы аралаша
кетип Маканына
кынала түштү, жер
тиктейт.
Макан аны колдон ала
жетелеп кетти. Көзүн
кайра ачкан Кулан эми
аларды даана көрдү.
Нестанын жетелеп
бараткан жигит
жалаңкычтай да,
коркунучтуу да көрүндү.
Буулугуп кетти. Эч качан
ыйлабагандай буркурап
ыйлап жиберди.
Жанындай көргөн
Нестанын колунан
алдырбадыбы. Буту-
колу соо болсо ушул
азыр жетип барып
өлбөгөн жерде калып
Нестанын алып калмак.
Бу сыртынан эле
каруусу байкалган
жигитти балталаса да
алып калмак Нестанын.
Ордунан обдулган
болду. Эми эле соо
өңдөнгөн экинчи буту
кыймылдабайт. Бутун
бүккөнгө аракет кылды
эле андан майнап
чыккан жок,
кыймылсыз.
Кадимкидей өңгүрөп
жиберди.
Анын үчүн уккан Батма
жете келди:
-Сизге эмне болду, аке?!
Кулан жооп бере
албайт эле. Эмне
болгонун бу келинге
кантип айтат, айткан
күндө да шай жок
болчу. Маңдайында
турган келинди
тиктегени менен аны
даана көрө албай көзү
тумандап жашы куюлуп
турду. Эми элеги
бакырыгы калып
мелтиреди. Үзүлүп
кетсем экен деп
Кудайдан чын тиленген
болчу азыр...
Макан менен Нестан
Кенженин жанында
дагы бир сааттай
отурушту. Сүйлөнбөгөн
сөз аз болду. Нестан
Кенжеге аябай
берилген эмеспи, ошол
маанайы келип аны
менен эзилише
сүйлөшөт. Макан кез-
кези менен кепке
аралашканы болбосо,
кеп ээлери Кенже
менен Нестан болуп
турду.
Кетеринде Макан аз
күндөн кийин Кенжени
алып кетип чоң
догдурларга көрсөтүп
сөзсүз айыктырарын
айтты эле, Кенже
адатынча былбырай
жашып берди. Бу
ыйманы куюлган эки
жаштын улам бирин
өпкүлөп, анысын
коштогон ыйы
басылбай жаткан
жеринде узатып калды.
Кенже апанын
жашоого кумары
келди...
Макандын сөзүн эки
кылмак эмес, анын
артынан ээрчий басты.
Макан менен Нестан
киргенде Кулан
төшөгүндө эле.
Жаздыкты өтө бийик
жаздатып эми эле
Батма айтып кеткен
жаңылык ок болуп
тийип ичи өрттөнүп
жаткан.
-Салоом алейкум.
Кандай, жакшысызбы, -
деди Макан.
Кулан салам айткан
жигитти таң кала
карады. Алик албады.
Анткени анын артынан
кирген периште сындуу
Нестанды көрүп эстен
тана жаздады. Эси
элдир-селдир. "А
Некенимди таап
келишкен турбайбы...
Бу жигит милийсадан
го?.. Балким
агаларынан болсо
керек. Ким болсо да
Нестанын таап
келгенине рахмат!
Минтип ооруп
жатканда Некени дем
болот, кубат болот.
Анын деми менен бүгүн
болбосо эртең эле
бутуна туруп кетет...
Жыргал болбодубу тим
эле. Некени буту-колун
ушалап берсе эле
басып кетпейби..."
Ушинтип ойлогон Кулан
жигитке ыраазы:
-Рахмат, айланайын
иним. Некенимди таап
келгениңе. Өмүрлүү
бол!
-Нестан сеники эмес, -
деди Макан тиштене, -
эч качан сеники болгон
эмес, уктуңбу айбан!
Бу сөз Куланга октой
тийди. Сөздүн ачуулугун
ушундан бил, ал эсинен
тана жаздады. Бир
жагына кыйшайган
жаак эти дирт-дирт эте
башы калчылдай түштү.
-Сен Нестанды кор
кылып, сойку Сонунуң
экөөң кылбаганды
кылганыңды көрүп-
билип жүргөн Кудай
эми сага көрсөтүп
жатат, түшүндүңбү, -
деди Макан кекээрлеп. -
Нестан эми меники,
менин аялым. Мени
менен бактылуу
жашайт.
Муну уккан Кулан ого
бетер оңколоду, бул
дүйнөңдөн кечип
кеткиси бар, айласы
жогунан көзүн жумду.
Көз жумгандан башка
айласы жок болчу ушул
тапта.
Нестан да кызык болду.
"Нестан эми менин
аялым" деген
Макандын сөзү анын да
дайнын таптырбай
салды. Дене боюн бир
жылуулук каптап өттү,
жагымдуу ошол
жылуулук аны бат эле
өрттөп жибере
жаздады. Жыргаганы
менен уялганы аралаша
кетип Маканына
кынала түштү, жер
тиктейт.
Макан аны колдон ала
жетелеп кетти. Көзүн
кайра ачкан Кулан эми
аларды даана көрдү.
Нестанын жетелеп
бараткан жигит
жалаңкычтай да,
коркунучтуу да көрүндү.
Буулугуп кетти. Эч качан
ыйлабагандай буркурап
ыйлап жиберди.
Жанындай көргөн
Нестанын колунан
алдырбадыбы. Буту-
колу соо болсо ушул
азыр жетип барып
өлбөгөн жерде калып
Нестанын алып калмак.
Бу сыртынан эле
каруусу байкалган
жигитти балталаса да
алып калмак Нестанын.
Ордунан обдулган
болду. Эми эле соо
өңдөнгөн экинчи буту
кыймылдабайт. Бутун
бүккөнгө аракет кылды
эле андан майнап
чыккан жок,
кыймылсыз.
Кадимкидей өңгүрөп
жиберди.
Анын үчүн уккан Батма
жете келди:
-Сизге эмне болду, аке?!
Кулан жооп бере
албайт эле. Эмне
болгонун бу келинге
кантип айтат, айткан
күндө да шай жок
болчу. Маңдайында
турган келинди
тиктегени менен аны
даана көрө албай көзү
тумандап жашы куюлуп
турду. Эми элеги
бакырыгы калып
мелтиреди. Үзүлүп
кетсем экен деп
Кудайдан чын тиленген
болчу азыр...
Макан менен Нестан
Кенженин жанында
дагы бир сааттай
отурушту. Сүйлөнбөгөн
сөз аз болду. Нестан
Кенжеге аябай
берилген эмеспи, ошол
маанайы келип аны
менен эзилише
сүйлөшөт. Макан кез-
кези менен кепке
аралашканы болбосо,
кеп ээлери Кенже
менен Нестан болуп
турду.
Кетеринде Макан аз
күндөн кийин Кенжени
алып кетип чоң
догдурларга көрсөтүп
сөзсүз айыктырарын
айтты эле, Кенже
адатынча былбырай
жашып берди. Бу
ыйманы куюлган эки
жаштын улам бирин
өпкүлөп, анысын
коштогон ыйы
басылбай жаткан
жеринде узатып калды.
Кенже апанын
жашоого кумары
келди...
#277 15 March 2013 - 19:15
***
Нестандын мерез атасы
Жигитбек катуу кайгыга
баткан кез. Анан
кантмек. Жүрөгүн
денесине кошуп, бүт
дүйнөсүн ээлеп алган
Сонун катыны эч нерсе
айтпастан баса
бербедиби. Баса
бергенде да эченден
бери чогултуп жүргөн
акчасынан бир тыйын
таштабай алып
кетиптир. Илгери
колхоздун конторунан
үйүнө апкелип өзү
жаткан бөлмөсүндөгү
дубалга киргизе
орнотуп алган чакан
сейфине акчасын,
документтерин, түрдүү
кагаз-пагаздарын катчу.
Ачкычын жанынан
чыгарчу эмес. Кийин
Сонун таарынымыш
эткенде ага бир ачкыч
жасатып берген. Сейф
ошентип эки
кожоюндуу болгон.
Быйыл эгини түшүмдүү
болуп жакшы баа
кылып саткан. Аны
мурунку акчаларына
кошуп Сонун биржакка
кеткен күндөрү ошол
акчаларды алып чыгып
кайра-кайра санай
берчү. Ошондо көңүлү
токпейил тартып, дене-
боюн жылуулук каптап,
корстон болуп турчу.
Сонунду эки күн күттү.
Үчүнчү күнү сейфти
ачып акча салчу
текчеси бош турганын
көрүп жүрөгү
куушурулду. Шалдайып
отуруп калды. Сонундун
эмне оокаты калды
экен деп шифоньерден
баштап бардык жерден
издеди эле бир
байпагы да калбаптыр.
Ошондо биринчи жолу
Жигитбек Сонунду жек
көрүп турду. Сонунга
караганда акчаны
жакшы көрөт тура...
Эми Сонунду кайдан
тапты? Тапкан күндө ал
акчаны бере коебу.
Мээсине кан таамп кете
таштады, тегеренип-
тегеренип отуруп
калды. Кызыгың кур,
кечээ эле көзүнө
суйкайган сулуу болуп,
жанбиргеси болуп
көрүнчү аял эми ага
жалаңкычтай элестеди...
Ошонун эртеси
Жигитбек дале эмне
кыларын билбей
зыңгыраган үйүнүн
улам бир бөлмөсүнө
кирип-чыгып өзүн ээн
талаа, эрме чөлдө
калгандай сезип
дүйнөсү тарып турду
эле дарбаза кагылды.
Дароо чыгып эшикти
ачты. Маңдайында узун
пальто, башында тумак
кийген бир жигит
турду:
-Салоомалейкум.
-Алеки салам...
-Сонун эженин күйөөсү
болосузбу?
-Ии, - деди да, -
болчумун, - деп кайра
оңдоду.
-Ошол Сонун эже сизге
жиберди эле. Бир нерсе
сатып алып апкете
албай жатыптыр.
Муну уккан Жигитбек
сүйүнүп кетти. "Бөөдө
эле жаман ойлогом
тура. Кетпейт эле дейм
да... Сонундай аялды
жоготкону болбос...
Алтыны", - деп жиберди
Жигитбек.
-Кеттикпи? - деди
жигит.
-Азыр мен кийинип
чыгайын. -Жигитбек
шаша-буша үйүнө
кирип бат эле кийинип
чыкты. Эми эле муз
болуп турган көңүлү
нур чачкан дене
балкыткан абалга алып
келип таштады.
Машина шаарга кирип
бир үйдүн
дарбазасынан кирип
токтоду.
-Жүрүңүз, - жигит
Жигитбекти ээрчитип
үйгө киргизип диванга
отургузду да, өзү чыгып
кетти. Жигитбек Сонуну
мына-мына кирип
келчүдөй болуп алеп-
жалеп күтүп турат. Бат
эле бир суйкайган сулуу
кирип узун стаканга
куюлган сокту сунду:
-Агай, муну ичип
туруңуз, азыр келишет.
Жигитбек суусап турган.
Дем албай ичти сокту.
Андан аз өтпөй денеси
нымшып, денесин бир
сонун сезим каптап
жыргалга батты. Баягы
жигит кирди үч-төрт
сааттан кийин. Ага
чейин Жигитбек дагы
эки ирет сок ичкен
болчу. Канча убакыт
өткөнүн эмне кылып
отурганын билбейт.
Айтор, жыргаган сезим
гана дене бийлейт.
Жигит Жигитбекти
колтуктай жетелеп
машинага кайра салды.
Түз эле темир жол
вокзалына келишти.
Перрондо эл батпайт.
Поезд Сибирге жөнөп
жаткан экен. Мурунку
жигит дагы бир шериги
экөөлөп Жигитбекти
бир вагонго
отургузушту.
Проводник менен
небак сүйлөшүлгөн
экен. Эки жигит
Жигитбектин пальтосу
менен тумагын чечип
ала түшүштү.
Жигитбек наркотиктин,
дагы бир даарынын
күчү менен жакшы
уктады, бир сутка бою.
Экинчи сутка болгондо
ойгонду. Шарактаган
поезддин үнүн укту,
вагондо баратканын
билди. Терезени
карады, кар баскан
токойду аралап кетип
баратат...
Жигитбектин ой
токтотууга чамасы жок.
Купедегилердин көбү
кыргыздар экен, бака-
шака түшө сүйлөшүп
баратышат.
Бир маалда бир
отуздардагы жигит
сурап калды
Жигитбектен:
-Байке, кай жерге
чейин барасыз?
Жигитбек кай тарапка
баратканын билбесе
эмнени айтмак, күңк-
мыңк этти:
-Баратам... Билбейм...
Бул маспы же акылы
жылышкан немеби
дегендей кылган жигит
экинчи эч нерсе сураган
жок.
Ошондон алты-жети
саат өткөндөн кийин
Сибирдин бир чоң
шаарынан Жигитбекти
түшүрүп салды. Аны
поездге салгандар
ошол жерден
түшүргүлө деп төлөгөн
экен. Костюмчан,
жылаңбаш, кыштын
кыраан чилдесинде
шөмтүрөп вокзалга
кирип бир орундукка
олтурду. Аз өтпөй эки
милийса келип, бири
честь берди да
документ сурады...
Жигитбекте кайдагы
документ. Же жок, же
бар деп айта албай
туттуккан немени эки
милийса эки жагынан
колтуктай алып
жөнөштү. Ушул учур
өмүр бою түйшүгү жок
турмуш өткөзүп, өзүнүн
эти менен көңүлү
ооруганын гана сезип,
башкага кенедей да
кабак-кашым дебеген
кадимки эле дөңдөн
айырмасы жок неме
ушул азыр жаны көзүнө
көрүнүп, илкий
баратты...
Нестандын мерез атасы
Жигитбек катуу кайгыга
баткан кез. Анан
кантмек. Жүрөгүн
денесине кошуп, бүт
дүйнөсүн ээлеп алган
Сонун катыны эч нерсе
айтпастан баса
бербедиби. Баса
бергенде да эченден
бери чогултуп жүргөн
акчасынан бир тыйын
таштабай алып
кетиптир. Илгери
колхоздун конторунан
үйүнө апкелип өзү
жаткан бөлмөсүндөгү
дубалга киргизе
орнотуп алган чакан
сейфине акчасын,
документтерин, түрдүү
кагаз-пагаздарын катчу.
Ачкычын жанынан
чыгарчу эмес. Кийин
Сонун таарынымыш
эткенде ага бир ачкыч
жасатып берген. Сейф
ошентип эки
кожоюндуу болгон.
Быйыл эгини түшүмдүү
болуп жакшы баа
кылып саткан. Аны
мурунку акчаларына
кошуп Сонун биржакка
кеткен күндөрү ошол
акчаларды алып чыгып
кайра-кайра санай
берчү. Ошондо көңүлү
токпейил тартып, дене-
боюн жылуулук каптап,
корстон болуп турчу.
Сонунду эки күн күттү.
Үчүнчү күнү сейфти
ачып акча салчу
текчеси бош турганын
көрүп жүрөгү
куушурулду. Шалдайып
отуруп калды. Сонундун
эмне оокаты калды
экен деп шифоньерден
баштап бардык жерден
издеди эле бир
байпагы да калбаптыр.
Ошондо биринчи жолу
Жигитбек Сонунду жек
көрүп турду. Сонунга
караганда акчаны
жакшы көрөт тура...
Эми Сонунду кайдан
тапты? Тапкан күндө ал
акчаны бере коебу.
Мээсине кан таамп кете
таштады, тегеренип-
тегеренип отуруп
калды. Кызыгың кур,
кечээ эле көзүнө
суйкайган сулуу болуп,
жанбиргеси болуп
көрүнчү аял эми ага
жалаңкычтай элестеди...
Ошонун эртеси
Жигитбек дале эмне
кыларын билбей
зыңгыраган үйүнүн
улам бир бөлмөсүнө
кирип-чыгып өзүн ээн
талаа, эрме чөлдө
калгандай сезип
дүйнөсү тарып турду
эле дарбаза кагылды.
Дароо чыгып эшикти
ачты. Маңдайында узун
пальто, башында тумак
кийген бир жигит
турду:
-Салоомалейкум.
-Алеки салам...
-Сонун эженин күйөөсү
болосузбу?
-Ии, - деди да, -
болчумун, - деп кайра
оңдоду.
-Ошол Сонун эже сизге
жиберди эле. Бир нерсе
сатып алып апкете
албай жатыптыр.
Муну уккан Жигитбек
сүйүнүп кетти. "Бөөдө
эле жаман ойлогом
тура. Кетпейт эле дейм
да... Сонундай аялды
жоготкону болбос...
Алтыны", - деп жиберди
Жигитбек.
-Кеттикпи? - деди
жигит.
-Азыр мен кийинип
чыгайын. -Жигитбек
шаша-буша үйүнө
кирип бат эле кийинип
чыкты. Эми эле муз
болуп турган көңүлү
нур чачкан дене
балкыткан абалга алып
келип таштады.
Машина шаарга кирип
бир үйдүн
дарбазасынан кирип
токтоду.
-Жүрүңүз, - жигит
Жигитбекти ээрчитип
үйгө киргизип диванга
отургузду да, өзү чыгып
кетти. Жигитбек Сонуну
мына-мына кирип
келчүдөй болуп алеп-
жалеп күтүп турат. Бат
эле бир суйкайган сулуу
кирип узун стаканга
куюлган сокту сунду:
-Агай, муну ичип
туруңуз, азыр келишет.
Жигитбек суусап турган.
Дем албай ичти сокту.
Андан аз өтпөй денеси
нымшып, денесин бир
сонун сезим каптап
жыргалга батты. Баягы
жигит кирди үч-төрт
сааттан кийин. Ага
чейин Жигитбек дагы
эки ирет сок ичкен
болчу. Канча убакыт
өткөнүн эмне кылып
отурганын билбейт.
Айтор, жыргаган сезим
гана дене бийлейт.
Жигит Жигитбекти
колтуктай жетелеп
машинага кайра салды.
Түз эле темир жол
вокзалына келишти.
Перрондо эл батпайт.
Поезд Сибирге жөнөп
жаткан экен. Мурунку
жигит дагы бир шериги
экөөлөп Жигитбекти
бир вагонго
отургузушту.
Проводник менен
небак сүйлөшүлгөн
экен. Эки жигит
Жигитбектин пальтосу
менен тумагын чечип
ала түшүштү.
Жигитбек наркотиктин,
дагы бир даарынын
күчү менен жакшы
уктады, бир сутка бою.
Экинчи сутка болгондо
ойгонду. Шарактаган
поезддин үнүн укту,
вагондо баратканын
билди. Терезени
карады, кар баскан
токойду аралап кетип
баратат...
Жигитбектин ой
токтотууга чамасы жок.
Купедегилердин көбү
кыргыздар экен, бака-
шака түшө сүйлөшүп
баратышат.
Бир маалда бир
отуздардагы жигит
сурап калды
Жигитбектен:
-Байке, кай жерге
чейин барасыз?
Жигитбек кай тарапка
баратканын билбесе
эмнени айтмак, күңк-
мыңк этти:
-Баратам... Билбейм...
Бул маспы же акылы
жылышкан немеби
дегендей кылган жигит
экинчи эч нерсе сураган
жок.
Ошондон алты-жети
саат өткөндөн кийин
Сибирдин бир чоң
шаарынан Жигитбекти
түшүрүп салды. Аны
поездге салгандар
ошол жерден
түшүргүлө деп төлөгөн
экен. Костюмчан,
жылаңбаш, кыштын
кыраан чилдесинде
шөмтүрөп вокзалга
кирип бир орундукка
олтурду. Аз өтпөй эки
милийса келип, бири
честь берди да
документ сурады...
Жигитбекте кайдагы
документ. Же жок, же
бар деп айта албай
туттуккан немени эки
милийса эки жагынан
колтуктай алып
жөнөштү. Ушул учур
өмүр бою түйшүгү жок
турмуш өткөзүп, өзүнүн
эти менен көңүлү
ооруганын гана сезип,
башкага кенедей да
кабак-кашым дебеген
кадимки эле дөңдөн
айырмасы жок неме
ушул азыр жаны көзүнө
көрүнүп, илкий
баратты...
#278 15 March 2013 - 19:16
***
Макан багып,
чоңойткон
таякесиникинен
кеткенден кийин
кайрылып барган эмес.
Ал жерди дегдетип,
өзүнө тартып турган эч
нерсе жок эле. Үч-төрт
күндөн бери ошол
таякеси жөнүндө
ойлоп, өзүнүн барбай
жүргөнү чеки иш
экенин мойнуна
алгандай болду. Бекен,
Мирбектер менен
кеңешип көрүп Нестан
экөөнүн үйлөнүү тоюн
дал ошол таякесинин
үйүндө өткөрмөй
болду.
Макан кай иш болсо да
созбой бүтүргөнгө
көнгөн. "Өлүмдөн
башканын баары тез
болгону жакшы" деген
кеп ушул Маканга
тийешелүүдөй эле.
Достору менен
кеңешкен күнү эле
тойдун камын көрдү.
Жылкысын да, арак-
шарабын да, айылдык
көп адамдардын
түшүнө кирбечү түркүн
тамак-аш алды да, эки
күн өтпөй алты-жети
жеңил машина, жылкы
салынган бир жүк
ташуучу машина убай-
чубай Макан чоңойгон
үйгө келип токтоду.
Камсыз жаткан таякеси
Маканды көрүп
таарынып жүргөнүн
эстен чыгара берди.
Бышактап алган.
Зыңкыя кийинип, өзүнө
окшогон келбеттүү
достору менен мыкты
машиналарды минип
келгенине суктана таң
калды. Баарынан да
килейген жылкы ала
келгенин айтпайсыңбы.
Бака-шака той түшүп,
ошол күнү кечте Макан
менен Нестандын
никеси кыйылды.
Макан багып,
чоңойткон
таякесиникинен
кеткенден кийин
кайрылып барган эмес.
Ал жерди дегдетип,
өзүнө тартып турган эч
нерсе жок эле. Үч-төрт
күндөн бери ошол
таякеси жөнүндө
ойлоп, өзүнүн барбай
жүргөнү чеки иш
экенин мойнуна
алгандай болду. Бекен,
Мирбектер менен
кеңешип көрүп Нестан
экөөнүн үйлөнүү тоюн
дал ошол таякесинин
үйүндө өткөрмөй
болду.
Макан кай иш болсо да
созбой бүтүргөнгө
көнгөн. "Өлүмдөн
башканын баары тез
болгону жакшы" деген
кеп ушул Маканга
тийешелүүдөй эле.
Достору менен
кеңешкен күнү эле
тойдун камын көрдү.
Жылкысын да, арак-
шарабын да, айылдык
көп адамдардын
түшүнө кирбечү түркүн
тамак-аш алды да, эки
күн өтпөй алты-жети
жеңил машина, жылкы
салынган бир жүк
ташуучу машина убай-
чубай Макан чоңойгон
үйгө келип токтоду.
Камсыз жаткан таякеси
Маканды көрүп
таарынып жүргөнүн
эстен чыгара берди.
Бышактап алган.
Зыңкыя кийинип, өзүнө
окшогон келбеттүү
достору менен мыкты
машиналарды минип
келгенине суктана таң
калды. Баарынан да
килейген жылкы ала
келгенин айтпайсыңбы.
Бака-шака той түшүп,
ошол күнү кечте Макан
менен Нестандын
никеси кыйылды.

Супер-Инфо
super.kg
видео








