Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1041 Пользователь офлайн   baksid   20 Март 2013 - 02:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

Просмотр сообщения arxinur (18 Март 2013 - 16:39) жазган:

Кудай тааланын амири менен мындан 8956 жыл илгери Адам ата менен Обо эне жарык дүйнөгө келген деп илимде жана диний булактарда айтылып жүрөт. Ошол байыркы мезгилден тартып ушул күнгө чейин жер планетасында 6 миллиарддан ашык адам жашайт. Биздин эрага чейин же башкача айтканда Иса (Иисус) пайгамбарга чейин адам баласы канча жыл өмүр сүргөнү ыйык китебибиз куранда төмөнкүдөй айтылат.
1. Адам атадан адам-Нух пайгамбарга чейин 2240 жыл.
2. Нух пайгамбардын- Ибрахим пайгамбарга чейин 2240 жыл.
3. Ибрахим пайгамбардан Муса пайгамбарга чейин 950 жыл.
4. Муса пайгамбардан Даут пайгамбарга чейин 500 жыл.
5. Даут пайгамбардан Иса пайгамбарга чейин 1020 жыл 6. Иса пайгамбардан Мухаммед пайгамбарга чейин 571 жыл.
Иса (Иисус Христос) пайгамбар биздин эранын биринчи жылы туулган.
Азыркы эрабызга 2006 жыл толду. Мухаммед пайгамбар туулган күндөн бүгүнкү күнгө чейин 1435 жыл болуптур. Ошондуктан кээ бир ислам мамлекеттеринде бүгүнкү күндө 1435-жыл деп эсептелет. Ал эми бүткүл дүйнө жүзү Иса пайгамбар туулган күндөн бери 2006 жыл болду деп эсептейт. Бирок Иса пайгамбарды көргөн сахабалары жок.
Дүйнө жүзүндө азыркы күндө негизги үч дин бар. Биринчиси Будда дини биздин эрага чейин байыркы Индияда 5-6-кылымдардын орто ченинде пайда болгон. Бул диндин негиздөөчүсү болуп Будда эсептелет. Дүйнө жүзүндө эң байыркы болгонуна байланыштуу бул дин Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө таркалган.


Bul makalany ochurup ele salsangyz eng jakshy bolchudai, diniy da tuura emes maalymat, ilimiy da tuura emes, bir gana jonokoi misal azyr 1435-jyl emes 1434-jyl musulman kalendary boiuncha, anan dagy "Kuranda aitylat"- dep karanai kalpty jazyp koiupsuz.. Anan tooba kylyshty unutpangyz.
Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1042 Пользователь офлайн   BORN.kg   21 Март 2013 - 16:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 655
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2016 11:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кадамжай

Оохх... Аран окуп чыктым аягына чейин. Эс албай окудум эртеден бери. Мээ сынып кала жаздады. Анын устуно телден кирем да мыйтындап. Тема боюнча айтсам Алхамду лилах мусулманмын. Бирок кудай кечирсин дин жагынан ото эле аксакмын. Бул жерде айтайын дегеним Дауд, Нурабдулазиз, Таллас ( бирок далыга таптаганым эмес бул) сиздер жакшы пикирлерди калтырыптырсыздар. Сураныч курандан же хадистен жазган кезде мумкун болушунча абдан так, туура жазсаныздар, мага окшогондор адашып калбасы учун? Сиздерди туура эмес жазып жатат дегеним эмес бул. Антип айтууга таянарлык илимим да жок. Таллас мырзанын темасынын башка нукка бурулуп кеткени, суроолорунун жоопсуз калганы мен учун абдан окунучтуу. Ал эми Деби, Ала Арча сиздерге комент жок. Баарынарга ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1043 Пользователь офлайн   Debi   23 Март 2013 - 14:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения BORN.kg (21 Март 2013 - 16:46) жазган:

Оохх... Аран окуп чыктым аягына чейин. Эс албай окудум эртеден бери. Мээ сынып кала жаздады. Анын устуно телден кирем да мыйтындап. Тема боюнча айтсам Алхамду лилах мусулманмын. Бирок кудай кечирсин дин жагынан ото эле аксакмын. Бул жерде айтайын дегеним Дауд, Нурабдулазиз, Таллас ( бирок далыга таптаганым эмес бул) сиздер жакшы пикирлерди калтырыптырсыздар. Сураныч курандан же хадистен жазган кезде мумкун болушунча абдан так, туура жазсаныздар, мага окшогондор адашып калбасы учун? Сиздерди туура эмес жазып жатат дегеним эмес бул. Антип айтууга таянарлык илимим да жок. Таллас мырзанын темасынын башка нукка бурулуп кеткени, суроолорунун жоопсуз калганы мен учун абдан окунучтуу. Ал эми Деби, Ала Арча сиздерге комент жок. Баарынарга ийгилик!

Таллас мырзаңыздын темасы менен менин темам модераторлор тарабынан бириккенин байкамаксансыз :). А чындыкты так өзүндөй көргөн адамдар сиздин байкамаксан болгонуңузду байкап коюшат :). Абдан окунуп жатканыңызга шегим бар. Анткени Таллас каалаган нукта тема ачып алып, каалашынча жазганын, мен байкагандан, бул жерде эч ким кой дебейт. Анан сиз каалашыңызча окуй бересиз :), бул жерде коммент жазбамыш болуп, кыйгачынан коммент жазбай :). Ал эми чындап билгиңиз келип калса, кокус, Талластын суроолоруна жооп болгон, ал эми жооп берүүгө арзыбаган суроо сымал чабуулдарга, Талластыкына эле эмес бардыгына көңүл буруп не? Таллас менен маектин башы Ыйсанын келиши куранда кандай жазылган деген темада болуш керек. Жакшы туруңуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 23 Март 2013 - 14:25

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1044 Пользователь офлайн   Debi   23 Март 2013 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Мага бардыгын Атам берген. Уулду Атадан башка эч ким билбейт. Атаны Уулдан башка жана Уул кимдерге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт. Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил (Матай 11,28-30).

Жашоодо кандай гана кырдаалга кабылбайын, жүрөктүн тереңиндеги ушул мемиреген, эч ким буза албас тынчтык үчүн Кудайга миң мертебе ыраазычылык, алкыш, даңктоолор болсун!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1045 Пользователь офлайн   Таллас   23 Март 2013 - 17:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Кокуй, кайсы суроолорума жооп болгон?.. Сүрөт

Кийинки билдирүүңүздөн улам бир суроо пайда болду. Библиянын бир жеринде (ошол эле Матфей Евангелиесинде болсо керек эле) "Мени тынчтык алып келди деп ойлобогула; Мен дүйнөгө кылыч алып келдим"
деген стих бул "тынчтык ырына" бир аз каршы келип жаткандай го?

Анан кыргыз тилинин эрежесине ылайык энчилүү аттар, жер-суунун аттарына катарлаш эле китептердин аттары дагы баш тамга менен жазылаарын эсиңизге сала кетейин. Кимге эскертип жатам? Кыргыз тилинин эрежелерин менден да жакшы билесиз го.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 23 Март 2013 - 17:07

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1046 Пользователь офлайн   Debi   24 Март 2013 - 00:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Капернаумга келишкенде, дидрахма жыйнаган салык жыйноочулар Петирге келип: «Силердин Устатыңар дидрахма береби?» – деп сурашты. «Берет», – деп жооп берип, Петир үйгө кирди. Ал эч нерсе айта электе эле, Ыйса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби? » – деп сурады. «Бөтөн кишилерден», – деди Петир. Ыйса ага: «Демек, уулдары салык төлөшпөйт экен да. Бирок салык жыйноочулар кыжырланбашы үчүн, көлгө барып, кайырмак сал. Кармаган биринчи балыгыңды тартып алып, оозун ачсаң, статирди көрөсүң. Аны алып, экөөбүз үчүн берип кой», – деди (Матай 17,24-27).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1047 Пользователь офлайн   Ala-archa   26 Март 2013 - 18:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Таллас (23 Март 2013 - 17:02) жазган:

Кокуй, кайсы суроолорума жооп болгон?.. Сүрөт

Кийинки билдирүүңүздөн улам бир суроо пайда болду. Библиянын бир жеринде (ошол эле Матфей Евангелиесинде болсо керек эле) "Мени тынчтык алып келди деп ойлобогула; Мен дүйнөгө кылыч алып келдим"
деген стих бул "тынчтык ырына" бир аз каршы келип жаткандай го?

Анан кыргыз тилинин эрежесине ылайык энчилүү аттар, жер-суунун аттарына катарлаш эле китептердин аттары дагы баш тамга менен жазылаарын эсиңизге сала кетейин. Кимге эскертип жатам? Кыргыз тилинин эрежелерин менден да жакшы билесиз го.




Баарынарга Кудайдын ырайымын жана батасын каалайм.

Ыйса Машайак «кылыч» деген созду башка мааниде колдонгон.Эгер бул болумду толугу менен окуп чыксаныз,анда тушунмоксуз. Кылыч- деген созду кандай мааниде колдонгон деген суроо жаралбай койбойт? Негизи библияда «кылыч» деген создун бир канча салыштырма мааниси бар. Мисалы: «12 Себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт.» (Эвр4:12)ж.б.

Ал эми бул жерде таптакыр башка маани камтылган.

34 Мени жер үстүнө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен тынчтык эмес, кылыч алып келдим.
35 Анткени Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим.
36 Адамдын душманы – өз үйүндөгүлөрү. Матай 10:34-35


Эмесе бул болумдун ойдо жагында эмне деп жазылганына конул бурсаныз.

22 Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат.
23 Силерди бир шаардан кубалашса, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып коёюн, силер Ысрайылдын бардык шаарларын айланып чыкканыңарча эле, Адам Уулу келип калат.
24 Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес.
25 Шакиртке өзүнүн устатындай, кулга өзүнүн кожоюнундай болуу жетиштүү. Эгерде үй ээсин Белзебул дешсе, анда үйдөгүлөрүнө андан бетер жаман айтышпайбы!
26 Ошондуктан алардан коркпогула. Анткени ачылбай калчу жашыруун эч нерсе жок, билинбей калчу эч бир сыр жок.
27 Силерге караңгылыкта айтканымды силер жарыкта айткыла. Акырын айтканымды там үстүнөн жарыялагыла.
28 Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула.
29 Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт.
30 Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу.
31 Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар. (10:22-31)


Бул жерде согуш жонундо кымындай да ой козголбойт. Тескерисинче Ыйсага ишенгендерди баары жек коруп,куугунтуктай тургандыгы жазылган. Ыйсага ишенуу аркылуу адам Кудай менен тынчытыкта болот,бирок адамдарга жек корунду болуп калат.

34 Мени жер үстүнө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен тынчтык эмес, кылыч алып келдим.
35 Анткени Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим.
36 Адамдын душманы – өз үйүндөгүлөрү. -
деп айтуу менен ким Ыйсага ишенсе ал адамдар тарабынан болунуп,жек корунду болуп калаарын алдын ала эле айткан. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат. Бугунку кундо ислам олколорундо машайакчыларды адам катары корушпойт. Башка динге отту деп олтуруп да кетиши мумкун. Кыргызстанды эле алайыкчы. Айыл жергесиндеги машайакчыларга кыйын эле. Токтогулда башка динге отту деп, короо-жайын орттоп кетишкен. Ал эми Куланак айылында болгон ызы чууну гезит беттеринен окусанар керек. Ак-Терек айылындагы молдолордун «машайакчылар бул жерден кочуп кетсин» деп айгай салганын да уксанар керек. Ким Ага ишенсе,ал куугунтука учурай турганын Ыйса Машайак алдын ала эскерткен . Кылыч- куугунтуктун символу катары салыштырма мааниде айтылган соз. Библия окуганда бир жеринен узундуну жулуп алып,бул жерде мындай деген ката жазылган дебей,ал болумду толугу менен окуп чыгып,салыштырып изилдесениз жакшы нерсе. Мисалы: « Баш кесмек бар, Тил кесмек жок»- десем,сиз айтышыныз мумкун кантип эле тилге кылыч отпосун деп. Эгер макалды созмо соз тушунсонуз, анда сиздин айткандыгыныз тура. Бирок бул макалдын каймана мааниси бар да. Ошол сынары библиянын каймана маанидеги аяттарын созмо соз тушунуп алышып, «библияда ката бар» деп сурнай тартуунун канчалык кажети бар дейм да.. Мындай курулай сурнай тартуудан эч кандай майнап чыкпайт. J



Жерибизге Кудай-Тенир мол батасын берип,Озунун ырайымынан ажыратпаса экен! Атаганат,чындык Ыйсада экенин ар бир инсан тушунсо кана!!! !!!!



Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди. Жакан3:16


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1048 Пользователь офлайн   Debi   26 Март 2013 - 20:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Таллас жаман болуп жатыптыр "кокуйлап" , ошон үчүн жардам кылбасам болбос :), мындан кийин деле кокуйлашына таң калбайм, ошентсе да, анчалык кыйынчылык жаратпаган иш колдон келип турганда, аянып не кылайын )))))))
бул маектин акыры эмне менен бүткөнүн кызыккандар таба алышат.

Таллас саламатсызбы

"Так, Деби, мен сиздин дүйнөтаанымыңызды түшүндүм" дедиъиз ээ, ии деп туруъуз, Инжилде бирдеме билем деген киши али эч нерсе биле элек (оз созум менен жаздым) деп жазылган.

"Тактап кетсеңиз, сиз ошондой Жахаба күбөлөрүнөн болосуз да э? Же андай эмеспи? Мейли, кандай болсо да айырмачылыгы жок деңизчи" тушундум дегенден кийинки кеткен суроолорунузду жаздым.

Сиз ошентип, чу дегенде эле жанылдыныз. Ошондуктан шашылыш бутум чыгаргандан этияттоону кенеш кылам. Мен Жакшы кабарчы машайакчылар Жамаатынын мучосу болом. Бизди баптист деп да аташат.

"кандай болсо да айырмачылыгы жок" дегениниз, сиз жемиштуу диспут жургузууго али даяр эмес болсонуз да ашкере корстон болуп алганыныздан кабар берет. Анткени кээ бир агымдардын ортосунда кыйла айырмачылык болот. Ошентсе да, сизди кызыктырган суроолорго жооп берууго чын дилден аракет кылам.

Сизди бир таарынып, башка ник менен кирип журуп, кайра келгенинизди билгенимди айтпаганда сиз мен учун 100% бейтаанышсыз. Анан кайсы диспутта ким эмне болгонун тактап коюп анан мага "эскерткен" болсоъуз отумдууроок болот элениз дегеним да .

Ыйык Жазууда мындай деп жазылган:

"Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот". Дагы: "...пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан" деп жазылган, ошондуктан Ыйык Жазууга толук ишенем. Ал эми амал кылуу дегениниз аткаруу дегенди тушундургон болсо, Байыркы келишимдеги кайсы бир мыйзамдар Куткаруучуга жетелеп келуучу милдетти гана аткарышкан. Ошондуктан Машайактын келиши менен кайсы бир мыйзамдардан бошотулганбыз. Бул тууралуу Инжилде мындай деп жазылган:

...Ошентип, ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн, мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү болду. ж.б.у.с.

"...Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенүү аркылуу акталыш үчүн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен эч бир адам акталбайт" .

"...Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. Эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле өлдү".

Сизде мыйзам аткарышпайт экен деген ой калбаш учун Инжилден дагы бир аят: "...Мыйзам боюнча эмес, ырайым боюнча жашап жатканыбызды билип туруп, күнөө кыла беребизби? Албетте, жок!"

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1049 Пользователь офлайн   Ala-archa   26 Март 2013 - 20:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

:)


Билдирүүнү түзөткөн: Ala-archa: 26 Март 2013 - 20:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1050 Пользователь офлайн   Таллас   26 Март 2013 - 22:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Ala-Archa , жообуңузга ырахмат!

Ал эми чындык, ооба, Иса алейхи саламда. Анткени, ал Алланын күчтүү бир пайгамбары жана анын шексиз кулу. Ал келет убагы келгенде. Анан ошондо аны кудай деп жаңылыш эсептеп жүргөндөргө түшүндүрүп берет.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Март 2013 - 23:07

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1051 Пользователь офлайн   Таллас   26 Март 2013 - 23:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Цитата

Таллас жаман болуп жатыптыр "кокуйлап" , ошон үчүн жардам кылбасам болбос, мындан кийин деле кокуйлашына таң калбайм, ошентсе да, анчалык кыйынчылык жаратпаган иш колдон келип турганда, аянып не кылайын )) бул маектин акыры эмне менен бүткөнүн кызыккандар таба алышат.


Аянбасаңыз эле болду.

Цитата

Таллас саламатсызбы?


Саламатчылык. Рахмат, менин кокуйлап аткан абалымды түшүнүп акыры жооп берүүгө чыгынганыңызга. Болбосо, мен сизден жооп күтүү үмүтүмдү үзүп койгон элем.

Цитата

"Так, Деби, мен сиздин дүйнөтаанымыңызды түшүндүм" дедиъиз ээ, ии деп туруъуз, Инжилде бирдеме билем деген киши али эч нерсе биле элек (оз созум менен жаздым) деп жазылган.


Ооба, ошенттим. "Дүйнөтааным" деген сөздүн маанисин сиз түшүндүңүз. Башка маанисин албаганымды деле билдиңиз. Сөздү буруунун кандай кажети бар? Бул жерде "сиздин диний дүйнөтаанымыңызды мен түшүндүм" деген маани бар экенин сиз түшүнбөй калсаңыз, анда билбейм. Ал эми, Инжилге жазып кеткен адамдар туура сөздү жазып кетишиптир. Сүрөт

Цитата

"Тактап кетсеңиз, сиз ошондой Жахаба күбөлөрүнөн болосуз да э? Же андай эмеспи? Мейли, кандай болсо да айырмачылыгы жок деңизчи" тушундум дегенден кийинки кеткен суроолорунузду жаздым.

Сиз ошентип, чу дегенде эле жанылдыныз. Ошондуктан шашылыш бутум чыгаргандан этияттоону кенеш кылам. Мен Жакшы кабарчы машайакчылар Жамаатынын мучосу болом. Бизди баптист деп да аташат.


Демек, т
уура эмес болжолдопмун. Инсан жаңылат. Болжолдоомдо жаңылганым кеп деле эмес, диний дүйнөтаанымда жаңылбаганым утуш мага.

"Жахаба күбөлөрү" деген агым менен силердин агымдын кандай айырмасы бар?
Бөкөнбаев көчөсүндөгү “Церковь Иисуса Христа” деген чиркөө силерге таандыкпы же башка сектаныкыбы?


Цитата

"кандай болсо да айырмачылыгы жок" дегениниз, сиз жемиштуу диспут жургузууго али даяр эмес болсонуз да ашкере корстон болуп алганыныздан кабар берет. Анткени кээ бир агымдардын ортосунда кыйла айырмачылык болот. Ошентсе да, сизди кызыктырган суроолорго жооп берууго чын дилден аракет кылам.


Анткенимдин себебин сиз жакшы аңдабай калдыңыз окшойт. Мен христиандыктын кайсы агымын карманган болсо да, ал адамды мен “адашкан” деп билем. Ошол себептен “айырмачылыгы жок”, - деп жаздым. Менин ошентип жазганым сиз үчүн кандай кабар бергени мен үчүн анча деле кызык эмес. Мага сиздин жаза турган жоопторуңуз кызык.

Мени кызыктырган суроолорго жооп берүугө чын дилден аракет кылганыңызга сүйүндүм. Эми менин жана башкалардын суроолорунун жообун бул жерден “наконец-то” окуп калат экенбиз.

Цитата

Сизди бир таарынып, башка ник менен кирип журуп, кайра келгенинизди билгенимди айтпаганда сиз мен учун 100% бейтаанышсыз. Анан кайсы диспутта ким эмне болгонун тактап коюп анан мага "эскерткен" болсоъуз отумдууроок болот элениз дегеним да .


“Таарынып”, - деп дагы жаңылыш бүтүм чыгарып алдыңыз. Бүтүм чыгарарда шашпасаңыз. Балким, сиз ойлогондон башка да себептер бар чыгар . Ооба, түйүнчөгүмдү түйүп бир канча убакытка кеткенимди көптөр билишет. Чынында эле башка ник менен да кирбей бир топ жүрдүм. Ал эми бул нигим менен кайра киришиме менин бул форумга кирүү максатымды ойготкон адамдарга (алардын ичинде сиз дагы барсыз Сүрөт ) ыраазычылык билдирип кетейин.

Учурдан пайдаланып, мага көрүнөө-көмүскө берген кеңештериңизге ыраазычылык айта кетейин.

Келиңиз, Деби, жөн гана бири-бирибизге асылууну мындай таштап суроо-жоопко өтөлү. Анан да теманын аты “Библияга суроом бар" го; сиз болсо, өзүңүз жазып кеткендей чаргытпай “чын дилден жооп бериңиз”.

Айтмакчы, жогордо жазып кеткендеримдин бир абзацы башка түс менен жазылды. Сизди ошол сүйлөм суроо экенин билишиңиз үчүн.

Анан да сиздин уруксатыңыз менен баштапкы бир суроомду кайталап кетсем.

Сиздер Библиянын кайсыл версиясын окуйсуздар? Ушуга так жооп берип койсоңуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 27 Март 2013 - 00:12

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1052 Пользователь офлайн   Таллас   26 Март 2013 - 23:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Анан да, бул тема жайгашкан бөлүмдүн мүдүрү болгон Daud'дан суранып кетээр элем. Мүмкүн болсо, ушул темадагы "Библия мындай дейт" деген жаңылыш бириктирилген темага тиешелүү Библиянын стихтерин өзүнчө тема кылып бөлүп койсоң. Болбосо, кайсыл жагы жооп, кайсыл жагы жөн гана стихтер экени аныкталбай, теманын ашмалтайы чыгып кетиптир.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Март 2013 - 23:17

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1053 Пользователь офлайн   guard   26 Март 2013 - 23:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (26 Март 2013 - 20:30) жазган:

Таллас жаман болуп жатыптыр "кокуйлап" , ошон үчүн жардам кылбасам болбос :), мындан кийин деле кокуйлашына таң калбайм, ошентсе да, анчалык кыйынчылык жаратпаган иш колдон келип турганда, аянып не кылайын )))))))
бул маектин акыры эмне менен бүткөнүн кызыккандар таба алышат.



Таллас саламатсызбы

"Так, Деби, мен сиздин дүйнөтаанымыңызды түшүндүм" дедиъиз ээ, ии деп туруъуз, Инжилде бирдеме билем деген киши али эч нерсе биле элек (оз созум менен жаздым) деп жазылган.

"Тактап кетсеңиз, сиз ошондой Жахаба күбөлөрүнөн болосуз да э? Же андай эмеспи? Мейли, кандай болсо да айырмачылыгы жок деңизчи" тушундум дегенден кийинки кеткен суроолорунузду жаздым.

Сиз ошентип, чу дегенде эле жанылдыныз. Ошондуктан шашылыш бутум чыгаргандан этияттоону кенеш кылам. Мен Жакшы кабарчы машайакчылар Жамаатынын мучосу болом. Бизди баптист деп да аташат.

"кандай болсо да айырмачылыгы жок" дегениниз, сиз жемиштуу диспут жургузууго али даяр эмес болсонуз да ашкере корстон болуп алганыныздан кабар берет. Анткени кээ бир агымдардын ортосунда кыйла айырмачылык болот. Ошентсе да, сизди кызыктырган суроолорго жооп берууго чын дилден аракет кылам.

Сизди бир таарынып, башка ник менен кирип журуп, кайра келгенинизди билгенимди айтпаганда сиз мен учун 100% бейтаанышсыз. Анан кайсы диспутта ким эмне болгонун тактап коюп анан мага "эскерткен" болсоъуз отумдууроок болот элениз дегеним да .

Ыйык Жазууда мындай деп жазылган:

"Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот". Дагы: "...пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан" деп жазылган, ошондуктан Ыйык Жазууга толук ишенем. Ал эми амал кылуу дегениниз аткаруу дегенди тушундургон болсо, Байыркы келишимдеги кайсы бир мыйзамдар Куткаруучуга жетелеп келуучу милдетти гана аткарышкан. Ошондуктан Машайактын келиши менен кайсы бир мыйзамдардан бошотулганбыз. Бул тууралуу Инжилде мындай деп жазылган:

...Ошентип, ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн, мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү болду. ж.б.у.с.

"...Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенүү аркылуу акталыш үчүн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен эч бир адам акталбайт" .

"...Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. Эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле өлдү".
Сизде мыйзам аткарышпайт экен деген ой калбаш учун Инжилден дагы бир аят: "...Мыйзам боюнча эмес, ырайым боюнча жашап жатканыбызды билип туруп, күнөө кыла беребизби? Албетте, жок!"





Деби айым, Кудурети Кучтуу Жараткан Кудай , чексиз, туболуктуу, эч-эч олбойт, дайым туруучу зат,сиздин кудайыныз олдубу, машаяк болгон Иса алейхи саламды кудайга тенеп шылдындабасанар боло, ал ыйык пайгамбар, кудай адам кейпинде келип анан олобу, адамдык логикага да сыйбайт бул, антип Кудайыма эмне кудайдын азабы !

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 27 Март 2013 - 01:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1054 Пользователь офлайн   Debi   27 Март 2013 - 13:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения guard (26 Март 2013 - 23:14) жазган:

Деби айым, Кудурети Кучтуу Жараткан Кудай , чексиз, туболуктуу, эч-эч олбойт, дайым туруучу зат,сиздин кудайыныз олдубу, машаяк болгон Иса алейхи саламды кудайга тенеп шылдындабасанар боло, ал ыйык пайгамбар, кудай адам кейпинде келип анан олобу, адамдык логикага да сыйбайт бул, антип Кудайыма эмне кудайдын азабы !

Кудай мени сүйгөндүктөн, менин кейпимди кийип келип, менин ордума, менин күнөөлөрүм үчүн өлүп, өмүрүмдүн кунун төлөп, кайра ТИРИЛДИ! Менин түбөлүк өмүргө тирилериме үзүлбөс үмүт берди, Кудай ушундай кылды, мен бул Кудай тартуулаган акталуу жолду кабыл алдым. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дешкен, акылман кыргыз эли.

Эми бул сөзгө бул теманын баш-аягы жакшы эле толду окшойт. Кайра сурай бергиле, кайра жаза берейин ))))))))
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1055 Пользователь офлайн   Daud   27 Март 2013 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Март 2013 - 13:16) жазган:

Кудай мени сүйгөндүктөн, менин кейпимди кийип келип, менин ордума, менин күнөөлөрүм үчүн өлүп, өмүрүмдүн кунун төлөп, кайра ТИРИЛДИ! Менин түбөлүк өмүргө тирилериме үзүлбөс үмүт берди, Кудай ушундай кылды, мен бул Кудай тартуулаган акталуу жолду кабыл алдым. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дешкен, акылман кыргыз эли.

Эми бул сөзгө бул теманын баш-аягы жакшы эле толду окшойт. Кайра сурай бергиле, кайра жаза берейин ))))))))

1. Бир жолу сиздин кейпиңизге кирип келген "кудай" экинчи жолу да дагы сиздин (же башка бирөөнүн) кейпиңизди кийип келиши мүмкүнбү?


2. Бир жолу өлуп, тирилген "кудай" экинчи жолу да өлүшү мүмкүнбү? А экинчи жолу өлгөндө кайра тирилбей калышычы? Же болбосо кайра-кайра эле өлүп тириле бериши мүмкүнбү?

Бул жөнүндө Библия эмне дейт?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1056 Пользователь офлайн   guard   27 Март 2013 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Debi (27 Март 2013 - 13:16) жазган:

Кудай мени сүйгөндүктөн, менин кейпимди кийип келип, менин ордума, менин күнөөлөрүм үчүн өлүп, өмүрүмдүн кунун төлөп, кайра ТИРИЛДИ! Менин түбөлүк өмүргө тирилериме үзүлбөс үмүт берди, Кудай ушундай кылды, мен бул Кудай тартуулаган акталуу жолду кабыл алдым. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дешкен, акылман кыргыз эли.

Эми бул сөзгө бул теманын баш-аягы жакшы эле толду окшойт. Кайра сурай бергиле, кайра жаза берейин ))))))))

Омурунуздун кунун кимге толоду, башка кудайгабы,аны кайра ким тирилтти, ал олуп калганда бир секунд болсо да ааламды ким сактап турду, башка кудайбы. Ооба, кудай кылса кубарындын чокусу жок-деп да айтышкан, акылман болгон апамдар, акылдуу абышкаларыныкын кайталап. Кудай дайым туруучу зат, эч-эч олбойт, ургулобойт, уктабайт, ал торогон эмес,торолгон эмес, торобойт дагы, ал жалгыз, балалуу болуудан аруу, ага эч ким окшобойт, окшошо да албайт, ал даанышман жаратуучу зат, ал каалаганын жаратат. Анын жараткандарын, осуяттарын, китептерин бурмалоого, олтуруп-тирилтууго кубарындын акысы да, чокусу да жок- деп айткандарга кошулам.

Билдирүүнү түзөткөн: guard: 27 Март 2013 - 15:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1057 Пользователь офлайн   Ala-archa   27 Март 2013 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Омурунуздун кунун кимге толоду, башка кудайгабы,аны кайра ким тирилтти, ал олуп калганда бир секунд болсо да ааламды ким сактап турду, башка кудайбы. Ооба, кудай кылса кубарындын чокусу жок-деп да айтышкан, акылман болгон апамдар, акылдуу абышкаларыныкын кайталап. Кудай дайым туруучу зат, эч-эч олбойт, ургулобойт, уктабайт, ал торогон эмес,торолгон эмес, торобойт дагы, ал жалгыз, балалуу болуудан аруу, ага эч ким окшобойт, окшошо да албайт, ал даанышман жаратуучу зат, ал каалаганын жаратат. Анын жараткандарын, осуяттарын, китептерин бурмалоого, олтуруп-тирилтууго кубарындын акысы да, чокусу да жок- деп айткандарга кошулам.
[/quote]

Бир чон эне небересинин уурулук кылыгын байкап, канчалык эскертсе да,ал эч озгорбой койот. Анткени ал досторунун оюнчуктарын уурдап келууну адат кылып алган эле. Кундордун биринде чон энеси небересинин козунчо ысык чокту алып, озунун колуна басатта мындай дейт: суйуктуу уулум,мына бул колумдагы чоктун тагын коргон сайын, уурулук канчалык жаман экенин билип жур дейт. Терен ой жугурткон адам бул мисал аркылуу эмнени айткым келгенин тушунот. Куноонун канчалык жаман экенин тушунушубуз учун Кудай адам денесинде келип,биз учун азап чегип кыйналган. Ыйсанын айкаш жыгачы бизге куноонун канчалык жаман экенин эске салып турат. Адамдык ой менен бул мумкун эместей туюлат. Бирок Кудай адам ойлогондой ойлобойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Ala-archa: 27 Март 2013 - 16:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1058 Пользователь офлайн   Ala-archa   27 Март 2013 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Daud (27 Март 2013 - 15:11) жазган:

1. Бир жолу сиздин кейпиңизге кирип келген "кудай" экинчи жолу да дагы сиздин (же башка бирөөнүн) кейпиңизди кийип келиши мүмкүнбү?


2. Бир жолу өлуп, тирилген "кудай" экинчи жолу да өлүшү мүмкүнбү? А экинчи жолу өлгөндө кайра тирилбей калышычы? Же болбосо кайра-кайра эле өлүп тириле бериши мүмкүнбү?

Бул жөнүндө Библия эмне дейт?





1."Мен учун келди" деген соз салыштырма мааниде айтылган соз да.(м:бир уй-булодогу балдар деле менин атам,жок менин атам дегендей эле кепта)
2. Эми мындай суроону сиз бере турган суроо эмес эле,анткени жообун озунуз деле билесиз. Ыйса Машайак бир эле олуп тирилуу менен кечирим сунуштады. Ошол ырайымды кабыл алсаныз озунузго эле жакшы болмок. Башка нерсеге кайдыгер карасаныз да озунуздун жанынызга кайдыгер карай корбонуз! Чындык Ыйсада!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1059 Пользователь офлайн   Debi   27 Март 2013 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения guard (27 Март 2013 - 15:33) жазган:

Омурунуздун кунун кимге толоду, башка кудайгабы,аны кайра ким тирилтти, ал олуп калганда бир секунд болсо да ааламды ким сактап турду, башка кудайбы. Ооба, кудай кылса кубарындын чокусу жок-деп да айтышкан, акылман болгон апамдар, акылдуу абышкаларыныкын кайталап. Кудай дайым туруучу зат, эч-эч олбойт, ургулобойт, уктабайт, ал торогон эмес,торолгон эмес, торобойт дагы, ал жалгыз, балалуу болуудан аруу, ага эч ким окшобойт, окшошо да албайт, ал даанышман жаратуучу зат, ал каалаганын жаратат. Анын жараткандарын, осуяттарын, китептерин бурмалоого, олтуруп-тирилтууго кубарындын акысы да, чокусу да жок- деп айткандарга кошулам.

Өмүрүмдүн кунун Өзүнө Өзү төлөп, сатып алды, так ушундай кылды, мен чексиз сүйгөндүктөн. Адам бейнесинде өлгөнүндө сактай албайт деп, Кудай жөнүндө ойлонуп жатасыңбы? Сен Кудайды ушундай алсыз, кудурети чектелүү элестетесиңби? Ыйса өлүп калганында ааламды сактай албай калгыдай алсыз Кудай деп ойлойсуңбу? Балалуу болуу ыпластык деп сага ким айтты? Дагы да айтып коёюн, (канчанчы жолу экени саналбай деле калды )))) Аны эч ким өлтүрүп, тирилте албайт, Ал Өзү гана адам бейнесин кийип өлүп, кайра тирилген. "Чокусу жок" дегенди акылман сөзгө адеби жоктор кошуп алышкан тура. Сен аларды туурабай эле кой, чындап Кудай дегиң келсе. Сөзүңөрдүн адебин сактап анан Кудай тууралуу талашсаңар жарашат эле.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1060 Пользователь офлайн   Ala-archa   27 Март 2013 - 17:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 483
  • Катталган: 17 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 14:03
  • Жынысы:Белгисиз

Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.(1Тим3: 16)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Авг 2025 11:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: