Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар... (Ayrı bir aşk gökyüzü var ...)
#21 03 Февраль 2021 - 21:22
**********
Өмүр көзүн ачып көзүн уялта терезеден түшүп турган күндү колу менен тосту. Башы жарылчудай ооруп атыптыр. Көзүн ачып дагы эле ошол жашоо экенин көрүп ичи сыйрыла түштү. Арадан үч ай убакыт өтсө да Хаяттын жок экенине көнө албай жаткандай. Күн сайын уйкудан ойгоноордо баары түшүндө болуп калуусун каалап илгери үмүт менен көзүн ачат. Кудум мурункудай эле Хаяты келип бети башын чымчып, чачтарын уйпалап ойноп, эркелеп ойготчудай сезилет. Бирок кайда... баягы эле томсоргон төрт дубал менен терезеден өз милдетин аткарып чакчайып тийип турган күн тосуп алат. ..
Айдай менен Өмүр үйлөшүнкөн соң Өмүрдүн ата энеси келип үйлөрүнө көчүрүп кетишти. Өмүр каршылык да көрсөткөн жок, эми ага баары бир болчу. Кимдин жанында, кайда жашайт айырмасы жок. Үйгө келгени эч ким менен деле сүйлөшпөйт. Өз менен өзү. Атүгүл жанында жаткан жубайы Айдайдын да бар жок экенине маани бербей калган. Түнкү клуб менен ичимдиктер кайра мунун жашоосунун бир бөлүгүнө айлана баштады. Кеч киргенде үйдөн чыгып кетип, бир убакта келсе келет, келбесе үч күндөп да жоголуп кетет. Өмүр күйүтүн басуунун ушул жолун тандап алды. Ар кандай кыздар менен көңүл ачуу.
Айдай Өмүргө турмушка чыкканы өзүн ушунча бактылуу сезип жүргөн. Бирок убакыт өткөн сайын бул бакыты да бөксөө жана даамсыз экенин туя баштады. Өмүрдүн кылыктарына алгач унчукпай көз жумуп келе жатты. "Ал эми меники! Баары ушинтип барып ордуна түшөт!" - деп өзүн сооротуп келди. Бирок ордуна келбей эле артына кетип жатты. Баягы Хаятка үйлөнгөндөгү көздөрүндө бакыт жанып күлүңдөгөн Өмүр жок. Жөн гана сук тиктеген сөлөкөткө айланды. Камкор, тамашакөй Өмүрдүн ордуна ачуулуу, кайдыгер Өмүр пайда болду. Айдай бактылуу бирок бактысыз да эле. Мына сүйгөн адамы кучагында жатат. Бирок негедир мындан ырахат ала албай жатат го. Атүгүл жакында экөөнүн наристесин жарык дүйнөгө алып келет, жада калса наристе да экөөнүн ортосун жакындата алган жок. Мындан караганда ошол кесиптеш, дос болуп жүрүшкөн убакта жакшы сүйлөшүшчү экен эле. Азыр болсо бир төшөктү жамынган эки жат адамга айланып калышкан.
-Өмүр сен кайда? - деди Айдай кеч киргенде күзгү алдында чачын оңдоп жаткан күйөөсүн карап.
-Съёмка бар! - Өмүр кайдыгер жооп берди.
-Кечиндеби?
-Сен эмне биздин жумушту унутуп калдыңбы?
-Жок бирок...
-Айдай эмне маселе болуп жатат?
-Эч нерсе болгону мен менен бир аз...
-Эмне жетишпей жатат сага?
-Сенин көңүл бурууң! Сен жанымда болууңду каалаймын! Түнкү клубта кыздар менен шапар тээп жүрүшүң мага жакпайт!
-Менин барым ушул! Жакпаса кетсең болот! - Өмүр Айдайды түртүп өтүп кетти.
Айдай турган жеринде жерге олтура калып ыйлап жатты. Жоок, мындай жашоо эмес болчу анын кыялы! "Сүйдүрүп алам! Бактылуу кыламын! Хаятты унуттурамын! Сүйүүм менен айыктырып аламын! Жашоого кайтарамын! " - деген. Көрсө жаңылган экен. Бүк түшүп ыйлап жатып курсагы түйүлө ооруп жатканын сезди, ошол эле убакта бүлкүлдөгөн алсыз кыймыл курсагын термеп өттү. "Балам, кечир балам! Сени кыйнап койдум э? Баары жакшы болот бөбөгүм! Сен жарык дүйнөгө келсең, баары ордуна түшөт. Атаң бизге кайрылат, ал деген дүйнөдөгү эң сонун ата болот. Көрөсүң сени бактылуу чоңойтобуз! " - курсагын кармалап алган Айдай ушуларды сүйлөй берди. Жашоону калыс эмес дегендер адашасыңар! Жашоо калыс, жашоо баарына тегиз. Эч кандай жамандык жазасыз, жакшылык сыйлыксыз калбайт. Ар бир жасаган ишибиз, күнөөбүз жоопсуз калбайт. Айдай да балким бир убактары Хаятка жасаган адилетсиз мамилеси үчүн ушул жол менен жооп берип жаткандыр.
********
-Мынакей биздин кызыбыз! - Демир колуна аяр кармап көтөргөн чүрпөнү Сылага сунду.
Титиреген колдору менен кучагына алган наристенин жүзүнө көпкө чейин тигилип олтурду. Кипкичинекей наристеден болуп көрбөгөндөй жылуулук Сылага өтүп, аны менен бүтүн денеси жибип бараткандай.
Демир негедир корккондой кылдат карап турду. Кызын колуна алса балким өткөнү эсине түшөбү деген. Андай болбоду. Жөн гана мээрим менен тигиле карап олтурат. Бул кызды сактап калуу үчүн да көп аракеттер көрүлдү. Анткени жети айда төрөлөгөнү үчүн өтө эле алсыз болчу. Өмүрдүн кызы экенин билсе да, негедир таштап сала алган жок Демир. Ымыркайды көргөндө назары түштү. Балким Хаяттын кызы болгону үчүн болсо керек.
-Ысымы ким? - деди Сыла жылмая Демирди тиктеп.
-Койгон жокмун, сени күттүм.
-Севги, - негедир Сыланын оозуна ушул ысым келди.
-Севги?
-Ооба,
-Биздин Севгибиз! - Демир керебеттин чекесине олтуруп жубайы менен кызынын маңдайынан искеп алды.
-Кимге окшош?
-Сага, - Демир Сыланын мурдунан чымчып койду.
-Демир биз бактылуу жашайт белек?
Кокусунан берилген бул суроого шашып алдастап кетти Демир. Сыла өзүн жалооруп карап турган экен.
-Албетте, биз эң бактылуу жашачубуз, - деди көздөрүн ала качып.
-Ошол бактылуу күндөрүбүздү кайра эстегим келет.
-Жакшы болот! - Демир эңкейип жубайынын чачтарынан жыттап алды.

#22 04 Февраль 2021 - 21:33
jindirak (03 Февраль 2021 - 20:41) жазган:
Жаааным жалгызым жазчы окугум келип атат.
*******
Сыла кыйкырып ойгонду. Тим эле жүрөгү чыгып кетчүдөй жулкунуп көөдөнүн тепчип жатыптыр.
-Сыла! Эмне болду сүйүктүүм?
Демир өңү купкуу болуп суу боло тердеп ыйламсырап калган жубайын көрүп чоочуп кетти.
-Суу... суу берчи? - деди энтиккенин дагы да болсо баса албай калтырап.
-Азыр, - Демир шашылган бойдон жарыкты жандырып ашканага чуркап кетти.
Сыла жаңы эле көргөн түшүн эстеди. Сууга чөгүп баратыптыр, канчалык кыйкырса да эч ким келбей жатат. Буттарын шилтеп жатып чарчап, шалдырап өзүн таштап салганда белгисиз караан келип тартып кетти. Андан соң эле ажайып бир кооз жерде жүрүптүр. Көк асманда каалгыган булуттар, көл жээги. Өзү чуркап баратат, артында болсо жүзү жакшы көрүнбөгөн караан. Экөө кубалашып бараткандай. Сыла аябай бактылуу, кыткылыктап күлүп жатат. Андай кийин эле учак пайда болуп өзү ичинде, дагы бир караса жалындап күйүп жаткан өрттүн ичи... Ошол жерден кыйкырып жиберип ойгонуп кетти.
-Сыла!
Күйөөсүнүн үнүнөн селт эте чоочуп кетти. Сунган сууну ичип бир аз өзүнө келгендей болду.
-Жаман түш көрдүңбү? - Демир Сыланын жанына олтуруп кучагына алды.
-Билбейм.. түш десем кудум өңүмдө болгондой. Бирок абдан түшүнүксүз, иретсиз. Азыр да көп нерсени эстей албай жатамын.
-Эмнени көрдүң?
-Көлдүн жээги, мен сууга чөгүп баратканым. Өрт... Демир айтсаң мен кандай кырсыкка кабылгам? Деги мурун башымдан эмнелер өткөн? Түшүмдө менин жанымда бир караан жүрдү. Ал сенби же, башка көрө албадым. Элес булас көрүнгөн гана жүздөр...
-Сыла! - Демир аялынын жүзүнөн кармап өзүнө каратты.
-Сен мага ишенесиңби?
-Анан кимге ишенем? Деги эле сенден башка кимим бар?
-Анда баары жакшы болот! Мен сенин жаныңдамын. Артта калган күндү эстөөнүн кереги жок.
-Бактылуу күндөрүбүздүчү?
-Ал күндөрдү кайра баштан курабыз.
Сыла негедир жүрөгү түпөйүл боло Демирдин көкурөгүнө башын жөлөдү.
-Бен, менимче ал өзүнө келип жатат. - Демир Калифорниядагы атактуу психологтун бөлмөсүндө олтурду.
-Кайдан билдиң?
-Уксаң, унуткан өтүмүшүн түшүндө көрүүсү мүмкүнбү?
-Албетте.
-Анда Сыла баарын эстейт жакында. Түндөсү түшүндө жарым жартылай эстеди.
-Эртеңден кайра менин сеансыма алып кел, - деди төрдөгү креслодо олтурган арык, чачын тысырайта алып койгон психолог Бен.
-Ал өткөн күндөн баарын унутуусу керек. Бе сен аны гипноз менен тазалай аласыңбы?
-Демир кээде адамдар өткөн күнүн унутушканда түбөлүк эстей албай калышат. Бирок бул дегени такыр унутуп салат дегени эмес. Эстейт ар кандай убакта, жана кыска гана окуяларды. Же болбосо сен айткандай түшүндө көрүүсү мүмкүн... Бирок бул өзүнүн өткөн жашоосубу же жөн эле түшпү аны аңдоо кыйын. Андыктан сенин сарсанаа болуп жатканың жөнсүз. Бирок ошентсе деле сенин көңүлүңдү жайгаруу максатында аны менен сеанс өткөрөм.
-Рахмат, - Демирдин көңүлү бир аз жайлангандай жеңилдеп.
-Демир, биз кантип таанышканбыз? - деди Сыла кечинде экөөнүн сүрөттөрүн көрүп жатып..Демир атайы сүрөттөрдү монтаждап жасаткан эле.
-Бизби... биз деген бир кечеден. - деди шашып.
-Анан? Түркиядабы же Калифорниядабы?
-Түркияда. Калифорнияга кийин көчүп келгенбиз.
-Эмнеге кайра Түркияга кайтпайбыз? Балким кайтсак мен эстермин...
-Кайтабыз албетте, болгону сенин жакшылап өзүңө келүүң үчүн бул жакта болуп туруубуз керек. Сыла, кымбаттум мен сени жоготуп ала жаздадым. Сен бир ай комада жаттың.
-Негедир мен өзүмдү таба албай жаткандаймын Демир. Мындай караганда баары жайында бирок ошол эле убакта эч нерсе өз ордунда эместей. Кудум, жашоом тескери жака алмашып кеткендей. Сени менен эч нерсени эстей албай жатам. Севгини колума алганда кандайдыр бир нерсе мээмде жанып өткөндөй болот, бирок эстей албайм. Түшүмдө түшүнүксүз нерселерди көрүп жатам. Бирөөнүн жашоосун сырттан карап тургандаймын. ..
-Сыла, ашыкпа көп убакыт кетет. Сен бир өлүмдөн калдың. Эч нерсени эстей албасаң да мейли, негизгиси жанымда болсоң болду.
-Рахмат сага! - Сыла жолдошуна ыраазы боло анын кучагында мемиреп баратты.
-Бенге дагы сеанска жазып койдум.
-Макул...
Сыланын жашоосу ушинтип өтүп жатты. Тагыраагы ал Сыла аттуу кыздын жашоосунда өзүнүн ким экендигин билбей жашай берди. Бирок мээсинде толо суроолору бар. Демир өзүнө ушунчалык камкор болгону менен дилине жат адамдай. Жүрөгүнө бейтааныш. Көздөрү негедир чоочун. Канчалык аракет кылса өзүндөгү бул чоочуркаган муздак сезимден кутула албай жүрдү. Түшүндө көрүп жаткан, дайым жанында жүргөн жүзү жакшы көрүнбөгөн караан Сылага тынчтык бербей келет...
-Өмүр бул эмне? - Айдай колундагы телефондо турган сүрөттү Өмүргө сунду.
Түнү менен ичимдик ичип, түш оогондо башы сынып кетчүдөй ооруп турган Өмүр Айдайды жактырбай тиктеп алды.
-Эмне эрте менен дагы мага асылып баштадыңбы?
-Бул эмне деп жатам? - деди аялы дагы кайталап.
-Сүрөт. - Өмүр бейкапар жооп берген боюнча ордунан козголуп жуунганы баратканда Айдай алдын тороду.
-Сүрөттөгү кызчы? - Айдай сүрөттү кайра Өмүрдүн жүзүнө такады. Анда Өмүр жаш кызды кучагына алып жыргап олтурган экен.
-Ага эмне болуптур?
-Өмүр сен чектен ашып баратасың! Мен сенин аялыңмын!
-Хеее! Бул сөздү сен айтып жатасыңбы? Айдай эсиңде болсо мен Хаяттын күйөөсү болгонумда да экөөбүз дал ушинтип жыргап жүргөнбүз! Эмнеге сен ошондо мынча күйбөгөнсүң?
-Эмне деп жатасың? Мен сени такыр түшүнө албай жатам? - Айдай көзүнө келген жашты колу менен сүртүп Өмүрдү жалооруп тигилди.
-Өмүр суранам сен мындай эмессиң! Ооба сени Хаяттан талашып мен катачылык кетирдим. Бирок мен анын өлүмүн тилебегем. Мен сенден эч нерсени талап кылбагам. Мен жөн гана сени катуу сүйөм!
-Айдай мен шашып жатамын! - Өмүр аялын түртүп бөлмөдөн чыгып кетти. Уккусу келбеди. Өзү качып, моюндабай жүргөн чындыкты угуудан качып дагы баратты. Айдайдын күнөөсүз карагат көздөрүнө тиктөөдөн качты. Аялына карата адилетсиздик кылып жатканын түшүнүп туруп да токтободу.
-Жок! Токто! Сен бүгүн мени угасың! Жетишет ушунча чыдаганым! Мен күнөө кылсам жазаамды да алдым! - Айдай Өмүрдүн артынан кыйкырып келе жатты.
-Токто дейм!
-Эмне каалайсың менден? Айдай менин болгонум ушул! Мен мындан жакшы же мындан жаман болуп өзгөрө албайм.
-Сен мындай эмессиң! Айтчы мен сага эмне кылдым эле?
Көз жашы он талаа болуп жүзүн жууган келинчеги алдын торой калды. Ошол убакта Өмүр биринчи кабатка түшө турган тепкичтин алдына келип калган эле.
-Айдай чарчап турам! Кел башка күнү сүйлөшөбүз?
-Жок азыр.
Өмүрдүн кой дегенине болбой алдын тороп жатып тепкичтен кулап кетти Айдай.
-Аааааай!
Ачуу кыйкырыктан Өмүрдүн апасы менен ашканада жүргөн кызматчы аял чуркап чыгышты. Экинчи кабатта Өмүр, тепкичтин астында Айдай кызыл болуп жайылган кан кетип жатыптыр.
-Айдаааай!
Өмүрдү апасынын кыйкырыгы эсине келтирди. Аялы кулап баратканда күйөөсүнө колун сунуп Өмүр кармаганга үлгүрбөй калган эле.
Жерде эсин жоготуп канга болуп жаткан Айдайды көрүп шок болуп калды. Жакынкы күндөрү көз жара турган болуп жаткан Айдай эсин учун жоготкон абалда тез жардамда баратты. Өмүр болсо Айдай жыгылган полго жайылган канды карап олтура берди.
#26 05 Февраль 2021 - 20:54
jindirak (05 Февраль 2021 - 20:43) жазган:
Бол Эми жаз жаным, созсуз мен айтышым керекпи сага.
******
Баланы сактап кала алышпады. Жан үрөп наристенин өмүрү менен алпурушкан дарыгерлердин бул аракети текке кетти. Бала курсакта эле ооруканага жетпей чарчап калган экен. Айдайдын өмүрү коркунуч алдында турган. Түнү менен созулган операция Айдайдын бир турбасын да алып салуу менен соңуна чыкты... Эриндери кеберсип, жүзү болсо жуулган чүпүрөктөй болуп бозоруп жаткан жубайынын алдына кирди Өмүр. Дайым жайнап турчу карагаттай капкара көздөрүнүн нуру өчүп, жада калса жаш да чыкпай калган өңдүү. Каректери соолуп, андан тирүүлүктүн изи билинбейт.
-Айдай! - Өмүр жанына олтуруп колдорун кармады.
-Айтчы менин бактылуу болууга акым жокпу? - деди аялы шыптан көзүн албай.
-Жок анте көрбө!
-Өмүр мен болгону сени менен бактылуу болгум келген. Болгону сени бактылуу кылгым келген да! - Айдайдын үнү бүтүп калгандай шыбырап сүйлөп жатты.
-Эми мен кандай өмүр сүрөм? Кайсы жакшылыкты, кайсы кубанычты күтүп жашаймын?
Каканактап куюлган жаштар ээ жаа бербей сызылып агып кетти.
-Бул жашоодо жашагым келген жок! Балама кошуп неге жараткан менин да жанымды албады?! Неге мени баламдан соң сактап калдыңар?
-Айдай суранам сен мени таштай көрбө! Ооба көп ката кетирдим. Сенин жашооңдун баарын мен талкаладым. Билем мени кечирбейсиң. Бирок суранам сен да мени таштап кетпе! Анда мен жоголуп кетем. Сөз берем Айдай эми баары башкача болот.
-Өмүр эми менин бала көрүү мүмкүнчүлүгүм да өтө аз...
-Мен ыраазымын! Болгону сен жанымда болсоң болду!
Өмүр чын эле Айдайды жоготуп алуудан коркуп турду. Азыр аялы баарына кол шилтеп туруп басып кетүүсүнөн коркту. Көрсө кээде адам баласы өзү сүйбөсө да сүйүктүү болуп турганын жакшы көрөт турбайбы. Айдайдын сүйүүсүнө акыры ушинтип баш ийди Өмүр. Бул тентек кыз атүгүл өзү үйлөнүп, бөлөктүн колун кармап кеткенде да сүйгөн эле. Кийин да сүйдү, азыр да сүйөт. Мындан башка өзүнө эмне керек? Эгер эле мунун ордунда башка кыз болгондо эмне кылмак? Өзүнө карата жасаган биринчи акмакчылыгында эле жүзүнө түкүрүп кетмек. Айдайчы? Баарын билип, сезип туруп деле жанында чыдап жашай берди. Экөө үйлөнүп үй бүлөө аталып жашагандан бери бир да жолу эркелетип бооруна баспаганын эстеди. Бир да жолу түндөсү кучагына алып уктабаганын эстеди. Анын ордуна каза болгон аялынын сүрөтүн илип, аны самап, сагынып көз жаш төктү. Ошонун баарына унчукпай чыдаган келинчегин аяп турду. Бирок Өмүр ушул абалда да өзүн ойлоду. Өзүнүн мындан аркы жашоосун ойлоду. Эч кимиси жок, жанын жеген күйүтү жана өкүнүүлөрү менен жалгыз калып кетүүдөн коркту. Адамдардын баары ушундай өзүмчүл болобузбу? Баарыбыз өз кызыкчылыгыбызды гана ойлойбузбу? ...
******
-Үч жыл өттү, - деди Сыла деңиз жээгинде өзүнө жанаша басып бараткан Демирди карап.
-Эмнеге?
-Мен кырсыкка кабылгандан үч жыл өттү. Кызык мен өткөн күндөрдү эстедимби же эстегим келген жокпу?
-Кереги жок, - Демир Сыланын шамалга ойноп жаткан тармал чачтарын оңдоп койду.
-Билесиңби кээде ушундай элестер көз алдыма келет. Так, даана эмес. Бирок ошол убакта өчпөгөн да элестер. Ошол мунарыктаган элестердин арасынан дайым жанымда коштогон караандын жүзү эч даана көрүнбөйт. Өзүмчө ал сен болсоң керек деп болжоймун. Сен экөөбүздүн эч кимибиз жок дейсиң, бирок мен чоң үй бүлөөнү көрөм. Алар дасторкон үстүндө тамактанып, аябай бактылуу...
-Сыла, Бендин айтуусу боюнча көбүнчө сага окшоп баарын унуткан адамдар, өздөрүнүн кыялы менен өткөн жашоосун алмаштырып алышат. Кээде ал жашоосун эстеймин деп, өздөрү кыялындагы башка жашоону түзүп алышат.
-Балким...
Сыланын жашоосу ушундай бир калыпта өтө берди. Демир айткан психологтун сеанстарына тынбай барып, ал берип жаткан таблеткаларды кабыл алып жатканына үч жылдын жүзү болду. Бул аралыкта көп жолу өткөн күндөрүнүн үзүмдөрү эсине түштү. Бирок айырмалай албай жатты. Бен айткандай балким кыялындагысы менен өткөн жашоосун алмаштырып жаткандыр. Кээде бир жумуш жасап жатканда, же көчөдө баратканда чагылгандай болуп чарт эте түшүнүксүз нерселер же адамдардын жүзү көз алдына тартылып өтөт. Айрыкча кызы Севгини колуна алганда, анын көздөрүнө караганда башкача боло түшөт. Кудум ошол күлмүңдөп турган каректерди бир жерден көргөндөй. Бирок эстей албайт. Демирден көп нерсени сурагысы келет, бирок батына да албайт. Анткени азыр жашоосу жакшы, эч кандай маселе жок. Көзүнүн кареги менен айланган күйөөсү бар, кызы бар. Башка эмне керек? Анда неге жүрөгүн түпөйүл кылган бир санаа тынчтык бербей жатат? Кудум кымбат тамак жеп, бирок анын даамын сезбей жаткандай, же болбосо ажайып гүл бакчада жүрүп жытын сезбей жаткандай... Көркөм жашоосу маанисиз эле...
Демир болсо бул аралыкта Түркияга бир нече жолу барып келди. Биринчи жолу келгенде Өмүрдүн үйлөнгөнүн угуп тынч ала түшкөн. Ошол бойдон баарын унутуп, өзү да Хаятка окшоп жаңы жашоо баштоону көздөгөн. Шахин деген ысымды Хаятка кошуп көмүп, Демир Айдын болуп жашоого бел байлаган.Ошол кырсык болгон күнү Хаят менен жанаша олтурган кыздын жүзү акыркы күндөрү көз алдына көп тартылчу болду. Өлдү деген, бирок чынында тирүү болчу. Кыңкыстап ал дагы Хаятка окшоп алсыз онтоп жаткан. Бирок Шахин аны куткарбады. Ошондо эле бул планды ойлоп койгондур эле балким...
Бир күнү Демир жумушка кеткен. Сыла болсо үйдө олтурган. Кызы жанында уктап жатат. Стол үстүндө Демирдин ноутбугу калып кетиптир. Кызыгып ачып көрдү. Ичинде Сыла менен кызынын ар кандай сүрөттөрү бар экен. Суктанып карап олтура берди. Сыла өзүнүн сүрөттөрү аябай көп экенин көрүп таң калды. Уктап жаткандагы, тамактанып жатканы, басып жүргөнү. Деги койчу ар бир кыймылын тартып олтура бергендей.
-Мунун баарын мага билгизбей качан тартып алган, - деди Сыла өзүнчө.
Улам жылып олтуруп, эски сүрөттөргө өтүп кетти. Үлбүрөгөн ак көйнөк кийип турган Сыла колуна микрофон кармап сахнада турган экен. Дагы жылдырды, андагы сүрөттө болсо көпчүлүктүн арасында турган өзүн көрдү. Таң калычтуу сүрөттөр. Дагы жылдырып олтуруп Хаят Озган деген жазууну окуду. Мына ушул ысымды окуганда мээсине бир нерсе жанып өткөндөй жарк эткен оору пайдай болду. Ноутбукту жаба калды.
"Хаят Озган!" кайталап жатты ичинде.
#27 05 Февраль 2021 - 20:55
Сыла көпкө ойлонду. Бул жөнүндө Демирден сурагысы келип, бирок сурай албады. Анткени Демир өтүмүш жөнүндө сүйлөшүүнү жактырчу эмес. Ошол күнү кечке Хаят деген ысым эсинен кетпей жүрдү.
-Бир жериң ооруп жатабы? - деген Демирдин сөзүнөн чоочуп кетти.
-Жакшы, жакшы баары...
-Негедир ойлуусуң?
-Чарчадым окшойт, бүгүн Севги менен бакчада болдук.
-Өзүңдү көп чарчатпа, - деди Демир адатынча камкор боло.
Сыла жөн гана жылмайды. Тамактан соң Севгини уктатып бөлмөсүнө кирсе, Демир уктабай олтурган экен. Сыла денесин жыйрып алды. Эмнеге экени белгисиз Демир өзүн кучактаса ыңгайсыз боло берет. Ал канчалык мээрим менен, сүйүү менен ыктаган сайын Сыла ошончолук ийне сайгандай жанынан тура качкысы келет. Өзүнүн бул кылыгы үчүн өзүн эчен ирет жемеледи. Өзүн канчалык зордоп Демирге берилүүгө аракет кылганы текке кетип жатат. Анын кучагында жатуу Сыла үчүн ушунчалык азап. Күйөөсү канчалык эркелетип жалбарган сайын, Сыланын ошончолук жаны жанчыла сыздайт.
-Уктадыбы?
-Уктап калды, тентек чарчады да, - деди күзгүнүн алдына келип байланган чачын бошотуп жатып. Өзүнүн ар бир кыймылын суктануу менен көз албай тиктеп турган күйөөсүнүн көз карашын туйуп жатты.
-Абдан сулуусуң! - Демир Сыланы артынан кучактап мойнунан искеп алды.
-Жыпар жытыңдан сенин...
-Демир...мен азыр.
-Сүйүктүүм.. .
Демирдин жалынычтуу ысык илебинен башын чулгуп алып качып кеткиси келип турду.
-Демир мен өзүмдү жакшы сезбей турам.
-Сыла, менимче жетишерлүү эле убакыт өттү го дейм, - Демир дагы эле коё бербей өпкүлөп жатып сүйлөдү.
-Суранам, мен жакшы эмесмин. Чарчаган окшоймун, Демир...
-Макул, - Демир денесин жыйрып алып өзүнөн кетенчиктеп жаткан аялынын колдорун кармады.
-Кел эс алалы, - деди аргасыз капа болгон үн менен.
-Кечир Демир.
-Жакшы баары.
Сыланы кучагына алып уйкуга кетти. Сыла болсо дале ойгоо жатат. Мээсинде Хаят деген ысым жаңырып жатты...
Эртеси Демир жумушка кетери менен кызы Севгини жанына алып олтургузуп ноутбукту жандырды. Интернетке кирип Хаят Озган деп жазды. Эч нерсе деле таба алган жок. Кайра бир аз ойлонуп олтуруп "Түркия, Хаят Озган" - деп жазды эле монитор менен бир болуп өзүнүн бажырая күлүп түшкөн сүрөттөрү жайнап чыкты. Сыланын оозу ачылды. Хаят аттуу бул кыз өзүнө эки тамчы суудай окшош экен. Бир нече мүнөткө шок абалга түшүп калды. Титиреген колдору менен экранда турган сүрөт, видеолорду көрүп жатты. Андан кийинки маалыматтарды да окуду. Хаят Озган жөнүндө жазылган маалыматта кыз Өмүр деген жигитти сүйүп ага турмушка чыккандыгы жөнүндө да бар экен. Ушул ысымды окуганда Сыланын жүрөгү дүкүлдөп согуп, башы катуу ооруп чыкты. Чууруган, кубалашкан элестер катары менен көз алдына тартылып теңселе басып баратты. Аба жетпей бараткандай. Көз алды тумандап барып дубалга жөлөнө калды.
-Хаяяят! Хаятым!
-Ашкым!
Өзү менен бир караандын бири - бирине мурдун тийгизип шыбырашып жатканы тартылды. Ал үндөр ушунчалык так, даана эле кудум азыр, ушул убакта кулак түбүнөн жаңырып жаткандай.
-Бул ким? - деди шыбырап.
Өзүнө ушунчалык окшош адамдын ким экенине акылы жетпей жатат.
-Демир билет экен, анда неге менден жашырып жүрөт? Бул менин эгизимби? Кимсиң сен? - деди ноутбуктун алдына келип андагы өзүнүн сүрөтүн тиктеп.

#33 06 Февраль 2021 - 14:18
#34 06 Февраль 2021 - 20:47
jindirak (06 Февраль 2021 - 14:03) жазган:
Куткуло
Кыргызстан. .
-Өмүр уксаң...
-Айдай биз сүйлөштүк.
-Жок, сен түшүнбөй жатасың мени.
-Айдай! - Өмүр артынан калбай ыйламсырап ээрчип жүргөн аялына бурулуп жүзүнө тигилди.
-Мен бир нерсе дедимби сага? Же катуу сүйлөдүмбү? Бетиңе салдымбы?
Айдай жаштуу көздөрүн жалдыратып башын чайкады.
-Күтөбүз! Кудай деле көрүп турат биздин зарыбызды, берет да бир күнү.
-Үч жыл. Өмүр үч жыл өттү. Дагы үч жыл жөн эле мынтип өтпөйт деп ким кепил боло алат?
- Бала керек болсо багып деле алабыз! Неге мынча өзүңдү жеп жатасың?
-Жоок, мага сенин каныңдан жаралган бала керек!
-Анда сабыр кылабыз.
-Өмүр мен жоготуп алган баламдан кийин жинди боло жаздадым го?! Мага, бизге бала керек! Ооба сен бир да ирет жүзүмө салбадың. Бирок досторго барсак алардын уулун колуңа алганыңда, жыттаганыңда көздөрүңдөн балалуу болууну канчалык каалап турганыңды көрөм. Сен да өз уулуңду ушинтип көтөргүң келгенин сезип турам. Ошонун баарын сезип, билип туруп сага жардам бере албаганым үчүн өзүмдү жеймин. Өмүр жок дебечи...
-Айдай сенин кыйналганыңды каалабаймын. Ансыз деле үч жыл ичинде бардык клиникалардын эшигин жыртып салдың. Эмне мунун баарын мени сезбейт дейсиңби? Же түшүнбөйт дейсиңби?
-Анда мен айткан сунушка көн. - Айдай жалдырап күйөөсүнүн колдорун кармалап алды.
-Анын сенин ден соолугуңа да зыяны тийет түшүнсөңчү?
-Тийбейт, тийсе да ыраазымын.
Өмүр аялынын бул ойдон кайтпасын түшүндү.
Айдай биринчи баласын жоготкондон кийин канча аракет кылса да кайра боюна бүтпөдү. Бул арада анын көрүнбөгөн клиника, дарыгерлери да калбады. Баары сүйлөшүп алышкандай колдорун жайып кудайдан дешет. Акыры ЭКО жолу менен төрөөнү ойлогон. Бирок Айдайдын бул чечимине Өмүр каршы болуп жаткан. Анткени ЭКО да тобокел болчу. Бир жагынан аялынын ден соолугунан сарсанаа болсо, экинчи тарап эгер дагы оң жыйынтыкка жетишпесе Айдай көтөрө алмак эмес. Өмүр аялын карап олтуруп, бир жылдары шок, шайыр жүргөн Айдай ушул экенине ишенбей кетет. Мурун ар дайым көздөрү жайнап, дагы кандай шумдук иштин үстүнөн чыксам экен дегенсип күлмүңдөп турса, азыр бүтүн дүйнөнүн санаасын ичине батырып алгансып ойлуу. Жумушка да мурункудай чыкпай калган. Шатыра шатман жүрүп, каткыра күлгөн Айдайдын ордуна кечке кайгырып, ыйлап сыктаган санаачыл Айдайды алмаштырып койгондой. Мезгил, убакыт, турмуш, бул дүйнө мына ушундай уста, мына ушундай кайрымсыз турбайбы...
Казахстандагы эң мыкты клиникага менен сүйлөшүшүп ошол жактан төрөй турган болду Айдай. Бул аралыкта ушунчалык бактылуу эле. Балким ал өмүрүнүн эң бактылуу күндөрүн азыр жашап жаткандыр. Жанында өзүнүн сүйгөн адамы Өмүр бар, курсагында баласы. Эң негизгиси мына ушул. Башканын баарына кол шилтеди. Өмүр жан дилин берип сүйбөсө да көңүлүн калтырып капа да кылган да жок. Анын жүрөгүндө Хаят өчпөгөнүн, жана мындан ары да өчпөсүн билет. Акыры бул тагдырга көнүп берди.
-Өмүр бул кармасаң... - курсагын кармап чуркап келген Айдай Өмүрдүн алакандарын курсагына койду.
Бүлкүлдөп жаткан кыймылды туйду Өмүр. Алгач чоочуп кетип колун тартып алды да кайра акырын койду. Али жарык дүйнөгө келе элек, энесинин курсагында жатып теминип жаткан баласына ичи элжиреп кетти. Ошол күндөн тарта Өмүр Айдайдын курсагын тыңшап андагы баласы кыймылдаса колу менен аны туйуп жатканды адатка айлантып алды. Бактылуу күндөр тизмектелип бат эле өтүп, булардын көптөн күткөн күнү келди. Алдын ала келишилген боюнча Айдай операция жолу менен балканактай уул төрөдү. Уулунун ыңаалап ыйлаган үнүн укканда көзүнөн жаштары чууруп агып жатты. "Рахмат Жараткан ыраазымын! Миң мерте ыраазымын! " - деп ичинен кайталай берди.
**********
Калифорния.
Сыла шаардын түнкү кооздугун 102 - кабатта жайгашкан квартирасынан күзөтүп турду. Имарттын боору менен бир болуп илинген ар кандай көрнөк жарнактар менен кошо тээ ылдыйда кыйма чийме түшкөн жолдор. Жалтылдап шаарды ого бетер Ал жолдордо эч качан кыймыл токтогон эмес.
-Сыла, - Демир жубайын адатынча жубайын артынан келип кучактап тармал чачтарынан жыттап алды.
-Жакшысыңбы?
-Ооба, сен кандай келдиң? - Сыла артка бурулуп Демирдин жүзүнөн сүйдү.
-Жакшы, эртең сапарга кетем.
-Кайда?
-Австрия, бир жумада кайтамын. Ээрикпейсиңерби?
-Сенсиз ээригебиз, бирок сени чыдамсыздык менен күтөбүз.
-А баса даарыларыңды ичип жатасыңбы? - деди Демир үстүндөгү костюмун чечип көтөрүп бараткан жубайына карап.
-Албетте, - деди Сыла жылмайып.
Кечинде Демир уктаганы жатканда, жуунучу бөлмөдөгү күзгүдөн өзүн карап турган Сыла колундагы таблеткаларды сууну ачып агызып жиберди. Ошол бир жыл мурун ноутбуктан Хаят Озганды көргөндөн кийин аны өз алдынча изилдөөнү баштаган. Өзүнө куюп койгондой окшош кыздын өмүр таржымалын окуп баратып чоң кырсыктан каза болгону тууралуу да билди. Ошол учурда Сыланын көз алдына кырсык тартылган.
Жол боюнда кол тоскон кызды алып, бир аз жүрүшкөндөн кийин, катуу ылдамдыкта кулаган кичүү автобус булар олтурган унааны сүрүп кеткен эле. Баары көз алдына тартылды. Атүгүл ошол кыздын ысымы да эсине түштү. Сыла болчу. Анда өзү ким? Мындай табышмактуу чиеленишкен тагдырдын жообун табуу да оңойго турган жок. Ошол учурда аңдап жетти, Демир дайым аялынан бир нерселерди жашырып жаткандай өзүн шектүү кармачу экен. Атүгүл өзүнүн ден соолугу калыбына келип, кадимкисиндей болуп калса да токтоосуз таблетка ичирип, психологтун сеанстарына алып барып жүрөт. Сыла алгач таблетканы кабыл алууну токтотту. Андан соң Демирдин сапарга чыккан күндөрүнөн пайдаланып психолог Бендин алдына барууну азайтып жатты. Ошентип олтуруп алты айда толук болбосо да жоготкон өтмүшүнүн жарымын эстеди. Эң оболу ата апасын эстегенде көпкө ыйлаган. Демир айткандай эч кимиси жок жетим эмес ата энеси бар экенин билгени үчүн кубанып ыйласа, алар үчүн өзү өлгөндүгүн эстеп ызаа болуп ыйлады. Анан Өмүрдү эстеди. Экөө өткөргөн таттуу күндөрдү, бактылуу ирмемдерди эстеди. Көрсө дайым түшүндө көрүп жүргөн жашоо Бен айткандай кыялы эмес, өтмүшү турбайбы. Зелиханы, Шахинди эстеди. Чачылган элестери менен, унутулган өтмүшүн жыйнап ирээтке келтиргиче мынтип бир жыл өтүптүр. Демирдин эртең сапарга кете турганын угуп көптөн бери пландап жүргөн ишин ишке ашырууну болжоду.
Демир менен телефондо сүйлөшүп, анын учуп кеткенин билери менен даярдап койгон кызы экөөнүн чакан сумкасын алып чыкты да такси чакырып аэропортко жөнөдү.
Москвага учкан учак абага көтөрүлгөндө Сыланын көздөрүнөн мончок жаштары тоголонуп кетти. Канча жылдар мурун дал ушинтип Шахинден качпады беле?....
#35 06 Февраль 2021 - 20:48
********
Түн ортосунда эшигинин коңгуроосу тынбай басылып жатканынан ойгонду Зелиха. Сааты караса түнкү үчтү кагып туруптур. Ушул учурда ким болушу мүмкүн. Акырын бутунун учу менен келип эшике жакындады. Дагы басылды коңгуроо.
-Ким бул? - деди үнүн бийик чыгара.
-Мен! Зелихаа!
Негедир бул үн ушунчалык тааныш эле кулагына. Оюна келген биринчи эле ысымдан жоок деди. Ал эмес. Акырын эшикти ачып көздөрү алайып кыйкырып ийе жаздады. Маңдайында тармал чачтары жайылып, көздөрү ошондой балбылдап жашка толуп, колуна кичинекей уктап калган кызды көтөрүп Хаят турган.
-Сен!
-Зелиха! - деди Хаятка шыбырап.
-Кантип? - дегенге араң жарады курбусу. Андан аркысын билбейт. Ыйлап жатты. Сүйлөп жатты. Түшү же өңү экенин айырмалоо кыйын. Жан курбусу, өлдү деп жерге көмүп койгон Хаяты маңдайында турат.
-Эсиңден танба кудай акы! - деди Хаят да ый аралаш.
-Гүлүм, Хаятым!
Эшик оозунда туруп кучакташып ыйлап жатышты жки курбу. Качан гана Хаяттын колундагы кичинекей кызы кыймылдап ойгонуп жатканда Зелиха эсине келип конокторду үйгө киргизди. Кызын уктоочу бөлмөгө жаткырып коюп чыккан Хаят Зелиханын жанына келип дагы кучакташып ыйлап жатышты.
-Сенсиңби? Оо кудай бул сен?!
Зелиха кайра кайра курбусунун жаш жууган жүзүнөн сылап жатты.
-Бул нерсеге өзүм да ишене албай турам азыр. Мен чын эле Түркияга келдимби? Мен чын эле тирүүмүнбү? Сага түшүндүрүүэмес өзүмө түшүнүп аңдай албай жатамын.
-Хаятым менин баары артта калды. Бүгүн эс ал. Анан шашпай баарын сүйлөшөбүз.
-Ээххх Зелиха сен азыр мени уктайт деп турасыңбы? Жоок! - деп башын чайкады Хаят.
-Эң оболу бул жактан кетүү керек. Карасаң ушунчанын ичинен сенин дарегиңди эстегенимди. Анан да коркпой келгенимди. Сен да мени күткөндөй көчүп кетпептирсиң.
-Эмнеге кетүүбүз керек?
-Шахин, мени издеп келет баары бир.
-Ооба башка дагы ким болмок эле? Мындай акмакчылык жалгыз эле анын колунан келет. Айтам да кантип эле кырсык болуп кетти деп. Көрсө баарын ал уюштурган беле? Жүзү жок, дагы сенин зыйнатыңа катышканын эстесем. Токтой турчу? Анда биз сен деп жерге берген кыз ким? - деди Зелиха көздөрү бакырайып.
-Сыла!
-Сыла? Ал ким эле?
-Ошону тактообуз керек Зелиха. Бирок кырсыкты Шахин уюштурбады.
-Анан?
-Кокустук болду. Бирок андан аркысы эсимде жок Зелиха. Эсимде калганы Сыла деген кыз мени менен чогуу болчу. Аданада эжесине бараткан экен. Биз токтоп алып алганбыз. Ал да кош бойлуу болчу. Анан эле кырсык болду. Бирок Шахин кайдан пайда болду, кантип мени куткарды билбейм. Мен көздөрүмдү Калифорнияда ачтым.
-Калифорния?
-Ооба жанымда Шахин бар эле. Эч нерсени эстей албай койдум. Баарын тазалап койгондой. Шахин мени Сыласың деди.
Хаят баарын, баарын айтып берди.
-Бирок Шахин менин, кызымдын өмүрүн сактап калды десем болот. Бирок анын баасы да кымбат. Биз эң биринчи коопсуз жайга көчүүбүз керек. Анан Сыла жөнүндө изилдешибиз керек. Мен Шахин жөнүндө көп маалымат билем, жана далилдерим да бар. Аны полицияга ишенимдүү адам аркылуу өткөрүп берүү керек. Шахин сен экөөбүз ойлогондон да алда канча таасирдүү адам. Ал кылмыш дүйнөсүнүн адамы Зелиха.
Хаят бир жыл аралыгында Шахиндин жанында жашар жүрүп анын бүт иштерин үйрөнүп чыккан эле. Атүгүл сейфке каткан документтери менен ноутбугунда сакталган маалыматтарды да кичинекей флеш картага өткөрүп алган. Хаят бир жыл Шахин менен актриса болуп жашады. Анын ишенимине толук кирип туруп мынтип качууну болжогон эле.
-Хаят апаңачы качан барабыз?
-Билбейм Зелиха. Мен азыр жашоомду кандай улап, кандай жашап кетүүнү билбей олтурамын. Төрт жыл мурун өлгөн Хаятты кайра тирүүлүккө алып чыгайынбы же, ушул жашоо менен Сыла болуп жашай беремби?
-Өмүр..
-Ооххх Өмүр! - деп алды оор онтогон Хаят.
-Ушул адамды унутуу баарынан да оор. Бүтүн өтмүшүм эстен чыкса да Өмүрдүн карааны такыр чыкпай койду. Түшүмдө мени менен болду.
-Ал Айдай экөө...
-Билем, - деди Хаят курбусунун сөзүн бөлө.
-Окудум. Өмүр менден кийин кантип жашоо улаганынан кабарым бар. Бирок ал эл алдындагы гана чындык. А чынында Өмүр кандай жашоодо жашады, баарыбызга табышмак...
-Кызым Севгинин көздөрүнөн Өмүрдү көрөм. Бүтүн турпаты менен мага окшосо да көздөрү Өмүрдүн көзүндөй. Күлүп, жашоону сүйүп турат.
Эки курбу божурашып, сагынычтарын таратып олтуруп таңга жуук гана Хаят уктап кетти. Бышылдап уктап жаткан кичинекей кызы менен кошо көшүлүп уйкуга кеткен курбусун кыйла тиктеп олтурду.
Эртеси эрте менен эле Зелиханын туугандары жашаган алыскы кыштакка көчүп кетишти.
Демир улам телефон чалып Сылага да, үйүнө да түшө албай жатты. Негедир жүрөгү түпөйүл болуп туруп алды.
-Алло Бен? Бүгүн Сыла сенде болмок, мен түшө албай жатамын.
-Жок Демир мырза. Сыла айым эки ай мурун сеанстарды токтоткон.
-Кандайча?
-Бул сиздин чечимиңиз менен деген.
-Мен...менин кабарым жок!
Телефонду койгон Демир дароо жардамчысына чалды.
-Калифорнияга учабыз! Бүгүндөн калбай. Жана да Сыла Айдынды бардык көзөмөл пунктарынан текшерткиле!
Дал беш жыл мурункудай абалга түштү. Бул жолу да оңой эле качып кетти. "Кантип?" - деди Демир. "Мен сезбей калдымбы? Мен эмнени туура эмес жасадым? Кайжерден ката кадам койдум?" Демирдин мээси чыңалып чыкты.

#40 07 Февраль 2021 - 21:21
jindirak (05 Февраль 2021 - 20:43) жазган:
Бол Эми жаз жаным, созсуз мен айтышым керекпи сага.
*******
Сыла Айдындын Москвага учкандыгын аныктаган Демир чачылган үйүнүн ортосунда шалдырап олтура кетти. Үйдү неге мынча аңтарып чачканы белгисиз, андан эч нерсе албаптар. Атүгүл өзү белек кылган кымбат балуу таштар менен жасалган зер буюмдары да жатат. Кызы менен өзүнүн гана документтерин алып кетиптир. Москва... калдайган шаардын кайсы бурчунан табат эми аны? Ушунчалык өзүнө ишенип качкан экен, демек мындан аркы жашоосунун баарын камсыз кылган. "Ушинтип эле кетип калабы? Кантип эле Демирге мээрими түшпөдү? Кантип өзү үчүн кылган мунун бардык аракетине кол шилтеп басып кетти? Хаят! Мен сен үчүн башка адамга айлангам! Сен үчүн бүт өтмүштү көмүп таза жашоо баштагам! Мен сен үчүн... Хаяяяят!? Жоок! Сен мынтип эле жоголуп кете албайсың! Сен менсиз тынч жашай албайсың! Бир жолу сени кайтарып алдымбы, кайра дагы кайтарам! " - деди Демир. Стамбулга учууга билет заказ кылды. Хаят сөзсүз Зелиханын алдына кайтат деп ойлоду.
Бул убакта Хаят менен кызы алыскы кыштакта тынч жашоодо жашап жатышкан. Хаят бүгүн, эртең мындан кийинки жашоосун, кадамын ойдобойм деп чечти. Азырынча жөн гана бул таттуу жашоонун даамын сезип, тирүүлүктүн ар бир күнүнөн ырахат алууну көздөдү. Канчалык жүрөгү тынч болгон сайын, ошончолук өткөн күндөрү көп көз алдына тартыла баштады. Акырындык менен баарын эстеди. Ошентип жатып эки ай убакыт өтүптүр.
-Хаят, биз мындан ары эмне кылабыз? - Зелиха бакчадагы селкинчекте олтурган Хаяттын жанына келди.
-Кандайдыр бир кадамга баруунун убактысы келди окшойт. - Хаят көздөрүн жумган абалда сүйлөп жатты.
-Ооба Хаят. Шахин Стамбулда. Ачык болбогону менен тымызын мени издетип жатыптыр. Бир өмүр бул кыштакта экөөбүз тең кала албайбыз. Калганыбызда деле Шахин бул жакты баары бир бир күн таап келет.
-Зелиха, алгач Сыланын эжесин табуу керек. Анан үйгө баруум керек. Ууффф... Зелиха. Кандай жашоо кылсам. Мен Шахинден качып, же анын үстүнөн кылмыш ишин ачуу үчүн Өмүргө байланышууга чыгуу керек. Эми элестет жаңы гана өз жашоосун түптөп өзүнө келе баштаганда мен пайда болсом? Тынч жашоосун кайра бузуудан коркуп турамын.
-Хаят, сен өмүр өткүчө качып да жашай албайсың да.
-Өххх жүрөгүм! Ал мени эчак эле көмүп койгондо маңдайынан пайда болсом, кандай абалда калаар экен?!
Адана...
Фазилет короодогу, күйөөсү Салим тигип кеткен бакты карап олтура берет. Бир кездерде ушул бакча шаңга толуп, ичинде кыздарынын кыткылыктап күлгөндөрү угулуп турчу. Кечинде болсо бактын астында чай ичип кызуу маек курушчу. Кийин кантип, кайсыл күнү кооз шурудай тизилген жашоолору чачылып кетти? Чоң кыздарын катары менен узатты. Анан Хаяты. Ал кызынын өз бактысын таап кеткени, булардын салтына каршы иш кылганы үчүн атасы кечип койду. Бирок ошондо да жүрөгүнөн, дилинен Хаятын кече албай койгон. Сыртынан канчалык таарынып турса да, кызын сагынып саргарып турганы өңүнөн билинчү. Акыры ошол сары оорудан төшөккө кулады. Анан Хаятын сурады. Сагынганын, кечиргенин айтты. Келсин деди. Бирок... чабалекейдей учуп келе жаткан кызы атасына жетпей кетти... "Экөөң тиги дүйнөдө кезигээрсиңер. " - деди көзүнөн тамган жашын сүртүп. Бир убакта чоң каалгасы ачылып алгач Зелиха кирип келди.
-Зелиха!
-Кел?
-Фазилет ханым, мен жалгыз эмесмин! Хаят мен менен... - деди абайлап.
-Хаят!
Ары жактан колуна кичинекей кызды жетелеген Хаяты көрүндү.
-Апааа?!
Хаят өзүн кармап тура албады. Бакырган бойдон апасынын кучагына бой урду...
Узака созулуп окулган курандан кийин Хаят атасынын мүрзөсүнүн башында көпкө чейин көз жаш төгүп олтурда. Фазилет менен Зелиха Хаяттын кызын жетелеп ары басып кетишти.
"Ата, атам! Мени кечир! Билесиңби кичинемден эле апама караганда сага жакын өстүм. Мен сенин кызың элем. Уул күтүп жүрүп, мен төрөлсөм да сен мени өзгөчө жакшы көрдүң! Кардуу жүзүң мага гана жибип жылмайчу. Сен менден көптү үмүт кылар элең. Бирок кечир, ошол үмүттөрүңдүн, тилектериңдин баарын талкалап мен басып кеттим. Андан кийин да сен мени көпкө күттүң. А мен болсо корктум. Көзүмө карап туруп, мындай кызым жок деген сөздү айтып салууңдан корктум. Ич ичимден ал сөздү айтпайт экениңди билсем да. Ата кечир. Кечир Хаятыңды."
Зелиха телефон менен кимдир бирөөгө чалып жатты. Узака созулган чакыруудан соң:
-Алло? - деген алсыз аялдын үнү угулду.
*********
-Айдай Стамова өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
-Уулум!
-Белек жакшы, сен кандай сезип жатасың өзүңдү?
-Мен жакшымын, кечир мени... - деди Айдай көзүнөн жаш сызылып.
-Эмне деп жатасың?
-Мен... мен кайра сага эми бала төрөп бере албайм..
-Чүүүш... бизде белек бар. Баары жакшы. Тынчтан.
Айдай ЭКО жолу менен төрөгөндөн бир ай өтпөй абалы оорлоп кетти. Шашылыш текшерүүдөн өткөн соң жатындын рагы деген диагноз коюлуп, операция жасалып менен бүтүндөй эне болуу бактысынан ажырап калды. Бирок ошондо да абалы толук калыбына келген жок. Күн өткөн сайые оорлошуп, соолуй берди. Ошондой күндөрдүн биринде жалгыз үйдө жаткан кичинекей Белек уктап, жанында уулун көздөрү тойбой карап, улам кипкичинекей быйтыйган колдорунан өөп алып жатты. Анын мынтип элжиреп олтурганын телефонуна келген чалуу бузуп жиберди. Жат, чет жактын номери экен.
-Алло, - деди алсыз.
-Айдай Стамованы мүмкүнбү? - орус тилинде акцент менен жаңырды ары жактагы кыздын үнү.
-Угуп жатамын.
-Мен Зелихамын...
Түндөсү дагы Айдайдын дене табы көтөрүлүп ооруканага жеткирип келди Өмүр. Түнү менен ар кандай уколдордун жардамы менен таңга жуук гана көтөрүлгөн дене табын түшүрүштү.
-Өмүр, уулубузду жакшы кара! - Айдай алсыз шыбырады.
-Андай сөз сүйлөбөйт. Сен айыгасың, көрөсүң го.
-Жоок, жоок. Менин сөзүмдү бөлбөй ук!
-Айдайка, суранам мени таштап кетпе! - Өмүр жалдырагандай аялынын колдорун бекем кармап алды.
-Сени менден да жакшы караган, ишеничтүү адамга таштап кетем, - деди жылмайган Айдай.
Ошол учурда эшик ачылып Хаят менен кызы, анан Зелиха болуп кирип келишти. Дүкүлдөгөн жүрөктөрдүн кагышы...үнсүз тиктешүү. Көкмөк жашка толуп турган көздөрүн жайнаткан Хаят, анын колун кармап чоочуркап артына жашынган өзүнө окшош кичинекей кыз. Хаят Өмүрдүн көздөрүн көргөндө гана бүтүн жашоосу көз алдына тизмектелип өттү. Ар бир ирмем, ар бир окуядан бери чууруп өтүп жатты.
-Хаятым!
-Ашкым!
Өмүр кантип кызга жетип аны кучагына алганын билбейт. Бекем бооруна кысып туруп да ишенбей жатты. Мына өзүнө тааныш дене, жыт, көздөр....
Бир убакта гана барып коё берип кичинекей кызга жакындады. Көздөрү күлүңдөп капкара, чачтары болсо тармал. Бир карасаң Өмүргө, бир карасаң Хаятка окшош. Кудум Өмүр менен Хаятты аралаштырып салгандай.
-Ысымың ким? - деди колун сунуп.
-Севги!
Өмүр кызды колуна алып көтөрүп жүзүнөн сүйдү.
-Мени кечиргиле... - деди алсыз жаткан Айдай буларды тиктеп.
-Айдай...
Ошол убакта Айдайдын бала багуучу кызы уулун көтөрүп кирип келди. Аны Айдай атайын чакырткан болчу.
-Хаят, - деген Айдай жаткан ордунан бир аз өйдө болуп Хаятка колун сунду. Хаят да анын колун кармап жанына келди.
-Сага көп жаман нерсе жасагам... менимче ал үчүн жазамды да алдым. Суранам кечир. Кечире албассың... бирок бир өтүнүчүм уулумду жакшы кара..
-Жок, жок! - деди Хаяттын көздөрү бакырайып.
-Сен эмне деп жатасың? Мен анте албайм. Өмүр, балаң алар сеники...
-Эми кеч... суранам уулумду өгөйлөбөй кабыл ал. Жалгыз суранычым ушул...
Айдай уулун көтөрүп өзүнө алды да бооруна басып көздөрүн жумган калыбында кумарлана жыттап көпкө турду да Хаятка сунду. Хаят титиреген колдору менен аппак орогучка оролуп эч нерседен бейкапар уктап жаткан ымыркайды алды. Айдайдын көздөрүнөн жаштары агып жалдырап карап турган экен.
-Сөз берем, өз баламдай караймын! - деди Хаят да жашын агызып. Айдайдын укол сайылып турган арык ичке колдорун бекем кармап алган Өмүр экөөнүн жанына келди.
-Мына эми баары ордуна түштү, - деди Айдай жаш аралаш күлүмсүрөп.
-Эч качан ажырабас жүрөктөрдү ажыратам деген мен акмак болгом! Мени кечиргиле...
Бир жумадан соң Айдай Хаяттын колун кармап бул жашоодон көз жумду. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн Хаяттын колунда жашады. Хаят кудум жаш баладай кам көрдү. Жуунтуп, тамак ичирип, жанында олтуруп көп кызыктар жөнүндө сүйлөп берчү...
"4 жыл мурун жол кырсыгынан каза болгон актриса, модель Хаят Жолдошбекова тирүү" - деген маалымат бат эле интернет бетин каптады. Хаят колундагы Шахинге каршы бүт далилдерин милицияга тапшырып берди. Эки күндөн соң Шахин Йылдырым өзү милицияга келди. Анын бир гана талабы Хаят менен жолугушуу болду.
-Хаят сени анын алдына жалгыз киргизе албайм! - деген Өмүр кыйылып турду.
-Мени менен эч нерсе болбойт, - деди Хаят ишенимдүү.
-Сени кайра жоготкум келбейт!
-Шахин мага тийбейт, ал жагынан сарсанаа болбо...
Кенен бөлмөдө жолугушту экөө. Хаяттын көздөрү мурункудай нурданып сулуулугу ансайын ашыптыр.
-Салам.
-Салам! - деди кыз.
-Эмнеге мындай жолго бардың?
-Кандай?
-Хаят, эмнеге менден кеттиң? Эмнеге өзүбүздүн бактылуу жашообузду бузуп кеттиң?
-Ал менин жашоом эмес болчу. Мен өз жашоомо кайттым.
-Мен сен үчүн баарын жасагам.
-Бир кыздын өмүрүнүн баасынабы?
-Хаят!
-Бир эле суроо? Ал кыз тирүү беле?
-Ал маңдайына жазганын көрдү.
-Тирүү беле ал, сен мени алып чыкканда? - Хаят Шахинге жакын келип анын көздөрүнө тике карады.
Шахиндин көз алдына кайра ошол кыздын жүзү тартылды. Машинанын терезесин сындырып Хаятты сууруп жатканда анын тирүү экенин билген. Чекеси жарылып андан кан сызылып, кыңкыстап онтоп жаткан. Хаятты унаага салып, кайра ал кызга кайтмакчы болгон. Бирок... кокустан оюна укмуштуу план келип аны таштай качкан...
-Тирүү болчу... - деди башын шылкыйта.
Хаяттын көз алдына өзү менен жанаша олтурган кош бойлуу Сыла, жакында эле изилдеп тапкан анын күйөөсү менен эжеси тартылды. Ушунча жылдан бери экөө тең кызды издешпей тирүү деп жүрүшкөн экен. Хаят деп жерге берилген мүрзөгө келишип боздоп ыйлашканын эстеди...
-Сен... - Хаяттын көзүнөн аккан жашы жагы менен сызылып түштү.
-Анан кантип ошол жүк менен жашап жүрөсүң?
-Кыйналам. Сен элестете да албайсың...
-Кош! Башка сөзүм жок сага! - деген Хаят терс бурулду.
-Хаят, бир гана суроомо жооп бер.
-...
-Айтчы баарын эстегиче мени менен бактылуу боло алдыңбы? Бир аз болсо да сага бакыт бере алдымбы?
-Сени менен тынч жашадым, бактылуу эмес. Жетишерлүү жашоодо, жандүйнөм ачка жашадым. Көөдөнүм сыздап, толбой жашадым...
Оор эшик тарс эттире жабылып Хаят чыгып кетти. Ал түбөлүккө чыгып кетти Шахиндин жашоосунан. Эң кызык да, таң калычтуу да нерсе Шахиндин колунан эч нерсе келбеди. Бардыкты жасап, бузуп керек болсо башынан курган Шахин Йылдырым бул кыздын алдында алсыз экенине дагы бир жолу ынанды.
Шахинди Түркия мамлекетине өткөрүп беришкенден бир айдан соң анын дайынсыз кеткендиги жөнүндө кабар келди. Өмүргө алар көлдө эс алууда жүрүшкөндө милициядан чалышып эскертүү берилди.
-Сак болуубуз керек, - деди Өмүр телефонду коюп жатып.
-Шахин эми кайра мага тийбейт, ал менин деги эле биздин жашообузда кайра пайда болбойт - деди Хаят керебетте жаткан кичинекей Белекти көтөрүп жатып.
-Белегим!
Белекти аяр кучактап терезе алдына келип астында чалкып жаткан көлдү тиктеп турду.
Артынан келген Өмүр кучактап чачтарынан искеп алды.
-Бизди табыштырган касиеттүү көл! - деди шыбырап.
-Биздин көл, биздин асман.
-Баарынан өзгөчө. Баарынан бөлөкчө. Биздин дүйнө башка, андагы сүйүүбүздүн асманы да өзүнчө...!
АЯГЫ...