Көзү ачыктардын чын эле “көздөрү ачыкпы”?
Көзү ачыктыктын пайда болуу таржымалынан…
Көзү ачыктык бул тээ илгертен бери келаткан кесепети оор балээ. Мунун качан пайда болгондугу тууралуу тарыхта так маалымат жок. Бирок ыйманды да, ахлакты да, тарыхты да камтыган биздин Ыйык Куранда фараондун сыйкырчылары жөнүндө кеп жүрөт. Анда сыйкырчылар Муса (алейхис салам) пайгамбар менен күч сынашкандыгы маалымдалган.
Биздин өлкөдө болсо көзү ачыктыктын бар экендиги тээ шаманчылыктан бери белгилүү. Бирок бакшы, палчы, төлгөчү сыяктуу аттар менен аталып келген болсо, эгемендүүлүктү алгандан бери өтө көбөйүп «көзү ачык» деген аталыш менен элдин аң-сезиминен,
көпчүлүктүн ишениминен бекем орун алганга жетишти.
Учурда элдердин арасында кеңири жайылган жаман адаттардын бири көзү ачыктарга ишенүү, алардын “кызматынан” пайдалануу болуп саналат. Көзү ачыктарга илимдүүсү да, сабатсызы да ишенүүдө. Кээ бир адамдар болсо “Көзү ачыктарга ишенбейбиз,
бирок болушу ыктымал деген ойдо, же көңүл ачуу үчүн гана төлгө салдырабыз” дешет. Бул ой-пикир Ислам дини боюнча туура эмес, жаңылыш пикир.
Ислам дини боюнча кандай максатта болсо дагы көзү ачыктарга, бүбү-бакшыларга төлгө ачтыруу, алардын айткандарына ишенүүгө катуу тыюу салынган. Бул тууралуу Куранда мындай деген аят бар: “Оо, ыйман келтиргендер!
(Мас кылуучу) ичимдиктер,
кумар, (сыйынуу үчүн орнотулган) буттар жана төлгө ачуу таякчалары шайтандын иштеринен болгон ыпылас, булганыч нерселер. Алардан сак болгула, (тозоктон) кутулсаңар ажеп эмес”. (Маида сүрөсү, 90-аят).
Бул маселе тууралуу Мухаммед пайгамбарыбыз мындай деп айткан: “Куштун сайрашын, учушун жаман жышаан деп кабыл алуу, майда таштар (нокот, буурчак ж.б.у.с.) менен төлгө салуу, кумдун үстүнө чиймелерди чийүү жана анын натыйжасында келечек тууралуу кабар берүү сыйкыр жана көзү ачыктык болуп саналат”.
Аллахтын бул буйруктарынан ачык-айкын түшүнүктүү болгондой, төлгө салуу туура эмес нерсе жана Ислам дининде арам кылынган. Арам нерсе менен да тамашалашуу дагы болбойт.
Көзү ачыктар «билими тууралуу дипломду» кайдан алышкан?
Көзү ачыктар менен сүйлөшө келсең алар: «Катуу ооруга чалдыктым. Доктурга бардым болбоду. Молдого барсам да айыга албадым. Акырында көзү ачыкка көрүнгөндөн кийин оорудан айыгып, ал тургай көзүмдү ачтырып, азыр адамдарды көрүп жатам. Адамдарды көрбөсөм дагы ооруп калам. Азиздерим мага жардам берип турушат» дешет.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) булар тууралуу: «Шайтан (жин) адамдардын каны менен кошо айланып, жашап жүрөт» деп айткан. Адамдын ичинде кара жиндин бар экендигин мусулмандын эң ишенимдүү далили болгон куттуу хадистен уктук. Экинчиси, «менин жиниме тийбе», «менин жинимди козгобо», «менин жинимден этият бол», «Эшматтын жини катуу», «Ташматтын аркасы бар» жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтып жүрбөйбүзбү,
өзүбүздө жин бар экендигин тастыктап. Жогоруда айтылган илимий, анан мынабу практикалык далил жиндин каныбызда бар экендигинин айныгыс далили.
Демек, «Ооруй берип, ооруй берип» деген адамдардын ичине жин кирип алган болот жана анын бир кан тамырын кысып же бир жерин бурап, мыжыгып туруп алат. Бул жерде айта кетчү дагы бир маалымат, жиндер биз сыяктуу эле, мусулман, христиан, атеист ж.б. динди тутунганы, медик, техник ж.б. кесипкөй болушат. Күнөөкөр адамдын ичине медик жин кирип кеткендиктен бир жерин көп жылга созулган ооруга дуушар кылат. Доктурга барып айыга албагандыгынын да олуттуу себеби бар. Себеби медицинада шизофрениялык,
психологиялык оорулардын этимологиясы жок. Ал ооруну козгой турган вирус, микроб, бактерияны таба алышпайт. Канды текшере келсе таза чыгат. Анан: «Каның таза экен, сен тазасың, кыргызча кылыш керек» деп кутулушат. Аныгында ал адам ооруп жатат. Жин менен ооругандардын дээрлик баары алгач доктурга, анан молдолорго барышат. Бирок бизде такыбаа, жин боюнча толук маалыматы бар, жинди окуп чыгарып жүргөн тажрыйбалуу молдолор аз болгондуктан анча-мынчалардын деми менен жин чыга койбойт. Тескерисинче кара жин чала сабат молдонун өзүнө кол салышы мүмкүн.
Ушу темага байланыштуу бир окуяны айтып берели: Бир аялдын ичине жин кирип кетип он жети жыл ооруйт. Көптөгөн бейтапканаларга көрүнүп, көп молдого дем салдырып көрөт. Окуткан сайын оору күчөйт. Акырында баягы жин куудай сакалы бар, аппак кийим кийген, ак селдечен карыяга кубулуп жанагы аялдын көзүнө көрүнөт да: «Мен сенин пириңмин. Сен мени пир катары кабылдап, мойнуңа алышың керек. Менин ар бир тапшырмамды кынтыксыз аткарышың керек. Ошондо гана алдагы оорудан айыгасың, болбосо өмүр бою азап чегип өтүп кетесиң!» деп кыпкыргызча сүйлөйт. Бир чети таң калса, бир чети он жети жылдан бери жаны зыркырап жүргөн аял аргасыздан жиндин айтканына көнүп мойнуна алат. Ошо замат башта айтканыбыздай чымчып же мыжыгып турган жерин жин койо берээри менен аялдын ооруган жери басылып, магдырап, жаны жай ала түшөт. Талапка көнөөрүң менен айыгып кетип жатсаң, бул жакшы нерсе турбайбы, деп бүт дити менен берилип «атактуу көзү ачык» болуп кетип жатканы ошондон. Көзү ачыктардын баары өз тарыхын ошентип башташат: «Ооруй берип, ооруй берип, арга түгөнгөндө ушу жолго түштүм».
Көзү ачыктар эч убакта «менин жиндерим» деп айтпайт, ар дайым популярдуу болуп калган сөздөр менен: «менин адамдарым, менин азиздерим ушундай деп жатышат, мен дарылабайм,
азиздерим айыктырат» деп тил эмизишет. Кээ бирлери Кудайдын атын сатышат. Себеби Кудайды бетке кармаса, алардын бизнеси жакшы жүрүшөт.
Көзү ачыктар адамдарды кантип кылтакка илишет?
Кээ биринде булардын мындай эрежеси бар. Адамзаттын өмүрүндө сөзсүз боло турган нерселерди айтып коркутушат.
Мисалы үчүн «сизге көз тийиптир» дешет. Албетте, кичинекейинде баары жакшы көрүнөт. Маселен, эшектин такайы, койдун козусу, жылкынын кулуну Алланын Кудурети менен ушунчалык сулуу көрүнөт. Айрыкча адам баласы наристе кезинде сүйкүмдүү, ширин болот. Башкаларды мындай кой, жакшы көрүп олтуруп өз ата-энесинин көзү тийип, сугу кириши мүмкүн. Анан «сенин башың ооруйт экен» дешет. Ар бир адамдын башы ооруйт. Айрыкча адамдардын башы азыр катуу ооруп жатат, «кайдан акча табат экенмин» деп. Анан дагы бир күлкүңдү келтиргени,
көзүңдүн асты шишип турса, «сенин бөйрөгүң ооруйт экен» деп «хирург» болуп чыга келишет. Көздүн асты шишигенде бөйрөктүн оорушун элдин баары билбесе да, врачтын баары эле билет.
Башта айтпадыкпы,
ар бир адамдын жин-шайтаны болот деп. Көзү ачыктын жини биздин жиндер аркылуу биздеги маалыматтардын баарын ачык-айкын көзү ачыкка маалымдайт.
Анан көзү ачык отуруп алып: «Оң жактагы кошунаң Дордойдо, сол жактагы кошунаң Орто-Сай базарында соода кылат экен. Уулуң менен келиниң Москвада, кызың Свердловскийде иштешет экен. Аялың ЦУМда телевизор сатат экен. Сенин башыңда оор жүк айланып жүрөт, жети атаңдан бирөөнөн калган экен, сага түшөөрү белгилүү болуп турат, муну жандыкка которуп, өткөрүп койбосок, сен такыр оңбой каласың. Анын үстүнө бөйрөгүң ооруйт экен. Жыл сайын бир курс дарылансаң да айыга албай жүрүптүрсүң» деген «кесмелерди» кулакка шашпай илип шок кылат да, кайырмакка илип, дагы далай сөздөрдү ышкыртып, өзүнө пайда келтире турган талаптарды коюп адамга психологиялык чабуулду баштайт. Тиги көрүнгөнү барган адам ойлойт да: «Атымды, атамдын атын, жадагалса, алыста жүргөн уул-кызымды да билип койду. Чыныгы касиеттүү адам деген ушундай болот турбайбы!
» деп алдастап, чекесин муздак тер басып, анын көзүнүн агы менен тең айланып, айтканынан чыкпай ишенип калганы ошондон.
Эгерде көзү ачыктын «кабылдамасына» жупуну кийинген кембагалыраак адам келсе, ага: «Сен тоок алып кел, ооруңду тоокко өткөрүп койоюн» дейт. Эгер кымбатыраак телефон көтөргөн тыңыраагы келсе, ага: «Сен кара кой алып келбесең болбойт, жүктү, жүзүңдү саргарткан алдагы илдетти койго өткөрүп берейин» дейт. Эгер акыркы үлгүдөгү машина минип, кычырап кийинген, алтын-күмүштөн чынжырларды тагынган байы келсе: «Абал чатак жагына айланганы турат. Сиз бир жылкы же уй алып келиңиз, убагында өткөрүп салбасак, же жолуңузду ачып койбосок өзүңүзгө убал» деген сыяктуу сөздөр менен коркутуп-үркүтүп олтуруп айтканын өндүрүп алышат.
Кыргыз козу ачыктарга (бакшы) ишенеби? Козу ачыктар жонундо ой пикир
#82 29 March 2013 - 18:34
Адамдагы ооруну жаныбарларга өткөрсө болобу?
Алар ошончолук эле мээримдүү, боорукер экен адамды андан бетер кыйнабай ошол ооруну бекер эле талаадагы таранчыларга, каргаларга, бакага, жыланга, койго эмес карышкырга, жылкыга эмес каманга өткөрүп салбайбы. Жок. Алар эти желе турган адал, кымбат жаныбарларды өздөрүнө менчиктештирип алыш үчүн жанагыдай «боорукер» көрүнүп, алдап жатат. «Өткөрүп койдум, бара бериңиз, баары жакшы болуп калат» деп туруп эптеп мал көбөйтмөй, дүнүйө жыймай алардыкы. Эгер көзү ачык айткандай, оору жаныбарга өтө турган болсо, ал башка жаныбарларга да сөзсүз өтүшү керек. Кудай Өзү сактасын. Азыр ашканада таракандар, чычкандар көбөйүп кетти, элдин малын кырып чөөлөр көбөйдү. Азыр талаа-түздөгү жапайы жаныбарларга, жырткычтарга өткөрүп берем деген бир да көзү ачык жок. Бул жорук туруш-турпаты менен алдамчылык, түркөйлүк.
Жиндер жана алар менен тыгыз кызматташкан көзү ачыктар келечек тууралуу биле алышабы?
Адамзат да, жиндер да келечек тууралуу алдын-ала эч нерсени билбеши Курандын көптөгөн аятында, Азирети Пайгамбарыбыздын көп хадистеринде ачык-айкын айтылган. Алла Таала Курани Каримде Жин сүрөсүнүн 26-27-аяттарында мындай дейт: «Ал Аллах кайыпты билүүчү Зат жана Ал Өзүнүн бул илимин (кайыпты) эч кимге ачпайт. Айрым бир сырларды гана алды-артына (периштелерден) сакчыларды коюп туруп Өзү тандап алган элчилерине (пайгамбарларына) гана айтат».
Аятта айтылгандай, Алла Таала белгилеген чекте гана Мухаммад Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) да кыямат кайымдын келечекте боло турган кичине, чоң белгилерин маалымдаган. Андан сырткары тозок менен бейишти көрсөткөн. Эмне үчүн? Пайгамбарлыкты далилдеш үчүн жана акыретке биздин даярдык көрүшүбүз үчүн, башкача айтканда, бизге керек болгондугу үчүн. Ушундай акыйкаттарды көзү менен көргөндөн кийин элге жетик түшүндүрсүн деген максатта. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Алланын амири менен тээ жетинчи кылымда үч-төрт кабат имараттар жок кезде, элдер жалаң кабат үйдө, алачыкта жашап жүргөн кезде айткан: «Аялдардын көбү базарга чыкканда, арактын түрү көбөйгөндө, ар бириңер башкаңардан карыз болгондо жана бедуиндер жарыша бийик үйлөрдү кура баштаганда кыяматтын жакындап калганын билгиле!».
Он төрт кылымдан кийин эмнелер болоорун кайыптан билген Пайгамбар дагы көп нерселерди билген эмес. Маселен, бир согушта душмандын ортосуна чейин кирип кетип тиши сынып, башы жарылып жарадар болуп чыккан. Мындай болорун же кайыпты каалагандай алдын-ала билгенде балким кирмек эмес беле? Мындай мисалдарды санай берсек өтө эле көп. Жыйынтыктап айтканда, жиндер өткөн чактан көрүнгөнү келген адамдын өлгөн жакындарын, анча-мынча таржымалын, учур чактан аты жөнүн, иштен айдалганын, ооруп-сыркап жүргөнүн гана айта алат. Бирок көзү ачыктардын уюму дейбизби, ассоциациясы дейбизби, иши кылса өзүнө ишенген эң кыйындары чогулуп алып миң какшаса да эртең эмне болоорун, бүрсүгүнү кандай окуя болорун жана келечек тууралуу эч качан, эч убакта так айта алышпайт.
Көзүн «ачтыргандар» куткаруучуубу же каапырбы?
Көзү ачыктардын баары каапыр. Эмне үчүн? Себеби Алла Таала Куранда «…Асман-жерде Алладан башка эч ким кайыпты биле албайт» (Намл сүрөсү, 65-аят) дейт. Ал эми алар: «Алла Таала менен биз гана кайыпты билебиз дешет. Же болбосо «мен Алла жөнөткөн пайгамбармын» деп дөөрүшөт. Элди ширкке ишендиришет, өздөрүн Кудай Таалага теңешет. Ошол себептен булар ачыктан-ачык каапыр жана тозокто түбөлүк калуучулар. Худ сүрөсүнүн 31-аятында адамзат тарыхындагы даңазалуу жана Алла Тааланын ардактуу пайгамбарларынын бири Нух (алейхис салам) кайыптан эч нерсе билбей турганын какшап-какшап айткан. А бул жерде болсо кошунасынан башка эч ким тааныбаган кимдир бирөөлөр көзүн ачтырып алып: «Мына кайыпты мен билемин. 24 саат бою каалашынча айтып беремин» деп жатат.
Эми булардын каапыр болгондугуна хадистен далил келтирели. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Ким төлгө салса, ким төлгө салдырса, ким келечектен алдын ала кабар берсе, ким «менин келечегимди айтып бер» деп келсе, ким сыйкырчылык кылса, ким «жолун байлап бер, ысытып-суутуп бер» деп келсе, ушулардын баары бизден эмес» деди. «Бизден эмес» дегени – бул мусулман эмес, каапыр дегени.
Көзү ачыктардын «кызматын» колдонгондор кимдер?
Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде айтты: «Ким көзү ачыкка келип, ошонун сөзүнө ишенсе, жана аны бирөөгө айтып берсе, ал каапыр болду».
Пайгамбарыбыз дагы хадисинде минтип айткан: «Кимде-ким көзү ачыкка жөнеле келсе, анын ошол күндөн баштап кырк күнгө чейин намазы (дуба-ибадаттары) кабыл болбойт. Ал эми ким көзү ачыкка жардам сурап келип, анын айтканына ишенип, башка бирөөгө ошону кайталап айтып берсе, ал каапыр болот».
Мындай адамдар тообо кылуулары керек. Эми ошол баргандардыр баары Жаратканга алакан жая кечирим тилеп тообо кылышы керек. Ушул Куран аяттарын жана Пайгамбарыбыздын хадистерин окугандан кийин Аллага чын ыкластан тообо кылып, экинчи мындай жаман иштерге барбаганга сөз берип кечирим тилешсе, иншаллах, чоң азаптан кутулушкан болушаар эле.
Көзү ачыктардын жамандыгынан арылуу үчүн эмне кылуу керек?
Эң биринчи реалдуу коргонуу бул – Жараткандын жалгыздыгын жар салган Ислам динин жетик түшүнүп, ошонун негизинде өмүр кечирүү болуп эсептелет. Себеби Ислам дини – бул адам баласынын эки дүйнөлүк бактысы үчүн Жараткан Алла Өзү белгилеп берген мыйзам. Алла Таала бизди бизден чексиз эсе артык тааныгандыктан бул мыйзам – биздин табиятыбызга эң ылайык келген теңдешсиз мыйзам. Адам баласы дал ушул мыйзам менен өмүр кечиргенинде сынак жашоонун оош-кыйышында мүңкүрөп отуруп өзүн таштап койбой, сабырдуулук менен Жаратканга миң мертебе шүгүр келтирип, чыныгы бакыттын мөлтүр булагынан даам сызат. Ошондо гана адам баласынын жашоосу өз нугу менен туура жолдо өтөт.
Экинчиден ушундай ысытма-суутмалардан, байлатмалардан, көзү ачыктардан арылуу үчүн «зикир» кылуу (б.а., Жараткан Алланы чын жүрөктөн эстеп даңазалоо) кажет. Алла Таала Курандын көптөгөн аяттарында «Мени эстегиле! » деген. Маселен: «Мени эстегиле, Мен да силерди эскерем», «Жараткан Эгеңди эртең менен жана кечинде эсте!» деген аяттар. Бул аяттарды Алла Таала бекеринен айткан жок. Булар Жараткандын буйругу. Адам баласы ушул буйрукка ылайык жашаса, шайтан-жиндердин ар кандай жаман иштеринен толук кандуу түрдө корголгон болот. Эгер өзүнө бир нерселерди окутуп койгондугуна, сыйкырлангандыгына ишеними чоң болгон адамдар мына ушул зикирди баштоолору керек

Ozundun sozun ozuno dushman bolup kelet.
#83 08 May 2013 - 21:34
Men misaly kozu achyktarga ishenbeim!
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#84 16 May 2013 - 19:12
Мен козу ачыктарга ишенип же ишенбесими тушунбой жатам.. Анткени козу ачыктын айтканы дал келип калды,ушундай совпадения болушу мумкунбу? Албетте мумкун,бирок,
анын айткандарынын баары эле туура чыгып атат, шумдуктуу аял. Кантип алдын ала билип алат,ушуга тушунбойм...
/>
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#85 19 May 2013 - 05:31

/>/>
Сиз окуянызды баштан аяк айтсаныз. Анан ал аялдын ошол нерсени кандай создор менен айтканын да айтсаныз. Биз анын кантип сизди ишендирип жатканын талдап королу. Эгер каршы болбосонуз албетте.
#86 20 May 2013 - 13:54
men sizge kupuya arkyluu jonotoyun...
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#87 20 May 2013 - 14:08
Men bir jerden okup kaldym ele kozu achyktargan bargan adam Islam dininen chygat da, kaapyrga ailanat dep. Kudaiym ozu kechirsin taenenem,mamamdar baryp jurushk0n alar mumkun bilbei baryp algan chygar Allahym ozu kechirsin alardyn kunoolorun..
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#88 30 May 2013 - 01:34
Салам достор! Тема ачканым учун сyпердин чондорyнан кечирим сyрайм, себебин билсениздер керек. Мен бул теманы ачкан себебим чала молдобу же козу ачыкпы билбейм, кече тайежем уйго ээрчитип келиптир, суy менен тyзду аралаштырып бир нерсе кылып койду аны уйунорго сепкиле, жуyнгула ушул сyу менен дейт. Дуба окуп жатканда Аллахты айтып жатты бирок башында жоoлугу жок кадимкидей эле аял, карта менен жол ачат экен, карта оюуну кумар оюунуна кирет муcулмандар ойнoого болбойт, карта оюунга чыгарылганбы же жол ачуy учунбу, козу ачыктар кандай адамдар, кантип биздин жолубузду коруп ачып беришет?! Мисалы: Алар козу ачылып, ушундай кыйын болушса неге чон кызматта иштешпейт, самсалап кээ бироолор жолдо отyрyшат. Буларга ишениш керекпи???
#89 30 May 2013 - 01:48
Булар калпеле Алла дешип ошого жамынып молдо эмеско,көзү ачык эле буларга ишенип болбойт.Кайдагыны айтышып эптеп акча алыштын амалын кылышса керек.Кээде совпадение болуп анын айтканы менен айкалышып туура чыккан да жок эмес.Ошентсе деле мындайларга ишенип болбойт.Кудай өзү сактасын.
Мындай теманы көргөндөй болдум эле.
Мындай теманы көргөндөй болдум эле.
#90 30 May 2013 - 02:03

коргондой болсон анда эмне мен олдумбу? Мен коргон эмесмин дейм да.
Кечеги бизге келген аял самсаалбайт деле экен бирок жоолугу жок жуpот да, анан кандай адам деп койдум. Аллахтан башка сыйынуyга татыктyу зат жок дейт, козу ачыктарга сыйынбаганыбыз менен ишенип жатабыз ал куноoбу?
#91 30 May 2013 - 02:18
Динде көзү ачыктарга ишенүү чоң күнөө деп айтылат.Себеби,
келечекти Аллахтан башка эч ким билбейт.
#92 30 May 2013 - 02:51
коргондой болсон анда эмне мен олдумбу? Мен коргон эмесмин дейм да.
Кечеги бизге келген аял самсаалбайт деле экен бирок жоолугу жок жуpот да, анан кандай адам деп койдум. Аллахтан башка сыйынуyга татыктyу зат жок дейт, козу ачыктарга сыйынбаганыбыз менен ишенип жатабыз ал куноoбу?
Кечеги бизге келген аял самсаалбайт деле экен бирок жоолугу жок жуpот да, анан кандай адам деп койдум. Аллахтан башка сыйынуyга татыктyу зат жок дейт, козу ачыктарга сыйынбаганыбыз менен ишенип жатабыз ал куноoбу?
Билбедим,ишенсе күнөө болсо керек.Өзү ошондойлорго ишенгендерди динден чыгат ананда чоң күнөө болот деп жазылган.Эмне жоолугу бар болсо толук ишенмексизби?
#93 30 May 2013 - 03:15
#94 30 May 2013 - 09:23
Кайталанган "Чала молдо же көзү ачыктарга ишенүү" темасы менен бириктирилди.
Azamatnur , тема ачардан мурда тиешелүү бөлүмдөн ача турган темаңызга жакын темаларды издеп көрүүнү сунуштайм.
Сиз 3 күнгө сайттан четтетилдиңиз.
Azamatnur , тема ачардан мурда тиешелүү бөлүмдөн ача турган темаңызга жакын темаларды издеп көрүүнү сунуштайм.
Сиз 3 күнгө сайттан четтетилдиңиз.
#95 30 May 2013 - 10:50
Кыйындары бар ошолорго ишенсе болот
"""Мына ушинтип эгемендуу Кыргызстаным гулдосун"""
#96 15 July 2013 - 12:29
Kim ekstrasenske kayrylyp kordu ele? Chyndygynda ele jardam beriwebi? Adamga "porcha" tiygende kanday bolot? Albette kunoo ekendigin bilem, birok.... Oyunuzdar menen boluwup ketsenizder. Eger kimde kim jakwy ekstrasensterdin darekterin bilse kupuyaga kattarynyzdy kutom.
#97 15 July 2013 - 12:36
Кудай сактасын барбай калайын! Ишенип жатканыңыз күнөө. Эң жакшысы сиз буларга эмес Кудайга иненгениңиз дурус, сиз аларга баруу менен Кудайга шек келтиресиз.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#98 15 July 2013 - 12:39
Кудай сактасын барбай калайын! Ишенип жатканыңыз күнөө. Эң жакшысы сиз буларга эмес Кудайга иненгениңиз дурус, сиз аларга баруу менен Кудайга шек келтиресиз.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#99 15 July 2013 - 14:06
"Ekstrasensterge iwengender barby?" темасы менен бириктирилди.
arzeeva, 3 күн БАН!
arzeeva, 3 күн БАН!
#100 15 July 2013 - 14:44
Барбай койгонунуз туура, финансы жактан чыгымга учурайсыз. Пайдасынан зыяны коп.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.

Супер-Инфо
super.kg
видео