Мен суроо берүү жагынан жок элем. Ошентсе да ар кайсы жерден бир-эки суроо таап келдим. Эмесе суроолор:
1. Акыркы убактары форумда көп жүрүп калдыңыз. Жолдошуңуз буга кандай карайт? Айтайын дегеним ачуусу келбейби?
2. Баланы кичинекей кезинен баштап тарбиялаш керек деп айтып калышат кээ бир акылмандар. Сиз да акылдуу адамдардын катарында болгонуңуз үчүн тажрыйбаңыздан бөлүшсөңүз. Балаңыз канча жашта жана ушул жашында ага эмнелерди үйрөтүп жатасыз?
3. Ушуга жетсем (же ушундай болсо) арманым жок эле деп айта тургандай жашоодогу эң чоң максатыңыз эмне?
Азырынча ушулар. Дагы суроолор пайда болуп калса, сиз кеткенче кайрыламго.

Супер-Инфо
super.kg
видео














