Суперстан: Сынчынын купулуна толгон кыз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сынчынын купулуна толгон кыз Бердикожо Бийназаров

#101 Пользователь офлайн   talant.elmira   05 Апрель 2013 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кумарбек бир уйдун жалгыз баласы. Бирок тартиби жок болуп, ата-энесин бир топ капа кылды. Кантсе да, ата менен эне бала учун тутпойт да. Улам онолулуп кетет деген илгери умут менен жашап келишет. Кумарбек биринчи аялын алганда экоо тен абдан суйунушкон. Аял алганда уулубуз токтолот деген ойдо болушкан. Келинчеги деле жакшы чыкты. Бирок, акыл-эсин аракка алдырган Кумарбек аны менен болгону уч ай гана жашады. Кумарбектин кыял-жоругуна чыдабай, туну менен качып кеткен шордуу келин. Эртеси Кумарбектин ата-энеси артынан барса, келин так секирип, "барбайм, барганда баягы эле баланар, эми ага эч ким тутпойт. Менде эмне куноо, озунор эле калыс болгулачы. Озумду кармап эптеп уч ай чыдадым. Убагында коп эркелетпей тарбия беребейт беленер. Эми барсам баланар мени олтуруп салат". Келиндин ата-энеси дагы кызынын созунон чыга алышкан жок. Аракеч немеден ким жакшылык умут кылат. Кумарбектин ата-энеси шаабайы сууп, уйлоруно келишти. Уч ай болсо да келинге коно тушкон Жусуп аксакал менен байбичеси Канымжан экоо уулу Кумарбекке жакшы эле: "Бар артынан барып кечирим сурап кел" деп айтышты. Кумарбек согунуп жооп берип: "Келсе озу келсин, келбесе козумо корунбосун! Керек болсо эртен башка катын алып аламын" - дагы ушул сыяктуу создорду айтып, онурандап сыртка чыгып кеткен.

Айылдагы аракечтерден алыс болсун деген ойдо Жусуп менен Канымжан Кумарбекти "барып иштеп оокат кылгын" деп шаарга да жонотушту. Шаарда эле уулун даяр жумуш кутуп тургансып. "Уйдо баатыр, жоодо жок" дегендей, ата-энесине эле созу откон Кумарбек шаарга келгенде ал сыяктуу акча таап, аракет кылып иштеп кеткен жок. Жалкоолукка, беленге конгон адаты баарын женди. Иш кылайын десе олдоксон кыймылы,эч нерсеге жондомсуздугу иш кылганга мумкунчулук бербеди. Болгону алты ай шаарда болду да, кайра айылга барды. Жарма досторуна кошулуп, кекиртектин камын коруп, эмнени гана саткан жок. Бир куну алюмий сатып, бир топ акча тапкан Кумарбек "шаарга барып аял алып келем, ""торкуну жакындын тошогу жыйылбайт" дегендей жакын жерден алсам, торкунуно эле кача берет экен. Алыс жерден алам" деп , Бурулканды корбой эле ала качып кеткени ушу... Шаарда эки кун кыз издеп журду. Бурулкан кеиндик жакшы кыз бар экен деген созду уккан Кумарбек: "Корбой туруп аламын кызды". Досторуна карап: "Силерге жакса болду" - деп, Бурулканды корбой, билбей туруп ала качты. Бакыран коз, музоо кирпик, жылдыздуу кызды коргон баардык Кумарбекти тааныган эл , ал турсун ата-энеси Бурулканды аяшты. Шордуу кыз экен дещип...


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   talant.elmira   05 Апрель 2013 - 23:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

"Кыздын сыры торкунуно маалым" дегендей, Кумарбектин сырын бут айыл билет эмеспи. Бурулкан кыз каадасын кылып, ыйлап, кетем дегени менен, тартиби жок, кыздардай кыйкырып, кыялын коргозуп, чыр салган жок. Кумарбекти жактырбаса да, анын карып калаг ата-энесин аяп олтуруп калды. Келин коруп келишкен келин кесек, аялдар кошогодо олтурган Бурулканды аянычтуу карап, алкоо создорун айтышып, келечегинин жакшы болушун килешти. Конгон адат калабы, уйга жугон салабы дегендей, Кумарбек соолукканда эле жаны алган, кошогодо олтурган келинчеги Бурулканды козго илбей, кыялын коргозуп баштады. Бурулкан укпасын деген ойдо апасы ички уйдун эшигин жаап:

- Акырын эми, эмне болуп атасын? Элден, жаны алган келинчегинден уялсан боло деги... Ансайын Кумарбек Бурулканды уксун дегенсип:

- Эч кандай ""ачуу басар", "кудага баруу" деген салтынарды укпайын. Эгер ачуу басканы барсанар мен муну кетирем. Кыз керекпи, оздору издеп, таап келип алышсын, - деп ата-энесинин алдына барууларына каршы болду. Бурулкан баарын укту да, ушунчалык капа болду. Ангыча Кумарбек кошогону ачып:

- Эмне кабагынды буркойсун? Керек болсо суйунгун сендей кыздар кылдан коп. Эгер мен жакпасам, анда азыр чыгып кет уйумдон! - деди.

Ушул эле соз жетпей турган эле Бурулканга.

- Сени ким жактырат! Мени сени таанымак турсун, коргум да келбейт. Кетем эле - деди. Кумарбек шылдындап кулуп:

- Анда эмне олтурасын, мага конулун жок болсо!?

Бурулкан буулугуп уну чыкпай калды. Озун аран кармап:

- Ата-эненди сыйлап олтурам. Сендей кондой, акылы тайкы жигит менен ким жашасын.

Бурулкан созунун аягына чыкпай калды. Кумарбекти достору эшикке суйроп чыгып кеткен эле. Ошондо да Кумарбек согунуп, эч кимди козго илген жок. Ушунчалык муздак мамилеге ким тутуп олтурат. Бурулкан эми чындап чыр салып кетем деп чыкты. Бирок, бул аракети текке кетти. Канымжан кайненеси коз жашын агызып:

-Мас немеге тенелбе. Ал суйлой брет. анан соолукканда кечирим сурап, алдына тушот, - деп жылуу создорду суйлоп, Бурулканды алаксытты. Ичинде кир калган Бурулкан Кумарбектин апасынын коз жашын коргондо аны чын ниеттен аяп, кайра олтуруп калды. Ал эми Кумарбекке Бурулкандын акыркы айткан создору намысына тийди. Озунун куноосун ошондо сезди. Бурулкандын таамай созу башына бироо барскан менен чапкандай таасир берди. "Мен сенин ата-эненди сыйлап олтурам" дегени.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бул айткан соз Кумарьекти аз да ойлогонго туртку берди. Достору куйган аракты ичпей, "эгенртмени досум десенер, бул кыдзы кетирбей алып калгыла. Арак табылат, бирок, бул кыздай кызды табуу кыйын" - деди. Кумарбектин бул ишенимдуу, чечкиндуу айткан созу досторун тан калтырды. Элейип карап калган досторуна Кумарбек: - Озунор эле иче бергиле. Мен эми арак ичпейм. Корсо, мен адам эмес экенмин. Арак ичип эле, ичкен арагыма мас болуп, ата-энемди сыйлабаптырмын. Ушул жашка келип, муну эмне учун ойлободум экен? Козу чекир кара тору келген Алмаз: - Кумарбек, сага эмне болгон? Мындай эмес элен го?.. Алмаздын айткан создорун жактыра бербеген Кумарбек, ички чонтогунон чылым алып чыгып тамызып, бир маанилуу нерсе айтчудай башын жерге салып, конулсуз олтуруп калды
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 16:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Короого киргенде апасы жактыра бербеген тур менен:

- Деги арактан эмне таптынар? Ичпесенер боло! Баласынын кыялын жакшы билген канымжан созунун аягын жумшак бутурду.

- Ыя, Кумарбек, эгер мындай кыла турган болсон, алып келбей эле койбойт белен? Илгертен калган салт эмеспи, кызга калын берип, ата-энесинин алдынан откон. Бул кыздын ыйманы жылуу, було болчу жан экен. Кыздын да конулун ооруттун... Кирип, кечирим сурап, алдынан отуп койчу? Антпесен кетем деп ыйлап атат. Жакшы олтуруп калды эле...

Апасынын коркконсуп, отумсуз суйлогон созун уккан Кумарбек ичинен тутоп кетти. Оз апасынын журогунун ушун алганын эми гана байкады. Кен дуйно тарып, Кумарбек уялганынан жердин тубуно кирип кеткиси келди. Апасына тике карай албай, жер караган калыбында:

- Апа, суу жылытынызчы. Жуунуп, сакалдарымы алып, анан озум суйлошом ал кыз менен. Эч кабатыр болбонуз, - деди.

Канымжан уулун тангала карап, уккан кулагына ишенбегенсип, кыдыракей отурган балдардан уялып, кайра суроодон тартынды:

- Макул. Мен азыр, сууну бат эле жылытам. Аны коюп, алдагыны ичпечи балам, - деп айтканга аран жарады. Апасы чыгып кеткенде оор ушкурунуп алды. Бир гана соз Кумарбекти ушул абалга жеткирди. Корсо, мин окко караганда, бутага тийген бир ок артык дегендей, коп созго караганда таамай айтылган бир создун кучу алда канча кучтуу экенин билди. Кумарбектин оюн апасы бузду:

- Балам, суу даяр болду. Кел, жуунуп ал. Анан Бурулкан менен суйлошчу озун - деди.

Кумарбек жуунуп, усту- башын туздоп, кощого тартылган уйго кирди да, конулсуз олтурган Бурулкандын жанына басып келип созду эмнеден баштаарын билбей, туруп калды. Биринчи болуп Бурулкан соз баштады.

- Турмуш менен да ойнойсунбу? Эмне мынча кыйнайсын?

Мени шаарга жеткизгиле, апамдар мени издеп убара болуп атышат го... Кумарбек Бурулкандын жылдыздуу коздорунун терениндеги мунайынкы кайгыны байкап, озун колго алып:

- Бурулкан, сен мени кечирип койсу, - деп жакын жылып олтуруп, Бурулканды аео сезими менен карап:

- Суранам сенден, мени кечирип койчу. Мен эми аракты оозума албайм. Сага эркекче соз берем. Сен мени туура тушун. Экообуз бактылуу жашайбыз. Апам менен атамды чогуу багабыз. Баары экообуздуку, - деп созунун аягына чыкпай калды. Бурулкан ыйлаганын токтотуп:


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 17:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

- Билесинби, жада калса, мен сенин атынды да дагы билбейм. Мени корбой эле ала качып кеткенден кийин жок дегенде жылуу мамиле жасап койсон боло. Сени эмес, сенин атаэненди аяп олтурсам, айткан созун тиг. Сен мага баары бир жакшы було болуп бере албайсын. Мага уруксат бер. Мен озум эле кете берем. Ушул жашка келгени онолбосон, анан онолуп кетээринден умут аз. Ар ким бир келген жарык дуйнодо жакшы жашап откусу келет. анын сынары мен дагы оз келечегим учун курошушум керек. Бирок, сенин ата-энене убал экен. Карып калганда аларды аясан боло. Кумарбек башын которуп: - Бурулкан, сен абдан туура айттын. Адам эле эмес, айбанаттар да бейпилдикте жашагысы келет. Мен окуном, себеби, баарына атам менен энем куноолуу. Мени эмнеге мынча эрке остурушту. Оюм менен болуп, менин ушул жаман сапаттарыма эркеликтин кесепети туртку болду. Экоо бир сааттан ашык суйлошуп олтуруп, акыры Кумарбек Бурулканды ийитип, бирге жашаганга кондурду. ХХХ Карганбек менен Кумушай Бурулканды эки кун кутушту. Учунчу куну эртен менен уч киши кулдук уруп келишкенде гана конулдору жайланды. Бирок, кызынын турмушка чыгып кеткени экооно тен жагымсыз кабар болду. Себеи, Медет атайын Бурулкан учун уй сатып алып, ал турсун Бурулкандын наамына каттатам деп айткан эле да, Келген кудалар менен тил табышкандан кийин алардын машинасы менен Карганбектер Кеминди коздой жоношту. Медет менен Сабыр сынчыга тушундуруп айтып, анан жолго чыгышты. Курманбектин атасы Жусуп Карганбек менен Кумушайды ичинен аяп, уулу Курманбекке нааразы. Себеи, булар менен убактылуу куда болуп атканына козу жетип турду. Анткени уулунун кыял-жоругу, кулк-мунозуно эч бир аялзаты туруштук бере албасын Жусуп кантип билбесин. Биринчи алган аялы Курманбекке жакшы эле тушундуруп айтты. Бирок,анын тилиналмак турсун айткан создоруно конул бурбастан, кайра согунуп, конулун оорутту. Дагы ал келини которумдуулугунон уч ай тутту. Эми Бурулкан канча убакыт жашайт, аны эч ким билбейт. Келечегин ойлогон Жусуп карыя озунчо басырынып, Карганбек менен Кумушайдын жанында озун эркин сезе алган жок. Карганбек болбой уйуно алып барып, кой союп коноктоп, кудаларын жакшы узатты. Бирок, Сабыр сынчы Бурулкандын турмушка чыкканын укканда ушунчалык катуу кейип: - Кап, болбой калган экен. Эми барган жеринен бак айтсын. Нике кайып буйруктан эч ким качып кутула албайт, - деп созун чукул бутуруп, басып кеткен. Сынчы ошондо эле Бурулкандын барган жери жай болбой калганын билген. Баарын Жусуптун коз карашынан байкаган. Жусуп дагы озунун мамилеси менен сыр алдырып койгон эле. Бурулкан жонундо кенен тушунук алган Жусуп дагы ичинен ""балам бул келинимдин кадырына жетпейт го" деп окунгон. Жусуп карыя ойлогондой эле иш болду.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Azem2013   06 Апрель 2013 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Куто берем, куто берем эч тажабай кутомун... Батырак жазынызчы суранам
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кудадан баргандан кийин Кумарбекти озунчо чарырып алып, тушундуруп айтып берди.
- Арак ичпе. Эптеп эле бир балалуу болуп алсан, жашоо башка нукка бурулат эле. Бурулкан сынчынын купулуна толгон, элге керек уул торочу аялзаты экен,- деп бир баштап тушунуктуу болсун учун айтып берсе, Кумарбектин ою башка жакка кетти. Уулунун бул жосунунан Жусуп капа болуп, созун аягына чыккан жок.
Бурулкан келин болуп келгени уйдо кадимкидей озгоруу болду. Кумарбек арак ичпей, короону карап, оокат кылайын деп озунчо аракет кылганы озгочо атасы Жусупка жакты.

ХХХ

"Жылуу соз жыланды ийинден чыгарат" дегендей, бир куну тушку чайды ичип олтурганда Бурулкан:
- Кумарбек, - деп куйоосунун атын айтып:
- Сен бугун абдан жакшы иш кылдын. Мен сага айтайын дедим эле, бирок, сен мага айтканга жеткирбей эле, озун билип жонгочту таарып салганын жакшы болду, - деп Кумарбекке мактоо айтса, ал суйунуп:
- Эми тиги куураган дарактарды дагы кыйып, жазында кайра ордуна бак тигип койсомбу дедим эле, - деп конулу которуло тушту.
Чын эле иштеп аткан кишинин конулун которуп соз айтса кандай жакшы. "Жакшы соз жан эргитет, жаман соз жан кейитет" дегендей Жусуп Кумарбекти эркелетип, эрке остургону менен иш жасатып дагы корбоптуп. Эми минтип келини тилин таап иш кылдырганы, андан дагы "жакшы иш кылыптырсын" деп айткан созу эле Кумарбекке жага бергенин Жусуп байкап олтуруп, баарына озун куноолонду. Чыныда эле Курманбек Бурулканга уйлонгондон бери бир топ озгорду. "Аял жакшы, эр жакшы" дегендей, Бурулкан анын ачкычын таап, жакшы жолго ундоду. ЖУсуп менен Канымжан Бурулкандын омурун тиеп, абдан ыраазы болуп келечегин тилешти. Кумарбек баштагыдай болбой, эмнегедир сыйчыл дагы болуп, Бурулканды имерчитеп, экоо бирдемени талкуулап, иш кылуу жонундо коп суйлошчу болду.
Бурулкан:
- Тандыр меш жасап, нан саталы жакшы киреше болот, - деп оюн айтты.
Алгач булачка жасап, камокторго койдуруп корду. Мындан алар уттурган жок. Кумарбек булочкаларды камокторго таратып, эртеси акчасын жыйнап, иши алдыга жылды. Азыраак акча тушкондо Бурулкандын сунушуна ыраазы болгон Кумарбек чын ыкласы менен ишке киришти. Корсо, адам иштеп алаксыса эле арактан алыс болуп, иш менен алектенип, конулу осуп, жашоого башкача коз караш менен карап калат экен да. Акырындык менен булочкадан нан сатканга отушту. Бир топ киреше таап, экоонун тен конулдору жайдары. Досторунун арак ичели деген сунушуна Кумарбек макул болбой, кыскасы, торот ай арак ичпей жакшы журду. Кыш келип, кундун суугуна отун даярдоо Кумарбек учун бир топ кыйынга турду. Бирок, акча учун гана аракет кылып иштеди. Баары ойдогудай болот беле, эгер шаардан келген классташы Болотбек жолукпаганда. Камоктордон нандын акчасын чогултуп, оз ою менен алек болуп келе жатып, эски тамдын бурчунда арак ичип олтурган досторуна жолугуп калганы баарын бузду. Жакшы эле ичпейм деп каршылык корсотуп, ал жерден кетип калыштын амалын кылды. Бирок, классташы Болотбек:
- Я, Кумарбек, жанагы жаны алган катынын башынды айлантып алган го?.. Катындын созун соз деген дагы эркекпи?! Эгер сен минтип журсон, ал катынын сенин мойнуна минип алып, ноктолоп алат. Эмитен эле ноктолотуп алыпсын. Деги сага эмне болгон?
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 21:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кумарбекке бул айтылган соз ушунчалык катуу тийди. Жон эле бироо намысын тебелеп салгансып арданганын айтпа. Мындан коро Болотбек бир чапса женил болот эле. Куру намыс баарын женип кетти, ызаланган Кумарбек:
- Жетелетпей эле "катын алсан отун ал" дегендей, оокат кылыш керек да, - Кумарбек созунун аягына чыкпай калды. Созго тапан Болотбек Кумарбекти аракка жыгыш учун:
- Биринчи катынынды алгада эмнеге минтип нан ташып, акча чогулткан жок элен? Аялын азыр жылуу уйдо олтурат. А сен болсо темселеп, акча чогултуп нан ташып журосун. Биринчи катынын ушинтип сени качан жумшады эле?
Мындайда Кумарбектин оозунан созу тушуп, талкан жутуп алгансып туруп алмай адаты бар эле. Уйуно эле кыйын. Эгер Болотбектин созун апасы же Бурулкан айта турган болсо анда эчак соз таап, катыра жооп берет эле. Азыр болсо оозуна соз келбей ункуйуп олтура берди. Ичинени Бурулканга жини келе баштады. Ортодо кызып калган
Болотбек стаканга жарымынан арак куюп, анысын Кумарбекке сунду.
- Ме, Кумарбек, чыныгы эркек болсон алып жибер. Эгер катынындан корксон, анда ооз тийип бер, - деди.
Торот а
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 21:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Торт ай илгери Бурулкан жаны келин болуп келгенде "Экинчи арак ичсем эркек болбой калайын" деген убадасынан жарма досу Болотбектин созун жогору коюп, эрдик кылгансып, стакандагы аракты так которо алып жиберди.
- Болотбек! Мен эч качан аялга баш ийбейм жана баш ийип да коргон эмесмин!
Болотбек Кумарбектин "эрдигине" энеси эркек торогонсуп суйунуп кетти.
- Кумарбек, созумду кайра алдым. Анда-санда жолугушканда тентуш балдар менен аз-аздан ичип койсо, эч нерсе болбойт,- деп соз менен жайкап койду.
Коптон ичпегенге ичине кирген жуз грамм бат эе башына урду. Болотбек Кумарбек жуз грамм алганына суйунгон жок., анын жип учу табылганына суйунду. Эми Кумарбектин арагын ичсек болот деп ойлоду. Кумарбек ошол куну бутуна тура албай мас болуп уйго келди. Кечке чыйпылыктап куткон учоондо кайдагы уйку? Учоонун тен тилеги бар эле: "Кумарбек арак ичпей келсе экен" деген. Бирок, учоонун тилеги тетири чыкты. Кумарбек арак ичмек турсун, бутуна тура албай келгени бир чырдын чыгышын айгинелеп турду. Кайран ата менен эне ай. Ошондо да уулуна катуу айта алышпай жалтактап, эптеп уктатуунун амалын кылышты. Бурулкан Кумарбектин бул жоругуна абдан окунду. Жаны элди нан алганга кондуруп келатканда берген убадасына турбай эркектик созунон тайганы, анын кыжырын келтирди. Кирээри менен ачууланып кирди:
- Сен мени башкарып, ноктолоп алдына салып айдап алгын гана келген экен да. Мен сага коргозом. Ноктологон кандай экенин,- деп Болотбек классташынын айткан созун суйлоп бутуп, бош турган Бурулканды куч менен чапты эле, Бурулкан жалп эле кулады. Ошондо до Бурулкан эч ун катпай, бузукунун тилине кирген экенсин деп, козу ачыктай билип койду. Себеби, Кумарбекти уйдо жокто классташтары издеп келип, кункулдоп суйлоп уйдон узап баратканда эле алардын жаман адамдар экенин билген.
Бурулкан жерге учуп тушкондо, бери жакта кайын атасы менен кайын энеси чырылдап, ортого тушо калды. Ата-энесин кочугуно жуккан боктой корбогон Кумарбек экоону эки жакка алып ыргытып, Бурулканды басып жыгылды да, колунун кычуусу канганча сабап ички уйго барып жатып алды. Мастык менен: "Сен мени шаардан келген досумдун алдында жер караттын" - , Болотбектин атын айтпай койгон эле.
Уч айдан ашык боюнда бар Бурулкандын боюнан козголуп,туну менен ичи ооруп, Чаектеги ооруканага кайын энеси туну менен кошунасын айдатып жеткирип, жаткызып коюп эртен менен уйуно келгенде, Кумарбек тоону томкоруп, ойду омкоруп салгансып али уктап жаткан эле. Кун тоонун устуно аркан бою которулгондо Кумарбек жыыркандан башын которуп:
- Бурулкан! - ддеп кыйкырды. Тамагы катып суусап калган эле. Энеси байкуш чуркап келип:
- Эмне болду? - деп сурады. Кумарбек конгон адаты менен:
- Мен сени чакырган жокмун. Бурулкан керек мага.
Бужуроп баласынан корккон эне:
- Ал больницага жатпадыбы. Уйдо жок.
Кумарбек тан калып, ордунан туруп башын чайкап:
- Эмнеге больницага жатты? Бир жери оорудубу?
- Койчу балам, кечинде озун катуу сабабадынбы. Боюнан козголуп, ичи ооруганынан туну менен Чаекке жеткизип, ооруканага жаткызып келдим. Абалы оор деди врач. ушул аракты эмнеге ичесин. Жакшы болуп онолуп калдын эле.
Курманбек эми гана тундогу окуяны эстеп:
- Апа, эмне врач Бурулкандын оорусу катуу деп айттыбы? - деп окунуп, козун алайта карады.
- Очун бардай сабасан, анан оорубай коет беле. Бети башынан тамтык жок. Олугун коройун, жанагы Райымкулдун Болотбек деген баласына Бурулкан эмне кылды? Сени жон эле Бурулкан атасын олтургонсуп тукурган го. Созго келбеген атан экообузду эки жакка алып ыргытып басып алып сабадын.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   talant.elmira   06 Апрель 2013 - 22:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эми гана бир баштан эстеген Кумарбек бекер куру насыска алдырганына окунуп жер карады. андан дагы жуз нанга заказ алганын эстеген Болотбекти жекире согуп алды. Буга чейин эле Жусуп аксакал Райымкулдун уйуно барып Болотбекти жектеп урушуп келген. Болотбек дагы Курманбектим жоругун угуп, эки жаштын ортосуна от коюп, ажыраштырганга туртку болгонуна абдан окунду. Андан дагы Жусуп аксакалдын "ичсен озун иче бербейсинби, бироонун жашоосуна кийгилишпей. Жаны гана Курманбектин чырынан кутулуп, эстуу келиндуу болуп, неберелуу болобуз деген кемпир экообуздун тилегибизди таш каптырдын" - дегенде Болотбекти куйбогон жери куйуп, уятынан аран турду, озун кармап. Корсо, адам баласын жаман жолго ундоо бат эле экен да. Аны жаман жолдон алып чыгуу азап экенин эми гана тушунду. Бурулкан торт айда айда адам сымал айбанды адам кылып келатканда бир гана ооз соз менен торт айлык эмгекти жууп салганы туурабы? Атасы да Болотбекти катыра сокту. "Сен шаардан бироонун уйбулосун бузайын деп келдин беле?! Билесин да, Кумарбектин кыял-жоругун" . Бу киши айткандай эле жаны эле адам болуп келатпады беле,- деп жакшы эле урушту. Кекиртек учун бейкут жашап жаткан уйбулого булук салган Болотбек айылда токтоп тура албай эле. Чогуу оскон досунун коп эле жаман жосундарына кубо болгонун эстегенде, мунун убагында ойлобогонуна окунду. Андан дагы ушул куну кечкиге Келдибек досу конокко чакырган эле, Курманбекти кошо аялы менен отко киргизгеним болсун деп айткан, созсуз келинчегинди ээрчитип кел деген. Эми баары тескерисинен чыкты да калды. Ал болсо даярданып аткан, конок камын коруп.

ХХХ

Медет Сабыр сынчыны айылына жеткизип келегнден кийин озуно жаккан сулуучумак келген ЖОЖдун 5-курсунда окуган Жамал деген кызды экинчи аял кылып алды. Бирок, нике кыйдырган жок. Албетте, бул Сабыр сынчыга коргозгон эмес болчу. Озунун конулуно жаккан учун алды. Уйундогулорго дагы билгизген жок. Жамал Чуйдун бир айылынан болот. Шаарда осуп, шарда чонойгон. Орус тили менен англис тилинде эркин суйлоп, озун дагы эркин алып жургонго конгон кыз эле. Бул кызды Медет коз менен гана суйонун кийин билди. Себеби, экоонун чогу жашаганы чынында Медетти материялдык жактан бир топ кысып жиберди. Институтта жакшы окуганы менен эрке, бардар уйдо чонойгондуктан сарамжалдоону билбей, бат эле Медеттин конулун оорутканга улгурду. Баарына чыдап жашй берет эле, эмнегедир акыркы убакта тартынбай чылым чегип, дос кыздары менен обу жок конок уюштуруп, билгенин жасаганга откону кыжырын келтирди. Медеттин койнуна жатып эле бергени болбосо, эч нерсеге жондомсуз болуп чыкты. Баарын текши сынай караган медет Жамалдан Бурулкан алда канча жогору экенин дароо байкады.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Ainus   07 Апрель 2013 - 00:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 28 Март 13
  • Соңку аракети: 18 Июн 2013 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Анан.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Miraida2012   07 Апрель 2013 - 00:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 06 Окт 2020 22:57
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысыыыыыыыыыыыы качан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   07 Апрель 2013 - 23:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Уландысы качан еми.жана жургонунузду коргон елем.жазып жатса керек деп чыгып кеткен елем.дагы деле жоксузго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   talant.elmira   08 Апрель 2013 - 02:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Коз алдына Бурулкан тартылып, анын "бекер табылган бир сомдон корк" деп айткан созун эстеди. "Медет байкенин акчасына эле тамак иче берсек болбойт" - деп Сабыр сынчыга айтканы эле атептуулуктун белгиси экенин ошондо эле байкараган. ал эми Медет Жамалды канча жолу ресторанга киргизди. Бир да жолу Бурулкан айткан создорду айткан жок ал. Тетирисинче, "толо" дегенсип, динкийип басып кеткени Медетти коп капа кылды. Кара топуракка осумдукко караганда, таштак жерде оскон осумдук сапаттуу болот деп айтылгандай, жаштайынан чыйрак оскон адамдын келечеги жакшы болорун Медет жашоо-турмуштан коп байкады. Кочук-башын томпойтуп, жарашыктуу кийинип, дайыма жйдары журсо эле Жамалды жакшы кыз деп ойлогон болчу. Конулу тушуп жактырып калганычы. аны менен уч ай жашабай жатып, андан озун оолак кармагысы келип, ар кандай шылтоо айтып ага коп жолобой калды. андан дагы анын чылым чеккенин коргондон бери конулу иренжип, сынчынын айткан созун эстеди. "Негизи эле аялзаты озунун сулуулугу менен эркекти бат багындырат. Бирок, анын былыгы кийин чыгат. Бекер айтылган эмес, "кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат" дегени.
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   talant.elmira   08 Апрель 2013 - 03:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Машинада женил музыка угуп олтуруп, лйго чогулгон Медет Сабыр сынчыга барып келууну ойлоду. Бул аялы тороп тушсо такыр эле мойнуна минип алчудай. Бир жолу так ушул Жамалдай болгон сулуу кызды сынчыга коргозгондо Сабыр сынчы ал кызды сынап берген.

- Бардар жердин кызы экен, кийингенине караганда. Эрке болуп чонойуптур. Эгер бул кызды алсан кийин сага тили тийип калат. Мындай кыздарга коп кызыга бербе. Бекер жеринен, "кыз-шайтан" деп айтылган эмес. Баарын тен ойло. Жаны буюм козго суйкумдуу корунот. Качан кызыгы тараганда, эгер ал кыздын адамдык сапаты жаман болсо сапатсыз буюмдай болуп калат. Калган созду озун тушундун, - деген маанилуу созун эстеди. "Кап бекер кылган экенмин. Жамалдын эмнесине кызыктым?... Сынчыга бир корсотуп койсом болмок экен, - деп, радионун унун басып, сынчыга барып келууну туура корду. Машинасын от алдырып, ойго чомулуп уйун коздой жоноду. Бирок, ага качан барат белгисиз.

ХХХ

Кун тободон ооп, бешим намаз окулуп бутконго чейин Кумарбек тошоктон турган жок. Озун-озу жемелеп, кулук ойлорундун кучагында башы ооруганча ойлонуп жатты. Конулу суз дагы канча убакыт жатат эле, эгер сырттан Кебелбек досу кирип келбегенде. Кара чий баркут шырмал башында солдаттын кок тумагы, согончогу жыртык байпакчан, узун бойлуу кара торусунан келген арыкчырай Келдибек кобуранып суйлоп, Кумарбек жаткан болмонун эшигин ачты.

- Эй, турбайсынбы? ! ушул убакка чейин ким жатат? Кечээ эмне деп соз бердин эле? Алмира аяшын катуу даярданып жатат.

Келдибекти коргондо гана кечээки суйлошкон создорду эстеп, ого бетер кабагы бурколду. Келдибек ансайын:

- Сен он беш лепешка нан салып берем деп убада бербедин беле? Сага ишенип боорсокту да аз жасап койду. И баса, кана Бурулкан?- Кумарбек тилин жутуп алган адамдай эч ун катпай, бироо жакадан алып муунткандай деми кыстыгып, аба жетишпегендей абалда калды. Уй карангы болуп, Бурулкандын баркын уйкудан ойгонуп эсине келгенде эле билген. Ал турсун Бурулканды суйоорун, ансыз жашоо кунурт экенин билип, башын чайкап алып, суроолу карап турган досуна конулсуз:

- Кечээ силер менен арак ичем деп, Болотбектин созуно кирип, куру намыска алдырып, аяшынды катуу сабап коюпмун. Боюнан козголуп, Чаекке ооруканага апам алып барып жаткызып келиптир.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   talant.elmira   08 Апрель 2013 - 03:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 661
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2015 18:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Турсунбектен дагы жуз нан заказ алгам. Эми ага эмне деп жооп берем?.. Баарынан да Бурулканга жаман болуптур. Эмнегедир Бурулкан жок уй карангы болуп, бул жерде тургум келбей атат. Ал турсун ажатканан да бара албай турам. Жон эле баары башкача болуп, бул жерде озгоруп кетчудой болуп атат. Эми эмне кылсам болот, акыл айтчы? Кечээ чогулткан акчанынын баарын чачтым. Мени эми Бурулкан кечирбейт го. Мен ага уйлонгондо эркекче соз бергем, экинчи арак ичпейм деп. ошондо берген убадамдан Болотбектин бир ооз созу кучтуу болуп кетпедиби. Кап, кечээ силерге жолукпаганымда баары башкача болбойт беле. Болотбекке жолутунбу?

- Жок. ага азыр сенден чыгып барайын дегем. Бекр болгон экен. Арактын арты ошол да. Элдин баары Бурулканды жакшы келин деп мактап атышты эле. Мейли, анда мен жылайын. Кечинде уйго кел, ошондо акылдашып, бир чечимге келели. Азыр экообуз эч нерсени чече албайбыз.

Кумарбек корс-корс жотолуп:

- Бир тамеки чектирип кетчи. Антпесен ойлонуп атып мээме кан куюлуп кетмей болду.

Келдибек тош чонтогунон чыпкасыз тамекисинен бирди сунду. Келдибек уйдон чыгып кеткенде Кумарбек тамекисинин тутунун асманга уйлоп, терезеде турган Бурулкандын жоолугун коруп, анын жаны келген кезин эстеп кетти. Бурулкандын "сенин ата-эненди сыйлап олтурам" деген созун эстеди. Апасы менен атасын аяп кетти. Элес-булас кечинде экоону эки жакка ыргытканын эстеди. Ушул убакта эшик кыйч эте ачылып, апасы кирип келди.

- Я,балам, озогун карайып кетти. Турсан боло. Картошка кууруп койдум. Тамак ичип алып жат кайра. Тиги ылдыйкы кочодо жашаган Турусбек келгенинен аялы ооруп, Чаекке кетти деп койдум. Андан жуз нанга заказ алдын беле?

Кумарбек бир топко унчукпай турду да, апасын аяп кетти.

- Азыр турам. Бара бериниз, - деп сылык суйлоп, ордунан туруп кийине баштады.

ХХХ

Бурулкан ооруканага оор келди. Дагы жакшы убагында келгени. Врачтар керектуу дарысын сайып, Кочкорго тез жардам машинасы менен алып кетишти. Дарынын кучу аз да болсо жардам берди. Бирок, Бурулкан догдурлардын созун угуп ушунчалык капа болду. "Боюнан алыш керек" деген соз кулагына жанырып туруп алды. Чаекке караганда шаарга жакын болгондуктанбы, Кочкордо шарт бар эле. Тез жардам машинасы Кочкорго келээри менен Бурулканды операцияга даярдашты. Эки кундон кийин гана козун ачкан Бурулкан эмне болуп отконун али эстей албай копко жатты. Качан гана Кумарбекти коргондо отконду бир баштан эстей баштады. Кумарбек жанына басып келип:

- Бурулкан сага эмне болду? Эсине келчи, - деди. Бурулкан бир нерсе айтайын деп барып, суйлой албай койду. Ал турсун Кумарбекти коргусу келбей, башын нары жакка буруп жаткан калыбында ыйлап жиберди. Бул убакта бети башынын шишиги, когу тарап калган болчу. "Адам итке тенелбей" дегендей, бир убакта ушул итке тенелбейинчи деп, башын бери буруп:

- Атам менен апамдар кандай жатышыт? Аларды урган жоксунбу? - деп сурады.

ушул айтылган соз Кумарбекке катуу тийди. "Ичинен озу аран жатса, апам менен атамды ойлоп журот. Ушул Бурулкан ойлогон ойду мен эмнеге ойлобойм" - деп ойлоп койду.


Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Miraida2012   08 Апрель 2013 - 11:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 10 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 06 Окт 2020 22:57
  • Жынысы:Аялзаты

Баарын еле жазып салсаныз соонун болмок...... Рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Ainus   08 Апрель 2013 - 13:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 28 Март 13
  • Соңку аракети: 18 Июн 2013 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Элмира баарын эле жазып койчу,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Azem2013   08 Апрель 2013 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 779
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 05 Июл 2020 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишkеk

Koп- koптoн эле жазгылачы cyраныч
Yй бyлooм- менин жашooм, kелечегим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   sasik   08 Апрель 2013 - 16:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 427
  • Катталган: 03 Апрель 13
  • Соңку аракети: 09 Май 2021 15:11
  • Жынысы:Аялзаты

Мына бутот деп жатса чыгарма такыр башкача болуп кеттиго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 02:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: