Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#1141 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 19:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 19:03) жазган:

Сен эмне жалган айтып жатасын?


биринчиден, сен деп тарбия көрбөгөн немедей жазганынызга жол болсун, кай жерден калп айтып жатканымды тактап койосузбу? дагы ушуга улай сиз христиандардын кайсы фыркасындасыз ( баптист, жакаба, православие, адвентист ж.б)
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1142 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 19:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Анан Иуданын окуясы менен Библияны каралаганга жан үрөп жатасыз. Анда Кудайдын кандай чындыктары камтылганын чындыкты сүйүп, чындап чындыкты издеген адамдарга Кудай ачып берет. Ошону силер көрбөй жатасыңар. Көрчүлөр да бар, ошондуктан кыскача жаза кетейин:

Жүйүт(Иуда) Жакыптын ысрайыл эли тараган он эки уулунун бири. Анын башка бир туугандарынан айырмаланган вазипасы бар эле. Келечекте бүтүндөй күнөөнүн кунун төлөөчү Машайак мына ушул Жүйүттүн тукумунан чыгышы керек эле. Ошондуктан ал адамдык табиятынын күнөөлөрүнөн тазаланышы үчүн, адамдык табиятын аңдап түшүнүшү үчүн көптөгөн кыйынчылыктар башына түштү. Атасынын сүймөнчүгү болгон Жусупту көрө алышпай, бир туугандары аны араптарга сатып жиберишет да, жырткыч жара тартып кетиптир деп, бир жаныбардын канына кийимин боёшот да, атасы Жакыпка алып барып беришет.

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1143 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 20:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 19:58) жазган:

Анан Иуданын окуясы менен Библияны каралаганга жан үрөп жатасыз. Анда Кудайдын кандай чындыктары камтылганын чындыкты сүйүп, чындап чындыкты издеген адамдарга Кудай ачып берет. Ошону силер көрбөй жатасыңар. Көрчүлөр да бар, ошондуктан кыскача жаза кетейин:

Жүйүт(Иуда) Жакыптын ысрайыл эли тараган он эки уулунун бири. Анын башка бир туугандарынан айырмаланган вазипасы бар эле. Келечекте бүтүндөй күнөөнүн кунун төлөөчү Машайак мына ушул Жүйүттүн тукумунан чыгышы керек эле. Ошондуктан ал адамдык табиятынын күнөөлөрүнөн тазаланышы үчүн, адамдык табиятын аңдап түшүнүшү үчүн көптөгөн кыйынчылыктар башына түштү. Атасынын сүймөнчүгү болгон Жусупту көрө алышпай, бир туугандары аны араптарга сатып жиберишет да, жырткыч жара тартып кетиптир деп, бир жаныбардын канына кийимин боёшот да, атасы Жакыпка алып барып беришет.

Уландысы бар.


анан ошол Иуда өз келини менен зынаа кылып, анан келини экенин андап калгандан кийин ал келинин өртөп салгысы келгендиги жөнундө сөз кыла кетпейсизби, менин билишимче Иуда өз келини Фамарь менен зынаа кылат, аны тааныбай калып азыркы тил менен алганда проститутка деп кабыл алып ( Кудайдын пайгамбары проституткалап жүрөт библияда) , мени кызыктырганы кайнатасы катнаашып жатып өз келинин кантип тааныбай калды экен? Анан өзу тааныбай жатып алып ал шоордуну неге өртөп салганга аракет кылды экен?

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 16 Апрель 2013 - 20:13

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1144 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 20:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 20:21) жазган:

Сен токтоно албайтасынбы? Бир жазганыңды кечке жазып. Сабыр кыла турсаң кичине, билип-билбей, аңды-дөңдү карабай эле урдура бербей ))))


дагы сиздин библиядан мындай Кудайдын өкүмүн таап алдым
Итак, убейте всех детей мужеского пола, и всех женщин, познавших мужа на мужеском ложе, убейте; А всех детей женского пола, которые не познали мужеского ложа, оставьте в живых для себя. - Моисей (Библия, Числа 31:17-18)
Кудай Муса пайгамбарга минтип жатат библия боюнча, эркек балдардын баарын өлтүргүлө, эрге тийген айалдын баарын кыргып жок кылгыла, ал эми бойго жете элек, секелек кыздарды болсо айалдыкка алгыла деп. Бул библиядагы Кудайдын өкүмү, ушуну окуп алып католиктин падрэлери жаш балдар менен зынаа кылып жаткан жокпу?

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 16 Апрель 2013 - 20:30

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1145 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 20:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 20:21) жазган:

Сен токтоно албайтасынбы? Бир жазганыңды кечке жазып. Сабыр кыла турсаң кичине, билип-билбей, аңды-дөңдү карабай эле урдура бербей ))))


чынында токтоно албай калдым окшойт
Лот вышел к ним ко входу, и запер за собою дверь, и сказал: братья мои, не делайте зла; вот у меня две дочери, которые не познали мужа; лучше я выведу их к вам, делайте с ними, что вам угодно... (Библия, Бытие 19:6-8)
Бул жерде Лут пайгамбар жөнүндө сөз болуп жатат библияда, котормосу мындай болот го дейм
Лут аларды тозуп эшке чыгып, эшикти бекитип аларга мындай деди: ОО туугандар, жамандык кылбагыла, мына менин эки кызым бар күйөөгө тийе элек, мен ошолорду силерге салып берейин, алар менен каалаган нерселеринерди жасагыла.
Бул эмнеси пайгамбар өз кыздарын "толпа" эркекке салып берип жатканы?

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 16 Апрель 2013 - 20:38

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1146 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 20:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбыздын канын төгүп, өлүгүн жашырып салгандан эмне пайда?
27Жүргүлө, аны Ысмайыл уулдарына сатып жиберели, колубуз да булганбайт, анткени ал биздин бир тууганыбыз, каныбыз бир», – деди. Бир туугандары анын тилин алышты.


Бир тууганын сатып жиберели деген ушул Жүйүт болчу.

1Ошол убакта Жүйүт өз бир туугандарынан бөлүнүп кетип, адуламдык Хира деген кишинин жанына отурукташты.

Бир туугандарынан бөлүнүп кетүүгө эмне себеп болду экен? Алар менен биргелешип кылган күнөө эмеспи? Жүрөгүндөгү күнөөнүн оордугу күнөөгө шериктеш бир туугандарынан алыстап, "таза" жашоону баштаганда жеңилдээр деген үмүт болгондур. Анын бир тууганы Жусупка каршы кылган күнөөсү эки ийинден ныгырып басып турса керек. Буга бир эле Жүйүт эмес, улуу агасы Рубеинден (ал каршы болуп, Жусупту бир туугандарынан куткарууга аракет кылган) башкасы баары күнөөлүү болчу. Керек болсо Жүйүт ал бир туугандарына караганда Жусупка жакшылык кылган да, өлтүрбөй аман алып калып, соодагерлерге сатып жиберүүнү сунуш кылган. Ал го ал, атасынын ыйычы! Ошонун баары эсинде, бир туугандарына айтып, атасына Жусуптун тирүү экендигин айтып, күнөөлөрүн моюндарына алса кандай болот эле? Мына ушундай ойлорго баткандыр. Бир туугандары эмне дешет эле? Жусупту өлтүргөндөн кайра тартпаган бир туугандары Жүйүттү деле өлтүрүп коюшсачы? Балким алар менен андан ары бир тура албай калганынын себеби ушул болуп жүрбөсүн?

Уландысы бар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1147 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жүйүт өлүмдөн да тайсалдады, атасына барып күнөөсүн мойнуна алгандан да тайсалдады. Кылынган күнөөнү мен кылдым деш, оо, үйрөнө элек кишиге өтө кыйын нерсе. Бирок Жүйүт мына ошого жетишиши керек эле. Кудай алдында тазаруу жолу жалгыз ошол болчу да... Бирок анте албады, жөн гана алыстап кеткиси келди, алыстап кетти. Эми жашоосу тынчыраак болор...
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1148 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 21:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жүйүт ал жерден канаандык Шуа деген кишинин кызын көрдү. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.
3Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын Эйир койду.
4Дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Анын атын Онан койду.
5Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жүйүт Хезипте болчу.
6Анан Жүйүт тун уулу Эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.
7Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтүрүп салды.
8Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».
9Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.
10Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.


Эми жашоосу тынчыраак болор дебеди беле... Андай болбоду. Тун уулунан ажырады, ажыраганда да туяксыз ажырады. Жаш жесири жалооруп, томсоруп калды. Байкуш келдинди кичүү уулуна алып берип, тунунун тукумун уласачы...
Атасына баш ийкеген болуп, бирок агасынын тукумун улагысы келбеген Онан бул никени дене кумары катары гана көрдү. Ошону менен ал да өлүп тынды. Жүйүт экинчи уулунан да ажырады. Бул эмнеси? Баягы күнөөсү үчүнбү? Ушул жүрөк өйүгөн суук ойду жолотпой эле койсунчу, тынчын алып бүттү. Ай ушу Тамарда бир мандем бар окшойт, ооба, ушул ой жагып турат. Өз күнөөсүн мойнуна алгандан көрө, башкадан көргөн жеңил эмеспи. Оор кайгыдан мөгдөгөндүр байкуш келин. Кандай каражолтой элем деп өзүн жектегендир. .. Аны кичүү уулум жетилгиче үйүңдө болуп тур деди.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 16 Апрель 2013 - 21:57

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1149 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 21:10) жазган:

Жүйүт ал жерден канаандык Шуа деген кишинин кызын көрдү. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.
3Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын Эйир койду.
4Дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Анын атын Онан койду.
5Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жүйүт Хезипте болчу.
6Анан Жүйүт тун уулу Эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.
7Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтүрүп салды.
8Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».
9Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.
10Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.


Эми жашоосу тынчыраак болор дебеди беле... Андай болбоду. Тун уулунан ажырады, ажыраганда да туяксыз ажырады. Жаш жесири жалооруп, томсоруп калды. Байкуш келдинди кичүү уулуна алып берип, тунунун тукумун уласачы...
Атасына баш ийкеген болуп, бирок агасынын тукумун улагысы келбеген Онан бул никени дене кумары катары гана көрдү. Ошону менен ал да өлүп тынды. Жүйүт экинчи уулунан да ажырады. Бул эмнеси? Баягы күнөөсү үчүнбү? Ушул жүрөк өйүгөн суук ойду жолотпой эле койсунчу, тынчын алып бүттү. Ай ушу Тамарда бир мандем бар окшойт, ооба, ушул ой жагып турат. Өз күнөөсүн мойнуна алгандан көрө, башкадан көргөн жеңил эмеспи. Оор кайгыдан мөгдөгөндүр байкуш келин. Кандай карасанатай элем деп өзүн жектегендир. .. Аны кичүү уулум жетилгиче үйүңдө болуп тур деди.


8Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».
9Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.
10Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.


Бечара Онан тукуму өзунүку болбосун билип, бир тууганынын тукумун улагысы келбей, өз тукумун улагысы келди да, уругун жерге агызып салса Кудай аны өлтүрүп салды, эмнеге?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1150 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 21:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жүйүттүн жашоосундагы кайгы ошону менен токтогон жок.

Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жүйүттүн аялы өлдү.


Эки уулунан, акырында аялынан да ажырады Жүйүт.

Жүйүт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзү менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.
13Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.
14Тамар үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, чүмбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, Эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзүнүн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдү.


«Ал да улуу агаларындай болуп өлүп калбасын»
деген кайнатасынын кооптонуусун билгендей болуп иш кылган экен, кызык. Балким көкүрөгү туйган бейм, күнөө менде болсо анда өзүң көр дегени бекен?

15Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду (Дауд, эч кандай келини менен жаткысы келбей эле). Анткени аял жүзүн жаап алган эле.
16Жүйүт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?(Деби: Тамарга эң биринчи кезекте далил керек болчу)» – деп сурады.

17«Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жүйүт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, күрөөгө бирдеме калтырасыңбы? » – деп сурады.
18«Күрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жүйүт. «Мөөрүңдү, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ошентип, ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бүттү.

19Тамар турду да, чүмбөтүн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.
20Жүйүт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан күрөөнү алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппады.
21Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.
22Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1151 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 21:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.
23Ошондо Жүйүт: «Мейли, мен бергендерди ала берсин, элге күлкү болбосок эле болду. Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң», – деди.

"Элге күлкү болбосок эле болду" Кудайга күнөө кылбасак эле болду деш керек эле да. Күлкү болмок тургай, укмуштай ашкере болорун бул кезде ойлобосо да керек. "Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң" анткен менен Жүйүт адилеттикке ыктап, оңолуу жолунда баратат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1152 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 21:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 21:50) жазган:

Жүйүттүн жашоосундагы кайгы ошону менен токтогон жок.

Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жүйүттүн аялы өлдү.


Эки уулунан, акырында аялынан да ажырады Жүйүт.

Жүйүт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзү менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.
13Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.
14Тамар үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, чүмбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, Эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзүнүн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдү.


«Ал да улуу агаларындай болуп өлүп калбасын»
деген кайнатасынын кооптонуусун билгендей болуп иш кылган экен, кызык. Балким көкүрөгү туйган бейм, күнөө менде болсо анда өзүң көр дегени бекен?

15Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду (Дауд, эч кандай келини менен жаткысы келбей эле). Анткени аял жүзүн жаап алган эле.
16Жүйүт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?(Деби: Тамарга эң биринчи кезекте далил керек болчу)» – деп сурады.

17«Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жүйүт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, күрөөгө бирдеме калтырасыңбы? » – деп сурады.
18«Күрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жүйүт. «Мөөрүңдү, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ошентип, ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бүттү.

19Тамар турду да, чүмбөтүн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.
20Жүйүт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан күрөөнү алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппады.
21Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.
22Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.



15Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду . Анткени аял жүзүн жаап алган эле. Кызыкко бетин жапкан айал көрсө эле сойку деп ойлой бергени, бизда никабчан айал көрсөк сойку деп ойлошубуз керекпи?
21Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти. ал жердин жашоочулары да тангалып жатат ко бул жерде сойку болгон эмес деп, анан тиги пайгамбарга не болгон бети жабык айал көрсө эле сойку деп жата калган?

Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 16 Апрель 2013 - 22:03

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1153 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 22:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

24Арадан үч айга жакын убакыт өткөндөн кийин, Жүйүткө мындай дешти: «Келиниң Тамар бузулуп кетиптир, атүгүл, анын боюна да бүтүп калыптыр». Ошондо Жүйүт: «Аны элдин алдына алып чыгып, өрттөп жибергиле», – деди.
25Тамарды алып жөнөшкөндө, ал кайын атасына мындай деп айттырды: «Бул буюмдар кимдики болсо, ошондон боюма бүттү». Анан мындай деди: «Бул мөөр, кур, таяк кимдики экенин таанычы».
26Жүйүт таанып: «Ал мага караганда адилеттүүрөөк, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин», – деди. Андан кийин ал ага жакындаган жок.


Мына, күнөөдөн кача алгыс болуп ашкереленди. Ошондо мойнуна алганды үйрөндү. Күнөөдөн оолак болууну үйрөндү.

27Төрөт учурунда аялдын боюнда эгиз бала бар экени билинди.
Кайгысынын, эки баласынын өлүмүнүн себебин өзүнүн өткөн жашоосундагы күнөөлөрүнөн издебей, бечара келинге түртө салгысы келди эле, так ошол келинден кайра эки балалуу болуп жатканын карачы!
28Аял төрөп жатканда, кол көрүндү. Аначы кемпир: «Бул биринчи чыкты», – деп, анын колуна кызыл жип байлап койду.
29Бирок ал колун кайра тартып алды. Ошондо анын бир тууганы чыкты. Аначы кемпир ага: «Сен кантип биринчи чыктың?» – деди. Анын атын Перес коюшту.
30Андан кийин колуна кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак коюшту.

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1154 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 22:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Тамардын кылганы таза эмес эле, аны Жүйүт түшүнүп турду. Бирок, "ал мага караганда адилеттүүрөөк" дегени, өзүнүн күнөөсүн көрүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Өзүнүн күнөөсүн көрүү адамдын жашоосундагы чоң жетишкендик. Анткени кемчилигин көргөн адам гана андан арылат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1155 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 22:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп, уулдарына: «Эмне бири-бириңерди карап отурасыңар?
2Мен Мисирде эгин бар деп уктум. Өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келгиле», – деди.
3Ошондо Жусуптун он бир тууганы Мисирге эгин сатып келгени жөнөп кетишти.
4Бирок Жусуптун бир тууганы Бенжеминди Жакып аларга кошуп жиберген жок. Анткени ал: «Бул да кырсыкка учурап калбасын», – деди.
5Ошентип, Ысрайылдын уулдары башкалар менен кошо эгин сатып алууга келишти, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан эле.
6Жусуп болсо ал жердин башкаруучусу болгондуктан, жер жүзүндөгү бардык элге эгин сатып жаткан. Жусуптун бир туугандары келип, жерге чейин ийилип, ага таазим этишти.
7Ошондо Жусуп бир туугандарын көрүп, аларды тааныды, бирок таанымаксан болуп: «Кайдан келдиңер?» – деп, зекий сурады. Алар: «Канаан жеринен, азык сатып алганы келдик», – дешти.
8Жусуп бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок.
9Ошондо Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн эстеп, аларга: «Силер чалгынчысыңар, силер бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.
10Алар: «Андай эмес, таксыр, сенин кулдарың азык сатып алганы келишти.
11Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл адамдарбыз. Кулдарың чалгынчы болгон эмес», – дешти.
12Жусуп аларга: «Жок, силер бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.
13Алар: «Биз, сенин кулдарың, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жеринде жашаган бир адамдын балдарыбыз, кенже бир тууганыбыз азыр атабыздын жанында, ал эми бирөө жок болду», – дешти.
14Жусуп аларга: «Силер чалгынчысыңар деп, мен ошон үчүн айткам.
15Эми силер минтип сыналасыңар: фараондун өмүрү менен ант берем, эгерде бул жерге кенже бир тууганыңар келбесе, силер бул жерден чыкпайсыңар.
16Араңардан бирөөнү жибергиле, ал барып, бир тууганыңарды алып келсин. Силер болсо камала турасыңар. Ошондо силердин айтканыңар чын же калп экени билинет. Чын болбосо, фараондун өмүрү менен ант берем, силер чалгынчысыңар», – деди.
17Ошентип, Жусуп аларды үч күнгө каматып койду.
18Үчүнчү күнү Жусуп мындай деди: «Эми мындай кылсаңар, тирүү каласыңар, анткени мен Кудайдан корком.
19Эгерде силер чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр силер камалган үйдө камалып турсун. Калганыңар ачка отурган үй-бүлөңөргө эгинди жеткиргиле.
20Айтканыңар чын болсо, өлгүңөр келбесе, кенже бир тууганыңарды алып келгиле». Алар так ошондой кылышты.
21Ошондо алар бири-бирине: «Биз бир тууганыбызга кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатабыз. Биз анын жаны кыйналып турганын көргөнбүз, ал бизге жалынып-жалбарганда, аны укпай койгонбуз, ошон үчүн башыбызга ушул кайгы түштү», – дешти.


Жакыптын Жүйүттөн башка балдарын Кудай кандай жолдор менен алып жүрдү жазылбайт. Ал эми Жүйүттүн жашоосунан, мына минтип көкүрөгү ачылып, күнөөсүн мойнуна алышы үчүн аны Кудай кандай жолдор менен алыбөткөнүн Библиянын беттеринен көрө алабыз. Адам баласынын жашоосун күзгүдөй чагылдырган, шам чырактай болгон ушул Библиянын барактары үчүн Кудайыма миң мертебе шүгүр деп гана айта алам, Жүйүттүн окуясы менен таанышып.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1156 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 22:08) жазган:

Тамардын кылганы таза эмес эле, аны Жүйүт түшүнүп турду. Бирок, "ал мага караганда адилеттүүрөөк" дегени, өзүнүн күнөөсүн көрүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Өзүнүн күнөөсүн көрүү адамдын жашоосундагы чоң жетишкендик. Анткени кемчилигин көргөн адам гана андан арылат.


ообада Тамардын кылганы туура эмес эле, бетин жаап отуруп алса, пайгамбар аны сойку деп жата калыптыр, жанада келини Тамар жатканда да бетиндеги чумбөттү албаптыр, анан кызыгы пайгамбар ал элден бирөөсунөң да бул айал деги ким деп сураганга жарабаптыр да, силердин айылда сойкулар барбы деп сурап койгонго жарабаптыр да, бети жабылган айал көрсө эле өлгөнү калгансып жата калыптыр да, жада калса сойку деп кабылдаган келининин үнүн да тааныбаптыр да
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1157 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 22:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Yusufmuslim (16 Апрель 2013 - 21:59) жазган:

15Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду . Анткени аял жүзүн жаап алган эле. Кызыкко бетин жапкан айал көрсө эле сойку деп ойлой бергени, бизда никабчан айал көрсөк сойку деп ойлошубуз керекпи?
21Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти. ал жердин жашоочулары да тангалып жатат ко бул жерде сойку болгон эмес деп, анан тиги пайгамбарга не болгон бети жабык айал көрсө эле сойку деп жата калган?

Кайсы пайгамбарды айтып жатасын? Жүйүт пайгамбар эмес, сен аябай чарчаган окшойсун. Ошол эле баракта жазылган сөздөрдөн элди "тан калтырып" , айтар сөзүндү кубаттабатасын дагы, ошол эле барактагы жазылган сөздөрдөн шекшибатасын. Жанагы токтоно албай калган боюнча, эс-акылын да сага ээ-жаа бербей калган көрүнөт, эс алып анан эртен жазгандарынды окуп көр.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1158 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   16 Апрель 2013 - 22:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Debi (16 Апрель 2013 - 22:23) жазган:

Кайсы пайгамбарды айтып жатасын? Жүйүт пайгамбар эмес, сен аябай чарчаган окшойсун. Ошол эле баракта жазылган сөздөрдөн элди "тан калтырып" , айтар сөзүндү кубаттабатасын дагы, ошол эле барактагы жазылган сөздөрдөн шекшибатасын. Жанагы токтоно албай калган боюнча, эс-акылын да сага ээ-жаа бербей калган көрүнөт, эс алып анан эртен жазгандарынды окуп көр.


мени кызыктырганы, эмне себептен ал өзу сойкулар менен жанталашып жата калып жатат да, анан келинин сойку болду дешсе өрттөп салгыла деп жатканы. Бул эмнеси?
"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1159 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 22:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Yusufmuslim (16 Апрель 2013 - 19:21) жазган:

биринчиден, сен деп тарбия көрбөгөн немедей жазганынызга жол болсун, кай жерден калп айтып жатканымды тактап койосузбу? дагы ушуга улай сиз христиандардын кайсы фыркасындасыз ( баптист, жакаба, православие, адвентист ж.б)

Аллах акбар, алаах акбар деп, машайакчыларды мууздап жаткандар эмне үчүн экенине жооп таап алсаң адегенде.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1160 Пользователь офлайн   Debi   16 Апрель 2013 - 22:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Yusufmuslim (16 Апрель 2013 - 19:21) жазган:

биринчиден, сен деп тарбия көрбөгөн немедей жазганынызга жол болсун, кай жерден калп айтып жатканымды тактап койосузбу? дагы ушуга улай сиз христиандардын кайсы фыркасындасыз ( баптист, жакаба, православие, адвентист ж.б)

Сен десем да сени өзүңө караганда сыйлайм деп ойлойм ))))). Сен өзүңдү сыйласаң кичине эс-акылды токтотуп анан бир нерсе жазышың керек эле, жөн эле шыбай бербей.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 23:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: