Суперстан: Үй-бүлө - Кичинекей Мамлекет - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үй-бүлө - Кичинекей Мамлекет Үй-бүлө Коомдун Жаңылануусунун Гарантыбы же...?

#1 Пользователь офлайн   Demon   02 Май 2012 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

Үй-бүлөнүн бир канча аныктамасы жана функциясы бар экени жалпыга маалым. Алардын ар бирине токтолуп отуруунун кажети жоктой, анткени берилген аныктама жана жүктөлгөн милдет менен күнүбүздөгү үй-бүлөнүн абалы чанда айкалышпаса, дээрлик дал келе бербейт. Айтайын дегеним дүйнөдө кездешип жаткан үй-бүлөлүк проблемалар, биздин кичинекей мамлекетти да кездешчү болду. Эзелки ата-бабадан калган салттуу үй-бүлөдөн из калбагандай. Чоң үй-бүлөнүн оордун, кичинекей же болбосо жарым жартылай үй-бүлө басып калган кез. Жумушсуздуктун, жетишпестиктин, аргасыздыктын айынан ата-энелер, өспүрүм кыз-жигиттер алды жагы Орусиянын булуң бурчуна барса, арты жагы Европаны ашып кетти. Ыраакы Чыгашка сапар тарткан кыз-келиндер болсо өз-өзүнчө маселе. Бул билдирүүнүн негизги максаты, үй-бүлөлүк абалды талкууга алуу эмес. Болгону ХХI-кылым желесиндеги Кыргызстандын үй-бүлө мекемесинин абалын мүмкүн болушунча обьективдүү дэңгээлде сүрөттөө. Колуңуздан келген жардамыңызды кыларыңызга ишенем.


Пы Сы: Төмөндө бир канча суроо тизмеги бар (азырынча сурооолор аз, суроолордун уландысы сиз көргөзгөн көрсөткүчкө жараша илинет, анткени көпчүлүк кыска постторду окуганды жактырат, бул жерде болсо кеңири масштабдагы изилдөөдөн үзүндү берилди). Сиздин кызматыныз сезимталдуулукка алдырбай эле түз көз карашыңызды билдирүү. Ал эми коментарий бергиңиз келсе менин купуя баракчам сиз үчүн ачык. Андан сырткары ар бир суроону белгилөө менен эле чектелип калбастан, себептерин бир учкай айтып өтсөңүз максатка ылайык болоор эле.

Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Demon   02 Май 2012 - 19:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

1. Бүгүнкү күндө үй-бүлө өзүнүн функциясын (бул жерде күбөнчө таалим тарбия жаатында кеп болуп жатат) жеткиликтүү аткарбай калды:
А. Толугу менен кошулам, себеби......... ....................
Б. Болушу мүмкүн кээ бирлерин эске алынбаганда, себеби......... .....................
В. Бул пикирди колдобойм, себеби......... ...................

2. Үй-бүлө калыптанган же түзүлгөн жерге карата анализделгенде салыштырмалуу начар абалда:
А. Шаар жашоосуна көнгөн үй-бүлө, себеби......... .....
Б. Элет жериндеги үй-бүлө, себеби......... ........
В. Аймакка карап категориялоо туура эмес, себеби......... .........

3. Азыркы шартта үй-бүлөнүн башында ким турушу керек:
А. Эркек киши же “ата”, себеби......... .....
Б. Аял киши же “апа”, себеби......... .........
В. Кимдин тапканы көбүрөөк болсо ошол адам, себеби......... ....

4. Жаш үй-бүлөлөргө чоңдордун таасири кандай болушу керек:
А. Жаштарды үйдүн чоңдору табыштырышы керек, себеби......... ...
Б. Жаштарга чоңдордун кийгилишкенге акысы жок, себеби......... ...
В. Эки муундун мүчөлөрү кеңешип иш кылганы жакшы, себеби......... ..

5. Сиз жашаган аймакта көбүнчө ушул типтеги үй-бүлөлөр жашашат:
А. Чоң (чоң ата, эне, ата, апа, бир туугандар, келиндер чогуу жашаган) үй-бүлө.
Б. Кичинекей (ата-эне жана бир эки баласы бар) үй-бүлө.
В. Жарым (жалгыз бой ата же эне жана балдардан турган) үй-бүлө. Бул вариантты белгилесеңиз, жалгыз боз аял же эркек экенин да билдириңиз.

Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   03 Май 2012 - 11:49

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Demon (02 Май 2012 - 19:58) жазган:

1. Бүгүнкү күндө үй-бүлө өзүнүн функциясын (бул жерде күбөнчө таалим тарбия жаатында кеп болуп жатат) жеткиликтүү аткарбай калды:
А. Толугу менен кошулам, себеби......... ....................
Жообум А). Себеби теманын аты атап тургандай уй -булоо кичинекей мамлекет,ата- эне ал кичинекей мамлекеттин башчылары. Бугунку кундо дээрлик ар бир уйдон бир уй-булоо башчысы чет жакта эмгектенет, копчулугундо куйоосу аялы да. Жыйынтык:Башчылары жок "кичинекей мамлекеттин" абалын элестете бериниз. Бир мисал: алыска барбай эле оз уй-буломдо болгон окуяны жазайын. Таежем менен жездем да копчулук элдин катарында Москвада эмгектенишет, 4 жылдан бери,алар 4 баланын ата-энеси. Алар бул жакта иштеп журушкондо 2 баласы жездемдин эжесинин колунда ал эми 2 баласы менин ата -энемдин карамагында (себеби мен 2 бир туугунмын иним экообуз тен бул жакта,ата-энеме эрмек болсун деп)болчу. Улуу кызы мектепти аяктап студент болуп окуп жатты, сабактарын жакшы окубайт,себепсиз шылтоолор менен окуудан коп калмай, курбу кыздары менен отуруш дискотекаларга бармайлары кобойду,апамдын карамагында болгон сон улуу таеже катары апам жакшы эле тилдеп,жакшы соз менен да келтектеп да тарбиялап атты,бирок озгоруу болбоду. Акырында апам синдисине чалып,"жумушунарды жыйнап келип,балдарынды топтоп озунор тарбиялагыла, менде нерв да,куч да калбады"деп арызданды. Апамдын айтымында уйдон,атамдын чонтогунон кобунчо акча жоголчу болуптур,апам байкуш атаман уялганынан, ажаандык кылып атамы урушат имиш "озун коротуп алып,акчам жок дейсин "деп. Кундордун биринде алтын шакегинин да жоголгонун байкап,ушунтип барса жакшылыка алпарбашын билип,болгон окуялардын баарын синдисине айтат. Карга да баласын аппагым дейт дегендей,эжем ишенбей,апама аябай капа болду."сиз менин кызымды калп эле каралап жатасыз,менин кызым андай эмес деп такыр ишенбеди" .Уй було башчылары талаалап кор оокаттын айынан журуп,оз балдарынын кантип чонойуп калганын билишпейт. Бул окуяны айтканымдын себеби баарыныздарга маалым болгондой, уй-булодогу балдарга (кээ бир) оз ата -энесинен таалим тарбиянын жетишсиздиги.
Б. Болушу мүмкүн кээ бирлерин эске алынбаганда, себеби......... .....................
В. Бул пикирди колдобойм, себеби......... ...................

2. Үй-бүлө калыптанган же түзүлгөн жерге карата анализделгенде салыштырмалуу начар абалда:
А. Шаар жашоосуна көнгөн үй-бүлө, себеби......... .....
Б. Элет жериндеги үй-бүлө, себеби......... ........
Шаар жасосунда шарттар кобуроок элет жерине караганда. Бул менин жеке оюм. Элет жеринде тан аткандан баштап кун батканча талаа жумуштары,чарба иштери менен алек болуп жашоондун кантип отуп жатканын байкабай да каласын. Айылда карап турсан 5 жашар баланын да мойнунда жумуш бар мисалы: музоолорду кайтаруу,же болбосо индюк багуу ж.б.у.с. майда барат жумуштар. Дем алыш кундорун уй- булоосу менен чогуу бир жака барып эс алып келуу, парк айлануу,кадимки эле кичинекей кубаныч тартулооочу уй булон менен кафешкада балмуздак жеп отуруу,кино театр,концерттерге чогуу баруу деген жакшы нерселерден бир топ эле алыс(((
В. Аймакка карап категориялоо туура эмес, себеби......... ........


3. Азыркы шартта үй-бүлөнүн башында ким турушу керек:
А. Эркек киши же “ата”, себеби......... .....
Албетте "АТА". Тээ илгертен бери эле каныбызга синген уй булоо башында эркек турушу керек,ал эми анын кенешчиси,акылчысы аял. Эркек башкарган уй-булоо баарибир башкача кучтуу.
Б. Аял киши же “апа”, себеби......... .........
В. Кимдин тапканы көбүрөөк болсо ошол адам, себеби......... ....

4. Жаш үй-бүлөлөргө чоңдордун таасири кандай болушу керек:
А. Жаштарды үйдүн чоңдору табыштырышы керек, себеби......... ...
Уйдун чондору жаштарга караганда бир топ тажрыйбалуу жана да эч бир ата-эне оз балдарына жамандык каалабайт.
Б. Жаштарга чоңдордун кийгилишкенге акысы жок, себеби......... ...
В. Эки муундун мүчөлөрү кеңешип иш кылганы жакшы, себеби......... ..

5. Сиз жашаган аймакта көбүнчө ушул типтеги үй-бүлөлөр жашашат:
А. Чоң (чоң ата, эне, ата, апа, бир туугандар, келиндер чогуу жашаган) үй-бүлө.
Б. Кичинекей (ата-эне жана бир эки баласы бар) үй-бүлө.
Жашаган жерим жаны конуш болгондуктан 90пайызга жакыны кичинекей типтеги уй- булоолор :бууум:
В. Жарым (жалгыз бой ата же эне жана балдардан турган) үй-бүлө. Бул вариантты белгилесеңиз, жалгыз боз аял же эркек экенин да билдириңиз.


Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Февраль 2013 - 13:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Саясат жана коом" бөлүмүнөн "Үй-бүлө" бөлүмүнө жылдырылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   T-1000   05 Апрель 2013 - 17:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 267
  • Катталган: 15 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 18:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жогоруда сиз айткан проблема азыркы заманда кадимки көрүнүш болуп калды.Көп болсо 5-6 жыл андан кийин эки айры жолго түшүп баса беришет.Баары эле эркин,кимдир бирөөнүн башкарып,кийлигишип туруусун каалашпайт. Анан келип эле ортодогу балдарга залакасын тийгизет.Атасы же энеси тирүү туруп жарым жалгыз өскөндөрдүн психологиясы да башкача болуп калат.Атанын же эненин мээрими аларга ушундай керек экенин болочок ата-энелер билип коюшса!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Askaruli   08 Апрель 2013 - 01:29

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Эркек президент,аял премьер министр.:96:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   malika14   18 Октябрь 2015 - 05:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

ui bulo kichine mamleket chininda.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sapy   18 Октябрь 2015 - 06:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 08 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2015 03:08

Просмотр сообщения malika14 (18 Октябрь 2015 - 05:30) жазган:

ui bulo kichine mamleket chininda.

Oa uibulo kuru en sonun bakyt
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   lucia01   18 Октябрь 2015 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 21:38

ушундай толук кандуу мамлекетке суусап турам эххх...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Meruet84   31 Декабрь 2015 - 10:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Уй булоону сактап журуунун бир жолу ......
Аялдар учун жана уй булоодогу оорду .

Бисмилляхир Рохмаанир рохиим.


~ ТАЗАЛЫК ТУУРАУУ~


Насыяттардын учунчу жана тортунчу болумундо томонку нерселер тууралуу соз болот: "Омурлук жолдошундун козу тушуусу мумкун болгон баардык нерселерди кооз тут:ишинди таза аткар:анын козуно эч качан жагымсыз(шалаакы) нерсе урунбасын" . "Жаман жыт чыгаруучу нерсеге (кунт коюуп)конул бол жана аларды таап,тазала. Уйундон ар дайым жагымдуу жыпар жыт чыгып турсун".

Аял киши ар дайым оз уйун жана озунун кийимдерин таза тутуусу,куйоосун тынчыздантыра турган ар турдуу жагдайлардан сактануусу заалым.Бардык адамдар тазалыкты сулуук деп тушунот.Атугул ыплас адамдар да таза жерге суктанышып, тазалыктан ырахат алышат.Эн ыплас киши да шалтак кишинин колунан тамак жегиси келбейт.Ошол учун аялдар оболу талаыкка конул буруусу кажет.Аллахтын Элчиси саллаллооху ъалайхи ва саллам: " Аялдарынардын эн жакшысы - жуунуп,пакиза журууну адат кылган жана куйоосунун алдында жыпар жытуу миск себинип журуусу жана шарият жол бергенчелик чекте сыланып,жасанып кооздонуп,сулууланып журуулору керектигин тушунууго болот.
Аялдардын оз куйоолорунун алдында жарашыктуу кийинип,сыланып- тузонуусу,жасануусу такыбалык жагынан караганда да дурус амал болуп саналат.Аялдарна алардын куйоолорунун махабат-суйуусуно ээ болуулары учун бир гана чырайлуулуктун озу эле жетиштуу эмес. Алар оз куйоолору алдында колдо бар кооз кийимдерин кийип сулууланып, жыпар жыттардан себинип,жалкоолук, адепсиздик жана шалаакалыктан да оолак болуулары шарт.Эгер бул создорду чечмелесек, мындай маани келип чыгат.
1) Куйоолорунун созуно дароо кулак салуу жана кечиктирбестен аткаруу:
2)Ал жактырбаган терс аракеттерди эч качан жасабоо:
3)Куйоолору кубанып турган кезде аны менен кошо кубануу,ал кайрыгып турса,анын кайгысына ороктош болуу:
4)Куйоосу уйуно келе турган маалда кийинип бойонуу,анын алдына сулуу болуп чыгуу"
"Тухфатул Арус" Атуу китепте бул тууралуу мындай айтылат:
"Аялдар оз куйоолоруно шалаакы абалда корунбошу керек:оз жуздорун пакиза жана сулуу кылып корсотуулоруу лаазым.Тиштерин тазалап,куйосуно жага турган жарашыктуу (таза)кийимдерин кийип,жыпар жытуу миск атырлардан себинип журуусу керек".
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   anya   18 Январь 2016 - 20:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Demon (02 Май 2012 - 19:58) жазган:

1. Бүгүнкү күндө үй-бүлө өзүнүн функциясын (бул жерде күбөнчө таалим тарбия жаатында кеп болуп жатат) жеткиликтүү аткарбай калды:
А. Толугу менен кошулам, себеби......... ....................
Б. Болушу мүмкүн кээ бирлерин эске алынбаганда, себеби......... .....................
В. Бул пикирди колдобойм, себеби......... ...................

2. Үй-бүлө калыптанган же түзүлгөн жерге карата анализделгенде салыштырмалуу начар абалда:
А. Шаар жашоосуна көнгөн үй-бүлө, себеби......... .....
Б. Элет жериндеги үй-бүлө, себеби......... ........
В. Аймакка карап категориялоо туура эмес, себеби......... .........

3. Азыркы шартта үй-бүлөнүн башында ким турушу керек:
А. Эркек киши же “ата”, себеби......... .....
Б. Аял киши же “апа”, себеби......... .........
В. Кимдин тапканы көбүрөөк болсо ошол адам, себеби......... ....

4. Жаш үй-бүлөлөргө чоңдордун таасири кандай болушу керек:
А. Жаштарды үйдүн чоңдору табыштырышы керек, себеби......... ...
Б. Жаштарга чоңдордун кийгилишкенге акысы жок, себеби......... ...
В. Эки муундун мүчөлөрү кеңешип иш кылганы жакшы, себеби......... ..

5. Сиз жашаган аймакта көбүнчө ушул типтеги үй-бүлөлөр жашашат:
А. Чоң (чоң ата, эне, ата, апа, бир туугандар, келиндер чогуу жашаган) үй-бүлө.
Б. Кичинекей (ата-эне жана бир эки баласы бар) үй-бүлө.
В. Жарым (жалгыз бой ата же эне жана балдардан турган) үй-бүлө. Бул вариантты белгилесеңиз, жалгыз боз аял же эркек экенин да билдириңиз.



1. Б. Себеби балам али кичинекей, дагы бир аз чонойсун, тушундуром, ошондо озу эле билип алат же болсо менин балам андай жолго барбайт дешет кээ бир ата-энелер .
2. В . Себеби ар ким оз буйруган жагында жашашат . Ар ким оз чойросуно жараша чонойот жана калыптанат .
3. А. Себеби эркек киши, ата уйдун куту, атанын тапканы берекелуу болот, атанын мээрими балага кундой чачырайт .
4. А. Себеби кары уй-булолор жаштарга улгу болот жана акыл насаат айтышат .
5. А.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 23:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: