ЭРИУС таблеткасы жакшы жардам берет
Бөрү жатыш Кеңеш бергилечи
#22 29 Ноябрь 2014 - 03:43
менде дагы ошондой суукта эшикте журуп ысыка киргенде будурлор чыгып алар бири-бирине туташып шишип кетем.кобунчо бетим ошондой болот.ысык сууга жууп жаным калат .болбосо жанымды сууруп алчудай кычышат .муну мен оору деле катары кабыл алчуу эмесмин ойлондуруп койдунар.
#23 16 Апрель 2015 - 09:41
бул оору менен мен да ооругам,кычышып будурлор чоноюп шишип аба жетпей калган дем ала албай кыйналгам. бир эже сары майды дактап пияз куруп ысык ичирип жибергенде жоголуп кеткен, ошондон кийин эч кайталабады.
Бул сууктан чыгат экен да
Азга-канаат,
Барга-шугур,
Жокго-сабыр. ..кыл бир тууганым.
Барга-шугур,
Жокго-сабыр. ..кыл бир тууганым.
#24 16 Апрель 2015 - 12:32
Кичинемде менда суукта жүрүп калсам бөрү жатыш болчум, тырманып жатып калат элем. Атайы адеколон алып койгонбуз, сразу ошодон суртуп салышат эле, ачышып туруп кайра жакшы болуп калчум. Азыр жоголуп кеткен.
#25 16 Апрель 2015 - 19:17
Мага чыга элек Кудай сактасын.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#26 28 Апрель 2015 - 16:49
Менда бул оору мн ооруганмын.
Кычышканы аявай жанды кейитет да.Аз аздан сандарымв чыгып журуп кийин бут денеме таркап кеткен.Арак сыйпачумун башталгандале.
Азыр Кудайга шугур жок,калып кетти.Кичине ушуп калсам эле башталат эле,ал кобунчосу сууктан чыгат экен.
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 28 Апрель 2015 - 16:49
#27 28 Апрель 2015 - 21:47
Менда болгон элем 8-классымда.
Мен борунун путу мн ошо кычышкан жерлерин тырнасам жок бп кеткен.Ошо мн кайталабады.
Ырымы ошондой экен анын.
#29 29 Апрель 2015 - 22:22
Бөрү жатыштын башталышы
Оору капысынан башталат. Кол, бут, чанда бетке бүдүрлөр чыгат. Бүдүрлөрдүн көлөмү жана формасы ар түрдүү, ачык мала кызыл, кээде ак түстө болуп, ортосу томпоюп турат. Абдан кычышып, дүүлүгөт, көлөмү жана формасы өзгөрүлүп турат. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жоголот. Бүдүрлөр чыккан дене ысыйт, оорулуунун алы кетип, сабыркайт. Кээде ал өтө чоң болуп, жумшак таңдайдын, кулкундун, ички органдардын былжыр чели шишийт. Бөрү жатыштын бул формасы өтө оор өтөт. Мындай учурда тезинен врач чакыруу зарыл.
Дарылоо
Дарылоо догдурдун көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт. Бул учурда сүт, жашылча диетасы сунуш кылынат, аллергия пайда кылуучу тамак-аш, ошондой эле өткүр же сүрсүгөн тамак-аш жегенге болбойт. Катуу кармаган бөрү жатышта организмден аллергенди (тамак же дары каражаттарын) тез чыгаруу (клизма жасап, суюктукту көп ичирип) зарыл. Өнөкөт бөрү жатышта курортто дарылануу, деңизге түшүү, аба жана күн ванналары пайдалуу. Кычышууну азайтуу үчүн муздак компресс, жылуу ваннаны колдонуу жакшы; терини соданын эритмеси (1 стакан сууга 1 чай кашык), арак, календуланын тундурмасы менен сүртсө болот. Оорунун кайталанышынан сактануу үчүн кайсы тамак-ашка жана дарыга сезгич экендигин билип, аны колдонбоого аракеттенүү, догдурдун көрсөтмөлөрүн так аткаруу талап кылынат!

#30 27 Август 2015 - 20:18
Мектепте окуп жургон убагымда сууга тушуп чомуло бергенимден,
менин денемида бору жатыш басып кеткен эле. Кычышканы эми тим эле жанды кашайтат, канча жургону эсимде жок кийин жоголуп кеткенго. Апакем бир элдик ыкманы колдонсо керек эле айыгып кеткем.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#31 12 Март 2016 - 15:08
Мен дагы бөрү жатыш болуп калгам суууука чыкканда .үшүп кеткенде.жаман нерсе кудай сактасын
#32 22 Июнь 2016 - 02:24
Синдим 6-класс экообуз бир болмодо жатабыз жамынтып койойун деп карасам эле бут денеси кыпкызыл будур болуп кетиптир башта да чыкчу таблетка ичет эле, азыр болсо уктап атса чоочутпайын деп колума спиртти ысытып денесине коюп ыссык ороп олтурам карасам денем зырылдап кеттат, кычышпайт окшойт тырмабай эле жатат
#33 22 Июнь 2016 - 02:25
Атайын издеп таптым ушул теманы эртен сары майды ысытып ичирет окшойм
#34 21 Август 2016 - 23:52
Ассалому алейкум урматтуу форумчулар?
Иниме 6-7айдан бери бору жатыш чыгып кайтпай жатат. Доктурга алып барсак димидрол ичиргиле дейт. Кичине кайтат бирок кайра эле чыгып жатат. Карышкырдын тырмагы менен да тырмап кордук кайтпай жатат. Билген кеп,кенешиниздерди бериниздер.
Аллах ыраазы болсун!!
!!!
#35 13 Февраль 2017 - 00:06
Менда бул оору менен 2 айдан бери ооруп жүрөм. Тажап кеттим уже. Эмне ичип, эмне жешимди да билбей калдым. Күн сайын караңгы болору менен чыгат. Башым ооруп, эч нерсе жакбай калат.
Билдирүүнү түзөткөн: beiby: 13 Февраль 2017 - 00:14
#36 22 Февраль 2017 - 05:40
Кудааай оз шыпаанды бере кор мен да ушу кыштан бери кычышып келип жатам. Бала менен уйдомун врачка да корунгон жокмун. Ушундай жанымды жеп кычышат анан гууглдан издеп таптым бору жатыш дейт турбайбы? Дуйнодо мен жалгыз кычышып аткандай жаман болуп жаткам.
#37 24 Август 2017 - 20:43
Мага да чыгат ушу балее...Сууктан чыйрыгып калсам чыгат...Аба Алмашканда да чыгат экен .
#38 29 Декабрь 2019 - 20:52
ушул бору жатыштан айыккандар болсо кантип эмне кылып айыктынар айтып койгулачы сураныч менин эн биринчи проблемам болду го ушул бору жатыш