Чач агаруу. ким билет.
#41 18 Июнь 2014 - 11:56
Адамдын чачы улгайган учурда гана агарууга тийиш.Ал эми мезгилсиз агаруунун кандайдыр бир себеби бар:кандайдыр бир катуу кайгырганыктан же катуу ооругандыктын натыйжасы.чачтын агаруусун алдын ала токтото турган эч кандай чаралар жок.Чачтын агарышын жок кылуу учун азырынча аны боео менен гана чектелет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#42 20 Июнь 2014 - 15:01
teltaeb (16 Октябрь 2013 - 23:10) жазган:
Мендей болуп копту билсенер чачынар агарып, мандайынарга чач чыкпай калат
Мен сага жетейин деп калган окшойм анда. Чачтарымдын 70-80% ы агарып кетти. Бирок мандайымда чачтарым бар.
Демек, агарган чач кайра калыбына келбейт экен да. Биздин уруктагы эркектердин көбүнүн чачы эрте агарат өзү. Генде бар. Убара болбогула, чачыңар кайра карарбайт экен деп айтып коюшум керек экен.
#43 21 Июнь 2014 - 08:47
Мен көрсөм жулуп салам,агарган чачты,
Карасуу шаарлардын чон шаары,
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.

#44 21 Июнь 2014 - 09:10
Men da ayta keteyin, chachty tez-tez kyrysh kerek, anan chesnoktu surtush kerek, ushul nerse ayabay jardam beret.
#46 21 Июнь 2014 - 15:12
#47 21 Июнь 2014 - 15:21
Kosmira (21 Июнь 2014 - 15:12) жазган:
Ак чачты жулсан бат кобойот деп уккан жайым бар.
Акыркы эки жылдын ичинде менде да ак чачтар кобойду, аргасыздан боёго туура келет.

4 ,5 жылдан бери жулам айда,жылда 1 ди 3 тү
Карасуу шаарлардын чон шаары,
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
#48 21 Июнь 2014 - 15:34
Менин 5классыман, бери эле ак чачтарым коп)))
Боего туура келет....
Боего туура келет....
#49 24 Июнь 2014 - 19:15
Жулбаш керек.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#50 24 Июнь 2014 - 19:52
Карасуу шаарлардын чон шаары,
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
#51 24 Июнь 2014 - 19:53
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#52 24 Июнь 2014 - 21:12
Карасуу шаарлардын чон шаары,
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
суктантат кымча белдуу сулуу кыздары.
Билбесен сен билип ал мен карасуунун баласы.
#53 04 Ноябрь 2014 - 23:01
бул нерсе ген кууйт
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#54 12 Июль 2015 - 17:01
Менде да акыркы эки жылда билинбей ак чачтар көбөйуп кетти.Бул кетиште дагы 10-15 жылда акбаш болуп кетпесем болду.Тфу тфу кудай сактасын.Генибизде деле жок негизи.Кайсы бир витаминдин жетишпегенинен деп божомолдоп коюп жүрөм маани бербей.
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#55 05 Август 2015 - 23:43
Же ото эле акылдуумун,
же Путиндин баардык проблеммасын мен ойлономбу билбейм. Чачым агарып, мандайым суйулуп эле баратат.
#56 23 Сентябрь 2015 - 13:34
Достоооор!
!! Кенеш керек. Менин чачыма 12жашымда ак тушкон,дагы деле ошол бойдон. Жасанганда жайып бир нерсе кылайын десем актарым коп. Дайыма чогултуп байлап журом. Боегум келбейт баары бир зыян го. Жакшы кенештерди кутом...
#57 26 Сентябрь 2015 - 19:42
erketaiko (23 Сентябрь 2015 - 13:34) жазган:
Достоооор!
!! Кенеш керек. Менин чачыма 12жашымда ак тушкон,дагы деле ошол бойдон. Жасанганда жайып бир нерсе кылайын десем актарым коп. Дайыма чогултуп байлап журом. Боегум келбейт баары бир зыян го. Жакшы кенештерди кутом...
Бойогон зыян болгондо 99% кыздар бойоп журушпойт эле да карындаш.Бойой бер.
#59 16 Октябрь 2015 - 20:28
Биздин уругубузда бар. Менин чачым 7-класста окуп жургондо агарып баштаган. Ошентип кобойуп олтуруп,мектепти буткучок чачым ак-кок тартып,аябай кобойуп кеткен болчу. Витамин жедим,башкасын кылдым,чалкан мн жууп кордум ,такыр агы кетпеди. Айла жок бойоп журдум. Учурда аба алмашкангабы,
же кандай - чачым кундуздай карарды. Мурунку актын бири жок.
#60 11 Январь 2016 - 17:37
Чачтын агарышынын себептери
Оору. Жаштардын чачынын агарышына кан оорулары, боор, бөйрөк, жүрөк, атеросклероз, учук, олуттуу вирустук оорулар, аз кандуулук, сөөк-булчуң ткандары жана тери оорулары себепчи болот. Карылардыкына караганда жаштардын организми ооруларга туруштук берип, бат калыбына келгени менен ак чачтар ошол бойдон калат.
Стресс . Азыркы учурда жаштар дайыма стрессте. Аларды сабактан улам кайгыруу, ар кандай терс көрүнүштөр, өзүнүн сырткы келбетиндеги кемчилик, жакын досторунун сатып кетиши, карьера үчүн күрөш, акчанын жетишсиздиги катуу стресс кылат. Стресстен улам организм бат бузулуп, нерв системасы жабыркап, иштөө процесси басаңдап чачтын агарышына алып келет. Ошондой эле биринчи бактысыз сүйүүдөн улам жаштардын эмоционалдык жактан күчтүү стресс алышы да чачтын агарышына себеп болот.
Авитаминоз . Организмге кайсы бир витамин бир аз эле жетишсиз болсо, ал чачтын түп тамырына, өң бере турган пигментациясына таасир берет.
Меламиндин азайышы. Чачтардын агарышынын дагы бир жагымсыз фактору - организмде чачка түс берүүчү меламин затынын аздыгы. Ал азайганда чач агара баштайт.
Оор диета. Жаш кыздар теле, журналдардан көргөн арыктоо үчүн түрдүү диеталарды кармап ачка жүрүшөт. Алар ар бир адамдын организми табиятынан ар кандай болорун билишпейт. Ошол эле диета бир адамдын организмине туура келсе, бирине зыянын гана тийгизет.
Ген жактан. Гендик деңгээлде да организмдин картаюусу аныкталат. Айрым клеткалар организмдин картаюусуна каршы активдүүлүгүн тез эле жайлатат. Ошондуктан адамдын 20 жашынан баштап чачы агара баштайт.
Гормоналдык бузулуу. Ар бир адамда гормоналдык бузулуу болгондо гормондор адамдын ар бир жерине таасир берет. Дал ошондой учурда айрым гормондор чачка таасирин тийгизип анын агарышына алып келет.
Чач боёк. Чач боёочу боёк өзүнүн курамындагы химиялык заттардын таасири аркасында чачтын табигый түсүн жоготууга алып келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, боёлгон чач үч жылдан кийин агара баштайт. Канчалык көп боёсоңуз, убакыт өткөн сайын чачтын агарышы ошончолук көбөйө берет.
Терс адаттар. Адамдын чачынын агарышынын бирден-бир себеби болуп тамеки тартуу, ичимдик жана кофени дайыма ичүү да эсептелет. Толук эс албагандык, таза эмес экология да булардын бир бутагы.
Тамак-аш. Туура эмес тамактануу, азыктандыруучу азыктардын жетишсиздиги да чачтын агарышынын себеби. Чач организмден өзүнө керектүү витаминдерди ала албай калат да, бозоруп баштайт. Тамакта туздун көп болушу, ар кандай дары-дармектер да терс таасир этет.
Чачты эрте ак баспаш үчүн эмне кылуу керек?
· Көрө албастык, кыянат иш жасоодон алыс болуңуз
· Бирөөлөргө жакшы сүйлөп, жакшылык кылып, жакшы ойлорду ойлоңуз
· Эгер оорусаңыз, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз
· В витаминине бай азыктар менен тамактаныңыз
· Жаман адамдардан алысыраак болуңуз
· Терс эмоцияларга алдырбаңыз
· Күнүмдүк рационуңузга цинкке (ашкабактын данегин, кара моюл) жезге (бадыраң, фундук, лимон, ак капуста, бадам), тирозинге (өсүмдүк жана жаныбарлардын белогу), темирге (уй эти, гречка, буурчак), В10 витаминине (боор, бөйрөк, сүт азыктары, жумуртканын сарысы, картошка, сабиз, козу карын, балык, семичка, жаңгак) бай азыктарды киргизиңиз.
Чачтын агаруусун медициналык жол менен дарыласа болобу?
Чачтын агаруусун лазердик нур менен дарылоо чачтын зат алмашуусун активдештирип, чачтын пигменттерин күчөтүүгө натыйжалуу. Бул процедуранын натыйжалуулугу зор, чачты күңүрт, бир кыйла кайраттуу кылып коёт.
Эскертүү: эч качан ак чачыңызды жулуп албаңыз. Жулсаңыз анын агаруусу башка чачтарга да өтүп, чач акырындык менен толук агара баштайт. Ак чач көрүнбөсүн десеңиз, түбүнөн эле кесип коюңуз.
Чачтын агаруусуна каршы элдик каражаттар
Шалфей. Майланган шалфейдин 150 гр жалбырагына 200 гр алма уксусун кошуп отко коёбуз, ал кайнагандан кийин жай отто 5 мүнөт кармап чыгарыбыз. Ага 1 даана жумуртканын сарысын, бир аз ак ылай кошуп чачка маска кылып жаап бир саат кармайбыз. Шалфейдин чачка дарылык касиети зор, ал чачка түс берет.
Чалкан. Чалкандын 3 аш кашык сабагы менен жалбырагын 1 стакан кайнак сууга кошуп демдеп, ширесин алабыз. Ага бир чай кашык уксус кошуп чачтын түптөрүнө сүйкөйбүз. Ошондой эле өсүп турган чалканды ботко кылып эзип алып, ага май, жумуртканын сарысын кошуп маска жасасаңыз, чачка кубат берип, азыктандырып, чачтын агаруусун тез токтотот. Жаңы чалкан чачтын агаруусунун алдын алууга тез жардам берет, андыктан жайдын күнү чалканды кеңири колдонуңуз.
Кастор майы. Кастор майы - чач агарууга каршы эң мыкты каражат. Аны чачты жуурга бир саат калганда чачтын тамырларынан баштап учуна чейин толук сүйкөп чыгабыз. Үстүнө пергамент кагазын коюп, жылуу баш кийим кийип алабыз. Бир сааттан кийин кадимкидей жууй бересиз.
Пияз. 1 орточо пиязды абдан майдалап, ширесин сыгып алып, ага 1 чай кашык бал, 1 чай кашык зайтун майын жана ушундай эле өлчөмдөгү шампунь кошобуз. Аны чачка толук сүйкөп 20 мүнөт кармайбыз да, жылуу суу менен жууп салабыз.
Сабиз жана лимон. 1 чай кашык лимондун ширесине 1 аш кашык сабиздин ширесин кошуп, пайда болгон суюктукту чачтын тамырына сүйкөйбүз. Жарым сааттан кийин жууп салабыз.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!