Суперстан: "Бриллиант жылан" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыке уулу

#121 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 01:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
"Игрок" артынан акмалап
ээрчиген Мырза менен
италиялык дачадагы үйгө
кирээри менен бир "Джип"
кайра чыгып кайдадыр
кетти. Көп өтпөй "Мерседес"
келип кирип кетти. "Бул
жерде чоң иш жаткан экен.
Кандай эле кожоюн акчаны
тутамдап карматты" десе
деп ойлоп койду да кайра
шаарга келип "жекече
детективдердин" толук бир
бригадасын жалдады.
Италиялык менен Мырзанын
сүрөтүн көрсөтүп "Ушул экөө
кайда барса да артынан
калбайсыңар. Мага улам
эмне иш кылгандарын
кабарлап турасыңар" деген
тапшырма берип,
каражатты жашыл акча
менен алдын ала ыргытып
койду эле, тигилер
тамандарынан чаң чыга
жүгүрүп калышты. Өзү болсо
мыкты мейманканадан орун
алып чалкалай жатып эс
алууга кирди.
Түн ортосуна чукул "Үйдө
атышуу болду. Эки жолу
автоматтын, бир жолу
"Макаров" пистолетинин үнү
чыкты" деген кабар алды.
Көп өтпөй Мырза "Жип"
менен бир жакка жөнөдү.
Рулда аял, жанында
ниндзяларча кийинген,
артына кош кылыч
байланган бирөө бар
дегенди укканда ордунан
секирип кетти. "Кайдагы
ниндзя? Эмне үчүн Мырза
италиялыкты таштап кетип
баратат? Кайдагы аял чыга
калды? Мырзанын милдети
италиялыктын жанынан
жарым метр алыс чыкпашы
керек экенин билчү. Бул
жерде сыр бар деди да
"Алардын артынан
калбагыла. Көзүңөрдү чоң
ачкыла" - деген буйрук
берди. Тигилер түнкү
дүрбүлөр менен карап
отургандыктан бүт көрүп
турушкан.
Он беш минута өтпөй, "Алар
бизди байкап калышса
керек. Адашып калдык.
Дачалардын арасындагы тар
көчөлөрдө машинанын
артынан кууш кыйын экен"
дегенди укканда чачын жула
өкүрдү. "Акмактар. Мен
силерге эмнеге төлөп жатам.
Бул эмне кылганыңар? Жер
түбүнө түшсө да тапкыла"
деп. Айласы кете тигилердин
кожоюнуна чыкты эле
"Москвада биздин жайган
тордон эч ким кутулбайт.
Аларды бат эле табабыз"
деп жайгарып койду. Чын
эле жарым саат өтпөй бош
калган "Жипти" табышты.
Үчөө дайынсыз болуптур.
Абалды түшүндүрүп "чоң
кожоюнга" телефон какса ал
тим эле өкүрүп жиберди
"Эмне деп дөөрүп жатасың?"
деп. Мынчалык
ачууланышын биринчи
көрүшү. "Тоо кулады" десе
кебелбейт деп ойлочу.
"Мырзаны жок кыл.
Италиялыктын абалын бил.
Эгер тирүү болсо жок кыл.
Жанагы аялды кайдан болсо
да таап, ишенимдүү жерге
кат. Мен башка киши
жиберем. Эгер буйрук
аткарылбаса менден
жакшылык күтпө" - деди
телефондон зиркилдей.
- Каражат жагын кантем? -
деди эле.
- Эртең ири суммадагы
каражат колуңа тиет, - деп
койду. Жанагы дачанын ээси
күрсүйгөн чочкону да
түндөн калтырбай жок кыл.
Анын көзүн май басты, -
деди. "Игроктун" муундары
калчылдап чыкты. Биз
минтип сүйлөшкөн жок элек
го" дейин деп бирок,
батынбады.
Буйрукту алары менен
жанагы дачага өзү жөнөдү.
Дарбазанын бир киши кире
турган эшиги ачык экен.
Ичкериге баш бакса
тыптынч. Эшик алдында
сулкуюп жаткандарды көрүп
"түшүнүктүү" деп койду да
үй ичине кирди. Үй ээси
күшүлдөп-бышылдап уктап
атыптыр. Ошондо,
ниндзянын кылыгын даана
түшүндү да, дагы адатынча
"абдан түшүнүктүү" деп
коюп башына глушитель
тагылган пистолетти
жанынан сууруп чыгып
тигинин чекесине такап
туруп басып алды эле
кежигесинен мээси чачырап
кетти. Ылдам жүгүрүп
жертөлөгө түштү. Ал
тараптан дабыш угулган эле.
Эшиги ачык жертөлөдөн
италиялыктын креслого
байланып турганын көрдү.
Эсине келген неме
бошонууга аракеттенип
жаткан экен. Беркини көрүп
көзү алайып кетти.
- Сен кимсиң? - деди
киркирей.
"Игрок" үнсүз басып келди
да пистолетти чекесине
такаганда;
- Кожоюн менен бир
сүйлөштүр. Менин айта
турган сөзүм бар, - деп
жалдырап жиберди. "Игрок"
эч камырабай туруп машаны
басканда тигинин башы
шылк дей түштү.
"Игрокко" сүйлөштүргөндүгү
үчүн эмес жок кылганы үчүн
акча төлөнөт. Муну
италиялык түшүнсө да
жандалбастаганы эле.
Бул жердеги иш мынчалык
оңой бүтөт деп ойлогон
эмес. Жеңилдене дем алды
да кандай келсе ошондой
жок болду.
Кожоюнга байланышып,
күрсүйгөн чочко менен
италиялыкты жок кылганын
айтты да буга чейинки
сүйлөшүлгөн акы үч эсеге
көбөйөрүн айтып, сооданын
четин чыгарды. Себеби,
экөөнү гана аңдыш керек
болсо бул жерде иш чачтан
көбөйдү, - деди. Кожоюн "үч
эсе эмес беш эсе көбөйтөм.
Мырзаны жок кыл да
жанагы шуркуяны колума
тирүү тийгиз" - деди.
"Каражатты аяба" дегенди
уккандан кийин дагы төрт
группа жеке детективтерди
жалдады. Москваны бешке
бөлдү да Мырзанын сүрөтүн
колдоруна берип "жер
түбүнө түшсө да тапкыла" -
деди. Фаризаттын
болжолдуу элесин айтты. Ал
эми "ниндзяны" сүрөттөөгө
мүмкүн эмес эле. Көчөдө ал
ошондой форма менен
жүрбөйт да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 01:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул эле маалда "чоң
кожоюн" дагы өзүнчө
башкаларга буйрук берди.
Күрсүгүйдүн ордун ээлесем
деп көзү өтүп жүргөн бирөө
бар эле. Андай орун
басарларды атайлап
даярдап коюучу. Түз ошого
чыкты. "Дачага барып
баарын тазала. Чуу
чыкпасын. Жигиттер сага
иштесин. Каршы болгонун
жок кыл. Фаризаттын изине
түш. Шаардан чыгарбай
карма. Сөзсүз тирүү
кармагыла. Бир тал чачы да
түшпөгөндөй болсун.
Тоскоол кылгандарды бүт
жок кылгыла. Силерден
башкалар да издөөдө.
Беттешип калып бири-
бириңерди зыянга
учуратпагыла. Сак болгула.
Фаризаттын дос кызы бар, -
деди эле. Аны кармап
барымтага алгыла. Кыскасы,
бүт мүмкүнчүлүктү
колдонгула. Фаризат менен
Мырзанын сүрөтүн
токтоосуз көбөйтүп бардык
тыңчыларга тараткыла. Эң
башкысы шашылыш
шаардан чыгуучу бардык
жолдорду тостургула. Эгер
алар шаардан чыгып
кетишсе Россия кенен,
дайынсыз болушат" - деген
буйрук берди.
Ошентип үчөөнү беш
жүздөн ашык тыңчы
шимшип, издөөгө өтүштү.
ххх
Шаанын башын катырган
"Кайда барып жашынсак?"
деген суроо болду.
Жатаканасына баары
барууга болбойт. Эшик
тоскондор мындай беймаал
учурда келген немелерди
даана эстерине тутуп
калышат. Саат түнкү төрт
болгон экен. Демек, бир гана
жол бар. Жетекчиси
шаардын ортосундагы төрт
бөлмөлүү чоң үйүнүн
ачкычын калтырып
"гүлдөргө суу куюп, карап
коюп тур" - деп суранган.
Азыр ошол квартирага
баргандан башка жол жок.
Мейманкана, жеке
квартирага берилчү үйлөр
толо. Бирок, аларды тигил
куугунчулар бүт текшерип
чыгышаары белгилүү.
Таксиден эки кварталча
мурда түшүп калышты да
үйгө жөө барышты. Түнкү
саат төрттө эки эркек, бир
кыздан турган үч азият
түшкөн таксини оңой эле
таап алуулары мүмкүн эле.
Корккону үйдүн ээлери
келип калбаган болсо экен
деп ойлогон. Бактыга
жараша келише элек экен.
Үйгө киришери менен үчөө
тең аябай чарчашканын
билишти.
- Азыр тынч жатып эс алалы
да калган ишти эртең эрте
менен ойгонуп алып
шашпай сүйлөшөлү - деди
Шаа.
Жоокерлик адатына салып
Мырза залдагы диванга
чалкасынан түштү да "Мен
уйкуга кеттим" деп койду.
Шаа бир сыйра жуунуп алып
жатуучу бөлмөлөрдүн бирин
тандады. Фаризат да
шашпай жуунуп чыкты да
отуруп алып муздаткычтагы
колбаса, сырдан алып чыгып
шашпай чай ичти. Болбосо,
өзөгү үзө тартып турган.
Дээрлик бир күн тамак
көрбөй калбадыбы. Анан
жатуучу бөлмө издеп баш
бакса Шаа кенен диванда
чалкасынан түшүп белине
чейин ачык мемиреп уктап
жатыптыр. Акырын басып
келди да колунун,
көкүрөгүнүн булчуңдары
бөлөк-бөлөк болуп турган
денесине суктана карап
дивандын четине отура
кетти. Каштары капкара
болуп, ортосу кошулган
кырдач мурун, эриндери бир
аз калбыгыйраак, өңү
каратору келген жүзүнө
тигиле "сулуу жигит экен"
деп ойлоп, бүгүнкү кылган
жакшылыгын эстегенде ичи
элжиреп акырын эңкейип
эриндеринен өөп койду.
Денеси дүүлүгө чыдамы
кетип, өзүн карманалбай
канча ордунан туруп басып
кетейин десе да козголо
албады. Качантан бери
эркек кумарына бата элек.
Эңсеп калган экен. Дагы
эңкейип өбөйүн деп
келатканда Шаа ойгонуп
кетти. Көздөрүн ирмегилеп
тиктеп койду да белинен
имере өзүнө тартты. Экөө
көпкө соруша өбүшүштү.
Анан бир маалда экөө тең
шашыла чечинип киришти.
Алкымынан, эриндеринен,
көкүрөгүнөн аймалай
жыттаган Шаа Фаризаттын
назик денесине эрип, ал да
өзүн жогото бүт эргүүсү
менен аял кумарына
берилип кеткенин билбей
калды. "А-а, акырын" - деп
шыбырай онтоду Фаризат.
Эки дене жуурулушуп бирде
булут аралап учуп, бирде көл
толкунунда толкуп, махабат
жыргалында эзилип
жатышты. Экөөнүн
эзилишүүсү узакка созулуп
кетти. Шаа бир бүтүп эле
кайра баштайт. Фаризат
улам жарпы жазыла төгүлөт.
Мынчалык эркек жыргалына
батпаганына канча болду
эле. Эсинде да жок, балким,
биринчи жолу ушундай
эркекке кошулуу рахатынын
өзгөчө Шаа гана жеткире
ала турган түрүнө кезигип
жаткандыр. Чындыгында
ошондой болчу. Кытайдын
"Дао сүйүүсүнүн" бүт
ыкмаларын мыкты
өздөштүргөн Шаа болгон
чеберчилигин көрсөтүп, ар
бир колу менен сыйпалаган
жерлеринде сезимди
эргитүүчү түйүндөрдү басып,
ар бир кыймылын
өзгөчөлөнтүп жасап жаткан.
Өзүнүн бүт эс-акылын
жоготуп махабат рахатына
сүңгүп кирген Фаризат да
балкып ойноп берди.
Экөө кичинеге сулк жатып
калып эстерине келишти да
анан "Эмне болуп кеттик?"
дегенсип бири-бирин
жылмая карап аяр өбүшүп
коюшту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 03:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Кумар кануунун туу чокусуна жеткен Фаризат күтүүсүздөн
ыйлап жиберди. Шаа чоочуй "Эмне болду?" - деди ордунан козголуп, өзүнө имере тартып кучактай. Берки жигиттин kөкүрөгүнө башын коө "Эч нерсе деле болгон жок. Сага ырахмат. Мени тим койчу. Кичине бугумду чыгарып ыйлап алайынчы" - деди болкулдап. "Мейлиң. Ыйласаң ыйлап ал. Кичине көкүрөгүң жеңилдеп калат" -деди Шаа, анын эркине коюп. Фаризат көпкө болоктоп ыйлады. Улам өзүнүн ар жерин чымчып-чымчып коөт. Бул өзүн-өзү жазалап атканы эле. Басылгандан кийин туруп барып жуунуп келди. Анан экөө үнсүз кучакташкан боюнча уйкуга кетишти. Шаа ойгонгондо убакыт түшкү он эки болуп калган экен. Тырп этпей тынч уктаганга кадимкидей уйкусу канып калыптыр. Жанындагы Фаризат болсо мемиреп уктап жатыптыр. Аны ойготуп албайын деп акырын туруп бөлмөдөн чыкса Мырза туруп жуунуп
жүрүптүр. - Жакшы эс алдыңызбы? -деп жылмайып күлүп койду.
- Ырахмат. Жакшы эле - деп Фаризат экөөнүн мамилесине уялыңкырап жуунганы ваннага кирди. Аркасынан Мырза;
- Чай коөюнбу, байке? - деди үнүн пас чыгара. Ал да Фаризаттын уктап жатканын байкаган.
- О-оба - деп койду Шаа кыска. "Байке" деген сөздү укканга эмнегедир толкундана түштү. Канчадан бери мындай кайрылууну
уга элек. Экөө отуруп шашпай колбаса, сыр, консерва менен чай ичишти. Шаа ар бирине бештен жумуртка да куура салды. Тамак ортосунда Мырзанын кыскача өмүр таржымалын укту. Жаш туруп башынан далайды өткөзгөн тура деп ичинен боору ооруп отурду. Мырзанын кошуп сүйлөбөгөн чынчыл мүнөзү жагып калды. Эгер бир ооз калп сөз кошсо Шаа туюму менен билип коймок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 03:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Анан экөө отуруп алып мындан ары эмне кылышты акылдашышты. Үчөө чогуу көчөдө жүрүүгө такыр болбойт. Бөлүнүп, бир бирден шаардан чыгып кетели десе Мырзанын документи жок. Колундагысы менен алыс узабасы түшүнүктүү. Бул үйгө да турууга мүмкүн эмес. Эртең үй ээлери келишет. Жетекчисинин жекшемби күндөн шаршембиге чейин окуу жайда лекциясы бар. Анан кайра төрт күн дачасына кемпири экөө кетип калышат. Булар ашык түйшүктү жактырбаган чыныгы москвалыктар. Ээн турган төрт бөлмө үйгө бул үчөөнү эмес Шаанын өзүн жалгыз жашоого да уруксат беришчү эмес. Кемпир-чалдын көздөрүнө көрүнбөй жылт койгондору оң. Мырзаны убактылуу Шаанын жатаканасына жашынта турууну туура табышты. Фаризатты болсо эптеп шаардан чыгарып жибериш керек. Азыр Мырзага документ издөөгө болбойт. Жалган документ жасоочуларга бүт эскертилген болуш керек. Кыскасы, шаардан бир бирден чыгып кетүүнү туура табышты. Аңгыча Фаризат да ойгонуп чыга келди. Тим эле өңүнө чыгып кулпуруп калган экен.
- Ой жигиттер, менсиз эле тамактанып жатасыңарбы? -деп күлмүңдөп койду эле берки экөө сулуулугуна суктана ооздору ачылды. Фаризат тамактангыча кайра акылдашышты.
- Мен буларды аздыр-көптүр билем. Буларда каражат деген кенен. Бизди издетүүгө бери дегенде миңдей тыңчыны жалдай алат - деди Фаризат.
- Кожоюндун сыры мага да белгилүү. Бизди таппаса далайдын канын ичет -деди Мырза жөн салды гана. Эмнегедир ойго чөгө түшкөн Шаа туруп залга барды да малдаш токуна отуруп алып, транска түшүп бир топко кыймылсыз отурду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 03:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Беркилер тоскоол болушкан жок. Транстан чыккандан кийин Шаа маанайы чөгүңкү:
- Достор, ишибиз чындыгында эле оор. Кара күч улам жакындап кысып келатат. Бизди курчаган кара күчтөн чыгып кетүүгө бир гана ичке шоола болгон жол бар экен, эгер ошону таба алсак. Биз оңой жоого туш келбептирбиз - деди.
Берки экөө үнсүз шалдырай отуруп калышты эле кайра өзү сөз баштап:
- Урушта туруш жок. Кой, кыймылдайлы, - деди. Шаа Мырзаны жатаканасына жайгаштырып келгиче Фаризат күтүп отуруп турду.
- Тынч эле жеткизип
келдиңби? - деди мойнуна асылып кучактай өөп. Шаа да кучактап өөп койду да;
- Баары жайында, менин жатаканам бул жерге жакын, ошондуктан жөө эле барып келдим, -деди.
- Эми биз кандай кылабыз? -деди Фаризат Шаага ыктай көздөрүнө тигиле карап. Шаа үнсүз кичинеге ойлонуп турду да;
- Фаризат, мен сага бир нерсе айтайын, сен болгону туура кабыл ал да мени түшүнүүгө аракеттен. Эгер мени туура кабылдасаң мен үчүн да, сен үчүн да ишибизди жолго койгонго жакшы болот. Эгер түшүнбөй туура эмес кабыл алсаң анда иш жаман жагына айланып кетет. Азыр биз кылдын эле үстүндө турабыз. Кылт этсек жок болобуз. Мени түшүнүүгө аракеттенесиңби? - деди Фаризатты жалооруй карап. Фаризат сестейе түштү. Далай алдоолордон жүрөгү өлүп бүткөн неме "Дагы эмнени баштаган жатат. Бул деле мендеги катылган сырга кызыккандардын бири го. Азыр чыныгы жүзүн ачканы турабы?" - деп ойлоду. Муну Шаа түшүнсө да үн дебей Фаризаттын жообун күттү. Кичинеге үнсүз турду да:
- Айта бер, түшүнүүгө аракеттенейин - деди көңүлсүз. Шаа токтоосуз сөз баштады;
- Фаризат ишенсең койсоң өзүң бил. Менин боло турган окуялардын болжолдуу багытын астын ала сезген касиетим бар. Так, толук эмес. Болжолдуу агыттын
мага келген белгилери боюнча сенин башыңда ажалдын тузагы айланып турат. Сени ошондон чыгарып кетүүнүн жолун таппай кыйналып жатам. Ошондуктан сен менин тилимден чыкпай, айтканымды так аткарууңду сурайт элем. Эгер дагы бир эле жолу өткөндөгүдөй мага ишенбей өз алдыңча кадам жасасаң мен эч жардам бере албай калышым мүмкүн. Болгону мени туура түшүнүшүңдү гана сурайм -деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Өзү күткөндөн таптакыр бөлөк кепти укканда Фаризаттын тим эле кубангандан көздөрү жайнап кетти. Аз эле жерден секирип-секирип Шаанын мойнуна асыла өпкүлөп жибере сактады. Өзүн кармап:
- Мен деле сенде ошондой касиет бар экенин сезип калдым. Кантип сага тоскоол болоюн. Бардык айтканыңа көнөм. Деги менин ишенимимди өлтүрбөй аздектесең болду. Эгер сен мага ак дилден мамиле жасасаң мен сен үчүн жанымды кыйышка даярмын. Бул Кудай астындагы чын сөзүм. Мени далайлар алдашкан. Жүрөгүм нечен калды. Адам аттууга ишенбей сезимим өлдү. Ошондуктан, сага кээде ишенбей кеткеним да ошондон, - деди көздөн жашын кылгырта. Муну чын жүрөктөн айтты.
