Мен озум экономиканын ото кызыктуу болугу, Behavioral economics менен бош убактымда алектенем.
Бул окууда ирационалдуу деп эсептелген адамдардын журуш турушу,адаттары, ойлору кандай жакшы, жаман экономикага таасир береерин oкутат. Акыркы жылы мен кандай *креативдуу, акча коп кетпеген реформаларды кылып, КРды онуктурсо болот деген суроолор кызыктырат.
Бир нече сунуштар бар - бироосу - Англис тилин 2чи расмий тил кылып, 10-15 жылдын ичинде бул "инвестициянын" узурун коруу, келечектеги муунга такыр башка шанс беруу.
Алар мигрант болбойт РФда, жок дегенде Европа, АКШда иштешет бул кадамга барсак.
Экинчиси - мамлекеттин rebranding-ги - Стан эмес Республика деп айтуу. АКШда, Канадада журуп, убакытым болгондо, кичине тест кылып, сурап калам биз жонундо укпаган адамдардан: -Kyrgyzstan (КыргызСТАН) же Kyrgyz Republic (Кыргыз Республика)? кайсынысына бармак эленер, кайсыл оной жана жакшы угулат деп сурайм.
Cтан деген бизге "-" келтирчу соз экен деп ойлойм, коп байкоолордон кийин (суперСТАН, sorry:)
Стан - кыргыз созу эмес, фарсиден келген соз-жер, олко дегенди билдирет. Бугун стан менен буткон 7 эгемен: Афганистан, Пакистан, Туркменистан, Узбекистан, Таджикистан, Казахстан, Кыргызстан.
Россия Федерациясынын субьектери: Башкортостан, Татарстан, Дагестан.
Жана сепаратисттик кучтордун проектилери -Курдистан, Вазиристан, Уйгурстан деген жок мамлекеттер, бирок дуйнолук маалыматтарында активдуу айтылып турган стан-дар бар.
Кыргызстан деген биздин Конституцияда, мыйзамдар да жок, колдонулбайт! Башкача айтканда, бизде расмий турдо:
Кыргыз Республикасы
(Кыргызская Республика)
(Kyrgyz Republic).
Тилекке каршы биз, озубуз КыргызСТАН деп, бул стан группасына кирип, баркын билбей келиптирбиз. Эгерде коншу озбек, таджик, казактарда ушундай болсо, алар такыр башкача мамиле кылмак эле. Алар учун биздей Казак Республикасы же Озбек Республикасы деп аталуу - азыр ойго жетпес мечтасы, кыялы. Биз ошону тушунбойбуз окшойт. Биринчиден, Кыргыз Республика деген эле бул кыргыз элинин негизи эл экенин билдирет, бул патриоттуурак, улуттук сезимди сактап турат, бул *демократияга жакын, Батышка гана эмес, Чыгышка да жакшы угулган, современный угулган жана дуйнонун копчулук адамдарына республика станга караганда имиджи тузук болгон соз.
Кыргызстанды чет жерде Курдистан, Кирзакстан же башка стандар менен алмаштыра беришет. Турист жана инвесторлорго, Стан бул биринчиден -мусулман радикализм куч алган же авторитардык режимдеги, артта калган олко жана эл деп ойлошот. Афганистан жана Пакистан ар дайым башка Стандарга озунун аты менен жаман ассоциацияны берип турушат. Кыргыз эли ар дайым эркиндикти туу тутуп келген эл болуп, биз озубузду, бул стан тобуна тырмышып жатып киргиздик. Эми стандан кутулуу абдан татаал болот, бирок жазаса болот. Биринчиден биз эч нерсени озгортпойбуз- болгону мыйзамда кандай болсо, ошондой айтыш керек. Ал эми мыйзамда: Кыргыз Республикасы (кыргызча) Кыргызская Республика (расмий орусча КРда) Kyrgyz Republic (англисче) варианттар бар.
Киргизия деп СНГ мамлекеттеринде жана РФда айтат. Бул эн туура айтылышы! Бизде коп адам буга каршы, кайра аларды Кыргызстан деп кондургонго аракет кылат. Бул такыр туура эмес жана зыян нерсе. Биринчиден орус тилинде, орустар Киргиз, Киргизия деп айтууга укугу бар. Алар бизди "орус" эмес, кыргызча да русский деп айткыла деген жок. Алар жапондорду Японцы, Япония дейт, ал эми жапондор орустарды бизди *Ниппон деп айткыла дебейт да! Же кытайларды, китайцы дешет да. Биз эмнеге каршы чыгышыбыз керек экен? Киргизия деген абдан жакшы угулат, Япония, Швеция, Армения, Грузия дегендей эле, Киргизия деп бизди коп СНГда билет, жакшы мамиле ушул Киргизия менен байланышкан СССР мезгилинен бери. Кыргызстан десек, бул бир эле орустардан эмес, башка да украин, прибалтика, кавказ, коншу орто азия элдеринен артка кадам таштап, алардан алыстоо жана Пакистан, Афганистан бизге менталитети такыр башка элдерге кадам жасоого барабар. Ошондуктан Киргизия деп айта берсин, абдан назик угулат, кыргызстан деп алардын кулагын оорутпайт.
Ата-бабаларыбыз Кыргызстан деп айткан да эмес, мекеним, жерим, жергебиз, Кыргыз жери десе керек. Кыргызстан деп айтуу бул -антиреклама. Озубуздун арабызда, биз америкалыктардай (USA же US)дей кыскартып КР же КГ деп жазсак туура болот, бул *разговорный* да.
Кыргызстан дебей КР, Республика десек эмне болуп кетет деген суроо? Биринчиден жакшы, жагымдуу ат бул ар дайым байлык-компания болобу ( Facebook, Аpple, Алма же Кыргызжилкоммунсоюз деген менен айрымасы бар) же адамдын аты - (Айнура, Алина, Диана же Жармагуль
Ар бир биздин жаран: I'm from Kyrgyz Republic десе, бул реклама жана пиар. Туристтер Интернет аркылуу kyrgyz жонундо билишет. Стан группасынан чыгуу бул бизди озгочо эл болуп, региондо башкача экенибизди билдирет, туристтердин кызыгуусу коп болот бизге. Туризм жакшы онуккондо, коп мамлекеттерге миллиарддаган доллар алып келет. Биздин бизнеске, ишкерлерге, мисалы кийим тиккендер Made in Kyrgyzstan деген Европа, озгочо Тундук, Туштук Америкада Made in Kyrgyz Republic (Made in KR) дегенге караганда ото слабый позицияда болот товарлары, сапатына карабастан албашы мумкун. Жакында эле Джон Керри биздин мамлекетти Кырзахстан деп айтып алды, эгер госсекретарь бизди билбесе, анда жонокой адамдарды айпай койсо болот...
Кыскасы, Кыргызстан деп айтуу бул имиджге терс жактарын алып келет деп ишенем.
КР, Кыргыз Республикасы, Кыргызская Республика, Kyrgyz Republic бул эртенки куну озун актап, экономикага, маданиятка он таасирин берип, кыргыздарды жакшы жактан дуйнодо реклама кылат. Кыргыз Республикасы деген -бул сепаратисттерге жакшы эскертуу кимдин мамлекети экенин, диний ислам фанатиктерине да жакшы эскертуу кандай саясий система жана светтик олко экени. Озунор мага ишенбей, изилдеп коргуло. Тааныштарынарды да стандан Республикага деп айтууга кондургуло. Кыргызстан жонундо кара пиар интернетте толуп кетти, КР, Kyrgyz Republic деп жаны, жакшы контенттерди жазасак туура болот.
Силер бул жонундо эмне деп ойлойсунар?
P.S.
Мен биздин гимн же биздин кооз желегибизди
алмаштырууну туура эмес деп ойлойм. That's just stupid...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















