Низамдар өлкөсүнө саякат Каякта деп кызыксаң - кире кал %)
#241 17 March 2013 - 21:54
Эгиз банан.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#242 21 March 2013 - 04:06
Туну менен саякат жасадым эй, Низамдар олкосуно (низамдын эмне экенин билесинби озу, деген киши жок)
#245 26 March 2013 - 13:58
Рахмат Таллас мырза. Индияга барып келгендей эле болдум, буйруса деп турайын э, мен да барып калаармын
#246 26 March 2013 - 15:33
Мазза кылып кордум, окудум. (акысын таштап кетпесем болбос)Таллас мырза соз чеберчилигиниз мыкты экенине дагы бир жолу ынандым. Окууларынызга ийгилик. Убактынызды аябай ушул маалыматтарды калтырганынызга рахмат.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#247 26 March 2013 - 17:33
Мечиттери коп бекен?
Азыр мен убактылуу турган шаар - Хайдарабаддын өзүндө мечиттер көп. Негизи бул шаардын аты эле өзүнчө мусулманча болуп жатпайбы? Убагында, 1947-жылы Индия Улуу Британиядан өзүнүн көз карандысыздыгын ала электе бул жерди ислам динин тутунган адамдар башкарып турушкан. Индия мамлекети чачыранды княздыктардан кайра курулуп, Пакистан мусулмандардын көпчүлүк санынан улам өзүнчө мамлекет болуп баштаганда бул жактагылар дагы өзүнчө мамлекет болууга умтулушкан. Бирок, Индия күч менен эле басып алган. Ошондо, низамдар (ошол убактагы башкаруучулар) аргасыздан баш ийип беришкен. Ал жөнүндө жогоруда убада берип кеткендей бир күнү чыгынып толук маалымат берип кетем.
Негизи бул жакта мусулмандар көп болгону менен, баары бир индустар басымдуулук кылат. Адамдар негизинен диний бөлүнгөнүнө жараша кварталдарга бөлүнүп жашашат. Индустар жашаган кварталда кочкул сары өңдүү байрак илинип турат. Ал эми мусулмандар кварталында жашыл байрак. Сүрөтүн да чаптаармын. Мен тигил жагында да, бул жагында да жашадым. Азыр мусулмандар аймагында жашап жатамын. Анткени, менин окуган жериме жакын. Ошого байланыштуу бул жакта мечит деген көп. Намаз убактары 15, 20 мүнөт айырмаланышы мүмкүн (шам намазынан башкасы). Эгер бир жакка намазга жетишпей калсаң, башка жагына барып окуй бересиң. Мына.. азыр да менин үйүмдүн жанындагы мечиттен аср (дигер) намазына азан айтып жатат. Бир аздан кийин ушул эле намазга бир аз алыстагы мечиттен азан айтып баштайт.. Ушундай.
Мусулмандар жашаган аймакта тынчыраак. Дегеним, индустардын майрамдары эле көп. Түн бир оокумга чейин барабандарды чапкылап бийлеп чыгышат. Башында кызык болсо, ортосунда тажап, ал эми аягында көнүп деле калат экенсиң, аларды ашата сөккөнүң менен
Кээ бир жерлерде мечит менен храм (temple) чогуу жайгашкан болот. Кадимкидей эле кошуна. Бир ошол жакка барганда сүрөткө тартып келиш керек экен.
Ал эми бул темага акыркы убакта кирбей калганымдын себеби азыр окуудан анча кол бошобой жүрөт. Кээде каникул болгондо эле эки-жакка чыгайын деп ойлойсуң, бирок уйкуга жеңилип үйдө калып кетесиң уктап..
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#248 26 March 2013 - 17:56
Атын билбейм.




Бир жолу мечиттен чыккандан кийин бир бала сунуштап калды. Жеп көрсөм ммм... керемет даам! Мурда көрүп эле жүрчү экенмин көчөдөн. "Картошкага окшогон эмне балакет?" - деп койгом. Кийин ойлогондой эле, кабыгы мундирлүү (же мөндүрлүү
Сырткы көрүнүшү боюнча кивиге окшошуп кетет. Бирок, даамы такыр башкача. Эч кимиңер жеп көрө элек болушуңар керек
Ал эми баасы - бир килосу 40 рупий. Мага бир жумага кенен жетет. Күнүнө эки даанадан жесем.
Айтмакчы, мунун аты - Чику
Индияга келип калсаңар, сөзсүз таап жеп көргүлө.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#249 01 April 2013 - 21:20
Бүгүн шаардагы эң чоң паркка бардым. Барып эле кире бериште.. килейген сары жылан көрдүм. хххххх жүрөгүм шуу дей түштү. Кебетеси суук экен.. Андан көп күттүрбөй эле тоостор (павлин) чыга келди. Үчөө экен. Аларды сүрөткө түшүрүп алайын деп бир топко акмаладым. Көрсө бекер эле убара болуптурмун.
Парктын ичинде жайнап эле жүрүптүр. Ал тургай ошол парктын ичиндеги мечиттин да короосунда жайбаракат жем жеп жүрүшөт. Кыскасы, бүгүнкү күн мен үчүн биринчи жолу "живой"
тоос көргөн күн болуп тарыхта жазылып калды 
Ал эми паркта жергиликтүүлөр көп, ал тургай бир баласын коляскага салып сүйрөп европейка (украинка болсо керек) да жүрөт. Мен 1/4 бөлүгүн эле кыдырдым окшойт. Чарчап кеттим. Курсак да ача баштаган (студентмин да
). "Кийин дагы келермин"
, - деген ойдо 3-4 жолу фотоаппаратты "чырк" эткизип үйгө кайта бердим.

Артынан кууп алгам сүрөткө түшүрөйүн деп. Сүрөткө түшкөндү жактырбаган эме окшойт

Ал эми паркта жергиликтүүлөр көп, ал тургай бир баласын коляскага салып сүйрөп европейка (украинка болсо керек) да жүрөт. Мен 1/4 бөлүгүн эле кыдырдым окшойт. Чарчап кеттим. Курсак да ача баштаган (студентмин да

Артынан кууп алгам сүрөткө түшүрөйүн деп. Сүрөткө түшкөндү жактырбаган эме окшойт

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#250 01 April 2013 - 21:21
Ушул гүлдүү дарак жагат да! Жыты бир укмуш.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#251 01 April 2013 - 21:22
Муну "креатив"
деп койсок болот окшойт 
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#252 01 April 2013 - 21:24
Үчөө кол кармашып бара жаткан болчу. Кащейф, түшүрө албай калыптырмын.
. 


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#253 01 April 2013 - 21:25
Шаардын ызы-чуусунан бир аз да болсо эс алып калат экенсиң могундай табияттан улам.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#254 01 April 2013 - 21:25
Тоостун артынан кууп алганың жакты,жаммман өжөр немекенсиң да!
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#255 01 April 2013 - 21:28
Үчөө кол кармашып бара жаткан болчу. Кащейф, түшүрө албай калыптырмын.
. 


Буларды да жайына койбой тартып алдың анан,артынана калбай.
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#256 01 April 2013 - 21:42
Тартканымдын себеби бар. Бизде, мисалы, эки эркектин кол кармашып басканы өөн учураса, бул жакта кол кармашып баскан эки эркек, тескерисинче жакын достордон дегенди билдирет. Андай "парочкаларды"
акмалап канча жүрдүм. Бир удачный снимок жасай албай жүрөм.
Айтмакчы, качкандардан ошол тоос эле болду. Ал эми калгандары - таш, тиги гүлдүү дарак дегендер жөн эле туруп беришти. Ыраазычылык билдире кетейин учурдан пайдаланып
Айтмакчы, качкандардан ошол тоос эле болду. Ал эми калгандары - таш, тиги гүлдүү дарак дегендер жөн эле туруп беришти. Ыраазычылык билдире кетейин учурдан пайдаланып
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#257 01 April 2013 - 21:59
Бул болсо башка парк. Окубай эле ушинтип парктарды кыдырып жүрмөй ))




... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#258 01 April 2013 - 22:01
Эмгекчилдер.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#259 01 April 2013 - 22:04
Мер И.Өмүркуловду "иштебей жатат", - деватат белеңер? 
Могу жер шаардын чок ортосундагы килейген эле көлдүн жээги. Эл "эс ала турган" жер. Бирок, тазалык менен эч кимдин башы оорубайт. Анын үстүндө көлдүн суусу да өллллллө кир. Эл болгон таштандысын сууга ыргытат. Ата-бабалары керез кылып кеткен болсо керек: "Балам, суу көргөн жерден булгап жүр!" - деп. А мен биринчи жолу бул көлдү алыстан көрүп алып "Эми күндө түшүп жыргайт турбаймынбы" , - деп ойлоп алгам...

Могу жер шаардын чок ортосундагы килейген эле көлдүн жээги. Эл "эс ала турган" жер. Бирок, тазалык менен эч кимдин башы оорубайт. Анын үстүндө көлдүн суусу да өллллллө кир. Эл болгон таштандысын сууга ыргытат. Ата-бабалары керез кылып кеткен болсо керек: "Балам, суу көргөн жерден булгап жүр!" - деп. А мен биринчи жолу бул көлдү алыстан көрүп алып "Эми күндө түшүп жыргайт турбаймынбы" , - деп ойлоп алгам...

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#260 01 April 2013 - 22:02
Эми өзүңдүн парк аралап түшкөн сүрөттөрүңдөн бирди жүктөп койсоң пай,пай,пааай деп эле отуруп калалы.
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.

Супер-Инфо
super.kg
видео













