Позитивдүү тема.
Кимдир-бирөөнүн сиз үчүн кылганына же башка үчүн кылганына көңүл жылып калган учурлардан.
- (2 )
-
- 1
- 2
Көңүлүм жылып калды.. окуялар, адамдар
#1 17 March 2013 - 18:09
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 17 March 2013 - 20:02
Мага бирөө "Саламатсызбы байке?Ден соолук,иштериңиз жакшыбы?"
-деп жазыптыр.Көңүлүм жылып калды.
#3 17 March 2013 - 20:19
9-класста лицейге окууга өтүү үчүн сынакка барып калдым. Менден башкаларынын баары эле бири-бири менен тааныш окшойт. Мен эле өзүнчө жетим козудай болуп өзүмчө жүргөм. Анан сынактын жыйынтыгы чыгып, алгачка 3-4 адамдан кийин, менин атым чыкты. Лицейдин ичине кирсем, бир бою менден бир топ эле узун кыз: "Ай-ийй, сен да өттүңбү? Куттуктайм!
" - деп кол сунуп бажырайт өзүнчө эле.. Ойлогон окшойт: "Могу жүдөгөн эме эмнени билсин?.."
- деп )) А мен болсо, канча убактан бери тааныш эч ким жок өзүнчө жетимсиреп жатып мындай мамилеге тим эле жетине албай кеттим.. Кийин, ошол кыз менен жакшы достордон болуп калдык. Айтмакчы, анын бою азыр деле менден узун. Мүмкүн, ошонусунан күйөөгө тие элек ушуга чейин
Бирок, аябай жакшы кыз.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#4 17 March 2013 - 20:54
Мага тиги сынакта добуш берип жаткандарга,
көңүлүм жылып калды.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#6 17 March 2013 - 23:21
Менде андай учурлар коп эле кезигет, мисалы менин чыгармачылыгынды кимдир бироо баалап , ийгилик айтып, колдоп кубаттаса кадимкидей эле конулум эргип кокко жетет. Анан дагы чыгара жараткым келип, ага озгочо берилип каламын. Бир кундо телефонум тынымсыз звонок келсе, дагы конулум жайдары болот. Ичим жылып суйунуп калам мени да эстешет экен. Мен дагы керекэкенмин деп. Кечке звонок келбесе эч кимге керегим жоктой элестетем озумду.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
#7 18 March 2013 - 10:08
Чындыгында кээде болуп калат, ичин жылымак тургай барып кучактап ооп жибергин келет.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#8 18 March 2013 - 11:10
Жогоруда Атанкулова айым айтып кеткендей, чыгарма жазган маалда коштоп, колдоп турган окурмандардын билдируулорунон ичим жылып жайдарыланып калат элем
Жалкоо жаным ошолордун 'качаан?'
дегенинин деми менен эле жаздым го, чиркин.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 18 March 2013 - 18:43
Мени да досторум колдоп кубаттап дем берип турушса конулуп абдан жибип калат...
#12 20 March 2013 - 06:24
Жакшы сөз жан эргитет...
Албетте,жакшы сөз укканда көңүлүм жылып калат!
Албетте,жакшы сөз укканда көңүлүм жылып калат!
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#13 29 March 2013 - 02:09
Конул жылыган учур коп эле
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#15 29 March 2013 - 18:50
Жакынкы кундордо мындай окуяларга кезиге элекмин. Эскилерден жазып коеюн. Былтыры 8-март майрамы куну жумушка чыгасын деп график тузуп илип коюшуптур. Айлам канча ботон жерде журсом, конулум муздап кетсе деле унчукпай ишке келгем. Мына жумуш ордума чыгып ары-бери темселеп журсом мен иштеген МЧСтин генералы коруп калыптыр, кабинетине чакыртты. Ар нерсени ойлоп кабинетине баш бактым. 17 жыл сакталган вино менен бажырайган букетин тапшырып, жакшы создорун айтып бир чашкадан кофе ичип, уйумо жиберип салган иштетпей. Ошондо ушундай чон даражалуу инсандын адамдык кичи пейилдигине чын журоктон конулум жылыган.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#17 30 March 2013 - 14:33
Менин конулумду жылыткан нерсе кечээ куну Aiym.94 синдим мага билдируу жонотуптур.
Мындай деп: менин ширин апежем да жакшы кором сизди сиз жоок жалгызсыраап журом да апеже,сиз Берген мамалакты кучактаап жатам.Бактылуу болушунузду каалайм бир дагы бала конулунузду оорутпасын пачагын чувайм,деб жонотуптурле окуп алым аябай кубандым.Мен да Айым синдимди аябай жакшы кором.
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
#18 02 April 2013 - 00:50
Соңку жакшылыгыбыздан кийин көп адамга көңүлүм жылып калды...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#19 02 April 2013 - 01:05
Мен аэропортто,
учакта биринчи жолу(туугандар менен учкам да) озум учуп жатканда жанымда отурган кыргыз эже жардам берип мага, аэропорттон чыкканга чейин жол корсотуп, женил жетип алганыма жардам бергенине- конулум жылыган...дагы эстегенде жазып кетем )
Иногда, ты не осознаешь ценность момента до тех пор, пока он не станет воспоминанием.
#20 02 April 2013 - 11:46
Жумушумда кобунчосу рахматын айтышат,ошого конулум жылыйт
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео
























