Суперстан: Сынчынын купулуна толгон кыз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сынчынын купулуна толгон кыз Бердикожо Бийназаров

#61 Пользователь офлайн   talant.elmira   29 Март 2013 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Чынында эле Темирбек ынгайсыз абалда калды. Карындашынын ажаандыгынан уялып, ага тутуп жургон Рыскелдини аяп кетти. Озунун аялы Бурма минтп элдин козунчо соз талашып, элдин козунчо кагып корсунчу, эмне болоор экен. Анан Медеттин ""Анипа эжем баары бир соз бербейт" дегенин укканда, карындашынын жоругуна ушунчалык уялды. "Кыздын сыры торкунуно маалым" дегендей, Темирбек Анипа менен Калипанын сырын беш колдой билет. Алар апасы Сайра дагы ээн ооз, чыр аял. Ал эми алардын атасы болсо жоош, созго саран, момун киши. Ал кишинин ордунда башка бироо болгондо эбак ажырашып тынышмак.

Башта куйоо баласы Медетке кыжыры келип аткан Темирбектин маанайы озгоруп, эки куйоо баласын жылуу жуз менен карап:

-Аял киши суйлой берет. Аларга конул бурбай эле койгула - деди. Медет создун учуру келгенде айтып калайын деген таризде:

- Сиз туура айтасыз, "аял киши суйлой берет, ит уро берет". Эки карындашыныздын созйно конул бурбаныз. "Тилде соок жок, айтса соз бол берет". Бирок, айтылган создун тупкуруно маани бериш керек. Кыскасы, байке, сиз менин созумду болбой создун аягына чейин угунуз, анан калыстап корунуз, - деп, узун сабак созго кирип, баштан аяк тушунуктуу болсун деп соз баштады.

ХХХ

Тамак желип атканда Сабыр сынчы эч суйлогон жок. Себеби, тамактануу учурунда омур токтоп турат деп айтылат эмеспи. Дайыма ушул созду туу тутуп келет. Шарият жолунда дагы тамакты шашпай ич деген жери бар. Ортодогу тынчтыкты Бурулкан бузду.

- Мага эмне соз айтат элениз? Суйлоп келатып токтоп калдыныз? - деди Бурулкан.

Сабыр сынчы унун басмырт чыгарып:

- Кудайдын буйругунан тышкары, адамдын азап чеккени тук мумкун эмес. Адам баласына берилген омур кордукта отобу же бут омурун женил, бейпил откоробу бул ьагдыр бешенеге жазылуу. Ал буйруктан эч ким качып кутула албайт. Бул дуйнодо торт тарабы тегиз адам болбойт. Байлыктын дагы оз азабы бар. Байлык деп акча кубалап журуп, омурубуздун отуп баратканын эч этибар албайбыз. Качан гана карылык келгенде бпштв жерден которгонсуп, алдыны карабыз. Бул убакта баары артта калган болот. Куураган омур менен эч жамандык корбой, бейпилдикте откон омурдун айырмасы барбы? Менимче, азаптан кутулуп, бир аз эркин жашаганда, откон окунуч менен откон кунун эстен чыгат. Жыргап жашап журуп, азапка туш келген откон жыргалы эсинде калбайт. Ошол учун Кудайдын эркинен тышкары болбойт. Баары буйруктан.

Сынчынын создору Медет менен Бурулканды ойго салды.

Терезеси кун батышты караган, ичи кенен, столдору ирээти менен тизилген кафенин ээн бурчунда учоо копко чейин суйлошуп олтурушту. Бурулкан сынчынын айткандарын кунт коюп угуп, созго маани берип олтурду. Создун маанисин чыгара айтпаса, анын таасири кетип калат эмеспи. Баятан бери сынчы коп создорду айтты, бирок, ток этээр жерин айта элек эле. Сабыр сынчы тигил экоону жайдары крап алып, созун улады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   talant.elmira   29 Март 2013 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

- Мисалы, экоонор кандай журсонор, ошондой сый коросунор. Иштеген ишинер кандай болсо, осуш ошондой. Андыктан, озунорго терен конул бургула жана терен ойлонуп бутум чыгарганга конгуло. Бурулкан, бул соз сага тиешелуу. Сага айта албай жаткан созум бар эле деп айтпадымбы башта. Кыскасы, мындай, ар нерсенин оз убагы менен болгону жакшы. Сен азыр терен ойлонуп, анан жооп бер. Буга чейин баарын тушундуруп, жетиштуу эле айткандай болдум. Байкаганыма караганда, Медетке турмушка чыкканга конулун бар. Бирок, журогунду ойугон маселе Медеттин жашы го. Эки жаштын ортосундагы айырма алардын жашаган жашы. Медет сени менен тен чамалаш болсо болмок, бул да болсо буйруктан. Экоонор тил табышып кетээринерге козум жетет. Бурулкан, сен Медетке жакшы жар болосун. Медет сага сен ойлогондой куйоо болуп берээрине ишеним. Баары жакшы болот, кудай буйурса. Бирок, ошол жакшы нерсе болгонго сейин ортодо тоскоолдуктан чыгыш учун бизге сенин акылын керек. Бир гана сен бизге акыл кошуп, тунгуюктан алып чыга аласын. Ал тоскоолдукту озунделе сезип аткандырсын.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   aybek.shermambetov   30 Март 2013 - 20:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 20 Май 12
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Shansi

avtor kutup atabyz ulandysyn sizge rahmat kachan jazasyz
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   talant.elmira   30 Март 2013 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бурулкан табышмактатып айтылган создун маанисине тушуно бербей:

- Менин ага кандай тиешем бар? Мен кандай жардам берип, акыл кошо алам?

-Сабыр сынчы бир жерди тише тиктеп, "айтсамбы, али эртеби?" деп ойлонуп калды. "Олумдон башкасынын эртеси жакшы" деген чечимге келип:

- Бурулкан, сен эстуу жансын, биз сени бир айдан ашык издегенбиз, аны жакшы билесин. Сени издеп тапкыча биз Медеттин колуктусуна айткан эмес элек, сен жонундо. Эми Калипа Медеттин экинчи аял алышына каршы чыгып атат. Биз баарын тушундуруп айттык. Башында конулдонгону менен, кайра каршы болууда. Жеке эле аялы эмес, буткул кайын журту каршы чыгууда. Бул эси жок аялдын кылганы. Эч кимге айтпай, жарыялабай эле койсо болмок. Бирок, аял киши ичине сыр ката албайт экен. "Аялына сырынды айтпа" делет эмеспи. Бул созду сага айтпай эле койсом болмок. Бирок, сен мунун баарын билишин керек. Бурулкан, биз дагы ойлонобуз. Сен дагы бул жагын ойлончу. Сенден жакшы акыл чыгаарына мен ишенем, - деди сынчы. Медеттин таарына тушконун байкаган сынчы:

- Медет, биз Бурулкандан мунун баарын жашырбашыбыз керек. Керек болсо сенин уйбулон жонундо кененирээк айтып беришибиз керек. Кийин ичте кир калбагандай болгону жакшы.

Медет жылмайып кулуп:

- Сиз туура айтасын, чын эле, кийин айта турган болсок, кеч болуп калмак. Алдын ала билгени он. Мен сиздин бул айтканынызга кошулам.

Бурулкан бир аз ойлонуп туруп жооп кайтарды:

- Чын эле ойллнчу маселе экен. Балким, ушул бойдон эч ким биле электе баарын жыйыштырып салсак каднай болот? Сиз дагы уйбулонуз менен мен учун урушуп, жанжалдашканыныз туура эмес ко. Боло турган иштин шар кеткени жакшы эмеспи, - деп Медет менен Сабыр сынчыны карады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   talant.elmira   30 Март 2013 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

- Бурулкан, сен ал жагынан кабатыр болбо. Эмне болгон кундо да мен сага уйлоном, арийне, жакшы тугойдун жаны башка болгону менен ниети бирге. Мен сага ыраазымын Бурлкан. Сен мага оюмдагыдай жар болуп берээрине ишением. Корсо, сынчынын купулуна мен ойлогондой эле жагыптырсын. Жарык дуйнодо баардыгы кызык, козго жакшы корунот. Бирок, баарынан жагымдуу, адамды толкундантып, коркуно келтирген жароокер жар. Бардык шартка конуп, тугойунун тупкуруно туура тушунуп, баш байлаган жароокер жар болоорун эсинден чыгарба. Мен сага уйлоно электе эле сенин суйлогон калыс создоруно, адамгерчилигине, мунозуно, турпатына кызыгуум артып, ал турсун сен жонундо ойлонуп, алдыга жакшы максат койдум. Эгер ал ойлогон максатыма жетсем, сени менен алыс жакка барып эс алып, конулумду которуп келет элем. Корсо, жумуш, оокат деп журуп убакытыбызды текке кетирип , баары откондон кийин окунуп калат экенбиз. Мен эми гана жашоонун манызын билип жатам. Сиз кечирип коюнуз, - деп Медет сынчын карап созун улады:

- Мен образга кирип кеттип корунот. Калипа менен Бурулкандын адамдык денгээлин салыштырып жатам. Биз экообуз жакшы эле тушундурдук эле, бирок, ал биздин айткан кебибизге терен маани бербей, женил ойлуулукка алдырганы адамгерчилик эмес. Озунуз калыс болунузчу, эгер Калипанын ордунда Бурулкан болгондо, биз мынчалык капа болп кыйналбайт элек. Сиз эмес, менин дагы Бурулкандын боорукер, куйумдуу жар болооруна козум жетип турат. Аттин,бири кем дуйно дегендей, Бурулкан эрте торолсо, же мен кечирээр торолуп калсам гана. Сиз айткандай экообуздун жашыбыз тен чамалаш болсо жакшы болбойт беле.

Сабыр сынчы кулуп:

- Медет, сен бир топ жакшы создорду айттын, "Жакшы соз жан эргитет, жаман соз жан кейитет" дегендей, сен канчалык адамдын конулун которуп, таалим-тарбиялуу соз айтсан, озуно эле жакшы. Бир жакшы соз айтчудай болуп сынчы, тамагын жасап алып, созун улады:

- Тээ илгери бир ууру киши болгон экен. Анын бойго жеткен баласы болуптур. Ал киши бир куну баласына мындай деп айтат. "Балам сен жакшы жашап, бай болгоун келсе, уурулук кыл". Анда баласы чочуп: "Ата, уурулук бул жаман сапат. Бироонун малын уурдасан, анын акыр аягы кандай болот? Мал ээси каргайт мени" - деп оз оюн айтат. Анда тиги ачууланып, баласын жаман козу менен карап алып: "Балам, сен качантан бери акылдуу болуп калгансын? Мен ушул жашка келгени уурулук менен жан багып, ал турсун силерди да багып келем" - дейт. Баласы атасынын ачуулугун коруп, жай суйлойт: "Ата, сиз ошол арам жол менен тапкан оокат сизге нап бердиби?" - деп суроо салат. Атасы эмне деп жооп берээрин билбей, мукактанып:

- Аны менен сенин ишин болбосун. Бугун кечинде барып, Мустафанын бир коюн уурдап келесин. Эгер сен менин айткан созумдон баш тартсан, анда сен уйго келбе, сени балам деп эсептебейм - дейт да, баласынын айткан созуно кулак салбай ары басат.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 00:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Баласы ары ойлонуп, бери ойлонуп, кечинеле Мустафага барат да, бир коюн карызга сурап келет. Баласы койду алып келгенде, койду уурдап келди го деген ойдо:

- Балам, мына, эми сага ыраазымын - деп, мандайынан жарыла суйнот.

Аойду союп, этти жээрже баласы атасына:

- Ата,кел экообуз бул этти жээрден мурда таразага тушолу, анан жеп буткондон кийин дагы тушобуз. Кимимибиз канча салмак кошоор экенбиз? - дейт. Таразага тушушсо, атасы беш кило салмак таштайт да, баласы беш кило салмак кошкон болот. Ошондо атасы тан калып:

- Ыя, балам, бул эмнеси? Экообуз тен этти бирдей жесек, сен салмак коштун, менин салмагым эмне учун азайды? - дейт.

Анда баласы кебелбей: - Ата, сиэ койду уурдаганыбыз билинип калбасын деп коркуп жедеиниз. Мен болсо, коркпой жедим. Анткени койду кузундо берем деп карызга сурап келгем, - дейт.

Баласынын бул жоругун уккан атасы, акыры арам оокат аш болбойт экен деген тыянакка келип, баласына ыраазы болуптур.

Мына, силер бул жерден создун торкунуно тушундунорбу? Арам оокат убактылуу жыргатканы менен аш болбойт жанан да байлык адамды озгортуп салат. Озгочо аялзаты байлыкты которо албайт. Медет, сен туура тушун, убагында сен дагы Калипага туура эмес мамиле жасагансын. "Аялды башынан, баланы жашынан тарбиялаш керек". Бирок, азыр "суйуу" деп, аны бетке кармап, аялбаакы эркектердин саны арбыды. Ар бир нерсенин орду болгону жакшы эмеспи, - деп созун аяктады.

Куугум кирип, кафени ичи карангы болуп баратканда, бармен светти куйгузду да, чет элдик музыканы коюп койду. Ортодо бир топко соз узулуп, учоо оздорунун ойлору менен алек. Бир убакта Бурулкан сынчыга соз салды:

- Мен сизге бир соз айтайын дедим эле. Бирок, озунузго жеке айтсам дегем, - деп, Медетти карады. Медет озун ынгайсыз сезип:

- Анда мен азыр келем, - деп ордунан туруп ары басып кетти.

- И, эмне соз, айта бер? - деди сынчы.

- Анча деле маанилуу эмес. Бирок... Сиз туура тушунунуз тундо туш кордум, ошол тушумду жорутайын дегем. Сабыр сынчы Бурулкандын кысынып суйлогонуно маани берип:

- Бурулкан, сен озунду эркин сез. Бирок, тушту кечинде эмес, эртен менен айтып, эртен менен жорутуш керек. Мынча баштап калдын айта бер. Колдон келишинче жоруп берейин - деди.

- Анда эртен менен эле айтайын. Бугун биздин уйго барып конок болунуз. Менин дагы сыйымды корунуз, - деди . Сабыр сынчы жылмайып:

- Мен бул айткан созуно кошулам. "Чакырган жерден калба, озун басып барба" деген кеп бар - деп, нары жакта турган Медетти чакырды.

- Эмне созунор бутуп калдыбы? - деди Медет. Бурулкан уялып ер карады. Сабыр сынчы:

- Медет, сени кутуп калышты го. Мени Бурулкан конокко чакырып атат. Бизди Бурулкандыкына таштап коюп, сен бара бер... Медет макул болуп барменди чакырды. Бурулкан Медетке:

- Акчасын мен толойун. Биз эмне деп суйлоштук эле - дегенде, Медет:

- Ошо кантип болсун! Сенин бул жерге келгенин эле тологонго тете - деп, бармен менен эсептешти да, сырты коздой басты.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Медеттин созун Темирбек менен Рыскелди кунт коюп угушту да, эмне деп эооп айтышаты билбей туруп калышты. Медет созунун аягында мындай деп соз кошуп койду.

- Эгер силер менин ордумда болсонор эмне кылат эленер? Буларды силерге айтпай деле койсом болмок. Кабыл чон атам айтпа еген, бирок, айтууга туура келди. Мен актанып аткан жокмун, болгону чындыкты айттым. Азыр биз орусташып, салтка, эски нускалуу создорго конул бурбай калдык. Акылы тунук аталарыбыздын нускалуу создору кийинки кезде айтылбай, айтылса да аткарылбай калып жатат. Аялдын созунон чыга албай, аларга жагыныш учун айткандары менен болуп атып, коп жигиттерибиз эркектик намысын, озулорундогу сыймыкты жоготуп, кармай албай баратышат. Бул создорду уккан Темирбек кайнаган сууга муздак сууну куйгандай, шалдырап олтуруп калды. Экоо тен сыр бербей, МЕдетти карашты. Медеттен мындай таамай, таасир калтарган, кокуроктон орун ала турган соз чыгат деп куткон эмес.

Качан эле кыргыз эли аз санда болушса дагы катылган душмандарга жерди тарттырып жиберип, намысты колдон чыгарып, душманга сатылды эле. "Баш кетсе кетсин, намыс колдон кетпесин" деп, эркектик намысты туу тутушканы калппы? Эки аял эмес, уч-торот аяо алам дегенден алысмын. Бирок, чон атамдын керээзин аткарып, менден тороло турган бала элге кызмат кылсын деген эле ой. "Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт" дегендей, азыркы аялдардын кызганчаактыгы, озумчулдугу куч алды. Базар экономикасына откондон бери, аялдардын баркы которулулду. Акча тапкандар дагы аялдар, чон суйлогон аялдар, - деп Медет коп суйлоп баратам дегесип, созун аяктады.

Темирбек кундуз карындашы Анипанын айткан создору туура болуп атса, эми Медеттин создору маанилуу болуп, кимисине тартаарын билбей, эки анжы ойдо калды. Соодасы буткон сарттай, телмирип ойлонуп, бир топко турду да, бир азга оюнда Медеттин ордуна коюп корду. "Чын эле кары киши бир нерсеге козу жеткенинен улам айтйт. Эгер менин чон атам Райымкул деле олоорундо керээз айтса, эч кимге моюн бербей аткармак элем. Медет айткандай, аял кишинин айтканы менен болсок, иш алдыга жылмак беле? Азыр Анипа менен Калипанын тилине кирсем, Медет созсуз Калипа менен ажырашат да, жаш аялын ээрчитип баса берет. Анан уйбулосу эмне болот? Уйбуло деле кичинекей мамлекет, аны сактап калышы керек" - деген ойго келип, жооп кутуп турган Медетти аяк-ойдо карап алыр, унун жасап жотолуп, мындай деди:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 19:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

- Медет, Калипа менен бир тууганым, сен дагы менин бир тууганымсын. Мен экоонорго тен тартпайм. "Ылдый тартса араба сынат, ойдо тартса огуз олот" демекчи, эч акыл кошо албайм. Бирок, сен айткандай, мен деле сенин ордунда болсом, ушул ишке бармак элем. Сеники туура. Бирок, сен уйуно, элге билгизбей оз оюндагы ишти аткара бер. Калипа шарттан чыгып, кайда барат? - Олбурлуу, курсагы челкейген, бир коргон кишиге сырдуу корунгон Темирбек созум бутту дегесип, Медетти карады. Медет баштагыдац сезбей, устунон оор жук басып турган абалдан кутулгансып, женил ушкурунду.

Асмандагы айдын нуру айланага тегиз чачырап, суктанаарлык жаратылыш кубулушу козго кооз корунуп турду. Озгочо шаардын абасынын кири кечинде билинет эмеспи. Айлана тынч жана кооз корунгону менен шаардын абасы конулду иренжитет. Рыскелди ортодогу тынчтыкты бузуп, Темирбекке кайрылды.

- Сиз абдан туура тыянак чыгардыныз. Эми Медет айткандай, тиги аялдардын айткан созун кулактын сыртынан кетириниз да, бул ишке башка жолу кийилишпениз. Медет терен ойлонуп, баарына калыс карап, чыр чыкпагандай иш алып барсын. Мен сизди ушинтип айтат деп ойлодум эле.

Жагымдуу соз кимге жакпасын, Темирбек кулуп:

- Рыскелди, озун калыс болчу. Медет келгенге чейин Анипа менен Калипа экообузго тушунуктуу кылып жакшы эле айтты. Ошондо экоонун тен айткан создору жуйоолу эле. Эми минтип Медеттин да айткандары экообузго тушунукутуу болду. Бирок, чын-чынына келгенде мен Медетти колдойм. Атанын керээзин аялдан коркуп аткарбай койгон эркек эркек эмес. "Аял жолдо, бала белде" дегендей, кандай аял болбосун тилин таап сулошсон аял болуп берет. Ал эми атанын аткаруу - моюндагы парз, - деди да, Медетке кайрылды:

- Эми сен дагы жакшылып ойлонуп тыянак чыгар, бул маселеге. Калипанын дагы конулун оорутпа. "Кайын агам айтты" деп эле уйбулону карабай койбо.

Медет кулуп:

- Байке, албетте, биринчи кезекте уйбуло. Оз канымдан жаралаган балдарды таштап кетип калуу менин оюмда да жок. Сиз айткандай, бул ишти эч кимге билгизбей жасасам деле болмок экен. Бирок, бир чети туура эле болду. Уурулук кылган адамдай жашыруун качага дейре жашамак элем?

Медет Темирбекти коз кыйыгы менен карап, убакыт канча болду дегенсип, кол саатына унуло, создун аягына чыкай калды. Мунусу соз бутту, уйго кирели дегени эле. Бирок, соз бутпой кайра уланды. Рыскелди Медеттин бул жоругуна конул бурбай, соз баштады.

- Тээ илгери, бир кишинин соз жебеген аялы болуптур. Ал киши уйно кечинде келгенден заарканчу тура. Обу жок суйлогон аялы кулак мээсин жеп, дайыма уруштун созун суйлоп, уйундо кундо жанжал болуп турчу экен. Аялын сабаса да, жай соз менен айтса да, анысы эч онолбоптур. Ал аял менен урушпаган айылда да киши калбаптыр. Бир куну ал киши аялы менен ажырашып, башка аялга уйлонот. Бирок, анда деле биринчи аялынын заары тилинен кутулбайт.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кундо болбосо да, кун алыс ажаан аялы келип жанжал салып, урушуп кетип турат. Анткени менен кийинки аялы акылдуу, созго чечен, орду менен суйлогон тын аял болот. Бир куну адатынча берки ажаан аял болбогон жерден шылтоо таап, жанжал салып урушат. Анын суйлогон баллит, жагымсыз создоруно эч конул бурбай, берки кишинин жаш аялы тасмалды кенен жайып, жакшылап коноктоп, кетээринде койнок кийгизет. Мындай сыйды кутпогон ажаан аял озун куноолуу сезип, озунун жаман сапаттырын байкап калат. Ошондо тиги жаш аялга кайрылат:

- Синдим, мен сенин бул сыйына татыктуу эмесмин. Эмне учун сен мени менен урушпай, кайра сыйлап атасын? - дейт.

- Эже, сизге катуу тийсе кечирип коюнуз. Кабанаак итке таш ыргытсан, кайра капкангы куч алат. Ал эми нан ыргытсан, каппай калат. Сиз менен уруша турган жонум жок. Жаман аял куйоого тийерде куйоодон бактылуу болсом дейт, жакшы аял куйоого тийерде куйоомду бактылуу кылсам деп ойлойт. Анын сынары мен куйоого куйоомду бактылуу кылсам деп алдыга тилек кылдым эле. Келип-кетип турунуз. Сиз учун эшигибиз ачык. Бирок, сый келип, сый кеткенге аракет кылсаныз, - дейт. Куйоосунун кийинки аялынын айткан далилдуу создору ажжан аялды ойлонтуп, кайра келгис кылыптыр. Себеби, аны итке тенегени ушунчалык таасирин калтырыптыр. Ошондон кийин тиги киши экинчи аялы менен бактылуу жашап калыптыр. Мен Калипаны ажаан аялга тенегеним жок. Жон гана Медетке тушунбостук мамиле жасаганы баарыбызды беймаза кылып жатат. Ал эми Анипага соз жок. Конуп дагы калдым.

Темибек эки куйоо баласынын созун угуп, энесине нараазы болду. Себеби, энесинин тарбиясы жетишпеген кыздар гана куйоосуно акарат айтып, созго сындыраарын Темирбек билип олтурат. Энесинин ажаандыгы, атасына тил кайрып, жаман создор менен караганы кулагына жанырып, отконду эске салды.

Эч ун жок, ойго алдырып туруп калган Темирбекти соз менен соккон эки куйоо баласы эмне деп жубатаарынбилбей, ынгайсыз абалда калышты. Медет тынчтыкты бузуп:

- Байке, уйго кирели. Бизди кутуп калышты го.

Тушунон чочуган кишидей, Темирбек селт этип, башын ойдо которуп:

- Ыя, эмне дейсин? - деди. Медет созун кайра кайталаганда гана макул дегенсип алдыга басты.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 20:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

ХХХ

Бурулкандын батирине келген .сабыр сынчы озун эркин сезип, кенен олтурду. Буту бутуна тийбей Бурулкан курбулары менен колунан келишинче тасмал жасап, чын ниетинде ачык кабагы менен сынчыны коноктоду. Тун бир оокумуна чейин суйлошуп олтурушту. Сынчынын жомок аралаш таасирдуу суйлогон создору Бурулканга гана эмес, чогуу жашаган кыздарга да жакты. Сабыр сынчы берилуу менен корком созго салып, ага берилген суроолорго жооп берип, бир жагынан кыздардын да созун укту. Алдыртан коз салып, сынай караган сынчыга Бурулкандын курбу кыздары да жакты. алдын тарбиялуу жердин кыздары экенин жасаган мамилесинен жана берген суроолорунан билди. Кыздарга тиешелуу маанилуу создорду туура кабыл алышканы, уйкулары келсе да соз угабыз деп улам чай ысытып келип, конулдуу олтурушту. Тун бир оокумунда тошокко жаткан сынчы Медетти эстеди. "Эмне болду экен7 деги он жагына оосо экен. Эгер Медет Бурулканга уйлонсо, анда кем болбойт..." - деп не туркун ойлордун толкунунда журуп, уктап кетти.

Эртен менен эрте турган сынчы даарат алып келип, багымдат намазын окуду да, кайра тошогуно кыйшайды. Шаарга келгени конулу кирдеп, коп нерсеге капа болду. Орусташкан элдин жургон-тургандары, орунсуз суйлогон создору, эртенки кунду ойлобой акча учун жаман долго тушкон женеил ой кыздар, балдарды коргондо коп нерседен капары жок,айылдан аруулугуна ыраазы болду. Элди эл бузат дегендей, элдин менталитети бузулуп баратканын, конулуно жаккан кыз издеп, эл аралап журуп билди.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 21:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Козун жумуп жатканы менен сыйчыл элдин кийинки муундарынын келечегин ойлоп, озунчо капа болду. "Баарынан ой кулук", ошо сынары сынчынын ою озунун балалык чагы, илгерки ак сакалы жайкалган карыларда, элечектуу энелерди болду. Ошол кезде турмуш-шарт катаал болсо да, элдин биримбиги, ынтымагы, сыйы кандай эле?!. Калипанын акшырая караган козун эстеп, ал кездердеги келиндерди эстеди, улуу кишинин акшырая карамак турсун, ийменип ойдо карагандан тайсалдашчу эмес беле?!. Дырдай жыланач кийинген кыздарды, эки-экиден обушуп турган жаштарды коргон сынчы жашоо кайда баратат деп, конулу бузулуп, эртерээк эле кетсем экен деп, уйун эстеди. Оз козу менен корбосо болот эле. Акыркы убактагы турмуш-шарт женилдегени менен, элдин пейили, ниети, кылык-жоруктары оорлогонун сынчы айылдан эле байкаган. Эки кун мурун улгайып калаг кыргыз аялдын итжетелеп, сейилеп басып жургонун коруп, оозу ачылды. Жаштар го мейли, бул пайгамбар жашына барып калаган аялга эмне жок?.. Андан дагы козун боеп, кашын терип, жыланбаш жургону, ити сийсе сийгенин карап, итинен коз албай, озун маданиятуу сезген ал аялды сынчы жийиркене карап:

- Ушу итти жетелебей эле, небере жетелебей беле? - деп айткан созун уккан Медет:

- Бул аял торомок турсун, куйоого тийбесе, кайдагы небереи жетелейт. Болгон эрмеги, суйлошкону ушул ити, дегенде сынчы капа болгон. Мындай созду укпаган эле башта. Алигиче эрге тийбей жургону, элиттик сынчы учун ото эле оон учурап, эл чындап эле каапыр болур бара жатканын билди.

- Ыя, Медет, анда ит бакпай, бала багып албайт беле? ушу кантап болсун? - деген созуно, Медет:

- Ага моюну жар бербейт да. Эгер бакса, сиз айткандай небере жетелеп журмок - деген.

Сынчы баарын кылдат ойлоп, озунчо анализ берип атканда, анын оюн Бурулкан бузду. Берки болмодон кирген Бурулкан сынчыны али уктап атат го деп ойлогон. Акырын басып сыртка чыгып келди да, эртен мененки чайдын камын коруп, газга чай койгондо, сынчы козун ачып:

- Бурулкан, курбу кыздарын тура электе кечээги коргон тушунду айт. Жоруп берейин, - деп калды.

Аз убакыт отпой Бурулкан сынчынын жанына олтуруп коргон тушун айтып берди.

- Тушумдо жолборстун эки баласы эки эмчегимди эмип жатыптыр. Жанымда кара чаар жолборс эки баласын карап олтуруптур. Озум болсо ыйлап атыптырмын. Бир кезед ойгонуп кеттим - деп, тушун айтып бутоору менен сынчы бир жерди тише тиктеп ойлонуп калды.

ХХХ

Бир саатан ашык сыртта суйлошуп турган учоо уйго киргенде, Анипа аларды бир карап алып, жактырбаганын билгизе суроо сузатты:

- Эмне деп чечтинер? Медетти токол алышына макул болдунарбы? .. - деп аягына чыкпай, жооп кутуп туруп калды.

Темирбек эки куйоо баласынын айткан созун эстеди. Озгочо Рыскелдинин "Анипага соз жок" дегени кулагына жанырып, жооп кутуп турган Анипаны "бироонун уйбулосуно киришип эмне кыласын?" деген таризде карады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   talant.elmira   31 Март 2013 - 22:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Темирбектин коз карашы Анипаны сестентип, баштыгыдай атырылып суйлобой, куноолу кишидей жер карады. Ортодо бир чай кайнам убакыт тынчтык окум суруп, ким тынчтыкты бузуп, соз баштайт дегенсип, бири-бирин акырын карашканы менен, эч ким батынып, соз суйлогонго жарашкан жок. Бир оокумда чыдабай кеткен анипа:

- Силерге эмне болгон? Суйлобойсунорбу? Убакыт отуп атат. Ары же бери болгула, силерди эле кутуп олтура беребизби?

Бул айтылган соз Темирбекке катуу тийди. Козунон каарын чыгара караган Темирбек карындашы Анипага ачуусу келгенин билгизип:

- Сен Анипа бироонун ишине кийгилишпей журчу. Ал эми сен Калипа, жакшы аял болсон Медетке туура тушунмоксун. ушунча жашап Медеттин жаман сапатын кордунбу? Сени бир нерседен кем кылдыбы? Бул ишке бараардан мурда сага тушудуруп айтты беле?

Бул берилген суроону Калипа куткон эмес. Башын ийкеп, корккон тур коргозуп, унун акырын чыгарып куноолуу кишидей:

- Ооба, айтан. Эмнеси бар экен анын.

Темирбек дагы ачууга алдырып:

- Менин аялым, жененер Нурила, мага ойдо карап, силерге окшоп, силер куйоонорго анкылдагандай анкылдайбы? Жок, антпейт! Анткени, анын тарбиясы, ыйманы, аялдык аео сезими бар. Силер апамды тартып качан болсо, куйоонорду жамандап, баш кошкону куйоонорго акарат айтып келесинер.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   guard   01 Апрель 2013 - 01:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 04 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Янв 2021 10:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ой эми аягын жаза салыныз, тушун жоруган жерин срочно жазынызчы, чыдамсыздык менен кутобуз, алдын ала рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   gordaya-g   01 Апрель 2013 - 11:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 22 Август 12
  • Соңку аракети: 17 Окт 2016 15:50
  • Жынысы:Аялзаты

Автор рахмат сизге!таасирдуу, тарбия алчу чыгарма экен.Уландысын кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   aybek.shermambetov   01 Апрель 2013 - 13:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 20 Май 12
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Shansi

Ehh! Sonun chygarma eken ar bir jazylgan sozdordo chon maani bar eken.Sizge rahmat bizge ushundai chygarmany tartuu kylganynyzga. Kaisy saittan tapsa bolot Biinazarovdun chygarmalaryn? Aityp koisonuzdar suranych.Aldynala rhmat! :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   aijan   01 Апрель 2013 - 13:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жакпаса деле аягын кутуп окуп жатам, демимди ичке катып. Кыжырым кайнап жатат бирок.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Апрель 2013 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

aijan (01 Апрель 2013 - 13:33) жазган:

Жакпаса деле аягын кутуп окуп жатам, демимди ичке катып. Кыжырым кайнап жатат бирок.
Жакпаса да окуганынызга рахмат!



Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Azem2013   01 Апрель 2013 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Тарбиялыk мааниcи бар тааcирдyy чыгарма эkен, yландыcын чыдамcыздыk менен kyтoбyз.,
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Апрель 2013 - 15:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Жаман аял эр коруйт, жаман эркек жер коруйт" деген кеп бар. Калипа сенин алдындан отуп, чон атасы Кабыл куданын айткан керээзи деп сурангандан кийин ушул чырды уюштурбай, озун эле билгизбей, жаап койбойсунбу! Канчалаган эркектер жашырынып канча аял алып, болбосо, сойку акчасын чачып журушот. Медетте ыйман бар, бир ооз сенин алдындан отуп суранган. Биз эмне кыла алабыз, аял алып, башка уй сатып алып кетип калса? Бир уйдун жарыгы экинчи уйго тийбейт. Анипа сен экоону ажыраштырдын дейли, анда Калипанын кийики жашоосу кандай болот? Эгер мен Медеттин ордунда болсом... Мен деле Медеттин жолун тандап алмакмын.

Бул создорду уккан Анипа озун аран кармап олтурду да женеси Нуриланы куйоосуно бирдеме дебейби дегенсип карады. Бул убакта Нурила айтылып аткан созду укпагандай, алдындагы газетаны окуп олтурган. Иш чатагына айлаганын сезген анипа чыдай албай:

- Анда Медет чон атамдын керээзи деп беш-алты катын алсын. Атам айтты эле деп, усту-устуно аял алган кантип жакшы болсун?.. Жаман аял эр коруса, анда жакшы аял болуп биз силерге уруксат берелик. Ар кимдин устуно кирип жашай бергиле. Билбейм... минтип олтурсак бищдин олко онукпойт, эскинин саркындысы бизден кетпегенден кийин. Аял сыйлоо дегенди качан эле кыргыз эли билчу эле. Усту-устунон катын алып, аялдарды басынтып, ойдо каратпай, кунундой жумшап келгенине тарых кубо.

Анипа созунун аягына чыкпай калды. Темирбек анын созун болуп:

- Анипа, ойносон да ойлонуп суйлочу. Аял сыйлаган орустарынбы? Куйоолоруну менен тен ата болуп, ойлогонун жасап. Урдум ,ошолордун аял сыйлаганын! Эгер алар аял сыйласа, анда жугуштуу оорулар кайдан келди? Аялдарынын козунчо сыйлап коюп, козу жокто никесиз аял алуу. Озуно жуккан ооруну аялына жугузушту, болгон тартипсиздик, аялбаакылык бут ошол батыш элинен келди. Сенин балан эле чонойсо, аял сыйламакмын деп экообузду карабай кетип калса, анда сен такыр башка соз суйлойсун. Ошондо биздин ата-бабаларыбызды мактап каласын. Качан эле кыргыздар аялдары басынтчу эле, корбогондон кийин сулобо. Сен азыр Рыскелидиге ажылдап, суйлотпой атасын, сенин уулундун аялы уулуна соз суйлотпой, ажылдаса эмне дейсин? Сен эле жашасан бодубу? Сен олгондон кийин деле жашоо боло берет. Ошондо куйоо балан же келинин кайын энем соз жебеген катын эле деп айтса уулун же кызын кандай абалда калат? Ансыз деле эки куйоо баланын созу мени басынтып жатат. Силердин тилинерди алам деп атып, аз жерден уят болуп кала жаздадым. Нурила, тур кийин, кеттик. Медет, калганын оз шартына карап, ойлонуп иш алып бар. Мен силердин жашоонорго кийгилише албайм, - деп Темирбек эч ким менен коштошпой туруп, ачуусу келгенин билгизип, уйдон чыгып кетти.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   talant.elmira   01 Апрель 2013 - 15:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Анипа менен Калипа эч нерсеге тушунбой, байкесинин жоругуна тан калып эле туруп калышты. Анткени менен Темирбектин айткан создору анипаны ойлонтуп, келечекти ойлогонго туртку берди. Ангыча Рыскелди дагы:

- Анипа, кийин. Биз дагы кеттик. Отура беребизби, ушинтап. Балдар эмне болду? - Анипа Рыскелдиге карап:

- Деги эмне дединер эле? Мындай ачуусун коро элек элем. Атамдай болуп момурап эле журчу.

Созго Калипа кошулду:

- Кой, кетпегиле. Тамак дагы бышып калды. Темирбек байкемдерди дагы ич дегенге жарабаптырбыз. Эмне болсо, ошо болсунчу. Бир эмес, беш аял алсын. Биздин эмнебиз кетип атыптыр ага. Ошого дагы капа болобузбу? Келгиле, андан столго отургула. Жезде, ойдо отунуз, - деп Калипа Рыскелдини карады.

ХХХ

Коргон тушумду эмне деп жоруйт экен деген ойдо Бурулкан сынчыдан жооп куткондой караганда гана, Сабыр сынчы башын которуп:

- Бурулкан буйурса, иш онунда. Сага эми кандай айтып тушундурсом болот болду экен? Кыскасы, сен бул коргон тушунду эч кимге айтпа,туш бир айткандан, бир жоругандан жанылат. Тушту бир гана жолу айтып, бир гана жолу жорутуш керек. Сенин эки жолборстун эки баласы эмчегинди эмип атканы, эки жолборстой уул торойт экенсин. Жанында кара чаар жолборс эки баласын карап олтурганы ал сенин тие турган куйоон. Туш жакшы туш экен. Жакшы туш коргон турбайсынбы! Мындай тушту чанда ган бир гана адам баласы корот. Тушун туш келсин, оомийн! - деп бата кылды.

Жузунон нур тамган Сабыр сынчынын кубанганын коруп, Бурулкан озунчо ойго батты. "Аттин, адамдардын баары эле ушул кишидей болсо гана, атаганат. Анда жашоо бат эле онолмок" деп, кабагы ачыла, ордунан туруп:

- Сиз олтура бериниз, мен чай даярдайын, - деп берки уйго кирип, курбу кыздарын ойготту да, оз иши менен алек болду. Бурулкандын ар бир кыймылына коз салган сынчы ичинен ыраазы боло "омурлуу бол,тилегине жет" деп алкап, оз ою менен алек болду. "Кап, Медетке кайсыл жерден жолугабыз деп айтпай калган турбаймынбы. Эми жумушуна эле барайын. Шаарды дагы жакшы билбейм, эгер адашып баратсам такси кармайм да" - деп ойлоп, Бурулкан куйган чайды алып:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 01:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: