Бирин - бири сыйлап, тушунушсо укуктары да оз ордун таап кете берет
Үй-бүлөдөгү эркек менен аялдын укугу тең дегенге кандай карайсыңар?
#62 01 April 2013 - 20:32
kai jerde bolbosun ayalin siylash kerek, vot oshondo tura tushunu paida bolot
#63 02 April 2013 - 00:45
Укугу ансыз деле мыйзамдын алкагында тең да, эгерде бул түшүнүктү андан да кеңири алып карасак, менталитетке жараша бизде аялдар эркектерден кийин турат. Ар кадай абал-шартка карап отуруп, жылдар бою сакталып келген каада-салттан улам деле, же канга сиңип калганбы, аялдардын эркектердин артында турушун туура көрөм.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#64 05 April 2013 - 17:14
Тең укуктуу эле болгону жакшы деп ойлойм.Бирок ушинтип айтканыбыз менен баары бир эркектин сөзү өйдө болуп калат!
#65 08 April 2013 - 01:27
Эркек нени гана кылбасын,аялдан бир эсеге бийик болуш керекко деп ойлойм.Анан аял уйдо,эркек кочодо дегенге кошулбайм,анда аялынын чачтары агарып кетпейби,уйдо отура берип.
#66 08 April 2013 - 13:01
Жакшыле карайм.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#67 08 April 2013 - 13:25
Аял киши менен эркектин укугу БИРДЕЙ!!
!Бири бирине карата урмат ,экинчисинин оюн сыйлай билуу керек.
#69 10 April 2013 - 17:02
Уй булодо эркек менен аялдын бирдей, милдеттерин толук аткарса болду .
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#70 10 April 2013 - 22:31
Аялдын төрөө укугу (милдет эмес) бар. Мындай укук эркектерде жок. Ошого укуктары тең эмеско деп ойлойм. Эркектерде укук аз окшойт.
#71 11 April 2013 - 17:31
Менин оюмча, уй-булоодо тен укуктуулук деген тушунук болбошу керек. Аял эркек бир бутун болуп, бири бирин сыйлап, тушунуп жашашы абзел. Ким жогору ким ылдый деп укук талашып отурса жакшы эмес ко! Анан да аялзаты бир аз акылдуу, куу болуп, куйоосун угуш керек. Эркек озун башчы сезгиси келет.....
#72 12 April 2013 - 22:14
Бир уйбулоо болгон сон,экоо бир мамкекет болуп калат,бири-бирине жолок-таяк болуп жашаш керек.Бирок,
эркектин статусу аялдан бир тепкичке ойдо турат.Исламда да ошондойго.А мен макулмун.Болгону,
аялды ото басынтпаш керек жана аял дагы эркеке бир аз баш ийсе себеби,законченемдуу корунуш.Эркек_уйбулоодо ШЕФ дегендей. Мисалы,мамам папамды Шеф деп эле турат.Папамда катуу соз айтпайт,бир да урушушканын коргон эмесмин.
#73 13 April 2013 - 08:07
Эркек-баш,аял-
моюн,моюн каяка бурса,баш ошол жакты карайт.... Тоесть Эркек уйдун кожоюну-хан,
а аял киши-вазир,эркектен ылдый болсо да,оз кенешин берип,уйдун пай дубалын сактайт... Анан биз тен укуктуубуз деп эле аял киши озунун каалаганын кылса,эркек киши андан аша чаап билгенин жасайт,анан уй-було кандай болот... Аял киши иштеп тапкан акчанын берекеси болбойт,хоть миллион тапсын,эркек киши уйуно 100сом таап келсе да уй-булосун бага алат...
#75 22 July 2013 - 21:35
Менин оюмча эркек уйбулоону башкаруу керек. Келинчегин сыйлап, урматтонуу да унутпаш керек.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#76 25 August 2013 - 18:43
Уй булодо эркек оз милдетин ,аял оз милдетин так аткарса баары сонун болот.Туура жашоонун жолдору тегиз эмес , чункур , дон болот бирок кудайда кыйынчылыкты суйгон пендесине берет эмеспи, ошондон улам эрди катын чыдаш керек. Бирок уй булодо бироосунун созу жогору болушу керек. Жазганымдай"
казыкда бир башы менен жерге жакшы кирет. Эки баштууларды кобу жактыра бербейт.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#77 27 August 2013 - 21:02
Менин оюумча эркек 1 тепкич жогору турган уй булоодо жашоо жакшы, тушунукту. Ал эми аял 1текич жогору турган уй булоодо начарырак деп ойлойм. Себептери коп аял акча табып башкарса уйдун ичинде ырк кетет. Укуктарыбыз озу тенболгону жакшы, бирок аял киши озун бир аз томон койуп койгондон утат. Уй булоодо тынчтык болот. Жакшы, акылдуу аял эч качан озуно муш тийгизбейт.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#79 07 September 2013 - 20:14
Кенешип кескен бармак оорубайт дегендей аял-куйоосу кенешип оокат кылса неге болбосун,тен укуктуулук деген ошол.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.

Супер-Инфо
super.kg
видео





