- Мага ишенем дегениңе ырахмат, - деди да Шаа өзүнө имере тарта өөп койду.
- Эми менин планым мындай,- деп кеп баштады. -Сени азыр такси менен Москвадан жок эле дегенде 200-300 км. алыс турган бир шаарга алып барам да ошол жерден Алматыга поездге салып жиберем. Ансыз азыр бүт вокзалдар, aэропорттор тосууда. Бизди издеп жүрүшөт. Менин сезишимче такси менен гана чыгып кетүүчү жол бар. Сен
Алматыга жетериң менен менин жатаканамдын дарегине телеграмма
урасың. "Аман жеттим. Баары жайында К.А." деген гана. Анан биз артыңдан мүмкүнчүлүккө жараша чыгып барууга аракеттенебиз. Биз шаардан аман чыккандан кийин башкы почтого сенин атыңа телеграмма жөнөтөм. "Чыктык" деген, ошондон соң мени дайыма түшкү саат он экиден бирге чейин "Алмата" мейманканасынын эшик алдынан акмала. Мен колума жалаң ак гүл алып барам. Өзүң мейманканага жакын барба. Алыстан акмала. Эгер дагы үч жума аралыгында бара албасак башкы почтага барып сенин атыңа түшкөн телеграмма сура. Мен иштин жайын кыскача билдирүүгө аракеттенем. Жолдо таксисттин көзүнчө мунун баарын сүйлөшүүгө болбойт,- деди. Түшүндүңбү дегенсип тиктей. Шаанын чын дилден көргөн камына Фаризаттын ичи эзилип кетти. Өзү деле канткенде бул шаардан чыгып кетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган. Анын үстүнө өзү да Алматыны ойлогон. Шаа экөөнүн ою бир жерден чыгып отурат.
- Макул. Ошентсең ошент. Бир гана суранычым мен жаткан мейманканага барып буюмдарымды алышым керек. Шаа көздөрүн жума кичинеге үнсүз турду да:
- Болбойт, мейманкана катуу кайтарууда экен, - деди.
- Менин бүт акчам
мейманканада катылуу. Каражатсыз кантем? - деди Фаризат айласы кеткендей. Шаа дагы үнсүз ойлонуп туруп:
- Мен кирип чыгам - деди. Анткени, каражаттын өзү да кысыла баштаган. "Жок. Аны ташта. Башыңдан акча кымбатпы?" дей алган жок.
- Биздин швейцар баарыбызды өңдөн тааныйт. Чоочундарды кийирбейт. Мейманкана чакан, болгону үч кабат, 60 эле орундуу -деди.
- Арга жок бир күнгө орун алышка туура келет да, - деп койду Шаа ийнин күйшөй.
Шаанын абышкерлигине Фаризат таңдана түштү.- Мен даярданайынбы? Качан чыгабыз? - деди Фаризат.
- Кеч күүгүмдө чыгалы. Түнү менен жол жүрөбүз, ага чейин эс алып алсак да болот - деди Шаа.
Кантсе да санаасы тына түшкөн Фаризат кечке чейин эс алып алалы дегенди укканда тим эле кудуңдай түштү. Кандай шылтоо таап Шаа менен махабат жыргалына батсам деп эбин келтире албай тарткынчыктап турган. Бат эле Шааны ушунчалык башын жоготуп жакшы көрүп калганына өзү да таң калып коөт. Күүгүм кире эшикке чыгышса жамгыр себелеп туруптур. Баштарына саллофан пакет тосуп алышып Фаризатты бурчка тургузуп коюп, Шаа барып такси кармап келди. Экөө чогуу барышпады. Тандап жүрүп жылдызы түшкөнүн кармады. Караса, казак же башкыр көрүнөт.
Фаризат отурганда кылчайып бир карап койду да;
- Карактарым, сиздер казак эмессиздерби? - деди
казакча.
- Казакпыз гой. Жердеш чыгып калдык гой аке, -деди Шаа да казакча.
- Туура, осундай болуп калды. Энди мен бул Москөөдө көп жыл жасап казакшаны да толык билмеймин, - деп койду, кайра күнөөлүүчө.
- Шондо турган кеп жок гой,- деп барып калганын орусчалай, - Биз деле казакча сайрап жибербейбиз, - деди эле таксист каткырып күлүп калды. Кичине жүрүшкөндөн кийин:
- Осу күндүзү бирөөлөр келип, карагыма оксос сүрөт көргөзүп, "көрсөңүздөр кабарлагыла, чоң сыйлыгы болот" деп таксисттерди бүт кыдырып кетисти гой - деди Фаризатты көрсөтө. Экөө бири-бирин үнсүз тиктешип коюшту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Аке, сизге ишенебиз. Оозуңуздан сөз чыкпас деп сизди албадымбы, -деди Шаа орусчалай.
- Акесинин оозун урайын. Осуларыңа айгак болмок белем. Жердестерди сатмай жок гой, - деп койду таксист. Фаризаттын
мейманканасында Шаа жарым саатча кармалды. Фаризат акча салган бел боону дивандын астына скоч менен бекитип катып койгон экен. Шаа коңшу бөлмөдөн орун алды. Балкон аркылуу кирип өз сумкасына тигинин кийимдерин, акчасын салып чыкты. Фаризат алысыраакта таксиде күтүп отурду. Эшиги менен кирсе деле болмок. Ачкычы бар болчу. Жүрөгү бир нерсе сезип эшикке жолободу. Ичкери киргенде абайлап караса ички бетине микрофон орнотулган экен. Эшик ачылаары менен белги берилмек экен. Жолду карата Шаанын ийнине башын жөлөгөн Фаризат;
- Сен баргыча мен кантип чыдайм. Сагынып, кусалыктан өлүп кетем го. Кетким келбей атат. Өлсөм деле сенин жаныңда
жүрсөм болот эле, - деп наалып барды. Таксистти күттүрүп коюп чакан вокзалдан Фаризатты Алмата поездине салып жөнөттү. Кетеринде вагонго Фаризат ыйлап атып араң отурду. Жанагы бел боого тизиле салынган жалаң жүз долларлык пачкалардан экөөнү гана сууруп алып өзүнө калтырды да калганын бүт Шаага кармата берди. "Албайм, өзүңдө жүрсүн" десе да болбоду. Бул аябай ишенерин, күтөрүн билгизгиси келгени
эле. Поезд ордунан козголуп, Фаризат жөнөп кеткенде Шаанын да жүрөгү тызылдап аябай жакын, кымбат адамынан айрылгансып умсуна түштү. Тим эле аркасынан кошо кеткиси келип кетти.
Таксист кайра түз жол менен келди. Баратканда посттордон качып, улам кичинекей бурулуш жолдорго салып барган. Жолдо карата ула Фаризатты ойлоп келатты. Аман жетсе экен деп коөт. Өзүндөгү туюмга караганда аман жетет. Поездге салып атканда караса аурасын бузган кара көлөкө жок болуп калганын көрдү. Эми Мырзаны алып чыгуу керек - деп койду ичинен. Мырзаны артка тарткан бир иш бар. Ал эмне экенине түшүнүгү жетпеди. Эгер үчөө чогуу чыкканда Фаризат менен Мырзанын тарткылыгы биригип оор болуп кетип, жолдору болбой калышы толук мүмкүн болчу. Ошондуктан Фаризатты аман алып чыксам экен деп теңирге, колдоочуларына миң мертебе жалынып атып жалгыз куткарды. Шаа жатаканага жакындаганда жүрөгү ылдам согуп, бардык иш жайында эмес экенинен кабар берди. Эшик алдында өзүн бирөөлөр жаман ниет менен күтүп тургандай болуп кетти. "Деги, Мырза аман болсо экен" деп ойлой шашыла басты. Таксист менен эки кварталча алысыраак ээн жерден эсептешип, коө берип жиберген. Коштошуп жатып "Биз жөнүндө жан кишиге оозуңуздан чыгарбаңыз. Болбосо, өз шоруңузга өзүңүз каласыз" - деп эскертти. "Кам жебе карагым. Мен жас бала эмесмин гой. Баарын түсүнөм. Осул сендер бергенди деле Кудай кут кылсын" - деди уучу толо түшкөн долларга чекеси тердей, ишенер ишенбесин билбей. Фойеде экөө вахтерша кемпир менен сүйлөшүп туруптур. Аларды көрүп Шаа жанынан айнеги калың көз айнегин алып чыгып
тагынып алды. Бул жөн гана калың айнектен жасалган очки болчу. Сыртынан караганда көрүүсү өтө начар немедей көрсөтүп коөр эле. Шааны көрө койгон вахтер кемпир нааразы боло;
- Кечээтен бери үч-төрт жолу келип паспорт екшеришти.
Шурик, буларга документиңди көрсөтүп койчу. Өзгөчө азияттарга уйгактай жабышып
жатышат. Ушу да жашообу. Демократияңдын. .. Улут-улутка бөлүнбөй эле баарыбыз Советтик
гражданин болуп тынч жашоочу элек, - деп таза орусчасынан сөгүнүп койду. - Шааны көрсөтө: Бул биздин Шурик, студент кезинен эле бизде жашайт. Азыр аспирант. Окумуштуу -деп тааныштыра кетти. Төрт көз Шаага тигилер кербездене карап коюшту да колдоруна документин алып чала-була карап, кайра бере салышты.
- Силер өзүңүздөр ким болосуздар? Эмнеге текшерип жатасыздар? Документиңерди
көрсөткүлөчү? - деди Шаа жөн эле кычыктанып.
- Эй төрт көз. Жолуңа түшчү. Болбосо, азыр берки айнек көзүңдү аркынысына кийире урам - деди өзүн тим эле ченде жок эр сезип турган бири.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Шурик, булар менен акыйлашып эмне кыласың.
Органда иштейм дегендерге сурак жок калбадыбы. Мага да кимдер экенин айтышпайт. Сурасаң ороңдошот. Э-э ушуларыңды. .. деп туруп адатынча дагы сөгүнүп-сөгүнүп алды. Бул вахтерша кемпир өтө сөгүнчөөк болгону менен аябай көңүлү жумшак неме болчу. Шаа майрам сайын кичине болсо
да белек берип анда-санда үйдөн келди деп тамак-аш
берип койгондуктан Шааны тим эле өз баласындай жакшы көрчү. Тигилер кемпирдин сөгүнгөнүнө күлө, чыгып кетишти.
Бөлмөдө Мырза санааркап отурган экен. Шааны көрүп кубанып кетти.
- Салып ийдиңизби? - деди Шаанын жүзүнөн эле иш жайында экенин байкап.
- О-оба. Жөнөп кетти. Эми аман Алматыга жетип алса андан ары оңой менен таптырбайт эле, - деп креслого отурду. Экөө кичине тиктеше түшүштү.
- Менин курсагым ачты. Бир нерсе шам-шум этсек болот эле, - деди Шаа.
- Ачка болуп келет го деп майлуу эт менен күрүч басып койгом. Сиздин муздаткычта бүт бар тура. Бир ай бекинип алып жашай берсе болчудай, -деди Мырза жылмая.
Экөө тамак ичип жатканда Мырза божурап баштан
өткөн окуяларын кыргызча айтып отурду. Улам "Кыргызча туура эле сүйлөп жатамбы?" - деп коөт.
- Туура эле сүйлөп жатасың. Болгону англис акценти бар. Анан да сөздөрдүн баш-аягын айрым учурда алмаштырып жиберет экенсиң. Эч нерсе эмес. Бат эле кайра үйрөнүп кетесиң, -деди Шаа чын дилден.
- Мен таптакыр унутуп калдымбы? - деп коркчумун. Дагы шүгүр, - деп койду
Мырза.
- Орус тилин таптак, акценти жок сүйлөйт экенсиң. Муну кайдан үйрөнгөнсүң?
- Инструкторубуз орус аял эле. Өзгөчө катуу таш боор неме болчу. Кичине жаңылсаң жаза алмай. Анан көрөйүн так сүйлөбөгөндү. Күнү-түнү орус тилинин эрежелерин жаттадык го. Бизге орус, англис, араб тилин өзгөчө катуу окутушту. Мен өзүм ойлойм ушул үч тилде тең так сүйлөйм - деп.
Кейпи, мени дүйнөлүк террористтикке же киллерликке даярдашты
окшойт, - деп ийнин күйшөп койду да, - Эмнеси болсо да бактыма сиз жолуктуңуз. Ошолордон кутулганыма
сүйүнүп отурам - деди бажырайа. Шаа "Али толук кутула элексиң" дейин деп кайра кубанычын бузгусу келбеди. Тамактанып бүтүшкөндөн кийин таксисттердин бардыгына Фаризат менен Мырзанын сүрөттөрү көрсөтүлүп, "көрөөрүңөр менен кабарлагыла. Чоң сыйлык аласыңар" деп байге коюлганын айтты эле Мырза ойлуу отуруп калды. Анан "Игрок" жөнүндөгү
"Жырткычтын" айткандарын бүт айтып берди да;
- Бизде бир гана жол бар, "Игрок" бизге жеткиче күтүп отура бербей биз "Игрокко" жетип жок кылышыбыз керек. Болбосо, ал бизди өмүр бою тынч койбойт. Ал тынчыйын деген күндө да кожоюн тынчытпайт. Кантсе да көп каражат жумшап койду. Ар бир жумшалган каражаттын жыйынтыгы болуш керек да. Сиз мага эптеп "Игрок" жаткан уяны билип берсеңиз калган жумушту өзүм бүтүрөм. Ал азыр мага кол салат деп түк ойлобойт. Кайсыл бир мейманканага жатып алып телефон менен баарын башкарып коюп, сойкулар менен чардап же адатынча бильярд ойноп жатса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Анын башын жулуш
тооктукунан да оңой, - деди
Мырза кыжырлуу. Бул бүт
бойдон "Жырткычтын"
үйрөткөн сабагы болчу.
Шаа болсо Мырзанын
жапжаш туруп терең
ойлогонуна оозу ачыла, таң
кала түштү.
- Эгер биз башчысыынан
айырсак башкалар алдастай
түшүшөт. Италиялык менен
күрсүгүйдү кожоюн эмгиче
жок кылдырды болуш керек.
Мындай чоң жаңылууну ал
кечирбейт. Ошентип, эң
башкы душман бизде
"Игрок" гана. "Игрок" жок
болсо калган башчылар
коркуп кетишет да же
качышат же жашынып өз
жандарын коргоого өтүшөт.
Кыскасы, "эт эмес табагыңды
таап ал" болушат. Так
ошондо биз шаардан чыгып
кете алабыз. Ансыз өтө
коркунучтуу болот, - деди
Мырза ишенимдүү.
Шаа кошумча эч нерсе
айтпады. Баары туура болчу.
- Менин оюмча "Игрогуңду"
табыш кыйынга деле
турбаса керек. Мен ишке
киришейин деп кийим
которуп кийине баштады.
Мырза "Игрокту" сүрөттөп,
колунун үстүн тырмаган
адатынан бери айтып берди.
Чын эле "Игрокту" табыш
кыйынга турбады. Экинчи
күнү эле жаткан
мейманканасын, номеринен
бери билди. Чын эле эртеден
кечке бильярд ойноп
эрмектейт экен. Өздөрүн
издеп жүргөн жеке
детективдердин биринин
жетекчисинин артынан
түшүп алды эле ал түз
"Игрокко" алып барды.
"Игрок" Мырза айткандай
бейкапар жатпаптыр, үч
кабат мейманкананын
экинчи кабатын бүт сатып
алып аябай мыктап кайтаруу
коюптур. Бүт автомат,
пистолет менен куралданган
атайын машыккан жигиттер
экени көрүнүп турат. Бери
дегенде эле он кайтаруучусу
бар окшойт.
Эгер өзү жардам бербесе
Мырзага кыйын болуп
каларын билди.
Башына глушитель тагылган
пистолетин бир сыйра
текшерип, дагы эки бычак
тагынган Мырза "Мен
жалгыз эле кирип чыгайын.
Он эмес жыйырма
кайтаруучусу болсо деле бат
эле чыгам" дегенине Шаа
болбоду. Белине баягы бел
боосун оронду да,
жылдызчалары менен ичке
бычактарды такты.
- Бейкүнөө жаш
жигиттердин өмүрүн кыйып
эмне кереги бар. Бул
жылдызчалардагы уу 2-3
секундда адамды уктатат.
Болгону теринин астындагы
канга жетсе болду - деди
жылдызчаларды таң кала
айландырып караган
Мырзага - Өлтүрбөйт. Жара
да кылбайт. Тийгенде ийне
киргенсип "тыз" дей түшөт
да эмне болгонун түшүнгүчө
уктап калат. Кайра эсине
келгенден кийин деле
түшүнө бербейт. Аз күндө
эле тийген жери кайра
айыгып кетет, - деди да -
Экөөбүз чогуу кирели. Эгер
сен бул жылдызчаларды
ыргыта билсең эң сонун
болот эле, - дегенде Мырза
колундагы жылдызчалардын
бири менен ары дубалда
илинип турган кыздын
сүрөтү бар календарды уруп
калды эле жылдызча туура
эмчегине сайылды. Шаа дагы
таңдана бакырая карады.
- Бизди киши өлтүрүүнүн бүт
түрүнө күнү-түнү
машыктырган, - деп койду
Мырза көңүлсүз.
Шаа үнсүз жети
жылдызчаны карматты да,
кайыш капчык берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Ылайыктуу чөнтөгүңө, бул
капчыкка салып кат. Болгону
абайла. Эгер байкабай
колуңду тилип алсаң өзүң
уктап калышың мүмкүн.
Анан кайра жыйнап алганды
унутпа. Артыңа из
калтырбаган жакшы.
Экинчиден, мындай куралды
табуу да оңой эмес.
Сеникиндей пистолет менен
автоматты көчөгө чыгып эле
таап келсе болот. Ал эми
мындай курал эч жерде
сатылбайт, -деп жылмайып
койду.
Мырза үнсүз,
жылдызчаларды капчыкка
ирээттеп салып жанына
катты.
Экөө тең спорт формасын
кийишти. Шаа издеп жүрүп
баягы казак таксистти таап
келди. Таксист Мырзаны
көргөндө эле тааныды
- Карактарым, силер менен
жүрүс опасный гой. Мени
жайыма койсаңаршы. Мен
бир шорды таксистмин гой.
Каскак болсо семьямды ким
багат? - деди наалый.
- Кабатырланбаңыз аке.
Сизге чымын да конбойт. Сөз
тиймейт - деди да Шаа жүз
долларды таштап койду.
Мейманкананын дарегин
айтып, биз жарым саатка
кирип чыгабыз. Сиз күтө
турасыз. Кайра кайтканда
дагы ушунча аласыз, - деди.
Таксист ийнин күйшөп,
"Теңгең таттуу, ишиң ачуу"
деп койду.
Мырза үн дебеди. Таксини
алысыраакка таштап экөө
мейманканага жөө келишти.
Бир сыйра мейманкананы
айланып чыгышты. Мырза
"Игрок" жаткан бөлмөнүн
балконун сурады эле Шаа
көрсөтүп берди. Эмнегедир
экинчи кабаттын бүт
бөлмөлөрүнүн жарыгы
күйүп турду. Кейпи, куу
"Игрок" өзү жаткан бөлмөнү
билбесин деп баарын
күйгүзүп койсо керек.
Бизде бир гана жол, үстүнөн
түшөт экенбиз. Крыша
аркылуу - деди Мырза. Шаа
Мырзанын оюн билип үн
деген жок. Мырза кичине
ойлонуп туруп:
- Балким, мен өзүм жалгыз
эле барбайымбы? Себеби,
сөзсүз чуу чыкпай койбойт.
"Игрок" профессионал. Ал ар
бир добушка маани берет.
Анан балкон аркылуу үчүнчү
кабатка көтөрүлөт да
крышага чыгат. Биз түшкөн
коңшу үйдүн крышасы
аркылуу качууну ойлойт.
Ошондо сиз астынан
чыгасыз да алдагы
жылдызчаңыз менен
тозосуз. Калганын өзүм
бүтүрөм - деди.
Ички сезими да "Мырзанын
айтканы туура. Акылына
көн" - деп турду. Шаа
өмүрүндө биринчи жолу
туюмуна каршы, акыл
ойлоосу менен чыкты.
Мырзаны жалгыз жанагынча
тишине чейин куралданган
баш кесерге жибергиси
келбеди. Деги эле жанынан
чыгаргысы келген жок. Аз
күн ичинде бир тууган
инисиндей көрүп калган.
- Жок. Эмне болсо да чогуу
бололу. Ал жакта
коргоочулар көп. Онбу,
жыйырмабы толук санын эч
ким билбейт. Жалгыздын
иши жалгыз. Экөөлөсөк
оңой - деди көшөрө. Мырза
үнсүз макул болду. Өзү үчүн
жанын да кыюудан кайра
тартпай турган Шааны
кучактап өпкүлөй ыйлап
ийгиси келди
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Кудай буюруп иш бүтсө,
мени бир тууган кылып
алыңызчы байке. Иниңиз
болуп жүрөйүн.
Айтканыңыздан чыкпайын, -
деп айтышым керек" - деп
ойлоду. Шаа түшүнүп турду.
Көзүнөн жаш тегеренип
кетти. Болгону караңгыда
көрүнгөн жок. Жашый
турган деле мезгил эмес эле.
Экөө коңшу үйдүн крышасы
аркылуу бат эле
мейманкананын үчүнчү
кабатына түшүштү. Анткени,
үйлөр өтө чукул
салынгандыктан
аралыктары эки метрге
жетпейт экен.
Кабаттардын эки жак
капталында тең тепкичтер
болгондуктан экөө эки
капталынан чыгышмай
болушту.
ххх
"Игрок" италиялыкты
жайлагандан кийин
Мырзаны "Мээсинен
айырдым. Мени
көзөмөлдөтсө ушул гана
көзөмөлдөтмөк" деп ойлой
жеңилдей түшкөн. Ошондо
да кайдагы бир ниндзяга
кошулуп качып кеткенинен
тынчсызданып жатты. Эгер
Мырза артымда аңдуучу бар
десе "ниндзя" мени жок
кылышы мүмкүн деп,
кайтаруучуларын
көбөйткөнү.
Жаңы эле уктап бараткан.
Тепкичтер тараптан "дүп"
деген добуш угулгансыды.
Бул салмагы оор адамдын
кулашына окшош. Сол
жактан чыккан тепкичтерди
кайтарган неменин салмагы
жүз килодон ашык болуш
керек эле. Кулагын албай
түрүп калды. Бүгүн
эмнегедир тынчы кетип,
жүрөгү дүкүлдөп ордунда
эмес. Түндө да таң аткыча
жаман түштөрдү көрүп
уктай албай чыккан. Киллер
үчүн туюу сезими башкы иш.
Шарт ордунан секирип турду
да шашыла кийинди. Колуна
башына глушитель тагылган
пистолетин алып, акырын
эшикти добушсуз ачты.
Ачары менен туура эшик
алдында отурган күзөтчү
көздөрү аңтарыла
шылкылдай кулап түштү.
Коридордун башынан
келаткан кара кийимчен
"ниндзя" экөө тиктеше
түшүштү. Секундага
жетпеген убакытта ок
чыгарууга үлгүрдү. Тигил да
шарт секирип тушундагы
бөлмөнүн эшигине
жашынууга үлгүрдү. "Игрок"
эч убакта жаза атуучу эмес.
Анын үстүнө кыска
аралыктан. "Сөзсүз тийди"
деп ойлоп койду. Шаша
бөлмөсүн ичинен бекитип,
балкон аркылуу үчүнчү
кабатка көтөрүлдү. Күндүзү
баарын бир сыйра карап
текшерип койгон. Крышага
чыгып эми боюна турайын
дегенде
- "Игрок" се
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- "Игрок" сенин крыша
аркылуу качмай адатың
барын билбей калат
дедиңби? -деген үн чыкты.
Караңгыда бурулуп
карабастан туруп
пистолетин колтугунан
чыгарып үн чыккан тарапты
болжоп атайын дегенде так
кежигесине тийген ок
маңдайын жарып мээсин
чачырата чыгып кетти. Удаа
эле үч ок денесине кадалды.
Машааны басканга үлгүрө
албады. Крышадан
мешоктой төмөн учту да
жерге күп деди.
Мырза Шаанын
кармалганына таңдана
тынчы кете түштү. Себеби,
эмгиче чыгып келип калмак.
Төмөндө эч ким деле калган
эмес. "Игроктун" эшиги
ачылып, глушитель тагылган
пистолеттин үнү чыкканда
эле Мырза кайра крышага
жүгүргөн. Бирок, Шааны
октон оңой эле буйтап кетти
го - деп ойлогон. Шаа Мырза
үчүн дүйнөдө жок
"ниндзядай" көрүнгөн болчу.
Кайра экинчи кабатка
илбирстей секирди. Шаа
коридордо сол каруусунан
аккан канды токтотуу үчүн
таңып жаткан экен. Аны
көргөндө Мырзанын көзү
чекчейе түштү.Шаа:
- Сол каруума ок тийип
калды - деди күнөөлүүдөй.
Мырза үнсүз отура калып
сөөгүн кармалап жиберди.
Сөөгү аман экен. Кубанып
кетти. Каруунун жараты бат
эле бүтөт. Эң башкысы сөөгү
аман экен. Мындайдын
неченин көргөн го. Бир
бутунун байпагын чечип,
каруунун ок тийген жеринин
жогору жагынан бекем
бууду. Экинчи байпагын
чечип жүз аарчысын коюп
туруп жараттын өзүн бууду.
Шаа Мырзанын
табышкерлигине таң калбай
деле калган. "Мен өзүм эле
келейин десем болбой
койбодуңузбу" дейин деди
да кайра унчукпады.
- Кылыч менен бычактан
буйтаганга караганда октон
буйташта айырма бар тура.
Мен мажүрөөлүк кылып
койдум, - деди Шаа
күнөөлүүчө.
- Жок, сизде күнөө жок.
"Игрок" өзү өтө шамдагай
киллер болчу. Анын огунан
буйтагандар болгон эмес. Эч
убакта мээлебей туруп
түптүз атып көнгөндөрдөн.
- Аны жок кылдыңбы? - деди
Шаа таңдана "болчу" деген
сөзүнөн улам.
- "Игрок" эмес даана
шайтандын өзү болсо да чоң
аталарына кетти, - деди
Мырза жылмая.
Экөө кайра келип так####
отурганда болгону кырк
минута убакыт өтүптүр. Шаа
жарадар болгонун
билгизбеди. Жолдон
дарыканага токтотуп Мырза
өзү түшүп барып тийиштүү
дарыларды алып келди.
Шаанын өмүрүндө биринчи
жарадар болушу эле. Эти
ысып, башы айланып чыкты.
Ошондо да сыр бербеди.
Бөлмөлөрүнө киришкенден
кийин Мырза жаратты
билгичтик менен жууп-
тазалап, дары сүйкөп таңып
чыкты да ооруну
басаңдатуучу,
температураны түшүрүүчү
уколдордон салды. Шаа
Мырзанын ишине үнсүз
көнүп каршылык кылбады.
Баары бүткөндөн кийин Шаа
малдаш токунуп отуруп
алып транска түштү. Кытай
энеси да Кадыр атасы да
келип нааразы боло
күңкүлдөшүп, жаратын
карап киришти. "Дагы бир
карыш болгондо ок
жүрөгүңө тиймек" - деди,
кытай энеси. "Мен түртпөсөм
бул качан атат" деп тура
бермек" деди Кадыр атасы.
Шаа үнсүз отуруп берди.
Бир учурда кытай энеси
"Окко ууланган жаман
канды сыгып бүт колуңдун
манжаларына түшүрдүм.
Беш манжаңдын тең
учтарын тилип канын агыз, -
деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Мырза, жаңы лезвия анан
кан тоскудай бир идиш
алып келчи, - деди отурган
калыбында. Мырза бат эле
алып келе калды.
Манжаларынын учун тилип
идишке тоскондо чын эле
уюган кара кан ага баштады.
Кичинеден кийин "болду"
деди кытай энеси.
Манжаларын аарчып, спирт
сүйкөп койду. Жаратынын
ооруганы басылып жаны
жай ала түштү. Чалкасынан
түшүп уйкуга кетти.
Эртең менен жаратынын
таңуусун жаңыртып дары
сүйкөйүн деген Мырза көзү
алая таң калып калды.
Жарат дээрлик бүтөйүн деп
калыптыр. Эч кандай
шишибептир. Бүгүн шишийт
го, температурасы
көтөрүлүп кыйналар деп
ойлогон.
- Дарыңды көп деле шыбай
бербе. Кудай буюрса 3-4
күндө таптакыр айыгат деп
койду Шаа.
- Мындай шумдукту биринчи
көрүшүм, - деди Мырза таң
калганын жашыра албай.
Октон жаракат алгандын
бир түндө жараты шишибей
айыгайын деп калганын
биринчи жолуктурдум, -
деди өз көзүнө өзү ишене
бербей асты-үстүн кармалап.
Шаа унчукпады. Ичинен
"Ырахмат энеке, ырахмат
ата" деп кытай энеси менен
Кадыр атасына чын дилден
жалынды.
ххх
Фаризат Шаадан бөлүнөрү
менен ичи туз куйгандай
ачышып кетти. Тим эле
вагондун терезесин
талкалап секирип чыгып
Шаанын жанында кала
бергиси келди. Алматыга
жеткиче бир минута да
Шааны эсинен чыгарган жок.
Ажатканага барганы
болбосо купеден эч жакка
да чыкпады. Жыргатып
тамак деле ичпеди.
Кыдырып саткандардан бир
нерсе алып жемиш болбосо
жүрөгүнө эч нерсе да
баспайт. Мынчалык
албууттанган сүйүү башына
келет деп ойлогон эмес.
Өзүнчө эле бир ыйлайт, бир
сооронот. "Эгер Шаа алдаса
анда аны да өлтүрөм,
өзүмдү да өлтүрөм" - дейт.
Кайра ал мага эч кандай сөз
чыгарган жок го. Ал түгүл
"Сени сүйүп калдым" деп да
айткан жок. Эмне үчүн аны
күнөөлөшүм керек. Эгер Шаа
таштап кетсе анда өзүмдү-
өзүм өлтүрөм. Ушул
жашоого тойдум. Бул жолку
кайгыны көтөрө албайм"
дейт. Кайра "мен жинди
болуп калган жокмунбу?" -
деп коөт.
Шаанын эмчегинин
үрптөрүн тилинин учу менен
айланта ###### келип
өпкөнүн эстегенде тим эле
көкүрөгү тикчийип, денеси
түйүлө түшүп колу менен
көкүрөгүн кармалап
жибергенин өзү да билбей
калат. Кежигесин, кулак
түбүнөн, алкымын өпкөнүн
эстесе денеси өзүнөн өзү
балкыйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

"Эгер Шаа менин сезимимди
түшүнсө өмүр бою бутуна
жыгылып, көзүнүн кареги
менен тең айланып өтөт
элем. Бүт берем, байлыкты,
"Бриллиант жыланды".
Курусун ушул байлыгың.
Сүйгөн адамыңдын бир
ырахатына бүт дүйнөнүн
байлыгы татыбайт тура" -
деп коөт ичтен. "Балким,
Шаа менин башымды
айлантып койдубу?" деп
ойлоп кетет да "Шуркуя,
######, дагы баягы арам
ойлоруң башталдыбы.
Ушинтип шекшинип жүрүп
жыргаган жоксуң го" - деп
өзүн тилдей Шаа жөнүндө
кенедей жаман ойлогусу
келбейт.
Купеде чогуу бараткан орус
кемпир:
- Кызым, өзүңчө эле бир
ыйлап, бир сооронуп, бир
күлүп, бир мостоюп
келатасың. Чогуу
келатканыбызга эки күн
болду. Биз менен деле оңдуу
сүйлөшө элексиң. Кейпи,
ичиңде чоң кайгың же
кубанычың бар го, - деп
койду! Араң турса керек
жарылып кетти:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

- Чын энеке. Өмүрүмдө
биринчи өз каалоом менен,
эрким менен чоң сүйүүгө
туш болдум. Бул менин
бактымбы же кайгымбы
билбейм. Сүйгөн адамым
мени сүйөбү же жөн эле
боору ооруп сыйлайбы аны
да билбейм. Өмүрүмдө
биринчи жолу акылыма келе
албай делдиреп баратам, -
деди жашын сүртүп.
- А-а сүйүң менен да жерге
кирдики десең. Аның туура.
Илгери ыраматылыгы
болгон күйөөм мага сөз
салып үйлөнгөндө мен да
бир жылга чукул делдиреп
ишенер-коөрумду билбей
эс-мас болуп жүргөм, ботом.
Абышкам жигиттин гүлү эле.
Кыздар артынан чуркап
кыйрап калышчу. Анан
томпойтуп мени сүйөрүнө
кайдан ишенейин. Элүү беш
жыл чогуу жашадык. Бир
жолу "ой" деп урушкан
жокпуз. Анан оорудан үч
жыл мурда каза болуп
калбадыбы. Азыр да
түшүмдөн кетпейт, - деп
кадимкидей болкулдап
ыйлап кирди.
- Коюңуз энеке. Сабыр
кылыңыз. Элүү беш жыл
жашасаңыздар армансыз
эле өмүр сүрүпсүздөр.
- Армансыз да өмүр болчу
беле, кызым. Эгер оорубаса
азыр деле алдуу-күчтүү
болмок, - деди басыла
албай.
Кемпирди карап туруп
"жетимиштен ашкан кемпир
ушинткенден кийин, биз да
жүргөн экенбиз" да деп
койду таңдана.
Алматыга жетери менен
квартира ала элек жатып
телеграмма жөнөттү. "Бүт
иштер жайында. Сагындым!
Тез келчи!" деген. Анан үч
бөлмөлүү бардык шарты
бар мыкты квартира
жалдады. Эки айын астын
ала төлөп да койду.
ххх
Чын эле Мырза ойлогондой
болду. Күнү-түнү үчөөнү
издеген тыңчылар баш-
аламан боло түшүштү.
Баарын тызылдатып
чуркаткан акча эле. Эми күн
сайын төлөп турган "Игрок"
жок. Анын жайган тору
бычырап үзүлүп кетти. Ал
түгүл "менин чыгымым
баланча болчу. "Игрок" мага
мынча берем деп убада
кылган, эми ким төлөйт"
деген көшөкөр чырлар да
башталды. Дайынсыз
жоголгон үчөөнү издеп
чыгым болгуча чыр чыгарып
аны доолаган жеңил да.
Дагы бир жагдай жекече
тыңчылык жүргүзүүчүлөрдүн
жетекчилеринин өздөрү да
сыртынан сыр беришпегени
менен "Игроктун" өлгөнүн
укканда өз жандарын
коргоп, мындай коркунучтуу
иштен алыс болгуча
шашышты. Атын уккандын
жүрөгү титиреген "Игроктун"
башын быркырата аткан
немелер үчүн кайдагы бир
жекече тыңчылык менен
жан сактагандар эмне болуп
калыптыр.
ххх
- Убакытты өткөрбөйлүк.
Бүгүн кеч күүгүмдө шаардан
чыгып кетели, - деди Шаа
Мырзага.
- Колуңдун жаракаты жол
жүргөндө ырбап кетпейби?
Жок дегенде эки-үч күн
күтсөк кантет. Октун жараты
оңой болчу эмес эле - деди
Мырза кантсе да жүрөкзаада
болуп.
- Жок. Ырбабайт. Бир
жумага жетпей таза айыгат.
Кылчактасак тигилерге баш-
аягын жыйганча
мүмкүнчүлүк түзүп коөбуз, -
деди Шаа ишенимдүү.
ххх
"Москва-Алмата"
маршрутундагы поездден
түшкөн Шаа менен Мырза
ээрчише таксилер турган
жакка басып баратып Шаа
токтой калды да шарт
бурула вокзалдын аркы
калың бактуу бурчун карай
басты. Мырза үнсүз артынан
ээрчиди.
Бактын көлөкөсүндө чоң
кара очки тагынган, башына
парик кийип, такыр
таанылгыс болуп өзгөргөн
Фаризат турган эле.
Тигилер аны көздөй түз
жөнөшкөндө мени
көрүштүбү деп чоочуп, кайта
жөн эле басып келатышат
го, орун которсомбу деп
ойлоп, кайра таанышар
бекен же тааныбай өтүп
кетеби, тура берейинчи
деген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Астынан тосуп чыкпаганы
булардын артынан аңдуучу
жок болду бекен сыртынан
акмалайын деп, кантсе да
башынан көптү өткөзгөндүк
кылып саксынганы эле.
Эгер аңдуучу жок болсо
такси менен кууп жетип
жолугушмак.
Шаа түптүз басып келди да:
- Биз башка жерден
жолугушалы дебедик беле, -
деди нааразы болгондой.
Фаризат чыдамы кете
Шаанын мойнуна асыла
кучактай:
- Мени кантип таанып
койдуң? - деди акырын
шыбырап.
Шаа Фаризатты кучактап
өзүнө тартып алгач
алкымынан, анан
эриндеринен аймалай өптү.
Мырза өзүнчө эле
оңтойсуздана тескери карап,
кыңылдап ырдамыш болуп
калды.
Шаанын кучагынан
бошонгон Фаризат Мырзаны
да кучактап, согончогун
көтөрө бетинен "чоп"
дедире өөп койду да:
- Кичине ийилип койсоң
боло. Сага жетиш үчүн
секириш керек тура. Бою
чакан кыз менен сүйлөшсөң
экөөңдүн тең шоруңар,- деп
тамашалады шайырлана.
ххх
Үчөө кайра жолугушкандан
бери өзүнчө эле көпөлөк
болуп айланып Фаризаттын
кубанычында чек жок.
Эки жигит болсо
сырттарынан сыр
беришпегени менен
ичтериндеги санаа өчпөй
бушайман.
Бир жолу Фаризат Шаадан
сурап калды;
- Мырзанын мүнөзү өзү эле
түнтпү же ичинде айта
албаган сыры барбы?
Эмнегедир мага түнөрүп
жүргөнсүйт, - деди.
- Түнөрбөгөндө кантсин.
Өмүр бою аркасынан
түшкөн кожоюнунун
тыңчыларынан коркуп,
"качан таап тындым
кылышат?" деп жүрүп
жашап өтөмбү? Өзүм аз
келгенсип булардын өмүрүн
да коркунучка салып
койдум, -деп кыйналып атат
да, - деди.
Фаризат башын Шаанын
көкүрөгүнө жөлөй кыжаалат
ойдо турду. "Баарын айтып
таштасамбы же кичине
күтсөмбү? Баарын айтып
койсом, менден коркуп
алыстагыча шашпас бекен?
Жок. Бул жигиттер
андайлардан эмес. Баарын
айтайын деп чечти. Шаа
Фаризаттын эркине койду.
Чачтарынан сылай, моюнун
сыйпалап эркелетип, өзү
сүйлөгүчө унчукпады.
- Баарына мен күнөөлүүмүн,
- деп баштады Фаризат.
Эмнеге Фаризаттын
аркасынан сая түшүп
кубалап жүрүшкөндөрүн.
Азият деген ким болгонун.
Бир ыйлап, бир сооронуп
отуруп өз өмүрүн бүт
төгүлүп айтып берди.
Экөө таң аткыча кирпик
кагып укташпады. Шаа
Фаризаттын таржымалын
тажабай угуп бир жолу да
сөзүн бузбады.
- Мен ушундай бейбакмын.
Эми сен бүт билесиң.
Кааласаң нан кармап
карганайын эч нерсе
жашырган жокмун. Эми
мени жаман көрсөң да,
жектесең да өзүң бил, - деди
көздөрүнөн жашын
кылгырта.
Шаа үнсүз Фаризатты өзүнө
тартып, алкымынан аймалай
жыттады. Экөө өздөрүн
жогото махабат жыргалына
батып кетишти.
- Фаризат, сенин артыңан
куугунга түшкөндөр тоо
арасына катылган байлыкты
жалгыз сени гана билет деп
ойлошуп жандары
тынчыбай жатат. Эгер сенин
азыр алпарып көрсөткөн
күндө да кайсыл тоо, кайсыл
капчыгай экенин таба
албашыңды билишсе сенин
аларга кенедей да керегиң
болбой калат. Кайдагы бир
аял үчүн алар каражат
коротуп куугунтукка
алышпайт. Демек, сенин эч
нерсе билбешиңди аларга
билдиришибиз керек.
Бирок, кантип? Кандай жол
менен? Алар биздин
айтканга ишене коюшабы?
Эң башкысы алардын жанын
тынчытпаган нерсе бул тоо
арасына катылган сан
өлчөмү бизге белгисиз
байлык. Ал байлыктын жиги
билинип, түгөл колдоруна
тиймейин биздин
"билбейбиз" деп
карганганыбыз түккө
турбайт. Ошондуктан
ойлончу Фаризат, сенден
башка ошол тоону, ошол
каргашалуу капчыгайды
жакшы билген, так көрсөтүп
бере алуучу бирөө-жарым
болушу мүмкүнбү? Балким,
жанагынча жүк ташыган
жигиттердин бирөө-
жарымы эсиңде калгандыр?
- Мен ал жигиттердин эч
кимисин таанычу эмесмин, -
деп алып кайра Фаризат
үнсүз ойлонуп калды да;
- Шаа, эстедим. Ошолордун
арасында "Молдо" деген
кубаңдаган, тим эле
шыпылдап турган бирөө бар
болчу. Улуту же тажик же
өзбек. Эки тилде тең жакшы
сүйлөчү. Кийин аны
"Ооганстанга качып кетти"
деп Азият жинденип жүрчү.
Ооганстандан башка жакка
кача да албайт эле да.
Так ошол "Молдо" тирүү
болсо бүт билет. Бирок,
анын тирүүлүгүнө
ишенбейм, - деди Фаризат
көздөрүн жайнатып.
Мырза менен Шаа
акылдашышты да Мырзанын
кожоюнуна "факс"
жөнөтүштү. "Урматтуу
кожоюн. Мени издетип
каражат коротпоңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Мени издетип
каражат коротпоңуз.
Фаризатты издеткенден да
пайда жок. Ал сиз издеген
тоо жөнүндө эч нерсе
билбейт экен. Буга
ишениңиз. Куран кармайм.
Андан көрө бир учурда
Азиятка жигит болгон
"Молдо" аттуу немени
Ооганстандан издетиңиз. Ал
бүт сырды так билет. Жалгыз
ошол гана калыптыр. Эгер
тирүү болсо. Болбосо, эч ким
калбаптыр. Эгер менин
жайыма тынч койбосоңуз,
мен өзүм сизге жетип жок
кылууга аракет жасагандан
башка аргам калбайт. Өмүр
бою качкыча ушундай жол
туура болот" - деп Сизди
урматтаган Мырза,- деген
кол коюу менен.
ххх
Үчөө ишенбеген менен бул
кадамдары бутага тийди.
Жанын коөрго жер таппай
кыжынган "чоң кожоюн"
бир жумада "Молдону"
таптырды: Ал тирүү экен.
Болгону бир бутунан
айрылып чолок болуп
калыптыр. Тим эле сайрап
айтып берди.
Бир айга жетпей кайдан-
жайдан пайда болгон
куралдуу боевиктер чекти
бузуп, Ооганстандан өтүп
келишти. Астыңкылары жол
ачкан соң артынан элүүгө
жакын эшек айдагандарды
баштап "Молдо" келди.
Катылган дүйнө чып-
чыргасы коробой өз
ордунда экенине көзү жетип
так кабар алган күнү "чоң
кожоюн" Фаризат жөнүндө
да, Мырза жөнүндө да
таптакыр унутту. Андай
майда-чүйдө менен
алектенүүгө убактысы да
жок болчу. Аларды
куугунтукташ үчүн бөлүнгөн
чыгымды жаап, "ишти
токтоткула" деген буйрук
берди.
ххх
Линин кызы түшүнөн чоочуп
ойгонду. Муундары
калчылдап коркуп
калыптыр. Түшүндө өз атасы
менен кошо сейрек
чукчуйган ак сакалы бар чоң
атасы келиптир. "Кызым, иш
бузулду. Шаага сенин алың
жетпей турган болуп калды.
Ойлогон айла-амалдарың
ишке ашпайт. Андан көрө өз
жаныңды ала кач. Кытайдын
түпкүрүндөгү майда
шаарларга кирип кет.
Жигиңди билгизбей өмүр
өткөр. Өзүңө мураскор
даярда. Мураскоруң да
өзүнө мураскор даярдасын,
ушинтип канча муун
алмашат бир билсе Теңир
билээр. Керек болсо Шаанын
күчүнөн биз да сага байма-
бай жолугушууга
дарманыбыз жетпей
баратат. Ал жыланды тапты.
Колундагы китептин
жарымысы менен
жыландын кусуру биригип
кетти. Анан да бизге
белгисиз укмуштуудай күчкө
эгедер болуп алыптыр.
Демек, сенден бери дегенде
он эсе күчтүү. Сен аны
көрөрүң менен бүт акыл-
эсиңди жоготуп, калтырап-
титиреп китеп кайда экенин
өзүң эле айтып коөсуң.
Ошондуктан токтоосуз
биздин тилди ал да, ишке
кириш" - деп жатыптыр. Бул
атадан балага, кылымдан
кылымга созулуп, кандан-
канга берилүүчү күчтүү
буйрук болчу. Муну мураскор
кың дебей аткармак.
Айтканды-айткандай так
аткарып, талап-тартипти
бузбас ишенимге ээ
болгондор гана мындай
иште мураскор болот.
Ушул эле күнү жолго чыгыш
үчүн даярдана баштады.
Болбосо, өзү башкача план
түзгөн. Шааны таап, аны
сүйүп калган киши болуп,
керек болсо китепти берип
туруп анан жайлоону
ойлогон. Аялдык
карамүртөздүктү колдонгусу
келген. Түндөгү түшү жөн
түш эмес, бул аян. Демек,
аны так аткаруудан башка
арга жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Шаа Чолпон-Ата-Алматы
жолундагы Көк-Ойрок
ашуусунун туу белине
чыкканда чыгыш тарап
саргыч кызгылт түскө
боөлуп, күн нурлары жаңы-
жаңы чачырап келаткан. Бул
жаңы жол али толук курулуп
бүтө элек болгондуктан
татаал экен. Эгер мингени
"Нива" автомашинасы
болбогондо ашууга чыга
алмак да эмес окшойт.
Өзгөчө Шаа келген Алматы
тарабы чукул бурулуштары,
бийиктиги менен
айдоочунун жүрөгүн
дүкүлдөтөт.
Машинасын белдеги атайын
жүргүнчүлөр токтоого
ылайыкташтырылган
жайыкка кайрып токтотуп,
акыры жеттим дегенсип
көздөрүн жума кичинеге
отурду да анан эшикке
чыкты.
Мөңгү тараптан тоонун
муздак жели уруп туруптур.
Таза аба өпкөсүн жарып
кете сактады. Тээ төмөндө
чөйчөктөй болуп каралжын
көгүш тартып Ысык-Көл
жатат.
Көл жээктей кереге тарта
керилген Ала-Тоо кыркасы
чалкалайт. Бүлбүл-бүлбүл
"Молдонун- Чокусу" андан
өйдө кадимки Хан-Теңирге
улануучу асман тиреген
чокулар мунарыктайт.
Асманда үзүм булут жок, күн
чайыттай ачык.
Кайсыл тарапты көздөй
бассам дегенсип кичинеге
дендароо болуп туруп
калды. Чыгышында уюган
аппак мөңгүлүү белес жатат.
Ашуу деңиз деңгээлинен
4000 метрге чукул
бийиктикте болгондуктан
туу белдеги жол
кылымдардан бери эрибей
жаткан мөңгүнү кесип өтөт.
Куш араң учуп өткөн ашууну
артып машина жолун салган
адамдардын өжөрлүгүнө
таңданганынан ичинен
"Өмүрүндө бул жол менен
Көк-Ойрок ашуусун ашкан
да арманда, ашпаган да
арманда. Чиркин, мындай
кооз, жүрөктү дүкүлдөткөн
бийик ашуу дүйнөнүн башка
жеринде жоктур" деп эргип
да алды.
Анан колунан бирөө
жетелегенсип тескей бет
тарапка кыйгай жөнөдү.
Тескей беттеги асманды
карай сайылып, антенача
сороюп шуңшуйган-
шуңшуйган аскалардын
арасына кандай келгенин да
билбей калды.
Асканын арасына киргенде
кулактары дүңгүрөп, жүрөгү
дүкүлдөп чыкты. Башын
бирөө мыкчыгансып
кысылып баратты. Чөгөлөп
отура калды да ичинен ата-
бабалардын арбактарына,
Улуу Теңирге сыйынып
жиберди. Башынын
кысылганы токтоп,
кулактарынын дүңгүрөгөнү
басаңдай түштү. Асынган
жол сумкасынан баягы
кытай энеси берген
белбоону алып чыгып
белине оронду. Эрөөлгө
чыкчудан бетер кош
кылычын артына асынып
мойнуна талисманды
салынды.
Эми, жанагы дүңгүрөктүн
баары токтоп өзүнө
кадимкидей келе түштү.
Ордунан кайра туруп
жогорку асканы көздөй
басты да, атайы даярдаган
жайнамаздай таза аянтчага
жайгаша малдаштокуна
отуруп, колун көкүрөгүнө
алаары менен кайрадан
айланасы бир башкача
дүңгүрөй баштады. Бул жолу
башы кысылып, жүрөгү
дүкүлдөбөдү. Дабыш сыртта
болуп жатты.
Алгач Кадыр атасы менен
кытай энеси келип эки
жагына отурду. Анан ак
сакалын жайкалтып нур
жүздүү аталар менен, ак
элечек созулган энелер
келди.
Өзү сөздү эмнеден
башташты билбеди. Тигилер
да үнсүз кырка уй мүйүз
тарта отурушту. Баары тегиз
жерде отургансып каалгый
отурушту. Оо бир топто
барып Кадыр атасы сөз
баштады.
- Уулум, азыр сен ыйыктын-
ыйыгына, ламалардын-
ламасына кайрадан
жолугасың. Мындай
жолугушуу Улуу Теңирдин
амири менен гана болчу иш.
Сени Улуу Теңирим өзү
колдосун! Бул жерге
келгендердин баары сага ак
тилек каалаган
колдоочуларың, сага ак жол
каалап келишти. Буга чейин
да колдошкон, мындан
кийин да колдошот.
Баарыбыздын өтүнүчүбүз
менен астыдагы жолугушуу
болмокчу. Ушуну түшүн, -
деди.
"Ырахмат ата" дегенчекти
эле баары жок болуп
кетишти да өзү жерден жай
көтөрүлүп анан улам
ылдамдай кайдадыр учуп
жөнөдү.
Өзүн жогото сактап барып
эсине келгенде баягы
үңкүрдөн жолуккан Ыйык
ламанын астында чөк түшүп
отуруптур.
Лама баягысындай эле
жүзүнөн нуру жайнаганы
менен көздөрүндө
кандайдыр тынчсыздануу
тургансыйт. Шааны тикирейе
карап турду да:
- Улуу Теңирдин амири
менен кайра жолугуштук.
Сен жакындаган чекке
мындан бир нече кылымдар
илгери да адам баласы
жакындап келип кайра
алыстаган. Себеби, Улуу
Теңирдин өзүнө гана
түшүнүктүүдүр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Пенделеринин басымдуу
көпчүлүк бөлүгү туура ой
жоруу агымына түшүүгө
үйрөнө электендир. Улуу
Теңир жолун түздөп ишарат
берген сайын адам баласы
акыл эстин түпкүлүгүнө,
улуулугуна умтулууда. Ошол
эле маалда тээ илгери жерге
жаңы түшкөндөгү
кандарында бүдүр болуп
калган айбандыктын эпкин
таасиринен да арылыша
албады. Ак күч менен кара
күчтүн тирешкени
тирешкен. Пенде биригип ак
күчкө ооп кара күчтү
таманга басып коюуга
жарабады. Балким, сендеги
экиге бөлүнгөн китептин
сыры ушул түйүндөдүр.
Балким, сен ачкың келген
сырдуу эшикте эмне үчүн
адам пендеси арам менен
адалды айра билүүгө акылы
жетип, көзү көрүп турса да
билмексен, көрмөксөнгө
салып, күнүмдүк жашоого,
тирүүлүктүн утурумдук
азгырыгына кул болуп
бүжүрөп өз абийиринин
астында өзү жооп бере
албай тепселендиде
калгандыгындадыр. Бир
жутум аба менен бир ууртам
суудан кымбат да, таттуу да
эмне бар болду экен? Жер
бетинде тукуму үзүлбөй
жашаган миңдеген
жылдардын аралыгында бул
суроо пенденин башында
канча жолу уюп, канча ирет
өз актыгын далилдеди? Деги
пендеме кенендиги чексиз
Улуу Теңирден дагы кандай
ишаарат, түрткү керек?
Шаа оозун таптап суроо
бергиси келди. Ыйык Лама
колун көтөрүп койду.
- Сенин суроо бергиң келип
турат. Аны билем. Бирок,
суроо бербе. Мага берүүчү
сурооңду өзүң чеч.
Экөөбүз турган жердин
касиетинин кусуру Улуу Хан-
Теңирге байланышкан.
Сендеги сырдын түйүнү да
ушул ыйык тоодо. Адам
баласы бир кезде ыйык
сырдын босогосуна
келгенде Улуу Тоого акарат
келтирген.
Улуу Хан-Теңирдин
койнундагы сыр ошентип
ачылбай кала берген.
Адамдар ушул кезге чейин
эмне себептен ушул ак
чокуга Хан-Теңир деп ат
коюлган? Ким койгон?
Качан коюлган? Сыры
кайда? Жок дегенде
кандайча Улуу Ыйык Тоо
аппак пирамидага окшоп
шаңкайып турат ушуга да
терең ой жоруша элек.
Демек, пенделердин
дараметтери жете элек.
Менин оюмча Улуу Хан-
Теңирдин койнундагы сырга
сен өз мезгилинен мурда
жакындап келатасың. Эми
бул да Теңирдин
сыноосудур. Он сегиз миң
ааламдын сыры катылган
эшиктин ачкычы сенин
колуңда. Ага баруучу жолдун
жарымы да айкын.
Жарымына жетишиң деле
татаал эмес. Азыр сенде эң
башкы чоң тоскоолдук
өзүңдү-өзүң жеңишиң
калды. Ал сенин ичиңде
жаңы жаралып жакындан
бери кошо жашай баштаган
түгөйүң. Мен сага мындан
башка айтарым жок уулум.
Ансыз да шарттан тышкары
көбүрөөк сүйлөдүм. Улуу
Теңирим өзү кечирээр, -
деди да, кош дегенсип оң
колун көтөрдү.
Шаа кайрадан зымырап учуп
жөнөдү. Өзүнө келип
көздөрүн ачканда баягы
жайнамаздай жерде отурган
экен.
Тоонун муздак шамалы уруп
туруптур. Өзүнө келип
жеңилдей түшүптүр. Бул
көптөн бери жан дүйнөсүн
кыйнап издетип келаткан
байланыш болчу. Балким,
көптөгөн көкүрөк өйүгөн
суроолорума жооп алармын
деген. Жок. Болбоду.
Суроонун чечилиш түйшүгү
өзүндө кала берди. Ал түгүл
көбөйдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   ROUSE   28 Март 2013 - 04:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

ххх
Англис тилинде "буудайtкууруп" , түш жоруп сайраган Мырза менен Фаризат турганда Америкага барып Линин кызын табыш
кыйынга турбас деп өзүнчө даярдана баштаганда кытай энеси менен Кадыр атасы байланышка чыгышты. "Уулум, убара болбой эле кой. Кыз кайра Кытайга келди. Атын өзгөртүп түпкүргө түшүп кетти. Аны табыш өзүнчө түйшүк. Бирок, сендеги чогулган касиет күчтүн таасири менен Теңир жолуңду ачса аны табышың деле кыйын эмес. Ошондо да кызды издөөдөн мурун ыйыктардын- йыгы айткан акылды кайра бир таразалап, өзүңдү-өзүң бир жолго коюп алчы" дешти. Боолгоп болсо да Шаа, китеп бириктирсе эле бүт түйшүктөн арылып, укумдан-тукумга уланып келаткан мурастык карыздан кутулуп, бейпил турмушта жашап калбасын түшүнө баштады. Ыйыктардын ыйыгы Лама айткан экинчи түгөйү ким? Кандай неме? Жүрөгү сезип жүрөт. Акыркы кездерде бир маселени чече албай чоң кыжаалат ойго түшкөндө өзү экиге бөлүнүп кетип, эки киши бет маңдай отуруп алып талаш
уюштургандай таасирде калат. Дегеле ал түгөй биринчи, Шаага жакшылык каалап, өмүрү кылычтын мизинде турганына карабай өжөрлөнүп жүрүп жакындап калган максатына жардамдаш болуучу, экинчи, жакшы Шаабы же адамдын бейиштен куулуп чыгышына көмөктөш болгондордой немеби? Мына тамаша ушуну тактап ойлой элек
тура. Өзүнчө жыргап күлүп алды. Эгер Линин кызы Кытайга келгени чын болсо Шаа Кытайда тим эле өз үйүндө жүргөндөй жүрөт. Туура, Кытай чоң өлкө, эли сансыз. Көгөрүп издесе таап деле алышы мүмкүн. Анын үстүнө өзүндөгү башка адамдарда жок касиеттер көмөктөш болот. Китепти бириктирсе жыландын ичиндеги ачкычтын сыры ачылып, ал ачкыч ачуучу эшикке баруучу жол белгилүү болот. Анан калганын көрө жатат да. Кайрадан эсине Ыйык Лама түштү. Кантип бул адам адамдарга кошула албай же миңдеген жылдар бою өлбөй "өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп элде жок" жашоого өтүп кетти экен? Жүрөгү "тыз" дей түштү. Балким мындан бир нече кылым илгери мен ачайын деген чекке так ушул ыйыктардын ыйыгы болгон Лама жакындаган болуп жүрбөсүн. Тобоо десең. Өткөндө "Урматтуу таксыр, Сиз эмне үчүн ушул жолду тандап алгансыз?" деген суроону тил учунда таптап турган. Кийин Лама да өзү сыяктуу адамдын ойлогон оюн айттырбай билээрин эстегенде уялып калды. Керек болсо андай касиетти так ошол Ламанын кусурунан албады беле.
ххх
Фаризат Шаанын адамдан өзгөчө жоруктарына таңданчу болду. Баягы түндө бүт өмүрүн айтканда "Бриллиант жылан" анын укмуштай өзгөчөлүгү, баалуулугу жөнүндө да айтып, керек болсо жанагы "чоң кожоюн" издеген тоого катылган наркотовардан да бир нече эсе кымбат болушу керек. Муну эч ким билбей, түшүнбөй жатышат. Эгер билсе ошол жыланды издешмек эле" - деген. Шаа үн деген эмес.

Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 29 Март 2013 - 01:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июн 2025 03:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: