Суперстан: Аял сыры, махабат, кайгы, сана, арман. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аял сыры, махабат, кайгы, сана, арман. Бактысыз жашоо жана бактылуу көз ирмем.

#41 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 22:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Эрин издеп барууга өзүн бир жумадай даярдады. Аны кайдан табаарын жүрөгү сезгенсийт. Мурдагы үй-бүлөсүнө кетсе керек деп божомолдойт. Акыры бир күнү жолго чыкты. Ошол күнү таң заарлап турса да шашкеге чейин камылга көрдү. Кийгенге көйнөктөрүнүн улам бирин тандап жатып үй толо чачылган. Аларды жыйнаганга чамасы жок, аттап-буттап араң басып жүрөт. Той-ашка кие турган сайма жакалуу ак көйнөгүн араң тандады. Бул күйөөсүнүн алгачкы белеги эле. Баш коштук деп жакшы санаалаштарын чакырып, ак никеге турган күнү кийип олтурган. Нике көйнөгү болуп калганы үчүнбү көзүнө ысык көрүнөт. Аны өзгөчө учурларда гана кастарлап кийүүчү. Бүгүн негедир ошол көйнөккө көңүлү чапты. Кийинип жатып ичин бир нече жолу сылагылап алды. Күйөөсүнө бетине тутуп бара турган эң кымбат белеги ушул. Өңү-башын түзөш үчүн күзгүнү караса көздөрү мээримге толуп жалжылдап туруптур. Көптөн бери өзүнө минтип суктана элек эле. Чырайына чыгып, күлмүңдөгөн жүзү өзүнө да жагып күзгүдөн ажырай албай турду. Боюнда бар экенин күйөөсү барында билсечи, аттиң!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 22:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Эшикти баягы кыз ачты. Бою узарып, өңү жышылып, чоңоюп калыптыр. Атасыныкына окшош бакырайган сергек көздөрү аялды көргөндө чочугандай төптөгөрөк болуп тоңо түштү. Экөө тең бул жолугушуудан ооздорунан сөздөрү түшүп селейип туруп калышты. Кыз уясын коргогон жырткычтай бүт денеси менен түйүлүп, ирмелбеген муз көздөрү «кет, жогол» деп кубалап жатты. Жетерине жек көргөн, таш бараңга алган көздөр аялдын тилин байлап, денесин шал кылып таштады. Же күйөөсүн сурай албай, же артка кайтууга буттары шилтенбей экөө кыйлага тирешип турушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 22:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Баятан бери бака-шака угулган каалгасы ачык бөлмөдөн «Ким экен?» деген аялдын үнү чыкты. Кыз жооп берген жок. Көздөрүн ирмесе эле аял үйлөрүнө жулунуп кирип келчүдөй муз тоңгон каректери менен төштөн түртө тикирейет. Кыздын үндөбөгөнүнө таң калдыбы узун жибек халат кийген аял бөлмөдөн баш бакты. Эми эле жыргап күлүп жаткан окшойт, жүзүнөн жылмаюусу өчпөй туруп «Ким бул?» – деп дагы сурады. Анан эшик алдында турган аялды көргөндө дароо өңү өзгөрүп кумсара түштү. Абаны аптыга жутуп алып, анын гана келип турушун күтүп тургандай кебелбей утурлап басты. Жүзү кубаңдап, колдору шымаланып, ызырынып келатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   mamalak94   14 Апрель 2013 - 22:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ошондо гана аял күндөшүн зорго тааныды. Мурдагы көргөн жүдөңкү улгайган жубан жок. Сындуу денеси жибек халат ичинде суналып, каратору жүзү маңкайып өңдөнүп калыптыр. Жаңыланып келген таалай, сүйгүнчүк болуу гана ушинтип ургаачынын ажарын ачып ачып ийерин аял өзүнөн улам жакшы билчү. Ал да экинчи күйөөсүнө тийгенде көргөн жан суктанарлык болуп иреңине чыга түшкөн. Күндөшү анын бетинен жулуп алаардай атырылып:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   nuraika_kg   16 Апрель 2013 - 02:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 20 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Июл 2013 05:08

Уландысын кутуп калабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   mamalak94   16 Апрель 2013 - 17:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

– Эмне керек сага?!

– Эч нерсе, – деди аял таң калаарлык жумшактык менен.

Мындай токтоолук ага жакындан бери эле пайда болду. Балалуу болорун билгенден бери өмүр бою суусап келаткан чаңкоосу басылгандай жаны жай ала түшкөн. Өзүн жеп жиберчүдөй болуп заарын чачкан күндөшү да анын магдыраган сезимин өзгөртө алган жок. Бирок андан өзүнүн сырын кызганып турду. Келген жөн-жайын айтып, күйөөсүн сурагысы келген жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   mamalak94   16 Апрель 2013 - 17:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

– Жөн эле… – деп дагы бир жолу ойлуу кайталады да, кете берейин деп калды. Ушул убакта ачык бөлмөдөн мойнуна төрт-беш жашар эркек баланы мингизип алган эркек чыга келди. Ал аялдын күйөөсү эле. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Аял башына чапкандай шарт артына бурулду. Бөтөн үйдө бөтөн баланы эркелетип жүргөн эрин көргөндөн кийин ага өз жаңылыгын билдирүүнүн кажети жок экенин жүрөгү туйду. Эркек тун баланын кубанычын эчак эле өз башынан өткөргөн эмеспи. Эми ага балалуу болуу көксөгөн кубаныч эмес. Аял бул бактысы бир гана өзүнө таандык экенин түшүндү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   mamalak94   16 Апрель 2013 - 17:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Тепкичтерде тез-тез басып түшүп бараткан аялдын артынан күндөшүнүн заар кыйкырыгы кууп жетти:

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, бети жок! Дагы уялбай келгенин карасаң! Сен эми кимге керексиң, куу баш ######!

Аял бул кордоого арданган жок. Кайра өз бактысын, уясын коргоп жан талашкан күндөшүн деги эле бардык аял аттууларды аяп баратты. Байкуш ургаачылар… Бардыгыбыз тең сүйгүбүз, сүйүктүү болгубуз келет. Бардыгыбыздын бактыбыз да, шорубуз да бирдей. Бешенеге буюрбаган бакытты бири-бирибизден талашып тартып алгыбыз келет. Бири-бирибиздин кешигибизге кол салуудан кайра тартпайбыз. Ошол бизди талаштырган, тажаал кылган, сулуу кылган, суусаттырган сүйүү менен аялзатын мынчалык ажырагыс кылып жаратып койду экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   mamalak94   16 Апрель 2013 - 17:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ушинтип өзүнчө жүрөгү ооруп, тынымсыз күбүрөп сүйлөнгөн аял көөдөнү, муздап чыйрыга баштаганда гана жол боюндагы олтургучтардын бирине жетип олтурду. Катуу чыңалып бошошкон денеси шалдырай түшүптүр. Кеч күздүн ичиркенткен ызгаары аралаш күүгүм кирип келатты. Жол ээндеп, анда анда-санда гана тиричиликтин көйгөйү кубалаган адамдар шашып өтүшөт. Алардын ичинен көзүнө бир гана аял аттуулар урунат. Кимисин көрсө да жүрөгү эзиле аяп, «бечаралар» деп коюп жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   mamalak94   16 Апрель 2013 - 17:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 12 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Июн 2013 03:17

Ушул учурда ичинен оң тарабы капыстан бүлкүлдөп сокту. Чочуп кеткен аял ошол тушту алакандары менен баса койду. Курсагы дагы бүлкүлдөп, бир нерсе копшолуп кыймылдагансыды. Аял ал эмне экенин эми түшүндү. «Балам…-деди эт жүрөгү элжиреп–Менин балам… мен эми жалгыз эмесмин. Сен барсың. Биз эми экөөбүзбүз…»
Ушинтип таттуу шыбырап, жүрөгү жибип, бактылуу жылмайганын өзү сезген жок.

Аягы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   belka   12 Февраль 2016 - 08:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ото таасирдуу экен,куйоолорубузду кечигип келген суйуудон сакта .
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 17:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: