кулагы укпагандар дарактын дабышына зар. Форумда да кулактан кеткендер барбы?
Менин кулагым укпайт жакшы. Кичинемден бери эле озуму озум жемелеп келем. Диктантты жанымдагыдан кочуруп жазып,копчулукко кошулбай коп нерседен,жанылыктардын акыркысы меники эле да же такыр жок.ошентип журуп турмушка чыктым ала качып кетишти. Азыр бир кызым бар. Озум мн озум болуп сыгылам. Башкаларга кошулуштан уялам. Иштейн дейм иш табыш кыйын.мендей адамдар барбы дагы ?кантип жашап журосунор? Кандай арга бар бизге?
Кулагы укпагандар кулактан кеткендер
#2 18 April 2013 - 12:52
бул да болсо кудайдын берген сыноосу эч кыжаалат болбо бир аз болсо да угат экен жакшылап лечит эт
Келинди сынабай келген кезинди эсте.
#3 18 April 2013 - 12:59
азыр атайын укпагандарга аппарат чыккан ошону алып тагышын кк же болбосо аперация кылат кулака ичине улулуно аппарат орноштурат анан жакшы угуп кетесин.эмнеси болсо угат экенсин ак жол
#4 18 April 2013 - 14:45
апаратты кайра алгандан кийин таптакыр нол болуп калат дешет го? Мен 30пайыз угушум мумкун азыр. Анан ал апарат бузулуп калсачы?
#5 18 April 2013 - 15:00
Кабатыр болбо,кучтуу врачтарга барып корбойсунбу мумкунчулук болсо.Ушундай техника,илим онуккон заманда оорунун дагы дабасы табылаар....
#6 18 April 2013 - 17:38
кучтуу врачтардын акчасы асманда да,биздей карапайым адамдар андай акчаны тапкыча качан? Иштейин десем кулактан кетсем. Мага кандай иш сунуштаар эленер?
#8 18 April 2013 - 19:32
#9 18 April 2013 - 20:12
Салам Miraida2012- капа болбонуз кудайым суйгон адамын кулактан алат дешет.Демек кудайымдын суйгон пендесисиз,
кызыныздын,
жолдошунуздун пешенесине аман болунуз дайыма.сыгылбаныз эч качан.Туура кулагы укпаган э н жаман нерсе бирок кудай сактасын го бирок бутунуз баспай омур бою ата-энениздин алдында жардамга муктаж болуп жатсаныз эмне кылмаксыз,? А сиздин ай чырактай болгон кызыныз бар экен шугур кылыныз.
Менин женем бар кемчилиги бар.Бирок кемчилигин билип сак болсо жакшы болмок деп ойлойм.качан болсо жерди карап олтурат.эми келин да апамдар жумшап калса же суроо берсе башка эле созду айтып коёт.апам бир куну бош чыны апкелсен аш салып берем десе, , женем барып чон чыныга толо суу апкелди унчукпай эле калдык.мурун кулчу элем азыр
кулбойм себеби тушуном да женемдин кулагы укпаса бул учун ал куноолу эмес!Андыктан автор кыжалат боло бербениз.
Менин женем бар кемчилиги бар.Бирок кемчилигин билип сак болсо жакшы болмок деп ойлойм.качан болсо жерди карап олтурат.эми келин да апамдар жумшап калса же суроо берсе башка эле созду айтып коёт.апам бир куну бош чыны апкелсен аш салып берем десе, , женем барып чон чыныга толо суу апкелди унчукпай эле калдык.мурун кулчу элем азыр
кулбойм себеби тушуном да женемдин кулагы укпаса бул учун ал куноолу эмес!Андыктан автор кыжалат боло бербениз.
#10 18 April 2013 - 20:15
Слуховой аппарат деген барго,бизде заведующий пройзводство бар,жакшына эле иштеп журотко,ошол аппараттын жардамы менен.
#11 18 April 2013 - 20:40
Билишимче борбордон ал аппаратты табуу оной эле...Баасы 600 - 1200сомдой эле болсо керек эле,такканда угуп журо бересиз,алып койсонуз мурдагыдай эле болуп калат. Анан жарактуу мооноту 3ай,6ай ,1жыл дегендей болсо керек,анан ар кандай турлору чыгып калгандыр,2005-
жылы атайын жумушчу кыз учун жакындары алып беришкен эле. Капаланбаныз,
анткени ар бир сыгылганыныз ден соолугунуз учун кооптуу !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#12 18 April 2013 - 22:17
рахмат кенештеринизге.
Тоо десе бээ дебей апарат алып корсом окшойт анда.ош озгондо сатабы адресин бериниздерчи.
Кандай жерден алсам болот?
#13 18 April 2013 - 23:12
Ала турган болсонуз, дарыгерлерге корунуп. Кандай аппарать колдонсо болорун далилдеп алсаныз жакшы го дейм. Себеби ар кандай туру, ар башка болушу да мумкун, ошондуктан дарыгерге кайрылыныз демекчимин.
Ошолор билсе керек кайда сатыларын, эгерде ошол аппаратьтын атын жазып берсе. Интернет булагындагы тармактардан да издеп коруп дарегине кайрылса болот. Кыргызстанда бардыр, интернет булагына реклама кылгандар.
#14 19 April 2013 - 05:43
рахмат кенештеринизге.
Тоо десе бээ дебей апарат алып корсом окшойт анда.ош озгондо сатабы адресин бериниздерчи.
Кандай жерден алсам болот?
Ошто болбогонум себептуу мен шаарды жакшы билбейт экенмин, атайын айылдардан келген бейтаптарды кароочу Бишкектеги "Республиканский" ондонгон оорукана бардыр...ошол жерге барасыз,атайын кулак-мурун (ЛОР)дарылоочу врачтын кабылдоосуна киресиз,бир сыйра текшеруудон отосуз, колунузга врач жыйынтык жазылган баракчаны берет . Ошондо врачтан : " Мен угуучу аппарат колдонсом болобу? Аны кайдан сатып алсам болот? Баасы канча турат? Колдонуу ыкмаларын тушундуруп бере аласызбы "-деп сурайсыз. Ал айтат мумкун же мумкун эместигин,шарттарын тушундурот, а балким оздору сатышаттыр (Минтип айтканымдын себеби : атайын дары-дармек, мед.аппарат ж.б.чыгарган компаниялардын дистрибьютерлери врачтар менен иштешип журоорун байкап калдым эле ). Болбосо ал так маалымат айтаар,кайдан тапса болоорун . Врачка баруу-корунууго 100-500сом сарпталаар. .. Эгер дарыланууну сунуштаса ,дары-дармек жазса бир аз акча кетээр... Коп эле кымбат айтса анда сатып алуу же албоо оз эркинизде кала берээр... Бирок сиз аракет кылып корунуз ! Эч ким оорубасын , ооругандарга Аллах Таалам ар бир оорусуна дабаа - шыфаа берсин,аминь !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#15 19 April 2013 - 11:44
рахмат кенештеринизге.
Тоо десе бээ дебей апарат алып корсом окшойт анда.ош озгондо сатабы адресин бериниздерчи.
Кандай жерден алсам болот?
мен Оштомун жакында эле барып коруп келдим обласной бальница барго ошонун жанында общежитье бар биринчи этажында ФОНОТЕК жаны ачылыптыр биринчи кулакты аппарат мн текшерет экен 300сомго анан ошого карап аппарат берет ошто бир эле ошол жерде щвейцариянын аппараттары кордум ишеничтуу барып корун. ийгилик каалаайм.
#16 19 April 2013 - 13:09
саламатсыздарбы!
мен жаныдан катталган себептуу жазуу эрежелерин толку оздоштуро албай жатам.ал учун баарыныздардан кечирим отуном?ал эми мирага берээр кенешим;мен да кулагым оорлошуп толку укпай калгандыгыма байланыштуу лор врачтын кенеши менен слуховой аппарат сатып алып колдонуп жургонумо 1жыл 3ай болду.бала чагымдан диагнозу хронический отит,жыл сайын лечение алчумун.слух.
аппарат алгандан бери отит дегенди унуттум!мираида мен москвадан алганмын 17000рубльга,азыр да москвадамын ошол себептуу кыргызстанда канча тураарын билбейм.сатып алууна тилектешмин!
#17 19 April 2013 - 14:59
Биздин аптекада бир фармацевт кыз иштейт. Ал байкуштун да кулагы жакшы укбайт. Суйлосон оозунду карап турат. Идеальный адам жок негизи. Баарынын кемчиликтери бар. Мисалы менин деле чоон кемчилигим бар журогум ооруйт
#18 19 April 2013 - 16:19
Биздин аптекада бир фармацевт кыз иштейт. Ал байкуштун да кулагы жакшы укбайт. Суйлосон оозунду карап турат. Идеальный адам жок негизи. Баарынын кемчиликтери бар. Мисалы менин деле чоон кемчилигим бар журогум ооруйт
Айдын, кандайдыр бир себептерден улам кулагы оорлогон адамдарды байкуш деп кемсинте карооно каршымын! не соз айткын келсе да байкуш дегенди кошпой айтканын дурус го?ал эми журогундун эми табылып узак омур сур!
#19 19 April 2013 - 16:26
Менда апаратты сунуштайм.анткеним менин эжеминда кулагы укпай апаратта журот.кадимкидей угат.
#20 21 April 2013 - 18:35
Жараткандын кереметине,
адамдын акыл эси да жетпей калат экен. Даарыгер дешет бирок, андан биринчи тенирден тилеп, даарыгерге барып чын эле ошол кулакка аппарат колдонуп корунуз. А сиз кулагыныз укпаганына такыр арданбаныз.
Сиз бактылуусуз!
Эчендеген кулагы угуп, козу коруп, дени соо адамдарга караганда...
Ушуну унутпаныз, сиз бактылуусуз...
Жүрөккө эмне толсо, ооздон ошол сөз чыгат...

Супер-Инфо
super.kg
видео
















