Пара бербестен, бара бер.
Автор: Чубак ажы Жалилов
Паракорлук арам. Бакара сүрөөсүнүн 188-аятында: "Дүнүйө-
мүлктөрүңөрдү өз ара ортоңордо арам жолдор менен жебегиле!
Өзүңөр арам экендигин билип туруп, адамдардын акысын арам жол менен жеш үчүн, анын кээ бир бөлүгүн акимдерге пара катары бербегиле!
" десе, Маида сүрөсүнүн 46-аятында жөөттөрдүн жаман кулк-мүнөзүн баяндап келип:"Жалгандарды (туура эмес күбөлүктөрдү) көп угушат, ачуу келтиргендерди (параны, арам акчаны аянбастан) көп алышат",
деп айтылат. Азирети Умар ачуу келтирген нерсе – бул пара деп баса белгилейт.
Азирети Саубан айтат: "Пайгамбарыбыз алайхис салам пара берүүчүгө да, пара алуучуга да, экөөнүн ортосунда ортомчу болгонго да лаанат (каргыш) айтты!"
(Мажмаьуз завааид 4\198, Канзул уммаал 6\57). Азирети Анастан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: " Ким кайсы бир ишти бүтүрүүүчүн пара алган болсо, аны менен Жаннаттын ортосу тосулат!"
(Канзул уммаал6\60).
Пара эмне үчүн берилет?
1. Өкүмдарга,сотко акыйкатты кара деп, караны акыйкат деп өкүм чыгаруу үчүн пара берүү. Бул түрдөгү пара берүү шексиз арам. Далил катары жогорудагы аят-хадистерди келтирсе болот.
2. Өзү жарамсыз болгон ишке туруу үчүн, кээ бир мансаптарды сатып алуу үчүн пара берүү. Бул түрдөгү пара шексиз арам. Нисаа сүрөөсүнүн 58-аятында айтат:"Акыйкатта,
Аллах Таала силерди, аманаттарды өз ээлерине жеткирүүгө буйруйт!"
.
3. Өзүнө таандык болгон укукту талашып, кайра өзүнө кайтарып алуу үчүн, же болбосо өзүнө келе турган зулумдукту кайтаруу үчүн берилген пара. Бул учурда пара алган күнөөкөр болуп, пара берүүчү күнөөкөр болбойт. Абу Лейс Самаркандий айтат: "Биз мына ушул фатваны карманабыз.
Малы менен өзүнө келе турган зыянды, балээни кайтаруу үчүн пара берсе болот!"
(Ал жаамиь ли ахкаамил кураан, Куртубий6\
183-184).
Пара берүү азыркы учурда, ансыз жашоо болбоочудай көрүнүп калган убак. Пара берүүнүн жолдору да ар кандай ыкмалар менен ишке ашып келет.
1. Ачык түрдө, Кудайдын каарынан коркпой алган пара.
2. Бадарке деп жасалгалап,
кичине уялымыш этип алынган пара. Белек берүү түпкүлүгүндө Шариат тараптан жактырылган ийги нерсе. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: Бири-бириңерге белек беришкиле!
Ортоңордо бири-бириңерге махабат, жакшы көрүшүүпайда болот" (Абу Яьлаа, Муснад, Абу Хурайрадан).
А бирок белек демиш болуп пара берүү шексиз арам. Имам Ахмад айтат: "Ким бийликке келип калган болсо, адамдардын белектерин албасын...!
" (Мукниь 3\612). Ибну Тиин айтат: "Кызматкерлерге берилген белек пара болуп эсептелет, ал белекке кирбейт. Себеби кызматы болбогондо ага белек берилбейт эле" (Умдатул каары 11\407). Бул түрдөгү пара алуучулар да түрдүү болот. Эң негизгилерине токтолобуз:
· Имамга берилген белектер.
Фыкых китептерибиздеги бул маселедеги "Имам"сөзү чоң имамга, тагыраак айтканда мусулмандардын падышасына,
өкүмдарына айтылат. Ибн Аабидин "Хаашиясында"
(5\338) айтат: "Падышага белек алууга болбойт. Себеби өкүмдар бардык кызматкерлердин үлгүсү болууга тийиш. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Падышаларга,
амирлерге берилген белектер, олжого келген малдан уурдап алгандай эле арам өкүмүндө!
" (Файзулкадиир 6\357). Адилет падыша АзиретиУмар бин Абдулазизге белек берилгенде кабыл алуудан баш тарткан учурда, ага:"Эмне үчүн белек алуудан баш тартасыз? Пайгамбарыбыз алайхис салам белекалчу эле го?" дешет. Кайран киши минтип жооп айтты: "Пайгамбарыбыз алайхис саламдын пайгамбар болгондугу үчүн жакындагыбыз келет. А бизге бийликте болгондугубуз үчүн жакындагысы келишет. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей (Муьиинул Хуккаам 17). Андан сырткары Пайгамбарыбыз алайхис салам кимдир бирөө белек бергендиги үчүн жүрөгү ага ооп кетет деп айтуу болбойт. Ал эми биз пенделер бадарке берген адам, бакшыдай болуп турса деле, көзүбүзгө бараандуу көрүнүп, итине сөөк салгыбыз келип калат эмеспи? Туура, мурдатан алыш-бериш мамилеси болуп келген болсо, ал нерсеге тыюу салынбайт.
· Сотторго берилген белектер.
Соттор дагы адам. Адамдар менен мамилеси болот. Бирок ошол соттордун кээ бир учурларда алган белектери пара катарына эсеп болот. Мисалы: (А) Сотко иши түшүп келген адам белек берген болот. Ал адам сот менен мурдатан карым-катнашы болуп, же тууганчылыгы себебинен алыш-бериш кылып жүргөн болсо да, ушул учурда берген белеги пара болот. (Б) Ошондой эле сотко иши түшпөгөн адамдын, сотко белек берүүсү. Бул адам менен мурда-кийин алыш-бериш кылып көргөн эмес. Бул белек дагы парага эсептелет. (В) Сот менен мурдатан алыш бериш болуп келген. Сотко иши түшкөн жери жок. Бирок сот болуп иштей баштагандан кийин алыш-бериштин көлөмү көбөйүп баштаган болот. Мына ошол ашыкчасы пара өкүмүндө болот.
· Муфтийге берилген белектер.
Эгер муфтийдин аалымдыгына,
такыбалыгына,
сүннөткө амал кылгандыгын урматтап бере турган болсо, албетте бул жакшы нерсе. А бирок дүнявий мурат-максатка жетүү үчүн, же туура эмес фатва чыгарып берүү үчүн белек берилсе, албетте арам болот.
· Мугалимге берилген белектер.
Мугалимдин эмгегин баалап, ага белектер берилгени макул. Мактоого ылайык. А бирок жакшы баа коюп берүү үчүн берилген белектин баарысы арам, пара деп саналат.
· Ортомчуларга белек берүү. Кайсы бир ишти бүтүрүп берүү үчүн, мансаптууларга ортого түшө тургандар болот. Ошолордун ортого түшкөндүгү үчүн ала тургандарынын баары арам болот. Азирети Абу Умаамадан, Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:"Ким кайсы бир диндеш бир тууганына шапаатчы болуп, ишин бүткөрүп берсе, бүткөргөндүгү үчүн ага белек берилсе, ал аны алса, сүткордуктун эң чоң эшигинен кирген болду" (Ахмад, Абу Дауд)
3. Ачык пара бербейт, белек дагы бербейт. Бирок тиги адамдын муктаждыктарын бүтүрүп, ажатыначып,
кызматын кылып, пайдасын тийгизет. Мисалы:
· Тиги адамга пара бербейт, бирок карыз акча берип турат. Жөндө карыз бербейт эле, ишин бүтүргөнү үчүн карыз берип турат. Байхакийде,
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүнявий пайда алып келген ар бир карыз берүү – сүткордук"
(Ибн Аабидин, Хашия 5\372).
· Тиги адамга пара бербейт, бирок иштетип турганга буюмун берип турат. Мисалы үйүмө бекер жашап туруңуз, же могу "экс класс" машинени айдап туруңуз деп кызмат көрсөтөт. Бул да парага кошулат. Арам.
· Тиги адамга пара бербейт, бирок кайсы бир менчигиндеги үйүн же жерин тиги адамга өз баасынан арзан сатат. Элдер сатып алды деп ойлойт. А чындыгында бир миллион турган үйүн буга жарым миллионго сатат, калганын пара катары берген болуп саналат.
· Тиги адамга пара бербейт, бирок "кызматыңа кызматым"
деп анын башка ишин,татыксыз болсо деле бүтүрүп берет. Мисалы соттогу бир ишин бүткөрүп берсе, ага кызматынан пайдаланып (мисалы Мэр болсо) жер тилкесин кесип берет. Же (Өкмөттө иштесе) уулун же кызын кайсы бир кызматка коюп берет. Кызмат даражасын жогорулатат.
Пара алуу төмөндөгү үч жолдун бир аркылуу такталат:
· Эки эркек адамдын күбөлүк берүүсү менен пара алгандыгы, бергендиги аныкталат. Бакара сүрөөсү,282-аятта айтат: "Өз адамдарыңырдан эки кишини күбөлүккө тарткыла!
".Же бир эркек, эки аял кишинин күбөлүк берүүсү менен аныкталат. Бакар сүрөөсү,282-аятта айтат: "Эгер эки эркек күбө болбосо, анда өзүңөр ыраазы боло тургандай күбөлөрдөн бир эркек, эки аялды күбөгө тарткыла!
".
· Моюнга алуу. Пара алуучу, же пара берүүчү чын ыктыяры менен пара алгандыгын-
бергендигин моюнга алып, ыкрар кылат. Шариатта балагатка жеткен акылдуу адамдын ыкрары ыкрар деп эсептелет.
· Так кесе далалат кылган күчтүү далилдер менен аныкталат. Илимий жетишкендиктин натыйжасында пара алуу-берүүнү аныктоонун бир кыйла жолдору бар. Мисалы пара деп жазылган акчаларды пара катары берүү. Бирок өтө этиеттик менен болуу керек. Кээде ак адамды күйгүзүү үчүн, андан бир нерсе сатып алган адам болуп, акысына,белги коюлган тыйынды берип, аны салып берүүсү мүмкүн. Зулумдук кылуу арам.
Пара алуучуга, берүүчүгө, ортого түшүүчүгө берилүүчү жазалар:
Акчалай жаза салуу, камап коюу, балак уруу, кызматтан айдоо жанан мамлекет тараптан бериле турган кээ бир жеңилдиктерден пайдалана албоо сыяктуу жазалар берилүүсү мүмкүн.
Албетте, керемет шариатыбызда ар бир маселе дыкаттык менен изилденип, эң туура өкүмдөр берилет. Ар бир маселеге кеңири токтолот. Атайын эмгектер жазылган. Фыкыхый эмгектерде атайын бабтар, главалар каралган. Өзгөчө жазылган эмгек катарында төмөнкүлөрдү мисал катары айтсак болот:
· "Жарийматурришва фиш шариьатил ислаамия..."
Д\Абдуллабин Абддулмухсин Тарифий.
· Жарааимурришва фит ташрииь ал мисрий..."
Д\Ахмад Хафаажий.
Кудай Таалам өлкөбүздү пара алуучулардан,
берүүчүлөрдөн,
ортосунда жүрүүчүлөрдөн сактаган болсун. Кудай Таалам буларга туура жолдо жүрүүнү жазган болсо, туура жолго салган болсун. Туура жолдо жүрүү тагдырларына жазылбаган болсо, анда аларга ылайык жазасын берген болсун. Кудайым жаман жолдон оолактатсын!
Казанга жакын болсоң көөсү жугат, жамандардан ыраактатсын!
Жакшынын шарапаты, жакшыларга жууктатсын.
Кудайым бетин жуубагандардын көзүн каратпасын.
Чубак ажы.
Пара бербестен, бара бер.
#2 16 March 2013 - 06:34
Корсо паракорлук илгееркиден илешип келаткан оору турбайбы...
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#3 16 March 2013 - 11:22

Супер-Инфо
super.kg
видео










