8 айлык Наристе Улановага Индиянын Аполло клиникасындаоор дартынан улам операцияга муктаж болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Наристенин жакындары билдиришти
.
"Бир ай ичинде кичинекей бөбөгүбүз Наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн 34 960 миң доллар акча каражатын кайдигер карабаган адамдар чогултуп биришти, эми 28-апрелде боло турган операциясына 3 069 доллар жетпей жаткандыгы белгилүү болду. Кызыбыз үч жолу аркы дүйнөгө барып келди деп айтсак болот. Бирок ошондо дажашоо менен күрөшүп жатат. Индияда кызыбыздын боорун алмаштырып,
"карасарык"
дартынан арылтуу үчүн операция кылынуучу клиникаган барганыбызда алөзүн жаман сезип, дарыгерлер аны аман алып калгандыгына күмөн санап калышкан.Бирок Наристе кайра жанданып жашоого умтулуп азыркы тапта жардамга муктаж болуп жатат. Жалпы керектелүүчү акчанын бир азы калды, ошол каражат силердинжардамыңар менен чогулуп калса, Наристебизди аман алып калабыз”,- дейт Наристенин жакындары. Кичинекей мекендешибиздин өмүрүн тилеп, жардам көрсөтө турган жарандар болсо Наристенин атасы Улан Муратовдун 0 770-20-24-86 электрондук капчыгына акча которсоңуздар болот. 0 700-80-08-75 номуру менен байланышып,
өз колдоруна болгон жардамыңыздарды берсеңиздер болот.
Баракча 1 - 1
8 айлык ымыркай жардамга муктаж
#2 11 Август 2016 - 10:53
сакайып кет сага окшогон жаш балдар оорубай эле койсочу а жакшы болуп кетишинди каалайм
Баракча 1 - 1