Салам достор, мага жардамынар керек.
Сураныч туура тушунуп, туура кенеш бериниздер.
Созумду баштайын.
Менин суйлошкон кызым бар, ал Экообуз абдан бактылуубуз жана бири-бирибизди суйобуз. Суйлошконубузго 2 жыл болду, биз жакында туура эмес иш кылып койдук (тушуносуздор да).
Уйлонолу десек шарт жок, кызымдын ата-энесида каршы бизге. Мен аны алам созсуз.
Сурайын дегеним ата-энебизге айтпай никеге туруп алсак болобу?
Эгер ушул бойдон уланта берсек ата-энебиз биздин артыбыздан куноого бата берет экен деп уккам. Ошондон улам, ата-эненин раазычылыгысыз нике кыйдырып алсак болобу?
А тойубузду 1-2 жылдан кийин кылабыз деп ойлоп жатабыз.
Достор жардам бергиле.
Ата-эненин уруксатысыз... Нике кыюуга болобу?
#2 02 April 2013 - 01:50
Суйсон боло берет, секин уйлонуп ала бер. Бала чакалуу болгонунарда ата эненер айласыздан батасын беришет. Бербесе неберелерин совсем корсотпой кой. Берет, берет. Даудданда бир сурап кой.
Время, проведенное с женщиной, нельзя считать потерянным.
#3 02 April 2013 - 01:51
менин жеке пикирим ата-энегерге айтып, алардын ак-батасын алып нике кыйдырганынар онго.
#4 02 April 2013 - 02:04
салам достор мага жардамынар керек сураныч туура тушунуп,туура кенеш бериниздер.
созумду баштайын.менин суйлошкон кызым бар ал екообуз абдан бактылуубуз жана бири-бирибизди суйобуз суйлошконубузго 2 жыл болду биз жакында туура емес иш кылып койдук.(тушуносуздорда)уйлонолу десек шарт жок кызымдын ата енесида каршы бизге.мен аны алам созсуз.менин сурайын дегеним ата енебизге айтпай никеге туруп алсак болобу дегем.егер ушул бойдон уланта берсек ата енебиз биздин артыбыздан куноого бата берет екен деп укам.ошондон улам ата ененин разылыгысыз нике кыйдырып алсак болобу?а тойбузду 1,2 жылдан кийин кылабыз деп ойлоп жатабыз.достор жардам бергиле!?
"Мен аны алам сөзсүз. Тоюбузду бир-эки жылдан кийин кылабыз" деп,бир-эки жылдан кийин оюң бузулуп кызды сызга отургузуп кетпесең эле болдуго... А нике-мике жөнүндө лям дей албайт экенмин,Дауд келсинчи...
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#5 02 April 2013 - 03:24
Акыйкат жалгыз,ал сан менен саналбайт.
(же эрежесиз эрге тийүүнүн эртеңи)
Кыргызстанда, айрыкча акыркы он жылдыкта өтө кеңири таралган, көбүнесе жаштар арасында ата-энеге билдирбестен нике кыйдырып алуу,ошол никенин себебинен жакындыкка баруу, кыздын боюнда болгондон кийин жигиттин кача баштоосу, жыйынтыгында кыздын боюнан алдыруусу же төрөп башкаларга баласын кармата берүүсү кадимки көрүнүш болуп калды десем жаңылышпайм. Уулунун үйлөнгөнү же кызынын турмушка чыккандыгы туурасында ата-энесинин эч кандай маалыматы жок.Эң эле өкүнүчтүүсү, мына ушул жигит-кыздар кылып жаткан ишин шариатка туура келет деп ойлоп жасашат, күнөөгөбатып калбайлы деген пикирде нике кыйдырышат. Негизи эле шариатта ушул кылгаништери туурабы (?), канчалык деңгээлде шариаттуу (?), шариаттагы никенин маани-маңызы тууралуу кепучугун уламакчымын.
Үйлөнүү Аллах Тааланын пайгамбарларынын- элчилеринин сүннөтү.
Ислам үйлөнүүнү колдойт. Үйлөнүү адамдын табиятына туура келет жана пайгамбарлардын сүннөтү. Пайгамбарлар үйлөнүшкөн, перзенткалтырышкан. Жалган жашоонун көркүнөн кур калышкан эмес. Мухаммад пайгамбарыбыз алайхис саламдын пайгамбарчылыгын, ал кишинин үй-бүлөлүү болгондугун мисал келтиришип четке кагууга аракет кылышкан. Пайгамбарлар үйлөнүүгө болбойт дешип натуура пикирде болушкан кээ бир тарых менен динден кабары жоктор. Аллах Таала алардын пикиринин каталыгын баяндап мындай дейт: "Акыйкатта (оо Мухаммад! ) Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөттүк! Аларга жубайларды, перзенттерди бердик!" (Раьд сүрөөсү:38). Мунун мааниси: Оо Мухаммад (алайхис салам)! Сенин кадимкидей инсан болгондугуңа таң кала турган эч нерсе жок. Кимдир бирөө, "Бул өзүбүзгө окшогон адам экен, ага ыйман келтирбеймин, эгер периште болгондо ыйман келтирээр элем", дегенге таптакыр укугу жок! Биз илгертеден эле периштелерден эмес, кадимки инсандардын арасынан пайгамбар жөнөтөбүз. Сенден мурдагы пайгамбарлардын да адал-жуптулары, перзенттери бар болгон.
Имам Термизий риваят кылган хадисте мындай айтылат:" Төрт нерсе пайгамбарлардын сүннөтүнөн: "Уялуу, атыр коюнуу, мисвакколдонуу жана үйлөнүү" (1080). Пайгамбарлардын сүннөтү болгон нерсенин биринчи кезекте инсандын табиятына, жаратылышына ылайык келээри турулуу иш ко.

#6 02 April 2013 - 03:25
Үйлөнүүнүн пайдалары.
Шариат мактаган, жактырган нерсе пайдадан куру калбайт.Никенин, үйлөнүүнүн көптөгөн пайдалары бар экендиги талашсыз. Ошол пайдалардынкээ бирлери:
1. Тукум улоо.Урук калтыруу. Инсанияттын изин өчүрбөстөн кармап калуу. Ал эми аял-эркектинбири- бирине болгон делебеси (шахваты), кызыгуусу мына ушул улуу максатка жетүүгөсебеп катары каралат. Инсан перзенттерин сүйөт, аларга жакшылык кылууну,алардан жакшылык көрүүнү эңсейт. Эч кандай баалашпастан туруп балдарына ийгиликменен изгиликти каалайт. Курани Каримде Аллах Таала мындай дейт: "Алар(Аллах Тааланын сүйүктүү пенделери): Оо биздин Жаратуучубуз, бизге тарбият берүүчүРоббубуз! +зүң бизге адал-жуптуларыбыздан, перзенттерибизден көзүбүз сүйүнөтурганды насип кыл, хадия эт! Жана да бизди такыба пенделериңе жолбашчы кыл!,деп айта тургандар" . (Фуркан сүрөөсү, 74). Мааниси: Кудайдын сүйгөнпенделеринин сыпаттарынын бири, үй-бүлөсүнүн Ислам жолунда жүрүүсүнө дайымийаракет жасап, ошол эле учурда такыбалыктын алдыңкысы болууга умтулуусу.Жаратканымдын сүйүктүү пендеси аялдары менен балдарынын дайыма жакшы, жагымдууиштердин үстүндө болуусуна жан-алакет дуба кылат, ишке ашырууга аракеттенет. Алэми өзү такыбалык менен үлгүлүү өрнөк болгонго далбаса кылат.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Үйлөнгүлө, көбөйгүлө! Кыямат күнүндө мен силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын! " (Абу Нуьейм,Хиля).
2. Шайтандансактануу, албууттанган делебенин (шахваттын) азгыруусунан коргонуу. Пенденин көзүкызарып делебеси башын жарып калган учурда аны акыл-эс да, коомдук абалы да,дин да тосо албай калуусу мүмкүн. Мал сыяктуу, же мас сыяктуу шахватынын кулуболуп, багынган карышкырдай болуп сулк жатып берет. Никелүү адам өзүндөгү делебенинкозголоңун нике берген уруксаттар аркылуу баса алат. Пайгамбарыбыз алайхис салам Аллах Тааланыносуятын мындайча айтат: "Көз караш Иблистин окторунун бири. Ким Менден(Аллах Тааладан) коркуп көз менен караганды таштаган болсо, анын ордун жүрөгүменен сезе турган ыймандын таттуу даамына алмаштырамын" (Бухарий). Үйлөнбөйжүрүү шариатта жок. Тарса дини чакырган "рахбаанийя" өмүр бою так өтүүтуура эмес түшүнүк, Аллах Тааланын тартип-мыйзамын бузуу демектир. Аллах ТаалаКурани Каримде мындай дейт: "...Таркидүйнөлүктү (монахтык, кечилдик,дервиштик, үйлөнбөстөн так өтүү) өздөрү (ойлоп) чыгарып алышты. Биз муну аларгапарз кылган эмес элек. Алар өздөрү Кудайдын ыраазылыгын табабыз деп, бирокыраазылыгын табуунун чыныгы жол-жобосун таба алышпады...! " (Хадид сүрөөсү,27). Чындыгында баштапкы тарсаларда(христиандарда) бул жок эле, кийинчерээк, миладийдин 356-жылы өлгөн Антонийаттуу Мисирлик кечил баштаган жол болду. Канчалык сыртынан сыр бербегени мененчиркөөлөр ичинен чирип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Чиркөөлөрдүн ичиндегиыпылас шермендечиликтери жөнүндө томдогон эмгектер жазылды. Алыс барбай элеДекамеронду окусаңыз көп нерсе түшүнүктүү болот. Адамдын жашоосундагы эң зарылнерселердин бири бул жыныстык алака. Аны жашыруу айды этек менен жабам дегендейэле жорук.
Адамдын табияты эркектин аялга, аялдын эркеккетартылуусу. Ошондуктан да чек аралар белгиленген. "Кокустан көчөдөн башкааялзатына (сактанганыңа карабай) көзүң түшүп калса, үйүңө келип ак никелүү жарыңменен кошул, көкүрөгүңдөгү алоолонуп турган отту басат" (Муслим). Ал эмиДааримийдин риваятында "Сенин көзүң түшкөн аялдагы нерсенин дал өзү, сенинникелүү жарыңда да бар!" деп келет. Ал эми аялдарга Пайгамбарыбыз мындайдеп осуят кылат: "Эгер эркек аялын төшөгүнө бир муктаждык себебиненчакырса, дандырда нан жаап жаткан жеринен болсо да келсин!" (Термизий).
3. Адамдын көңүлүнкөтөрүп, нафсисине ырахат тартуулайт. Чарчаганы жазылып, жүрөгү эс алат.Ибаадатка, жакшылык иштерди жасоого эргүү алат. Инсан табиятынан эле зеригипкетмейи, чарчап калмайы, жадап кетмейи бар. Жубайы менен эркелешип, чержазышуу, көңүл көтөрүп, аны менен тамашалашуу никедеги эң жогорку максаттардынбири.
Аллах Таала Курани Каримде мындай дейт: "... АллахТаала эркектин өзүнөн жубайын, андан бейпилдикти, ырахат жыргалды, уюгантынчтык менен ынтымагын табуу үчүн жаратты" (Аьрааф срөөсү, 189).
4. Үй-бүлөлүүболуу эркек үчүн да, аял үчүн да акыретке амал кылууга убакыт берет, мүмкүнчүлүктартуулайт. Эркек сырткы иштер менен, ырыскы таап келүү менен алек болсо, аялкиши үй-ичин тартипке салуу менен алектенет. Аялсыз эркек, же эркексиз аял экөөнүтең бирдей аткарууга мажбур болот. Эшикке чыгып эркектин ишин, үйгө кирипаялдын ишин аткарууга айласыз. Эркек-аял эриш-аркак болсо табияттын тартибименен гармониялуу жашоо башталат.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Адам уулунун булжалгандагы бактысы үч нерседе: Жакшыаял, жакшы үй, жакшы улоо..." (Ахмад, Табарааний).
5. Адамдын өзүнөзү тарбиялоосуна пайдасын тийгизет. Үй-бүлө жоопкерчилигин моюнга алуу,аялдардын ар кандай кылык-жоруктарына чыдоо, бирден ашык аялы болгон убактаалардын ортосундагы ынтымагын бекемдөө, аларды багууга аракеттенүү, балдардынтарбиясына кам көрүү -деги койчу- ушунун баары адамды тарбиялайт. Мына ушунунбаары Кудай алдында үлкөн соопко эгедер иштер.

#7 02 April 2013 - 03:27
Жыйынтыктап айтканда никеге туруу, үйлөнүү шариатыбыздабар маселе. Мына ошол никенин мыйзамдары,
шарттары, адептери жана тартиптерибар.
Никенин сүннөттөрүнүн бири жана эң негизгиси никеге туруп жаткан кыздын атасынын же агасынын же башка эркек биртууганынын (валийдин) макулдугунун болуусу.
Ислам укук таануучуларынын (факихтеринин) басымдуу көпчүлүк мектептеринде (мааликий, шаафеиьй, ханбалий) никедеги валийдин (кожоюндун,ээсинин) болуусун шарт катары карашат. Тагыраак айтканда кыздын атасынын же агасынын, же инисинин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз деп эсептелет. Бул никеден кийин жашаган жашоосу ойноштук же зынаа жашоо деп таанылат. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын бул туурасында айткан бир канча хадистеринмисалга тартышат.
Ал эми ханафий мазхабындагы укук таануучуларыбыз никедеги валий маселесин милдеттүү шарт катары эмес, табылуусу сүннөт деп эсептешет. Далил катарында бир канча хадистерди келтиришет. Ханафийлердин алгачкы үлкөндөрүнөн Азирети имам Абу Юсуфтан "Шархул викааяда" (3\65) "валийсиз кыйылган никенин жараксыздыгы" жөнүндө риваяты айтылат Бул талаштуу маселе балагатка жеткен, акыл-эси толгон бийкеч туурасында. Акыл-эси кемирээк болгон, же балагатка толо электерге валийдин милдеттүүлүгүндө жумурай Ислам укукчуларынын арасында кайчы пикирлер жок.
Мына ушул талаш болгон "валий" маселеси теориялык китептерде гана айтылбаса, практикада- амалда бардык аалымдар бир таризде иш жүргүзүп келишкен. Ханафий мазхабындагы кайсыл гана укуктук-фыкыхый эмгекти колго албайлык, валий туурасында кенен-кесири маалыматтарды келтиришет. Кызга ким валий боло алат, анын шарттары, укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери айдан-ачык баяндалат.
Деги эле Пайгамбарыбыз алайхис саламдын учурунда, андан кийинки алтын доорлордо деле бул парз же шарт экен аткаралы, бул сүннөт экен аткарбай коё берели деп айтуу оюна келген эмес. Пайгамбарыбыз алып келген шариатта болгондун баарын кемчиликсиз аткарганга аракеттенишкен.
Ата-энеси мусулманчылыктан кабары жок, же таптакыр эле башка динде болсо, же өзү каалабаган адамга турмушка мажбурлап узатып жаткан болсо кыздын баш тартууга укугу бар, кыз өзү каалаганга гана турмушка чыгат деген түшүнүк калыптанган. А бирок ата-энесине айтпастан туруп жашыруун нике кыйса боло берет деген үч уктаса түштөрүнө кирген эмес.
Сүннөткө амал кылуу бактылуулуктун башаты. Сүннөткө амал кылбай коюу бардык бактысыздыкка карай кеткен жаман жолдун башы. Ата-эне кызын тарбиялап өстүргөн убакта өз колум менен узатсам, той берсем деп аруу тилек кылат.Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багат. Айрыкча кыргыздарда кыздынкырк чачы улуу деп төргө олтургузуу, төркүлөп келгенде жумуш иштетпей конок каадасы менен тосуп алуу бар эмеспи. Күйөө баланы пайгамбарым сыйлаптыр деп тапканынын жакшысын күйөө баланын оозуна кармап турган салтыбыз калппы? Ата-эне уулдуу болсо урматтап, уул той берип, колун адалдап ырымдаганда сүннөт тойберип чоңойтот эмеспи? Келин алсам, небере көрсөм, өзүмө ылайык жерден куда күтсөм дегенде эки көзү төрт болуп, жакшы жердин кыздарына кулак сала жүрөт эмеспи.Эне түшкүрүң келин алганда башына салам деген ак жоолугун белендеп, эртели-кеч Кудайыма жалбарып, ынсаптуусун бере көр деп жалынат эмеспи?
Ата-энесине айтпай нике кыйдырган иничегим, карындашым! Сен да бир күн келип перзенттүү болосуң, агарган уулду, кызарган кызды тарбиялап өстүрөсүң. Анан ал өзүнөн өзү туулуп алгансып, чоңоюп алгансып, өзүн өзү билип өтүгүн төргө илип сага айтпай башка менен үйлөнүп, эрежесиз эрге тийип алган болсо, жаркыраган үмүтүң колуңдан түшүп баркырап сынып, эч кимге айталбай ичиңден кан жутуп, улутунуп олтуруп калаарсың. Үйлөнүү тойдо бата бер десе мукактанып калбайын деп купуя даярдап жүргөн бата-дубаларың үзүлгөн мончоктой чачылып, кыяматың келээри анык.
Мунун баарын жөн жеринен айтып олтурганым жок. Бул сен айтпай кылган иштин ата-энеңе тийгизген терс таасиринин чагылганы гана. Ал эми шариатыбызда көпчүлүк биле бербеген, билсе да аңдай албаган дагы бир маселе бар. Ханафий мазхабындагы аалымдарыбыз никедеги теңдештик маселесин баяндаганучурда, эгерде кыз атасына айтпай өзүнө "тең эмес" адамга турмушкачыкса, атасы ал кыздын никесин бузууга укугу бар деп айтылат. Никедеги теңдештик маселеси никенин шарты катары кабылданат. Теңдештик табылбаган учурда нике да жараксыз болуп калат. Бул Мухтасарда экинчи риваят катары Имам Хасандын (бинЗияд) Азирети Имам Абу Ханийфадан риваят кылып айткан маселеси. Темиртааший өзүнүн"Танвиирул абсаар" китебинде (2\297) "Замандын түрүнө жараша,"теңи эмеске" кыйылган нике жараксыз деп айтууга фатва берилет!" деп айтат. Ошондой эле "Минахул гаффаарда" (коф 308\бе) ушунуколдойт. "Дурр ал Мухтарга" берген хаашиясында (2\27) Тахтаавий дамына ушул маселени тандагандыгына ишаарат кылат. Ошондой эле "Фатх"(3\ 157) ээси да ушул маселени тандап алган. Имам Айний "Хидаяга" берген атахтуу шархы "Бинаяда" да (6\129) "тең эмеске"кыйылган нике жараксыз деп баасын берет.
Тең теңи менен тезек кабы менен дегендей теңдештик маселеси никеде этибарга алынат. Кимге ким тең экендиги туурасында китептерибизде кенен баяндалат. А бирок эреже катары калыптанып калган түшүнүк ушул, кыздын ээси (валий) негизги чечүүчү адам болуп эсептелет. Ал тең эмес деп билген тең эмес болуп табылат. Себеби теңдеш эмес никеден пайда болуучу ызаменен кордук ата-энеге тийээри белгилүү. Теңдештик диндүүлүгүндө, адеп ахлагында, коомдогу абалына жараша да эсепке алынат. Биз канчалык уккубуз келбей кулагыбызды жапканыбыз менен, турмуштун чындыгы ушуну каңкуулайт.
Азыр турмушка айтпай чыгып жаткан кыздар өздөрүнүн теңдерине турмушка чыгып жатабы? Эгер ата-энесине айтса макул боло турган жерге кеттиби? Же жедеп кудайдан жөө качкан бирөөгө турмушка чыктыбы? Бул маселенин бир жагы.
Маселенин экинчи бир жагы азыркы учурда замандаш ханафий аалымдарыбыз берип келе жаткан фатва туураалуу болмокчу. Устазыбыз Хаафизулмазхаб, Шейх Таарек Сардар Алий Ханафий Маккий: "Валийнин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз болуп, жарактуулугу валийнин уруксатына токтоп туруусукажет" дейт. Менимче устазыбыз Имам Мухаммадтын риваяттарын карманган болуу керек, анткени Имам Мухаммадтан бул туурасында эки риваят айтылат:Алгачкысы, "Никенин дурустугу валийдин уруксатына токтоп турат. Валийуруксат бергенге чейин экөөнүн жыныстык мамиледе болуусу арам болот".Экинчи риваят: "Валий уруксат бермейинче никеси баатыл (жок), никеге эсептелбейт" .Маселенин чоо жайын далилдери менен билүү үчүн "Насбур рооя"," Ьилааьус сунан", "Шарх маьаанил аасаар" китептеринекайрылса болот. Андан сырткары Мухаммад Алий Саабууний Ханафий: "Никедевалийдин болуусу никенин алгачкы шарты" катары кабылдайт.
Маселе канчалык оор экендигин баамдай алган болсок, мен максатыма жеттим деп түшүнөмүн. Анткени маселенин талаш экендиги, жеке эле мазхабтар арасында эмес, ханафий мазхабтын ичинде да ар кандай пикирлер айтылгандыгы, ата-энеге айтпай никеге туруунун канчалык коркунучтуу экендигинен кабар берет.
Аалымдар илими менен алпурушуп маселесин айта берсин, абирок "акыйкат жалгыз, акыйкат сан менен саналбайт" деген акыйкатты кай жака алпарабыз. Менин сага болгон агалык осуятым, аалымдар өз ара пикир келишпестик маселеде болсо, сен талаш болбогон жагына ооп кармансаң, амалыңды ошого карап түздөсөң эч убакта жаманболбойсуң.
Элибизде бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөтдеп айтылат эмеспи. Ата-энеңе айтпастан, алардын батасын албастан турган никеңде кандай береке болот дейсиң? Калыңсыз кыз болсо да каадасыз кыз болбойт дегендей, сени урматың менен ата-энеңдин колунан алып кетүүгө жарабаган жигит сымал сени келечекте урматтайт деп ойлойсуңбу? Сени тууп өстүргөн ата-энеңден жашыруун нике кыйдырып алган сенин "сүйүктүүң" ,эртең жашыруун жолго түшүп, сени таштап кетээрин ойлодуңбу? Арманыңды кимге айтасың? Аны кайдан табасың? Сен өзүң күйөөңдүн колундагы аманат жансың.Аманатты уурдап алгандай болгон неме, аманатты сактай алаар бекен? Ай күмөнүм бар... Ар убакта эзелтен үйдүн тешигинен эмес эшигинен кирчү...
Кудайым жакшылыгын ыроолосун деп дуба кылып бир тууганың...
Чубак ажы.

#9 02 April 2013 - 10:23
daud.рахмат кенешинизге алла раазы болсун.мага кандай жолго баруумду жана емне амал кылуумду кенеш бересиз?
#11 02 April 2013 - 11:37
ооба ата эненин ыраазычылыгы бул болууга тийиш,ойлдодунарбы силерда кийин ата эне болосунарго,
ал эми дауд саага баарыбыз ыраазыбыз менимче,аллах ыраазы болсун
#12 02 April 2013 - 11:56
Менин сизге айтаарым бешененерге Ата-Эненер болгондон кийин кантип батасын албай койосуздар.
Ар бир Ата-Эне балдарын бактылуу болуусун каалайт.Бизге жакшы Тарбия берип,остуруп,
бой жеткизип чонойтот бизден кандай гана жакшы тилектерди тилек кылышат.Алар ыраазы болбосо бактылуу боло албайсыздар.
Алладан жашырбаган Ата-Энениздерден жашырасыздарбы?
Эч качан Ата-Энелерибизди нааразы кылбашыбыз керек,качан гана биз бактылуу болуп,бала чакалуу болуп жашаганыбызда ошондо гана алардын алдында перзенттик милдетибизди аткарган болобуз.Алар бизди тушунот кечирет,ошолордун батаасын алып жашоо курунуздар.
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
#13 02 April 2013 - 13:46
Кулагыңарга күмүш сырга. Мындан 3-4 жыл мурун биздин домдо турмушка чыга элек бир кыз үстүнө бирөөнү алып кирип жашап алган эле. (Бир эркекти) Анысы "аялым менен ажырашып кеткениме көп жыл болду,сени менен жашайм,кааласаң экөөбүз үйлөнүп албайлыбы?"
деп кыздын үстүнө кирип кадимкидей эле эрди-катындай жашап жүрүшкөн. Кыз бечера бир күнү эле бизге келип сүйүнчүлөгөнү эсимде " Т.... экөөбүз бүгүн мечитке барып никебизди кыйдырып келдик!"
деп. (Ушул жерден Даудга бир суроо: а эмне мечитте жетелешип киргендерге эле күбөө-сүбөөсү жок эле,суроо-сатыгы жок эле эки жаштын никелерин кыйып жолго салып коё беришеби?) Ии бунусу бул болду,кыздын боюнда болуп калгандан кийин тиги эргул тез-тез жоголуп кетчү болуп калды да. Кээде 2-3 күн да үйүнө келбей калып,келсе да көрүнгөн шылтоосун айтып,тиякта жүрдүм-быякта жүрдүм деп. Акыркы айларда кыз ана-мына төрөйт деп калганда вообще жоголду ал бала! Биз да жүрөбүз ал баланы сураштырып.
Мен байкуш сыщик жаным ал баланын сары изине түштүм,бирок мен башындале бир нерсени сезген болчумун,бирок кызга эч нерсени айткан эмесмин. Чүйдүн бир айылында ата-энеси,келинчеги,
бала-бакырасы менен эле ажырашпай-нетпейле соп-сонун эле жашап эле жүргөн неме экен. А кыздын үстүндө жашап жүргөн кездери Кум-Төргө жумушуна кеткендеги кербези экен да... Бечера кызга эч нерсе айталган жокмун,боюнда бар кезинде көп кайгырып,ойлонуп койгонгобу,
баласы өлүк төрөлдү! Муну менен эмне айтмакчымын;
Той-топуру менен,ата-эненин ак-батасын алып,молдону үйгө чакыртып күбөөлөрдүн алдында нике кыйылыш керек окшойт! Жашыруун никеге тургандын кесепетинин акыры моондай жыйынтыгын берет.
Не всякий козел может испортить настроение,
а только самый любимый.
#14 02 April 2013 - 13:53
Озунорду карманып турсанар болмок экен.
Ата-эненин ак батасын албасан копко бара албайсын....атан менен ачык суйлошуп туруп эле анан нике кыйдырганын он. Кийин билине турган болсо конулу ооруп калат атанын.

"First think then speak."
#16 02 April 2013 - 17:47
Болор иш болуптур!
Нике кыйдырын,валий шартрааак эмес ДЕП ойлойм.Себебии.
..Тарыхта,Шах,
Бек,Бий,Байларга мумкун болгон го?Эркектик наамынызды коргоп,Нике эле эмес,ЗАГСтан да отунуз!
#17 03 April 2013 - 02:06
Ушул жерден Даудга бир суроо: а эмне мечитте жетелешип киргендерге эле күбөө-сүбөөсү жок эле,суроо-сатыгы жок эле эки жаштын никелерин кыйып жолго салып коё беришеби?
Күбөлөрдү мечиттен таба коюшат. Бирок сурабастан нике кыйгандар көп болгону үчүн ушундай иштер болуп жатат. Мунун себеби өз ишине кайдыгер кароо. Кээде мурдакы күйөөсүнөн талак албастан эле башка бирөөгө турумшка чыгууну каалаган аялдарга деле тактабастан туруп нике кыйып коюшкан убактар кездешет. А кээде нике кыйдырууга келген адамдар өздөрү алдап коюшат. Биздин ата-энелерибиз билет, баары макул дегендей сөздөрдү айтышат. Кандай болгон күндө да, бул иш кайдыгерликтен башка нерсе эмес. Анын үстүнө кээ бир "молдокелер" арзыбаган тыйын үчүн көп суроо берип, өзүнүн тыйынынан ажырап калууну каалашпайт. Мага нике кыйып бер деп келишти кыйып бердим, калганына өздөрү жооп беришет дегендей мамиле кылып коюшат.
#18 03 April 2013 - 02:11
Болор иш болуптур!
Нике кыйдырын,валий шартрааак эмес ДЕП ойлойм.Себебии.
..Тарыхта,Шах,
Бек,Бий,Байларга мумкун болгон го?Эркектик наамынызды коргоп,Нике эле эмес,ЗАГСтан да отунуз!
Шах, Бек, Бийлер өздөрү валий деп эсептелишет. Анын үстүнө бул жерде сөз баланын ата-энесинин ыраазычылыгы жөнундө эмес, кыздын ата-энесинин (валийлеринин) ыраазычылыгы жөнүндө болуп жатат. Биздин автор өз ата-энесине айтпаса койсун (өтө адепсиздик деп эсептелсе да), бирок кыздын ата-энеси сөссүз билүүлөрү керек. Ансыз болбойт. Кыздын ата-энесине билдирип, нике кыйып алууларына эч кандай тоскоолдук жок.
#19 03 April 2013 - 02:21
daud.рахмат кенешинизге алла раазы болсун.мага кандай жолго баруумду жана емне амал кылуумду кенеш бересиз?
Биринчи кезекте, кылган күнөөң үчүн тообо кыл. Аллахтан кечирим сура. Андан кийин ата-энеңе айтып, кыздын ата-энесинин ыраазычылыгын алып дароо үйлөнгүлө. 1-2 жыл эмес, 1-2 ай да көптүк кылат. Раз уж ошондой ишке барганга жарап калдыңбы, демек ата-энеңе айтып үйлөнүүгө да жарашың керек. Колдон келбесе башынан токтотуш керек эле. Ал кызды өзүңдүн эже-карындаштарыңдын ордуна коюп көр. Сага окшогон бирөө алар менен сага окшоп мамиле кылууну каалайт белең? Сенин жашыруун нике кыйам дегениң, жоопкерчиликтен качып жатканың. Сүйүү дегениң менен бул сүйүүгө такыр окшобой жатат. Сүйгөн адам, өз сүйгөнүнө мындай мамиле кылбайт. Бул көбүрөөк өз кумарын кандырууну жолун табууга болгон аракеттей көрүнүп жатат. Кудай деп бир аз ойлонгонуңар үчүн (ушунусуна да шүгүр) кумар кандырууңарды мыйзамдаштыруунун жолун издеп жатасыңар. Кыздын ата-энеси, бир тууган ага-инилеринин ордуңа өзүңдү коюп көр. Ошондо сенин ишиң канчалык жаман иш экенин көрөсүн.
#20 03 April 2013 - 08:56

Соз эмес бекен, ыя? Сонун! Кошулам.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео