дагы жазышынды кутобуз
Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д
#62 17 Январь 2013 - 18:19
Маек.
-Э досум,көрүнбөйсүң? Кандай анан?
Ден соолук жайындабы?
Неге мынча өңүң азган?
-А ушу.Жазында карыз алгам...
Ошону төлөп жатам.
-Кыйналыпсың. Качан бүтөт?
Керектир балким жардам?
-Билбейм качан...Ээ тууган,карызга бакыт алгам
Проценти көп....Өлсөм эле кутулам.
-Кой досум,андай дебе!Баары оңолот!
Кудайдан күткүн жардам!
-А балким.Кыжыл болбо
Мен эбак көнүп калгам.....
-Э досум,көрүнбөйсүң? Кандай анан?
Ден соолук жайындабы?
Неге мынча өңүң азган?
-А ушу.Жазында карыз алгам...
Ошону төлөп жатам.
-Кыйналыпсың. Качан бүтөт?
Керектир балким жардам?
-Билбейм качан...Ээ тууган,карызга бакыт алгам
Проценти көп....Өлсөм эле кутулам.
-Кой досум,андай дебе!Баары оңолот!
Кудайдан күткүн жардам!
-А балким.Кыжыл болбо
Мен эбак көнүп калгам.....
#63 17 Январь 2013 - 18:28
Күндөрүм күндөрүмдүн копиясы
Чече албас арманымды
Дүйнөнүн мыкты деген олуясы....
Кун чыгат....кайра батат,
Жумуш-үй....арасында интернет
Болгону ушул СССРдин окуясы.
Күндөрүм күндөрүмдүн көчүрмөсү,
Эрте менен кандай болсо
Так ошондой кечиндеси.
Чийилген пластинкадай кайра-кайра кайталанган
Илгери кандай болсо
Так ошондой азыр деле эсимдесиң...
Чече албас арманымды
Дүйнөнүн мыкты деген олуясы....
Кун чыгат....кайра батат,
Жумуш-үй....арасында интернет
Болгону ушул СССРдин окуясы.
Күндөрүм күндөрүмдүн көчүрмөсү,
Эрте менен кандай болсо
Так ошондой кечиндеси.
Чийилген пластинкадай кайра-кайра кайталанган
Илгери кандай болсо
Так ошондой азыр деле эсимдесиң...
#64 05 Март 2013 - 03:01
маанилуу ырларекен,калеминиз колдон тушпосун.келечектеги Алыкулдар менен замандаш болуп жашап жургондойбуз.
..анан мактоолорду уга берип мардайып кетпениз ээ байке....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#66 02 Апрель 2013 - 12:58
кобураак жазганга убактыныз жокпу,,билесизби ар бир чыгарманызды канчалык куторубузду

#67 11 Апрель 2013 - 03:32
РАКМАТ--ЫРЛАРЫН менен кошо куздун саргайган жалбырактарына суктанып паркта кетип аткандай,Керемет аппак карды кычыратып басып,аппак тон кийген бакка сутанып тургандай,жаздын байчечекейлерин суктануу менен карап тургандай сезимде болдум.Жопжонокой жатык тил менен жазылган ырларындын ар бир сабын рахаттанып окудум.Коптон бери поэзиядан алыстап кеттим эле,жаш кезде издеп окуп талантарга баа берип дегендей азыр жакшы жазган жаштар бар бекен дээр элем.Бар экен,кыргызым бар демек азыркынын Алыкулу,Жусубу,
Жоомарты ,Жолону бар экен.Ракмат бар бол дайыма калемин колунан тушпосун,курчуса курчусун мокобосун.
#69 29 Апрель 2013 - 15:53
CCCР ага отчетту берип буткудой боло элек элениз, кайда эле кеттиниз...?
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#70 13 Май 2013 - 22:57
Бир күн келет...
Жан дүйнөгө тунжураган тынчтык келээр...
Жүрөгүмө шамал ойноп боштук келээр...
Акылым сезимимди тушап байлап
Бир кун келет
Көр түйшүктүн баарын жеңээр...
Бир кун келет...
Баардыгы жакшы болот
Бөксө аяктар мелт-калт болуп сууга толоор...
Арман...өксүк. ..муң кайгынын баарысы
Бир күн келет
Түп тамырдан жоголот...
Бир күн келет...
Айтылган сөздөр дагы унут калып
Айтылалек сөздөр чыкпас көөдөн жарып...
Өкүнүч эмне экени унутулуп
Бир күн келет....
Таңдай таза,күндөй жарык...
Бир күн келет...
Жай саратан кышка айланаар...
Жашыл көктөм жашын төгүп күзгө айланаар...
Мейкиндик,мезгил деген түшүнүктөр
Бир күн келет..
Жоготуп өз маңызын чанга айланаар...
Бир күн келет...
Кадимкидей жадырап кун да чыгаар
Өз нугунан өзгөрбөстөн агып суулар...
Унутуп бул жалгандын оош-кыйышын
Бир күн келет...
Жыргап сезим чер жазылаар...
Бир күн келет....
Денени ээлеп жыргал магдыраткан
Ой тунарып мас немедей шалдыраткан. ..
Карегимдин бал-бал жанган оту өчөөр
Бир күн келет...
Чыкпас күндөй акыркы батып жаткан
Бир күн келет...
Эрте-кечпи,бүтөт баары...
Учуп барып сиңип кетем
Жылдыздарга асмандагы...
Бир күн келет...
бүтөт баары...бүтөт баары...
Жан дүйнөгө тунжураган тынчтык келээр...
Жүрөгүмө шамал ойноп боштук келээр...
Акылым сезимимди тушап байлап
Бир кун келет
Көр түйшүктүн баарын жеңээр...
Бир кун келет...
Баардыгы жакшы болот
Бөксө аяктар мелт-калт болуп сууга толоор...
Арман...өксүк. ..муң кайгынын баарысы
Бир күн келет
Түп тамырдан жоголот...
Бир күн келет...
Айтылган сөздөр дагы унут калып
Айтылалек сөздөр чыкпас көөдөн жарып...
Өкүнүч эмне экени унутулуп
Бир күн келет....
Таңдай таза,күндөй жарык...
Бир күн келет...
Жай саратан кышка айланаар...
Жашыл көктөм жашын төгүп күзгө айланаар...
Мейкиндик,мезгил деген түшүнүктөр
Бир күн келет..
Жоготуп өз маңызын чанга айланаар...
Бир күн келет...
Кадимкидей жадырап кун да чыгаар
Өз нугунан өзгөрбөстөн агып суулар...
Унутуп бул жалгандын оош-кыйышын
Бир күн келет...
Жыргап сезим чер жазылаар...
Бир күн келет....
Денени ээлеп жыргал магдыраткан
Ой тунарып мас немедей шалдыраткан. ..
Карегимдин бал-бал жанган оту өчөөр
Бир күн келет...
Чыкпас күндөй акыркы батып жаткан
Бир күн келет...
Эрте-кечпи,бүтөт баары...
Учуп барып сиңип кетем
Жылдыздарга асмандагы...
Бир күн келет...
бүтөт баары...бүтөт баары...
#71 13 Май 2013 - 23:05
Туңгуюк...кайда барба туңгуюк...
Жандүйнөм ачка калган иттей улуп....
Жүрөгүм жапжаш туруп карып барат
Кара таардай эскирген жүз жыртылып...
Ойлор...ойлор. ..баары жаман,баары бузук...
Үмүттүн үзүлгөнү,багыттын бузулганы
А балким ушул менен жашоо кызык?
Кызыгы ушул болсо турмушумдун
Анда мен бул турмуштун өзүн урдум....
Кол шилтеп баардыгына
Алыска кетким келет
Кучактап жашыл чөптү
Көз жашым төккүм келет...
Туш кылган ушул күнгө тагдырды сөккүм келет,
Айла жок кете албайм...көп ишти башташ керек
Тагдырдын сыноосунан жүз буруп качпаш керек...
Сезимди даңазалап
Ырымдын саптарында түбөлүк жашаш керек...
Жандүйнөм ачка калган иттей улуп....
Жүрөгүм жапжаш туруп карып барат
Кара таардай эскирген жүз жыртылып...
Ойлор...ойлор. ..баары жаман,баары бузук...
Үмүттүн үзүлгөнү,багыттын бузулганы
А балким ушул менен жашоо кызык?
Кызыгы ушул болсо турмушумдун
Анда мен бул турмуштун өзүн урдум....
Кол шилтеп баардыгына
Алыска кетким келет
Кучактап жашыл чөптү
Көз жашым төккүм келет...
Туш кылган ушул күнгө тагдырды сөккүм келет,
Айла жок кете албайм...көп ишти башташ керек
Тагдырдын сыноосунан жүз буруп качпаш керек...
Сезимди даңазалап
Ырымдын саптарында түбөлүк жашаш керек...
#72 13 Май 2013 - 23:06
Туңгуюк...кайда барба туңгуюк...
Жандүйнөм ачка калган иттей улуп....
Жүрөгүм жапжаш туруп карып барат
Кара таардай эскирген жүз жыртылып...
Ойлор...ойлор. ..баары жаман,баары бузук...
Үмүттүн үзүлгөнү,багыттын бузулганы
А балким ушул менен жашоо кызык?
Кызыгы ушул болсо турмушумдун
Анда мен бул турмуштун өзүн урдум....
Кол шилтеп баардыгына
Алыска кетким келет
Кучактап жашыл чөптү
Көз жашым төккүм келет...
Туш кылган ушул күнгө тагдырды сөккүм келет,
Айла жок кете албайм...көп ишти башташ керек
Тагдырдын сыноосунан жүз буруп качпаш керек...
Сезимди даңазалап
Ырымдын саптарында түбөлүк жашаш керек...
Жандүйнөм ачка калган иттей улуп....
Жүрөгүм жапжаш туруп карып барат
Кара таардай эскирген жүз жыртылып...
Ойлор...ойлор. ..баары жаман,баары бузук...
Үмүттүн үзүлгөнү,багыттын бузулганы
А балким ушул менен жашоо кызык?
Кызыгы ушул болсо турмушумдун
Анда мен бул турмуштун өзүн урдум....
Кол шилтеп баардыгына
Алыска кетким келет
Кучактап жашыл чөптү
Көз жашым төккүм келет...
Туш кылган ушул күнгө тагдырды сөккүм келет,
Айла жок кете албайм...көп ишти башташ керек
Тагдырдын сыноосунан жүз буруп качпаш керек...
Сезимди даңазалап
Ырымдын саптарында түбөлүк жашаш керек...
#73 14 Май 2013 - 08:03
Унутам деп
Өзүмдү өзүм кыйнасам да
Сезимдин арканынан
Жулунуп туйласам да.....
Шамалдан күп жыгылган
Теректей куласам да.....
Жүрөктү эзип санаа
Көөдөндө арман гана....
Туруштук бералбадым
Туңгуюк...сүйүү деген каргашага...
Акым жок сагынууга
Акым жок таарынууга
Күнөөнүн баары менде
Туш болдум жаңылууга...
Жаңылгым келбей турат
Турмуштан да бир жолу
Кыңшылап итчесинен
Ыссыктан күйгөн оозу....
Өзүмдү өзүм кыйнасам да
Сезимдин арканынан
Жулунуп туйласам да.....
Шамалдан күп жыгылган
Теректей куласам да.....
Жүрөктү эзип санаа
Көөдөндө арман гана....
Туруштук бералбадым
Туңгуюк...сүйүү деген каргашага...
Акым жок сагынууга
Акым жок таарынууга
Күнөөнүн баары менде
Туш болдум жаңылууга...
Жаңылгым келбей турат
Турмуштан да бир жолу
Кыңшылап итчесинен
Ыссыктан күйгөн оозу....
#74 14 Май 2013 - 08:06
Күлкү деген эмне экенин унуттум
Издери көп эрте түшкөн бырыштын,
Тагдырым тажаан белең
Эмне мынча зыкымданып тырыштың.
Мейкиндикте сиңип кетип жок боломбу
Жел айдаган үзүгүндөй булуттун?
Апам мага жеме аралаш күбүрөнөт:
"Кайда дагы? Жылуу кийин!Эшикте суук..."
Эхх деймин ичимден тил күрмөлө
Азыр менин жүрөгүмдө он эсе суук.
Издери көп эрте түшкөн бырыштын,
Тагдырым тажаан белең
Эмне мынча зыкымданып тырыштың.
Мейкиндикте сиңип кетип жок боломбу
Жел айдаган үзүгүндөй булуттун?
Апам мага жеме аралаш күбүрөнөт:
"Кайда дагы? Жылуу кийин!Эшикте суук..."
Эхх деймин ичимден тил күрмөлө
Азыр менин жүрөгүмдө он эсе суук.
#75 17 Май 2013 - 18:38
Эл адамы болуш кыйын,
аны билин
Ырлардан коп-коп кылып,
тез-тез илин
Антпесе бул жактагы наркомандар
Ломкасы кармап калат
Жакшы ыр окуй албай,
Моокумун кандыра албай
Бир шингил куюлушкан ыр таба албай
....
Талантты жашырганда эмне пайда
Ташкындап агып турса кайра-кайра
Окуп жатып ырларыныз... капа болдум
Жыл айлантып ыр жазбай калганына... .....
аны билин
Ырлардан коп-коп кылып,
тез-тез илин
Антпесе бул жактагы наркомандар
Ломкасы кармап калат
Жакшы ыр окуй албай,
Моокумун кандыра албай
Бир шингил куюлушкан ыр таба албай
....
Талантты жашырганда эмне пайда
Ташкындап агып турса кайра-кайра
Окуп жатып ырларыныз... капа болдум
Жыл айлантып ыр жазбай калганына... .....
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#76 22 Май 2013 - 06:50
Жашагым келет,милдеттүү жүрөк согууга
Умтулгум келет бактылуу адам болууга.....
Жүрөгүм укпай ченелүү акыл-эсимди
Көгөрүп болбой....өз арбайын согууда...
Жардам бер мага,күч-кубат Кудай аяба
Багынтып аны,кол-буттан тушап жыгууга...
Умтулгум келет бактылуу адам болууга.....
Жүрөгүм укпай ченелүү акыл-эсимди
Көгөрүп болбой....өз арбайын согууда...
Жардам бер мага,күч-кубат Кудай аяба
Багынтып аны,кол-буттан тушап жыгууга...
#77 22 Май 2013 - 06:54
Жаңырган ай....мештен түтүн созулат
Кырч-кырч этип бут алдымдан
Кардын үнү угулат....
Калың жааган кардан сынган алсыз дарак
Майышып ичтен гана улутунат....
Көп айтчусун-" кандай гана романтика!
Жагат кыш" деп...
"Кар жааганда жетелеше басабыз" деп...
Сүттөй аппак мелтиреген айланага
Кардай таза сүйүүбүздү айтабыз деп....
Карды кечип кыялдарга баталбадык
Кар урушуп...кардан киши жасабадык...
Кычырата карды басып жүрөм жалгыз
Бул жашоонун кай жеринен жаза бастык......???
Кырч-кырч этип бут алдымдан
Кардын үнү угулат....
Калың жааган кардан сынган алсыз дарак
Майышып ичтен гана улутунат....
Көп айтчусун-" кандай гана романтика!
Жагат кыш" деп...
"Кар жааганда жетелеше басабыз" деп...
Сүттөй аппак мелтиреген айланага
Кардай таза сүйүүбүздү айтабыз деп....
Карды кечип кыялдарга баталбадык
Кар урушуп...кардан киши жасабадык...
Кычырата карды басып жүрөм жалгыз
Бул жашоонун кай жеринен жаза бастык......???
#78 22 Май 2013 - 07:03
"Башты көтөр...тагдырга тике кара!
Эркексиңби? Эмне мынча бошошосуң?"
Бооруң ооруп мени аяп турсаң дагы
Ичиңден сөккөндүрсүң эх досум...
"Мен -күчтүүмүн,мен күчтүүмүн"
Ичимден миң кайталап айтсам дагы
Кетпей турат көөдөнүмдөн
Кайгы-муңдун куйук даамы...
Өтөөр күндөр,жылдар, кылымдар
Үшүп калган жүрөк бир күн жылынаар...
А бирок,караңгы түн түштөрүмдө
Алсыз жүрөк сагынычтан буулугар...
Жер карап баш көтөрбөй араң басам
Эл жок бир ээн жактарды көздөй шашам
Жүрөгүм сокпой токтоп калаары чын
Кокустан карааныңды көрүп калсам.
Эркексиңби? Эмне мынча бошошосуң?"
Бооруң ооруп мени аяп турсаң дагы
Ичиңден сөккөндүрсүң эх досум...
"Мен -күчтүүмүн,мен күчтүүмүн"
Ичимден миң кайталап айтсам дагы
Кетпей турат көөдөнүмдөн
Кайгы-муңдун куйук даамы...
Өтөөр күндөр,жылдар, кылымдар
Үшүп калган жүрөк бир күн жылынаар...
А бирок,караңгы түн түштөрүмдө
Алсыз жүрөк сагынычтан буулугар...
Жер карап баш көтөрбөй араң басам
Эл жок бир ээн жактарды көздөй шашам
Жүрөгүм сокпой токтоп калаары чын
Кокустан карааныңды көрүп калсам.
#79 28 Май 2013 - 18:25
Улуу сүйүүгө жараган жүрөк
Улуу күйүттү да көтөрө билет...
Болгону ызаны ичке жутуп
Тишти кашкайта күлүп
Өзүмдү өзүм алдоом керек...
Өзгөнү алдоо мен үчүн тыйын
А бирок,
өзүңдү алдоо мынчалык кыйын...
Мунун баары өтөт кетет
Орду алмашат...бир күн өтсө
Ордуна башка келет...
А бирок чогуу өткөргөн көз ирмемдер
Арга жок...жүрөк эзип түшкө кирет....
Унутулат анын баары
жакшысы да жаманы
Шексиз бирок
жүрөгүмдө өчпөс болуп калаары
Сүйүүмдү унутсам да
жүрөктөн ыргытсам да
Өзүңду унуталбайм
болсо да жакшы баары....
башыңды урсаң да ташка
көкүрөк жуулса да жашка
аттиңай..турмуштун логикасы
такыр башка...такыр башка...
Улуу күйүттү да көтөрө билет...
Болгону ызаны ичке жутуп
Тишти кашкайта күлүп
Өзүмдү өзүм алдоом керек...
Өзгөнү алдоо мен үчүн тыйын
А бирок,
өзүңдү алдоо мынчалык кыйын...
Мунун баары өтөт кетет
Орду алмашат...бир күн өтсө
Ордуна башка келет...
А бирок чогуу өткөргөн көз ирмемдер
Арга жок...жүрөк эзип түшкө кирет....
Унутулат анын баары
жакшысы да жаманы
Шексиз бирок
жүрөгүмдө өчпөс болуп калаары
Сүйүүмдү унутсам да
жүрөктөн ыргытсам да
Өзүңду унуталбайм
болсо да жакшы баары....
башыңды урсаң да ташка
көкүрөк жуулса да жашка
аттиңай..турмуштун логикасы
такыр башка...такыр башка...
#80 30 Май 2013 - 10:11
Унутамын анын баарын,бой-келбетин,
басканын
Элесимден кууп чыгам желге ойногон чачтарын
Аягы жок сүйүүлөрдөн мен ушунча чарчадым
Мына эми ал да башка...мен да такыр башкамын.
Бул жашоодо жолукпаган биз бейтааныш чоочунбуз
Сүйүү деген мешке күйүп,күлгө айланган отунбуз...
Элесимден кууп чыгам желге ойногон чачтарын
Аягы жок сүйүүлөрдөн мен ушунча чарчадым
Мына эми ал да башка...мен да такыр башкамын.
Бул жашоодо жолукпаган биз бейтааныш чоочунбуз
Сүйүү деген мешке күйүп,күлгө айланган отунбуз...
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 30 Май 2013 - 10:12