Бук болуп толуп турган жаным,жашым токтобойт го
Апа, мен качан басам? Апа, мен качан басамын?
#42 02 Февраль 2016 - 21:39
10кун дегенде жибин алышты. Ошол куну эле уйго кайттык. Жаш экенбиз учакта кетуу оябузга келбептир, жолдо кызым кусуп аябай кыйналдык. Атабыз урушат, кичине жата турсан болмок деп. А мен ал жердеги турдуу оорууларды коруп кыйналып кеттим. Бир кун сыртта олтурсак жаныма бир ака келип олтурдуда, озубуздон болосунбу деп калды. Озубуз дегениниз каяк? Кадамжай!
Оа Кадамжайдан болом. Кичине турдуда кайненен стерва аялбы? жок. Мм. Мен аялыма суйуп уйлонгонмун.
Бирок апама жакпады. Кандай гана азаптарды коргозду. Акыр аягы кызым дцп ооруусу менен торолду. Апам ошондода кайтпады, кайра кучоду. Аялым менен кызымды алып чыгып кеттим. Азыр эгиздерибиз бар, кудайга шугур ден- соолугу жайында. Сага кенешим, озунорду кыйнабай болунуп алгыла, башка дагы майып балалуу болгунар келбесе деп айтты эле. Жол ката ушул аканин айткандары менен алпурушуп келдим. Уйгода аман-эсен жетип келдик. Кечиресиздер кооптон жазгым келип атат. Интернетим озуп, жанбай жазгандарым очуп калып атат.
#46 03 Февраль 2016 - 19:28
Ии,Кудай эч ким оорубаса экен.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#48 03 Февраль 2016 - 22:48
Ооруну берген,шыпаасында кошо берет дейт,буйруса жакшы болуп кетет кызыныз,кудайым эч качан пендесин таштап койбойт,булда болсо сизге бир сыноо,отуп кетет чыдап койунуз!Жакшылыктарыныздын баары алдында,ошол жакшылыктарга жетишинизди менда сурайм кудайдан!
#50 04 Февраль 2016 - 00:39
Кызымдын туйшугу менен убара болуп кундорубуз отот. Тентуштарына караганда кызым зирек, 9, 10айында эне, ата, найне(тайне),
деген создорду айтат. Периштемдин буттары алсыз болсода, жормологонго аракет кылып, сойлоп жылат. 1жашында создорду толук айтып калды. Ыйлап, ынжыктанбай,
чон адамдардай олтуруп чайын ичет. Операциядан 6 ай отту, леченьярсына Бишкеке кайра барышыбыз керек деп пытырай баштадым. Уйдогулор Оштон аласынар дешет. Мен макул болбоймун. Акыры куйоомдун кулагын чойгулап атып Ош деген созду синдиришти.
Ошентип Ордолуу Ош шаарыбыздан дарылана турган болуп жаттык. Кайсыл жер болбосун Кудайым берген дартынын, шыппасында кошо берсин деп тиленемин. Бишкектин акча маселесинен коркушту окшойт, айтоор тушунбодум.
Ансызда озум билемдик кыласын деп кудуранып калышат.
#51 04 Февраль 2016 - 01:10
Кандай кылайын анан. Бир кун эшиктен уйго кирсем энемдин тусу озгоруп калыптыр, мага ыза толгон коздору менен карап жеп ийчудой болот. Келгенимден бери эч эле андай тусун корбоптурмун.
Кайсы ишти ката кылдым экен деп кыжаалат болдум. Кыйладан кийин соз баштады. Куйоомдон тойго баруу учун пул сураса карыздарымдан кутулуп алайын апа анан беремин деп чыгып кетиптир. Операцияга менин ар бир балам 2мин сомдон жыйып. Мен 6мин бердим, ошону кайтар деп айтпадыкко апандарда 25минин кичине кутуп турса болот, аркасынан тызгыратпай деп калды. Ким бироо сураптырбы ал акчаны дей салдым. 25мин карызым бар деди мага. Анысыны билбедим эне, бирок апамдар ал акчаны Бишкеке жоноп атканыбызда беришкен. Андан андай суммадан 4у алдык. Ата-энем эч качан бергендерин сурабайт, алар бизге эмес небересине беришкен, эч кыжаалат болбон кызым торолуп иштеп калсам бергендериниздин баарын кайтарам. Баланыз ал акчаларды мага айтпаптыр, катуу айтсам кечирип коюн деп сыртка чыгып кеттим. Ушунчалык буулуктум, кызым аман болсо кайтарабызго.
Бир чети куйоомо жиним келет сураганын берип койбойбу деп. Оксуп-оксуп ыйладымда, иштерими жасап журо бердим. Кечинде чай устундо аста-секин, кимден карызыныз бар эле деп айттым. Досумдан алганмын деди. Ошол боюнча соз козголбоду.
Негизи куйоомду акчан кана? канча таптын деп сураган эмесмин. Ошол окуядан кийин кызыма пенсия пулун туурулоо жонундо ойлоно баштадым. Башта апам айтса, каршы чыккан болчу куйоом. Тырнактай кызымды бага аламын деп. Озум кызымды которуп журуп эч кимге айтпай тууруладым.
Втеке бараар куну айтып мени менен кошо барынчы деп сурандым. Озуно жагып атса макул барайын, ожорлугун, коктугун калбайт экенда сенин деп кейип калды куйоом.
#53 04 Февраль 2016 - 10:16
Ой автор ишиндин коп экенин тушунобуз.бирок кооп коптон жазып бутуруп койчу.суранабыз.
#54 04 Февраль 2016 - 15:51
Втеке барганда аябай уялдым, кайра артка кайткым келип кетти. Зорго эле кирдим ичине. Эми укмуш адам коп экен, мына сага. Алтынга болонуп алган аялдар, сопсоо эле эркектер. Тообо мамлекет онолбойт деп кейип койобуз, окмот ушунча адамга пенсия берсе кайдан онугот? Аргасыздан тапшырып кайттык, ушул сага жактыбы эми деп урушат. Бирок кийин акча маселеси жаралбай калды, 6 айлыгын чогултуп леченьясын алып алабыз. Канча дарылабайлы эч озгоруу болбой атат. Кызым 1.9 айлык болгон кезде, кайрадан кош бойлуу болдум. Бирок андай абалым бир гана апамдан башка эч кимди суйунтподу.
Кызды карай албай каласын алдыр деп туруп алышты. Когоруп эле алдырбай койдум. Менда ден-соолугу чын бала торогум келди. Ичимде коркуу сезими болбой койгон жок. Тилегеним бир гана АЛЛАХЫМ болду. Ай кунум жеткен кезде, тынбай врачка корунуп турдум. Бул баламдада торотум оор болду, аябай кыймалдым. Уул тородум, бирок уулум дагы думчугуп когоруп торолду. Кудайымай неге мындай болду, журогумдон кан агып кетти. Апам жанымда сооротот, баары жакшы деп. Жарым саатта беришти, озум аран жатамын колу, буттарын коргум келет, врачтар Манас тородун деп кулушот. Уулум 4.2кг торолуптур.
Кубанычым койнума батпай, бут ааламга жар салып кыйкыргым келди!
#55 05 Февраль 2016 - 05:30
Кудайым озу жар болсун,дени сак болсо экен.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#57 05 Февраль 2016 - 12:31
Коптон жазынызчы автор,аралашып кетти баарыныкын кичинеден окуй берип
#59 05 Февраль 2016 - 18:52
Дегеле балдар да, энелер да аман болсун. Алар да бироонун баласы эмеспи... Баарыныздарга Кудай ден-соолук берсин.
#60 06 Февраль 2016 - 15:59
Кудайга мин мертебе шугур, уулумдун ден-соолугу чын. Озумо ишенбеймин 2балалуу эне болгонума. Экоо тен баса элек болсо кыйла эле кыйын болот экен, бирин коюп бирин котором. Чыркырап ыйласалар экоону тен которуп алам. Бекеринен турмуш деп аталбаса керек, ар куну оз соккусун берип турат. Кайнежемдин 2кызы бар, уулу жок. Уулум козго корунуп калгандан убакта. Ар турдуу соз менен мага бер дей баштаса болобу? Сенин эрин бар дагы тороп аласын деп айтышат кайненем экоо. Тообо кылдым силер мендей бага албайсынар десе оозум ачылып калды. 10балам болсода эч кимге бербеймин, кучум жетет бакканга деп койдум. Денемди майда титирек басат, балдарымды бироо колумдан жулуп ала тургансып. Кандай ооздору барды тушунбодум.