Miss.erkewka95 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 719 (0,29 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (188 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 16 Январь 18
- Кароолор:
- 57 594
- Соңку аракети
- 23 Авг 2018 00:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 3, 1995
- Кызыгуусу:
- Кругосветное путешествие...
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Тоолордун чокусунда...
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Kattaldym
20 Май 2024 - 08:05 -
bessmertiy
09 Янв 2022 - 13:48 -
friendwipkg
10 Дек 2021 - 07:03 -
gitaris93
29 Авг 2021 - 20:35 -
Bek_abad
16 Июн 2021 - 02:19 -
Pr0gramer
10 Апр 2021 - 17:56 -
Master_84
16 Фев 2021 - 02:15 -
Kominam
19 Дек 2020 - 01:00 -
klarisa
25 Окт 2020 - 22:30 -
Aylin_05
10 Июн 2020 - 21:36
Мен ачкан темалар
-
Азыркы учурдун ЭРКЕКТЕРИ
Жазылган күн: 8 Авг 2018
Аял киши турмушка чыгып(Чыгуу! Чыгат! Ата-эне жоопкерчилигинен, күйөөнүн жоопкерчилигине ЧЫГУУ) жатып бүткүл ӨЗҮН күйөөсүнө арнайт.
Өзүн - денесин эле эмес, ойун, келечегин, тагдырын, бар көйгөйүн, жаралуучу көйгөйлөрүн, айтор ФИНАНСО-МАТЕРИАЛЬНО- ФИЗИЧЕСКИ арнайт! Эр алат! (Алуу, өзүнө бүтүндөй бир адамды, келечегин, көйгөйүн кошо алат)
Анан эми ошо, арноочусу кабыл алуунун ордуна, кайра өзүн арнап турса, аял киши турмушка ЧЫГУУ эмес эле АЛУУ керек болуп калатко!
"За мужчин - нытиков замуж не выходят, их в жёны берут!" деп бир тармактан окудум эле.
Чын эле ушундайлар көбөйгөндөй. ..
Төрт баланы төрөп, алардын кемин жалгыз өзү толуктап, аларга кошумча араккор күйөөсүн желкеге артып алып, өзү аял экендигин да унутуп калган, темирден жаралгандай, кара жанын карч уруп жүргөн айымдарыбыз канча?
Күйөө сөрөй, түйшүктүн бар экенин байкоодон көрө, өзүнүн дартын оодарууну оңой көрүп олтурса, аял кантсин?
Кемчиликти айттыра койбой, өзүнүн аябай кыйналып жүргөнүн айтып, акырында "Колумдан не келет? Бар аракетим кылып жатпаймынбы? " деп кайра доого урунуп, баарына аялын күнөөлөп басып кетет. Мындайда кайрадан эле аялга түшөт. "Байкушум чын эле кыйналып турат, кой өзүм эле..."
Анан?
Дагы деле АЯЛ!?!?
"- Аялы начар чыгып, ушинтип ичип кеткен..."
Ой садаголойундаар, мунун атасы иччү, чоң атасы иччү, агасы менен иниси азырда ичет! Гендерди да унутпашыбыз керек! Аялы болгону бир шордуу. Күйөө тандоо убактысы келгенде, "Чүйөм ушуну!" деп тийип алган.
Сүйүүнүн канчалык убактылуу экенин жана да баркын жоготуучулар да ушулар!
Турмушка аттанаардан мурда ата-тегин сүрүштүрүү деген канчалык маанилүү экендигин кеч түшүнүшөт!
Ооба, ата-тегин репутациясы начарлардан деле азамат уулдар чыгат, бирок, көптөн бири гана! Мындайда 50/50!
Тобокелге салууга туура келет!
"Эрди ЭР кылганда, кара жер кылганда АЯЛ!"деген дурной лакапты бет мандайыбызга илип алып, бар айыпты аялдан издеп жыргап калабыз!
Туура, аял - акылдуу, аял- амалкөй, аял - сезимтал! А бирок эркекчи?
Эркек эмне, эч нерсеге акылы жетпеген бир дөдөйбү? Дейин десең, бар акылдуу эркектин баары ушул форумга топтолуп алгандай, бирдеме дедире койбой, "сен көк мээ, буга башың жетпейт..." деп түшүшөт! Ошондо башы жетүүчүнүн акылы каерге чейин жетип жатат?
Келиниздер эми башкы этапка бир бурулуп, мындайча айтканда "заводской настройкага" карап, аял менен эркектин функцияларын бөлүштүрүп алабыз?
Аял - төрөйт, баласын тарбиялайт, тазалык, тыкандык жана күйөөсүнүн төшөк маселесине жооптуу!
Эркек - үй-бүлөөгө; аялына, балдарына, каарыган, кол караган ата-энесине жооптуу! Тамагынан тартып, коопсуздугу, кийим - кече, даары - дармек, ооруу - сыркоосун баарын мойнуна алуусу керек! Доого урунуп, милдеттенип эмес, камкорлук менен камсыздоо керек!
Бир нерсеге жарап койсо "Ушинттим эле" деп төшүн кагып, эрдемсинип, эл көзүнө баарын бүтүрүп аткан көрүнүп дагы да аялын башкара алган көрүнүп, кара мушун колдонуп жиберишет. Аял затын күч колдонгон дөдөйлөргө дагы бир башка тема ачса болгудай! Бурулайдын өлүмүн эстесен сөөгүң зыркырайт. Эркек атын жамынган зөөкүрлөр, "Кичинекей кумалак, бир карын майды чиритет" дегендей бүткүл эркек аттуунун абройуна так түшүрүп жүрүшөт. Буларга кара күчтү туура пайдалануу керектигин түшүндүрүү кимдин мойнунда?
"Уядан эмнени көрсө, учканда ошону кылат" дегенге таянсак, дагы деле баланын көз алдынча аялга муш көтөргөн эр азамат күнөөлүүбү?
"Бир киши Жаратуучуга кайрылат ;
- Оо Жараткан, эмнеге кыздын баары сулуу, шайыр, жагымдуу, ал эми аялдар болсо кабагы ачылбаган, жагымсыз жана нааразы?
- Анткени кыздарды мен жаратам, а силер ЭРКЕКТЕР, алардан аял кыласынар! "
Өз үй-бүлөсүн эптей албай жатып, бойдок кыздарга көз арткан дөдөйлөр такыр эле бөлөк тема! (причём 1 том) Бул дагы жоопкерчиликсиздин бир бөлүгү!
Мен муну менен аялдарды аппак кылып, бар эркекти каралагым келген жок! Болгону бир нече факты менен, өз ойумду анализдеп аял затын аяп, бар ойумду төгүп салдым.
Талак маселесинин эркекке берилгендигинин себеби да, алар табиятынан оор, жоопкерчиликтүү, намыстуу, камкор деп айтылат? Бул чындык десек азыр бизге ким ишенет? Эгер бул сөздөр чындык болгондо азыркы күндөгү АЖЫРАШУУ МАСЕЛЕСИ мынчалык көп учурабас беле? Демек жалган! Эркектер эч кандай жоопкерчиликтүү эмес, эч кандай оор эмес. Мунун дагы бир далили ушул эле форум! Кайсы темага баш бакпа, аялдар калып эле, эркектердин бирин бири куткулап, бирин бири чукулап, ажылдашып, чырдын майданын ээлеп отургандары! ?
Ата - энелер, сиздерге да суроо; тарбия берип, чонойтуп жаткан уулунуз, бой жеткенде жоопкерчилиги жогору болуп, аялын кыйнабай, ЭРКЕКтик талаптарга жооп береерине канчалык деңгээлдеги кепилдигиниздер бар? Дегеним өзүңүздөргө "Уулум элине зыянын эмес пайдасын тийгизеер уул болобу?" деп суроо бердиниздерби жана ошого жооп берүүчү эмне аткардыныздар? "Бул менин ишим эмес!" деп ойлонбой койо албайм, себеби балким мен эртеге дал ошол силердин уулунарга кызымды береттирмин. Бир эле менин кызым менен чектелип калбайт, мендей болуп бүткүл Кыргызстан турат. Силердин уулунар-биздин келечек!
Баары дебейм бирок, эркектердин басымдуу бөлүгү өзүн эр тутууну унутуп бараткандай азыркы убакта. Ошол себеп АЖЫРАШУУ көйгөйү басымдуу түрдө жогорулап баратканы!
"Катын жолдо, бала белде!"
"Чонойсо, уулум өзү таап келет! " деп оңой олтоң эки жолго түшүп кеткендер, силер канчалык узун жынжырды жаратып алдынар элестете аласынарбы? Уулуң сенин жолуңду жолдойт! Жолдобойт деп кантип кепилдик бересиң? Ал бала эркек адам аялына кандай мамиле кылуу керектигин көргөн жок! А балким көрсө да, сенин ур токмогунду көргөндүр... !!!
Канчалаган жетим чонойот? Мээрсиз, таш боорлор өсүп, канчалаган Бурулайдай күнөөсүз чүрөктөр азап чегет? А балким кордук көрүп жаткан кыз сенин кызың болуп калсачы? Сен деген ага ата мээримин берген жоксуң, кыз балага эркектин мээрими абадай керек! Сенден толук ала албаган мээримди зөөкүрдүн бир эле жумшак сөзүнө алданаары анык! Бүткүл келечек эркектердин колунда болуп жаткан учурда, эркектерибиздин акыбалы бул болуп турса, бизди эмне күтүүдө?
Бул маселеге өз ойунуздар, чечиминиздер, алдын алуу же кантип токтотуу же балким көйгөй катары эмес, муну өзүнө ыңгайлуу тараптан көрүп тургандар да бардыр, бизде деген ЛИДЕР айымдар жок эмес. Балким аларга турмуш арабасын өзү тартуу ыңгайлуудур, а бирок аял заты миң эле күчтүү, эрктүү болбосун, табиятынан назик келет. "Бул өзү эптейт!" деп түйшүктү оодара салуу туурабы?
Жоопкерчилик дегенди алууну каалабаган эркектердин жаралуусу кайдан?
Тарбиябы? Генденби? Же айымдар өзүн ургулай берип, жаман үйрөтүп, өздөрү жаратып алганбы? Деги эле эркектерди күнөөлөгөнүм өзү туурабы?
Айтор көтөрүп чыккан маселем, илгери өгүз көтөрүп эркекмин дешсе, азыркы убактагы сөз да көтөрө албаган "ЭРКЕКТЕР"? -
Мындай суук журоктордо болбосун...
Жазылган күн: 30 Янв 2018
Мен бугун ушуп турам,
Кабат, кабат кийинип улам,
Мешке оттон жагып жатам,
Жага берип, тажап барам.
Жакпай койсом ушуп калам.
Айткылачы деги эмне кылам?
Комментарийлер
Nurmuxammet
06 Июн 2018 - 22:01Nurmuxammet
05 Июн 2018 - 02:08Miss.erkewka95
22 Май 2018 - 02:58