Кандайсыздар форумчулар?
Мен өз жашоомду бул жака жазайын деп көптөн бери ойлонуп журдум эле бугун жазайын деп чечтим.Катасын туралап окуйсуздар деген умуттөмун.Кимгедир сабак болормун, кимдир бирөнун сөзунөн сабак алармын.
Мен бир уйбулөнун эн чон кызымын менден кичу төрт бир туганым бар. Тогузду бутуп окууга колежге тапшырдым аны да жакшы айактадым. Окуну бутуп иштейм деп иш таппадым анан эле бир эжем россиядан келип калды,мени м.н кетесинби деп калды зорго эле тургандай мен да жонодум.Тагдырымды талкалап алышымды билсем кана ошол учурда!Иштеп журуп Алтынай деген дос таптым жакшы кыз болчу бирок кыз эмес экен. Ошентип журуп бир жыл убакыт өтуп кетти .Алтынай мени кафе дискотекага чакыра берер эле башында барбай журдум акыры жигитим м.н таныштырам деп калды мен да ал айткан кафеге бардым,баленин бары ошондо башталды. Ал досу м.н келди биз Алтынай экөбуз бир кафеде отурдук уйгө кайтарда мени таштап ал учө кетти. Эжем строгий болчу аны да алдап чыккам .
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жашоом туман, жол таппай кыйналып жүрөм Жашоом туман, жол таппай кыйналып жүрөм
#2 29 Июль 2017 - 16:20
Ошентип мен ал куну Адыл м.н таныштым Ал м.н телде суйлошуп журдум бойу узун кең далылуу суйкумду бала болчу. Кунлөр өтө берди анла мында жолугуп телде суйлөшуп журдук.Бир куну ал кафеден кийин мени м.н калчы деп суранып туруп алды Алтынай да калайлы деп болбойт акыры мен макул болдум
#3 29 Июль 2017 - 16:33
Баарысы жакшы болот Буйруса, коп эле кайгыра бербе озунду сыгыып . Озуно жакшы карап озунду сыйла,бактылуу бол!
Мындан арыда жанылбай туура туз жолду танда дагыда кеч ЭМЕС !!!
Мындан арыда жанылбай туура туз жолду танда дагыда кеч ЭМЕС !!!
#4 29 Июль 2017 - 16:39
Калдым суйлөшуп отуруп эле мага жабыша баштады кой мен кызмын деп кыйла жолотпой качтым бирок болбоду кучкө салып эле кыздыгымды алып койду.Кан болуптур бар жогум дегенде мени биро башка чапкандай эле өзумө келдим.Эми эмне болот деген суроо мээмди жеп баштады жинди адамдай ойлонуп отуруп тан атырдым . Уйгө эмес ишке жонодум бут денем сабагандай ооруйт эптеп иштеп уйго бардым эч нерсе болбогондой журо бердим сыр бербей бирок ичим туз куйгандай ачышып ата_энемди ойлоп өзумөн жиркенем,туну уктабайм келечегимди көрө албай кыйнала баштадым. Адыл чалып журду аны м.н суйлошкөндөн качып андан жиркенип калдым. Ошончо болду мен сени алам ойлонбо деп ал айтпады батынып мени ал деп мен айтпадым . Жаз келе баштаган убак ата-энемди сагынып болбой калдым бир куну эле билет алып баса бердим өз уйумө. Апамды атамды сагынып калган элем аларга эркелеп алар эркелеттип козумду караган сайын кыйналып журогум кысыла баштады
#5 29 Июль 2017 - 17:17
Атам кайра барбайсын деп бугалтерияга ишке киргизип койлу. Сыгылып журуп арыктап кичинекей кыз болуп калдым.Кундө өзумун суролорума өзум жооп таба албай кыйналам атам мага өтө кату ишенет эгер билсе не болот апамчы деп кундө ыйлайм. Өлбөгөн жанга кун өтө берет эке кыш да келе баштады ал ортодо уйго жучулар келе баштаган ал андай бул мындай деп эч жолоткум келбейт,апам жакшы жер эле деп кала берет. Бир куну алысырак атамын тагасынын баласы келип сени м.н жолугат экен дей башташты.Мен чыйпылыктайм али жашмын иштейин деп. Атам ал тагасын өтө сыйлачу жок дебешин билип ичим от болуп куйөт эмне кылам жат болсо да бир жөн туган урука эми шерменде болот экем да деп уктабай тирунун өлугу болдум. Эки кундон кийин тундө женем м.н келди уйго женем чыгып жолук машинада отурат деп зордойт мен чыкпайм деп когором акыры женем корсо эле сени ала калмак беле сен жагасынбы жокпу али айдан туштунбу бас астыма кадаланбай деп урушуп атып кондурду. Мен да жасанбай уй кийим м.н шарфты баса салынган бойунча чыктым. Машинада отурушуптур астынла бир акеси бар экен ал тушуп учурашып женем экө ары басып кетишти,мен машинанын арт жагына отурдум. Ичиндеги светти жандырып Кайрат деп колун сунду мен Аси деп көзунө тике карадым . Көздөру чон чон орто бойлу суйкумду бала экен карап ичим бир тыз этти эх акылсыз эми эмне кыласын деп өзумө өзум суро берип койдум. Ал жайды кайсы жерде иштеримди сурап биринчи айлыгынды эмне кылгансын деп сурап калды мен эстей албайм деп жооп бердим.Ал мен бекитип журом биринчи айлыгымды биринчи пенсияма кошуп иштетем деп калды эсим ооп эле карап калдым көп деле суйлобой ичимен жакпай калсам экен деп тилеп атым.
мен кирейин анда акениз ушуп калды десем номеринди берчи деп калбаспы айлам куруп мен бербесем женем берери айдан ачык эле бердим кайда барам бербей
мен кирейин анда акениз ушуп калды десем номеринди берчи деп калбаспы айлам куруп мен бербесем женем берери айдан ачык эле бердим кайда барам бербей
#6 30 Июль 2017 - 14:00
Мен машинадан тушөрум м.н женем келди да жур биздикинен чай ичип келесин деп кайра отургузуп койду.Бардык уйго киргенде акемен бир уялам Кайратты карасам ал да уялып кыпкызыл болуп кетиптир. Тамак оз тийип эле алар кетебиз деп жоношту,акем узатып келип эле тагам келсе атан жок дей албайт эми сенин тойунду беребиз дебеспи мен тигиндей экен мындай экен деп катасын таба баштадым. Ар ким оз ойубуз м.н уйгө кайтык. Эртеси дем алыш болчу телди өчуруп уктагам шашпай турам деп. Айткандай эле шашпай туруп телди жандырсам эле женем чалды не болду суйлөштунбу деп мен эми турдум деп өчурдум, сыртка чыксам апам нан жасап атыптыр тандырга от жак ысык нан м.н чай ичебиз деп калды. От жагып атсам телге чалу келди алсам Кайрат экен кандайсын турдунбу дейт менда оба деп экөбуз жарым сааттай сулөштук мурда таныш адамдардай эле,эртен барам жолугалы деди мен да каршы болбодум.Эртеси тушкө жакын келди уйгө кечекидей эмес жасанып өзун карап адикалон себинип өзунчө башкача, мен болсом спортивный кийимчен эле чыктым жасанбай. Женемин жанына барып айтым эле ал да кошо чыгып менин көзумчө эле биздин кыз жактыбы деп сурап жиберди мен уялып ары басып кеттим создорун уктум жаккандай го эми байкайбызда деп токто жооп берди. Менин болсо ичим уйгу туйгу журогумо жаккандай акылым болсо кыз эмессин анын тени эмессин деп безилдейт.
Шаарга туштук кафеге кирип тамактанганча эки сааттай көп нерсени суйлоштук. Бирок мен анын суйлөшкөн кызын сураганда ал узак окуя деп койду,бүл сөз мени ойлонтуруп койгон эле барып женеме айтым болгонун ал да ойлонуп эле калды. Ошол куну эле анын тугандары званок кылышыптыр атама сойко салалы деп . Ал убакта атам командировкада Бишкекте жургон. Атамда кызым бир чечимге келсин мен эч нерсе айта албайм дептир.Ал биринчи куну баратканда акеси кандай жактыбы десе дагы бир жолугайынчы дегенде эле акеси уйгө чалып той боло кыз жакты деп салыптыр аны кийин угуп журбоймбу.

#7 30 Июль 2017 - 21:46
Эрте менен иште отурсам апам чалып не болду жактыбы уйундөгулөр келебиз деп атышат не дейли деп калды,мен жиндеп чыктым таныбай туруп эле бере бересинерби сурап суруштурбөй эле деп,атан таныйт экен жакшы бала деп атат деди. Менин заманам куруп эмне кыларымды билбей мейли дейин десем айыбым бар, жок дейин десем бары жакшы бала деп анын тарабында,ойлонуп отурсам Кайрат чалды неге менин жобумду албай туруп уйундогулөрду жөнөтөм дейсин деп ага атырыла кеттим,ал бары бир атаң сени билет дептирго неге жок деп атасын не жакпалымбы деп жарга такады го мени мен эмне дешимди билбей эле калдым себеби ал мага жагабы деп ойлобоптурмун,
ойлогонум эле кыз эмесмин эмне кылам деп ойлонуптурмун.
Мен кептин баары анда эмес биз бири бирибизди жакшы билбейбиз го деп сөзду бура баштадым ал болсо сен мага жактын бир коргондо эле эртен барам отуруп жай суйлошобуз деди менда унчукпадым.
Уйгө барсам апам эки жакты жыйнап дайарданып баштапыр аны көруп айлам калбаганын тушундум. Уйку жок тан атканча ойлондум акыры эптеп тигет кыздыкты деп уккан элем тиктирем деп чечтим. Кыйратып чечим чыгаргансып кичине өзумө келе туштум
#8 30 Июль 2017 - 21:51
Дагы бир кыздыгын алдырып койгон темабы? Ээх, же кыздык алгандар токтободу, же силер кичине женинерди этиеттеп журо альадынар. Ну кучко салды бирок озун бутун мн басып барыпсын, кафеге жигит мн таанышканы деп эле корунгонду ээрчип кете бересинерби анан. Жигит мн суйлошбогуло дебейм, качан турмушка чыгууга даяр болгондо уже чыга берем деген планын бышып жетилгенде анан байкаштырып бироо жарымды тарт озуно. Корунгонду ээрчип кафеге бара бербей иштегени бардынбы Москвага иштеш керек оюнду жыйыштырып.
#9 31 Июль 2017 - 11:44
Баары жакшы болгон чыгаар, озунузду кыйнабаныз жанылбаган адам барбы.. эн негизгиси мындан ары откон турмуштан сабак алып чыйралып жашаныз АСИ!
#10 31 Июль 2017 - 13:29
Эртеси эрте м.н иштен чыкканымда келди экөбуз машинада суйлөшуп отурдук. Мен так секирип жок башка кыз тап деп туруп алдым,ал да айт себебин деп мен сени бактылу кылам неге жок деп атасын не жигитин барбы деп мени жарга такады ,жок деп когоруп мен турам акыры жалынып атып мени кондурду. Оба деген м.н сыгылып атым ичимен.
Уйдө даярдык башталды дем алыш куну сойко салып кетмей болушту. Бир жуманын ичинде тагдырым чечилип калды. Сойко салып тойду белгилеп кетишти.Кайраттан откон бактылуу адам жоктой кечке телде суйлошобуз сыртыман мен да каткырган менен ичимди ит тырнап кыйналам неге не кылам деп ойлонуп арыктап коргондун баары не болду эмитен арыктап деп эси ойт . Той болор кун жакындап төрт кун калганда ойлонуп айтышым керек чынын калганын бешенемен көрөм,жаны жашоону жалгандан баштабайын кийин билсе ишенбей калат мага деп барын айтам деп чыкырдым келбеди ал куну Кайрат бошобой атам деп. Туну чалганда тойду токтотолу мен сенин тенин эмесмин леп айтым алда тушунду окшойт неге эми айтасын неге неге деп телди өчуруп койду.Эртеменен ишиме келди жаныбыздагы паркка барып отурдук ун соз жок мени катту кучактап турду,көпкө мени теше тиктеп эми эмне кылабыз деди Мен ата энемди сизда ата эненизди чакырын мен баарын айтып мойнума алам дедим. Ал болсо анан сон не болот деди ал жагын кудай билет атаң м.н апаң эмне дейт деди мени кечип жиберсе керек ал жагын бешенемен көрөбуз. Мейли чакыр анда менда чакырам деди Мен телди алып номерин жазып жатсам мени кайра кучактап мен сени жарга туртуп карап турмак белем мейли той болот сен ойлонбо деп мени сооротту

#11 31 Июль 2017 - 16:34
Ээ кудай кызга да эркеке да ыйман ынсап бере кор, кыздарыбыз да балдарыбыз да акыл эси, ыйман ынсабы менен болсун
#13 31 Июль 2017 - 18:38
Кыздыгын алган эркек соройлорго да жол болсун тагдырын талкалап коюп басып кетишет мактанып.
#19 02 Август 2017 - 13:38
Автор кутуудобуз,
улантынчы. Журогум ооруп кетти...
Сизди куноолоп жаман дегим келбейт. Менде да кыз бар...
Азыр кыздар ушунча бузултат, эртен биздин балдардын мезгилинде кандай болор экен деп ойлой берем. Эхх, Аллахым баарына ыйман ынсап берсин.